Суперстан: "Адашкандар". - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА

#101 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июнь 2016 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

45
АДАШКАНДАР

- Ой-ий, – Лилия Бахтыярдын алып келгендерин карап, мамилени дагы жакындатыш үчүн калп эле экиленип койду. – Менин пиццаны жакшы көрөрүмдү кантип билдиң?
Жигит кубангандан барпалактай түштү:
- Билбейм. Сезсем керек да.
Ошондон кийин да экөө бир чай кайнам сүйлөшүп отуруп, эски тааныштардай беттеринен өбүшүп коштошушту.

***

Жанараак өзүнө жолугуп: “Азыр кызды көрүп чыгайын, анан сизге жолугам,” – деп Лилиянын палатасына кирген жигитти күтүп отурган Вера Асановна, эми ал эшиктен баш багаары менен эпилдеп, жылуу кабыл алып:
- Жолуктуңбу? Кандай экен? Баягыга караганда жакшынакай болуп калыптырбызбы? – деди өз “ийгилигине” өзү ыраазы болгондой, жылмайыңкы.
- Балдар айтып баргандан кийин, чынымды айтсам... – андан аркысын айтпай алаканын жайды жигит. Анысы: “Мен бу кызды адам болбой калды го деп ойлогом”, - дегени болчу.
- Канча карыз болдум? – деди анан.
- Жо-жок, карызың жок. Өгүнү балдар таштаган акчага дары-дармектерин жетиштүү эле алып берип аттык. Организми жаш эмеспи, көтөрүп кетти. Анын үстүнө өзү да чыдамкай, Кудай деген кыз тура. Эми Кудай буюрса жакында чыгарам.

***

Ошол күнү кечинде Бахтыяр үйгө кирип келип эле чоң энесинин кабагын карады. Апасынын жакшынакай күлүп отурганын көрүп, санаасы тынгандай анан алдынан чуркап чыккан кызын көтөрүп, ошондо да наристеден мурда барып энесин өөп, анан кызын жыттады. Ушундан кийин гана өзүнө кезек тийерин түшүнгөн келинчеги ашканадан чыгып келди.
- Кандай? – деди Бахтыяр анын да жүзүнөн сүйүп.
- Жакшы, - жылмайды келинчеги.
- Апамды жакшы карадыңарбы? ! – адатынча бакылдай сурады жигит.
Бул суроо ага көнүмүш болгонгобу, же: “Кандай караганыбызды өзүнөн сура” дегенчелик кылдыбы, келинчеги унчукпай, ашканага кирип кетти.
- Жакшы карадык, - деди уулу. – Мен чоң апама телевизордон кыргызча концерт коюп бердим.
- А мен энемдин башын ушалап бердим.
Атасына жакшы көрүнүш үчүн чоң энесине жасаган бардык жакшы нерселерин айтып киришти балдар.
- “Башын ушалап” дейсиңби?
Лилиянын жанагы: “Апаңдын ичинде сага атйпаган түпөйүл нерсеси бар” дегени эсине түшүп, жигит чоң энесине карады:
- Эмне, апа, башыңыз оорудубу?
- Жок, кагылайын! Тим эле... – деген менен, апасы чындап эле уулуна алда неге санааркап тургандай көрүндү. Бахтыяр унчукпай ваннага кирип кетип, колу-бетин жуунуп чыкты. Ал чыкканда үй-бүлөсү дасторконго отуруп калышкан.
- Апа, эмнени ойлоп атасыз? – деди бир убакта энесинин мүнөзүн жатка билген уулу чыдабай кетип. – Бирөө бир нерсе дедиби?
Күйөсүнүн ушул сөзү жакпай калгандай, же кемпир эмне деп жиберет деп кооптоно түштүбү, айтор келиндин кабагы бузула түштү.
- Эч ким эчтеке дебей эле турат, кагылайын. Баары жакшы. Көп эле антип, күмөнсүй бербечи каралдым, – деген эне жүрөгүндөгү түпөйүл нерсесин эми ачыкка чыгарды: - Баягы бала эмне болду экен? Ошонун дайнын бир билбей койдуң да, балам?
Анын кайсы бала жөнүндө айтып жатканын түшүнө койгон уулу, “жарк” этип күлүп жиберди:
- А баса, аны унутуп атканымды кара. Бүгүн барып келдим.
- И?! – серпиле түшүп, уулун тиктеди эне.
- Жакшы болуп калыптыр. Куландан соо экен, аныңыз. Азыркы медицина эмнени гана кылбайт. Жакшынакай кылып айыктырып коюшуптур. Эртең чыгат деди го.
- Ошентчи, балам! Ух-х!.. - уулу үстүндөгү оор жүктү алып ыргытып ийгендей, эне жеңилдей түштү. – Жакшы болуптур! Кудайыбыз бар экен! Болбосо, бирөөнүн убалы деген жаман да. И, ал өзү кай жердин, кимдин кызы экен, сурадыңбы?
- Ушул эле тегеректенмин дейт. Бирок атадан да, энеден да жалгыз го, аларды да “өтүп кетишкен” дегендей кылды. Өзүнүн да үй-бүлөсү жок окшойт.
- Мм... Бечара. Дагы аман калып, бактысы бар экен. Ыя, Бакыбай, “Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин урмат жок” дейт, андай болсо, бечараны үйгө чыгарып келип, башынан суу тегеретип чачып, көйнөк-жоолук кийгизип, ырымдап койсокпу?
Апасы айтып жаткандан кийин “жок” дебейт эле, анын үстүнө өзү деле: “Лилияны ооруканадан чыгарып, сыйлап коюшум керек”, - деп ойлоп турган жигит шыр кетти:
- Мейли, апа. Ошентсек деле болчудай...
Күйөөсүнүн өзгөчө элпектенип, “жым” дей түшкөнү келиндин жүрөгүн аста “тыз!” эттирип, ошол “бечара кыздан” кызгангандай, ал тараптан кандайдыр жагымсыз нерсени сезгендей чыйтыя түштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Angel92   30 Июнь 2016 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

46
АДАШКАНДАР

Эртеси Бахтыяр апасы менен кеңешип туруп: “Биздин үй-бүлөнүн атынан башыңды куттуктаганыбыз, ” – деп бир сыйра кийим-кечесин, “Жашоого кайра жаралып келгениң үчүн!”- деп гүл көтөрүп барып, дарыгерди да тим койбой, аны да ыраазы кылып, Лилияны шаан-шөкөт менен ооруканадан чыгарып кетти.
Ушунчалык бакыттан Лилиянын таманы жер баспай, учуп жүргөндөй сезди өзүн. Анан калса канчалык тыяйын десе да болбой, жамажайы жабылбай койду. Эки ууртунан күлкүсү төгүлүп, андайда жайнап кетчү кош кареги ого бетер эле балбылдап “күйүп” калды. Бул анын айлана-тегерегин кошо жарык кылып жаткандай сезилди өзүнө. Анан калса, Бахтыярдын да, анын жанындагы жигиттердин да жүздөрүнөн, көздөрүнөн күлкүлөрү төгүлүп, маанайлары куунак эле. Атүгүл качантан бери иш менен гана алектенип жүрүшүп, көптөн бери бүгүнкүдөй тамашалашып, бүгүнкүдөй шарактап күлө электерин да ара чолодо сөз кылып алышты.
Ушинтип кирип келгендерди Суусар апа босогодон тосуп алып, кыздын башынан суу тегеретип чачып, анан бетинен өөп, ичинде: “И, ананайын, жаркылдаган жакшы кыз тура. Чымындай жанын алып калган Жаратканга рахмат!” – деп ойлоп, эртеден бери келини жайган дасторконго баштады.
Анткен менен: “Алсаң, кагылайын! Жесең, ичсең! Өз үйүңдөй көр, тартынба,” – деп отурган, көп жашап, көптү көргөн кыраакы эне азыр бу жакшынакай кыздын чыныгы жүзүн көрө алган жок. Анткени эненин бүт дүйнөсүн азыр бир гана нерсе ээлеп, ошого каниет кылып, ошого кубанып, ыраазы болуп отурган. Анысы - ушул кыздын аман калганы эле. Болбосо, уулу соттолуп кетпегени менен, өмүрдөн өтөр өткүчө: “Качандыр мен бир адамды өлтүрүп алдым эле...” - деген жүгөрүдөй бир өксүк жүрөгүн өйүп өтмөк!

***

Лилия ара чолодо Бахтыярдын жубайына көз кыйыгын жиберип, анын баскан-турганын карап:
“Ии, бечара, эриңе ээ боло албаган, үй жумушу үчүн жаралган бир жан экенсиң да”, - деп аягансып койду.
“Жок, бул сага караганда алда канча бактылуу, - деди экинчи бир туюму. – Андагы бакытка, тактап айтканда анын эрине жетиш үчүн кылбаганды кылып, маскара болуп жүрбөйсүңбү сен!..”
Өз оюна өзү чычалап, саал теригип кетти.
Аны Карлыгач да окуп алгандай, алдыга тамагын коюп атып: “Ар кимдин эрине көзүңдү саткан бир бечара белемсиң?” - деп муну мыскылдагандай мыйыгынан жылмайып, кыйгач карап чыгып кетти.
Экөөнүн каш-кирпик аркылуу “атышып” калганын байкай койгон Бахтыяр жубайы кийнки жолу киргенинде: “Эмне болуп атасың?” – дегендей акшырая тиктеп койду.

***

Ошондон тарта Бахтыяр менен Лилия тез-тез жолугуша турган болду. А бирок, Бахтыяр канчалык бай өңдөнгөнү менен, эмнегедир эле аны Ынак Кабыловичке такыр окшото албай жүрдү.
Чыны менен эле Бахтыяр жоомарт эмес болчу. “Жетим өсүп, жедеп кыйды, сараң болуп калган окшойт, - дейт Лилия ага таарынган кездерде. – Чык татырбас Чынарбай биякта калсын! Чыны менен эле башка да бирөөсү бар окшойт?!.”
Ушуну ойлогондон бери жаны жай албай койду: “Анысы кандай неме болду экен?.. Менден жаштыр, сулуудур? Балким бар байлыгын ошого чачып, ошону чалчаңдатып. .. Мени тек гана пайдаланып жатпасын?! .”
Көптөн берки түпөйүл суроосуна жооп табыла калгандай, көздөрү ачыла түштү.
“Сен аны таппайсыңбы! Сенин жолуңда эч ким турбашы керек го?!” – деди өзү айткандай, сол ийниндеги периштеси.
“Ынсаптуу болсоң, мындан артык кандай кылышы керек сени?! Ичкен-жегениңдин баары ошондон болуп атпайбы?!” – дейт оң ийниндеги периште.
“А кокус, ал сени теңине албай, буга ушул эле болот деп атпасын?” – сол периштеси атаандашынан утулгусу келбегендей, муну ого бетер шыкактап ийди.
“Мен анда ага бирди көрсөтөм! ..” – Лилиянын жаак эттери карышып, ызага мууна түштү да, ошол замат Бахтыярга телефон чалды:
- Алло, бүгүн келесиңби?
- Жок, Лилия. Бүгүн бара албайм.
- Эмнеге?!
- Айттым эле го, бошобойм бүгүн, башка күнү. Жарайбы?
- Башка күнү эмес, бүгүн! – эркелегендей да, келишин талап кылгандай да өктөм сүйлөдү Лилия.
- Эмне болду анчалык?
- Сөзсүз эле бир нерсе болуш керек беле?
- Кечээ эле барып кетпедимби.
- Түшүмө кирдиң!..
Муну укканда Бахтыяр буйдала түштү.
- Болуптур, - деди анан Лилиянын айткандырынын көбү чын чыкканынан улам ага биротоло ишенип алган жигит.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   jai   01 Июль 2016 - 09:20

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 21:04

Кутобуз эже чыдамсыздык менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Angel92   01 Июль 2016 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

47
АДАШКАНДАР


- Түндө түш көрдүм. Түшүмдө... калың элди баштап, бийиктигине көз жетпеген тоого чыгып, улам өйдөлөп кетип баратыпсың. ..
Бахтыярдын алдына отуруп алып, анын көйнөгүнүн бүчүлөрүн ачып жиберип, төшүнөн кайра-кайра жыттап, сылап-сыйпалап отуруп, эртеден бери оюнан чыгара койгон түшүн айтып атты Лилия:
– Улам бийиктеп, өйдөлөгөн сайын айрымдар кайра кулап, сыйгаланып түшүп кетип атышты... А сен ан сайын арышың кеңейип, кабак-кашың жайдары, эч кебелбей баратасың. Ар кай, ар кай жерден ыраматылык апаңдын, ата-бабаларыңдын элеси булактап көрүнө калып, алар сени колдоп, сага күч-кубат берип тургандай болду... Бирок, бир убакта, кайдан-жайдан аял кишинин шыңкылдаган күлкүсү угулду..! Сен “селт!” этип, үн чыккан тарапка карадың! Кызганчтан, менин да ичим “тыз” этип, ачыша түштү. Бир убакта баягы кыздын күлкүсүнө алаксып баратып, жаза басып алдың да, бир топ жерге чейин сыйгаланып барып токтодуң! Апаң тосуп калды! Болбосо тээ ылдыйга чейин шагыл менен агылып, кум менен куюлуп, кете берет болчусуң...
- Анан?!.
- Анан апаң колуңдан жетелеп, баягы ордуңа – калың элдин алдына алып барып койду. “Балам, ошондон алыс болчу! Ал сенин кадырыңа жетпейт, ал – азгырык! Мага ошол кызың эч жакпай койду! Ал сени алдап жүрбөйбү, же билбейсиңби? ” – деди. Сен аны укпай калгандай болдуң, же укмаксан окшодуң. Дагы эле баягы жаш аялдын күлкүсү тарапка тартылып, кылчактай бердиң...
Ортону саамга жымжырттык уялады.
- Анан? – деди Бахтыяр.
- Анан... Туруп эле ошол кызга төлгө салдым...
- ?..
- Анын сенден да башка бирөөсү бар экен!
- Койчу?! – ишенбегендей, сынагандай унчукту жигит.
- Чын айтам. Же эмне, апаңдын арбагына да ишенбейсиңби? Апаң айтпаганда, ал кызды эстемек да эмесмин. Чыныңды айтчы, ким ал?!
- Ким болмок эле – сен! – же тамаша экени, же чыны экени түшүнүксүз ушинтти жигит. Башка учурда ушинтип айтса, балким жагымдуу болмоктур, бирок жанагы түштөн кийин: “Ал – сен”, - деген сөзгө Лилия териге түшүп, бирок анысын билгизбегенге аракет кылды.
Аңгыча Бахтыярдын телефону чырылдады.
- Да, мен угуп атам?
- Эртең эки жерде жолугушууң бар экенин унуткан жоксуңбу?
- Жок. Экиде - “Нур-Ордодо”, беште - “Бакыт-Ордодо”.
- Ооба. Айтмакчы, буклет даяр. Программаңдын болсо бир-эки пункту түшүп калган экен, кайра бастырдык.
- Жарайт, Жанна Белесовна. Азыр тийе кетем.
Лилиянын териси куруша түштү.
- Ким ал?! – деди кайра да өктөм.
Бахтыяр анын ыксыз кызгануусун жактырбагандай, унчукпай ваннага кирип кетти. Ал чыкканча Лилия анын соткасынан азыркы номерди жаттап ала койду да, телефонду ордуна коё салды.

***

Бахтыяр чыгып кетээри менен эле баягы аялдын номерин терди Лилия.
- Да? Мен угуп атам? – деди ары жактагы аял. – Алло-о? Сүйлөбөйсүзбү?
Лилия телефонду басып койду. “Мм... демек, сен экенсиң го?! үнүңө караганда, жаш эмессиң, көптү көргөн карышкыр окшойсуң?! – деди кумсарып. - Бирок, эч нерсе эмес... Кимдин ким экенин көрө жатарбыз! ”
Ал өзү да сезди, так ушул убакта ал кудум куйругун бирөө-жарым басып алган жыланга окшоп кетти...
Чыны менен эле кырктан ары ооп калган, бирок бой-келбети, өңү-түсү жыйырма бештеги жубандай сулуу аял “жашыруун номерди” үңүлө карап, телефонду ары таштап койду.

***

Бахтыярдын машинеси шаардын четирээк жагындагы, дарбазасы күн чыгышты караган эки кабаттуу үйгө келип токтоду. А бирок ал өзүнө удаа эле чыгып, таксиге менен артынан акмалап келген Лилияны байкаган жок.
- Ары өтүп барып токтоңуз, - деди Лилия.
- Жарайт, - деген таксист андан эки үйдөн кийин, бейтааныш кызыл дарбазага тумшугун сая токтоду. үйдөн чыга калган аялга калп эле:
- Кечиресиз, Гүлзаданын үйү ушулбу? – деди терезеден башын чыгарып.
- Ушул. А эмне болду? – бүшүркөй, чочулагандай карады аял.
- Алиги... – таксист эмне дээрин билбей, дабдаарый түштү, – Университетте иштеген профессор Гүлзада Нуркановнаны сурап жатам?
Аял каткырып күлүп жиберди:
- А жок, андайды билбейбиз. Кызымды айтып жатабы деп ойлодум да.
- Менин да коркуп кеткенимчи. ..
Аял түшүнбөгөндөй карап калды. Жигит машинеден түшүп, арыкчырай, ак саргыл келин менен сүйлөшүп, жөн салды эле сурай койгонун, клиентинин “күйөөсүн” акмалап келгендерин айтып, эски тааныштардай анан каткырып күлүп туруп калышты.
- Мен жөн салды эле сурай калганымчы. .. А кызыңыз канчада?
- Кызым тогузга карады, - деди келин. – Машине менен келип эле чоочун бирөөлөр балаңды сурап атса, кызыктай болот экенсиң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   jai   02 Июль 2016 - 23:31

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 21:04

Кутуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Angel92   03 Июль 2016 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Жыпар эжекебиз жазаары менен кочуруп келтам.Мен да кутуудомун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   janka7   03 Июль 2016 - 21:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2023 00:37
  • Жынысы:Аялзаты

Жыпар эже качан жазат экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   bond0202   04 Июль 2016 - 06:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Angel92   04 Июль 2016 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

48
АДАШКАНДАР

- Сизди аябай чочуткан экемин, ээ?
- “Сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп ичет” дегендей, анын үстүнө бала жоготуп, коркуп калган жайым бар.
- Бала жоготуп? Качан?
- Көп болду, - ийнин солкулдата, улутунуп койду келин. – Беш-алты жыл болуп калды.
- Таппадыңызбы анан?!
Келин башын чайкады:
- Бир жылдан кийин сөөгү табылды...
- Жаман болгон тура! А ким колдуу болуптур?
- Бир зөөкүр! Өлтүрүп, дубалдын арасына катып коюптур...
- Акмак го! Кесилдиби анан?!
Аял башын ийкеди:
- Кесилди. Кесилген менен балам жок...
- Кайрат кылуудан башка айла жок. Жолдошуңуз барбы?
- Ал ошол Эркинбегим жоголоордон мурунураак эле каза болуп калган.
- Коё турсаңыз, сиздин атыңыз... Венера эмеспи?
- Ооба, - келин ага суроолуу карады. – А сиз кайдан билесиз?
- Гезиттен окугам. Ошол убакта элге кайрылып, сүрөтүңүз менен маегиңиз чыкпады беле? Кийин угуп, аябай кейигенбиз. Айтмакчы, дубал деле ушул тегеректе болсо керек эле анда?
- Жок. Ошол окуядан көп өтпөй эле кызым экөөбүз ал жактан көчүп кеткенбиз.
- Андан кийин турмушка чыктыңызбы?
Аял башын чайкады.
- Менин атым – Дамир, - таксист колун сунду. – Кандайдыр жардам керек болсо, тартынбай кайрылыңыз? ..

***

Лилиянын болсо эси-дарты, эки көзү Бахтыяр кирип кеткен үйдө болуп атты. Бейтааныш аял менен Бахтыярдын кийим-кечектерин чечип ырыгытып ийишип, бир кишидей болуп кучакташып калышканын элестетип, кызганычтан өзөгүн өрт каптап бараткандай, улам убакыт узарган сайын чый-пыйы чыгып, чыдамы жетпей баратты. Башка убак болсо таксист да шаштырат беле, жаңы таанышы менен азилдешип, жайбаракат туруп калды.
“Кыйналып отура бербей, бара калсаңчы?! .” – деди сол ийниндеги периштеси шыкактап.
“Барып алып эмне кыласың?!” – деди экинчи бир ою.
“Эмне кылмак элең, биринчиден алиги аялдын кебете-кешпирин көрбөйсүңбү. Экинчиден, Бахтыярдын андан жаш, андан сулуу да ойношу бар экенин эсине салып коёсуң!..”
Кызганычтан жанын коёрго жер таппай турган келинди акыл-сезиминде ушул азгырык ой жаңырыктап, мээсине кыттай уюп алды. “Койчу, эми, жаш кызсыңбы, селпектеп жетип баргыдай?! Анын үстүнө Бахтыяр сенин эриң беле?!” – деп чебелектеген оң периштесин ары итерип таштап, өчү бардай машиненин эшигин “тарс!” жаап чыгып кетти Лилия.
- Эй, эй, чоң кыз?! Акчасын төлөбөйсүңбү? ! – деген айдоочу артынан жүткүнө басты эле, Лилия эсептешкен акчасын бере салып, андан ары басып кетти.
- Чоң кыз, кете берейинби, күтөйүнбү?!
А бирок Лилия аны укпаган өңдөндү.

***

Кыңайып ачылган дарбазанын сыртынан ичкери кулак түрүп, бир азга тыңшап турду Лилия. Айткандай эле ич жактан аялдын ким бирөөнү эркелетип жаткандай үнү угулду. Лилия саамга кыймылсыз катты да, акырында бутунун учу менен басып, короого кирип барды. Айлана-тегерегин карап, бирок эч кимди көзүнө чалдыктыра алган жок.
“Оңбогондой бай катын окшобойбу! – деди кызганычтан ого бетер ичи түтөп. – Балким, ушунун баары Бахтыярдын байлыгыдыр? !.”
Эми аял кишинин угулар-угулмаксан күңкүлдөп, жалынып-жалбарганы, эркелетип-эркелетип жаткандай үнү жакын эле жерден угулду. үндү ээрчип, шырп алдырбай, кызыл кирпичтен салынган чакан сарайды көздөй басты. Айткандай эле ал жакындаган сайын аялдын үнү дааналана берди.
- Бах, эмне болду сага? – орусча сүйлөгөн аял жалооруп, жагалдана сурады. - Сагындыңбы мени?
- ?..
- Антип карабачы эми?.. Таарынбачы? ..
- ?..
- Болду эми, тултуйба антип! Айттым го, колум бошобой атты деп... Ой, ой, таарынганыңдан сенин... Капкара көздөрүңдөн сенин!..
- ?..
- Билесиңби, менин сенден башка эч кими жок – ата-энем да, балам да, туугандарым да... Сен менин жалгыз эрмегим, жалгыз досум, жапжалгыз жакынымсың!
- ?.
- Ооба, сенде да ошондой. Айлана-тегерегиңде канчалар жүргөнү менен, сен да мендей жалгызсың.
“Тим эле тилин жутуп калат экен го, мунун жанында?!” – деди Лилия тишин кайрап. Эмнегедир Бахтыярга карата кандайдыр иренжүү сезими ойгонуп кетти: “Тапканың, шашканың ушул үй шыпыргыч беле?! Ким көрүнгөн менен, жер ылгабай жатып-туруп жүргөн бир катынпоз экенсиң да, көрсө?!.”
Канча ирээт кайрылып басып кеткиси келди. Бирок: “Жок, токто! – деди баягы шыкакчы сезими бучкактай калып. – Жөн эле кетип калгыдай, келесоо эмессиң да! Сени муну менен байланыштырган эмне өзү?!”
“Акча!” – деди анын эриндер көмөкөйүнөн чыккан ушул суроону жоопсуз калтыргысы келбегендей кыбырап. Ушуну менен өзүн жооткоткусу келди ал.
”Ырыстуу жер калбагансып, көрүнгөн менен көрүнгөн жерде жатып-туруп жүргөн эменин арам денесин кантип кучактап жүрдүм?!.”
“Балким, булардыкы чыныгы сүйүүдүр? “Сүйүүнүн көзү сокур” деген ушудур? А балким бул аялдын ошончолук күчү, керемети бардыр?..”
Ичкеридеги аялдын шыбыры угулду:
- Мен кетейин ээ, эми? Кожойке издеп калчу болсо, билесиң да анын кыялын... Жакшым менин, жаркыным менин! Ак көңүлүм, тентегим...
“Бахтыяр эмне деп, кантип жооп берет болду экен?” – Лилия канчалык демин ичине жутканы менен бу сапар иттин кыңшылаганынан башка эч нерсе уга албады.
Бахтыяр менен алиги аял жада калса итти каратып коюп, бардыгына кайыл боло лаззатка батып жатышканын элестетти Лилия. Денесин титиреткен кызганыч менен ыза жек көрүүгө айланып баратты: “Куп болот, мен азыр абийириңди гана төгөм! Аяган акчаңды анан чачпаганыңды көрүп ал! Хы, дагы депутат болот имиш!..” – башаламан ойлордун аягына акыры ушундай, чечкиндүү чекит коюп салды ал!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   janka7   04 Июль 2016 - 13:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2023 00:37
  • Жынысы:Аялзаты

кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   jai   04 Июль 2016 - 15:37

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 21:04

Кызыгына келди го)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   janka7   05 Июль 2016 - 09:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2023 00:37
  • Жынысы:Аялзаты

дале жоок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Angel92   05 Июль 2016 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Мен да кутуп жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Zo9lu   05 Июль 2016 - 23:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 07 Май 16
  • Соңку аракети: 01 Янв 2021 01:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalalabad

Kutkon adam kop okshoit
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   ayka96   06 Июль 2016 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен китебин сатып алдым.окуп бүтөйүн деп калдым.силер деле сатып алып окусанар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   jai   07 Июль 2016 - 11:19

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 21:04

Айка жазып койчу эми юиз деле окуйлу. Теманын башын озун баштадылен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Angel92   07 Июль 2016 - 13:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

49
Адашкандар

Мындан аркы ирмемди элестетүү өтө оор эле! Өкүнүч менен өксүккө муунуп, оорукананын керебетин кычырата бир катуу чиренип, тарамыштай түйүлгөн денеси таштай зыңгырап, башын муштагылап, оор онтоп ийди Лилия: “Эмнеге ошондо артка кайтып кетпедим?! . Кара баскан ит сарайга эмнеге кирдим?! Ошо азгырыкка убалым жетсин!..”
Чыны менен эле: “Кайткының! – деген бир туюму ошондо. – Бул жерде сага эч нерсе жок! Кайт дейм!”
“Укпа аны, укпа! Сен качан көздөгөнүңдөн кайтчу элең?! Кир, кире бер! Андан аркысын көрө жатарсың! ” – деген азгырык сезими. Лилия көбүнчө экинчисине баш ийе турган.
“Мени уккандан качан жаман болдуң? Экөөбүз дайыма бирге келатабыз го?” – деген анысы ошондо да.
Ошондон кийин гана Лилия бир бөлмөлүү батирге окшош ит сарайдын каалгасын ачып, “шып” этип кирип барган да, күңүрт күүгүмдө көзүнө эч нерсе көрүнбөй, издегени “кылтагына” илинбей ары жак-бери жагын бүшүркөй караган...
Мына алар! Бурчта аны таң кала да, чочулай да тиктеп, кучакташкан экөө эс-мас турушкан болчу!..
А бирок алардан башка эч кимди көрө албай койду.
Ошондон уламбы, өзүн жатыркай тиктеп турган чоочун көздөрдөн жалтана да түшкөн. Бир ирмемге жетпеген ушул аралыкта денесин кара тер басып, үстүнөн бирөө муздак суу куюп ийген окшоп, анан тулку бою чыйрыгып кеткендей болгон!..
Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, бир чети алданганына ызаланган ал! Кайра шыр бурулуп чыгып кете албай, денеси жарым-жартылай бурулганы менен аяктары жерге кадалып калган окшоп, жылдыра албай калган!
“Түшүм болсо экен бул! Түшүм болсо экен!..” – деп ийген ичинде жанталашып.
А бирок зор денеси менен алиги аялды жаап турган кудум торпоктой ит бир убакта аны көздөй атырылып, көздөрү чычаладай кызарып, учуп келатканын бир көргөн! Көз ачып жумгуча анан иттин оор денеси Лилияны басып жыгылган! ..
Андан ары алаамат болуп кеткен!
Чалкасынан жыгылган тейден, алдыңкы кош аягы менен көкүрөгүнөн бекем басып алган түрү суук эмени чакан сумкеси менен башка-көзгө ургулап, жансоога издеп жанталашып жаткан аялдын чаңырыгын үйдүн ичиндегилер да угуп, дапырап чуркап келатышкандай болгон.
Эмне болуп атканына акылы жетпей, саамга дендароо боло түшкөн берки аял да бир убакта ыргып-секирип тура калып, арачага түшкөн. А бирок локуйган иттен бейтааныш аялды куткарып алууга алы келбей, саксаңдап-үксөңдөп, өң-алеттен кете жандалбастап аткан.
Аңгыча ачуусу ачынган иттин арсайган тиштери Лилиянын бир жак бетин көзү, мурду менен кошо кабыштыра тиштеп, бир булкуп жулуп алган да, ошондон кийин гана көксөөсү суугандай үстүнөн аттап өтүп, оолактап чыга берген!..
үстү бошой түшкөнү менен Лилиянын бети-башын ысык бир нерсе каптап өткөндөй болгон.
Бош калган көзү менен мурдунун ордун, териси шылынып иттин оозунда жүргөн бетин эки алаканы менен кармалап, канжалаган колдорун тарбайта:
- Аа-а-а!!! – деп ааламды жаңырта айкырып жатканын эс-мас билет...

***

Эми да так ошондогудай ачуу айкырыктан улам оорукананын локуйган жигиттери менен эмчи айымы чуркап кирип, Лилиянын колу-бутун кармап, укол сайып жатышты. Кудум ит менен алышып жаткандай ээ-жаа бербей чамынып, кара терге түшүп, кыйкырып-өкүрүп атып, тээ бир убакта анан тынчып калды аял...
Ошону гана күтүп тургандай, палатага эми дарыгер кирди. Кирди да эч нерсени туйбай, сезбей, селейип каткан аялдын баштагыдан да коркунучтуу өңдөнүп кеткен бети-башына бир карап алып, жүзүн буруп кетти.
Бир нерсе издеген өңдүү анан аялдын жаздыгынын алдын ачып, чакан кара сумкени алды. Көздөрүн жумуп жаткан коркунучтуу аял азыр бакырып тура калчудай, колдорун майда калчылдак басып, ошентсе да шашкалактап сумкени ачты да, баягы бөрсөйгөн бөтөлкөнү чөнтөгүнө салып ала койду.
Аркасынан аял кубалап келаткандай калдаңдап, палатдан чыканча шашты анан.
- Өх-х! – кабинетине кирген соң тамга сүйөнө калып, чекесинин терин бетаарчысы менен сүртүп, анан түз эле кол жууй турган суу түтүгүнө келди да, колуна резина мээлейин кийди. Бөтөлкөнүн капкагын ачып, оозун ылдый каратып кыйлага агызып турду. Бөлмөнүн ичин заматта каңырсыган ачуу, кыйгыл жыт каптап кетти.
Дарыгер эми бош калган идишке кайра суу толтурду да, оозун бекитип, сыртын даки менен кургата сүртүп, кайра алып барып Лилиянын сумкесине салып койду...

***

Марат Муратович чарчап-чаалыккандай, диванда көздөрүн жумуп, бир топко чейин кыймылсыз отурду. Ушул кезде анын көз алдынан Лилиянын баягы соо кези, өзүнүн жардам сурап барганы, экөөнүн өткөргөн бир түнү, андан кийинки окуялар кайра баштан кайталанып, тизмектелип өтүп жаткан. Бир убакта анан ошол ойлордон кутулгусу келгендей, телевизорду жандырды.
- Саламатсыздарбы, урматтуу теле көрүүчүлөр? Сиздер менен – Акшоола Ашыракманова…
Биринчи жолу көрүп жаткандай алып баруучуну кадала карады.
“Ооба, мен ушул аялзатынын сулуулугун, мына бул көздөрдү, жүзүн сактап калдым!..” – деген бир сыймыктуу сезим келди ага. Ошону менен буга чейинки күнөөлөрүнүн баары жуулуп кеткендей, эмнегедир эми элеки үстүнөн ныгыра баскан оор жүктөн, азаптан арылып, жеңилдей түшкөнсүдү. Ал Акшооланын эмнени сүйлөп, эмне жөнүндө көрсөтүп жатканын уккан да, түшүнгөн да жок. Тек гана анын жаркылдаган бешенсине, бирок кандайдыр муңайым өңдүү көздөрүнө телмире карап отура берди.
“Ал өзүн алдыда эмнелер күтүп жатканын, анын ушул сулуулугун жезкемпирге айланткысы келген душмандары бар экенин билди бекен? – деди оюнда. – Эгерде Лилия мына бул мөлтүр жүзүнө уу чачса, кандай болмок?..”
Телевизордогу айымдын кислотага күйгөн жүзүн элестетти. Анын бет алдында бети бүрүшкөн, чүрүшкөн, кудум Лилияга окшош ыраңы суук аял сүйлөй баштады…
Өз оюнан өзү коркуп кеткендей, башын силкип, көздөрүн ушалап жиберди доктор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Angel92   08 Июль 2016 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

50
АДАШКАНДАР


Айтмакчы, Лилиянын ооруканадан чыгарына бир-эки эле күн калган.
“Мен эмне деген ишке бардым? Эми ошол “жинди” деген документке сүйөнүп алып, эмнелерди гана жасаар экен?! – деди дарыгер ичинен сызып. - А бирок, эми бербей коюуга да мүмкүн эмес...”

***

“Өмүрлөргө дагы бир күз келиптир… - кагазынан баш көтөрүп, терезени карган Акшоола ушинтип ойлоду. – Кудум, чачын ак аралай баштаган адамга окшоп, бак-дарактардын бариктери сары, кызыл болуп… атүгүл үзүлүп түшө баштаптыр…»
Туруп келип, терезеден алыс-алыска умсуна, улутуна карады. Эмнегедир эсине атасы түштү. Былтыр, так ушул маалда: «Балдарыма өз колум менен терип келдим…» - деп алма-өрүгүн артынып алып, жетип келбеди беле. Ысык-суукка бышып, барбайган багбан колдору менен ар биринин колуна бирден алма карматып: «Мына бул алма кандай экен? Эч кимде жок, жаңы сорт, өзүм кыйыштыргам. Бул - биринчи түшүмү. Жей гой, жесең!» - деп жандай көргөн кызын эркелете тиктеп турган… Ошо алмалардын ширелүүсү, шириндиги, ай! Эми да ошого кусалангандай, бет маңдайындагы сүрөткө карады кызы.
«Асылым атакем!.. – көз алдында турган элеске эреркей карап, карегение жаш кылгырып кетти анан. – Кечирчи кызыңды, ата?.. Ошол келгениңде да жаныңда болбой!.. Акыркы келишиң экенин кайдан билдим?! Болбосо баардыгын таштап салып, карегиң менен тең айланып, маңдайыңда отурбайт белем, ардагым атам!.. Самолетко салып алып, ай ааламды айлантып чыкпайт белем, атаке!»
Кызынын антип турганын ал да билип, сезип жаткандай, эмнегедир атасы ага сүрөттөн жылмайып, саал кыймылдап кеткендей көрүнүп кетти. Адегенде ошону кайра да бир көргүсү келе обдула түшүп, үңүлө тиктеди да: «Мен эмне болуп жатам? Чын эле чарчаган окшойм…» - деди оюнда.
Телефону «чырр!» этти. Карегинде каканактап турган ысык жаш ыргып, денеси “селт” деп, көкүрөк-көңүлүндө көлкүлдөп турган аялуу сезимдери «чачылып» кетти. Трубканы көтөрдү:
- Да?
- Алло, - деди ары жактагы улгайыңкы үн, - Кандайсың Акшоола, жакшыбы айланайын?
- Саламатсызбы? – добушунан тааныды аны, - Жакшы турасызбы, эже?
- Жакшы. Айтып койчу, эшикте аба ырайы кандай?!
Азиз аялдын суроосу күтүүсүз болгону менен, Акшоола ага анчалык деле таң калган жок. Тескерисинче, көңүлүн оорутпаганга аракет кылып:
- Боз түшүп турат, эже, - деди.
- Мм… Ошондой де?..
Акшоола жаңылып калбайын дегендей, терезеге кайра да үңүлө карап койду. Аял ишенбей жаткандай кайра да сурады:
- Күн тийип турабы, жокпу?
- Жок. Күн бүркөө бүгүн.
- Жаайм дейби?
- Ошондой го…
Аял эмнегедир азга буйдала калып:
- Каргалар да келип калганбы? – деди кандайдыр, сынагандай.
- Азыр, карайынчы… - Акшоола терезеге туруп келди. Айткандай эле анча алыс эмес жердеги бактардын башында каркылдап, каргалар айланып жүрүптүр.
- Ооба, келишиптир, - деди кайра отуруп жатып.
- Келишиптирби? Өз көзүң менен көрдүңбү?
- Көрдүм, эже.
- Ошондой дейм да, үнү угулуп аткансыган… Быйыл кыш эрте түшөт окшобойбу.
- Мүмкүн.
«Быйыл кыш эрте түшөт окшобойбу…» Бул сөздөн улам Акшоола атасын кайра да эстеди.
Жыйым-терим кезинде чекесинин терин арчып: «Быйылкы кыш эрте түшөт экен, каргалар эмитен эле каркылдап калыптыр…» - деп, же болбосо: «Быйылкы кыш шашпайраак келет го, «какелер» келе элек,» - деп калчу. «Каке» дегени – каргалар эле.
Акшооланын оюн азиз аялдын ыраазыдай үн катканы бузду:
- Сага ишенем, айланайын… Айтмакчы, көрсөтүүлөрүңдү болсо көрө албайт эмесминби, угуп жатам. Жакшы иштеп жатасың. Ден соолукта бол!
- Айтканыңыз келсин. Өзүңүз да…
- Ту-ут, ту-ут…
Өгүнү күйөөсү жетелеп келип, көрсөтүүгө катышып кеткен бул аял.
Аялдын ошондогу тирүүлүктү кулагы менен көрчүдөй, «шырп» эткен дабышка кулагын төшөп турганы эми да көз алдына элестеп, экөөнүн телефондогу диалогу көпкө чейин кайталанып, угула берди. Ошондон уламбы, азиз адамдын ички дүйнөсүн, абалын өзү аркылуу сезгиси келгендей көздөрүн жумду…
Караңгылык! Көөдөй кара түн каптап калды аны! А бирок жандүйнөсү ага макул эместей тыбырчылап, буркан-шаркан түшүп, кан-тамырлары болкулдап, көөдөнүндөгү бир сезим кудум толкун сыяктуу улам бийик көтөрүлүп чыгып, улам кайра кулап түшүп, жан дүйнөсү бул күтүүсүз «тагдыр» менен күрөшүп жаткансыды! .. Бирок ал бир нерсени байкады: Ошол күрөш өтө катуулап, албууттуктун кыйла бийигине жетти да, тээ бир оокумда чарчагандай алсызданып, солгундап, тынчып баратты... «Ии, адам акыры ушинтип жоошуп, тагдырына моюн сунат тура!..» - деди оюнда.
Лилияны эстеди. Аяп кетти. Өзүн-өзү күнөөлөдү Акшоола: “Мен туура эмес кылыпмын! Анчалык келген аялдын тамырын тартып, келген жөнүн билсем болмок. Анын үстүнө баары күтүүсүз болуп кетпедиби... Балким кайра да келээр? Азыр кайда жүрөт? Кайда жашайт?.. Балким жардам сурап келди бекен? Анда эмнеге унчукпай кетип калды? Эмнеге андан бери дайынсыз?.. Балким, унутуп калгандыр?..»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   forgotten   10 Июль 2016 - 03:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 638
  • Катталган: 17 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июл 2017 02:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Суперстан

Үч күндө бир дем менен окуп чыктым, эми калганын дагы күтөм, жакшы чыгарма экен.
Жөнөкөйлүк ашса ашсын, бой көтөргөндүк адатка айланбасын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Supsuluu   10 Июль 2016 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Айка кыз, китебин алдым дедин беле, жазып койчу уландысын сураныч!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 01:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: