Күнүнө кеминде 3 топ айтып келишет,кой нааразы кылбай берели деп баарына эле колдон келишинче берип жатабыз
Жарамазан айтып келдик эшигине!
#22 22 Июнь 2016 - 09:06
Эстүү кыргызга жарамазан айтып келгендин зыйаны жок. Ал еми, жарамазан айттым деп аны бизнеске айландырып алгандар байкалса, кууп кетирип жиберсе да болот. Себеби: Жарамазанды колунда жок өтө еле тапсыз кедей-кембагалдар,
оор жумуш ыштөөгө арпы келбегендер айтса, мурдагы жарамазанчылардай еле анын ережесин так аткарып айта алса анан жарашат. Балдар, бей-бечаралар жарамазан айтып келгенде, мен мусулманмын деген Кыргыз аларга жакшылап оокат, пул-сул берүүгө тийиштүү. Себеби, Мухаммет пайгамбарыбыз с.а.в айткан го:«Алган колдон берген кол жакшы» деп. Анын үстүнө, берешендик Кыргызда байыртан келе жаткан кедей-кембагалдарга,
карып-мискиндерге,
башына күн түшкүндөргө кайрымдуулук кылуудан турган ата мурас асыл салтыбызга да абдан төп келет. Мага Кыргызыстандагы ыррчы-чоорчулардын жарамазан айтып ичип-жеп жыргап алганы жакпайт. Биз жакта(Какшаалда) болсо еки-бир гана жарамазанчыбыз бар ар жылы айта турган, аларга кадимкидей еле акча, ун-күрүч дегендейлерден беребиз.