"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА
#122 11 Июль 2016 - 01:15
Ушул чыгармалар менен жашоо кызык болуп жатат,болбосо буулугуп олуп кетмек экенмин...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#123 11 Июль 2016 - 22:26
китеби кимде болсо жоноткуло сурот, мен бекерчимин уйдо жазып илип берейин.
#124 12 Июль 2016 - 16:39
Бирок Лилия аны унутмак турсун басып да, туруп да ал жөнүндө ойлонуп, алдыга адамдын үрөйү уччудай өтө чоң, «гениалдуу» максаттарды коюп, ошого жетиш үчүн тигинтип, жанын кыйнап ооруканада жатканын ал каяктан билсин?!.
Чүмбөттүү аялдын өзү тууралуу жек көрүүсү, тынымсыз ойлору кандайдыр көзгө көрүнбөгөн купуя жолдор аркылуу өзүнө агылып келип, жандүйнөсүнө тынчтык бербей түйшөлтүп, атүгүл түшүнө да кирип, өзүн толук курчап алганын, анын кесепети айлана-тегерегине да таасирин тийгизе баштаганын ал түшүнгөн жок. Тек гана ошол жагымсыз аял тууралуу ойлонуудан кутулгусу келип, бирок кутула албай жүрдү.
Ушу азыр да ал Акшооланын телефон номерин улам терип, улам кайра өчүрүп, эрмектеп жатты. Бу жерге да көнө түшкөндөй, көңүлү ачык, жайдары эле. Бир убакта эсине бир нерсе түшкөндөй жаздыгынын алдындагы сумкесинен Акшоолага арнаган “белегин” алып чыгып, айландырып карап, кайра жазданып жатып алды.
Акыры Акшоолага «гудок» жөнөтүп, демин ичине тарта тыңшап калды.
Акшоола «номери жок» коңгуроону бүшүркөй карап, телефонду көтөрдү:
- Да?
Лилия бир нерсе дечүдөй оозун таптап барып, унчукпай калды.
- Алло? Сүйлөбөйсүзбү? !
- … - Лилия мыйыгынан күлүп, телефонду басып койду да, чыкылдатып билдирүү жаза баштады: «Акшоола айым! Жакшылап жашап кал! Бул күндөр сенин эң акыркы бактылуу күндөрүң! ..»
Андан ары эмне жазаарын билбегендей ойлонуп калды. Кандай сөз таап, кандай кылып Акшооланын жанын кейитсем деп, жүрөгүн көзөп өтө турган сөздөрдү издеди. «Жок, - деди кайра жазгандарын бат-баттан өчүрүп жатып, - Анда ал Ынакка айтып, анысы сөзсүз милицияга билдирип, жансакчы жалдап берет да, планымдын баары өлөт! Кереги жок! Өткөндөгүдөй бейкам, эч нерседен санаасы жок иштеп турганы жакшы мага! Аймакчы, мен тууралуу кандай ойдо калды экен? Эгерде кайра да бир кезигишсек, албетте кезигебиз, мени кандай кабыл алат болду экен?.. Мм... Эрмек экөө сүйлөшпөдү бекен? Азыр эле биле коёбуз аны!..»
Эрмек Асановичтин иш телефонуна чалды:
- Алло, Эрмек Асанович? Кандайсыз?
- Оо, чет элге кеткен периштем! Сизби?.. – кубанычын жашыра албай, барпалаңдады тигил. - Өзүңүз кандай?! Кайдасыз?
- Эң жакшы. Азыр Стамбулдамын. Иштерди бүтүрүп жатам… Эртең да башка шаарда болом…
- Саяккаттап жүрөм деңиз?! – бир чети кубангандай, бир чети кызгангандай сүйлөдү Эрмек. – Мени унутуп калбасаңыз эле болду. Качан келесиз?
- Дагы он, он беш күндөй болом го. Акшоола кандай жүрөт?
- Жүрсө керек, көрө да элекмин.
- Чынбы?! – ичинен «жым» этип, калп эле кызгангандай, ишенбегендей сурап койду Лилия.
- Эмнеге сурадыңыз аны?
- Кызганып жатсам керек...
- Чынбы? Кандай жагымдуу?..
- Мейли анда, Эрмек. Азыр аукциондо отурабыз. Чыкканда чалам.
- Ийгилик каалайм!
“Ай, байкушум ай! – телефонду койгондон кийин ушинтип күлкүсү келди. – Жаман ишенчээксиң, ээ? Сага окшогондорду каалагандай калчап, каалагандай алдаса болот!”
Эсине Белек түшүп кетти. Көзүн жумуп, аны менен өткөргөн ирмемдерин элестетип, ууртунан күлүмсүрөп жатты да, бир убакта үйгө чалды.
- Да? – бул – Белек болчу. Лилия азга унчукпай, тыңшап турду да, сынамакка:
- Алло, саламатсызбы? – деди үнүн өзгөртүп.
- Саламатчылык!
- Кечиресиз, бул ким болду экен?
Гүлмираны далай жолу телефондон “текшерип”, кечээтен бери да үнүн кубултуп ойноп, Анарбектин нервине тийип, бул боюнча мастер болуп калган Белек алда неден шектене түштү да:
- Ким керек эле?! – деди “корс” этип.
- Мм... Кечиресиз, сиздин үнүңүз абдан уккулуктуу экен. Менин атым – Айсулуу. А сиздин атыңыз ким?
- ! – Белек жактырбагандай, трубканы “шарак!” эттирип таштап койду эле, Лилия: “Аз-замат! ” – деп кубанып калды.
Ынак экөөнүн балдарды алып түшкөн сүрөтүн колуна алып, жалгыз көз менен үңүлө тиктеген аялдын элеси эми да көз алдына келе калды. “Эмнеге сүрөткө анча кызыкты? Же чын эле Ынакты билеби?..”
Эгерде ушул сүрөткө байланышкан ирмемдер болбогондо, башкасын этибар деле албайт эле!
Атүгүл акыркы эки-үч күндөн бери “белгисиз” номер аркылуу кимдир бирөө телефон чалып, а бирок унчукпай тыңшап туруп коюп койчу оюн тапты. Ошондон уламбы, алиги чүмбөттүү аял түндө да түшүнө кирди. Кайдан-жайдан “шуу-у!” этип пайда боло калып, кара көйнөгүнүн эки этегин канат кылып учуп келе калды да, Акшооланы бура бастырбай, жолун тороп алды.
- Сиз кимсиз? Сизге эмне керек?! – деди Акшоола.
- ? – аял унчукпайт. Жооптун ордуна тек гана аялдын көөдөнүн түрсүлдөтө ургулап, “дүк-дүк! ” эткен жүрөгүнүн кагышы угулат. Анан ошол дүкүлдөк күчөп отуруп, кулактын кужурун алган бир жагымсыз жаңырыкка айлана баштайт. Аялдын арбайган-тарбайган колдору Акшооланын бетин сыйрып алчудай, анын жүзүнө жакындайт! ..
- Жок, жок! Ары барыңыз! Мага жакындабаңыз! – жандалбастап качат Акшоола. Аял ансайын жагымсыз каткырып, көлөкөдөй эрчип алат. Бирок болбой эле тигил Акшооланы ийнинен, колунан тарткылап, жулкултата баштайт...
- Коё бер! Тийбе мага! Жолобо дейм! – бир-эки жолу ушинтип чочуп ойгонсо, Ынак колунан тарткылап, ойготуп жатыптыр.
Эми элеки жан кейиткен нерсенин баары түшү экенин билип:
- Өх-х! – деп Ынагына бой таштайт. А бирок Ынак абалкысындай кучагына кысып:
- Коркпо, болгону эле түш көрдүң. “Түшүң - түлкүнүн богу”, - дебей, акыркы убактарда боюн ала качып, төшөгүнөн туруп кетчү адат тапты.
Өзү менен өзү болуп, ойчул тартып кеткен жубайынын ичинде кандайдыр сыр жатканын туюп, билип, бирок анын сырын тарта албай бир топ күн убара болду да, акыры ага аракеттенбей деле калды. Айрыкча аялынын: “Мага тийбе! Жолобо!” – деп түшүнөн чочуп турушун Ынак башкага жоруду: “Балким, менден жашырып, мынчалык кыйналганына караганда... бирөө-жарым “зордоп” койбоду бекен? “Иш-иш” деп, талаа-түстө көп жүрөт эмеспи. А балким, кимдир бирөөнү сүйүп калып, же мени, же аны кыя албай, эки ортодо чайналып жаткандыр? Токточу, балким түшүндө “тийбе, жолобо!” деп мага айтып жатпасын?! Андай болсо, ачык айтса деле түшүнөт элем го?..”

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 12 Июль 2016 - 16:40
#125 13 Июль 2016 - 18:17
Күйөөсүнүн эмне үчүн салкын тартып кеткенин түшүнгөнү менен, анын эмнени ойлоп жатканын Акшоола билген жок. “Эч нерсе эмес, бир күнү баардыгын айтам. Дагы бир аз күтө турушум керек”, - деп өзүн жооткоткон болот.
Аны мынчалык тушаган нерсе, чүмбөттүү аялдын: “Мен жөнүндө күйөөңө да айтпа. Болбосо...” – деген эскертүүсү болчу. Ошол “болбосонун” артында үй-бүлөсү үчүн кандайдыр жамандыктын башы кылтыйып турган. Жада калса алиги чүмбөттүү аял уулун да акмалап, ошол айлана-тегеректе жүргөндөй сезилип, кийинки убактарда баласын да бакчага жибербей, жанында эле алып жүргүсү келчү болду.
Бири-бирине карата күмөнсүү, күдүктүү мамилелерден улам, үйдүн ичи да баягыдай болбой, күңүрттөнүп бараткандай. Жада калса Бакыт да мурункудай шоктонбой калган. Ата-энесине аяр мамиле жасап, эч нерсе түшүнө албай жаткандай экөөнө астыртан карап, үйдөгү убактысынын көбүн өз бөлмөсүндө өткөрөт.
- Ынак, - деди бир күнү Акшоола унчукпай тамак ичип алып, атүгүл коштошпой да кетип бараткан күйөөсүнө. – Сага эмне болгон?
- Эч нерсе! – кайра өзүнө ушул суроону берип жаткандай, таң калгандай карады күйөөсү. Анын бир чети таарынгандай, бир чети жакшы бир сөз уккусу келгендей муңайым телмирген каректерине күнөөлүүдөй тигилип:
- Сен мага таарынып жүрөсүң, ңң? Таарынбачы? Мен сага бардыгын айтып берем, бирок кичине убакыт керек, - деп мойнунан кучактап, жайдарыланып бетинен өпкөн болду. Ынак муну да башкача түшүнүп:
- Болуптур, ошондо сүйлөшөбүз, - деп чыгып кетти.
Жолдо Ынак Кабыловичтин телеону чырлдады. Уюлдук телефондун бетине үңүлө карап, ишенбегендей кайра да жакшылап карады. Башта бул телефонду көргөндө итатайы тутулуп, дароо басып салчу да, кээде таптакыр өчүрүп таштачу. Эмнегедир бу саам көпкө чейин эки анжы болуп барды да: “Балким, Акшооланын табышмактуу болуп кеткенин ушул айтаар?! Аялдар ушак-айыңды жакшы угушат эмеспи,” – деген ойго ээрчилип, бирок калп эле номерди таанымаксанга салып:
- Да? Алло, ким бул? – деди. Ары жактагы азга унчукпай турду да, бирөө үйрөтүп жаткандай кичинекей эркек бала:
- Алло, менин атым – Данчик... – деди да жооп күткөндөй унчукпай калды.
Ынак Кабылович телефонду “шарт» коё салды. Эмнегедир жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Машинени жол жээгине токтотуп, бир топко чейин тунжурап отурду: «Бала… меникиби? Данчик дейби? Чоңоюп калган тура…» - деп, бирок эмне болуп жатканына түшүнбөй жаткандай бир топко ойлонуп отура берди да, бир убакта: «Мен эмне болуп жатам? – деди өзүнө-өзү ачууланып. – Каяктагы бала?!.»
Көз алдына баягы-баягы жылы фирмасын алдырып жиберип, Лилиядан көңүлү калып Айнурага кайра барганы элестеди. Ой-санаасында эч нерсе жок, болгону эле Айнурадан «жаңылдым, жаздым» деп кечирим сурайм деп, гүл көтөрүп алып кирип барса, экөөнүн төшөгүндө Айнура өзүнөн алда канча кичүү, жап-жаш, болгондо да мунун кол алдында иштеп жүргөн жигит менен жаткан болчу! Эмне кылаарын билбей,эс-мас боло түшкөн. Ошондо Айнура: «Менин мындан боюмда бар! Ишенбесең - мына!» - деп жалаңкат кийинген халатынын боорун ачып жиберип, төрсөйгөн курсагын көрсөткөн! Деги эле мындай шумдукту көрбөгөн, мындай шумдук болот деп күтпөгөн Ынактын, башка жеген эмедей эси оой түшкөн!
«Балким, Акшооланын чүнчүп, өзгөрүп кетишине эми да ушулар себепчи болуп жатпасын? - деди эми. - Мүмкүн!..»
Канча ирээт кайра чалып: «Айнура, экинчи колума түшчү болсоң оңбой каласың! Ачуума тийбей, акылың менен болгунуң! » - деп эскерткиси келип, бирок: «Дагы эмне болоор экен, коё турайынчы», - деп сабыр кармады.
***
Түнү менен ыйлай берип, эки көзү тоодой болуп шишиген Айнура эртең менен апасыныкына келди. Анын түрүн көрүп эле, ансыз да жүрөк заада болуп жүргөн энеси иштин чоо-жайын түшүнүп:
- Ай, балам, ай! Айтканды укпай жүрүп, эми азабыңды жеп атасыңбы? – деп наалып жиберди. – Кебетең кантет, кагылайын? Дагы урдубу?
Кызы апасын кучактап, солуктап ыйлап алды.
- Өлүгүңдү көрөйүн, шыргайдай болгон! – апасы күйөө баласын тилдеп, жаны ачынып кетти, - анчалык байлангыдай, анда эмнең бар экенин билбей койдум, ошондон кутулуп ал десем эле укпайсың. Же бир кишидей эме болсочу...
Кызы ыйлап басылгандан кийин кайра сурады:
- Эмне болду? Же дагы жоголуп кеттиби, тигиниң? Кебетең кантет?
Тээ бир топко чейин унчукпай, мелтейип отуруп, бир убакта Айнура өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай:
- Тигил үйлөнгөнү жатыптыр, - деди.
- Каша-ак! – чочуп кетти энеси. – Эмне дейт, ботом?! Катыны туруп, үйлөнгөнү эмнеси?!
- Ата-энеси да!.. “Энеңдей кылып, бирөөнүн катынын эмне кыласың?! Же биз менен катышпаса, андан көрө Өзүң курдуу, жакшынакай кызга үйлөн!” – деп бирөөнү таап беришкен имиш.
- Ким айтты аны?!
- Өзү!
- Ай, балам, ай! Мен сага айттым эле го: “Элден мурун кайын-журтуңду колго ал, мелтейбей ийкемдүү бол! Жароокер бол!” – десем укпай жүрүп...
- Баласынын үйү үстүндө, ашы – астында экенине кубанып жүрө беришпейби, сасыган кемпайлар!
- Баласы жакшы, а ата-энеси сасык экен да?!. – кызына макул эместей айтты апасы.
Эки тизесин кучактап, улутунду Айнура. Ызадан бекен, эки бети от менен жалын болуп ысып чыкты. Муундары калчылдап, көзүнүн жашы мөлтүлдөп кетти.
- Болду эми, ыйлаба, - деди апасы жанына отура калып, маңдайынан сылап. – Кетсе –кетсин! «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт», аны күч менен кармай албайсың. Эркек деген ошо. Көңүлү жок болсо эч качан эр болуп жарытпайт. Ал эмес, аял киши сен деле канча кишини «жакпайт» деп баса бердиң? Жайына кой. «Ургаачынын чырагы – кырк», анын үстүнө үй-жайыңтурат, жашсың. Бирде болбосо бирде багың ачылаар, кызым.
Экөө бир топко унчугушпай калышты.
- Эчтекеси жок какбаш да эмессиң. Уулуң турат. Эс кирип, чоңоюп калды… - ушуну айтып, апасы кызына нааразы өңдүү сүйлөдү. – Ошо баланын атасын эле жакшылап күтүп алганыңда эмне?! Каяктагы бир шыйпаңдаган эмеге азгырылып, тилимди укпай туруп албадыңбы! Өзүңдөн көр эми, эмне кылайын?..
Апасы туруп кеткенден кийин уулунун бөлмөсүнө кирип, уктап жаткан баланын жанына кыйшайып жатып: «Чыны менен эле, тигиге караганда Ынакка окшошуп келатат… Ошондой эле болсо экен…» - деп ойлоду.

#126 14 Июль 2016 - 18:26
53
АДАШКАНДАР
Бу саам мурдагы: «Кудайдан болуп, бала Ынактыкы
эмес, ушунуку болсо экен», - деген тилегинен баш тартты. Анткени, кайсы бир күнү
жаш күйөөсү: «Кел, Даниярдын канын
текшертебиз, балким, чын эле менин баламдыр?» - дечүдөй, түпөйүл боло берет
эле. Эми башканы ойлоду: «Балким, Ынак уулу бар экенин билсе, мени
кечирер? «Мен сага өчөшүп, сени
кызганып гана калп айткан болчумун. Бала – сенники!» - десемчи?»
Ал ушуну ойлонуп жатканда Данияр да
ойгонуп, апасын мойнунан кучактап:
- Апа, келдиңизби? – деди.
- Келдим, жаным…
- Мен түндө сизди түш көрдүм.
- Чынбы? Кандай түш экен ал?
- Жаман түш… - уулу күнөөлүүлдөй акырын
айтты.
- «Түшүң түлкүнүн богу»… Мен түндө
уктабай, кыйналып чыкпадымбы, ошону сезгенсиң го? Кана, айтчы?
- Түшүмдө сизди бирөөлөр жип менен
байлап, караңгы чуңкурга салып ийишиптир. Мен колумду сунуп, сизди тартып
алайын десем… жетпей койдум…
ошол ордон сууруп алчу бирөө-жарымды эңсеп
кетти. «Ынак!» - мындан башка жооп таба албай койду ал. Ушу азыр анын жылуу
кебине, акыл-кеңешине, мээримине зар
болуп кетти да, капыл-тапыл эле оюна бир нерсе «тык» эте түштү:
- Данчик, мен сага бир нерсе айтайынбы?
– деди анан.
- Эмне?
- Атаң бизди таштап, башка бирөөгө үйлөнгөнү
жатат. Жакында тою болот экен…
Баласы түшүнбөй жаткандай делдейди.
- Бирок… Билесиңби, Данчик, анын кеткени
кайра жакшы… Анткени… - андан аркысын айта албай жаткандай мукактанды апасы. –
Анткени… ал сенин чыныгы атаң эмес да. Ошон үчүн кетип жатпайбы…
- ? – бала дагы эле унчукпай, апасын
бадырайган капкара көздөр менен таң калгандай карап жата берди.
- Болбосо, сени таянеңе таштабайт элек
да… Бирок капа болбо, сенин өз атаң андан алда канча акылдуу, жакшы адам. Ал
сага аябай окшош. Анан калса мындай бекерпоз, аракеч да эмес, чоң бизнесмен. Акчасы
көп. Азыркы мен турган үйдү ошол атаң сатып берген…
- ?..
- Аябай жакшы турчубуз. Бирок… ортодо
бир бузуку аял чыга калып, атаңды алдап эрчитип кетип калып, мен да анан… экөөбүз
жалгыз калбайлы деп…
- Анын аты ким? – деди бала баятан бери
ойлонуп жатып.
- Аты – Ынак. Бирок ал сен жөнүндө
билбейт. Анткени, ага таарынып, айтпай койгом… Эгерде ал сенин бар экениңди
билсе, бизге сөзсүз кайрылат… Менимче, сенден бир аз чоңураак уулу да бар болуш
керек…
- Ал менин бир тууганым болобу?
- Албетте!
Муну укканда уулу кубанып кеткендей
болду. Көздөрү жайнап, жылмайган окшоду.
- Атаңа телефон чаласыңбы? – деди ошону
байкаган апасы.
- Кайсы атама? – делдейди бала.
- Өз атаңа – Ынакка да, албетте!
- Ал мени тааныбайт да?
- Тааныш да. «Менин атым – Данчик, сиз
менин атам экенсиз го, анда эмнеге мага келбейсиз?» десең, эмне дейт экен?
- Макул! – бала кубанып кеткен.
Бирок, «атасынын» унчукпай коюп койгону
баланын эми эле кубанып, балапан кушча талпына түшкөн жүрөгүн кайра жыйрылтып,
шагын сындырып койгон. А бирок Айнура ага капа болгон жок. Тескерисинче: «Бул –
алгачкы кадам. Кантсе да ойлонуп калды болуш керек. Калганын да көрө жатарбыз»,
- деп кудуңдап калды.
Кызынын кабагы ачылып, жадырап күлүп
чыкканын апасы балага жоруду: «Ии, уулун көрүп, маанайы ачыла түшкөн тура.
Эненин бир бактысы ошол да!..»
Кечке чейин энесинин, уулунун жанында
болуп, кечинде кетүүгө камынды кызы:
- Жатып эле алсаңчы, - деди апасы алда
нении сезгендей санааркап. – Үйдө жалгыз эмне кылат элең? Андан көрө уулуң
менен алаксыбайсыңбы?
- Кетейин, - деди кызы алда нени ойлоп
алгандай көшөрүп. – Кокус тиги келип, издеп калсачы?
?
жакшы
калгыла…
рдү да:
-
Айнура, үйдөсүңбү?
– деди.
-
Жок. Апамдыкынан
келатам. Келесиңби үйгө?
-
Кай жердесиң? –
суроосун укпай калгандай сурады тиги.
-
Жолдо. “Бакыт”
кафесинин жанында.
-
Мм. Ошол жерде
токтой турчу. Азыр барам, - деп анан кайра шашкалактап сурады. – Алло, Айнура,
жаныңда акчаң барбы, тамак алып турчу, макулбу?
Ошондон
жарым саат өтпөй, кафеге шашкалактап кирип келди күйөөсү. Айнуранын бетинен өөп,
алдыга келген тамагын жанталашып жеп атып:
-
Айнура, мен шашып
жаткам... Билесиңби, үч жүз доллардай акча керек болуп атат? – деди.
-
Эмнеге?
-
Ай-й... –
нааразыдай унчукту жигит. - Тигинин
ата-энелери кызык немелер экен, кызды алгандан кийин ачуу басарга келесиңер деп
атыптыр.
Айнура ыза
болгондой “бырс” күлүп жиберди:
-
Ачуу басарыңа менин
кандай тийешем бар? Ата-энең бербейби?!
-
Ай-й... ушинтпечи,
эми. Баары бир экөөбүз бир кишибиз да, чынбы?
-
Башты оорутпачы!
Уктуңбу?! Ушунча жыл үйүмдө кутуруп жашап, тебелеп-тепсеп, ичип-жеп!. . Эми
катынды да сага мен алып беришим керек экен да?!
-
Тфу! – жерге түкүрдү
күйөө. – Эмне болуп калгансың?! Жезкемпирдей болгон апаң мээңди тетири бураган
экен да? Андан көрө ушунча жыл
жалгызсыратпай, жаныңда жатып жүргөнүмө рахмат дебейсиңерби? !
Айнуранын көзү
алайып, эмне дээрин билбей, оозу ачылды:
-
Эй, эмне деп жатасың?!
Сен рахмат айтпай, мен айтышым керекпи?! Сен үчүн мен жакшынакай күйөөмдү
кубалап жибербедим беле?!
-
Мен үчүнбү?! – эки
колун чөнтөгүнө салган тейден шылдың кыла карап, чыкчырылды жигит. – Мен үчүн
эмес, менин бир жерим үчүн болбосун, ыя?! Күйөөңө алымсынбай, алдуу-күчтүү, жаш
деп мени тандабадың беле?!
-
Акмак!!!
-
Сучка!!!
Экөөнүн
антип тиреше калышканын айлана-тегерегиндегилер угуп-көрүп, айрымдары орун
которуп, ордуларынан туруп кетип калышты.
Бир гана
бурчта жалгыз отурган дүңкүйгөн эркек гана анткен жок. Экөөнүн урушун
маашырлана, мыйыгынан жылмая күлүп, карап отура берди.
-
Бересиңби, жокпу?!
– деди бир убакта жаш жигит кекетип-коркуткандай өйдө жактан карап.
-
Ме! – келин
манжаларынын арасынан бармагын көрсөттү.
Жигит анын
сунулган билегин шап кармап, оорута бурай кармады да, жийиркенгендей кайра ары
түртүп таштап, чыгып кетти.
Айнура эмне
кылаарын билбегендей нес болуп, ызага муунуп бир топко отурду да, эмнегедир кимдир
бирөөгө эркелегиси, арыз-муңун айтып, ыйлагысы келип кетти.
Эсине Ынак түштү.

#130 18 Июль 2016 - 14:59
54
АДАШКАНДАР
Ага удаа эле Акшооланын баягы өз күйөөсү менен телефон аркылуу да сүйлөшө албай, кабинетине кире албай ыйлап жүргөн кезин эстеди. Ага ошондой түндөрү телефон чалып: “Эриң азыр менин койнумда жатат!.. Ал мени сүйөт!” – деп ого бетер жүрөгүн жанчып, ыйлатканын, ансайын табасы канып, бактылуу болгон ирмемдерин эстеди. Акшоолага ошондо бул азаптын канчалык ачуу, жан чыдагыс кыйын экенин эми өзү аркылуу сезип, туюп отурду. “А бирок сен кыйын экенсиң, Акшоола! – деди анын көз алдындагы элесин тирмийе тиктеп. – Баарына чыдадың... Баарыбызды жеңдиң. Мени да, Лилияны да, Ынакты да... Канча азапка түтүп, канча убакыт күтүп жүрүп, акыры сүйүүңдү кайрып алдың! А менчи? Анын бир кылыгын көтөрө албай, өчөштүм! Андан жаш, андан сулуу жигит таап алып, андан өч алгым келди! Үйдөн кубалап чыгардым! .. Акыры бул болду!”
Эми Ынактын элеси келди көз алдына. Ушул азыр ал: “Бала кимдики?!” – деп сурап жаткандай туюлду. “Бала – сеники!” – деди Айнура бул жолу ишенимдүү. Анын оюн Ынактын элеси окугандай, саал түйшөлө түшкөндөй болду. “Мени кечирчи? – деди Айнура. - Уулуң үчүн болсо да кечирчи? Бир нерсе дечи, мага?! Өзөгүм өрттөнүп, күйүп баратам, Ынак?! Жакшы бир сөз айтчы, азаптан айыга түшөйүн?” – деди анын элесине эреркеп. Бирок, көз алдындагы элестер бара-бара бүдөмүктөнүп барып, жок болуп кетти. Ошондо гана эсине келе түшкөндөй, башын көтөрүп, көз жашын аарчып, серпиле түштү.
Ушунун баарын карап отурган бейтааныш эркек бир бөтөлкө коньягын көтөрүп, аңгыча жанына келди.
Айнура анын ким экенин эстей албай, бу буркуйган, ыраңы суук эркектин кайдан келе калганына түшүнбөй жаткандай бүшүркөй түштү. Бир чети, муну өчөштүк кылып, күйөөсү атайын жибергендей, денесин коркунуч бийлей түштү. Анын иренжигендей да, чоочуркай да тиктей калганынан:
- Коркпо, бийкеч, мен сизге жаман оюм менен эмес, - деди тигил. – Тек гана, жанагы ыймансыз жигиттин мамилесинен улам көңүлүңүз ооруп калдыбы деп, жакшы сөз айтып коёюн деген эле ой...
Айнуранын тулку-боюндагы коркунуч акырындап тарай түштү.
Бейтааныш эркек алып келген конькты официантка келип ачып, эки рюмкага аздан куюп кетти.
- Сулуу кыз, анча-мынча мага окшогон, алиги балакайга окшогон жаман-жуман эркектер сизден айлансын! Келиңиз, ушуну сиздин сулуулугуңуз, анан да келечек бактыңыз үчүн алабыз? – деди эркек. Айнура мактоого бир аз жибий түштү: “Эмне экен? Жакшы ой, жакшы ниет менен, менин акыбалымды түшүнүп жатса...” – деп көңүлү жумшарып, рюмканы жарымдатты.
- Менин атым – Самаган, - лөкүйгөн эркек колун сунду.
Айнура анын колун кармагысы келбегендей, буйдала түштү да:
- Айнура, - деп тигинин барбайган манжаларынын учуна колунун учун чала –була тийгизген болуп, кайра тартып алды.
Самаган: “Шуркуя! Жийиркенип жатасың, ээ? Ушу сени бир колго түшүрсөм! .. Көрөт элем ошондо сени!..” - деп ичинде териге түшүп, бирок сыртында билгизбегенге аракет кылды.
- Кайда турасыз? – деди Самаган жаш күйөөдөн желбей калган тамакты бурдай сугунуп жатып, көздөрүн жүлжүйтө, башкача бир сырдуу тиктеди. Ого бетер иренжип, денеси жыйрылыла түшкөн Айнура ичинде: “Ишиң эмне?!” – деди да официант кызды чакырды.
“Мм... бардар катын окшойт”, - Айнура эсептешип жатканда Самагандын оюна ушул келди. Көп өтпөй эле анан Айнуранын соңунан чыкты.***Алда неден сестенип калган келин чыгып эле такси кармады.
Ага удаа эле чыккан Самаган да такси кармап: “Артынан айда!” – деди жаңы эле жылып кеткен атксини жандап.
Айнура түшкөн такси шаардын күн батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына токтоду. Ага удаа эле келген экинчи такси да андан саал алысыраак токтоп, электр жарыгы бирин-серин жанган караңгы көчөдө илмеңдеген ичке караан шыпылдай басып, бир үйдүн подьездине кирип кетти. Көп өтпөй эле ошол эшикке “култ” этип, экинчи караан кирди.
Анткен менен Самаган жетишпей калды. Ал мына кирген кезде айнура лифтке түшүп, жогору чыгып кетти.
- Кечиресиз, азыркы лифтке кирген айым, Айнура кайсы квартирада турат? – деди Самаган чыгып келаткан аялдан сурап.
Аял аны шектенгендей бир чолуй карап алып:
- Билбейм! – деп өтүп кеткенге аракет кылды эле, Самаган жолун тосуп, алдына тура калып, чөнтөгүнөн маки алып чыкты эле, анысы «шарак!» этип ачылып, жалаңдай түштү.
- Кайсы үйдө турат?! – акырын, бирок ныгыра-ныгыра сүйлөдү эркек. Көздөрү алая түшкөн, Айнурадан жашы улуураак аял:
- Алтымыш жетинчиде... – деди.
- Ким менен жашайт?
- Жа... жалгыз...
- Сен кайсы үйдө турасың?!
- А... алтымыш алтынчыда...
Самаган: “Бая эле ошентпейт белең!” – дегендей мыйыгынан жылмайып, макисин ордуна салды да, аялды жамбашка чапкылап коюп өтүп кетти.
Көп өтпөй эле анан 67-квартиранын коңгуроосун басты да, эшиктин көзөнөгүнөн боюн алак ачып, жашынып турду.
- Ким бул? – деди ичкериден Айнура. Жооп болгон жок. Анын ордуна “шыңгыр!” – эттирип кайра да коңгуроо кагып койду.
- Ким бул?!
- Шыңгыр...
Айнуранын эсине оюнкараак жаш күйөөсү түшүп кетти. Көпкө чейин келбей коюп, качан эсине келгенде ушинтип ажыкыстанып, кошоматтанып келчү анысы да. “Кечирим сураганы келген тура,” - деди оюнда. Жанагы таарынып-кайгырганы, баары эсинен чыгып, “жарк» этип жылмайып алды да, эшикти ача салды!
Бирок, бет алдында турган күйөөсү эмес, кафедеги лөкүйгөн эркек экенин көрүп, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей жаткандай, оозунан сөзү ыргып, нес боло түштү.

#135 19 Июль 2016 - 19:18
55
АДАШКАНДАР
Самаган анын уруксатысыз эле үйгө кирип, эшикти ичинен бекитти да, ачкычты өзүнүн чөнтөгүнө салып алды. Сүйлөөгө да алы келбей, кекечтенип калды келин:
- Ки... ким... жиберди?
Бу саам да муну күйөөсү жалдап жиберди деп ойлоду ал.
- Эч ким, - деди Самаган жайбаракат бутун чечип. Анан кетенчиктеп, кайда качаарын билбей алаңдай түшкөн келинди тамга ныгыра жөөлөп:
- Кана, жанагы жийиркенип жаткан колуңду берчи, жакшылап кармап коёюн, - деп келиндин манжаларын кармалап, өзүнүн эби-сыны жок манжалары менен Айнуранын бети-башын, эриндерин кармалап, көкүрөк-башынан өпкүлөп, эрмектей баштады.
- Коё бер! Азыр милиция чакырам, коё бер! – эсине келе түшүп, жулкунуп, тигини колун тиштегилеп, ургулап-чапкылап, жаналакетке түшө баштады Айнура. Ушинтсе үнүн укчудай: “апалап”, ара чолодо эмнегедир:
- Ына-ак?! – деп кыйкырды.
Самаган чөнтөгүндөгү макини алып чыкты да, келиндин бетине алып келип, аркы-терки жалаңдатты. Айткандай эле келиндин үнү “жалп! өчтү.
- Бул жерде... босогодо... сага кандай, ыңгайлуубу? – деди эркек эми келиндин кийимин үзүп-жулкуп чече баштап какшыктагандай. – Же... өйдө өтөлүбү?
Анан ал Айнураны каруусунан кармай жетелеп алып, ар бир бөлмөгө баш багып:
- Менден башка да коногуң жокпу? О, жакшы турат экенсиң?! Мунун баарын өзүң жыйнап-тергенсиңби же жанагы мадыра башпы? – деп кыдырып чыкты. Бирок Айнуранын жообун күткөн деле жок, Айнураны чачынан кармап, өзүнө каратты да:
- Жакшы жашайт экенсиң, - деди. - Балким сүйлөшөөрбүз, а?! Эгерде: “Эрим бол, жагып калдың” десең... аны да ойлонуп көрөбүз. Анткени сен да жалгыз экенсиң, мен да көптөн бери ак шейшепте жатып, ысык тамак иче элекмин. Кандай дейсиң?
- ?..
- Бирок, жапайы экен дебе, убагында сенден жаш, сенден аруу, энесинен башкалар өбө элек кыздарды койнума алып жаткамын. Акыры бир куурайдай болгон кара катын убалыма калып, тиякта жатып чыктым.
Ырысканды, Мээримди, анын сиңдилерин элестетип, чындап эле аларга кусалангандай улутунган болду да:
- Эн-нең... ошо катынды таба албай жүрөм, оңой катын эмес эле. Менин келеримди билип, үйүн сатып кетиптир. Таппсам бир сазайын берет элем. Бирок, өзү куурайдай болгону менен ушундай бир керемет кыздары бар дейсиң... Чоңоюп калышкандыр. .. Айтмакчы, бирин боозутуп да койгомун, - деди маашырлангандай. – Эркек тууй турган кыз болчу...
- Ошолорго барбайсызбы? – шашкалактап, жанталашып жиберди Айнура.
- Ха-ха, ха! – үйдү жаңырта каткырды тиги. – Самаганды эптеп алдайм, амалданам дегиң барбы? Барам! Албетте, барам! Бирок бүгүн эмес! Азыр сендей сулуу турганда, кайда бармак элем, ыя?! Кудай деле кечирбейт го?!
Айнураны капшыра кучактап, керебетке басып жыгылды. Айнура тырмалаңдап, а бирок олчойгон оор дененин алдынан бошон албай, анын калбыйган сасык оозунан жийиркенип, бетин ала качып жатты. Бу саам да ошого ызалана түшкөн эркек үзүп алчудай келиндин мойнун бир колу менен муунта кармап, экинчи колу менен өзүнүн шымын чече баштады.
Ошол учурда Айнура бир нерсени байкады, зөөкүрдүн колундагы жалаңдаган бычак анын жанында, жакын эле жерде жатты...
Качан гана зөөкүр үстүнөн басып жыгылганда Айнура баягыны билгизбей ала койду да, тигинин каптал жагына күч менен уруп калды!
- Өк! – дей түштү тигил. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй жаткандай, саамга тыным ала түштү да:
- Шуркуя! – деди иштин чоо-жайын билгендей, бирок үнү жанагыдай буркулдабай, кышылдап чыкты. Жымшыгый көздөрү да ойноктобой, кандайдыр бозоруп бараткандай болуп, ошондо да келинди: “Ушинтет белең?!” – дегендей суроолуу титкеп калды.
Коркуп, эс-мас боло түшкөн келин жанагы одуракай, катуу кол кайрадан мойнуна жабыша калып, муунтуп өлтүрчүдөй жандалбастап, тигинин бөйрөк тушуна мата түшкөн бычакты cууруп алды да, кайра да, жедеп чарчап, суй жыгылгыча туш келди ургулай берди...
Аңгыча эшиктин коңгуроосу басылды да, тынымсыз шыңгырай баштады. Бул Айнураны уйкудан ойготкондой, эми эле корккондон өлө түшкөн денесин, акыл-сезимин ойготуп жиберди. Үстүндөгү сайдын ташындай болуп, сулк жатып калган эмеден араң дегенде суурулуп чыгып, эшикке араң жетти да, ким экенин сурабай туруп ачып жиберди.
Ушул учурда 66-квартиранын эшиги ичинен “шарт” жабылып, шарактап илинип калды...
Айнуранын бет алдында милиция кызматкерлери турду! Аларды көрүп же сүйүнгөнү, же корккону белгисиз кайра да дендароо боло түштү келин.
- Сизге эмне болду? Үйүңүздө ким бар? – деген милиция кызматкерлеринин бири тулку бою, айрыкча бир колу канга чыланып, анан да бирөө жулмалагандай уйпаланып, жарым-жартылай жылаңач, акылынан айныгандай дендароо турган келинди кармап калды да, эки-үчөө тиги үйлөргө чуркап кирип кетишти.
- Мындай отуруңузчу? – деп тергөөчү Айнураны креслого отургуза койду.
Аңгыча аркы үйгө кирип кеткендер кайра чыгып:
- Жолдош подполковник, тигил... – деп келатып Айнуранын корккондой селейе тиктеп калганынан улам бир аз тайсалдай түшүп:
- Тигиге бычак сайылыптыр, - деди кырдаалды жумшартып айтып.
- Башка эч ким жок бекен?
- Эч ким.
Тергөөчү да аркы үйгө кирип, кайра чыкты да:
- Тез жардам чакыр, - деди бирине. Анан Айнуранын жанына үстөл коюп отурду да:
- Атыңыз ким? – деди.
- Айнура, - калтырак баскан үнү менен айтты келин. Тиги үйдө жаткан кишинин өлүгүн, айнуранын ушул отурушун бирөөсү жаркылдатып сүрөткө да тартып ала койду.
- Тигини сиз сайдыңызбы? – деди жанындагы милиция кызматкери.
Башын ийкегиледи Айнура.

#137 20 Июль 2016 - 18:07
#138 20 Июль 2016 - 18:09
#140 20 Июль 2016 - 19:38