Салам форумчулар.
Менин бул болумдон башым чыкпайт,коптогон суйуу баяндарды,коптогон тагдырларды окуп,менин да башымдан откон армандуу суйууну силерге сунуш кылмакчымын.
Мен торолгондон ушул жашка чейинки тагдырымды сунуш кылмакчымын.
Чынын айтып коюш керек бул менин гана башымдан откон.Каармандардын аты толук бойдон озгортулгон,
мындайча айтканда "прототип"
Анда соз башынан болсун.
Эскертуу!
!!!мен жумуш кундору,жумуш убактысында гана жаза алам
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Менин сүйүүм, менин махабатым. Жеке башымдан откон
#2 16 Июль 2014 - 16:55
Мен торолгондон эле "аз кандуулук"
менен оорудум,ошондонбу,
же башка себептенби бейтапканадан башым чыкпай,чыкса да,ашып кетсе он же он беш кун эле уйдо болчу экенмин.Ошондуктан озум тендуу балдардан да жаш корунуп,алар менен ойносом да,ар дайым таяк жеп,ата-апамдын алдына ыйлап келчумун.Андай убакта апамдын чый пыйы чыга балдардын апалары менен айтышып,мени калкалачу.Менден кийин апам удаама удаа уч кызды тороп,баарыбызды караганга жетишпей,мен чон ата,чон энемдин колунда чонойдум.Аларга эркелеп,мени "канаттууга кактырбай,тумшуктууга чоктурбай"
багышты.Ошентип,
мин тогуз жуз токсон экинчи жылы биринчи сентябрда мектептин босогосун аттап,"а"
тамгасын уйроно баштадым.Эркелигим кармаганда бечаара чонапамды кыйнап,1рубль алып,анан мектепке барчумун,бербей койсо дулдуюп барбай коер элем.Эхх!!
!Ошол кундор кайра кайтып келсе,рамаатылык чон атама тоюп,тоюп эркелеп алмакмын.Ошол биринчи класста менин эн алгачкы,тунук,
назик,балалык суйуум Мангылай аттуу кызга арналды.Ал мектепке келсе,жанымда олтурганына кубанып,чон апам берген акчага пирожки,таттууларды алып,озум жебей ага берип,анын жегенине маашырланып,
"суйуу ушундай экен да"-деп ойлочумун.Эххх менин унутулгус балалык суйуум!!
!Азыр ойлосом,бир жолу болсо да жылмайып алам.,
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#3 16 Июль 2014 - 17:26
Ошентип мен бешинчи класска чейин ошол мектепте,алдынкы окуучулардын катарын толуктап окудум.Бешинчи класстан баштап ата-апамдын алдына келип,алар жашаган айылдагы мектептен билим ала баштадым.Башка мектепке келгенгеби,
алгачкы жылы момоюп,эч кимге зыяным жок,бир гана сабакты окуп,мугалимдердин мактоосуна арзып,артымдан ээрчиген,жактырган кыздарга да конул бурбай журдум.Бешинчи класстан баштап сынактарга катышып,мени ар дайым ийгилик коштоду.Балдарга караганда кыздардан досторум кобоюп,аларды уйго да ээрчитип келип сабак даярдап,тушунбогон жерлерин ээринбей тушундуруп,
айтоор сабактан тышкары аларга мугалим да болчумун.Экзамендер аяктап,окуучулардын баары эс алууга чыкканда,баары кубанып,балдар топтун артынан тушуп топ тээп журсо,кыздар таяктан куурчак жасап ойношсо,мен жомок китептерди окуп,озумду жомоктогу каармандарга окшотуп,табышматуу китеп ааламына сунгуп кирип,айтоор уктасам да китепти кучактаган бойдон уктап калчумун.Апам да "баладай болуп кочого чыгып ойнобойсун,
сага китеп болсо болду,барчы кичине кочого чыгып ойносон боло!!!
"-деп нааразы боло да,аяп да айтчу.
Ошол жылы биздин кочодо бир кыз пайда болгон экен,аны да апам "дукондон самын алып келип бер"-дегенинен, дукондон келе жатып,кокустан коруп калдым.Эми тим эле айдан тушкондой супсулуу кыз экен.Мангылай менен байланышпай калгандан бери кыз атмайга жолобогон жаным,аны менен кантип суйлошуунун жолун ойлонуштура баштадым.
Ошол жылы биздин кочодо бир кыз пайда болгон экен,аны да апам "дукондон самын алып келип бер"-дегенинен, дукондон келе жатып,кокустан коруп калдым.Эми тим эле айдан тушкондой супсулуу кыз экен.Мангылай менен байланышпай калгандан бери кыз атмайга жолобогон жаным,аны менен кантип суйлошуунун жолун ойлонуштура баштадым.
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#4 16 Июль 2014 - 17:43
Бирок канчалык ага карап суйлоп,ойносом да,аны жактырып калганымды айта албадым,Себеби анын бир карашынан жалтанып,анын унун укканда эле баардык жерим титиреп,тим эле сурдонуп калчумун.Таанышпасак да ойной берчубуз,акырындап суйлошуп,тааныша баштадык.Аты да озуно жараша Сулуу экен.Сулуу мен учун ар дайым сулуу,таза,назик кыз эле.Эххх!!
!Экообуздун оюнубуз,таанышуубуз да копко узабады.Себеби анын ата-энеси аскер адамы болгондуктан,
башка жакка которулуп,менин журогумду жаралантып,
анын элесин туболукко журогумо жайгаштырганга туура келди
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#5 16 Июль 2014 - 18:05
Мангылай?)))))) Мандалак деп эле койбопсуң да бир жолу.
Давай уланта бер анда.
Давай уланта бер анда.
#6 16 Июль 2014 - 18:06
Ошентип,
мектеп да ачылып,мен алтынчы класска бара баштадым.Ошол жылы мен аябай озгордум,тагыраагы кыз жандуу боло баштадым.Мени жактырган кыздардын баары менен суйлошуп,алгачкы жолу обушуунун даамын татып кордум."ох,
кандай керемет,кандай гана таттуу"-деп ойлоп журдум.Озум курактуу балдардын кээ бирлери кыздарга жакын жологондон коркушса,мен тескерисинче кыздарга жагынуунун аракетин кылып,озум каалаган кызга жетмейинче жаным тынчычу эмес.Мен учун жашоо кыздарсыз кызыксыз эле.Ошол кыздарга жагынамын деп,окууну да унутуп,мурдакы жакшы окуучу бала,жаман окуучулардын катарын толуктай баштады
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#7 16 Июль 2014 - 18:37
Акыр аягы тогузунчу класска кочконубуздо Айсулуу аттуу кыз менен суйуу оту тутанып,экообуз тен бири бирибизди катуу суйуп,эч кимди козго илбей,мектепке чогуу барып,кайтканда да экообуз бирге кайтчубуз.Мектепке да тез эле Токтогул Айсулуу менен журо баштаптыр,экоо бирине бири шайкеш келбейт,Токтогулдун бою кодогой болсо,Айсулуу андан узун-деп эле узун созго калдык.Бирок бизге элдин созу эмес,экообуздун суйуубуз кучтуулук кылчу.Гулдон гулго конгон бал аарыдай болуп,мен дагы акыры Айсулууга суйуумду арнап,"болду,
эми Айсулуудан башка кыз менен эч качан суйлошпоймун,
бир гана аны менен суйлошуп,Айсулууга гана уйлоном"-
деп соз бердим.
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#8 16 Июль 2014 - 18:42
Жумуш кунум бутконуно байланыштуу калганын буйруса эртен улантам
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#9 17 Июль 2014 - 09:11
образга кирип эмми Айсулуу эконорду суйуштурсо бутуп калдыго кутобуз
#10 17 Июль 2014 - 11:51
Ой бааай тезирээк жазбасаныз Айсулууга уйлоп салабыз)))))
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#12 17 Июль 2014 - 16:34
Эн кызыгына келгенде жушуш убактысы бутот деген эмнеси. Эртерээк калганын жаз эми.
#13 17 Июль 2014 - 17:23
#14 17 Июль 2014 - 17:38
Авторду шаштырбай куто туралы... Баарын тушунуу менен кабыл алсак...
#15 18 Июль 2014 - 05:23
Бизге айтпай нетпей эле Айсулуга уйлонуп албадынызбы кутуп атабыз
#16 18 Июль 2014 - 09:13
1-класста бала суйо баштаса, 5-класста суйуусун арнап кыз жандай баштаса....
Кызык бул эртелик кылбас бекен. Ал учурда бул нерселерди баштан откоруу эрте го дейм
Кызык бул эртелик кылбас бекен. Ал учурда бул нерселерди баштан откоруу эрте го дейм
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#17 18 Июль 2014 - 10:47
Ошентип экообуздун жургонубузго эки жыл болуп,тагыраагы мектепти бутуп,акыркы мамлекеттик сынакты тапшырып,баарыбыздын кубанычыбыз койнубузга батпай,баарыбыз акыркы отурушка чогулуп,ойноп кулуп отурганыбызда,
Айсулууну ошол уйдо жашаган кичуу кызы "эшикте сизди бироо чакырат"-
дегенинен эшикке чыкканда ала качып кетишиптир.
Аны мен байкабай калыпмын,бир маалда бир досум келип,"Токо сенин Айкен жок,жанараакта сексен экинин балдары жургон айланчыктап,
ошолор уруп кетиптир"
-деди.Уккан кулагыма ишенбей,туз эле Айсулуунун уйуно барып чакырсам,апасы чыгып "ал силер менен кетпеди беле?!"-
деди.Анан кайра отуруш болуп жаткан жерге барып,жана мага айткан Кайрат досумдан "кимдер"
жургонун сурадым да,аткан бойдон ошол балдардын уйун коздой жонодум.Эки учоосунукуно барсам уйундо жок экен,акыры бир баласыныкына барсам,уйдун ичи тополон болуп атыптыр.Женелери "ай биз да сендей болуп келгенбиз,карачы бир жакшына эле болуп жашап журобуз,биздин бала дагы жакшына,келишкен,
сулуу,жакшы жумушта иштейт,сени кор кылбай багат"-деп эле суйлоп атышыптыр.Дарбазасынын жанында ошол чон балдар отурушуптур,
мени коро сала "ии не кылып журосун,же Айкенди алып кеткени келдинби?Ошого келген болсон сыйын менен кет,болбосо азыр токмоктоп салабыз"-
десе,дагы бироо "кое тургула,ал Айке женеси менен коштошкону келди"-деп,
шакаба кылып да,мыскылдап кулуп да атышты.Ачуум ушунчалык келип турса да,озумду колго алып,"ким Айкеге уйлонуп жатат?"-дедим.
"мен,не болду?"-деди четте отурган Аскат деген бала."эркексинби,
кел эркекче суйлошобуз,
эч кимин аралашпа!
!!"-дедим жанындагыларга.
Экообуз айылдын четине барып,мушташтык.
Чон баары бир чондугун кылып,мени токмоктоп салды,бирок мен да таяк жегениме карабай анын уйуно барып,Айкем отурган уйдун терезесин ачып,"Айке мен келдим"-десем,
Аскаттын достору коргон экен,мени коптоп токмоктоп,Айкемдин ыйлап,сыздаганына да болгон жок.Эххх менин армандуу,тунук,
балалык суйуум!!
!Кош менин Айкем!!!
!
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#18 18 Июль 2014 - 11:02
болдубу буттубу мынча муну кечеееле бутуруп койбопсузда анан азыр не болдунуз ошодон суйлончу ган кана
#19 18 Июль 2014 - 11:46
Айкеден ажырагандан кийин эч нерсеге конулум жок,келечектеги ой максатым жок,бир жыл кочодо эле салпактап журдум.Мектепти аяктап,чон окуу жайга тапшырып,бир кесиптин ээси болуп,суйуктуум Айке менен бирге тутун булатсам деген элем,бирок андай болбоду.Бир жылдан кийин гана озумду колго алып,райондун борборундагы Ош Мунун филиалына тапшырып отуп,"студент"
болуп,группадагы балдар кыздардан айырмаланып,
тез эле кадыр баркка ээ болуп,мугалимдер да сыйлашып,группанын старостасы болдум.Мына ошол жерде кызыктын баары башталды.Бир убактарда ата апасы аскер адамы болуп,башка жакка которулуп кетип калып,суйуумду журогумдун тупкурундо сактап жургон элем,ошол Сулуу ошол жерде окуйт экен,бирок башка параллель группада.Бир жолу суйуудон конулум калган жаным,Сулууга анчалык деле конул бурганым жок.Кокустан корушуп калсак жон гана саламдашып журдук.
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#20 18 Июль 2014 - 11:52
эн сооонун бирок айтатго чырайды чайга чылап ичесинби деп айдай чырайды кандай кыял бузарын билесда ойлогон ойду кыстаган турмуш женип кетиптирда насип кылган эмесда сизге
- (7 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »