Президент Атамбаев инаугурациялык салтанатында "Кыргызстан улуттар аралык жаңжалдан алыс болом десе, АКШ сыяктуу паспорттон улут графасын алып салып, анын ордуна ЖАРАНДЫГЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК деген жазууну кийришибиз шарт" деген сөзүн айткан эле, "примерно"
, цитатаны издеп отурбадым...
Сиз ушуга макулсузбу?
Каршы болсоңуз, эмне үчүн?
Пы.Сы. Мүмкүн болсо, сырттан кирген мекендештер,
ошол өлкөнүн паспортунда УЛУТ деген графанын бар, же жоктугун кошумча маалымат иретинде жаза кетесиздерби?
Чоң рахмат!
Паспортто "УЛУТ" графасынын жазылышы сизге КЕРЕКПИ? Паспортко улутун жазбоо сунушу талкууга түштү
#2 01 Февраль 2012 - 13:16
Биз эмне АКШ элиндей болуп ар жактан келип чогулган ар улуттан куралган эл белек. Америкалык деген улут болгон эмес.
Кыргыз эли тилибиз менен дилибиз менен, каада салтыбыз, миңдеген жылдык тарыхыбыз менен, канчалаган согуштарда талашып жеңип келген эркиндигибиз, Манас атабыз кураган биримдигибиз менен, "КЫРГЫЗ" деп жүрөгүндө согуп келген оту менен биз башка улуттардан бөлүнүп турабыз. Анан бир эле убакта ушунун баарын чийип туруп - кыргызстандык деп жазып койуу бул урпактарыбыз, Ата-Бабабыз кечирбей турган күнөө болбойбу. Кыргыздар болбосо Кыргызстан да болбойт. Дагы бир 20-30 жылдан кийин Кыргызстандыктардын (өзбек, орус, дунган, корей ж.б) чечими (референдум деп койолу) менен Кыргызстанды бөлүп, жарымын Казакстанга, жарымын Өзбекстанга кошуу маселеси келип чыкпайт деп ким кепилдик бере алат. Көпчүлүк күчтөр ушуну эле күтүп турбайбы. Улут аралык жаңжал эмне ушундан токтоп калабы. Автономия талап кылган душмандарыбыздын асмандан тилегени жерден табылып жатпайбы. Кыргыздар өз жеринен куулуп чыгып, цыгандардай жер кыдырып тентип калышы керекпи. Терең ойлогон кишиге, бул кадам менен биз чоооң балээнин башталышына старт беребиз. Тилибизди эптеп өзүнүн татыктуу ордуна чыгара албай жүргөндө, эми улутубузду жоготсок, анда Кргыздардын жер бетинен жоголуп кетиши тез эле.
Анан кантип эле ушуну биздин Ажобуз түшүнбөсүн. Роза эжекебиз бул теманы баштаганда айласыздан, жогорку күчтөрдүн басымы астынан айтылып жатса керек деп ойлодук эле. Эми толук кандуу ажобуз А. Атамбаев айтып жатса, күйбөгөн жериң күл болот экен.
Бул эмне сайсий алсыздыкпы? Же шайлоодогу кайсы бир топтон алган добуштун баасыбы? Же кайра эле бизди акчасы, кредиттери менен байлап алган күчтөрдүн буйругубу?
Кэчээ эле В.В. Путин өзүнүн шайлоочулары менен жолугуп жатып, ооба биз баардык улуттарды сыйлашыбыз керек, бирок Россиянын өзөгүн түзгөн калк бул Орус эли деп ачык айтты. Эч ким аны улутчул деген жок, эч ким паспорттон улут деген графаны алып сал деп кыйкырган жок.
А эмне үчүн биз алып салышыбыз керек? Бул кадамды мен өзүнун улутун сыйлабагандык деп түшүнөм, жана ушул кадамды баштагандарды КЫРГЫЗ элинин душманы деп эсептейм.
Байкасаңар бул кадам абдан этияттык менен башталып жатат. Катуу көтөрүлбөй, акырын элдин кулагын көндүрүп жатышат. Оозду ачып карап олтура берсек, бир күнү мыйзам кантип кабыл алынганын билбей калабыз. Буга чейин көптөгөн ущул сыяктуу мыйзамдар элге жарыяланбай эле, жабык эшик артында кабыл алынып келген. Бул маселени жаңылбасам депутат Р. Жээнбеков да көтөрүп чыкты эле.
Бул маселенин артында көптөгөң, чоң-чоң күчтөр турганы талашсыз! !!

Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#3 01 Февраль 2012 - 14:11
Кэчээ эле В.В. Путин өзүнүн шайлоочулары менен жолугуп жатып, ооба биз баардык улуттарды сыйлашыбыз керек, бирок Россиянын өзөгүн түзгөн калк бул Орус эли деп ачык айтты. Эч ким аны улутчул деген жок, эч ким паспорттон улут деген графаны алып сал деп кыйкырган жок.
Жаңылбасам, Россиялык Федерациянын азыркы паспортунда УЛУТ деген графа жок. Анын ордунда ЖАРАНДЫК бар
Фотону кийин жүктөп коем, эмнегедир болбой жатат.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 01 Февраль 2012 - 15:16
А.Атамбаевка жакса,озунун паспортуна ошонтип жазып алсын.Жетишет биздин чет олколук паспортубазга жазылбаганы!
Тил сенин кулун,эгерде башкара албаса,озун тилдин кулусун.
#7 01 Февраль 2012 - 15:34
Мен 2колуму 2бутуму которуп каршы болом
.Паспортто кайсыл улуттан экени корсотулушу керек.Эгер ошону каалагандар болсо жогоруда айтылгандай оздору ошентип койдуруп алсын.
ошол маселени козгоп жаткандарды
ушундай кылыш керек.Бизде паспорт алыш оной ошону кыйындатыш керек.Башка улуттагылар биздин паспортту алып москвага келип кылмыш жасап кыргызды,кыргызстандыктарды жаманатты кылып жатышат.Жогоруда айтылып кетиптир туура айтылган биз американец эмесбиз биз кыргызбыз ошондуктан улут корсотулуш керек!
#8 01 Февраль 2012 - 15:47
Ушу Атамбаев айнып баратат озу... Тообузга Путиндин ысымын койгону жетпептирби?
Улутубузду жок кылгысы барбы? Биз кыргыз болуп жаралдыкпы КЫРГЫЗ бойдон калабыз!!
!
Ар бир пенде адашуучу
#9 01 Февраль 2012 - 16:29
Максатка каршы биздин чиновниктерибиздин кобунчосу намыссыз жана патриотсуздар.
Паспортту бир гана кырыгздарга берсек жана анын алышын жогорлотсок эн туураго.Мисалы Жапанда ошондой.
Паспортту бир гана кырыгздарга берсек жана анын алышын жогорлотсок эн туураго.Мисалы Жапанда ошондой.
Тил сенин кулун,эгерде башкара албаса,озун тилдин кулусун.
#10 01 Февраль 2012 - 16:36
Паспортко чооооон,гилтейген,
жирный тамгалар менен КЫРГЫЗ деп жазылышы керек.........
Только злые люди, зла боятся!
#11 01 Февраль 2012 - 16:45
Кыргыз деп жазылган эле оң. Кичинээ намыстанып жашайлычы, бир нерсе болсо эле бул мындай кылыптыр, биз эмнеге андай кылбайбыз деп.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#13 01 Февраль 2012 - 17:04
Кыргыз деп жазылган эле оң. Кичинээ намыстанып
жашайлычы, бир нерсе болсо эле бул мындай кылыптыр, биз эмнеге андай кылбайбыз деп.
"Коён камыштан, эркек намыстан өлөт" дейт КЫРГЫЗ! Андыктан кичине, же чоң деген намыс болбошу керек, эгерде дал ошол сезим тууралуу сөз жүрүп жатса...
Мен сиздин пикириңизге кошулбайт элем, Чокчолой баатырчасынан жылаңач көкүрөктү каккылаган. Тарыхта УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ деген убак болгон делет, анда кыргыздардын улуулугу, баатырдыгы, бийлиги өкүм сүрүп турганда, башка улуттун өкүлдөрү жок дегенде аман калуу үчүн дагы "биз кыргызбыз" дей баштаган экен. Эми ал кезде паспорт деген да жок...
Кептин баары эмнеден жатат?! Калп эле УЛУТУМ менен КЫРГЫЗМЫН дей бериштин эмне кажети бар?! Мында көбүрөөк Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк зыян тартып жаткан жери жокпу? Алардын паспортунда "Өзбек ", "Орус" , "Тажик ", "Уйгур ", "Дунган " ж.б. дегендер өчүп, КЫРГЫЗСТАНДЫК деп жазылып калып жатпайбы...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 01 Февраль 2012 - 18:58
Кыскача айтканда мен каршымын. Улут деген графа калыш керек.
Кыргызстанда жашап жаткан ар бир адамдын улуту жазылыш керек.
Баарын тең кыргызстандык деген туура эмес. Биз Америка эмеспиз.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#15 01 Февраль 2012 - 19:47
Арыбаңыздар урматтуу Кыргыз элим.Кыргызда жакшы сөз бар го "казга теңелем деп,карганын буту сыныптыр"
деп койчу беле.Биздин аттуу-баштууларыбыз Орусия менен АКШны туурай берип жадатты да.Кыргызстан Орусияга окшогон өлкө болсо анда бир жөн эле.Орусия да бизге окшогон жыйырма Республика жыйырма чакты автономдуу облус,бир канча автономдуу округ бар улуттарды болсо айтпай эле коёоюн.АКШ Орусия ж.б казинолорун жапты эле биздикилер дагы туурады эле элдин ызы-чуусу бүтбөй атат.Башка улуттар паспортуна өз улутунун атын түшүрө албай жүрсө биздикилер ушинтип "жанды карайтат"
Улуту деген жерди алып салуу "КЫРГЫЗ"
ды "КИРГИЗ"
кылуу дегендей кеп.Ошон үчүн Кыргыз элибиз А.Атамбаев ж.б лардын айтканын карабастан "тиш-тырмагыбыз"
менен каршы туралы.
#16 01 Февраль 2012 - 21:51
"Коён камыштан, эркек намыстан өлөт" дейт КЫРГЫЗ! Андыктан кичине, же чоң деген намыс болбошу керек, эгерде дал ошол сезим тууралуу сөз жүрүп жатса...
Мен сиздин пикириңизге кошулбайт элем, Чокчолой баатырчасынан жылаңач көкүрөктү каккылаган. Тарыхта УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ деген убак болгон делет, анда кыргыздардын улуулугу, баатырдыгы, бийлиги өкүм сүрүп турганда, башка улуттун өкүлдөрү жок дегенде аман калуу үчүн дагы "биз кыргызбыз" дей баштаган экен. Эми ал кезде паспорт деген да жок...
Кептин баары эмнеден жатат?! Калп эле УЛУТУМ менен КЫРГЫЗМЫН дей бериштин эмне кажети бар?! Мында көбүрөөк Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк зыян тартып жаткан жери жокпу? Алардын паспортунда "Өзбек ", "Орус" , "Тажик ", "Уйгур ", "Дунган " ж.б. дегендер өчүп, КЫРГЫЗСТАНДЫК деп жазылып калып жатпайбы...
Мен сиздин пикириңизге кошулбайт элем, Чокчолой баатырчасынан жылаңач көкүрөктү каккылаган. Тарыхта УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ деген убак болгон делет, анда кыргыздардын улуулугу, баатырдыгы, бийлиги өкүм сүрүп турганда, башка улуттун өкүлдөрү жок дегенде аман калуу үчүн дагы "биз кыргызбыз" дей баштаган экен. Эми ал кезде паспорт деген да жок...
Кептин баары эмнеден жатат?! Калп эле УЛУТУМ менен КЫРГЫЗМЫН дей бериштин эмне кажети бар?! Мында көбүрөөк Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк зыян тартып жаткан жери жокпу? Алардын паспортунда "Өзбек ", "Орус" , "Тажик ", "Уйгур ", "Дунган " ж.б. дегендер өчүп, КЫРГЫЗСТАНДЫК деп жазылып калып жатпайбы...
Бир чети сиздин айтканыңыз туура экен.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#17 01 Февраль 2012 - 23:13
Мен каршымын . Биздин мамлекетте автономиялуу область же республика болбогондон кийин улутуну так жазыш керек паспортко . "КЫРГЫЗстандык " деп жазса эле КЫРГЫЗ улуту кобойуп кетпейт . Же болбосо башка улуттар КЫРГЫЗ боло калбайт . Башка улуттардын КЫРГЫЗстандык экени баарына эле маалым .
Качан КЫРГЫЗ саясаты тузулот акылым жетпей келет. Дайыма башкаларды туурап эле басып журушот бийликтегилер . Оз акылын бир аз иштетишсе оздорунон деле жакшы идеалар чыкмак .

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#18 01 Февраль 2012 - 23:25
Кыргыздардын паспортуна улуту жазылбаса жок болуп кетебизго.Атамбаев мээси менен ойлонсо боло!
Дагы бир жолу УЯТ сөз кайталанса, түбөлүк бан! Эскертүү менен эркелеткенди жаман көрөм!!!

#19 02 Февраль 2012 - 04:18
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#20 02 Февраль 2012 - 04:50
Тата Уланга кошулуп ак үйдүн алдына пикетке чыгамго...
"Паспортто улуту көрсөтүлсүн!
Мен улуту деген графасын алып салганга каршымын!
"деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия