Суперстан: "Адашкандар". - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА

#21 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эмнеси болсо да энеге эртең уулу менен кантип жолугуп, кандай кеп-сөз угаары, деги эле андан ары алдыда кандай күндөр бар, баары бүдөмүк. А кокус Жаңыл апанын тилеги таш каап, уулу катын-балдарынан караманча баш тартсачы?! Аны ойлогондо эненин жүрөгү «зырп!» этет. Анда эле Алия: «Апа, мени эми кечириңиз? Уулуңуз антип атса, анда мен да өз күнүмдү көрөйүн...» – деп кош карегин кылгыртып, каяккадыр кайтып кетээрин эстеп, заманасы куурулат.
Үйдүн ичине үрүл-бүрүл жарык кире баштаганда эле туруп кийинип, а бирок Акшооланы анчалык эрте ойготууга даай албай, кайра ордуна кийимчен кыңайып жаткан эне бир убакта ал жаткан бөлмөгө баш багып:
– Акшоола? Э, Шоола?.. – деди акырын.
Эненин добушун уйку-соо¬нун ортосунда эшиткен Акшоола тургусу келбей, ал ансайын Ынагынын кучагына ыктайт... Кудум баягыдай күйөөсүнүн ийнине башын коюп, манжалары менен анын саамайларын са¬лаалап, баягыдай эле мээримдүү, бирок муңайым көздөрүнөн көзүн ала албай, күлүм¬сүрөгөн эки ууртунан кайра-кайра жыттап, моокуму канбайт.
– Сагындым сени, – дейт эркелеп. – Сени уш-шунчалык сагындым, жаным!.. Сенчи?
Ынак унчукпайт. А бирок анын санааларга айланган сагынычы, сүйүү¬сү көздөрүндө мелт-калт. Анан да, эмнегедир жубайынын алдында өзүн айыптуу сезгендей, андан уялгандай анда санда акырын улутунуп, жү¬зүн ала качып, көздөрүн жумат...
– Акшоола? – дейт кайра дагы Жаңыл апанын үнү.
Канчалык тургусу келбей, жарынын ысык кучагынан бошонууну каалабай атса да: «Кой, улуу киши чакырып атса, кечке жатып алганыбыз уят го. Туруш керек...» – деген бир аргасыз ойлорго түйшөлүп атып ойгонуп кетсе... жаны бош!
– Тура гой, балам! Таңдын атканы качан? – дейт эне.
– Эне, мен ушундай сонун түш көрдүм дейсиз! – бактылуу күлүмсүрөйт келин.
– Түшүң туш келсин, балам! «Түшү оңолгон адамдын иши оңолот» дейт, – деген эне кайра да уктап кеткендей көздө¬рүн жумуп, эми элеки түшүн кайра баштан көз алдынан өткөрүп, бактылуу магдыраган Акшоолага:
– Ботом, тур! Айылдагылар бул убакта эчак эле уй-коюн кесүүгө кошуп келип самоор жагып, сүт бышырып, тирилик кылып аткан кез. Шаардыктар же чак түшкө че¬йин эле жата бересиңерби? – деди.
– Бүгүн дем алыш да, эне, – деп туруп келаткан келин энени ичи жылый кучактап– кучактап коюп:
– Аа, эмнеге эле эрте туруп алган десе, самоо¬рунун чайын эстеп аткан тура! – десе эне адатынча өзүн тилдеп ийди:
– Чайды эстебей кара жерге кирейин! Жанагы баланы ойлоп, таң атканча бир көзүм илинген жок. Бая эле туруп алып, сенин тынчыңды албайынчы деп жатпадымбы. Анын үстүнө келиним да каргадай балдары менен тиякта жалгыз!..
Эненин эмне айткысы келгенин Акшоола түшүндү: Демек, бүгүндөн калбай жанагы төлгөчү аялга алып барып, андан кийин кандай да болбосун уулун таап, жолуктурбаса болбойт.
* * *
Жубайлар жаңы эле эртең мененки насипке отурганда дарбаза кайра дагы кагылып, эшикке чуркап кеткен тестиер кыз:
– Апа, сизге келишиптир. Эмне дейин? – деп келди эле, күйөөсүнө бир «жалт» карап алган аял:
– Атайын келген кишилерди... эмне демек элең, кызым, – деп колуна жаңы эле тийген пиаласын кайра коё салып, меймандарды утурлап чыкты.
– Амансыңбы, айланайын? – деди ак жоолукчан байбиче.
– Жакшысызбы, эне. Келиңиздер? Үйгө кириңиздер, – алардын эмнеге келгенин айттырбай билген кожойке күн мурун таанып-билген адамдай жайдары кабыл алды. – Келиңиздер. ..
Бул үйдөн эртели-кеч адамдын аягы үзүлбөйт. Бирин узатса – экинчиси, үчүнчүсү болуп, тээ кеч күүгүмгө чейин эшиктин алды опур-топур. Өмүрлүк жолдошунун да кээде тамаша-чындан:
– Биздин колго такыр тийбес болдуң го, балдардын апасы?! Эл менен эл болуп эле, бала-бакыраң, күйөөң бар экенин таптакыр унутуп калбасаң болду! – дегени ошол.
– Берметке келдик эле, айланайын, – деди конок үйүнө кирип, жайланышып отурган байбиче.
А бирок ошол:
– Бермет деген мен болом, апа, – деп күлүмсүрөгөн кожойкени Жаңыл апа да, Акшоола да ишенип-ишенбегендей күмөн¬сүй карады. «Ботом, алыс-жуукка аты чыккан касиет¬түү адам да ушунча карапайым болобу?» – деди эне оюнда.
Акшоола бая¬гы Лилиядан улам го, бул аялды да кандайдыр бир башкача сырдуу, сүрдүү элестеткен болчу.
– Бу шаарда бир жаман уулум бар эле, балам. Такыр эле да¬йын-дарексиз кеткенинен ошону издеп келип, адегенде өзүңө кайрылдым...
Төлгөчү андан ары илгирткен жок. Унчукпай туруп барып башына жоолугун салынып, теспесин алып келди да:
– Мен көптөн бери карабай жүрдүм эле, эне. Атайын алыстан келипсиз... Атыңыз ким? – деди.
– Жаңыл.
– Уулуңуздун атын айтыңызчы?
– Самаган.
Төлгөчүнүн манжалары тегереткен теспенин гана тынымсыз чуркаганы болбосо, ким-кимиси демин ичин катып, үйдүн ичи кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү. Көзү ачыкка ишенип да, ишенбей да келген Акшоолага азыр анын эмне айтаары бир жагынан табышмак болсо, бир жагынан кызык эле. Уулунун сырын, кулк-мүнөзүн беш колдой билген эне болсо, ушу азыр бул аял баары-жогун билип аткандай уялып: «Атаңдын көрү-ү, балаң жаман болсо ушинтип жер карайт турбайсыңбы! Эми эмне деген шумдуктуу кеп-сөз угаар экемин?!. Эмне кылайын, эми... Андан көрө ал акмакты таба аламбы, ошону айтса экен...» – деп ичинен кыйпычыктап отурду.
Жымылдаган жымжырттыкты бузуп, чыны менен эле олуттуу бир нерсе көргөндөй Бермет тамагын жасап-түзөп алып:
– Уулуңуз сөөк-саактуу, кара тору жигитпи? – деди.
– Ооба! – эмнегедир эне жандана түштү.
– Кыялы чукул... Аракты да көбүрөөк ичет окшобойбу... – деп келатып, теспеден бир укмушту көргөндөй байбичени бир «жалт» карап алды. Андан ары кепке какай түшкөн келинди эне:
– Айта бер, айланайын?! – деди.
Бирок төлгөчү оюнда: «Балким жаңылып аткандырмын? Байкуш кемпирди кууратпай, ылайым эле жаңылыш болсо экен!» – деп теспесине кайра башынан үңүлдү.
– Аялы менен да ажырашканбы? Экөө эки жакта жүрөт го? – деди төлгөчү бу саам.
– Ошондой болуп атат! Кантейин! .. – эне үшкүрдү.
– Уулуңуз башка аял менен байланышып алгандай... Анысы абдан начар аял көрү¬нүп атат... – деген төлгөчү кайра да бир «селт» этип кетти. Анысын тигилерге билгизбегенге жакшы эле аракет кылганы менен куп-куу болуп, колдорун саал калчылдак басып, атургай чекесинен чыпылдап тер чыга тү¬шүп, теспесин алакандарынын ортосуна уучтай кармап, көздөрүн жума, андан ары унчукпай отуруп калды.
Ансыз да араң отурган эненин жүрөгү «шуу!» дей түштү. Ошентсе да:
– Мени Кудай алып, курт жейт дейсиңби, балам! Айта бер?! – деди. – Буга че¬йин өлбөгөн, эми өлөт белем!!!
Карыган энени аяп, баятан көргөн-билгендерин ачык айта албай кайпактап аткан төлгөчү туңгуюкка кептеле түштү.
– «Сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, күйүнгөндөн жүрөк айрылбайт», – деди ансайын Жаңыл апа кыстап. – Ошонун чын-бышыгын билейин деп келип атпаймынбы, сага! Билгениңди ачык айт, балам?!
Бермет кайрадан теспесин тартып, эми үнү абалкыдай болбой муңайым, коңур унчукту:
– Апа, уулуңуз жаман ишке барган окшойт! Канкорлук кылгандай...
– Ыя?! – эненин эси эңгирей түштү. Бая күнү Алиянын айткандары менен бу келиндин сөзү бир жерден чыга түшкө¬нүнө асман-жери аңтарылып, кулактары чуулдап, көзү караңгылап кетти. Анткен менен өзүн-өзү кармап, кайратын жыйды. «Самаган мас болгон сайын Венера деген аялды айтып: «Мен анын баласын жедим!» – деп эле жөөлүй берет, апа!» – деген Алия. «Эмне жазыгы үчүн антет, каранкүн?! » – деген эне. Эми да көзү ачыктан ошону сурап, бирок эмне кеп угаарын алдын-ала билгендей жүрөгү серпилип, чочуп турду эне. Айткандай эле:
– Билбейм, апа... Бирок теспеге кичинекей, наристе бала түшүп атат го? – деди төлгөчү.
Энени аяп, ал дагы бир топ нерсени айтпай, ичине каткан окшоду. Ансыз да эненин башы бая «шылк!» деп ылдый караган боюнча, далайга че¬йин өйдө болгон жок. Төлгөчү да, атүгүл жанатан бери уккандарына ишенип-ишенбесин билбей отурган Акшоола да бечара энени аяп, үнсүз-сөзсүз жер тиктешти. А бирок, Акшоолага эне ушунун баарын күн мурун билген сыяктуу туюлду. Ошон үчүн: «Эже, кечирип коюңуз, бирок бул айткандарыңыздын чын экендигине кепил боло аласызбы?» – деп сурай алган жок.
– Баягы, Алыйа айткан чын тура! – деп өзү менен өзү сүйлөшкөн эне. Бир убакта кайра-кайра шыпшынып алып, эки-үч жолу:
– Эми эмне болот?! Эми эмне болот?! – деп ийди.
– Азыр эч нерсе деле болбойт го, апа. А бирок, бул иш акыры аял киши аркылуу ачыкка чыкчудай көрүнүп атат... – деди. «Алиябы?! – эненин ою-на ушул ой «тык!» эте түштү. – Алиям анте турган бала эмес эле... А бирок, жаны күйгө-нүнөн бирөө-жарымга оозунан чыгып кетиши деле мүмкүн да».
– Ал итти ушу саам таба аламбы, балам? – деди анан. – Айылга ала кетсемби дедим эле. Аялы, аоманчоктой балдары күтүп атат...
– Табасыз! – теспесинен көз албай отуруп ишенимдүү айтты келин. – Табасыз! А бирок, тапкан күндө деле убара болосуз го, апа. Сизди укса да кандай болот эле, бирок азыр эч кимди уга турган түрү жок. Азырынча жанагы эле аял менен калчудай болуп атат.
Андан ары көзү ачык Жаңыл апаны жөн гана жооткотуу үчүн ошенттиби, же чын эле көр¬гөнүн айттыбы, айтор:
– Бирок сизди алдыда көңүлүңүз көкө¬лөчү, бактылуу күндөрүңүз көп экен, – деди.
Жаңыл апа аны анче¬йин эле кабыл алды: «Каяк¬тагы көкөоондү айтасың, каранкүн?! – деп алды ичинде, – Каяктан жүрүп эне бактылуу болот кокуй, жалгыз баласы киши өлтүргүч болсо?!»
Жаңыл апа эми ан-дан ары чыдап отура албайт болчу. Ошондуктан, Ак-шоола канчалык өзү жөнүндө да сурагысы, уккусу келип отурса да унчуккан жок. А бирок, ошону билгендей Бермет эже:
– Бир нерсе сурайын дедиң беле? – деди жана биринчи жолуккандагыдай жумшак күлүм¬сүрөп.
– Бизди да көрүп көрү¬ңүзчү? .. – туюк сурады келин.
Бу саам да төлгөчү көпкө унчукпай отурду да: «Көзүнчө айта берейинби?» – дегендей энени жаңсады эле, Акшоола башын чайкады.
– Анда башка жолу да бир келип кетээрсиң? Бирок, буюр¬са баары жакшы болчудай көрүнүп атат. Азыр кичине кы¬йынчылыктар, түшүнбөс¬түктөр болуп аткан экен. А бирок Кудай буюрса, анын баары убактылуу... - деди көзү ачык да туюк-туюк сүйлөп. –Айтмакчы, боюң¬да жокпу?
– Бар, – деди Акшоола. Бу жолу анын көздөрүндө кү¬мөн¬сүнүүнүн белгилери эмес, кандайдыр бир ишеним, таң калуу турган.
– Кудай буюрса, аман-эсен көз жарып аласың. Уулдуу болот окшойсуңар. ..
– Рахмат, эже!
Бул убакта Жаңыл апа кете турган болуп, ордунан козголуп калган. Туруп баратып алда нени эстегендей, чөнтө¬гүн¬дөгү күн мурун камдап алган чүкөдөй болгон түйүнчө¬гүн төлгөчүгө сунду:
– Кудай сүйгөн касиеттүү бала экенсиң, айланайын. Эзели кор болбо, алганың менен тең арып, тең кары! Балдарыңдын урматын көр, кагылайын. Ала гой!
– Айтканыңыз келсин, энеке! А бирок, алдагыңызды жөн эле кою¬ңузчу.
– Кантет, ботом! Бул атабабадан келаткан салт! Улуу адам ыраазы болуп сунган нерсени алуу керек!
Аларды узатып ийип, төл¬гөчү өзү да кечке кызыктай болуп жүрдү.
– Кызык, жашоодо эмне деген гана тагдырлар, эмне деген гана адамдар бар? – деди киши колдуу болуп, бей¬ажал кеткен наристенин элеси көз алдына кайра-кайра тартыла бергенден улам, өмүрлүк жолдошуна. – Деги, күндө бир шумдукту көрүп жүрөгүм ооручу болду...
Жаңыл апа менен Акшоола унчугушпай келатты. Эртең мененки көргөн жакшы түшүнө кошул-ташыл, Бермет эженин маңдай жаркыткан жагымдуу төлгөсү келиндин жүрөгүн балкытып, көңүлүн көкөлөтүп, кубанычы улам эки ууртуна жумшак жылмаюуга айланып коно калып атты. Анысын бирок Жаңыл ападан жашырып: «Биякта эне кайгырып атса, толкунданбай жөн отура¬йынчы! » – деп өзүн-өзү ты¬йып-кысып, бар эмо¬циясын ичине жутуп отурду.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаңыл апа демейдегидей эмес! Жүрөгүндөгү үлпүлдөгөн үмүттүн эң акыркы учкундары бая төл¬гөдөн кийин «жалп!» эте түшкөн сыяк¬туу, аз эле убакыттын ичинде таптакыр өзгөрүлүп, канча бир жашка картайып, алы-күчүнөн та¬йып, солуй түштү көрүнөт.
Акшоола таксини түз эле базарга айдатты. «Албетте, азыр энеге канчалык оор! Бирок, «Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи, «Алдыда жакшы күндөр, бактылуу карылык күтөт» дебедиби, ошол эле көзү ачык...» – деп ошого каниет байлады ал. Ушу саам, эмнегедир эсине Ынагы түшүп кетти. «Демек, ал да мени эстеп жатса керек,» – деди «кылт» эткендин баа¬рын тең эле жакшылыкка жоруй берчү кыялы. Эмнегедир эле ага телефон чалгысы, анын добушун эшитип, ал-акыбалынан кабар алып: «Кайда жүрсөң да саат-кырсыгы жок жүрсөң экен,» – деп ага жакшылык гана кааларын, атүгүл ушул сагыныч анын махабатын ого бетер ырбатканын, анын эч кимге окшобогон жакшы адам экендигин ичи элжирей айткысы келип кетти. Ошону билгендей, ал жаңы эле колуна алганда чөнтөк телефону «ырдап» ийди.
– Алло, Акшоола Ашыракмановна? – деди телефон чалган жигит.
– Да, да? Мен угуп атам... Аа, Арнас, бул сизби?
Акшооланын баягыдай болбой жайдары, шайдоот үн катканынан улам, канча күндөн бери телефон чала албай жүргөн Арнас жайдаңдай түштү:
– Алло, Акшоола, саламатсызбы? Тынчыңызды алып атканыма капа эмессизби?
– Жок, жок. Иштериңиз, өзү¬ңүздүн ал-акыбалыңыз кандай?
– Рахмат. Кудай буюрса баа¬ры жакшы. Бир гана...
– Алло, айта бериңиз, Арнас. Эмнеге унчукпай калдыңыз?
– Бир гана...
Арнас оюнда: «Бир гана күнү-түнү сиз оюмдан чыкпас болдуңуз, Акшоола айым!» – дегиси келип турса да, кептин удулун башка нукка буруп кетти:
– Бир гана, менин пациенттеримдин ал-акыбалы кандай күндө болду экен деп эле... тынч¬сызданып атканым?
– Рахмат сизге, доктор! Бирок, кечиресиз, бир пациентиңиз мен болсом керек эле. А башкасын биле албайт экенбиз?
Доктор саал буйдала түштү:
– Кечиресиз, сиз?.. Кош бойлуу эмес белеңиз?..
Кептин төркүнүн эми-эми гана түшүнгөн Акшоола күлүп жиберди:
– Анан бая эле ошентпейт белеңиз. Мен тү¬шүнбөй эле... Рахмат, Кудай буюрса кичинеден чоңоюп келатабыз.
– Абдан кубанычтамын, Акшоола. Алда кандай болуп кетти деп, жүрөгүмдүн «болк!» этип кеткеничи! – Арнас андан аркысын тамашага чала айтты, – Эмесе, уулуңузга айтып коюңузчу, апасы экөө Арнас байкесине эртерээк келип кароодон өтсүн.
– Кароодон дейсизби?..
– Ооба, ооба! Так бүгүндөн тартып мен сиздердин үй-бүлөлүк дарыгериңер болуп калдым.
Муну Арнас чындап эле, ушунчалык толкундануу, кубануу менен айтты. Айткандай эле, канча бир убактан бери башкы дарыгерден: «Мени ушул районго которуп коюңузчу?» – деп суранып атып, тилеги бүгүн кабыл болгонго кубанычы кучагына сыйбай турган. «Кудай буюрса, Акшоола эми төрөр-төрөгүчө менин көз алдымда болот! Мен аны менен бат-бат көрүшүп турууга мүм¬күнчүлүк таптым!» – деп жаш балача кубанып, так секирген жаш жигиттин эмнени ойлоп, эмне каалаганын башкы дарыгер билип коюптурбу. Тек гана кайра-кайра өзүнө ыраазычылык айтып, атүгүл бетинен өөп да жиберген береги кызматкерин көз айнегинин үстүнөн күлө карап, башын чайкаган болду. Ошондон чыгып эле Арнас Акшоолага телефон чалган.
Жигиттин өзү тууралуу андай астейдил мамилеси, тымызын махабаты бар экенинен али кабары жок Акшоола:
– Жарайт, жакшы калыңыз, – деп коштошкон соң: «Ушундай да ишин жандили менен сүйгөн, алпейим адамдар болот экен, ээ?!» – деп абалкы ак жуумал, сүйкүмдүү жаш жигитти элестете ичи жылыды. Бирок, Жаңыл апанын арман менен азапка жуурулуп, ташты тешип кетүү¬чүдөй созолонгон үшкүрүгү Акшооланын эми элеки жакшы ойлор жылоолоп келаткан жүрөгүнүн чок ортосуна чагылгандын огундай тикесинен сайылып тү¬шүп, кыялынын кыйсыпырын түшүрүп, чакчалекей кылып ийди.
– Эне, мен сизди сабырдуу го десем, ушунча да кайгырасызбы? – деди эми энеге кайрат бергиси келип. – «Баа¬ры жакшы болот» деп төл¬гөчү деле айтты го?
– Жанагы акмак каякта болду экен? – эне аны укпагандай кайра дагы улутунду.Эненин анткени да жөндүү эле. Бу кезде анын уулу ра¬йондук ички иштер бөлүмүнүн ным, сыз жыттанган караңгы, тар бөлмөсүндө кайсы айыбы үчүн камалганын өзү да аңдап биле албай, өзүнө окшогон дагы жети-сегиз кылмышкердин арасында отурган. Чындыгында анын Кудай алдында, мыйзам алдында, абийир алдында жазалана турган жазыгы арбын болчу. Бу сапар Самаган ошонун кайсы бири үчүн айыпка тартылаарын ажырата албай, арактан кийинки зыңылдап ооруган башын кош колдоп мыкчый кармап, кудум барымтада калган коркунучтуу жырткычка окшоп алда кимге ызырынып, тишин кайрап, кечээ аны бу жерге кантип алып келишкенин, ортодо эмне кеп-сөздөр болгонун улам кайра башынан эстеп, кыжынып отурду...
Кечээ ал «жоголгон» катын-балдарын издеп, баягы эски конушуна барган... Анан?! Анан эле кайдан-жайдан милийсалар жетип келип, колдон-буттан алышып мында алып келишкен. Андан башка эч нерсе билбейт. Анткен менен эси-дартынын баары тең эле Ырысканда болуп, ошондон гана шек санап туруп алды. Анткени, мунун киши өлтүргө¬нүн андан башка эч ким билчү эмес. А чындыгында, Ырысканда айып жок болчу. Ата¬йылап аңдып туруп, укук коргоо органынан киши чакырып, мунун колуна кишен салдыргандар бө¬лөк, атүгүл анын бу жерде отурганы да өзү ойлогондон алда канча жөнөкөй, мындайча эле:Кечкурун көчөдө ары-бе¬ри өткөндөрдү карап, эригип отурган Бекиштин көзүнө тээ-тигинде лөкүлдөп желип келаткан Самаган уруна калды. Жолдун аркы өйүзүнө бир, берки өйү¬зүнө бир чыгып, эки ийинден колдору күч менен салпак-салпак этип калганынан эле анын мас экенин баам¬дап, өгүнү ыдык көрүп, ызаланып калган эме ичинен «жым» дей түштү да, ал жакындап келгиче ко¬роого «култ» этип кире качып, дарбазаны ичинен эки-үч кайталап илип койду. Антпесе, бая күнү да килтеңдеп келип алып, аз эле жерден му¬ну жанчып коё таштаган. Чоң муштум немеге теңелип болобу, аке-жакелеп атып араң кутулган.
– Катынымды көрдүңбү?! – дегенинен тилин бирөө тырмагансып:
– Катыныңды мага кайтартып койгонсуп, келген сайын эле менден сурайсың да?! – дей койсо, «урушаарга жоо таппай, уру¬наарга тоо таппай» турган эме кокодон алса болобу.
-Кой! Кой, Саке?.. Ошого эле ушунча болосуңбу? Катын-балдарың кайда кетмек эле, ачуусу тараганда келээр да бир күнү. Бир ачууңду мага бер, эми, – деп атып араң бошогону менен ичинен кыжынып, айласынын эле жоктугунан калган болчу. Ошондон көп өтпөй эле ошол үйдүн кожойкеси: «Канча айдан бери ижаранын акчасын бербей, качып жүрүшөт», – деп ички иштер бөлүмүнө арыз берип, атүгүл участкалык милиционерди ээрчитип келип кошуна-колоңдордон: «Кошунабыз Самаган Өмүров аялы Алия жана эки кызы менен ушул үйдө ушунча жыл жашап, бирок батирдин акчасын төлө¬бөй жүр¬гөн¬дүгү чын жана акыркы убактарда алардын кайда экендигин билбейбиз. Бирок, ким-кимисинен кабар болуп калса же көрсөк сөзсүз кабарлайбыз», – дедиртип түшүнүк кат жаздырып кеткен.
– Алло?
– Да-да? Ички иштер бөлү¬мүнөн милициянын ага лейтенанты Океев угуп атат.
– Саламатсызбы? Өткөндө сиздер тараптан кишилер келип: «Самаган Өмү-ров деген жи¬гитти көрсөңөр ушул телефонго кабарлап койгула?..» – деп кетишти эле?
Океев жандана түштү:
– Да-да?! Айта бериңиз?
– Ал азыр мурда жашап кеткен үйүнө келди.
– А ким чалып атат?
– Арстанбеков Бекиш деген...
– Кайсы үйдө жашайсыз?
– 43-үйдө. Бирок, тигиге билгизбей эле койсоңуздар. Ашыкча проблеманын кереги жок.
– Болуптур. Рахмат сизге!
Милиция чакырып коюп, Арстанбеков дарбазанын жыртыгынан шыкааласа, Самаган түп-түз эле эски ижарасынын эшигин сүздү. Өгү¬нү өзү салып кеткен кытайдын кичинекей кулпусун келген сайын мык-сык менен чукулап ачып алчу жаны, бу жолу анын ордуна килейген кара кулпу турганын көрүп, ишенбегендей кайра да карады. Мас неме оюнда: «Келген экенсиң да, акыры! Шашпа, сени элеби!..» – деп ойлоп, эки-үч жолу тепкенде эле каалга каңтарыла түштү.
Аңгыча артынан келген кимдир бирөө:
– Жолдош Өмүров! – деп ийинден кармады эле, тиги аны карап да койбой, колунун сырты менен ары итерип салып, ичкери кирип кетти. Чалкасынан түшө жаздап барып оңолгон укук коргоо кызматкери башынан түшүп, чаңга оонай түшкөн баш ки¬йимин жерден ыкчам ала коюп, тигинин артынан ызырына, ызалана кирди да:
– Өмүров!! ! – деди бакырып. – Бери караңыз?!
– Эмне-е?! – адатынча опурула, артына бир обдула берген Өмүров эми бет маңдайында турган милиционер менен жабалактаган элди көрүп эси эңгирей түштү. Оюна ансыз да күндүр-түндүр жүрөгүн өйүй берүүчү баягы сары дубалдар «шак!» эте калды: «Билишкен экен да, иттер!..» – Мас болсо да заманасы тарып, айласы куруй түштү. «Албарсты десе, акыры бир колума түшөөр¬сүң! – деди ошол көпчүлүктүн арасында Ырыскан да жүр¬гөн сыяктуу ага ызырынып. – Сениби, шашпа!»
– Жолдош Өмүров, мени менен жүрүңүз?! – деди милиционер.
– Кайда? – калп эле анткорсуй, аңкоо адамча далдая карады.
– Кайда болмок эле?!. – милиционер: «Кайда экенин менден жакшы түшүнөсүң! » – дегендей эми кекээр, буюра айтты. – Бол, ылдам!!!
– Эмнеге?! Кайсы айыбым үчүн?!. – дорулдап, жансоога сурагандай коңшуларын айландыра бир карап алды. Ант¬кен менен алардын бири да «кыңк» этпей, тескерисинче ал¬да неден шек санагандай, муну бир кызыктай карап турушкан. «Баары бир танам! Мойнума албайм!» – деп ойлоп ийди заматта.
– Эмне күнөөм үчүн?! Мен күнөөлүү эмесмин! Кудай урсун!..
– Аны тигил жактан териштиребиз! Жүрүңүз?! – Ага лейтенант аны каруудан кармап жетелемекчи болду эле, тигил бир булкунуп бошоп кетти:
– Барбайм, мен! Менин күнөөм жок! Угуп алгыла, анын баары жалаа! Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин!! ! – кутурган эмече кайра-кайра ушинтип кыйкырган эргул желип-жортуп, бирде чуркап, бирде жайлап узап баратты. Ага лейтенант белиндеги кабарлоочу аппаратын шашылыш ала коюп, каяккадыр кабарлады эле, даяр тургандай бет алдынан дагы беш-алтоо пайда боло калып тигини колдон-буттан кармап, машинеге салып кетишти. Ошондо да:
– Калп айтышат! Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин! Мен билбейм, эчтеке! Кудай урсун, калп айтсам! Мени коё бергиле?!! – деп кыйкырып баратты.
Эмнегедир алар менен кетпей, бу жерде калып калган жанагы милиционер адегенде чогулган элден: «Өмүровдун укук коргоо органынын кишисине кол көтөргөнү чын» – деген тил кат алып, ага удаа эле алда ненин учугун издегендей:
– Ким өлдү эле? «Мен өл¬түргөн эмесмин» деп эмнени айтып атат? – деп сурамжылады. Айрымдары ийин¬дерин куу¬шурган болду. Ошондо жакын коңшуларынын ичинен бирөө-экөө көптөн бери өздөрү да шекшип, бүд￿мүк бол￿оп, кү¬бүң-шыбың болуп жүргөн шекте￿￿үсүн айтышты:
– Көптөн бери эле үй-бүлөсү жок... Эмнегедир эле да¬йынсыз болуп кетишти. Өзү болсо ичкен сайын ушинтип келип алып: «Менин катыным каякта?!» – деп тынчыбызды алчу болду. Балким... ошолорду айтып аткан жокпу?
– Өзү каякта жашайт?
– Базарда иштеген бир аялдын үстүнө кирип алган, эчак эле. Алия байкуш эмчектеги баласы, дагы бир кызы менен жарым жылдай жалгыз жашаган. Анда-санда эле бир келип ызы-чуу салып кеткени болбосо, акча түгүл бир үзүм нан алып келчү эмес. Байкуш келин ар кимдин көзүн карап, балдары менен эптеп-септеп күн көрүп калган. Бир күнү эле анан... жоголуп кетти!
– Мүмкүн төркүнүнө кетип калгандыр?
– Төркүнү жок, атадан да, энеден да жалгыз, томолой жетим кыз болчу...
– Мм... Ошондой дегиле?!. – деп алда ненин учугун тапкандай тунжурай калган милиционер:
– Болуптур, анда. Азырынча коштошо туралы. Жакшы калыңыздар. Рахмат сиздерге! – деп шашылыш жөнөп кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Самаган Өмүровдун «делосуна» ошентип, мурунку: «Би¬рөөнүн кыймылсыз мүлкүн (батирин) ушунча жылга бекер пайдаланып, момунча сом ижара акысын төлөөдөн качып, жашырынып жүрөт» деген айып¬тын үстүнө дагы: «Укук коргоо органынын кызматкерине кол көтөр¬гөн», андан сырткары: «Кошуна-колоңдору Самаган Өмүровду «Үй-бүлөсүн өл¬түр-гөн болуш керек» деп жоромол¬доодо. Анткени, канча бир убактардан бери анын аялы эки баласы менен дайынсыз болуп, жоголуп кеткен» деген үчүнчү божомол жазылып калды.
– Кечээ мени бул жерге алып келгенде эмне кеп-сөз болду? Мен кандай келдим? – баятан үнсүз, үңкүйүп отурган Самаган жакыныраак отурган бирөөдөн сурады эле, тигил кайра анын өзү¬нөн:
– Эмне, киши өлтүрдүң беле?! – деп ого бетер үрө¬йүн учуруп койду. «Өлдүм! Билишкен экен да, иттер!» – оюна дароо ушул келген Самаган:
– У-ух!!! – деп очойгон колдору менен дубалды муштагылап ийди. Тигил ага акыл-насаат айткан болду:
– Буга че¬йин абайлаш керек болчу, иним! «Таза иштесең» болмок!.. – деп анан кулагына шыбырады, – Эч нерсе эмес, андан көрө эми Кудайдан жеңилин сурай бер.
«Булар да билсе, демек бач-чагым чыккан экен! Эн-неңди, Ырыскан!! ! Сениби, шашпа!» – деп кекенгени менен, чындыгында бала тууралуу кылдай да шек жок болчу. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» болуп өзүнүн: «Мен эч кимди өлтүр¬гөн эмесмин! Кудай уруп кетсин, аны мен өлтүргөн жокмун! Жалаа жаап атышат!» – деп кечээ кечте баштаган, масы тарагыча – таң атканча какылдап-какшап, өзү¬нүн карганып чыкканын ал билген жок.
* * *
Кечээ Самаганды көз байлангыча күтүп, акыры чыдамы кеткен Ырыскандын баягы адаты кармап, Алиялар жашаган батир тарапка дакылдаган боюнча келатты. Ай-күнүнө жетип калган курсагы челкилдеп, өңү-башы кумсарып, таноолору кыпчыла, кокус эле Алия азыр алдынан чыга калса басып жыгыла турган өңдүү, кебетеси бир укмуш. Адегенде эле көзү¬нө жол боюндагы, Самаган мында келген сайын арак алып иччү баягы аял урунуп, ага атырылып бир тийди:
– Келдиби, тиги?!
«Тигинин» ким экенин айттырбай түшүнгөн аял муну ичинде канчалык жек көрүп, кыжыры кайнаганы менен ажаан эмеге теңелүүдөн айбыгып:
– Ооба. Жана келди эле, бирок... – деп келатканда Ырыскан оозунан кебин жулуп алып:
– Ии, арак бердиңби, да¬гы?! – деди.
– Ботом, бербеген жаныма койбой атса, бердим да! – деп акарат кылып алып, кайра анан кайпактай, калп эле жан тарткан кишиге окшоп жакын келип, кулагына шыбырады:
– Ай, аныңды милийса кармап кетти!
Ырыскан уккан кулагына ишенгиси келбей, кулактары чуулдап, көздөрү чыбырчык боло теңселе түшүп, Самаган ойлогон ойду ойлоп ийди: «Бала өлтүргөнүн билишкен экен да?!»
– Эмнеге камашты?.. – Самаганынын тагдыры азыр ушул аялдын колунда тургансып, Ырыскан эми чакыраңдабай жоош унчукту.
– Таң! – тигил ийнин куушуруп, муну табалагандай эми өйдөтөн карап, маалката жооп берди: – Эмнеге камаганын бир өзү, бир Кудай менен милийса эле билбесе, мен каяктан билейин?! Бирок, милийсалар колдон-буттан алып, машинеге салып атканда ал шору каткырың жакшы эле: «Мен өлтүргөн эмесмин!.. » – деп жанталашты эле, тигилер аны угуп да коюшкан жок! – аял анан өзүнүн жакасын эки колу менен тең куушура кармап, күңкүлдөп койду:
– О, Кудай, айланайын, пендем десең ошолорго күн салгылык кыла көрбө?!.
Ырыскандын ындыны сууй, кебетеси ого бетер бузулуп, чалкайган курсагы түйүлө ылдый тартып, чатырап чыңалып чыкты. Ошондон уламбы, катуу онтоп ийген келинди тигил аял колтуктан ала коюп:
– Кокуй, кебетең бузулуп кетти да?! Капырай, кантет бу?! – деп өзүнүн отургучуна отургуза койду. – Суу ичесиңби? Ме гой!..
Стакандагы сууну колдору калчылдап, төгүп-чачып, какап-чакап атып араң ууртап-татып аткан келинди бирок кайра эле бат жипкире карады: «Экөө бирдей окшошуп, биринен-бири өтүп кебетелери суук, каапырлар! Кайсы арларына анан кызганышат дейм да?!.»
Кичине эс ала түшкөн Ырыскан:
– Ал шордуум кимди өлтү¬рүптүр? – деди.
– Кайдан билейин, айлана¬йын! Бирок көптөн бери катын-балдары көрүнбөй калган. «Ошолорду өлтүрүп, көз¬дөн далдоо бир жерге көөмп салган окшойт» деп атышат.
– Ыя-а?! – Ырыскан же сүйүнөөрүн, же күйүнөө¬рүн билбей аңкайды. Ант¬кен менен, көптөн бери көңүлүн да, жүрөгүн да өйүп жүргөн: «Мени таштап катын-балдарына кайтып кетпесин?! » – деген күдүктүү күйгүлтүктөн кутулуп, жонунан бирөө-жарым оор жүктү алып салгандай өзүн ого бетер таштап ийип, шалдая түштү.
– Ай, келин, акыбалың жакшы болсо үйүңө барсаңчы, айланайын. Же доктур чакырайынбы? ! – деди аял андан кутула тажаганын жашыра албай.
– Азыр!.. – деп баягыдай болбой жоош унчугуп, ордунан араң козголуп, теңселе басып кетип бараткан Ырысканды аял артынан узата карап турду.
Эрин талаша турган Алия¬нын эми жер үс¬түн¬дө жок болуп калганы, болгондо да «Самагандын өз колу менен жоголгону» анын моокумун ушунчалык кандырганын кара! Ошого удаа эле эр кылып менчиктеп алган Самагандан эми тап-такыр айрылганын ойлогондо, жер астын-үстүн болуп, мас немедей теңселе басып, араң эле кетип баратты.
Эшиктен кирип келип эле баягы, жедеп Самагандын ачкыл тери сиңип бүткөн эски диванга көмкөрөсүнөн кулап, өңгүрөп ыйлап ийди.
Аң-таң боло, бир-бирине аңкая караган кыздар энесине жакындаганга даай алышпай, бирок өздөрү үчүн кандайдыр бир жакшы кабардын бар экенин сезгендей, күлмүңдөй калышты. Энеси ыйлай берип, көксөө¬сү сууп басылганда гана Мээ¬рим:
– Эмне болду?! – деди табалагандай сүйлөп. – Сүй¬гөнүң келбей койдубу?!
Ансыз да араң турган аял «тарс!» жарылып кетти:
– Жаш-шабагыр! ! Көзүмө көрүнбөй чыгып кетчи, эшикке! Кара жолтой, укум-тукумун тарткан карасанатай шүм¬шүк!! ! Толгон кишиден жанагы жезкемпирдей болгон кара кемпирди тартыптыр! .. Жогол, үй¬дөн!! !
– Чоң энем сага эмне кылды?!
– Атаңдын как башы кылды! – көзүнүн жашын көл талаа кыла долуланып ыйлап, улкунуп-жулкунуп, буркан-шаркан түшүп кирди Ырыскан, – Байкушту жек көрүп, кыял-жоругуңду көр¬сө¬түп атып!.. Сен антпесең кетмек эмес, ал! Тигил үйүнө бармак эмес!!! Мага окшоп бактың байланып, эрсиз кал, шерменде!
Кызы да жалтанган жок, тикирейе тиктеди:
– Капкайдагы бир аракеч, зөөкүр үчүн өз кызын каргап-шилеген эне дагы энеби?! Каргышың! ..
Аял ордунан аткан октой атып турганда, эки кичинекей кыз эки жактан чырылдап ыйлап, бири энесине, бири эжесине жабышты:
– Болдучу, апа? Урушпагылачы? !
– Эжеке-е?!
– Жого-ол, шерменде! Көзүмө көрүнбөй жогол!!! Болбособу! !! – чаңырды аял.
Өңү кумсарып, энесин тикирейе тиктеген өспү¬рүм кыз бет маңдайында оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып өзүн каргап, ажылдап тилдеп аткан энесин мелтиреп бир топко карап турду да, эшикти «тарс!» эттире жаап сыртка чыгып кетти. Бул убакта убакыт түнкү он экиден ооп калган.
Эжекесин ээрчий, босогого чейин чуркап барып калып калган ортончу кызы энесинен ырайым күткөндөй, ый аралаш жалооруй унчукту:
– Апа, эжекем каякка кетти?!.
– Каякка кетсе ошоякка кетсин! – дегени менен көңүлүнө бир: «Чын эле, караңгыда ал шүмшүк кайда барат?!» – деген бир кичинекей түпөйүл суроо «тык» эте калып, анысын бирок кандайдыр, ошонун өзүнө эле карама-каршы келген карөз¬гөй, ташбоор сезим «жалп!» эттире салды:
– Мага десе өлүп кетсин, шүмшүк!.. Ошондон ары таптакыр көзүмө көрүнгүс болуп, жоголуп кетээр күнү канакей?!
Шаабайы сууй түшкөн ортончу кызы эми энесинин «дартынын» дабасы эмне экенин билгендей, жакыныраак шы¬наарлап келип жароокерлене сурады:
– Апа-ов, Самаган ата эми биздикине качан келет?
– Ал эми келбейт! – айткандай эле эриндерин эмшеңдетип, эреркеп кеткенсиди энеси. – Ал байкушум эми биздикине такыр келбейт!.. Үү-үү...
Эки кыз бири-бирине жымыңдай карашты. Антсе да сыр билгизбей:
– Эмнеге, апа? – деди ортончу кызы кайра.
– Ал байкушту милийсалар камап салышыптыр.
– Мас болдуң деппи? – кичинекей кызы сурады.
Апасы бир чекиттен көз албай телмире тиктеген калыбында унчукпай ыйлап, бир далайга үнсүз отурду да башты эрдемсий бир чулгуп алып:
– Ал... киши өлтүрүптүр! – деди. Бирок, кыздары бу жолу энесинин үнүнөн, өңүнөн өкүнүч, жек көрүү же ким бирөөгө болгон аёонун эмес, тескерисинче сыймыктануунун белгилерин көрүп турушту.
– Ал байкушум өзүнүн катын-балдарын өлтүрүптүр! ..
– Эмнеге?!.
– Биз менен биротоло жашайын деген болуш керек! – Кайрадан эриндери эмшеңдей түштү.
Өгөй атасынын эми үйгө келбестигин билип, азыр эле энесине билгизбей кубанып, жымыңдаган кыздар мостоё калышты.
– Апа, ал бизди дагы өлтүрбөйбү? – деди кичинекейи дирилдек баскан добуш менен.
– Ики! Ал деген эми келбейт да, анткени аны милийсалар камаган турбайбы! Чынбы, апа-ов? – чын экенине өзү да күмөнсүп, бирок дилинде Самагандын үйгө таптакыр келбешин каалап турган ортончу кыз энесине үңүлө, үмүттүү тигилип, жооп күттү.
А бирок Ырыскан андан ары унчуккан жок. Ордунан туруп барып, жана күндүз эрине деп алып койгон арагын бузуп, бөтөлкөнүн оозунан эле куркулдатып бир далайга чейин жутту да, какап-чакап, бети-башын бырыштырды. Андайда энесинин каарына калаарын билишкен эки кичинекей кыз ашканага чуркады. Алар апкелген чай чыныдагы суу¬ну арактын артынан бастырып ийип, кайра эле бая¬гы ордуна кулаган аял бат эле корулдап уктап кетти.
Ошону эле күтүп тургандай эки кыз терезеге жабыла карашты. А бирок, ушунчалык коркунучтуу дагы, көзгө сайса көрүнгүс дүпүй¬гөн караңгы түн алардын эжесин биротоло койнуна ороп, кучагына чүмкөнтүп алгандай, таптакыр эч нерсе көрүнбөй атты. Канчалык эшикке жандалбастап, үңүлө карашкандары менен эжесинин карааны баштагыдай кайдан-жайдан «сербең» этип чыга калбай, томсоруп турушту.
* * *
Бая үйдөн чыкканы эле дикилдеп чуркап да, ыйлап да алган Мээрим азыр каякка баратканын, андан аркысы кандай болоорун капарына да илбей туш келди кете берген.
Анда-санда гана жанынан «зуу-зуу!» этип машинелердин каршы-терши зуулдаганы болбосо, алда кайда ийреңдеген узун көчөлөр демин ичине жутуп, тызылдап чуркаган кыздын таманынын такылдагын гана тыңшагансыйт.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ал бир далай жерге келип калган. Аңгыча, бет алдынан кужулдаган бир топ караан чыга калып, кадамын жайлата калды. Өңчөй эркек балдардын арасында жалгыз бир кыздын күлкүсү шаңкылдайт. Туш келди сөгүнүп-сагынып сүйлөп, оолжуп келаткандарына караганда, бири калбай ичип алган окшоду. Эмнегедир Мээримдин жүрөгү опкоолжуп, коркуп кетти. Топтошкон эмелердин жанынан оңой-олтоң эле өтүп кетпеси түшүнүктүү эле. Кайра бурулуп качууга да кеч, анткени аралык анча деле алыс эмес болчу.
Капаска түшкөн эликтин баласындай элеңдеген кызды Кудай жалгап, алагүү эмелер байкабай калышты.
Алар ошо ордуларында кужулдап токтой калышканда Мээрим жол жээгиндеги карт дарактын аркасына далдаланып отура калды. Жүрөгүнүн кабынан ыргып кетүүчүдөй дүкүлдөгөнү башкаларга да угулуп калуучудай эринин кырча тиштеп, таштай каткан кыз тигилердин үй-жайсыз, ар кай жерде жашаган өспү¬рүм¬дөр экенин бири-бирине мамилеси, сөздө¬рүнөн улам оңой эле баамдап, алардын бу жерден ылдам эле узап кетишин тилеп атты. А бирок, алар да өчөшкөнсүп так ошол Мээрим жашынган дарактан анча алыс эмес жерге жайланышып отуруп алышты. «Өл¬дүм!» – деди кыз ичинде. Атү¬гүл ага азыр бу жерге, бу коркунучка салыштырмалуу өз үйү бейиштин төрү өңдөнүп сезилип кетти. «Кап, апама теңелбей эле, эшикке чыга качпай эле койсом эмне?!. Адатынча айкырып-кыйкырып атып, акыры чарчайт эле го?!.» – деп ойлоду. Өзүн күтүп, сербейип терезеде турган сиңдилерин эстеп, тамагы жашка мууна, каректеринен тыпылдап ысык тамчылар кулап кетти. Эгерде энесине эрегишпегенде, азыр ал ошол бөбөктөрүн кучактап, жылуу төшөктө жатмак. Аларга өздөрүнүн атасы, өз айылы, чоң энеси менен чоң атасы тууралуу «жомогун» айтып, түгөтө албай атмак... Ошону айтсаң, мындай жоболоңдуу балакетке анда жолукпайт эле да!..»
Ичип отурушкан селсаяк балдарды шыкаалап карады. Эмнегедир, ушу саам аларды аяп да кетти. Эркек балача кийинип, чачтары уйпаланган алиги кыз эркек балдар менен теңме-тең эле жарышып ичип, ансайын шарактап күлүп, ша¬йырланып баратат. Бир убакта бирөөсү ага жакын ыктап, кучактаган болду эле, бет маңдайында отурган олбур¬луу¬раак бирөөсүнө ал жакпай калды окшобойбу, ордунан шашпай туруп келип, тигини алда кайда алып ыргытты. Тиги бала да ыргып тура калып, кайра өзүнө атырылды. Заматтын ортосунда экөө карчылдашып, кармашып калышты. А бирок, берки кыз менен калгандары аларды жайына койду. Кичи¬рээк бала бир убакта бүктүшүп жатып калды эле, экинчиси аны аяган жок. Далайга чейин бети-башка, өпкө-жүрөккө тепкилей берип, жедеп колу-буту ооруп суй жыгылганда гана ары басып кетти. Кыздын жанында калган балдар да эми тигил «баатырга» орун бошотушуп, ары-ары жылып кетишти. Эрдик кылгандай локуюп келип отуруп калган уланга кыз жагалдана жакындап, жабыша баштады эле, беркилер ордуларынан туруп кетип, так эле Мээ¬рим отурган тарапка басышты. Коркконунан Мээримдин тизелерин калчылдак басып кетти.
– Эй, Макен эмне болду, ыя? Өлүп калган жокпу? – деди бири жанагы токмок жеген балага кылчактай карап.
– Өлбөйт! Эч нерсе болбойт! – деди экинчиси.
– А эгер, чын эле өлүп калсачы?
– Өлсө, биз эч нерсе көргөн жокпуз да?!
– Дагы кыздар болсо эмне!
Аңгыча, алардын бири топтон бөлүнүп, түз эле Мээрим жашынган даракты көздөй басканда, ансыз да жүрөгүн оозуна тиштеп араң отурган кыз ордунан ыргып тура калды эле, тигил да бир бакырып алып, артка кетенчиктей берди. Чалынып-чулунуп, жыгылып-туруп качып бараткан кызды көрүп:
– Ээ-эй, кыз экен!!! – деп бери жактан бирөөсү бакырып ий¬ди. Анан дапырап баары Мээримдин артынан чуркашты.
– Каяктан чыга калды, ыя?! – чуркап баратып сурады бири.
– Бактын түбүнөн!
– Эмне кылып атыптыр, ыя?!
– Жана эле көрсөк болмок экен!
– Кармаш керек, эми!
Мээрим куугунчуларды жазгырып, тротуардан сол¬го кетчү кичинекей, караңгы көчөгө кире качты. Кыздын караа¬нын жоготуп, ошол жерде карбаластай калган балдар андан ары жүгүрүп кетишти. Мээрим болсо тар, караңгы көчө ылдый чуркап отуруп, бир далай жерге жеткенде гана эсин жыйды.
Келген жолунан адашып, таптакыр белгисиз көчөдө жүргөн. Ар кайсы үйдөн ажылдап ит үрүп чыгып, атүгүл бир далай жерге чейин абалап ээрчип келип атышты. Кыз аларга да кайыл эле. Эптеп эле жанагылардан кутулганына кубанды. Эмнегедир, кайра эле энесин жек көрүп кетти. Кимдир бирөөгө эркелегиси, кимдир бирөөдөн жакшы сөз уккусу келип, жылуу мамилеге зар болгон кыз жол жээгине аярлап, тизесин кучактап отуруп алып, эчкирип-эчкирип ыйлады.
Бир убакта бөбөктөрү эсине түшүп, санааркап кетти. Бир эле түндүн ичинде канча бир азапты башынан кечирген кызга таңдын атышы тозок болду...
* * *
Алиянын каты боюнча Акшоола менен Жаңыл апа түз эле базардын жашылча-жемиш саткан тарабына келишти.
– Кечириңиз, Ырыскан деген аялды тааныбайсызбы? – Акшоола биринчи эле кезиккен, помидор сатып отурган аялдан сурады.
– Тааныбайм! – эч нерсе сатып албай, ашыкча алагды кылгандарды жактырбагандай күңк этти ал.
– Ырыскан дейсиңби?! Кайсы Ырыскан керек эле? – деди ары жакта отурган кичирээк бойлуу, арык келин.
Акшоола менен Жаңыл апа азга буйдала калышты эле:
– Жоош Ырыскан, кекеч Ырыскан, тажаал Ырыскан?!. – деп ал Ырыскан аттуулардын бир нечесин атады. Ошондо гана бая Алиядан кулагы чалган эне:
– Ошо тажаал Ырыскан керек, айланайын! – деди.
– Аа, анда ти-иги башына барсаңар, картөшкө сатат.
– Рахмат, балам!
Жаңыл апа менен Акшоола таранчыдай тизилип алышкан базарчылардын узун катарын аралап отуруп, эң аягына чыгышты да:
– Тажаал Ырыскан дегениңер ким?! – деди эне колун артына ала, талыган белин саал кайкалата калып. Саптын баш жагында отурган беш-алты аялдын би¬рөө:
– Тээтигил, боюнда бар келин отурбайбы, ошо! – деп жерде буттарын сунуп ийип, картөшкө сорттоп отурган көздөрү чү¬ңүрөкөй, жаактары шимирилип, мойну куркуйган арык, кош бойлуу аялды көрсөттү. Ырыскан маңдайына келип калган байбиче менен Акшооланы адегенде таңазар албай:
– Алгыла! Кочкордун кар¬төшкөсү, эзилбейт. Канча берейин? – деди.
– Картөшкөңдү кой, кагылайын! – деген эне эми ага аласасы бардай өктөм үн катты, – Самаган кайда?!
– Ыя?! – деп энени бир серпиле карап алып, – Сиз кимсиз?! – деди сиркеси суу көтөрбөй араң турган эме кайра өзүнөн сурап.
– Энесимин!
– Энеси?! – Ырыскан кантсе да саал мокой түшкөнсүп, кайра эле анан. – Ал – милийсада! .. – деди тастаң этип.
– Эмне дейт?! – Эне чочуп кетти.
– Катын-балдарын өлтү¬рүптүр!
– Кантет, ботом?! Качан?! Кайсы катын-баласын? !
– Канча эле, катын-баласы? ! – аял эми адатынча «каңк!» этип бир ти¬йип алып, табасы канган кишиче анан оозун толтура айтты: – Алиги, аңга түшкөн Алия дегениңер бар беле?!. Ошону!
Бирок, кемпир да, аны коштоп келген мына бу келин да үрөйдү учурган укмуш кабарды укканда Ырыскан күткөн¬дөй болбой, тек гана таң калгандай... айтор, кандайдыр бир билгени бар окшоп, тек гана бири-би¬рин карап тим болушту. Ошондон улам: «Өл¬гөн эмес го?!» – деген бир «түрү суук» ой Ырыскандын мээсине «чак!» эте түштү.
– Кайсыл райондо экенин билесизби? – деди Акшоола. Жооп берүүнүн ордуна:
– Кимсиң, сен?! – деди Ырыскан ага сурдана тиктеп.
– Менби? Мен Алиянын эжеси болом. А сизчи?
Ырыскандын өңү бузулуп, ынтыга түштү. Бирок, эмнегедир аларга өзү¬нүн ким экендигин айткан да жок. Антсе да Акшоола:
– Кош бойлуу экенсиз, эже. Эч кабатыр болбоңуз, Алия кыздары менен аман-эсен эле, – деди. А бирок, анын бул жаңылыгы Ырысканды жубатмак турсун, тескерисинче кайра каарын кайнатаарын ал каяктан билсин. Тек гана, колу-башы калчылдап, ансыз да карасур өңү кара көк тартып кеткен аялды тымызын аяп кетти.
Ал жерден бери узап эле Акшоола чөнтөк телефону менен райондордун милиция бөлүмдөрүнө телефон чалып: «Кечиресиз, сиздерге Өмүров Самаган деген адам түшкөн жок беле?» – деп сурап атты. Үстүнөн бирөө оор жүк бастырып салгандай эңкейип басып, санаага алдыра түшкөн эне жер менен жер боло жапырылып калды... Аны көрүп, сайсөөгү кошо сыздаган Акшоола бир убакта энеге сүйүнчүлөй:
– Таптык, апа! Азыр бат эле жетип барабыз... – деп келаткан эле машинаны тосуп, колун булгады. Бу кезде, кар¬төшкө кабынын оозун кымтып бууй салып, жанындагы аялга табыштай коюп чуркаган Ырыскан да жетип келип, машинеге кошо отурду.

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 23 Июнь 2016 - 13:41


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Алар райондук ички иштер бөлүмүнө келгенде, Самаган алиги ага лейтенанттын бөлмөсүндө болчу.
– Өмүровдун үй-бүлөсү келиптир, – деди аңгыча эшик каккан милиционер. Аны укканда азыр эле ындыны өчүп, «атасы өлүп» отурган Самаган жандана, көздөрүнөн кандайдыр бир үмүттүн учкундары «жылт» этип жайнай түштү да, бирок энесинин колунда быдыр малы калбаганын ойлоп: «Келген менен колунан эмне келет дейсиң? Бырылдап ыйлап, ого бетер ишти ырбатат да», – деп бат эле кайра башы «шылк!» этти.
– Кирсин! – Океев күнөөкөрдүн тууган-туушкандарынан кылмыш ишинин бетин ачууда кандайдыр бир илинчек табуучудай култуңдай түштү.
Кабинетке жулунуп, эң алды Ырыскан, анан Жаңыл апа, Акшоола кирди.
– Саламатсыздарбы? Келиңиздер? – Океев алардын ар бирине сыдыра көз жиберип, Самаганга бет маңдай отургучтарды жаңсай унчукту. – Өтүңүздөр.
– Өттүк, айланайын! – Адегенде уулу тарапка обдула түшүп, бирок кайра таарынгандай бери өтүп кеткен эне:
– Аманчылыкпы, айланайын? Ата-энең, бала-бакыраң сак-саламатпы? – деп милиционерден ырайым издегендей жылуу-жумшак жүз бакты.
– Жакшы, эне. Рахмат! – Ошону түшүнүп, эч кандай ыра¬йым кыла албастыгын билдиргендей милиционер да кыска, чорт жооп берди.
Ушул учурда Самаган: «Айткан жок белең?!» – дегендей Ырысканды карады эле, анысы: «Жок!» – деп башын чайкады. Ал экөөнүн антип, унчукпай сүйлөшүп атышкандарын алдыртан байкай койгон кыраакы милиционер:
– Кечиресиз, сиз Өмүровдун кимиси болосуз?! – Ырысканга ээк какты.
– Мен... – деп саал мукактана түшүп, эмнегедир анан шыр кетти, – Аялы болом!
– Аялы? – милиционер алда нени түшүнбөгөндөй буйдала калды эле, аны алдыртан түшүнө койгон аял:
– Жок, өлгөн аялы эмес, кийинки аялымын! – деп тактоо киргизип койду. Ал сүйлөгөн сайын денеси жыйрылып, итиркейи келип отурган эне ага эми ого бетер тетирилеп, мурдун чүйрүп, далысын салып ары карап алды.
– Сиз Өмүровдун энесисизби? – деди аны да байкай калган милиционер.
– Ооба, айланып кетейин! – Муун-жүүнү бошоп, бирок өзүн кармап, кайраттуу көрүнгүсү келген эненин добушун калтырак басып кетти.
– А сиз кайда иштечү элеңиз? Кечиресиз, ким элеңиз? – баятан бери: «Кайдан көрдүм эле?» – деп бүшүркөп отурган милиционер Акшоолага карады.
– Мен – журналистмин.
– Бизде иш сотко өтмөйүн маалымат берилбейт!
– Билем, бирок Өмүровго менин туугандык жайым бар. Ошон үчүн келдим.
Ынангандай, милиционер андан ары унчуккан жок. Алдында жаткан «делону» шашпай барактап:
– Апа, уулуңуздун эмне себептен камалганын билесизби? – деди.
– Жок, кагылайын, – калпы кармалып кала тургандай калтаарый унчукту эне.
– Биринчиден, өзү жашаган ижаранын акчасын төлө¬бөй, качып жүргөндүгү тууралуу үйдүн ээси арыз берген. Экинчи айыбы – укук коргоо органынын адамына кол көтөргөн жана эң негизги, үчүнчү айыбы – «адам өлтүргөн» деген божомол бар.
Кабинеттин ичи тым-тырс бол түштүп, бая Алиянын айт¬кандары менен эртең менеки көзү ачыктын төлгөсү эсине келе түшкөн эненин калтырак баскан добушу аңгыча ошол дүлөй тынчтыкты бузду:
– Киши өлтүрөөрүң эле калды эле, кокуй!
– Мен өлтүргөн эмесмин!
– Кечиресиз, – Акшоола кепке аралашты, – Бир нерсени тактап, сурасак болобу? Кимди өлтүрдү деп божомолдоп атасыздар?
Милиционер шар кетти:
– Өзүнүн аялын, балдарын!
Самаган баш болуп эне да, Акшоола да жандана, баштарын көтөрүштү.
– Э, ботом! – деди эне. – Макул, бир катыны го-о мында отурат дейли! Бири балдары менен айылга – менин колума барган. Же дагы катыны бар бекен, бул акмактын?!
– Качан барды эле?! – Милиционер ишенбегендей кылыя карады.
– Жайдын капортосунда эле барган, ботом! Бул тигил катындын үстүнө кирип алса, жанагы үйдүн ээси – Жаныя деген катын (Женя дегенге тили келбей ушинтип атады) көчөдө кыз-келиндерди саткан эме турбайбы, кусур ургур! Ошол күндө эки маал келип алып жаш балалуу келиндин эсин чыгарып атса, барбаганда анан эмне кылат?!
– Кечиресиз, а сиз ал Женя деген аял туралуу андай маалыматты кайдан алдыңыз? Ошого кепилдигиңиз барбы?
– Эл айтса эле калп айтпайт, балам. Айылдыктар эле эч нерсе билбей, укпай жатат дейсиңби. Бу жакта кыбыр эткендин баары адегенде ошол элетке жетет.
– Келиниңиздин аты-жөнү ким эле?
– Алыйа.
Милиционер «делого» үңүлүп, алда нелерди салыштыргандай болду.
– Төркүн-төсүнү бар беле?
– Ата-энеси жок. Бирок, мен бармын. Алия экөөбүз кенедейибизден эже-сиңдидей бирге өскөнбүз, – Акшоола кепке аралашты.
– Да-а... – милиционер баары бир эле алда нелерден күмөн санагандай баарын кыдырата, кылыя тиктеп, шашпай тамеки күйгүзүп атып анан:
– Сиздердин чын айтып аткандыгыңыздарга далил барбы? – деди.
Акшоола алда нени эстегендей, шашкалактай түшүп:
– Мынакей, – деп сумкасынан бүктөлгөн ак кагаз алып чыгып, милиционерге сунду, – Бул – Алиянын каты. Тиги эжени да ушул кат аркылуу таптык.
«Ооба, ошондой!.. » – деп аны ырастагандай Ырыскан да башын кайра-кайра ийкеңдетип ийди.
– Милицияда экенин кантип билдиңиздер?
– Мен айттым, – деди Ырыскан, – Түндө мен тигил үйүнө издеп барсам, ошол жердегилер айтышты.
Бөлмөнүн ичин саамга салкын, кандайдыр бир жүрөктү титиретип: «Эми эмне болоор экен?» – дедирткен дүлөй тынч¬тык уялай түштү.
– Болуптур! – деди бир убакта милиционер Алиянын катына кайра да бир көз жүгүртүп чыккан соң. – Ушундай эле болсун дейли! А бирок, бул каттын Алияныкы экенине мен кантип ишенем?
– Аны өзүңүз деле жакшы билесиз, эч кандай кыйынчылыгы жок. Ал жакта да милициянын участкалык бөлүмү, а болбосо айыл өкмөтү деген бар. Байланышып, сураңыз.
Акшооланын кебине ынана түшкөн милиционер:
– А карызычы? – деди. – Эгерде бул маселе эртеңкиге калса, анда Өмүровдун иши татаалдап кетет...
– Аны мен төлөйм! – деп ийди иштин татаалдап кетишинен эмес, Самаганды азыр бошотуп алып, энеси ээрчитип кетеби деп кыпылдап отурган Ырыскан, – Канча экен, карызы?! Керек болсо, үстүнө үстөк кошуп берем! Канча?! – ордунан тура калып, акча издегендей коюн-колтугуна колун жойлотуп, Океевди утурлай басты.
– Жабырлануучу бу жерге нак алты миң сом деп жазыптыр.
– Үстүнө беш жүз кошуп берсем болобу? Болуптур, миң! – анан атайылап эле башкаларга угуза күңкүлдөдү. – Самаганымдан аяган акчабы... жерге кирсин!
– Токтой туруңуз! – милиционер калемсабы менен үс¬төлдүн үстүн тыкылдата, Ырысканды токтотту. – Ал акчаны мага эмес, арыз берген адамга бериңиз.
– Аны мен каяктан тапмак элем?!
– Табабыз. Бу жерде дареги, телефону бар.
– Айланып кетейин! – Жалдырап ийди Ырыскан. – Акчасы үчүн деле, акыры өзүңүзгө кайрылат го? Эми ал аял азыр табылабы, жокпу?.. Өзүңүз айттыңыз го: «Эртеңге калбасын» деп. Алыстан атайын апасы келип атса... Менин деле абалымды көрүп атпайсызбы, айламдын жоктугунан эле, үй-бүлөмдү багайын деп, ушулар деп ушул курсагым менен жер сүзүп базарда отурам... Анын үстү¬нө, өзүңүз айткандай: «Өлүмдөн башкасынын эртеси эле жакшы» эмеспи. Ишти азыр эле бүтүрүп берсеңиз, суранам сизден? «Болжолу келсе бок турбайт» дейт. Балким, толготуп калсам, анда бул акча дагы төлөнбөй калат!..
Эзели оозунан жакшы кеп чыкпачудай тиртейген аял заматта болбурап, жезкемпирдей жебиреп, милиционерге ушинтип жалынап-жалбарып ийди:
– Сенде деле бала-бакыра, сенде деле адамкерчилик, боор толгоо деген сезим бардыр, иним?
Баласы үчүн ал антип атса деле, эненин денеси жыйрылып, Ырысканды жактырбай тетири карап:
– Ти-кини! – деп жүз буруп кетти.
Акыры милиционер ага да ынанды көрүнөт, ижаранын акчасын алып, тартмага салып койду да:
– Гражданин Өмүров! – деп эми күнөөкөргө дит бакты. – Ошентип, эки айыбыңыздын айласы табылды. Ал эми үчүн¬чүсүн кандай кылабыз?! Ыя?! – Бул кекээр кечээ күнкү ызаныкы болчу.
– Кечирип коюңуз?.. – жер тиктеп, өлүмүш болуп долдурады Самаган, – Мен тиги... мастыгым менен байкабай сизге кол кайрып алып... Катын-балам да «жоголуп кеткенге» ачууга алдырып... Кудай алдында, апамдын алдында айыбымды кечириңиз?! Мындан кийин эч качан андай болбойт!
Уулунун ошенткенине чындап эле ишенди, эне! Кубанганынан муун-жүүнү бошоп, маңдайында болбурап отурган уулун аяп, аны баягы бала кезиндегидей эбедейи эзиле карады:
– Ооба, балакетиңди алайын! Ошенте гой! Сени деген жакшы атанын уулу дейт. Айланып кетейин сенден, айланып!.. – эне эми ордунан туруп, уулуна келди. Баласынын башын өзүнүн көкүрөгүнө кысып, төбөсүнөн кайра-кайра шорулдата жыттап, энелик мээрими балбаалатып жашытып, бир заматта баары-жогун унута балкып, ушунчалык бактылуу боло түштү эне. Карегинде каканактаган ысык жашы мөлтүлдөп кулап, добушун калтырак баса, ээгин эмшеңдете ый аралаш, сүйүнүч аралаш кобурап атты:
– Ошентчи, кагылайын? Менин эми өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды! Атаңдын аманатын аткарбай калдым деп! Ал барган жакка санаам тынып, кайсы арым менен барам деп!.. Арманы аттын башындай эле! Эми сага ыраазымын, балам! Сенден ушул бир ооз: «Оңолом!» – деген кебиңди күтүп жүрдүм эле... Эми өлсөм да ыраазымын. Сөөгүм агарбадыбы! Кара жаным менин! Кагылайыным! .. Жакшыдан калган туягым! Керээзим менин!.. – деп анан милиционердин алдына келди:
– Силердин да тынчыңарды алып, ишиңерди ырбатканыбыз үчүн кечир, балам?! «Жакшынын шарапаты» дейт, ак жолтой бала экенсиң, айланайын. Өзүңдүн аркаң менен минтип, уулум оң жолго аттанып отурат. Бар бол, кагыла¬йын! Эми балам жаман ишке барбайт, тегеренейин. Ушундан чыгып эле экөөбүз ээрчишип ата конушуна кетебиз!..
Ушул акыркы сөздү ушундай бир толкундануу менен териси-терисине батпай айтты эне. А бирок:
– Ай, жарыктык киши ай!.. – деп, эмнегедир алда неден күмөнсүгөндөй баш чайкап, угузаар-угузмаксан сүйлөнгөн милиционер:
– Болуптур апа, отуруңуз эми! – деди да, бөкчөңдөп бараткан энени аягандай узата карап туруп, өзү анан орундукка чалкалай түшүп, бирок ушул Өмүров деген эмени баары бир эле кандайдыр бир кылмышка кириптер өңдүү сезип, дароо эле бошотуп жибере албай саамга карап отурду да:
– Болуптур, Өмүров! – деди. – Бара бер. Бирок!
«Бирок, баары бир эле сен мага жакпай турасың, Өмүров!..» – деген ою айтылбай өзүндө калды.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Дугдуңдап, эшикке алардан биринчи чыккан Самаган калып калуучудай шашып, Ырыскандын артынан жөнөдү. Эми эле агынан жарыла кубанып, барпалаңдап аткан эне эч нерсе түшүнбөгөндөй, ал экөөнү артынан аңкая карап турду да:
– Самаган?! – деди.
– Эмне?! – артына кылчайып, жактырбагандай күңк этти уулу.
– Бери бас!!!
– Эмнеге?!
– Эмнеге деп коёт, каапыр! Деги, эмне болуп калгансың?! Эми эле эмне дедиң эле, ыя?! Же сага эненин, катын-баланын кереги жок, жалгыз эле алдагы катын керек болуп калдыбы?! Ушуну менен эле өмүрүм өтөт, ушул катын жыргатат деп атасыңбы?!
– Эк! Баргылачы! – колун шилтеп, Самаган андан ары жөнөмөкчү болду эле, эненин:
– Токто!!! – деген өктөм үнү кадамын тушады. – Адам болом десең, кайт артыңа! Үйдө алмончоктой Алияң, кыздарың күтүп, жолуңду карап отурат! Тилимди ал, балам?! Төрүмдөн көрүм жакын калганда кан жолго какшатып таштап, кууратпа мени?!.
Жоолугу шыпырылып, ийнине түшкөн эненин ак чачтары айдарым желге дирилдеп, добушу да барган сайын каргылданып, калчылдак баскан колдорун суна, уулун эми ээрчий басты:
– Балам-м?! Кайрыл, балам?!.
Самаган да унчукпай, тунжурай калды эле, Ырыскан аны ыкылдатып, колунан тарткылады:
– Жаш бала болсоң да эмне болупсуң?! Энең бас десе – басып, жат десе – жатып калгыдай! Же менден жамандык көрүп атасыңбы?! Бала эле керек болсо, болот да бала! Анын үстүнө!..
Ушул: «Анын үстүнө!..» – деп зекий айтылган, аягына көп чекит коюлган кептин ары жагында эмне жатканын Самаган да түшүндү. Ал баягы: «Эгерде эле менден кетсең, баягы бала өлтүргөнүңдү айтам!» – деген көкүтүү эле. «Менден жамандык көрдүңбү?! » – дегенин да эп көрдү. Өгүнү да ушинтип акчасын төлөп берип, милициядан арачалап калган. Бүгүн да ижарасынын акчасын төлөп, минтип милиция-дан чыгарып баратса... Анын үстүнө үйдөгү бекер тамак, бекер оокатты ойлоп, бир убакта энеси тарапка:
– Эк, өзүңөр бара бергилечи! !! – деп кол шилтеп жиберди да, тажаал аялдын артынан думдулуңдап кетип баратты. Эненин шайы ооп, эси эңги-деңги боло түштү. Өңү кумсарып, эринин кырча тиштеген калыбында мелтиреп, баласын көпкө узата карап турду!
– Апа?.. – деди Акшоола мына-мына жыгылып кетүү¬чүдөй теңселе калган энени колтугунан сүйөй. – Акыры бир түшүнөт, апа. Ага анчалык капа болбоңузчу? Ал кетсе, сизди үйдө кыздарыңыз, келиниңиз күтүп атпайбы!
«Аларга эми менин керегим канча?..» – деп кайра баштан соксоюп үйдө жалгыз калаарын ойлоп, ого бетер алы кете түштү:
– Ошолорум үчүн келбедим беле?!. – деди анан эриндерин араң-араң кыбыраткан эне. – Карыганда небере жыттайын деп!..
– Жүрүңүзчү апа, үйгө кетели?!Эне айнектен сыртты карап, балбаалап ыйлап баратты...
Жаш курагынан эле айырма болбосо, бул эки аялдын күйүтү бири-бирине жакын эле. Экөө тең турмуштан кагуу жеп, экөө бирдей жакын адамдарынан тирүүлөй ажырап, заманалары тарып турган. Баарынан да Жаңыл апага кы¬йын болду. Азыр ал уулулунун моюн толгоп, тажаал аялдын артынан ээрчип кеткенине эмес: «Ушунум эрезеге жетсе адам болот!» – деген энелик аруу тилек, үмүт, эмгегинин текке кеткенине күйүп баратты: «Эми эмне болот, кокуй күн?! Какмардын киши өлтүргөнү деле чын го?! Түрү жаман болуп калган тура!.. Жок дегенде бирөө-жарымга залакасын тийгизбей, жөн жүрсө болбойбу, кокуй!..»
Эненин түтөп, күйгөнүндөй эле болуптур! Айткандай эле, ушу азыр анын баласын думдуңдатып, жетелеп бараткан ушул жол аны кайра эле кылмышка алып баратканын бир эненин жүрөгүнөн башка эч ким, жада калса Самаган өзү да, алдагы тажаал аялы да билген эмес!Ал экөө жолду катар унчгушкан жок. Энесинин алдынан чуркап чыгып, а бирок өгөй атасын көрө коюп үрпөйө түшкөн эки кызга:
– Атаңар келди, чай койгула! – деди Ырыскан.
– Койгонбуз, – деди ортончу кызы, – Мээрим эжем койду...
Анысы: «Мээрим эжем келди,» – деп сүйүнчүлөгөнү эле. Бирок, ал ойлогондой энеси кубанган жок.
– Келдиби?! – деди жактырбагандай. – Аныбы, шашпасын! ...
Бу кезде Мээрим терезеге жөлөнүп, баягы эле ордунда – ашканада турган. Эмнегедир, энесинин баягыдай эле кайдыгер мамилесинен улам, денеси кайра жыйрыла түштү. «Таң атканча кайда жүрдүң, балам? Деги аман-соосуңбу? Экинчи антпей жүр! Сени эмне болду деп, түнү бою кирпик көзүн каккан жокмун! Ушундай да болобу, балам?!» – деген кабатыр, камкор мамилени каалап, жылуу сөз уккусу келип, эне мээримин эңсеп, кучагына бой таштагысы келип турган кыз таш тиштегендей боло түштү.
Самаган түз эле төркү үйгө өтүп, баягы ордуна отурду.
– Жуунасыңбы, Самаке?! – Аял жараматтана сурады. Бирок тигил унчуккан жок.
– Бирдеме алып келчи?! – деди бир убакта.
– Азыр... – Ырыскан ары жакта жөлөнгөн тегерек үстөлдү тегеретип келип ортого койду да, атайын ага арнап алып койгон арагын алып чыгып, ашканадагы кыздарга «чаңк!» этти:
– Чайыңар даярбы, ай?!
Эки кыз шашкалактап ардеме-бирдемелерин көтөрүп киришти.
– Айт, жанагы шүмшүккө! Атаңарга жакшынакай кылып суюк тамак жасасын!
Эжесине чуркап барып, кайра эле бат келип калган кызы:
– Өзүңүздү жасасын дейт! – деди.
– Бетпак!! ! – аял ордунан аткан октой ыргып турганда кыздар кирбиңдеп, апасынан качып туш-тушка оолактай беришти. Бирок энеси ашканага жеткен жок. Эки-үч кадам ары барып эле тамга сүйөнүп, азга дымый калды да, кайра артына кайрылып:
– Самаке, – деди бети-башын бырыштырып, – Самаке, толгоом башталып калды окшойт!..
А бирок Самакеси аны укпагандай, жанагы эле калыбынан жазбай дуңкуюп отура берди. Анын толгоосунан да өз кайгысы кыйыныраак өңдүү, жанагы эле ордунда белин баса кайкалап турган, курсагынын эле ченемсиз челкейгени болбосо куурай сан кара аялды теңсинбегендей олурая карап:
– Ыстыкан апкелбейсиңби? ! – деди.
Ырыскан жанында турган шкафты ачып, дайыма белен турчу эки стаканды алып келип толтурду да, бирин тигиге кармата коюп, бирин өзү уучтай кармап:
– Саат-кырсыгы жок, аман-эсен келишиң менен, Самаке! Сен үчүн! – деп жутуп жиберди. Самакеси да адатынча чалкалай калып, стаканды оозуна көңтөрүп ийди да, жанагыдай болбой өңү өзгөрүлө тамылжып, көңүлү ачыла түшкөнсүдү. Ушул убакта да Ырыскан эрдин кырча тиштеп, белин таяна кайкалай калып:
– Самаке, толгоом кармап калды окшойт, – деди дагы. Самаган бул жолу да укпай калгандай болду. Унчукпай өзү¬нө-өзү арак куюп, аны да жанагынын артынан көңтөрүп жиберип, чалкалап жата кетти. Андан айла болбосун түшүн¬гөн Ырыскан ортончу кызын чуркатты:
– Эмне отурасың, ай! Тур, тигил кошунаныкына барып: «Апам толготуп атат, доктур чакырып койсун деп атат» де!
Кызы чуркап кеткенден кийин күн мурун даярдап койгон баштык-үштүгүн алып, милицияга төлөгөндөн калган анча-мынча акчасын санап, даярданып отуруп калды, аял.
«Тез жардам» келип, энесин салып кеткенден кийин гана мелтиреп отурган Мээрим ордунан козголду. Самаганды ойготуп албаш үчүн сиңдилери менен шыбыраша акырын сүйлөшүп, үчөө ашканада чай ичишти.
– Эжеке, кечээ каякка бардыңыз? Кайда жаттыңыз? – дешти кыздар санаа тарткан, кадыресе адамдардай.
Мээрим аларга түндөгү окуяны айтып берди да, өзүнө үрпөйө тиктеп отурган сиңдилерин экөөнү бирдей кучактап өөп:
– Ошон үчүн караңгыда эшикке чыкпагыла! .. – деди. Азга ойлонуп кеткен кыз анан:
– Билесиңерби, эгер түндө мен алигилердин колуна түшсөм эмне болмок?! Анда менин алдыдагы бүт аруу тилектерим ойрондолмок! Анда мен эч качан, эч качан бактылуу болмок эмесмин. Анда мен Азаматка эч качан кайрылып барбайт болчумун! .. – деди. Анын эмне жөнүндө айтып атканын бөбөктөрү түшүнүп-түшүнбөй элейе карашты.
– Билесиңерби, бир аз-бир аз чыдасаңар чоң атамдарга кетебиз, – деди аларга эжеси. – Апам калп айтат, биздин чоң энебиз, чоң атабыз, атабыз жакшы кишилер. Алар да бизди сагынды болуш керек...
– Азамат деген ким, эже? – ортончу кыз сонуркай сурады.
– Албы? – Мээримдин жүзү нурданып, көздөрү күлмүң¬дөп кетти. – Ал Ошто жашайт. Алардын үйү биздин бет маңдайыбызда болчу...
– Мен атамды аябай сагындым, – кичинекей сиңдиси капысынан эле үңүлдөп ыйлап ийди.
– Ыйлаба, эжем айтып атпайбы, алпарам деп! – ортончусу кыз аны ушинтип тыйган болду.
– Апабыз төрөгөнү доктурга кетпедиби, экөөнүн эми баласы болот. А биз сөзсүз атамдарга кетебиз! – Мээрим бөбөктөрүн кучагына кысып, таттуу кыялдардын кучагында термелди.
Улуп-уңшуган шамал терезеге урунуп, ансыз да араң турган айнекти алып түшчүдөй калдырттатып, андан барып терезенин түбүндө үнсүз тирмийишкен тал-теректерди шуул¬дата жапырып, анча-мынча калган бариктерин күбүп өттү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

– Эжеке, коркуп атам, – кичинекей кыз өгөй атасын ойготуп албайын дегендей акырын шыбырап, эжесин бекем кучактап жатты.
– Үйдөн да коркчу беле, коркпо! – уйку соонун ортосунда эжеси ушинтти да, кечээ талаада түнөп, түнү менен уктабаганга, жаздыкка башы тийери менен эле бут серпүүгө да алы келбей, уйкуга жетеленип кетти.
* * *
Дагы эле түшүнө баягы кичинекей наристе кирип, өңү же түшү экенин ажыратып биле албай жаналекетке түшүп, тулку боюнан алка-шалка тер кеткен Самаган бир убакта чочуп ойгонду. Бороон-чапкын басылып, эшикте ай сүттөй жарык экен. Ошон үчүн үйдүн ичи да күндүзгүдөй болуп, дубалда чыкылдаган сааттын жебелерин дапдаана көрдү: Саат таңкы төрт экен. Кайрадан көзүн жумган болуп, бирок бат эле эсине бир нерсе түшө калгандай баш көтөрүп эки жагын карады. Жаны – бош. Ырыскандын кечинде толготуп кеткенин эстеп, эмнегедир ичинен «кым» дей түштү. Тигил бурчта эч нерседен капары жок, мемиреп уктап жатышкан кыздарды карады. Мээримди бутунан-башына че¬йин ач көздөнө, сыдыра тиктеди: «Карасаң, тигини! Тим эле укмуш го, ыя?! Мурда мынчалык байкалчу эмес! Тим эле укмуш!..» Шилекейин «кылк» этттире жутуп алды. Уйкусу умачтай ачылып, денеси ымыр-чымыр боло, делебеси козголуп, отура албай кетти. «Тигилерчи? – деди укмуштуудай ойлорду ойлоп ийген эме. – Аларды кантем?! Ойгонуп алышып ит кылышсачы?! »
Ордунан туруп, жанындагы арактын калганын бөтөл¬көсү менен шимирип ичти да, оозуна бурдап нан салып, бутунун учу менен шырп алдырбай басып ажатканага кирип чыкты.
Мээрим болсо колу-бутун туш-тушка таштап коюп, өгөй атасынын арам оюн сезбей, түшүнө туулуп-өскөн айлы, атасы, чоң апасы, мектепке дайыма сумкасын көтөрүп барчу Азамат аттуу кошуна бала кирип, таттуу уктап атты...
Түндө талаадагы окуядан аман-эсен кутулганына, кыз адеби – абийиринин аман калганына кубанып уктаган кыз, бирок өз үйү, өлөң төшөгүндө аны андан да ыпыластык ме¬нен жасалган, шумдуктуудай кордук күтүп атканын каяктан билиптир, куурагыр?!
Килеңдеген эркек кыздарды карап, алардын төшөгүнүн аягында сомодой болуп көпкө ойлонуп турду да, олжосун баса калган жырткыч сыяктуу өтө ыкчамдык менен Мээримди так көтөрүп ала коюп ашканага чыга качты. Эмне болуп кеткенин түшүнө бербей, ойгонуп кеткен кыздын көзүнө ай жарыгында ыржайып тиктеген өгөй атасынын жагымсыз жүзү уруна түшүп, анын кучагынан бошонгону аракеттенип, тыбырчылап, туйлап кыйкыра баштады эле тиги оозу-мурдун кабыштыра кармап:
– Тс-с-с!!– деди, – Үнүңдү чыгарсаң өлтүрүп салам!!! Муну көрдүңбү?! – ары жакта турган килейген бычакты колуна алып, кыздын көз алдында ары-бери жаркылдатты. .. Коркконунан алайган кыздын бото көздөрү жалдырап-жайнап, тилден кала түшүп, а бирок болбой эле тигинин колун тиштегилеп, туш келди тепкилеп, чапкылап кирди. Анткен менен салмагы сайдын ташындай болуп, килеңдеген эмеге анын алы келген жок!!!
Адамдар!! ! Алардын бул жарык жашоодо ойлонуп, ойлонбой, билип, билбей жасаган күнөөлөрүн бейкүнөө балдары тартат тура! Ошол ата-энелердин айынан канча балдар бактысыз болуп, тагдырлары ушинтип талкаланып атпайбы!..
* * *
Ак халатчандар кечинде толготуп келген аял менен алпурушуп атышып, таңга маал гана аман-эсен төрөтүп алышты.
Улам эле баланын башы көрүнө калып, кайра кайтып кетип атып, ыйынууга кудурети жок, жедеп алы-күчү кеткен Ырысканга:
– Ыйын жакшыраак! Карыганда тапкан балаңды тумчуктуруп салмай болдуң! – деген дарыгер баланы ылдый сыдыра, эненин курсагын ушалап атып, бир убакта, – УЗИге түшкөн жок белең? – деп ары жактан бир нерсени шекигендей сурады. Ичи кайра да бурап, толгоо башталып жаны көзүнө көрүнө түшкөн Ырыскан:
– Жок! – дегенге араң жетишти, – Ой, Кудай-й, ай-й!!! Аа-аа!!!
– Ии– ии, кана, кана?! Келатат бала! Ыйын! Ыйын! Узагыраак, демиңди үзбөй ыйын! Дагы-дагы?! Аз-замат! – деп анан өзү төрөп алгандай кубанып, баланы тосуп алган доктор аял:
– Кудай сакта?!! – деп катуу чочуп кетти. Буларды тегеректеп, жарданып турган ак халатчандар да эмнегедир дүрбөй түшкөндөй болушту.
Жаны катуу кыйналганына карабай Ырыскан тарбайган арык колдору менен керебеттин эки жагын апчый кармап, алда нени жүрөгү сезгендей башын калчыладата өйдө көтөрдү да, ары жакта өздөрүнчө күбүң-шыбың болушуп, кандайдыр бир шектүү шыбыраша калып, баланы тегеректеген дарыгерлерге:
– Эмне болду?! – деди.
– Турба, турба! – деди төрөттү кабыл алган доктор, – шашпай тур, алтыным! Балаң түшсө эле болдубу? Эми баланын тону деген да бар!– Балам?!. Балам кандай? Аманбы?!. – тээ бир чай кайнам убактыттан кийин санаасы тынбай, кайра да сурады. Алда нелерди чиймелеп жазып отурган доктор кагаздан шашпай баш көтөрүп, Ырысканды аягандай да, ага нааразыдай да үңүлө тиктеди:
– Баланы эмне кыласың?! Адегенде өзүңдүн аман калганыңа кубанчы! Жашың деле кыйлага келип калыптыр, кебетең го бул – оорубаган, соо жериң жок! Үй шартың деле дурус эмес экен, төртүнчү баланы тууп эмне башыңа күч келди дейм да! – деди. – Буга чейин доктурга көрүнгөн жок белең?!
– Жок.
– А эмнеге?!
– Башта деле... төрөрдө эле барчумун.
– Анда... – Ошол «анданын» ары жагы айтылбай калганы менен, анда бир суук кабар, атургай ага карата кандайдыр бир нааразылык да жаткандай туюлду. Канткен менен «он ай көтөрүп омурткасы сыздап» жүрүп, боор эти болкулдап, жүрөгү өлүм менен өмүрдүн ортосунда солкулдап, кара терге түшүп «Кудайлап», ары барып, бери келип атып араң төрөгөн эне да, дарыгер анткенден кийин Ырыскандын көздөрү тунарып, кулагы чуулдай түшүп, кандайдыр бир ысык жалын төбөсү ылдый бир «дүр-р!» этип каптап өткөн өңдүү, андан аркысын өзү да билбей калды. Ал эсине келгенде төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүндө экен. Көзүн ачып эле сураганы – баласы болду. Күзөттө турган кыз бирок жооп берген жок:
– Азыр эс ала бериңиз, эже. Балаңыз тууралуу балдар дарыгерлери айтат. Мен билбейм, – деди кан басымын текшерип атып.
– Деги, аманбы?
– Аман.
– Анда... кыз го, ээ? Ошон үчүн айтпай атасыңар го?
Эмчи кыз жооп берүүнүн ордуна:
– Күйөөңүз кандай киши? Дени сак, акыл-эси жакшы элеби? – деп кантип сурап алганын өзү да билбей калды.
– Келбегенин айтасыңбы?
– Ии-и. Же аракеч, наркоман эмес беле?
Текилдеген жаш кыздын минтип сураганынын жөнүн Ырыскан башкача түшүндү:
– Келет, Самакем... Кечээ кичине ооруксунуп турган болчу... – деген менен, эмнегедир ыйлагысы келип эле, тамагы жашка муунуп туруп алды.
– Дарыга акчаңыз барбы, эже? – деди аңгыча кыз.
– Кечээ болгонун бербедим беле, башка жок...
– Сиз эмне, ыйлап атасызбы?
Ырыскандын ансайын муун-жүүнү бошоп кетти:
– Мен ошол үчүн!.. Ошол бактылуу болуп бала жыттасын, көңүлү өссүн деп!.. Ошол үчүн кара жанымды карч уруп жүрсөм...»
* * *
Баягы-баягы тун кызын, анан кийинки экөөнү төрөгөнүн эстеди. Балким, анда баланын баркын биле элек жаш беле, анда азыркыдай ак эткенден так этип, бала үчүн жүрөгү мынчалык үзүлүп түшкөн эмес. Үчөөндө тең кайын эне, кайын сиңди, кайнилери түгүл кайын атасы кошо төрөт үйүн айланчыктап, күйөөсү бечара кубанганынан барбалактап, дарыгерлерге берерге эч нерсесин таппай, улам кайра акыбалын сурашып, тим эле аябай барктуу болгон. Бүгүнкүдөй эле кантип болсун?! «Жок, жок, канткен менен аталык сезими бар эмеспи, азыр болбосо анан келээр Самакем...» – деген менен Самакеси аны ойломок турсун, үйдө эмне жорук болуп атканын ал билди дейсиңби?! А бирок, ушул күнү, ушул ирмем биринчи жолу кыздарынын атасына, кайнене-кайнатасына ичи жылып, ыраазы болду. Биринчи жолу алардын алдында өзүн айыптуу сезип, ал гана эмес улам өткөн¬дөр, баягы кайненеси менен какылдап-какшап жаакташкан, жакалашкан окуялар оюна түшкөн сайын уялып, өзөгүн өрт аралап кетип атты.
– Эже, эмне болуп атасыз?! Эсиңизге келиңиз?! – деген эмчи кыз дарыгерге чуркады.
Ырыскан уйку-соонун ортосунда үзүл-кесил үндөрдү укту.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Көздөрүн ачайын деп канчалык аракеттенгени менен, бирок ошого да дарманы жетпей, кирпигин көтөрүүгө да алсыз эле.
– Мунун тууган-туушкандары жок бекен? – деди бир үн.
– Жалгыз келгенине караганда ошондой го. Болбосо, бирөө-жарым келет эле да.
– Алдагы дарылардын акчасын ким төлөйт?
– Билбейм. Өзүнүн ала келген акчасы түндө эле калбай калган.
– Анда эмки дарыны куйбай эле койгула. Макулбу?! Бекер оокат кайда экен?!. Алына карап туруп иш кылыш керек эле да! Ушундай заманда, ушундай кебетеси, ушундай акыбалы менен бала туугандын балакетин алабы дейм да!
– А эгер... кайра кан кете баштасачы? Кантип токтотобуз?
– ?!. – тигил унчукпай, «тык-тык-тык! » эте басып, бөл¬мөдөн чыгып кеткендей болду. Саал эсине келе түшкөн аял көзүн ачканда:
– Эже, кандайсыз? – деди ак кийинген кыз. «Бул ким эле?..» – деп бүшүркөй тиктеген Ырыскан анан-анан барып эстеди: «Ии, эмчи кыз эмес беле...»
– Эже, болду эми, «эркелегенди» токтотуңуз, – эмчи кыз аны аягандай, жан тарта карады, – Өзүңүз деле аркы-беркини көрүп калган киши экенсиз. Сиздин ОМСиңиз түгүл шаарда учётуңуз жок турбайбы. Ошондуктан бүт дары-дармектерди өзүңүз төлөшүңүз керек. Акчаңыз болсо эчак түгөнгөн. Өзүңүздү-өзүңүз кармап, кичине сабырдуураак болуңуз да.
– «Сабырдуураак» дейсиңби?!
– Эми... – мукактана түшкөн кыз: – Күйөөм келбей койду деп эле, улам эсибизди эки кылып атпайсызбы! – деп кебин оңдоп кетти.
– Ал келе элекпи?
– Жок.
Ыйлап ийүүчүдөй дене бою кайра да бир болбурап, муун-жүүнү бошой түштү да: «Жок, жок, Ырыскан! Бул кыз туура айтат, өзүңдү-өзүң кармап, өзүңдү-өзүң жөлөп-таяшың керек!» – деп өзүнө-өзү дем берип, чыны менен эле чыйрала түштү.
– А... балам кандай? Качан апкелесиңер?
– Адегенде өзүңүз жакшы болуңузчу... – деген менен кыз жагымсыз бир нерсени эстеп алгандай денесин жыйрып, өзүнчө ичиркенип кетти. Атүгүл, бу шордуу аял төрөгөн ошол колу-буту жок, тубаса мунжу туулган, көздөрү да алайып, ыраңы баладан башкача суук, кандайдыр бир макулукка окшоп кыңылдаган бейкүнөө бала бир далайга чейин эмчи кыздын түшүнө да кирип жүрдү...
* * *
Айнуранын канчалык үстүнө үйрүлүп түшүп, көзүнүн кареги менен тең айланганы, Ынактын эси-дартынан Акшооланы таптакыр алып сала алган жок. Тескерисинче, бара-бара андан тажап, жактырбай кетчү адат тапты. Ал ансайын Айнура да улам жаңы айла-амал издеп, ат тезегин кургатпай Лилияга барып, эптеп эле Ынак Кабыловичтин жүрөгүнөн чыккыс болуп орноп алуунун аракетинде жүрдү.
– Ынак, – деди бир жолу адатынча улам кайра улутунуп, уктабай ары карап жаткан жигиттин далысынан эркелете, акырын сылагылап:
– Ынак?..
– Ии?!.
– Бир нерсе сурасам болобу?
– Сура.
– Мени эмне үчүн жаман көрөсүң?
– ?..
– Сени сүйүп, сен үчүн уулумду жалдыратып ким көрүн¬гөнгө таштап, ата-энемди да укпай, ага-жеңемден жеме угуп, минтип ар кимдин үйүндө жашап, сен деп жүргөнүм үчүнбү?!.
– ...
– Билсең, сени адеп көргөн ошол мүнөттөн тартып эле, мен баардыгын жыйыштырып, атүгүл агам сүйлөшүп койгон канча бир жакшы кызматтардан баш тартып, сага болгону референт-катчы болуп ишке кирдим!.. Колумду сурап, ата-энеме кулдук уруп, сөйкө салганы келген мыкты-мыкты адамдардын көз жашына, каргышына калдым!..
Ынак дагы эле унчукпай, демин ичине катты. Ансайын аны кучактап кежигесинен, далысынан кайра-кайра жыттагылап да, сүйлөп да, ыйлап да атып, Айнура анткен менен ушулардын баарын кантип, каяктан таап айтып атканына өзү да таң калып койду. Саамга унчукпай калган ушул мүнөттө: «Турмуш – театр, адамдар анда ойногон артист» – деген принцибин кайра да бетине кармап: «Демек, бул жашоодо өзүң каалагандай, бактылуу жашаш үчүн күрөшүү керек!» – деди оюнда. А Ынак анын эмне ойлоп, эмне каалап, кеп төркүнү кай тарапка баратканын аңдаган жок. Аңдамак турсун: «Ырас эле Айнурада эмне айып? Айталаада калганымда кучагын жайып, менин азап-кайгымды тең бөлүшүп, үстүмө үйрүлүп түшкөнүбү? Анын жакшылыгына жакшылык кылбаганым – акмактыгым эмеспи!..» – деп ойлоп, бирок, канчалык Айнура тарапка оодарылып, андан кечирим сурап, кучагына кысып эркелеткиси келгени менен, ошого эрки жетпей койду. Таш байлап же коргошун уютуп койгондой денеси жылбай, атүгүл колун да өйдө кылууга кудурети жетпей атты.
Эсине Акшоола түшүп кетти. «Эмнеге? Эмнеге эле мен аны унутпай койдум? – деди оюнда. – Мен аны өзүмдүн турмушумдан эчак сызып таштагандай, жүрөгүмдөн да эчак сызып ташташым керек эле! Анын Айнурадан артыкчылыгы кайсыл?! Биринчи сүйүүм, биринчи аялым болгону үчүнбү же кызымдын энеси экендиги үчүнбү?.. А бирок анын төшө-гүмдү ким көрүнгөнгө тебелеткен жүзүкаралыгычы? ! Ошондо да улам кайра эсиме түшүп, айыпсыздай акыл-эсимди арбап, унутууга чама-чаркымды жеткирбей аткан анда кандай сыйкыр, касиет бар эле?!.»
Ушуга такыр жооп таба албай, жандүйнөсү жанчылып, улам убакыт өткөн сайын Акшоола эсинен чыкмак түгүл сагына берчү болду. Анткен менен ал Акшооланын өзү ойлогондой «жүзү кара» эмес, тескерисинче өзү үчүн аруу, ак экенин, аны арбап, ар дайым жанына тынчтык бербеген жанагы касиет, сыйкыр так ошондо экенин, экөөнү жалган жерден Күкүк менен Зейнеп кылган ушул эле жанында жаткан Айнура экенин каяктан билди?!
– Ынак?.. Бери карачы, жаным? Далыңды салбачы, мага?.. – Айнура аны жалооруй, эркелете өзүнө имере тарт¬канда гана ал тарапка оодарылган Ынак, адатынча дагы улутунду.
– Жаным, – деди Айнура аны аягандай. – Анчалык азап чегип, ойлонбочу?! Аялынын чыккынчылык кылганы – эр жигит үчүн канчалык кыйын экенин билем дечи... Атүгүл, аял туруп андайды мен дагы кечире алмак эмесмин. Мен кээде сендей жигиттин башын аттаган ошо аялга таң калам! Анткени мага сен бу дүйнөдөгү төгөрөгү төп келген жап-жалгыз эркектей туюласың, жаным. Ошон үчүн мен, мейли ар кимдин үйүндө, ижарасында жашасам да дүйнөдөгү жап-жалгыз бактылуу аялмын!
Анын: «Ар кимдин үйүндө жашасам да» дегени атайын күн мурун даярданып жүрүп, Ынактын жаралуу жерине аткан ачуу жебеси болчу!
Айткандай эле, бул сөз Ынактын ансыз да араң турган жүрөгүнө кадала түштү.
– Бирок, кичинеке-ей болсо дагы өзүбүздүн үйүбүз болсо эмне, ээ? – деди ансайын Айнура. – «Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» дечү беле?.. Кээде сендей абройлуу жигитти өз үйүмдө эмес, каяктагы бир орус кемпирдин тар бөлмөсүндө кабыл алганыма уялам. Бирок, бир күнү-бир күнү көрөсүң го, ата-энем менен ага-жеңемдин ачуусу тараганда, ушул маселени кабыргасынан коём, жаным. Жеңе деген баары бир жеңе да, ошондо да: «Ии, канча бир бардар жигиттерди чанып жүрүп, эми суранып келдиңби?» – дээри турулуу иш го... А бирок сен үчүн ага да чыдайм, берекем...
«Эмне жооп айтат, кандай кеп-сөз чыгат?» – дегендей Айнура унчукпай калды. Чыны менен эле Айнуранын айткандарын эп көрүп, ага ишенип, аяды бекен же намыстандыбы, а балким бул тууралуу өзү да күн мурунтан ойлоп жүрдү бекен, Ынак:
– Эч кимден эч нерсе сурабай эле кой! – деди олуттуу, ишенимдүү кесе айтып. – Мен азырынча... анчалык, сурана турган акыбалга жете элекмин.
– ?..
– Эртең үй сатып алабыз!
– Ыя-а?! – кубанычын жашыра албай, бүргөдөй так cекирип тура калды келин. – Чынбы?!
– Чын!
– Ура-а! – Ич көйнөкчөн бөлмөнүн ичинде тегеренип бийлеп келип, Ынакты басып жыгылды:
– Рахмат, жаным! Кереметим менин! Кымбатым! Мен кандай бактылуумун? !Эртеңки үйү тууралуу ойлоп, уйкусу качкан келин түн¬дүн тээ бир оокумунда көзү илинип бараткан Ынакты акырын түрткүлөп ойготуп:
– Бир кишиге эки үйдү каттатса боло береби? – деди.
Уйку-соонун ортосунда Ынак анын эмне жөнүндө айтып атканын анча түшүнө бербей:
– Кайсы үйдү? – деди.
– Эртең үй алсак аны кимге каттатабыз деп атам?
– Аа... Сага каттатабыз.
Айнура ичинен «жым!» этип, көктөн тилегени жерден табылганына көздөрү чачырай түштү: «Азаматсың Айнура! Азаматсың! – деди өзүн-өзү мактап. – Кандай гана акыл¬дуусуң? ! Эртең үйлүү болушуң менен куттуктайм! Оо, келишкен квартиралуу болсом!.. Анан... кымбат баалуу мебелдер, машина! Кудай буюрса алар да болот! Ушунун баа¬ры орундалса, анда мага башка эч нерсенин, керек болсо мобул тулуптай болуп оңой менен жибибеген Ынак Кабыловичтин өзүнүн да кереги жок! Мейли, андан кийин Ак¬шооласына барабы же алиги официант Елизасына барабы, а балким таптакыр талаада калабы, мага ысык-суугу да болбойт!»
Елиза демекчи, ошо бакыраң көз официанткадан ки¬йинки убактарда Ынакты кызганчу болгон. Албетте, Ынактын өзүн эмес, анын акчасын кызганчу. Жаза тайып жанагы таттуу кыял, тилектеринин баары иш жүзүнө аша электе, шефинин көңүлү бузулабы деп коркот эле. Оңбогон ошол кыз үчүн экөө канча курдай таарынышып, табышты. Ошол кыз үчүн Лилияга канча жолу белек-бечкек ташып, канча акчасын сарптабады!
– Эгерде сен кызганчаагыңды таштабасаң, таптакыр талаада каласың, карагым! – деген бир жолу Лилия, – Ошол кызга Ынагыңды бир күнү көз көрүнөө тарттырып ийесиң да, ыйлап келесиң! Эркектер ашыкча ажылдаган, кызганчаак аялдан бат тажаарын канча айтам, мен сага!
Ошондон кийин Айнура официантка кыз тууралуу ооз ачканын койгон. А бирок, анын өжөр өтүнүчү менен алар ошол ресторанга көптөн бери барбай да калышкан. Эмнегедир, оюна азыр ошол кыз түшүп кетти: «Акыркы күндөрү бул башкача мүнөз күтүп кетти. Балким, ошо официанткасына көңүлү бузулуп жүрбөсүн?»
* * *
Ушул түнү Елизанын түшүнө Ынак Кабылович кирди:
Демейдегидей эле ресторанда эл көп. Елиза болсо көпчүлүктү аралап, кимдир бирөөнү издеп жүргөнсүйт. Аңгыча тээ төр тарапта отурган адамды көрө коюп, кубанганынан кол булгалайт:
– Ынак Кабылович?! Ынак Кабылович?! .
Канчалык карбаластап, ал тарапка шашканы менен таптакыр буттары жылбай, кадамы байланып калгансыйт! Ошого ызаланып, ыйлап да алыптыр:
– Ынак?! Ынак Кабылович?!
– Еля, сага эмне болду кызым? Ойгончу берекем? – кайдан-жайдан апасынын үнү угулат.
– Апаке?!.
– Мен мына, каралдым, – маңдайынан сылайт апасы. Анан адатынча кейип-кепчийт:
– Мындайың жок эле, каяктан да иштеп алганыңды билбейм. Окууңду окуп жөн эле жүрбөйсүң да!.. Эмне болду Еля, жаман түш көрдүңбү?
– Жок...
Ынак Кабыловичти өңүндө эмес, түшүндө көргөнүн түшүнгөн кыз колунан алдыргансып томсоро түштү.
– Ал ким? – Кызынын уурусун кармап алгандай эркелете сурады эне.
– Ким?
– Алиги... Ынак Кабылович?
– Ынак?!. – аппак тиштерин кашкайта күлүп ийди кызы, – Сизге аны ким айтты?
– Сен! Ооба, кайра-кайра эле ошонун атын айтып, кыйкырып атпадыңбы?
– Коюңузчу?
– Койбой эле! – деген эне эми кабатыр боло сүйлөдү, – Сен али жашсың, балам. Көргөнүңдөн көрө элегиң, билгениңден биле элегиң көп. Бул турмуштун сен али баса элек татаал дагы, табышмак дагы жолдору бар! Андан кээде чоң эле адамдар да адашып, жаңылышат. Жалгызсырашат. Колунан жетелеп, чытырман токойдон чыгарып кетчү ким бирөөлөргө зар болушат. Жакшылыкка жол көрсөтчү ак жарыкты сагынышат... Андай кезде кыз балага энеден өткөн кеңешчи, энеден өткөн жакын адам жок. Эне эч качан баласын жамандыкка кыйбайт.
– Билем!
– Көптөн бери батынып, сурай албай жүрдүм эле... Акыркы убактарда башкача болуп кеттиң, кызым?! Же мени билбейт, туйбайт дейсиңби? Көртирликке кичине тыгынчык кылам деп, кой десем болбой иштеп да алдың. Деги, ачык айтып, ак сүйлөчү, балам! Саат-кырсыктан, бирөөнүн кордугунан, зордуганан соо¬суңбу?! .
– А-апа?! Кызыксыз го, даана?! – Кызы ыргып-секирип кетти, – Сиз эмне, капкаяктагы жаман нерселерди ойлоп, жинди болгонсузбу? ! Мен сизге айтпадым беле, эч качан андай болбойт деп!
– Ыраспы?! Анда энеңди кечирчи, кызым?!. – эне кызын кучактап, саамайынан жаттады, – Чүнчүп кеткениңен эле... Эненин жүрөгү ар кайсыга бир чарпыла берет тура ошентип... Анын үстүнө керелди-кечке ар кандай шумдукту угуп, көрүп атып!..
– Кудай сактасын!
– Ооба, Кудайым өзү жар болсун, сага! Айтмакчы, жанагы жигит ким?
– Эч ким! Бая күнү бирөө түштөнгөн жерине чөнтөк дептерин унутуп кетиптир. Түшүмдө ошону берем деп, бере албай атыпмын. Болгону ошо...
– А атын кайдан билесиң анын?
– Айткан өзү...
– Качан айтты эле?
– Ал бизге көп келет эле да...
– Жалгыз келчү беле?
– Адегенде жалгыз келчү, анан бир айым менен келип жүрдү. Ошол акыркы келишинде дептерин калтырып кетиптир.
– А балким, атайылап эле калтырып кеткен эмеспи?
– Атайын?.. Эмнеге? – ойлоно калды кыз. – Билбейм...
– Жанындагы айым аялы бекен?
– Жок! Жөн эле бирөөсү го! – жактырбагандай кыязда айтты кыз.
– Эмне үчүн антип ойлодуң?
– Анткени, дептеринде аялы, кызы үчөө түшкөн сүрөт бар экен.
Апасына Ынак Кабылович жакпай калгандай болду:
– Мына, көрдүңбү балам?! Турмуш деген кандай?! Адамдар кандай?! Жада калса алар койнунда жаткан аялын да алдашат! Ошон үчүн андай немелерден алысыраак болгонуң жакшы!..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ушул сөздөн кийин Елиза апасына айтайын деген эми элеки оюнан баш тартты. Азыр эле апасына ал көкүрөк-көңүлүндө көптөн бери уялап жүргөн аруу, аялуу сырын ачсамбы деп аткан. «Апаке, мен аны сүйүп калдым окшойм!» – деп айтууга даяр эле. Ушул сөз тээ жүрөгүнүн тереңинен «мөлт!» этип ыргып чыгып, тилинин учунда турган. Ушул сөздү айтып алса эле азыр ага кандайдыр бир жеңилдик боло тургандай, эс ала түшчүдөй, ашыктыктын бар азабынан кутула тургандай сезилген! Карабайсыңбы эми! Шаабайы сууй түштү. Апасынын андан ары эмне айтаарын ансыз деле түшүндү ал.
– Уктайлычы, апа, – деди анан ары оодарылып жатып.
– Уктай гой... – апасы аны кымтылап жаап, бирок эле эмнегедир кетпей, көпкө чейин жанында отурду. Эненин тээ көкүрөк-көөдөнүнүн тереңинен акырын сызылып чыккан үшкүрүктүн өзү үчүн экенин да Елиза түшүндү.
Бир чекитти тиктеп, ойго баткан калыбында дагы канчага отурат эле, телефондун безилдегени энени «селт» эттирди. Дайыма эле ким бирөөнү күткөндөй түйшөлө берүүчү Елиза бу жолу да: «Бул ким болду экен?» – дегендей демин ичине катты.
– Да? Алло, ким бул? Арнассыңбы? ...Ии, Жакшы алтыным. ...Ооба. Эмне кабарлашпай кеттиң? ...Оо, жаңы орунуң кут болсун, мырза! ...Жок, жок, сен өзүң кабарлашпасаң биз каяктан укмак элек? ...Жездең да сени келбей кетти деп жана эле сүйлөнүп атты эле. ...Күзөттөсүңбү?
Апасынын сөздөрүнөн улам: «Арнас таякем тура... – деди Елиза, – Ага жолуксам баарын айтпасам... Ал мени сөзсүз түшүнөт.»
– Елиза кандай окуп атат? – деди Арнас таякеси да ошону сезгендей.
– Жакшы эле, буюрса. Эл катары. Бир жагынан окуп, бир жагынан иштеп алып, кичине чүнчүгөнсүп жүрөт.
– Анда эмнеге иштетип атасыңар?
– Биз иште деп атат дейсиңби? Тил албайт! «Каникул бүткүчө эле» деп коюп, таптакыр эле ошоякка байланып алды. Аны менен кирген кыздардын баары эчак эле иштеринен бошоп, окуусун окуп атышат. Бир чети элден да уялат экенсиң!..
– Элден эмнеге уяласыз?
– Ботом, бир жалгыз кызын окута алышпай ишке салып, бу Шаарбек менен Аселге эмне болгон дешпейби эл!
– Бирөө менен бирөөнүн иши канча? Мейли да, өзүнө жакса иштей берсин.
– Ай, Арнас, – үйдөгүлөр укпасын дегендей колу менен оозун калкалап сүйлөдү Майрам, – Арнас, аның ошол жактан бирөөнү жактырып калган окшойт. Анысы да үй-бүлөлүү немеби!.. Карындашың сага айтчу эле сырын, сүйлөш¬сөңчү?
Арнас чыны менен эле тунжурай түштү.
– Коюңузчу?
– Койбой эле!
– Елиза качан үйдө болот?
– Эртең туулган күнү эмеспи, ботом! Эсиңден чыгып кеттиби?
Эжесинин: «Елиза үй-бүлөлүү бирөөнү сүйүп калган окшойт,» – дегени Арнаска эмнегедир өөн деле учураган жок. Анткени бул сөз, бул сезим ага тааныш эле. Көз алдына Акшоола элестеп кетти. Көздөрүн жумуп, бет алдында турган жубанга күлүмсүрөй карады: «Мен сизди сүйөм, Акшоо¬ла! » Эмнегедир ага телефон чалып, ушуну анын өзүнө айткысы келип кетти. «Жок, жок! – деди кайра экинчи бир сезими ага каршы чыгып, – Анткениң – адепсиздик! Аны деген адептүү, үй-бүлөлүү аял деп коет! Балким ал азыр түгөйүнүн кучагында бакытка мас, дүнүйөсү түгөл болуп, телегейи тегиз уктап аткандыр? Ооба десең! А сен, кемпай десе!.. «Алыбек алыңа карап ышкыр!» дегенди унутуп калдыңбы?! Айтмакчы, ошол жигит кандай бактылуу?! Кебетеси кандай неме болду экен?..» Ушуларды ойлоп, маанайы мунарыктай түшкөн жигитке эми элеки жомокко окшоп сезилген дүйнөнүн кунары кете түштү. «А балким, алар бактылуу эместир? – деди бир ою өзүн-өзү алдап, – Болбосо, кош бойлуу жубайын өгүнкүдөй өксүтпөйт эле да? Эгерде ал Акшооланы сүйсө, аны ошончолук оорутуп коюп канча күнгө жалгыз таштап кетпейт эле?! Ооба десең! Балким, мени тагдыр ага ошон үчүн алып баргандыр? Акшоолага жардам берсин, сүйсүн, бактылуу кылсын дегендир?! Ырас эле!..»
Ушул ой ага дем бере, телефондун трубкасын көтөр-дү: «Эмне экен? Эгерде күйөөсү алса, калп эле адашып түшүп калган кишинин кейпин кийе койбой жаным жокпу?..» «Ту-ут! Ту-ут!»
– Да? – бул Акшоола эле. Арнас саамга өзүн жогото түштү.
– Алло, бул ким?..
– ?..
– Ынак?! – муну Акшоола кандайдыр бир сагыныч, ишеним менен айтты, – Ынак?!..
Арнас ансайын алдастай түштү. Анан калса, Акшооланын телефондогу адамдын Ынак болсо экен каалоосун, ишенимин бузууга кудурети жетпей кетти. А бирок, жандилинде абдан сыйлаган өтө аялуу адамын андан ары «алдай» да албайт болчу. Колунан трубкасы түшүп, байланыш үзүлүп калды: «Ту-ут! Ту-ут!..»
«Демек, күйөөсү дагы эле келе элек экен да?! Акмак!..» – өзүнө бейтааныш ошол Ынак аттуу жигитке жек көрүүсү күчөп кетти.
Акшоола болсо кайра да шыңгыр этип калабы деп, телефондун жанында күтүп көпкө отурду. Чалган жок. А бирок ага Акшоола таарынбайт эле. Ынагынын унчукпай, телефондон үнсүз-сөзсүз мелтиреп тыңшап туруп коюп койгону эле канчалык кубаныч! «Демек, ал да мага кайдыгер эмес! Ал да мени сүйөт, мени эстейт!.. Болбосо, түн ортосунда эмнеге чалмак эле? – деди оюнда, – А балким ал мени чалсын деп аткандыр? Чын эле... Азыр чалам, жаным, азыр!»
Ынактын номерин шашылыш терди. А бирок Ынак уйкусунан ойгонуп, ордунан козголгучакты ойгоо жаткан Айнура чөнтөк телефонду озунуп ала койду.
– Алло? Алло? – бул Акшоола болчу.
– Да, да? Ким бул? – деди Айнура калп эле тааныбаган, уйкусураган кыязда. – Алло, сүйлөбөйсүзбү? Ким бул? – деди анан атайылап эле анын бүйрүн кызытыш үчүн, – Кечиресиз, сизге Ынак керек беле? Ал уктап атты эле, эмне деп айтып коёюн?
– Ким экен, ал? – жүрөгү алда нени сезгендей Ынактын уйкусу умачтай ачыла түштү. – Берчи мага?!
– Коюп салды, – деди Айнура өзү акырын кнопканы баса коюп.
– Ким экен?
– Билбейм, бир жигит: «Алло, алло?» – дейт да сүйлө¬бөйт. Ары жактан аялдын кыткылыктап күлгөнү угулуп атат. Кызык...
– Жигит?! Кайсыл номерден чалыптыр, берчи көрөйүн?!
Айнура телефонду шыпылдап кармата коюп, дубал жарыкты жандырды. Телефондун кнопкаларын баскылап аткан жигит азыр эле чалган абонентке ишенбегендей кайра-кайра үңүлө карады: «Акшооланын номери!» жаздыкка башын «шалак!» эттире таштап ийип, шалдайып жатып калды.
– Эмне болду жаным? Ким экен, ал?! Өңүң бузулуп кетти, деги тынччылыкпы? ! – деп калп эле чебеленип ийди келин.
– Жок, жок, тынч эле! – деген Ынактын өзөгү өрттөнүп, жүрөгүн кимдир бирөө барча-барча тилип туруп туз куюп ийгендей ачышып атты. Ошону билип туруп, Айнура анса¬йын табасы канып, экөөнөн бирдей өч алганына жыргап жатты. Эсине Лилия түшүп кетти. «Бирок эми жетишет, Айнура! – деди оюнда өзүнө-өзү, – Сага эми Лилиянын да кереги жок! Кудай сага сулуулукту, бой-келбет менен акыл-эсти эмнеге берди эле?! Же ошол Лилиядан бир жериң кемби?! Ага короткон акчаны андан көрө өзүңө жумша! Эртеңки күнү Ынакка окшогон дагы бирөөнө көз каранды болбош үчүн, мүмкүнчүлүгүң болуп турганда барчылыкка пайдубалыңды түптөп албай жаның жокпу?! Ырас эле!..»
Так ошол мүнөт, ошол күндөн баштап, айткандай эле Айнура андан акырындап алыстап, оолактай баштады. Ант¬кен менен Лилия да жөнөкөй карышкыр эмес! Ким эле оңой олжосунан айрылгысы келсин, Айнуранын арам оюн окугандай ал да ансайын кайра-кайра телефон чалып, жабышып алды.
– Айнура чыны менен эле укмуш катын экен!..– деди бир күнү Лилия адатынча ак көлдөлөңдө чалкасынан түшүп, эки колун кежигесине жаздап ойлуу жаткан калыбында аны же жек көргөнү, же эп көргөнү бүдөмүк. – Укмуш экен!...
– Кай укмушун айтасың? – чындап эле түшүнө бербей сурады жардамчысы.
– Иши оңолгуча эт-бетинен кетип, эшигимди тытып, эч эле болбоду дегенде эки маал «эжекелеп» телефон чалып атчу эле, эми баары оюндагыдай болгон соң оюндан «ойт» берип атканын карабайсыңбы, канчыктын! Кайпактап качып, деги эле карматкысы жок!
– Койчу?!
– Койбой эле! Бир аз акча сурасам кергиштеп атпайбы. «Өзүбүз үч бөлмөлүү үй алып, ошонун ичин толтура албай атабыз. Анын үстүнө Ынак да көзү ачыкка барганыңды токтот деп атат» дейт!
– Апе-ей, ошол Ынакка жете албай ыйлап жүргөндө ким киши кылды экен, аны?! Айтпайсыңбы ошону!
– Айттым.
– Ии? Анда эмне дейт?
– «Эми аның үчүн эсептешип бүтпөдүк беле...» дейт! «Эч кандай эсептешип-месептешип бүтө элексиң, секет! Керек болсо өмүр бою да бүтпөйсүң! Эр керек болсо эс-акылыңды жыйып жүр! Сен үчүн аны алмончоктой аялынан ажыраштыргамын! Ачуума тийсең сенин да, Ынактын да тагдыры менин алаканымда ойноп турат!» – дедим.
– Ыр-рас гана кылыпсың, шермендени! Ии, анан ал эмне деди? – күлгөндө жүлжүйгөн көздөрү ого бетер жумула түшчү кара аял бу саам да бир нерсенин жыт-жыбырын сезгендей жылмыңдай карады.
– Эмне десин, а тайбас ошондо да: «Билгениңди кылып ал!» – деп тастаңдап атпайбы!..
– Эмне кылалы дейсиң? – бир топко чейин ортодо жымылдай түшкөн жымжырттыкты жардамчысы бузду.
– Ойлонуш керек...
Олуттуу бир нерсе ойлоп тапкандай болук аял аңгыча култулуңдап кетти:
– Э, Ликен?!.
– Ии?
– Бери кара...
– Карадым?..
– Ай, аз эле убакыттын ичинде Айнуранын антип алчаңдап калганына караганда, ал жигит бир укмуш неме го дейм, ыя?!
Анын эмне айткысы келгенин аңдай койгон Лилия уурусун карматып койгондой кепке какай түштү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бирок антсе да сыр алдырбай:
– Анан?! – деди аялдын андан аркы айтаарына укурук ыргытып. – Аны менен эмне айтайын дедиң?
– Айнуранын анча-мынча акчасына алданыппыз да, атаңдын көрү! Болбосо, ошону баштараак эле ойлонсок болмок экен...
– Эмнени?!
– Ай, Ликенбай, деги өзүң кызык эле кызсың! Айтып, деп турбаса эле кээде анча-мынчаны элес албай кетме¬йиң бар. Айтчы, Айнурадан сенин эмнең кем?! Баары жоктун баарына акылың жеткен, баары жоктун баарын ойлогон, акылың бар, бирок эсиң жок бир ак көңүл эмессиң. Болбосо, ошол жигиттин өзүңө гана куп жарашып турганын башта эмнеге ойлогон жокпуз дейм да?!.
– Балакет эле катынсың, ээ?.. – деп Лилия көзүнүн кы¬йыгынан, жылмая карады эле, кожойкесине ушу айтканы майдай жакканын түшүнгөн кара аял карсылдап күлүп калды.
Лилия көмкөрөсүнөн түшүп, көлдөлөңдүн астына кыстарылган көп сүрөттүн арасынан алда нени издеп баштаганда:
– Анын сүрөтүн өгүнү Айнура ала кетейин деп атса керек эле, – деди Батма.
– Берген эмесмин!
– Эмнеге?
– Ал менин ишим!
– Аа, де! – очойгон оор денесин кылтыңдата ойсоктоду тигиниси. – Ал жигит менин кожойкемдин да эт жүрөгүн «тыз-быз» эттирип, көңүлүн уйгу-туйгу кылып, акыл-сезимин алагды кылып жүргөнүн мен билге-ем!
– Билсең эмне кылайын?! – демейде оңой менен күлбөгөн Лилия бу саам күлкүсүн араң-араң тыйып, калп эле мисирейимиш болгону менен анысы окшошпой калды. Батмага кошулуп анан өзү да каткырып күлүп, чалкасынан жатып алып Ынактын сүрөтүн көпкө тиктеди да:
– Айнуранын алдынан эми да бир өтүп көрөйүн, – деди. – А эгерде ал акылы жок анда дагы эсине келбесе, анда өзүнөн калсын!..
Батма: «Бирок Ынак сени карабай койсочу?» – деп чын оюн айтып жибере жаздап:
– А бирок... – деп токтоп калды эле, Лилия:
– Эмне бирок?! – деп анын «бирогун» жактырбагандай зирпилдей түштү.
– Бирок Ынак менен кантип байланышар экенбиз? Тиги ойсоке иште да, иштен кийин да бирге жүрөт эмеспи? Бут тосот го?
– Көрөбүз!
Лилиянын эмне ойлоп койгонун ким билсин, эртеси эле эртең менен Айнурага телефон чалды:
– Алло, Айнура?
– Да! – жактырбагандай үн катты тиги.
– Алтыным, антип зирпилдебе мага! Ансыз да сенден башка ишим чачтан көп болуп атат. Мага Акшооланын телефонун берип койчу?!.
Айнура унчукпай калып:
– Анын телефонун эмне кыласыз? – деди анан жанагыдан саал бошоңкураак сүйлөп.
– Керек!
– Мен анын телефонун эчак эле унутуп калгамын.
– Ошондой де, анда жакында эстейсиң! – «шарак!» эттирип трубканы таштап койду. Итатайы тутулуп, каны кайнай түшкөн Айнура анын атайылап эле, муну эсине келтириш үчүн чалганын түшүндү: «Ак-мак!! ! Муну убагында токтотпосо, кылгылыктын баарын кылат!...» – ушинтип ойлоп кайрадан трубканы көтөрдү.
– Да?!.
Лилиянын үнүн укканда жек көрүүдөн денеси дүрүлдөп, өңү кумсаңдай түштү эле, бирок кайра бат эле өзүн-өзү тыйып:
– Алло, Лилия эже? – деди жагалдана.
– Мен угуп атам, – Лилия көңүлкошураак үн катып, бери жакта отурган Батмага көз кысып койду.
– Лилия эже, сиз дайыма эле бир кысталыш убакта чаласыз. Азыр эле сиз чалганда Ынак Кабылович жанымда эле да...
– Ошондой эле дейм да!..
– Лилия эже... Билесизби... – андан ары кепти эмне деп улаарын билбей мукактанып калды, – Анан...
– Анан эмне дейин дедиң эле? Бол, алтыным, мен тигил редакцияга чалып аттым эле!
– Акшоолагабы?
– Ооба.
– А... эмне кыласыз, аны?
– Ой, секетим оо-ой, «эмне кыласыз» деп күлкүмдү келтиресиң да! Ошо керек болгон үчүн издеп атам го, болбосо эмне, ойноп атат дейсиңби?!
– Акча сурайсызбы? Өгүнү да акча жок убакта чалдыңыз эле, анын үстүнө настроением да жок болчу. Мага таарынып калсаңыз керек, ээ? Сиңдиңиз бир жолу эркелеп койгон экен, кечиресизби?
– Мм... – анын минтип ийерин күтпөгөн Лилия чындап эле эмне дээрин билбей калды. Кечээтен ушинтип айыбын түшүнгөндө, балким жообу белен беле: «Болуптур, сиңдим! Экөөбүз бири-бирибизди кечиришпесек, бири-бирибизди түшүнүп, колдобосок болчубу?!»- деп чындап эле агынан жарыла кубанып атмак. Анткени, акыркы мезгилдерде Лилияны ал акчасын акчалай, белегин белектей ташып, аябай эле тыңытып салган. Эми Лилия ошол май көл, сүт көлдүн баары кай жактан агып келип атканын түшүнүп, Ынакка өзүнүн да көңүлү азгырылып калбадыбы. Ошондуктан ага азыр Айнуранын антип кечирим сураганы анчалык деле кызык эмес эле. Тескерисинче ага азыр согуш жа¬рыялагысы келип, таарынычка шылтоолоп туруп Ынакты андан тартып алуунун амалын ойлоп аткан.
– Лилия эже, эмнеге унчукпайсыз? ! – анын арам оюн окугандай тыпылдап ийди Айнура, – Сүйлөбөйсүзбү? !
– Сүйлөгөндө эмне?!.
– Канча сом керек сизге?
– Эми... кыйналып атсаң жөн эле койчу, карагым. Азыр ары жак, бери жакка чалып атам, табылып калаар...
– Мен турганда ары жак, бери жакка чалбаңыз да, Лилия эже! Канча керек?!
– Канча керек дейсиңби? .. – Лилия айласы түгөнгөндөй Батмага карады эле аны түшүнө койгон жардамчысы:
– Көп эле айтып сал! – деди шыбырап. Аны эп көргөн Лилия да:
– Жөн эле койчу, Айнура, андай чоң акча сенин колуңдан келбейт го... – деди маалката.
– Чоң болгондо канча?!
– Он миң!
– Он миң?! Ой, Лилия эже, ошол элеби? Он миң сом качан эле колумдан келбей жүрчү эле?!
– Сом эмес, секет, доллар!
– Дол-лар?! – Айнура кепке какай түштү эле, табасы кангандай күлүңдөдү «көзү ачык»:
– Айттым эле го, кыйналып каласың деп. Өзүңөр жаңы тирдик болуп үй алып атсаңар. Акшоола болсо түптөлүп калган эмеспи...
– Жок, жок, ага чалбай эле коюңузчу. Мен аракет кылып көрөйүн.
– Көпкө аракет кыласыңбы?!
– Бир-эки күн...
– Бир-эки күн да мага өтө чоң убакыт, берекем. Сага ишенем деп бекер күйүп кетип жүрбөйүн.
– Мен азыр эле Ынак Кабыловичке кирем...
– Анда, мындай сүйлөшөлү, Айнура. «Анча акчаны эмне кыласың?» – деп акыры сенден сурайт го, ошон үчүн башында эле: «Жакшы санаалаш эжем болот», – деп мени өзү менен тааныштырып койбойсуңбу? Өзүм сурайын.
Ынак Кабыловичке алып кирчү ушундай жолдун өзүнөн-өзү табылып калганына Лилия сүйүнүп кетти. Анын эмне максаты бар экенин аңдабай, эптеп эле Акшооладан оолактаткысы келип аткан Айнурага да бул сунуш оңдой берди сыяктанды. Болбосо Лилия Акшоола менен табышып алып, бардыгын кайра өз-өз ордуна коюп коючудай коркунуч жүрөгүн ээлеп алган. Анын үстүнө Айнура улам кайра акча сурай берип, Ынак да акыркы күндөрү көп тырчый турган болду.
– Болуптур эже, качан келесиз?
– Канчалык эртерээк болсо, ошончолук жакшы!
– Анда азыр эле келбейсизби. Айткандай эле түшкө че¬йин чогушулу-погулушу жок, колу кичине бошураак.
– Жарайт!
Трубканы койгондон кийин Айнура: «Шүмшүк! – деди жек көрүүсү көкүрөгүнө батпай. – Шерменде десе!..» Аңгыча:
– Эмне?! Ким шерменде?! – деген үн аны «селт» эттире, чындап эле Лилия кайдан-жайдан түшө калгандай, корк¬конунан денесин майда калтырак басып кетти.
– Оозуңа карап сүйлөбөйсүңбү! – деди жанагы үн дагы. Жакшылап эсин жыйса, кире бериште аны аңкая карап фирманын башкы бухгалтери туруптур. Жаңы эле Ынак Кабыловичтен чыгып, сырткы эшикти ача бергенде катчы-келиндин тиги сөзү кулагына «шак!» эте түшүп, оюнда: «Ынак Кабыловичти кызганып, мени тилдеп атат» деп түшүнгөн келин кайра кайрылып, маңдайына кантип келип калганын ачуусу менен Айнура элес албай калыптыр.
– Бул сөзүң үчүн сен жооп берип каласың! Оозуңду ты¬йып, өз ордуңду билип жүргүнүң, уктуңбу?!
– Эмне кыйкырасыз? ! Мен сизге эмне кылдым?!
– Эмне деп атасың?! Мен сага шерменде болуп эмне кылдым?! Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, шүмүрөйүп жүргөн шерменде сен эмей эле, мен бекемин, ыя?!
– Башты оорутпай чыгып кетиңизчи! Мен сизди тилдемек тургай, керек болсо көргөн да эмесмин! Башка бирөөнү айтып атам.
– Мени эмне, келесоо деп атасыңбы?! Абийириңди төгүп сала элегимде кечирим сура, болбосо!..
Алар антип атканда ичтен ынак Кабылович чыгып, сырт¬тан дагы эи-үч кызматкер кирип келди.
– Бу жерде эмне болуп атат? – деди Ынак Кабылович.
– Ынак Кабылович, мен сизден чыгып баратсам, бул аябай жаман сөздөр менен ашатып сөгүп атпайбы!
Ынак Кабылович да, башкалар да күнөөлөгөндөй Айнураны карашты.
– Калп айтат, Ынак Кабылович!
– Жап, жаагыңды! ..
– Экөөңөр мага киргилечи! – деген Ынак Кабылович ичкери кирип кетти.
Кирип эле:
– Айнура, Салимадан кечирим сурагының! – деди ооздо отурган экөөнү сурдана карап.
– Эмнеге?! – бир чети анын ушундай мамилесине, бир чети ак жеринен эле күйүп атканына ызалангандай тыкчыңдады катчы-келин. – Сурабайм кечирим!
– Сурабасаң анда арызыңды жаз!
– Арыз?! – капысынан айтылган бул бүтүмгө таң кала да, сестене да түшкөндөй келиндин көздөрү алайып кетти. Акыры иш чатагына айланып кетээрин түшүндүбү, бу жолу да бар күчүн жыйып туруп ачуусун акыл-эс менен тыйды:
– Салима, мен чындыгында сизди байкаган эмесмин. Телефондон бирөөлөр ар кайсыны айтканынан, ошого ачуу¬ланып отуруп... Мени кечирип коюңузчу?
Көзүнүн жашын мөлтүлдөтө төгүп, ыйлап олтурган Салима:
– Болуптур, – деди ортунан туруп кетип атып, – Ынак Кабылович үчүн кечирдим!
А бирок, ал чыгып кеткенден кийин деле Ынак Кабылович унчукпай сурданып отурду да, бышылдап ыйлап аткан Айнурага:
– Барып ишиңди кыла берчи! – деди жактырбагандай, өктөм үн катып.
Ошону эле аңдып тургансып, ал жаңы эле ордуна отуруп атканда сырттан Лилия кирип келди.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Көзүнө кара көз айнек тагынып, үстү-башын эң эле жакшынакай кылып жасап алыптыр. Демейде экиге өрүп, эки такымы ылдый чубалтып коё берип койчу коюу, кара чачын тысырайта тарап туруп кежигесине түйүп алса, мойну тим эле кол менен жасап койгонсуп койкоюп калат экен. Тулку боюн чыптап турган, тизесинен анчалык ашпаган жаңы фасондуу, гүлдүү костюм-юбкасы да оңой баа эмес экени көрүнүп турат. Кудум стюардессаларга окшоп, аппак кофтасынын жакасын сыртка кайрып, колуна туфлийине түспөлдөш жылтылдаган кичинекей кара сумка кармап алган. Аны буга чейин чубалган узун ак көйнөк, ак жоолук, колундагы теспеси менен гана көрүп жүргөн келиндин оозу ачылып эле калды.
Качан гана анын баарын байкап турган Лилия:
– Ынак Кабылович өзүндөбү? – дегенде гана:
– Аа, келиңиз! Келиңиз, Лилия эже, – деп ордунан элпек тура калып, Лилияга өзүнүн суктанганын же таңкалганын, ичи тарыганын да түшүнбөй, бир кызыктай болуп кетти:
– Келиңиз...
– Келдим! Иштериң кандай? – Лилия көз айнегин чечип, ооздо турган диванга буттарын учкаштыра отура кетти.
– Жакшы эле... – деген келин эми анын буттарына көз жүгүрттү: «Буттары узун, анан калса балтырлары чатырап, эң эле жакшынакай тура!..» – ансыз да араң турган Айнуранын маанайы чөгүп, эмнегедир эле ыйлагысы келип кетти: «А балким мага ачууланып турган эменин көңүлү буга... бузулсачы?! О, жок, жок! Андан көрө муну эптеп бу жерден эртерээк жоготуш керек!»
– Айнура, менин убактым аз, – деди аңгыча Лилия саатын карап, – Билесиң да, мени үйдө канча адам күтөөрүн.
– Азыр, – Айнура ичкери кирип кетти. Ошол убакта Лилия сумкасын ачып, мойну-башына кайталап атыр сыйпап, чачы-башын оңдоп-түздөөгө жетишти.
Ынак телефондо отуруптур. Айнура адатынча жанына жакындап келип, колдорун анын мойнуна ороп, жагалдана жароокерленип, эркелеген болду эле, Ынак жактырбагандай колунун сырты менен ары түртүп, ошо телефондо сүй¬лөшүп аткан тейден ары бурулуп кетти. Шагы сынып, ызалана түшкөнү менен ичинде: «Сениби, шашпа!» – деп кекенип алды Айнура. Анысын бирок билгизген жок. Айыптуу эмедей акырын басып чыгып келди да:
– Лилия эже, Ынак Кабылович убактым жок деп койду! – деди. Лилия ага ишенкиребей карады. Ынакты өзүнөн кызганып атканын түшүнүп, кантип чыр чыгаруунун амалын ойлоп отурган эмеге бул майдай эле жага түштү:
– Демек, мени бу жерге шылдың кылайын деп чакырыпсың да?!
– Жок, жок, Лилия эже! Сиз антип жаман ойлобоңуз да?!.
Лилия ордунан туруп этек-жеңин түздөнүп атканда: «Батыраак эле кетип калса экен!» – деп ичинен кыпылдап турган Айнура:
– Бүгүн сиз жөнүндө сөзсүз айтам, Лилия эже, – деди.
– Рахмат! – деген Айнура ал күткөндөй эшикке чыгып кетпей, капысынан эле шефтин эшигин какты эле:
– Кириңиз! – деди ары жактан Ынак Кабылович. Айнура эмне дээрин да, эмне кылаарын да билбей алдастай түштү эле, Лилия заматта көздөн кайым болуп, шефтин үстүнө кирип кетти. Айнурага жер астын-үстүн боло түштү. Отургучуна өзүн күч менен «шалак!» эттире таштап ийип, эс-акылынан ажырап калган адамча шалдайып отуруп калды: «Тигил шүмшүк эми эмне балээнин ичинен чыгарар экен?! Мага өчөшүп баягынын баарын былгытпаса болду. Анда эле иштин бүткөнү! Жок дегенде үйдү өзүмө каттатып алгычакты ажыдаардын куйругун баспай тура турсамчы?! »
Ордунан тура калып, тигилердин үстүнө кирип баргысы келип, бирок эшиктин туткасын кармаган тейден ойлоно калды: «А кокус кубалап чыксачы?! Анда эле тигиге шылдың болбоймунбу! Ооба, анчалык болду эми акыр-аягына чейин күрөшүүм керек! Акыл-эсиңди жыйнап, кичине сабыр кыл, Айнура! Өзүңдү карма!..»
Антаңдап анан эки идишке кофе камдап, ичкери кирди. Айткадай эле Лилия тигинин маңдайына эчак кенен-чонон керилип, кербездене отуруп алып, экөө тең бирдей агынан жарыла алда нелерди айтып күлүп атышкан экен. Эмнегедир бул кирип келээри менен сөздөрү үзүлүп, анын чыгып кетишин күткөндөй унчукпай отуруп калышты. Атүгүл көтөрүп кирген кофесин экөөнүн алдына коюп атып, Айнуранын:
– Ынак Кабылович, Лилия менин эң жакын эжем болот, – дегени да жымылдаган жымжырттыкка сиңип кеткендей жоопсуз калды. Алардын жанында азга аярлай калып, акыры чыгып кетүүгө мажбур болгон келин: «Кап, калп айтпай эле койсом болмок экен. Андан көрө өзүм ээрчитип кирип тааныштырсам да кандай болот эле...» – деп өкүнүп калды. Анткен менен жаны жай алып, тынч алып такыр отура албай, кайра туруп келип каалганын көзөнөгүнө кулагын төшөп, экөөнүн сөзүн тыңшады. Бу кезде Лилия:
– Ынак Кабылович, убакыт түш болуп кеткен тура. Эртеден кечке чарчаган чыгаарсыз... Сизди түштөнүүгө чакырсам кандай дейсиз? – деп аткан. А бирок, Айнурага эч нерсе угулган жок.
– Чынымды айтсам, эмне айтаарымды билбей турам, – Ынак Кабылович кайпактай түштү, – Ушунча болуп мени бир да айым ресторанга чакыра элек эле...
Лилиянын демейде сурданып, сүрдүү көрүнгөн сурмалуу, сулуу көздөрү күлмүңдөдү:
– Андай болсо эч нерсе айтпай туруп макул, жарайт деңиз?!.
– Жарайт!
Экөө эрчишип эшикке чыкканда, ичкери жакка кулагын төшөп турган Айнуранын башына каалга «каңк!» дей түшүп, Ынак анын кеп тыңшап атканын түшүнө койду да, одурая бир карап алып, бирок Лилияны ээрчитип үн-сөзү жок чыгып кетти.
Кызганыч менен ызадан өзөгү өрттөнгөн Айнура эшикти шашылыш беките салып, алардын артынан чуркады. Ал короого чыкканда Ынак Кабыловичтин машинеси ордунан козголуп калыптыр. Жолдун чок ортосуна чуркап чыгып, күтүп калган Айнурага бирок Ынак Кабылович токтогон жок. Токтомок түгүл аны алыстан айланып өткөн кара «Джип» заматта көздөн кайым болуп кетти. Аларды артынан аңкая карап, асман-жери аңтар-теңтер болуп турган келиндин эсине азыр баягы-баягы Акшооланы так ушул жерге ушинтип ыйлатып таштап, экөөнүн ресторанга кеткени элестей түштү. А бирок, анда Ынак Акшооланы көргөндө кубанганынан карегине жаш толуп, башкача бир толкунданып кеткен болчу. Атүгүл ошо саам Айнураны да унутуп таштап, ага кучагын кенен жайып, жаш баладай чуркамакчы болуп калганын байкай койгон Айнура озунуп: «Бул ким? Мен ушул аялды бая күнү бирөөлөр менен ресторандан көрдүм эле...» – деди беле, айтор Ынактын жубайына карата болгон сагынычына, жалындап турган сүйүүсүнө муздак суу чачып жиберген. Ошондо гана намысына келе түшкөн Ынак Кабылович так азыркыдай Акшооланы айланып өтүп, алыстап кетишкен. Акшооланын ошондо кандай абалда калганын азыр Айнура өз дүйнөсү аркылуу айныбай туюп, билип атты. Атүгүл жаңы эле шефин чыгарып ийип дарбазаны жаап аткан кароолчу да эмнегедир ошол жөнүндө ойлоп, көз алдына нөшөрлөп төккөн жамгырга алка-шалка жуулуп, башка аялды отургузуп алып узап бараткан күйөөсүн узата карап, ыйлап турган Акшооланы элестетти.
Бирок, Ынак Айнура үчүн кейип да койгон жок. Тескерисинче, көптөн бери көкүрөгүндө жүргөн көксөөсүн суутуп алгандай, Айнурадан кайсы бир, өзү да али билбеген айыбы үчүн өч алгандай, же болбосо кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн жагымсыз нерседен бошонуп чыккандай жеңилдей түштү. Ал машинаны эч ойлонбостон эле Елиза иштеген ресторан тарапка айдады. Айнуранын ашыкча кыйкымчыл, кызганчаактыгынын айынан акыркы күндөрү ал «Дасмияга» таптакыр каттагыс болгон. Көз алдына эң жакын адамындай имериле караган официантка кыз тартыла калып, жанында отурган Лилияга башкача бир күлүмсүрөй карады. Азыр эле дуңкуюп келаткан жигиттин капысынан эле жайдаңдай түшкөнүнө Лилия анча түшүнбөй калды.
Ресторанга кирип эле Ынак Елизаны издеди. Көпчү¬лүктү аралап, кыйма-чийме чуркаган официанттардын арасынан бирок ал көрүнгөн жок. Баягы, өзү отурчу орун да бош эмес экен. Ынактын ындыны сууй түштү.
– Ынак Кабылович, тээтигинде бош орун бар экен, – деди аңгыча Лилия тунжурап, ойго тушала калган жигитти эки гана адамга ылайыкталып, айлана-тегереги көмүскө¬лөнгөн кабинага баштап.
Ал жакта отуруп деле Ынактын эки көзү, эси-дарты сырт¬та болуп, көңүлү алагдылана берди. Заказ алып аткан официанткадан канча ирээт Елизаны сурамакчы болуп барып токтоду.
– Ынак, өзүңүз жөнүндө уккуңуз келеби? – деди официантка кеткенден кийин Ынактын каш-кирпигин байкап отурган келин.
– Кандай дейсиз? – туура эмес угуп алдымбы дегендей Ынак ыңгайсыздана түштү эле:
– Алаканыңызды бериңизчи? – деп жигиттин колун сол алаканына салып, оң колунун манжалары менен атайылап эле анын делебесин дүүлүктүрүш үчүн акырын, жумшак сылагылап атып:
– Оо-уу, сиздин өмүрүңүз абдан узак, жолуңуз ачык, колуңуз март!.. – деп анан чындап эле анын алаканынан алда нелерди көрүп аткандай үнүн салмактуу чыгарып, – А бирок аялзатынан, сүйүүдөн жолуңуз буулуп калган! – деди.
– Коюңузчу?! . – Лилиянын «тамашасынын» чындыкка окшошуп калганына бир чети таң калып, бир чети кызыга түштү Ынак:
– Анан? – деди.
– Анан... Азыркы тапта алда неге абдан капа болуп, жандүйнөңүз жанчылып турат... Сиздин жүрөгүңүздө эмнегедир айрылуу, сагыныч менен катар эле жек көрүү, ыза бар экен! Сиздин ишенимиңизди, аброюңузду кимдир бирөөлөр ыксыз пайдаланышкан жана ошондон катуу азап чеккендейсиз. .. Сиз сүйүүгө туруктуу адамсыз. Бирок, эмнегедир эки айым көрүнүп атат. Бири...
Лилия андан аркысын айтаар, айтмаксан болуп унчукпай калды эле:
– Айта бериңиз, – деди Ынак.
– Капа болбоңуз, бирок ал аялдарыңыздын биринин аягы суюк, экинчиси болсо өзүңүздөн да акчаңызды жакшы көрөт экен!...
– Кечиресиз Лилия, – Ынак колун тартып алып, шектене карады, – А сиз кимсиз? Булардын баарын сиз каяктан билесиз?
Лилия ууртунан күлүмсүрөдү:
– Анын баары сиздин алаканыңызда, анан көздөрүңүз¬дө жазылып турат.
– Айтмакчы, Айнура жана сизди «эжем болот» деп атты беле?
– Ооба, сизге кирем деп бир нече күн кабылдамаңызда отуруп, «эже-сиңди» болуп алганбыз.
– Анда башта эмнеге кирген жок элеңиз?
– Катчы кызыңыз киргизбей койгон. Качан көрсөм эле келген кишилерди: «Шеф кабыл албайм деп атат» деп кетирип атканын көрчүмүн.
– ?!.
– Менимче, анте берсе ал сиздин фирмага зыян гана алып келет.
– А бүгүн кантип кирдиңиз?
– Бүгүн да «кабыл албайм» деген экенсиз...
– Ошентип айттыбы?
– А мен ага ишенген жокмун, ошон үчүн сүзө качырып кирип барбадымбы. Кечириңиз, бирок ошол кызыңыздын опсуз эркелигинен канча кардарыңызды жоготконуңузду бир Кудай өзү эле билбесе...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ачуусу келип, ушунун баарынан каяккадыр качкысы келген адамдай кайпактай түшкөн Ынак тамак көтөрүп кирген официант кыздан:
– Кечиресиз, бүгүн Елиза иштебейби? – деп кантип сурап алганын өзү да байкабай калды.
– Ал азыр үйүнө кетип атат, – деди кыз, – Бүгүн анын туул¬ган күнү болчу.
– Кете элекпи?! – шашкалактай сурап ийди жигит.
– Мм... Менимче жок, кете элек, – деген кыз алда нени эстей койгондой, – Сиз... Ынак байкесизби? – деди.
– Ооба.
Кыз жоготконун таап алгандай бир «жарк» этип күлүп алып:
– Азыр! – деген боюнча чуркап кетти. Билгизбегени менен Лилия азыраак ыңгайсызданып калды. Бирок: «Акшоола менен Айнуранын жанында ал секелек ким болуп калыптыр?! » – деди оюнда.
– Тамакка караңыз, Ынак Кабылович?
– Рахмат Лилия, тамагыңыз таттуу болсун!
Елиза келгиче ортону жымжырттык уялай түштү. «Кызык неме го, – деди оюнда Лилия, – Жанында жакшынакай аялзаты отурса, башканы издеп... Маданиятсыздык, бу!.. Анан калса, мен кантип эле жаккан жокмун? Айнура ушул кыздан кызганып, бырылдап эле ыйлап жүрчү эле, же бул ошончолук эле укмуш немеби?..»
– Саламатсызбы? – коңгуроодой болгон ушул үн экөөнү тең оюнан «селт» эттирди, – Саламатсызбы, Ынак Кабылович?
– Елиза?! – бир тууган карындашын көргөндөй ордунан тура калып, кыздын маңдайынан сүйдү Ынак: – Кандай иштер? Айтмакчы, туулган күнүң кут болсун!
– Рахмат, Ынак Кабылович! А бул – сиздики, – колундагы чөнтөк дептерди сунду, – Өткөндө унутуп кетипсиз.
– Койчу?! – деп жоготкон жогун таап алганына чындап эле кубанып кеткендей болду Ынак, – Жакшы болбодубу. А мен каякта калды деп...
– Кечириңиз? – эмнегедир айыптуудай иймене калды кыз, – Ичинде ишиңиздин телефону бар экен, айтып коёюн деп чалсам бир эже...
– Бир эже эмне деди?
«Ошол эже ушул эмеспи?..» – дегендей Лилияны карады эле, ал: «Айт, айта бер,» – дегендей күлүмсүрөп баш ийкеди.
– «Экинчи чалчу болсоң таарынба! » дегенинен...
«Айтпадым беле!..» – дегендей Лилия Ынакка карап алаканын жайып койду.
– Анда тамагыңыздар таттуу болсун! – деди Елиза кетмекчи болуп.
– Канчага чыгып атасың, Елиза? – бейтааныш айымдын суроосуна саал буйдала калган кыз:
– Он сегизге, – деди.
– Кандай жакшы?! Кандай жап-жаш?! Он сегиз!.. – чындап эле кыздын жаштыгына суктана карады Лилия.
– Айтмакчы, мен силерди тааныштырган жокмун, ээ? Бул айым – Лилия, а бул сулуу – Елиза деген эрке кыз, – деп Ынак кызды эркелете, сөөмөйү менен мурдуна жанып койду.
Елиза кеткенден кийин Лилия:
– Чыны менен эле абдан татынакай, жутуп ийчүдөй болгон сулуу кыз тура, – деди, – Бирок, бир гана айыбы – оорулуу экен...
– Оорулуу дейсизби?
– Кургак учугу кабылдап кетиптир! – Кудайды карабай калп айтты «көзү ачык», – Болгондо да жугуштуу, коркунучтуу түрү!
– Лилия, сиз аябай табышмактуу сүйлөйт экенсиз. Менимче тамашалап атат окшойсуз?
– Бул жерде эч кандай тамаша жок, – башын чайкады Лилия.
– Коюңузчу?! . А сиз аны кантип билдиңиз? – ылайым эле калп болсо экен дегендей, Ынак анын көздөрүнөн жооп издеди. Лилия да анын таң кала караган капкара каректерине кандайдыр бир башкача, нес болгон адамча кадала карады да:
– Мага ишенбесеңиз, каалаганыңызды сураңыз, айтып берем, – деди.
Ынак мыйыгынан күлдү:
– Сиз дарыгерсизби же көзү ачыксызбы?
– Алаканыңызды бериңизчи?..
Ынактын алаканын жанагыдан да башкачараак, жакын адамындай аяр, сонуркаган сыяктуу акырын кармалап отуруп:
– Башыңыздан өткөндөрдү айтып берейин, макулсузбу? – деди.
– Айтыңыз.
– Бир балаңыз бар окшойт. А бирок ал да жаныңызда эмес, бөлөк өскөн өңдөнөт... менимче кыз бала го?
– Кыз.
– Аялыңызды азыр да аябай сүйөт экенсиз. Абдан таттуу, ысык-ынак жашачу экенсиңер. А бирок, ортоңорду бузукулук аралаптыр? – «чын айтамбы?» дегендей карады.
– !.. – Ынак унчуккан жок.
– Эмнегедир телефон көрүнүп атат го? Телефон аркылуу бир нерсе болду беле?
Ынактын кулагына баягы, Америкадан учуп келген күнү кечинде телефондогу аялдын: «Аялың азыр башка эркектин койнунда кыңшылап жатат!» – дегени угулуп, денеси жыйрыла түштү. А бирок, ошол аял – так ушул Лилиянын өзү экенин ал каяктан билиптир?!
– Болгон! – деди өзүнөн жооп күтүп калган аялга, – Телефон чалгандар болгон...
– Ким чалды эле?
– Бир аял чалган...
– Ошол аялга рахмат де! Антпесе, ким билет дагы канча-га алданып жүрөт элең! – өзү айткандай «касиетинин» күчү менен «сизден» кантип «сенге» өткөнүн өзү да байкабай калды:
– Азыр анын боюнда бар окшойт?
Ынак «селт» этти: «Кандай окшоштук? Кандай дал ке¬лүү¬чүлүк? Укмуш го, бу?!»
– Боюнда бар экени чынбы? – Өзүнүн «божомолун» бышыктамакка тактап сурады Лилия.
– Мүмкүн...
– Сага айткан жок беле?
– Айткан.
– Эмне деди эле?
– Ошентип телефон чалган.
– Баланы сенден дегендир да?
– Ошондой го...
– А сен?! Ишендиңби?
– Билбейм...
– Ишенбе!
Ынактын денеси да бир жолу «дирт!» эте түштү.
– Сенин бир гана кызың бар. ...Андан кийин да бир аялга жолуккан экенсиң. Карачы ай, акмактыгын! Ага сенин акчаң гана керек экен. Жүрөгүндө сага карата ийненин учундай бир жакшы ой болсо буюрбасын! Деги эле ал аял сүйүүнүн кадырын билмек турсун, анын эмне экенин түшүнбөгөн эме экен... Эмнегедир үй түшүп атат го? Үй алалы деп атасыңарбы же алдыңар беле?
– Ток этээр жерин айтыңызчы?
– Ток этээр жерин айтсам, мындан кийинки жолуң ачык... Кимге экенин билбейм, бирок бир айымга жолугуп атасыз. Бактыңыз да, махабатыңыз да ошол аял менен болчудай...
«Айтып бүттүм» дегендей Ынактын колун эки алаканынын ортосуна салып, колунун жылуулугун өткөрүп турду да:
– Эч капа болбоңуз, баары жакшы болот! Адам баласы бешенесине жазганды көрбөскө, көтөрбөскө аргасыз турбайбызбы. .. – деди, – Бирок сизден суранаарым, эгерде колуңуздан келсе менин айткандарым ичиңизде гана болсун. Жарайбы? Айнурага да азырынча ачууланбай эле кою¬ңуз?..
Акыркы айтканы – өзүнүн артын качырганы эле. Ынакты андан акырындап, амал менен менен ажыратпаса, ичи күйгөн эме: «Анда мага да, сага да жок!» – деп туруп баягынын баарын айтып, балакеттин баарын башташы ырас.
– Кээде «аялдын чачы узун болгону менен акылы кыска» болот. Андан качсаңыз дагы башкасына жолугасыз...
– Мүмкүн...– деди Лилиянын айтканын эп көрүп, бирок анын эмне ойлоп, эмне каалап атканын аңдабаган Ынак.
– Билесизби, Ынак Кабылович, менин ички туюмум мени эч качан алдачу эмес... Сиз аябай жакшы адам экенсиз!
– Рахмат.
– Качан иштен чарчаганда, алда кандай көйгөйлөрдөн көңүлүңүз ооруганда мени эстеңиз? Сиз менен кызматташ болууга даярмын. Бул мен үчүн – эң чоң сыймык. Сүйлөш-түкпү?
– Сүйлөштүк, – деген Ынак: – Айтмакчы, мен жөнүндө го баарын билип алдыңыз, эми өзүңүз жөнүндө айтып бербесеңиз, менин сиздикиндей талантым жок, – деди.
– Эгерде менин тагдырым чыны менен эле сизди кызыктырса, жандилим менен айтат элем, бирок... – Саатын карады Лилия, – Саат бир болоюн деп калыптыр. Он беш, жыйырма мүнөт аздык кылат го...
– Ошондой деңиз?
– Ошондой, – кылыктана каш серпти Лилия.
– Анда... жомогуңузду айтып түгөтүүгө миң бир түн жетээр бекен?
– А балким, ал дагы аздык кылышы мүмкүн. Анын баары сиздин гана каалооңузга жараша!
– Ошондой деңиз! – Ынак эми Лилиянын кумарлуу, кусалуу көздөрүнө жанагыдан башкачараак, жандана карады.
– Ошондой! – деди ансайын тигил да кылыктана.
Бу сапар Ынак Лилиянын колун озунуп колуна алды да, эрдине тийгизип өөп атып: «Кызык, эмнеге аялдар ушундай?! – деди оюнда. – Бу жашоодо туруктуу, таза эч нерсе жок окшобойбу! ..» Ошо учурда атүгүл Лилиянын ордуна Акшооланы, өзүнүн ордуна дагы башка эркекти элестетип да ийди.
Ресторандан кийин Лилия менен каяккадыр зымырап баратып, каректери жууган карагаттай мөлтүрөгөн, бакыракаң көз, баёо күлүмсүрөгөн Елизаны элестете, аны аяган үчүнбү, эмнегедир бакырып ыйлагысы келип кетти.Елиза болсо бу кезде жанагы жолугушууну кайра-кайра көз алдына элестетип, кээде ууртунан «жымың» эте күлүмсүрөп, алда неге ызаланган сыяктуу кээде умсуна улутунуп, жолдо болчу.
– Еля! Еля, сүйүнчү! – деп жана Жибек энтигип чуркап келген, – Сүйүнчү, сенин Ынак Кабыловичиң келди!
– Койчу?!
– Кудай урсун! Ал сени күтүп атат.
– Ура-а! Өзү эле бекен?
– Жок, жанында бир айым отурат. Бол эми, батыраак бар!
А бирок, Ынактын жанындагы айым анын аялы да, бая¬гы Айнура да эмес, таптакыр башка аял экен. Ошого саал таарынып калды кыз: «Сыртынан жакшы эле адам көрүнөт, а эмнеге эле улам бир аял менен келет? А балким, анын апасы айткандай ал анчалык деле жакшы адам эместир? Анда эмнеге эле Елизанын жүрөгү ага арбалат? Адамдын жүрөгү жаңылбайт дешчү эле го?! А балким, алар Елиза ойлогондой эмес, жөн гана кызматташ, жакшы санаалаш же жакын адамдарыдыр? Мүмкүн. Болбосо, эмнеге бүгүн муну издетип, күтүп отурат эле...»
Ынактын: «Елиза деген эрке кыз...» – деп эркелетип койгону кайра-кайра көз алдына тартылып, ошондон эле каниет ала жылмайган кыз китебинин арасында катылган сүрөткө эркелете, эркелей карады: «Ынак... Ынагым менин! Сени эмнеге эле ушунчалык жакшы көрөм десең?!. Кызык, сүйүүнүн адамга ушинтип күтүүсүз келээрин ким билиптир? Толгон адамдын ичинен жалгыз гана сен деп, сага жан¬дүйнөм, жүрөгүм менен берилип алганымды карабайсыңбы! Мейли, сен жөнүндө башкалар кандай айтса, айта беришсин! А сен мен үчүн эч кимге окшобогон эң керемет жансың! Болгону эле, менин бүгүн сен деп гана өмүр сүрүп, сени гана сагынып, сени гана сүйүп, сен бар үчүн гана жашоо мага кызык, кооз өңдөнүп, сен бар үчүн гана бактылуу болуп жашап атканымды билбегениң өкүнүчтүү! А балким, ким билсин, сен да мени күтүп, мени издеп жүргөн чыгаарсың? А балким, Теңирим сени жаратканда маңдайыңа мени жазып, ошон үчүн аялзатынан бактың ачылбай, улам бир аялдан жүрөгүңдүн теңин издеп, ошон үчүн улам кайра адашып аткандырсың? Балким, жаш курагыбыз алда канча алыс болгон себептен сен мени тааный албай аткандырсың?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Анда, сени өзүм утурлап, алдыңдан тосуп чыксамбы? Сени бир көрүп эле сүйүп калганымды айтсамбы?! А бирок... мен жаңылып калсамчы? Иштин баары мен ойлогондон таптакыр башкача болуп чыксачы?..»
Ойго батып тунжураган Елизаны босогодон таякеси тосуп алды.
– Ура-а! Таяке-е! – деп баягысындай эркелеп, таякесинин кучагына кулаган кыз, – Эмне келбей аттыңыз?! – деди кубанычын жашыра албай ый аралаш.
– Бошобой атпадымбы.
– Калпычы десе! – таарынып, тескери карап кетти жээни.
– Эй, бучук! Бүгүн сен канчага чыкканыңды билесиңби?! Бүттү эми, ыйлаганыңды токтот! Сен эми чоң кыз болдуң! – каткырып күлдү Арнас.
– Сагынды да, – деди аркы үйдөн чыгып келген Асел. – Сени атасы экөөбүздөн да жакшы көрөт бу.
– Анткени мен Еляны мо-оминтип, – тап-так көтөрүп тегеретти, – мо-оминтип көтөрүп баккам да!
Таякесинин мойнуна кудум бала кездегидей чап жабышып алып кыткылыктаган кызын карап, ата-энесинин кошо чечекейи чеч болуп, үйдүн ичи заматта шаңданып кетти.
– Мен анан сизге бир нерсе көрсөтөм, ээ? – деди кыздасторкондо таякесинин кулагына шыбырап.
– Эмне?
– Анан көрөсүз!
– Кызыкпы?
– Аябай!
-Мен да анан сага бир нерсе айтам.
– Кандай?
Арнас баш бармагын көрсөттү.
– Экөөңөр эмне эле ымдашып, шыбың-күбүң болуп атасыңар? – деди аңгыча кыздын апасы, – Болду эми тамакка карагыла.
– Экөөнүн эмне каадалуу сөзү бар дейсиң? Жөн кой, сагынычтары тарагыча ошенте беришсин! – атасы да кепке аралашты, – Бир аздан кийин эле экөө эки жакты карап, таарынышып калат эмеспи.
Качан эже-жездеси жаткандан кийин:
– Кана эми Еля, жана эмне айтам дедиң эле? – деди Арнас.
– Адегенде сиз айтыңыз, анан мен...
Көптөн бери үй-бүлөлүү, өзүнөн бир топ жаш улуу адамды жактырып жүргөнүн, анан да апасы айткандай анын аялпоз адам экенин таякесине айта салуу Елиза үчүн чыны менен эле оңой-олтоң иш эмес эле. Канчалык экөө бала күндөн эрчишип, эгиз козудай бир үйдө, бир туугандай ысык-ынак, сырдаш-муңдаш өскөнү менен, Елизанын махабатына таякесинин азыр кандай мамиле кылаары табышмак. А балким апасы сыяктуу ал дагы: «Койчу Еля, капкаяктагыны айтып күлкүмдү келтирбей! Мен сени эстүү кыз деп ишенип жүрсөм!.. Андан башка жигит табылбай койдубу?!. » – десечи?
– Болуптур анда, улуулашалы. .. – деген Арнас өтө кызык, маанилүү бир нерсе айтуучудай, жерде жая салынган көлдөлөңдүн үстүнө чалкасынан жата кетти. Ошо учурда анын көздөрү бир башкача күлмүңдөп, бет маңдайынан ким бирөөнү көрүп аткандай ага жагымдуу күлүмсүрөп, жүзүнө да кызыл жүгүрө, Елизага башкача бир бактылуу көрүнүп кетти:
– Сиз ушунчалык сулуу болуп кеттиңиз! – деди Елиза көргөнүн көмүскө сактай албай шашып, – Чын эле аябай жакшынакай болуп кеттиңиз!
– Койчу?
– Чып-чын!
Арнас ансайын агынан жарыла жылмайып, атүгүл ким бирөөнү элестетип аткандай көздөрүн жумду эле, жээни:
– Таяке! – деп чыдамы кете чыйпылыктап ийди, – Болбойсузбу эми?!
– Азыр... – кепти кантип баштаарын билбей кайпактай түштү да: – Билесиңби Еля, мен бирөөнү сүйүп калдым! – деди.
– Ура-а! Кечеңизге келди беле? Ким менен келиптир?! Ким ал?! – кубанычы койнуна сыйбай, таякесине чуркап жетип суроо артынан суроо жаадырды кыз. Бул жөнүндө экөө тээ эс тарткандан сүйлөшүп, сырдаша турган: «Эгерде мен бир кызды сүйсөм, сөзсүз сага көрсөтөм,» – дечү таякеси. «Ай-ий, ал күн качан келет? Биз качан чоңоёбуз? Сиз качан үйгө жеңе алып келесиз? Көрөсүз го, ал экөөбүз абдан ынтымактуу жашайбыз,» – деген Елиза кошунанын ак жоолук, узун халат кийип, ийиле басып, улуу-кичүүгө иймене караган жакшынакай жаш келинин жакшы көрүп, качандыр бир булардын үйүнө да ушундай жеңе келээрин ойлоп, ошол күндүн качан, кантип ке¬лээрине чыдамы жетпей кетчү.
– Аны качан алып келесиз? – деди эми да кудум ошол кездегидей кубанып. – Магы аны качан көрсөтөсүз? ! Аты ким анын? Сулуу бекен? Каякта иштейт экен?..
Каткырып күлдү таякеси:
– Аягына чейин угасыңбы же суроолоруңду быдырата бересиңби?
– Карасаң! – таарынып «буйтуң» этти баягыдай, – Каадаланып калат тим эле!
– Билесиңби, анын аты ким?
– Ким?! – кайра эле бат булуттан чыга калган күндөй болуп жарк этти кыз.
– Акшоола!
– Акшоола?! Ушундай да ат болобу?
– Болот. Болгондо да ал ким дебейсиңби? Ушундай бир айым дейсиң!.. Анан да ал – кабарчы!
– Оо! А качан тааныштырасыз?
– Тааныштырмакмын, бирок... – эмнегедир улутунду Арнас, – Бирок менин сүйөөрүмдү ал билбейт да! А балким мен ага таптакыр жакпайттырмын! ..
Елизанын жүзүндөгү азыр эле чачырап турган кубаныч аздап-аздап барып жоголуп кетти:
– Коюңузчу?!
Арнас жанагыдай эле шыпты тиктеген калыбынан жазбай, бирок бу жолу эң бактысыз адамдай маанайы пас сүйлөдү:
– Билесиңби, бир күнү-бир күнү мен иште отурсам, кимдир бирөөлөр тез жардам чакырды. Күйөөсү менен уруша кетип, так кире бериште эс-учун жоготуп коюп, көпкө жатып калыптыр. Ал ким экен дебейсиңби?
– Ким?
– Акшоола!
– Анын... күйөөсү барбы?!
Елизанын суроосун укпагандай, ошол күндү баштан-аяк көз алдынан чубатып атты Арнас:
– Келсем абалы абдан начар, кан басымы түшүп кеткен, араң эле дем алат... Аябагандай алсыз! Алгачкы жардамымды жасап, эс алгыча жанында болдум. Эмнегедир эле анан, түнү менен ошол айым көз алдымдан кетпей, элес¬теп туруп алды. Адегенде мен анын себебин кызматыма байланыштырып, дарыгерлик милдетим, кесиптик жоопкерчилигим деп түшүндүм. Бирок, сүйлөшүп алышкансып ошол түнү таң атканча тез жардамды үстөккө-босток чакырышты. Чынымды айтсам, аларга баратып да, келатып да, аларды көрүп атып да Акшооланын элесинен эч кача албай койдум. Ошон үчүн ага күзөтүмдү өткөргөндөн кийин, эртеси кайра чалдым. Анын үнү абдан алсыз эле... Асман-жерим аңтарылып кетти. Анан жетип бардым...
– Анан?
– Ал үйдө жалгыз, күйөөсү болсо дагы эле келе элек экен...
– Акмак!
– Ооба! Акшоола катуу кайгыргандан ачка, оозуна наар албай жата бериптир.
– Андан кийин жолуктуңузбу?
– Жолуктум. Мен азыр дагы бир жерде иштеп атам – ошол кичи райондун үй-бүлөлүк дарыгеримин.
– Анан эч нерсе сураган да, айткан да жоксузбу?
– Жок, кокус таарынтып аламбы деп корком. А балким: «Эркектердин баары ушундай аялпоз!» – деп мени ошолордой түшүнүп койсочу? Бирок, күйөөсү келе элек экенин өгүнү билдим. Түндөсү, күзөттө отуруп чалсам, ал мени ошол деп ойлоду окшойт, аябай кубанып кетти. А мен анын ошол ишеничин, кубанычын суутпайын деп, унчукпай коюп койдум.
– Кызыксыз го?!.
Экөө көпкө чейин унчугушпай калышты. Эмнегедир, Елизанын ыйлагысы келип кетти: «Эмнеге адамдар ушундай? Эмнеге жубайлар бири-бирин алдашат?!. Апасынын ар дайым айта берчү: «Керек болсо койнуңда жаткан адамың да алдайт! Бир көзүң бир көзүңө жоо! Адамдын өзүнүн чыныгы жүзүн эч качан көрө албайсың! Анын бетиндеги бир чүмбөтүн сыйырсаң экинчиси, аны сыйырсаң үчүнчүсү, төртүнчүсү, анан дагы-дагы түгөнбөйт! Ошондуктан сүйүүгө да ишенбе! Сенин жаштыгыңа, сулуулугуңа сугун арткандар алдап кетиши турган иш!» – дегендерин эстеди. Кантип эле?! Кантип эле адамдардын баары ошондой болсун?! Маселен, ушул эле Арнас таякемчи?! Аны ким айтат, эки жүздүү, алдамчы, сүйүүнүн кадырын билбеген кемпай» деп?! Демек, эркектердин баары тең эле алдамчы эместир?!. »
Елиза тууралуу эжесинен күн мурун уккан Арнас бир убакта:
– Кана эми, сулуу кыз, – деди, – Жүрөгүңдө жашынып турган адамды бери алып чык, таякең арыдан бери эле таразалай койсун!
Елиза саал тарткынчыктай да, эркелей унчукту:
– А сиз анан... урушпайсызбы?
– Кызык кыз го, бирөөнү сүйөсүң деп да адамды урушчу беле?
– А сиздин эжекеңиз күндө эле кулагымдын кужурун алып урушуп атат.
– Эмне деп?
– «Аны сүйбө, ал жаман! Муну сүйбө, бул жаман!» деп...
– Алар чыныгы сүйүүнүн көзү сокур болоорун түшү¬нүшпөйт да, – Андан ары эч нерсе айтпай койбосун дегенчелик кылып, Елизаны кубаттаган болду Арнас.
– Арнас байке, эмнегедир мен бир эле адам жөнүндө ойлоп, бул жашоого бир эле адам үчүн жаралып келгендей сезчү болдум...Буга чейин менде мындай сезим болгон эмес. Мен эч кимди мынчалык жакшы көргөн эмесмин. Ишенесизби, ошол адам бар үчүн гана жашоо бар сыяктуу, эгерде ал болбосо жер астын-үстүн түшүп, эч качан, эч убакта күн чыкпай, түбөлүктүү түн түшүп кала турган сыяктана берем. Мен аны ушунчалык сүйөм, таяке! Ушунчалык! !! Мен ансыз, аны ойлобой, аны көбөй жашай албачудай сезилем. Мен аны көпкө чейин көрбөй калып, өгүнү ооруп да калдым.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сагынуудан, сүйүүдөн да көрсө адам ооруйт экен! Мен ага ресторандан жолуккам... Ошол күнү кечинде ал эмнегедир жалгыз, ыйлап келген. Элестетиңиз, жапжакшынакай эле, чоп-чоң кишинин көзүнүн жашы буурчактап, жаш балача солуктап ыйлап отурганын! Ал кудум, бийик аскадан түшүп келип, көпчүлүктү пааналап, бирок антсе да өзүн жалгыз сезип, ыйлап отурган шумкарга окшош эле... Элестетсеңиз! Ал мени караган да жок. А бирок, мен тээ качантан өзүм да билбей, өзүм да сезбей, бирок жүрөгүмдүн тереңинде күтүп, издеп жүргөн эң жакын адамымды тапкандай болдум! Ал мага кудум жомоктон түшүп келген менин каарманымдай сезилген! Бирок, ал да мени билбейт, түшүнбөйт! Ал менин өзү үчүн жашап жүргөнүмдү байкабайт! Жанымда туруп мени көрбөйт! Андан кийин бир-эки жолу ошентип жалгыз келди. Ошондон кийин ар бир жолу ресторанга келген сайын ар бөлөк аялдарды алып келет.
Андайда мен ызаланам, кызганам, ыйлайм! Бирок ансайын ага болгон махабатым жалындайт! Кээде өзүмдөн-өзүм каяккдыр качкым келет. Тоолорду ашып, талааларды кесип, буркан-шаркан аккан дарыяларды, мелмилдеп тунуп жаткан деңизди кечип, кайдадыр-кайдадыр дербиш болуп тентип кеткенге даяр болуп кетем! А бирок апамды аяйм!..
– Елиза?! – карындашынын мынчалык толкундануу менен чечилээрин күтпөгөн Арнас ага таң кала да, кайра ошончолук сыймыктана да карады. – Елиза, мен сени куттуктайм карындашым! Сага Теңирим чыныгы сүйүү бериптир! Кеп сенин кимди сүйгөнүңдө эмес, кеп – сенин сүйүүңдүн буркан-шаркан түшкөн албуут дагы, ошончолук назик, тамчыдай таза, уяңдыгында! Ал сенин жандилиңди ансайын аруулаптыр, алтыным! Сен кандай бактылуусуң? !
– Кантип эле?!.
– Чын дилимден айтып атам! – ордунан тура калып, карындашын баягыдай тап-так көтөрө айлантты:
– Ура– аа!
– Арнас таяке, акырыныңыз! Антпесе азыр эжеңиз чуркап келет!
– Кана эми, айт! Менин карындашымдын жүрөгүн үй кылып алган ким, ал?!
– Сүрөтүн көрсөтөйүнбү? – Китебинин арасынан сүрөт издеп атып. – Арнас таяке, кандайдыр бир жолун таап, сиз ага жолугуп көрүңүзчү, – деди, – Деги эле ал ким, кандай киши... таанышып, сүйлөшүңүзчү?
– Сөзсүз ошентем! – деп сүрөттү колуна алган жигит эмнегедир өңү бузулуп, нес боло түштү! Таякесинин эмнеге анткенин кыз түшүнгөн жок.
– Ушул! – деди кандайдыр бир сыймык менен, – Жактыбы сизге? А жанындагы аялы менен кызы окшойт.
– Еля?!. – деди сүрөтөн көзүн албай, дел болгон жигит, – Еля, аты ким мунун?!
– Ынак, – кооптоно карады кыз, – Тааныйсызбы?
– Ынакпы?! А бул айымдын ким экенин билесиңби?!
– Жок?!
– Акшоола!
– Ыя-а?!
– Ооба! – Арнас андан ары эмне дээрин билбей, оозунан сөзү түшүп, шалдая түштү. Эми Елизага эмне дейт? Ага эмне деп кеңеш берет? «Акшооладай аялды азапка салган, сенин Ынагың акмак! Ал сага татыктуу эмес!» – дейби? Аны Елиза кандай кабыл алат? «Жана эле өзүңүз чыныгы сүйүүнүн көзү сокур болот! Кеп – кимди сүйгөнүңдө эмес, аны аруу, ак сүйгөнүңдө дебедиңиз беле!» – десечи?! Антейин десе, азыр эле экөөлөп Акшооланы азапка салган адамды «акмак!» деп атышпады беле?! А бирок: «Сен сүйгөн ошол адамга сөзсүз жолугуп, сүйлөшөм», – деп эми эле берген убадасычы? Тагдырдын тамашасын, табышмагын карабайсыңбы, кенедейден келечекке ой жоруп, таттуу кыялдардын кучагында бой жеткен экөөнүн минтип эрди-катынга арзып!..
Елизанын да эси эңгиреп, башаламан ойлордон башы айланып, өзү айткандай жандүйнөсү аңтар-теңтер болуп, тумандын арасында калгансыды. .. Баятан бери божурап, бири-бирине төгүлүп-чачылып аткан экөөнүн сөзү ушуну менен оңчулуктуу деле уланган жок. Көмкөрөсүнөн түшүп, көкүрөгүнө жаздыгын бекем кучактаган боюнча көпкө кыймылсыз жатты кыз. Анын уктабай жатканын Арнас билип эле, а бирок Арнас да унчуккан жок.
Тээ бир топто барып:
– Арнас таяке! – деди Елиза алда кандай жыйынтыкка келген кыязда чечкиндүү унчугуп.
– Ии?
– Мен бир нерсени түшүндүм...
– Эмнени?
– Демек, баягы ресторанга ыйлап келген күнү Ынак байке аялы менен урушуп келген турбайбы!
– Ошондой деп ойлойсуңбу? – өзү да ошентип бүдө¬мүктөп жаткан Арнас ынана сурады.
– А сиз ошол окуянын качан, кайсы күнү болгонун эстей аласызбы?
– Күзүндө болчу... Менимче сентябрда...
– Айтпадым беле! – болжогону оңунан чыккандай Елиза жуурканын ары силкип таштап, тура калды, – Эгерде ишенбесеңиз менин күндөлүгүмдү караңыз, мен да ага так ошол сентябрда жолуккам... Билесизби, канчасы экенин? Экиси болчу!
Арнас да серпиле баш көтөрдү:
– Чын эле! Менин туулган күнүм! Ооба, так ошол күн! Анткени, мен деле жана айттымбы: «Туулган күнүмдө Теңирим мага сүйүү белек кылган» деп?!
– Көрдүңүзбү? ! Анан?!. Андан аркысын эстеп көр¬сөңүз... Демек, эмнегедир ошол күнү экөө элдешкис болуп таарынышкан. Сыягы, Акшоола ага кечирилгис айыптуу окшобойбу? Чын эле ошондой болуптур! .. Мен билгем таяке, Ынак эч кандай жаман адам эмес! Менимче анда күнөө жок, болбосо ал анчалык ыйлабайт эле! Ал анда ушунчалык өксүп-өксүп ыйлаган! Карөзгөй, таш боор же ыпылас адам эч качан антип ыйлабайт болчу! Анын жүрөгү боорукер, таза адам сыяктанган. Ал аябай ызалуу болчу!.. А балким, бу жерде чын эле ал эмес, Акшоола күнөөлүүдүр?
– Анда Акшоола эмнеге эс-учун жоготкуча, эки күн бою ачка же ток экенин билбей кайгырмак эле?! Эгер сен Акшооланын өзүн көрсөң, анын кандай адам экенин билет элең! – таарынган адамча төшөгүнө кирип жатты да, баягы күндөрдү кайра баштан көз алдынан чубатып, ойго батып кетти Арнас.
* * *
Ал күнү Ынак бая түштө эле Лилия менен чыгып кеткен боюнча кайра ишке келген жок. Иштен кийин да тээ түндүн бир оокумуна чейин күтө-күтө Айнуранын үмүтү эми чындап үзүлдү. Ынактын телефонуна чала берип да тажады. Ынак да ал чалган сайын улам өчүрүп коюп атып, акыры таптакыр эле жооп бергис кылып салды. Айнурага анын каякта экени табышмак болчу: «Лилия шүмшүк андан акча өндүрүш үчүн аялынын айыпсыз экенин, мунун баары Айнура экөөнүн кылыгы экенин айтып салды бекен?! Же көз боочу эме өзү азгырып кеттиби?!. » – деген эки анжы, күмөн ойлор быкпырдай кайнап, мазесин алып жиберди.
Түн ортосунда Лилияга телефон чалды.
– Да? – деди бир чети тааныш да, таңкалаарлыктай таа¬ныш эмес да үн. Айнура анын мындай добушун башта уккан эмес. Баягыдай: «Ким бул?!» – деп чыртылдабай, же: «Түн ортосунда каяктагы эме чалып атат?!» – деп уйкусурабай, тескерисинче анын телефон чалышын күткөн эмече жайбаракат, деги эле болуп көрбөгөндөй анткорлоно жылуу-жумшак сүйлөп, буга чейин уктабай ойгоо жатканынан эле кеп төркүнүн божомолдоду. Жаңы эле ким бирөөгө эркелеп аткандай экиленип, эң эле көңүлдүү:
– Алло, мен угуп атам? – деди Лилия.
Айнура андан ары кармана албай кетти:
– Ынак кайда?!
– Ааа, сенсиңби? Эмгиче уктай элексиңби?
– Анткорлонбочу антип! Ынак каякта деп атам?!
– Сарсанаа болбой эле кой, алтын кыз. Баары жакшы болот. Ал жакка барбайт го ал. Эми ары жагы сенин өзүңө эле байланыштуу болчудай, – ушинтип туюк-туюк сүйлөдү Лилия, – Анан да өзүңдүн келечегиңди ойлосоң, өзүмчүл болбошуң керек!..
Айнура анын эмне жөнүндө айтып атканын ийне-жибине чейин түшүндү. Анын: «...ал жакка барбайт го, сарысанаа болбо. Калганы өзүңө байланыштуу болот го» деген бүдөмүгү: «Акшоола жөнүндө эч нерсе айткан жокмун, андан камсанаба, бирок ары жагы өзүңө байланыштуу. Эгерде кыйшаңдай турган болсоң, аны да ойлонуп көрөбүз. Ал эми «өзүмчүл болбо» дегени: «Ынакты менден кызганам деп куруп калба!» дегени эле. Же кубанарын, же күйүнөөрүн билбей шалдая түшкөн келин:
– Ынак... сендеби?! – деди.
– Ооба.
– Жүз-зү кара десе! Мен азыр барчу болсом!..
– Анда баардык ишти ойрондотуп алышың мүмкүн, алтыным. Сенин али «он гүлүңдүн бири да ачыла элек» эмеспи!.. Үй-жайың дегендей...
Лилиянын эмне айткысы келип атканын бу саам да Айнура илгиртпей түшүндү. Эсине дароо үстүндөгү үйү түштү: «Айткандай эле, муну өзүмө каттатып алгычакты абайлай турайынчы, андан ары да көрө жатаармын! »
– Макул анда, сарысанаа болбой жакшы жат, ээ? Мен эртең өзүм чалам, – деген Лилия анан трубканы койду да:
– Менин ишим ушундай! – деди Ынакка. – Түн ортосунда да көйгөйлөрүн айтышат, кеңешимди сурашат...
* * *
Алтын нурларын ай ааламга тегиз чачып, толукшуган ай так терезенин тушунда жаркырап туруптур.Түн ортосунда туруп келип, терезени кароону адат кылып алган Акшоола ага тооп кыла: « Амансыңбы, Ай-Эне? – деди, – Уулум өзүңдөй ак, асыл адам болсо экен?!.»
Ошону туйгандай, кудум жүрөгүнүн алдынан кыбырады наристе. Баланын кайра да кыймылдашын күтүп, демин ичине каткан эне колун улам бир жерге алпарып, эң эле бактылуу эле. «Көрөсүң го балам, баары жакшы болот, – деди анан уулу менен сүйлөшүп, – Атаң сенин төрөлгөнүңдү укса... Айи-и-ий, кандай кубанат дейсиң!..» Ынактын сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей калдалактап, канатын жайып учуп-күйүп келатканын элестете, бактылуу жылмайды келин. Тун кызы төрөлгөндө да ошенткен. Төрөт үйүнүн алдында кызыл эт ымыркайын колуна олдоксон кармап, ушундай бир ичи элжиреп тиктеп турган.
– Капырай, баладан көзү каткансып бу кантет, ботом! Келе, бери бер?! – деген анда Ынакка апасы. Биринчи небересин өз ата-энесинен кызганган эне бир-эки ай айланчыктап кетпей, эмизээрде эле энесине бербесе, ороо-чулоосунан бери өзү кармап... Жарыктык киши десең, түнкүсүн бала ыйлаган сайын Акшоола менен тең жарыша туруп жүрүп, акыры: «Силер өзүңөр баласыңар! Мунун атасын деле өлтүрбөй-этпей эрезеге жеткиргем. Бала басты болбой,эми окууңарды түзүктөп окуп алгыла!» – деп бир күнү кызды алып баса берсе болобу! Ошондон кийин экөө ат тезегин кургатпай, айылга тез-тез бара беришчү болгон. Анда да аларды окуу¬сунан өксүбөсүн деген эне бир күнү:
– Силер эмне, балабызды ыйлатып коёт деп бизге ишенбей атасыңарбы же шаарда кылаарга ишиңер жокпу?! Андай болсо келгиле да кетмен чаап, мал баккыла! – деген. Канчалык кызды сагынып атышканы менен, андан кийин булар да бат-бат бара бергендерин токтоткон. Кээде-кээде, сыягы кызын аябай сагынганда ошентчү го: «Эмкисин эч кимге бербейбиз, ээ?» – деп калчу Ынак.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Баягы төлгөчүнүн: «Уул болот окшойт» – дегениндей эле, «УЗИ» да ошону айтты. Акшооланын кубанганын сураба! Ошондон чыгып эле Ынагына учуп жеткиси келген. Бир далай жерге чейин ошол эмоция менен келип, бирок капыл-тапыл баягы, машинесине башка аялды салып алып, муну көнөктөп төккөн жамгырга таштап кеткен сүрөт көз алдына «тык!» эте калып, кудум ошондогудай денесин жыйрып, ичиркенип алды. Андан ары бара албайт эле! А бирок, кандай болгон күндө дагы экөөнүн тээ эчактан күткөн ушул кубанычын унчукпай коюуга да мүмкүн эмес болчу. Кудай жалгап, Ынак телефонду алды.
– Алло, Ынак?! – деди кубанганынан шашкалактаган жубайы, – Ынак, сүйүнчү? Биз жакында уулдуу болобуз!
– Болсоңор жакшы болуптур! Эмне кылайын?!
Муну укканда бутунун учунан төбөсүнө чейин электр тогу аралап кеткендей, «селт!» этти келин. Күйөөсүнүн бар жоругунан да ушунусу кыйын эле! Балким, башка аял болсо мынчалык кордукка чыдайт беле, чыдабайт беле, канчалык өзөгү өрттөнүп турса да, бу жолу да аны баардык нерсеге акыл калчап, сабыр тутуп, көтөрө билген, кечире билген касиети менен сүйүүсү азаптан арачалап калды: «А балким, алда неге ачууланып аткандыр же туура эмес угуп алды го... – деди ал өзүн-өзү жооткотуп да, ошондой экенине өзүн-өзү ишендирип да, – Сен ага таарынба, уулум!. Билесиңби, сенин атаң кандай жигит?! Кудай буюр¬са, аман-эсен жарыкка келсең, анан кичине чоңоюп акыл-эс кирсе, көөрөсүң го, өзүң деле. Ал аябай жакшы адам!..»
Атүгүл, кийинки убактарда: «Деги, саат-кырсыгы жок, жаман көздөн, жаман сөздөн алыс жүрсө экен», – деп уба¬йым да тарта берчү болду.
Ынактын ишинде, кимдир бирөөлөр менен мамилесинде кичине эле кыйынчылык боло калганда Акшоола анын каш-кирпигинен эле билчү.
– Жок, баары жайында, – дечү кээде Ынак анысын жашыргысы келип.
– Калп айтпа, жаным! Көздөрүң айтып турбайбы? – дечү Акшоола. Көп учурда Ынак жубайына суратпай, атайылап эле бар маселени ортого салчу да, экөө кеңешип-таңашып бат эле чече коюшчу. «Акылкарачачым! – дейт эле туңгуюктан жол табыла калганына кубанган күйөөсү, – Акшоолам менин!» Аны ойлогон сайын: «Эми кантти экен?..» – деп жубайынын жүрөгү мыкчылат. Ошондой убактарда жанында боло албаганына өкүнөт. «Койчу, – дейт кайра эле өзүн алдап, – Анысы деле мендей аял да! А балким, ал менден да күйүмдүү, менден да жакшы аялдыр? Ылайым эле ошондой болсо экен!..»
Ай-күнү жакындаган сайын Акшооланын шаштысы кетет. Ымыркайы төрөлсө эле Ынагы үйгө кайтып келчү өңдөнүп, чыдамы жетпей барат. Бири-бирине куюп койгондой окшошкон ата менен баланы кыялында кучагына бирдей кысып, экөөнү тең канбай кайра-кайра жыттагылап, элжирей берет. «Менин кичинекей Ынагым, – дейт уулун эркелетип, – Данакерим менин!..»
Ушул түнү түшүнө Венера кирди, эмнегедир. Эшиктен баягыдай эле: «Эмне кабар айтышаар экен...» – дегендей бир чети чочулай, бир чети үмүттүү баш багат да, акырын жылып кирип Акшооланын маңдайындагы орундукка отурат.
– Баламдан кабар барбы?.. – бул анын көздөрүндөгү суроо. Шордуу аялга азыр: «Жок!» – деген жооп айтсаң эле баягысындай эс-учун жоготчудай сезилип, Акшоола эмне айтаарын билбей кайпактап атса, оозуна сала бергендей, эсине баягы Бермет деген төлгөчүнүн түшө калганын айт:
– Сени бирөөнө жиберейин, ошондон барып сурасаң!..
А бирок, ага деле болбой бир убакта баягыдай өз бетин өзү жошолоп, чачын жулуп, көкүрөгүн тытмалап жыгылганы көз алдында булактап, ага кошул-ташыл каяктандыр баланын ботодой боздоп, сыздаган ыйы сөөктөн өтөт. Ушундай да жаман түш болобу?! Андан ары уйкусу качты. Баягы, «тез жардам» алып кеткенден кийин дайынсыз кеткен Венераны эстеп, бир да жолу аркасынан сурамжылап, ооруканага барып же телефон чалып койбогонуна уялды. Кызык! Эмнегедир оюна ушу саам баягы төлгөчү аял айткан, Самаган «колдуу болгон» наристе түшүп кетти: «А балким, Вкенеранын уулу ошол эмеспи?!.» Жок, жок! Каяктан жүрүп андай болсун?! Деги, аман-эсен эле табылса экен, шордуунун баласы!..» Көз алдына ошол, бойтоюп ууртунан күлүп, анан көздөрүн жума, боору эзиле кытылдап күлүп аткан тили да, дили да тим эле ширин эки жашар Эркинбек элестеди. «А балким, андан бери табылган чыгаар?! Ошондой болсо канакей, атаганат! » – деп өзүн-өзү жооткотуп, канчалык алар тууралуу ойлобогонго аракеттенгени менен, эми элеки түшү эсинен түк кетпей туруп алды. Эркинбектин кытылдаган күлкүсү жана түшүндөгү алыс-алыстан сыздап, сай-сөөктү сыздаткан ыйга айланып, ал да апасын чакырып каяктадыр чучуктай чыңырып аткансып кетти.
Билинбегени менен,төлгөчүнүн айтканын жүрөгүнө өтө жакын алып алса керек, ошол күнү түшүнө Самаган менен баягы тажаал аял да кирди. Эмнегедир Ырыскан баягыдан да ачкүзөндөй болуп арыктап алыптыр. «Ии, бечара, төрөп алган окшобойбу... » – деп ойлоп атыптыр Акшоола. Аңгычакты ал да кудум Венерага окшоп, улуп-уңшуп ыйлап, жер сабап кирет. «Бу да баласын жоготконбу? !.» – деген Ак¬шоола капыс эле түйүлүп ооруп калган ичин басып, алардан алыстап качып баратыптыр. ..
Ойгонсо чындап эле ичи ооруп, денеси оорлоп ка– лыптыр. Ошондон көп өтпөй эле үйгө алактап Арнас кирип келди:
– Эмне болду, сизге?! – Анын жүзүндө кудум жакын адамындай күйүп-бышуу, кабатырлануу бар эле. Анын мындай камкордугун Акшоола ишине байланыштырып, ага ыраазы болуп, акыркы мезгилдерде атүгүл жакын адамындай ишенип, ыбаа карачу болгон.
– Анчалык коркпой эле коюңуз, Арнас! Ичим кичине түйүлгөнүнөн эле толгоом башталып калган жокпу деп... кеңеш сурайын деп эле чалгам...
– Толгоо башталарына али эрте да. Кана, бутуңузду сунуп түз жатыңызчы?
Башы жайык, жыгач түтүгүн эненин курсагына коюп, баланын жүрөгүн тыңшап, Акшооланын кан басымын өл¬чөгөн дарыгер:
– Алда неге капа болдуңуз беле? – деди.
– Жок... Эмне болду?
– Сиздин баардык абалыңыз, маселен кубанганыңыз да, кейигениңиз да балага таасир этээрин билесиз да?
– Айткансыз, – тамашага чалып күлүмсүрөдү келин.
– Анда арзыбаган... – «адам үчүн» деп айтып ала жаздап, кебин оңдоп кетти: – Анда арзыбаган нерселер үчүн баланын тынчын албай жүрсөңүз?.. – Муну чын дилинен сурана айтты Арнас.
– Анткен деле эмесмин.
– Калп айтпаңыз! Сиз жашырганыңыз менен уулуңуз айтып атпайбы, караңызчы таш болуп калыптыр! – деп алаканы менен сезгендей баланын так ошол үзүлүп кетүүчүдөй чатырап, чыңалып турган жерин таап, акырын укалаган болду эле, чын эле ичи жумшарып, бала байлоодон кутулгандай «култ!» этип жылып кетти.
– Эмесе, камданыңыз! – деди Арнас чечкиндүү, – Мен азыр сизди төрөт үйүнө жеткириш үчүн «тез жардам» чакырышым керек!
– Эрте дедиңиз го?
– Ошол эрте төрөп койбош үчүн барышыңыз керек.
Арнасты кантип кепке көндүрөрүн билбей шашып калган келин:
– А мен тамактана элекмин, – деди.
– Чак түшкө чейин ачка калтырып, менин уулумду анда аябай эле куураткан экенсиз да? Айтмакчы, жеке практикамда бул «пацан» менин биринчим!
– Кандай дедиңиз?! – Акшоола анча түшүнө албай калды.
– Буга чейин бир да баланы түйүлдүк кезинен көзөмөлгө алып, анын жарыкка келишин мынчалык чыдамсызданып күткөн эмесмин...
– А экинчи, үчүнчүлөрүчү? Менин баламдан кийин да балдарыңыз барбы?
Арнас каткырып күлүп ийди:
– Албетте, бар! Сиздин уулуңуз мага май көтөн деп койчу беле, ак жолтой болду, – манжаларын жумуп, – Эки эгиз кызым, бир орус уулум, бир карачай... бир казак кызым, дагы-дагы ким экени али белгисиз бир канча!..
– Оо-о, «баатыр ата» экенсиз да?
– Кудай буюрса!
– Кандай жакшы «ата», кандай жакшы адамсыз, Арнас! Айтмакчы, өзүңүздүн канча балаңыз бар? – Дасторконун жайып атып сурады Акшоола.
– Мен үйлөнө элекмин.
– Эмгичеби? Эмнеге?
– Мен... Жүрөгүмдүн ханышасын сүйүп жүрөм, Ак¬шоола!
Акшоола эмнегедир каткырып күлүп ийди:
– Сиз кызык айттыңыз го? А канчага чейин сүйүп жүрө бересиз?
– Билбейм.
– Ушундай да болобу?
– Ал менин жакшы көрөрүмдү билбейт.
– Албетте, айтпасаңыз ал каяктан билмек эле? Айтыңыз да!
– Айтсам... таарынып калсачы?
– Сиздей жигит сүйөм десе таарынган кыз... кызык го!
Арнас унчукпай, көздөрүн ала качып кетти.
– Аябай сулуу болсо керек? – Өзү тууралуу эч шек албаган келин ушинтип сурады.
– Албетте! Ал...
«Ал – сиз!» деп айтып ала жаздап, анан: – Ал аябай сулуу! – деди Арнас.
– Ишенем, Арнас. Анда тамакка караңыз...
Ушул убакта Арнас: «А сиз ким бирөөнү катуу сүйдүңүз беле?» – деп сурагысы келип, бирок жаратын ырбатып алгандан коркуп, унчукпай калды.
– Арнас, – деди бир убакта Акшоола өтө маанилүү бир нерсе айтуучудай үн катып, – Арнас, төрөт үйүнө бүгүн барбай эле коёюнчу?
– Эмнеге?
Эмнеге экенин кантип түшүндүрүп, кантип айтаарын билбей буйдала калган Акшоола, акыры чынын айтууга туу¬ра келди:
– Билесизби Арнас, менин боюмда бар экенин, анын уул болоорун эки айында эле бир Бермет деген төлгөчү аял айткан болчу. Чынымды айтсам, андайларга башта ишенчү эмесмин. Атүгүл алардан көңүлүм калып, ушунчалык жек көрүп да калгамын! Билесизби, эмнеге? Бир жолу иште отурсам, белгисиз бир аял телефон чалып, өтө шашылыш, маанилүү сөзү бар экенин айтып, жолугушууну талап кылды. Ошол күнү Ынак Америкадан учуп келмек. Мен аны тосуп алышым керек эле. А бирок аял жолугушууну так ошол күнкүгө такап, талап кылып туруп алды. Анан, бардым!.. Барсам, Лилия аттуу көзү ачык имиш! «Алыстан күйөөм келет» деп аябай күтүп аткан экенсиң, бирок экөөңдүн ортоңордо башка аял турат, бүгүн силер урушасыңар! » – деди ал. Мен ага ишенбей, мыйыгымдан күлдүм. «Кааласаң баа¬ры жайында болот, мен сага жардам берейин!» – деди ал. Мен Ынагым экөөбүз үчүн баардыгына кайыл элем, сураганын берет элем! Бирок, эмнегедир эле ал мага такыр жакпай койду. Экөөбүздүн жылдызыбыз туура келбей калдыбы, таптакыр эле денем үркүп, ымалаша албай койдум. Анын үстүнө мен Ынакка ушунчалык ишенет элем. Биздин тагдыр, биздин мамилебиз чукул арада, ойдо жок жерден ушунчалык өзгөрүлүп кетээри менин... үч уктасам түшүмө кирбеген окуя эле! «Өз убалың өзүңө!» – деди ал мен чыгып баратканда. Айткандай эле, үйгө келсем Ынак тосуп алды. А бирок ал баягы менин Ынагым эмес, таптакыр башка адам болуп алыптыр! Ишенесиңби, таптакыр башка! Ошол күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча анан... келген жок! Ал бизди таштап кетти! Атүгүл аркасынан барсам, мени карап да койбой башка аялды салып алып жүрүп кетип калды. Көнөктөп төккөн күзгү нөшөргө алка-шалка чыланып, нес болуп тура берипмин! ... Ага чейин экөөбүздүн канчалык бактылуу экенибизди сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес, Арнас! А кийин уулдуу болорубузду сүйүнчүлөп телефон чалсам, эмне деди дейсиңби?! «Эмне кылайын?! Жакшы болуптур! » – дейт. Башка чапкандай эле болдум. Айттым го Арнас, ал андай адам эмес болчу! Ал таптакыр башка болуп калыптыр! Же мен башта байкабай жүрдүм беле, билбейм!..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Акшоола ызадан кудум жаш балача аптыга кепке какап, ыйлап атып ушуларды айтты да:
Ынак экообуздун урушаарыбызды бир көзү ачык айтты эле. Ишенген эмесмин. Күйөо керек болсо, кайрылып бир келерсин! -деген. Менимче, ал Ынактын башка аял менен мамилесин мурдатан же жакындан билген окшойт, эми ойлойсом. Ошол аялга кайра бир кайрылып, сыр учугун чубагым келет...
– Бирок кийин, төрөгөндөн кийин барыңыз.
- Ммм. Мен анда кетейин. Ишке да кайрылышым керек.
- Макул. Анда мен сизди жеткирип коеюн.
Бу жолу да дарыгеринин чын дилинен кабатырланып жатканын Акшоола анын көздөрүнөн окуп, ыраазы боло күлүмсүрөдү:
– Сиздей дарыгерге туш болгон аялдар кандай бактылуубуз, Арнас!..
– Ынактын машинесине түшүп кеткен ошол аял... алиги Лилия эмес беле? – Арнастын жолдо келатып, күтүүсүз берген суроосунан улам «селт» этти Акшоола:
– Билбейм, мен анын өңүн көргөн эмесмин.
– Кызык! А сиз мага ошол көзү ачыктын дарегин бере аласызбы?
Акшоола таң калгандай тигиле карады:
– Эмнеге?
– Керек. Балким ал анчалык деле кыйын көзү ачык эмес¬тир? А балким ал Ынактын кайда, ким менен мамиле түзүп жүргөнүн алдын ала билип алып, шантаж жасаган алдамчыдыр?
– ?!.
– А балким, ал Ынакка да сизге айткандарды айтып, акча өндүрүп алгандыр? Азыр андайлар көбөйүп кетпедиби.
– Ырас айтасыз!.. Мүмкүн...
– Демек, Ынак менен кандай да болбосун бетме-бет жолугушуп, сүйлөшүүңүз керек окшойт. Бирок, албетте, азыр эмес, төрөгөндөн кийин.
* * *
Ары-бери өтүп аткандарды узата карап, алар жашаган үйдүн алдында отурушкан алтымыштан ашып калган ак чач эне менен сегиз-тогуз жашар кызды көрө Акшоола эмнегедир «селт!» этти:
– Апамдар!..
Анын ушу абалында сагыныч менен кубаныч бар эле. Ага кошул-ташыл андагы кандайдыр бир кысынуу менен ыңгайсызданууну Арнас өзүнө жоруду: «Кап, мен жөнүндө эми туура эмес ойлоп калышат го!..» Анткен менен бурулуп кетүүгө эми кеч болуп калган. Алдынан тосо чуркаган кызынын улам бир бетинен, көздөрүнөн өпкүлөп, саама¬йынан канбай кайра-кайра жыттагылап, көзүнүн жашы мончоктоп кетти.
– Капырай де! Кантип кетишээр экен?! – эненин ушинткенинен саал чыйрала түшүп, бирок баары бир эле энесине бой таштап:
– Апакем!.. – деп эреркеп кетти, – Апакем, менин!..
Эне келининин демейдегиден башкачараак өңдөнгөн бу кыялын олку-солку жоромолдоп койду: « Ай-күнүнө жетип калган эме... эти ооруксунуп калганбы? Же кызы менен көптөн бери көрүшпөгөнгө кусалана түшкөнбү?..»
Алар учурашып болгондо гана:
– Амансызбы, апа? – деди Арнас, – Жакшы келдиңизби?
– Кудайга шүгүр, кагылайын! – деген эне: – Ынагымдын жоро-жолдошторунан окшойсуң?.. Өркөнүң өссүн, айлана¬йын! – деп Арнастын маңдайынан сүйдү.
Арнас унчуккан жок. Апа азыр анын Акшоолага болгон тымызын махабатын, оюн окуп алгансып өзүнө-өзү батпай, жанын коёрго жер таппай, чекесинен тер чыпылдап кайпактай калды эле, Акшооланын:
– Апаке, жүрүңүздөр үйгө кирели? – дегени абалды оңдоп кетти.
– Аны сен жылдыра албайсың, балакетиңди алайын! Көтөрө келсең эле салмагы сайдын ташындай болуп, жей келсең эле жеңилин айт! – деди эне жердеги ала куржунду кармаган келинине. – Аны бу балам эле көтөрбөсө...
– Атың ким, айланайын? – Үйгө киргенден кийин сурады эне.
– Атым – Арнас, апа.
– Кайда иштейсиң?
– Дарыгермин.
– Ийе, балам! Эл керегине жараган жакшы бала турбайсыңбы. Ынактын деле келээр маалы болуп калгандыр, кетпей тамак ичип кет. Абышкам балдарга арнаган малын союп берип ийди эле. Ошент, айланайын?
Арнас менен Акшоола бирин-бири карап:
– Рахмат, апа. Башка иштерим бар эле, – деген жигит апанын өтүнүчүнө көнгөн жок.
Улам убакыт өткөн сайын кармаганы колунан түшүп, жүрөгү дүкүлдөп, Акшооланын көңүлү удургуп атты: «Эмне дейм?! Ынак башка аялга кетип калган деймби?!. Же бая эле командировкада дебей эмне болдум?! Жок, жок! Анда калпым чыгып калса эмне болот эле?! Же чынымды айтсам, апам ак жолтой болуп берээр бекен?! Апам менен Сезимдин келгенин укса, балким өзү деле түтпөс? Бир келип кетээр?! Ой, Кудайым, ай! Ылайым эле ошенткиси бардыр?!.»
– Э, ботом, бая бала эмне жоголду? – деп эне улам дубалда илинген саатка үңүлөт. Сезим да улам чуркап барып, терезеден сыртты карай берип тажадыбы:
– Апа, атама телефон чалайынбы? – деди.
Башта: «Кой, кызым, атаңдын тынчын албаш керек, ал иштеп атпайбы. Жумушу бүткөндө өзү эле келет!» – дечү апасы бу жолу:
– Мейлиң! – деп ийди. Ынагы азыр баягысындай: «Мен баратам, кызым!» – дечүдөй жүрөгү дикилдеп, көздөрү ымыр-чымыр болуп кетти.
– Балам, толготуп калган жоксуңбу? – деди анын ою ордунда эместей, уйгу-туйгу түшүп атканын байкап отурган кайненеси. Эси-дарты, эки көзү телефондо болуп аткан келин аны деле укпай калды. Баятан телефон менен алпурушуп отурган кыз бир убакта:
– Апа, атам телефонун өчүрүп салды! – деди ыйламсырап.
– Анда чогулуш-погулушу болуп аткандыр да! Коё туруп чалаар, – деди чоң энеси. Акшооланын асман-жери аңтарылып кетти: «Мени чалып атат деди! Ооба, ошентти!.. » – деди оюнда.
– Биздин телефондон кээде чыкпай калып атат. Биз сырт¬тан чалып келелиби, апа? – деди анан. Алар жашаган үйдөн анча деле алыста эмес телефон түйүнү боло турган. Жолдо баратып:
– Кызым, азыр атаңа чалып: «Ата, чоң апам экөөбүз келдик. Сизди аябай күтүп атабыз, тез келиңиз!»– деп айт. Кокус келбейм десе сагындым деп ыйлагының? – деп үйрөтүп келатты, – Макулбу?!
– Макул, – деген кыздын жүрөгү «зырп!» этти. Эриндери диртилдеп, ыйлап ийчүдөй өңдөнүп барып:
– Ал эмнеге келбей атат? – деди.
– Иши көп да, кызым!
Айткандай эле бу саам атасы илгиртпей жооп берди:
– Да-да? Ким бул?
– Ата-а, бул – мен!.. – араң турган кыз чындап эле ыйлап ийди.
– Сезимка?! Кандай кызым? Атаң-апаңдар кандай?
– Жакшы! – таарынгандай айтты кызы, – Сиз каяктасыз?!
– Сен кайдан чалып атасың? Ыйлабай айтчы, кызым? Каяктасың?
– Көчөдө!
– Кайсы көчөдө?!
– А сен үйдөн чалсам албай атпайсыңбы!
– Сен... шаардасыңбы? Ким менен келдиң?
– Чоң апам менен!
– Кай жердесиңер, телеграфтабы?
– Ооба!
Ата-энесинин ортосунда жагымсыз бир мамиле бар экенин туйган кыздын эки ийни солк-солк этип, араң сүй¬лөштү.
– Анда чоң апаң экөөңөр ошол жерде туруп тургула, мен азыр он мүнөттө барып калам. Жарайбы?
– Ооба!
– Айтмакчы, сага эмне ала барайын?
– Эчтеке! – деп Сезим трубканы койгондо апасы аны кучагына кысып, өзүнүн да заманасы куурула, акырын соо¬ротту:
– Ыйлаба, кызым! Ыйлабачы?! Эмне деди атаң?
– Ошол жерде туруп тургула, он мүнөттө барам дейт.
– Чынбы?! – жаш балача жарк этти келин. – Кел, анда ыйлабай, жакшынакай болуп күтүп туралы. Анан үчөөбүз эрчишип алып үйгө барабыз!..
Ошо он мүнөт он кылымга татып кетти го, чиркин! Төл¬гөчүнүн: «Баары жакшы болот, баарын унутасың да бактылуу болосуң!» – дегенин эстеп, ошого ишенип, ошол бакыты чын эле өзүн издеп келаткандай, Ынагынын жолун утурлай бажырайып, бактылуу турду Акшоола. Бирде апасын, бирде атасы келчү тарапты карап Сезимдин да тынчы кетип тыбырчылайт:
– Атам-м! – деген кыз аңгыча апасынын колунан суурлуп чыгып, машинени утурлай чуркады, – Ура-а, атам келатат!! !
Ал экөөнү карап, нес болуп турду келин. Бакыт деген ушу эмей! Ата-бала кучакташып, бири-бирине моокум канбай, кайра-кайра жытташып, Ынак кызын баягыдай улам кайра көкөлөтө ыргытып, улам кайра тосуп алып, бу жа¬шоодо алардан өткөн бактылуу эч ким жоктой дүйнөлөрү түгөл, телегейи тегиз болуп, айланып-тегеренип жыргап атышат. Бир убакта эле анан кызы апасы жакты көрсөтүп алда нелерди айтып аткандай болду...
– Кана, чоң апаң? – деди Ынак.
– Үйдө!
– А сен ким менен келдиң?
– Апам менен! Тигине апам! Жүрүңүз, – колунан жетеледи кыз.
– Сезу, токточу, сүйлөшөлү! – деди атасы жөн ган аны алаксытыш үчүн сурап, – Качан келдиңер? Үйдө ким бар экен?
– Жана эле келгенбиз. Келсек силер жок экенсиңер, чоң апам экөөбүз күтүп атсак анан апамдар келишти.
– Апамдар дегениң кимдер?
– Арнас байке деген бар турбайбы, сиздин досуңуз... ошолор.
Ынактын жаак эттери карыша түштү:
– Анан?
– Анан Арнас байке жакшы экен, биздин сумкаларды үйгө көтөрүшүп койду. Анда эмне бар экенин айтайынбы? Чоң атам төлбашы чоңкуйрукту союп, силерге берип ийген. Анан апам экөөбүз боорсок бышырып, бозо салып алып келгенбиз... Жүрсөңүз, үйгө!
– Үйдө ким бар?
– Чоң апам, анан биз...
– А тиги... Арнас байкеңчи?
– Ал кеткен жана эле.
– Кызым, сен апаң менен азыр бара бер. Мен эртең келип чоң апаң экөөңдү алып кетем, жарайбы?
– Каякка?
– Мм... Конокко.
– А апамчы?
– Ал Арнас байкең менен калат.
– Эмнеге? – Чындап эле түшүнбөй сурады кыз. – А эмнеге апам Арнас байке менен калат?
– Ошого, кызым. Аны кийин түшүнөсүң.
– Ата-а?! – кете тургандай кетенчиктеген атасына чап жабышып, апасы үйрөткөндөй чырылдап ыйлап ийди кызы, – Кетпеңизчи, ата?! Мен сизди сагындым, кетпеңизчи үйдөн?!.
Ынак түтпөй кетти:
– Жүрү анда! – деди кызын көтөрүп ала коюп. – Жүрү анда, чоң энеңе баралы!..
Алар Акшооланын жанынан өтүп барып, үйдүн жанына токтошту:
– Апамды ала келсек болмок, – деди кыз таарынгандай артына кылчактап, – Ал байкуш жалгыз калбадыбы!
– Аны Арнас байкең алып келет! – деди кызын көтөрүп бараткан Ынак бу саам дагы.
– Кандайсыз апа? – кудум бала кездегидей апасынын кучагына бой таштады уулу, – Жакшы келдиңизби? Атам кандай?
– Жакшы, тегеренейин! – деген эне уулун эркелете, мойну-башынан жыттады, – Садага болоюн, садага!.. Келдиңби?.. Ушу убакка чейин эле иштей бересиңби? Деги саат-кырсыгы жок жүрсөңөр болду.
Кудум кайра эле шашып бир жакка кете тургансып босогодогу креслого коомай отурган уулуна:
– Эмне өңүңдөн азгансың, балам? Каржайып арыктап да кетипсиң, бир жериң ооруп жүрөбү? – деди эне.
– Жакшы эле, апа. Өзүңөр кыйналган жоксуңарбы?
– Кыйналсак, кысталсак да жашап атабыз, балам! – эне эми таарыныңкы унчукту, – Тырмактай кыз менен абышка-кемпир бар эле, эмне болуп атышат дебей, дайынсыз эле жоголуп кеттиңер, ботом!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Уулу күнөөлүүдөй жер карады.
– Өзүбүз жетип келе калалы десек, атаң малдан чыга албайт. Карыган кишини сербейтип анда жалгыз таштап, баса бериш деле кыйын экен. Телефон деген эме да эки-үч айдан бери иштебейт. Сени бир баягыңдай келип кетеби деп жол карай берип көз майыбыз түгөндү. Акшоола ай-күнүнө жетип алганы үчүн эле түтпөй келдим, болбосо!..
Акшооланы укканда Ынактын итатайы тутулуп, бат эле бул үйдөн безип кеткиси келип, кайпактап кетти. Ошондон улам го:
– Эми кайра качан кетесиңер?! – деп оңтойсуз суроо берип алганын өзү да байкабай калды.
Эне ага эми таң калгандай одурая карады:
– Ботом, кубалайсыңбы? !
– Жок, жок...
– Алабармандап эле, деги эмне болуп калгансың, өзүң?! Ботом буту-башыңды чечип, жайыраак отурчу, мындай! Жоо кубалап келаткансыбай!
– Жок, мен кетем, апа!
– Түн ичинде да иштеп калгансыңбы? Капырай, эмне болуп калгансыңар? Эшикке чыгып кетип эле жанагы келин да жок?!.
Аңгыча сырттан Акшоола кирди эле, Ынак аны көргүсү келбегендей ордунан тура калып, тетири карап кетти. Кыраакы эне ошондо гана экөөнүн соо эмес экенин түшүндү:
– Ботом, мындайыңар жок эле, эмне болгонсуңар? !
Араң турган Акшоола жарылып кетти. Апасына болгон ишеним менен эреркөө, түгөйүнө болгон сагыныч, таарыныч, кечирим, үмүт... ушунун баарын азыр көкүрөгүнө катып, көөдөнүнө көтөрүп, көмүскө кармап турууга кудурет-эрки жетпей калды:
– Ынак-к?! – деп тизелеп отура калып, күйөөсүнүн колун кармады, – Ынак, эгерде менден күнөө кетсе кечирчи, Ынак?!.
Ынак андан колун күч менен булкуп алганда, күйөөсүнүн антээрин күтпөгөн келин сүдүрүлө түшүп, эми анын бутунан кучактай жыгылды:
– Ынак?! Мен сени баары бир сүйөм, Ынак! Мен сенсиз жашай албайм, Ынак!!! Бир жылдан бери кабарың жок, ушунча да азапка саласыңбы, Ынак?!!
– Эмне дейт?! – Баятан экөөнү карап, үрпөйүп отурган эне тура калды, – «Бир жылдан бери» дейби?! Мынчалык караргыдай Акшоола сага эмне кылды, каранкүн?! Өйдө тургуз, катыныңды! Кош бойлуу немени антип боздотчу эмес!
Уулу мисирейди.
– О, акмак! Сенден ушуну күткөн жок элем! Өз бүлөңө, өз балаңа ушунчалык кылган сен, кимди жыргатасың? ! Жок дегенде балаңды ойлосоң боло?!
– Ал менин балам эмес!!!
– Эмне дейт?! – «селт» этти эне.
– Эмне дедиң?! – Акшоола уккан кулагына ишенбей, эс-мас баш көтөрдү, – Эмне дедиң?!
Эне менен Сезим экөөнү алмак-салмак карап, дендароо турушту:
– Эмне дедиң, Ынак?! – Акшооланын эриндери «дирт-дирт» эте, алсыз шыбырады. – Балам эмес дейсиңби?! .
Ансыз да араң турган Ынак аны анткорлонуп атат деп ойлоду. Атүгүл анын мынчалык «артисттигине» таң калуудан айтууга сөз да таппай, жанына ушунчалык таш баткандан тили буулуп,калчылдап кетти да:
– Жүз-зү кара! – деп Акшооланын кучагынан бошой түшкөн бутун тартып алып: – Артист! Андай кылыктарыңды мага эмес, Арнасыңа көрсөт, макулбу?! – деди.
– Ынак?!!
Аларды угуп аткан эне кептин төркүнүнө эми көзү жеткендей боюн таштап, шалдая түштү: «Арнас дейби, катыгүн?!» Көз алдына жанараак эле Акшоола менен эрчишип келип, үйгө булардын жүгүн көтөрүп кирген ак жуумал, жакшынакай жигит тартыла түштү:
– Арнасыңар кандай эме эле, кокуй?!
– Ал бир укмуш эме, апа! Ал мына бул кызынан, күйөө¬сүнөн да башкача укмуш эме! – Чындап эле оюндагысын айтты Ынак. – Ошон үчүн баардыгын ошого айырбаштап, ошондон тууп атат да!!! – Муун-жүүнү калчылдап, ызага муу¬нуп, ыйлап да алган уулуна эне эми жантарта, жалбарып соорото колунан кармады:
– Кой, балам! Ачууңду бас! Ошого да ошончо капа болосуңбу?! «Катын – жолдо, бала – белде» дейт! Кудайым дагы берерин унутпай, алтын башың аман болсун! Катын кара жерге кирсин!! !
Анын үнүндө Акшоолага карата нааразылык эле эмес, кандайдыр бир жек көрүү, өгөйлөө пайда болгонсуду:
– Өз баламдай көрчү элем, Кудайга койдум!..
– Апа-а?! – Акшоола ак жеринен күйгөнгө ого бетер эсин жогото, кайненесине умтулду эле:
– Тарт!!! – деди эне андан боюн ала качып. – Баламдын башын аттап, эл караган бетин жер караткан катынды мен кечире албайм! Ылайым эле кусурум, тузум урсун, каапыр!! !
– Апаке-е?!
– Апа дебе! Жүзүң курусун, сенин!
– Жүргүлө апа, кетели?! – деди аңгыча Ынак, – Жүрү Сезим?!
– Жок! – Сезим алардан кеткенчиктеп, жанагыдай ыйлабай да, бир чекитти тиктеп, тамга сүйөнүп жерде отурган апасына ыктады, – Кетпейм!
– Жөн кой, калса калсын! – чоң энеси ага таарынгандай, аны да тангандай айтты. – Атанын кереги жок болсо калсын!
Алар эшикти «тарс!» жаап чыгып кетээри менен эне-бала бирин-бири кучактап, көпкө чейин солуктап ыйлап атышты:
– Сезимим! Кызым, менин! Кагылайыным, каралдым! – деп өзүн өпкүлөп, өпкөлөп ыйлаган апасынан бир убакта:
– Апа, чын эле мунун атасы Арнас байкеби? – деп сурады кызы. Акшоола чыйралып, соороно түштү:
– Калп айтат, кызым! Атаң калп айтат!
– Эмнеге?
– Билбейм... Балким бизден кетиш үчүндүр?..
– А мен сизден эч качан кетпейм! – деген кыз чоң кишидей сүйлөдү, – Мен чоң апамды эми эч качан кечирбейм!
– Антпе, кызым! Анда эмне күнөө? Эне деген баласына ишенет да. Сен деле мага ишенип атпайсыңбы, ыраспы?
– Ооба.
– Ошондой!
Кызынын саамайынан жыттагылап отуруп, ушуну ойлоду Акшоола: «Балада эмне күнөө? Баламдын жүрөгүн оорутпайынчы! ..» Ага кошул-ташыл баягы ишеними да аны соротту: «Ынак акыры түшүнөт! Уулдуу болсок баары жакшы болот! Төлгөчү деле айтып атпайбы, бу күндөрдүн баары унутулат! »
– Кызым! – деди анан, – Көрөсүң го, бөбөгүң төрөл¬гөндөн кийин баары жакшы болот. Атаң сөзсүз кайрылып келет, чоң апаң дагы...
Сезим да жымың этип, апасына карады:
– Чынбы?..
* * *
Айнура аларды анчейин кабыл алды. Эне да адегенде өзүн коомай, оңтойсуз сезгени менен уулунун өз үйүнө келгендей шапа-шупа кийимин которо коюп, апасын төрдүн төбөсүнө чыгара барпалактап калганынан улам: «Ботом, бу деле балама бөлөк-бөтөн үй эмес окшойт!» – деди оюнда. Жана булар киргенде чыйрыя ооз учунан учурашкан болуп, аркы үйгө кирип кеткен боюнча чыкпай калган чырайлуу келинге да аз-аздан: «Баламдын башына иш түшкөндө минтип, батырып алган жакшы келин экен, бечара! Болбосо, ызага алдырып арак ичип калса эмне болот эле?!» – деп ичи жылып келатты.
– Бул ким?! – деди Айнура байбиченин ким экенин туюп-билип турса да бир убакта үстүнө баш баккан Ынакка кабак-кашын бузуп.
– Апам! Апамдар келиптир деп айтып кетпедим беле!
Айнура жактырбагандай көмкөрөсүнөн оодарылып кетти.
– Чай кайнады, туруп апама чай берип, тамак жасабайсыңбы?
Чындап эле тажаган адамча кейип ийди келин:
– Ишенесиңби Ынак, күндүз кечке чай, кофеңди даярдамай, кабинетиңди жыйнап, келген-кеткениңди тосмой, узатмай! Эми ал аз келгенсип үйдө да!.. Тажадым, Ынак! Чарчадым! ..
– Биринчиден, экөөбүз качан үйдөн тамак ичип атабыз?! Ресторандап эле жүрөсүң го?! Экинчиден, апам келгенде бир жолу тамак жасап койсоң өлөсүңбү?!
– А апаң ресторандан тамак ичсе өлөбү?!
– Айнура!! ! – Чаап ийчүдөй кериле кол көтөрүп баратып токтоду Ынак, – Андай эле менден тажасаң кетип кал! Ишке да келбе!
– Эмне-е?!
– Эмне уксаң – ошо!
– Эмесе, энеңди эрчит да сен кет, үйдөн! Бул үй кимдики экенин унутуп калдыңбы?! Жумушуң болсо өзүңө эле буюр¬сун! Менин ордума жанагы Лилия деген көз боочу катынды алып келе албай аттың беле, эми алып келип ал, ошону! Уктуңбу?!
Башка чапкан эмедей Ынактын эси эңгирей түштү: «Демек, Лилия айткандай, буга менин үйүм эле керек экен да?! Жок, жок! – деди экинчи дагы бир туюму, – Кантип эле?! Кантип эле аялдардын баары эле бирдей жүзү кара болсун?! Балким бул... тек гана кызганычтан ушинтип атпасын?! Мүмкүн!» Ушул акыркы ою аны жоошутпаганда кандай болот эле, анын үстүнө ушул убакта апасы эшиктен баш бакты:
– Э, Ынак, баятан бери эле телефонуңдун үнү басылбай атат да?..
– Баратам, апа!
– Алло?! – Айнурага ачууланган боюнча бурк этти Ынак.
Телефон чалган Лилия экен.
– Алло, Ынак?
– Мен угуп атам, – доошу саал жоошуй унчукту Ынак.
– Алтыным десе, алда неге ачууланып атасыңбы? Эмне, маанайың пас?
– Ай-й, баягы эле да!..
– Ошо, эмнегедир эле баятан бери жүрөгүм мыкчылып атат эле... Үйгө келип кетпейсиңби?
– Ошентет элем, бирок айылдан апам келип...
– Койчу?! Анда кайра жакшы болбодубу, апаны ала келчи, Ынак?!
– Эмнеге?
– Сендей керемет жигитти төрөгөн энеге кызмат кылып, колунан даам сыздырган аялзат кандай бактылуу?.. – Лилия Ынактын эмнеге капалуу экенин айттырбай баамдап, ошого жараша жүрүш жасап кетти. – Суранам, Ынак?!.
– Болуптур! – чын эле көктөн тилегени жерден табылгандай, ансыз да айласы кетип турган жигит өзү да сүйүнүп кетти: – Барабыз, азыр! Апа, жүрү кеттик! – деди анан трубканы коюп эле шашылыш.
– Каякка ботом?!
– Сизди бирөө конокко чакырып атат!
Чыгып баратканда эне:
– Ботом, куттуу үйдөн кур чыгарбай нан ооз тийгизчи, – деп анан: – Ботом, тиги келинди жүрү дебейсиңби? ! – деди.
– Болбойт, апа! Барбайт, ал!
Алардын чыгып кеткенине Айнура анчалык кабагым-кашым дебей, тескерисинче туруп келип күзгүгө каранып, кыңылдап ырдап, көңүлү көтөрүлө түшкөндөй болду. Эмнегедир эртең мененки жигитти дагы эстеди. Өзүнөн алда канча жаш, а бирок абдан ачык-айрым, шайдоот, жутуп ийчүдөй болгон жакшынакай жигит экен. Өзүнө назары түшө калганын байкадыбы, Ынак Кабыловичтен чыгып баратып Айнурага күлө бакты:
– Рахмат сизге! Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын!
– Мен дагы, – ууртунан жылмая, наздана калды келин, – Келип туруңуз?
– Албетте! – деп анан кумар көз жигит кылыя бир тиктей калып, чөнтөгүнөн дарек, телефону жазылган визиткасын берди. – Кааласаңыз чалып туруңуз?..
Ушул элес, ушул сүрөт күнү бою көз алдынан кетпей, эмнегедир маанайы жаркып, куунак жүрдү келин. Демейдегидей Ынакты кызганып, туталанып таарынып, а бирок кайра эле ага жараматтанганды мындай кой, эмнегедир андан тажагансып да кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ошол жигиттин визиткасын айландырып карап, эрдине тийгизип өпкөн болуп, телефонду бурады:
– Алло, Мирлан?
– Да-да, мен угуп атам.
– Саламатсызбы, Мирлан? Айнура тынчыңызды алып атат...
– Айнура?! – жигиттин добушунда кубануунун белгиси бар эле, – Саламатсызбы, Айнура? Чалганыңыз жакшы болбодубу...
– Эмнеге?
– Мм... Кандай десем, мен да азыр сиз жөнүндө ойлонуп атат элем...
– Чынбы? А мен жөнүндө эмне деп ойлодуңуз?
– Абдан чырайлуу, жакшынакай айым экен деп.
– Дагы? – жигиттин жообуна канааттанбай калгансыды Айнура.
– Дагы... кандай бактылуу жигиттин жубайы болду экен деп...
– Коюңузчу?
– Чын айтам.
– А мен азырынча эч кимдин жубайы эмесмин!
– Кантип эле эч кимиңиз жок?
– Бар, бирок!..
– Түшүндүм. А сизге кандай жигиттер жагат?
– Сиздей!
– Мен кандай экемин?
– Жаш, сулуу, темпераменттүү, ачык-айрым.. .
– Чын айтып атканыңызды далилдей аласызбы?
– Албетте!
– Кантип? Кечиресиз, качан дегеним?
– Мен азыр жалгызмын...
* * *
Ынак Лилиянын айткандай эле апасын бар дүйнөсүн жайнатып «апакелеп», төгүлүп-чачылып тосуп алганына чын дилинен жетине албай, ыраазы болду. Өзү да жолдон ала келген таттуу-тарапасын анын колуна карматып, экөө ээндей калган кезде жаңы эле кошулушкан жаш жубайлардай күбүң-шыбың болуп бойлошо, өбүшүп-жытташа калып атышты. Анын баарын алдыртан аңдап, экөөнүн мамилесин, көз карашын байкап отурган апанын акылы айран: «Э, айланайын, жанагысы ким да, мунусу ким?! Же Акшоолага өчөшүп, чунак бала ар кай жерге эле бирден катын ала бергенби?! Анткен менен башына жоолук салынып, көйнөк кийип күткөнүнө караганда мунусу тигинден түзүгүрөк неме окшобойбу. Ботом, «ээсин сыйласаң итине сөөк сал» дейт! Баламды сыйлаган үчүн энесинен ошентип ыйбаа кылып атат да! Э, кокуй, тигинде камчы, теспеси турабы?!. Бүбү-бакшы немеби? Эмнеси болсо да балама залакаларын тийгизбей, ак жолтой болушкай эле, түгөнгүрлөр! ..»
– Мунун баарын ким жейт эле, кагылайын? Анчалык убара болбой эле койсоңчу! – дейт анан улам эле бир тамагын көтөрүп кирген келинге.
– Убарачылыгы жок, апаке! Сиз келип атсаңыз... – Лилия ушинткен сайын Ынактын чечекейи чеч. Апасынын байкоосуна караганда, бул үйдө деле уулу өз үйүндөй кенен-кесири басып-туруп атат.
Ынак эшикке чыкканда артынан бучкактай чыккан келин мойнуна ороло шыбырады:
– Ынаке, бүгүн кетпейсиңби? Кетпей эле койгулачы?.. Мен сени сагындым, жаным!..
– Мен да сени сагындым, алтыным!..
– Балам, мунуң ким? – деди эне бир убакта оңтойлуу учур боло калганда шыбырап.
– Лилия сизге келин бала болсомбу дейт, апа, – дейт анда Ынак атайылап эле Лилияга угуза айтып, – Жакшылап сынаңыз, апа. Экзаменден жакшы өтпөсө эле, анда...
– А жанагының ким эле? – эңкейе калып, ара чолодо кайра да шыбырайт эне.
– Сизге кимиси жакты, апа? – эненин суроосуна суроо менен жооп берет уулу.
Акшоолага канчалык карарып, таарынганы менен эмнегедир эле эне экөөнү тең ага теңей албай, ким-кимисине тең эле көңүлү тойбой койду. «Атаңдын көрү-ү, кем дүйнө! – деди ичинде өзүнүн келинин ойлоп, – Кайсы гана кара теке сүздү экен, шоркелдейди? ! Шайтан азгырды го?!.. Болбосо, бармактайынан колума келип, өз кызымдай сырдана болуп калды эле!.. Аны антет деп кимдин оюна келиптир, арман күн?!.»
Апасынын унчукпай ойго батып, улутуна тунжураганынан эле анын экөөнө тең алымсынбай атканын түшүнгөн Ынак, андан ары унчуккан жок...
* * *
Сезим кадыресе чоң кишидей кол арага жарап, эс кирип калыптыр. Ал келгени Акшоола жыргап эле калды. Эртели-кеч экөөнүн кобур-собуру бүтпөй, жатып алып да түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшө беришет.
– Апа-ов, атын ким коёбуз? – дейт кызы бөбөктүү болоорун эстегенде уйкусу умачтай ачылып.
– Атынбы? Бакыт коёбуз...
– Бакыт? Эмнеге?
– Анткени ал төрөлгөндө үйгө атаң келет да, кызым...
Апасына ишенип кытылдап күлөт да :
– Чоң апамчы? – дейт алда неге санааркай акырын улутулуп, – Мектепке барбай каламбы?
– Барасың! Көрөсүң го, баары жакшы болот. Атаң чоң энеңе айтып түшүндүрөт, атүгүл кечирим сурайт. Чоң апаң анда атаңды аябай тилдейт го, ээ?
– Ийи! – дейт кыз да, – «Эмнеге калп айттың?!» деппи? Ошо да!
– А биз анда: «Апаке, апаке?! Бир ачууңузду бизге береңиз? Байкушту урушпай эле коюңузчу?» – деп арачалайбыз, ээ?
– Ооба!
– Сезимка?
– Ии?
– Мен толготуп калсам, атаңа телефон чал, макулбу?
– Макул.
– Мен келгиче атаңдын жанында бол, жалгыз калсаң коркосуң да.
– Анан атам экөөбүз күндө сизге барабыз!..
Ынак менен кызынын төрөт үйүн сагалап, терезенин түбүндө жетелешип турганын элестетип, күлүмсүрөгөн Акшоола аңгыча:
– Ой! – деп артка чалкалай түштү.
– Эмне болду?!
– Жөн эле... Белиме жел туура калдыбы... – деген апасы анткен менен алда неден шектенгендей, алда нени тыңшап, күткөн сыяктуу унчукпай калды.
Сезимдин көзү илинип баратыптыр. Апасынын акырын онтоп, кыңкыстаганы аны «селт» эттирди. Эчак туруп алган апасы да кызынын ойгонгонун көрүп эле:
– Атаңа чалчы! – дегенге араң үлгүрдү да, эки колун белине ала, эрдин кырча тиштеп онтолоп ийди:
– Ой, Кудайым ай-й!!!
Сезим чуркап барып атасына телефон чалды. Апасынын маал-маалы менен кара терге түшүп, көзүнөн мончок-мончок жаш ыргып, эки бети албырып кеткенин көргөн кыздын ансайын шаштысы кете, көздөрү алаңдап калды.
– Да?! – телефонду аял алды: – Ким бул?!
Бейтааныш үндөн сестене түшкөн кыз:
– Атамды чакырып коюңузчу? – деди.
Аял андан ары жооп бербей, телефонду басып койду.
Сезим кайра да чалды.
– Да?! – Үнү жаш болгону менен жагымсыз жооп берди жанагы аял.
– Алло, атамды чакырыңызчы? !
Аңгыча артынан эркек кишинин үнү угулду:
– Ким экен? Берчи? Алло?
– Ата-ов?!
– Сезим?!
– Ата, апам төрөгөнү атат!
– ?!
– Батыраак келчи, ата?! Үү-Үү...
– А беркилер кайда?
– Кайсы?
– Арнас байкең?!
– Билбейм! Болчу, бат келчи ата, апам чыдабай атат?!
– «Тез жардам» чакырсын да!
– «Тез жардам» апамды алып кетсе, мен корком! – эптеп эле атасын келтириш үчүн ушинтти кыз. – Корком, ата!... Үү-үү!..
– Баягыда эле чоң энең менен кетип калбайт белең! – Нааразыдай айтты атасы. – Кийинип, даяр болуп тур анда, азыр барам!
Трубканы койгондон кийин чоң иш бүтүргөндөй компойгон Сезим ишенимдүү, токтоо сүйлөдү:
– Атам келсе, сизди доктурга өзүбүз эле жеткиребиз апа, тез жардам чакырбай эле туралы.
Чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй эшик чырылдады.
– Атам-м!! !
Ошого эркелеп, эреркеп кеткендей бир колу менен эшиктин туткасын кармап, бир колу менен белин басып кайкалаган келиндин муун-жүнү бошой, ого бетер алы кете түштү.
– Даярсыңбы, кеттик! – деди аны бир карап алып, көргүсү келбеген адамча дароо жүз буруп кеткен Ынак Сезимге.
– Ооба! – деген кыз апасына чуркады. – Жүрүңүз апа?..
– Сезим?!! – атасынын ушинткени баланын жүрөгүнө жебедей кадала түшкөнсүдү. Түшүнүп-түшүнө бербей, нес боло карады.
– Бас кеттик! Эмне турасың?! Бол!
– Ынак-к?!! – дегенге араң жараган Акшоола ошо убакта кайрадан белин баса кайкалай түшүп: – Ой жаным, ай-й!!! – деп Кудайына үнү жете боздоп ийгенде, Сезим кошо бакырып ыйлап, апасын кучактады.
Ынактын эси эңгирей түштү. Баягы-баягы Акшоола Сезимди толготуп, төрөт үйүнө жеткиргенин эстеди. Көчөгө чуркап чыгып, анда такси кармап келе койгон. Акшоола ыйлаган сайын өзү кошо толгоо тарткан эмедей жаны көзгө көрүнүп, көл-шал түшүп тердеп кеткен. Эми да ошентти. Денеси нымшып, чекесинен чыпылдап мууздак тер чыгып, жүрөгү барча-барча тилинип кетип атты. Жубайына чуркап жетип жубаткысы келип кетти. «Ушул бала меники болгондо эмне?» – деген бир өксүк бирок бат эле анын эми элеки болбурап турган мээрими менен сүйүүсүн таштай катырып, муздатып жиберди. Атүгүл терс бурулуп басып кеткиси келип, бирок дагы түткөн жок. «Бул да болсо биздин качанкы өткөргөн күндөр үчүн, кызым үчүн!» – деди да «тез жардам» чакырды.
Муну ал өз дилинде адамкерчилик деп түшүндү: «Ооба! – деди өзүн-өзү жубатып. – Адамкерчилик! Менин ордумда таптакыр бейтааныш адам болсо деле ушинтет болчу!..»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

«Тез жардам» тез эле жетип келди. Ошондо да: «Ой, Кудайым ай! Деги Арнас келбесе экен!..» – деп тилеп атты келин. Айткандай эле келген дарыгер башка экен. «Өх-х! – деди Акшоола, – Жакшы болбодубу! Ал да бир жагынан кошумча болуп!..»
Акшооланы алып кетип баратканда доктор:
– Сиз жолдошу болосузбу? – деди чоочун кишиче коомай отурган жигитке. Ынак анда деле унчуккан жок. Анын ордуна Сезим:
– Ийи, күйөөсү! – деп шашкалактап ийди эле, «тез жардамчылар» күлүп ийишти.
– Ата?! – Алар узап кеткен соң гана Сезим чоң кишидей олуттуу үн катып, телмире тиктеди, – Ата, сизге эмне болду?! Эмне турасыз?!
Анысы: Апамды жалгыз жөнөтүп ийип, эмне болуп калгансыз?! – дегени эле. Ошондо гана:
– Ыя? – деп уйкудан эми ойгонгондой чочуган атасы: – Аа... Ооба! Жүрү кетели!.. – деди.
– Каякка?!
– Үйгө... Биздин үйгө...
– Эртең анда апама алып барасызбы?!
– Эртең чоң энеңе жеткирип келем, сени!
– Жок!!!
– Барбайсыңбы?
– Анда апама ким барат?!
– Апаң төрт-беш күндө эле чыгып келет да... А тиякта чоң энең менен чоң атаң жалгыз... Чоң апаң ансыз да сага таарынып, ыйлап кетти. Же сага баары бирби?
– А сиз апама барасызбы?
– Жок! – кесе айтты атасы.
– Эмнеге?
– Ыйлабачы! Аны кийин түшүнөсүң! Жүрү эми, кеттик! – Кызын жетеледи атасы. Бирок, колун тартып алган Сезим ыйын тып басты да, быйтыйган алакандары менен көзүнүн жашын аарчып, атасынан кетенчиктеди:
– Мен эч жакка барбайм! Сиз өзүңүз кете бериңиз!! !
– Ал эмнең?! Коркосуң кызым!
– Коркпойм! Мен калп айткам сизге!
– Эмне деп калп айттың эле?
– «Корком» деп! Мен сизди келип, апамды доктурга алпарсын дегем! Апам төрөгөндө бөбөк көргөнү чогуу баралы дегем!..
– Сен түшүнчү, кызым!.. – Алда нени айтып түшүн¬дүргүсү келип, а бирок ошого кудурети жетпегендей мукактанды атасы. – Болуптур, кийин түшүнөсүң. Азыр болсо атаңды угуп койчу, кызым.
– Жок! Мен эч жакка барбайм! Мен апам менен Бакытты үйдөн күтөм.
Кызынын чоң кишидей сүйлөгөнүнөн ага тик карабай, көздөрүн ала качып, жалтактай түшкөн Ынак:
– Бакыт дейсиңби? – деди.
– «Бөбөк төрөлгөндө сизди келет, үйгө Бакыт келет» деп атын ошентип койгонбуз! ..
«Бакыт... Бакыт?!. – креслого чалкалай отуруп, көздөрүн жуумп кайра-кайра кайталады Ынак, – Бакыт!!! Менден эмес, башкадан туулган уулун Бакыт деп!.. Бактылуу болуптурсуң, көрдүм!..»
– Ыйлап атасызбы, ата? – Быйтыйган кичинекей колдор атасынын жашын арчыды. – Ата?!
Кызын бооруна кысып, кирпигин катуу-катуу ирмеп, көзүнүн жашын агызып салды да:
– Кечир, кызым?! – деди, Ынак. – Кечир, бизди?...
Кыз аны өзүнчө жоруду:
– Эми элдешесиңерби? !.
Атасы башын чайкады:
– Эми эч качан!..
Мостоё түшкөн кызын көтөрдү:
– Жүрү, кетели?..
Башын чайкады кыз:
– Сиз кете бериңиз!
Анын көздөрүндө чоң кишилердикиндей өзүнө-өзү ишенгендик, өктөмдүк, өжөр¬лүк бар эле.
– А сен коркпойсуңбу?
– Жок!
Канча курдай оюнда: «Кызым менен бүгүнчө мында түнөп калсамбы?» – деп, бирок эле мына-мына эшиктен башка бирөө кирип келчүдөй, өзүн өгөй сезип туруп алды:
– Жата гой, – деди кызына анан, – мен сыртыңдан жаап кетем. Уктап калсаң, эки-үч сааттан кийин таң атат. Турганыңда мага телефон чал, жарайбы?
Башын ийкеңдеткен кыз барып, төшөгүнө кирип кетти. Кызынын жанында отурган Ынак ал уктаганда гана ордунан туруп, саатты карады. Таң атайын дептир. Сезим да таңкы төрттө төрөлгөн...
Жаңы эле жарык дүйнөгө келген ымыркайдын «ыңаасы» Ынактын кулагына угула түштү. Аталык сезим, аталык мээрим электр тогундай дене боюн бир «дүр-р!» деп өрдөп, эмнегедир анан балбаалап ыйлагысы келе, бошоп кетти. Сырткы эшикти жаап атып кудум ошол Сезим төрөлгөндө¬гүдөй, андан да башкача – күчтүүрөөк бир аталык сезимге тушуга калып, а бирок ал так ушул маалда уулдуу болгонун билбей, баарын тең эле мурункуга жоруду.
* * *
– Уул таптың, сиңдим! Бешик бооң бек болсун! – деди Акшооланы төрөткөн дарыгер өзү төрөп алгандай агынан жарыла кубанып.
– Рахмат, эже, – деген келин башын көтөрүп уулун карады. Дене бою балкып, ушул тапта андан өткөн бактылуу эч ким жоктой эрдемсий түштү.
– Мынакей, уулуң! – чачтары капкара, кызыл эт ымыркайды дарыгер анын жылаңач көкүрөгүнүн үстүнө койду. Эриндерин чормоңдотуп, энесинин көкүрөгүн туш келди аймалап, тамшанган баланын оозуна эмчек салды. Чопулдатып сорумуш болгон уулун башынан сылап, эненин ичи элжиреди.
– Атасына аябай окшош экен, – деди баарынан да ошого аябай кубанып, – Куюп койгондой окшош экен, эже!.. Кичинекей Ынагым менин!
А бирок, ыйлап жатканын ал өзү туйган жок. Көздөн аккан ыпысык жаш жаагы ылдый салаалап, эки бетин жууп, жаздыгын заматта суулап ийди.
– Кантет? – деди анда дарыгер баланы алып кетип атып тамаша-чындан, – Уулуң жашоого жаңы эле келип атса, аны ый менен тоспой, күлүп тоссоң!..
Өзү да ошону эп көрө, көзүнүн жашын аарчып кытылдап күлдү Акшоола:
– Сүйүнгөнүмдөн эле, эже...
* * *
Сезим ойгонсо телефон чырылдап атыптыр. Чуркап келип трубканы көтөрдү:
– Да?
– Алло, Сезим?! – апасы экен. – Сен үйдөсүңбү, кызым?! Атаң кайда?!..
– Ал кеткен!
– Кеткен?!. Качан?..
– Билбейм, мен уктап атканда го...
– Жалгызсыңбы? – Жанагыдай эмес, маанайы чөгүңкү сурады эми. Баятан уйкусурап турган Сезимдин эсине бөбөгү тү¬шүп кетти:
– Апа, а сиз Бакытты төрөдүңүзбү? ...
– Ооба, кызым, – ошондо гана шашкалактай сүйүнчү¬лөдү апасы, – бөбөктүү болушуң менен!
– Ура-а!!!
– Ал кимге окшош экенин билесиңби?
– Магабы?
– Атаң экөөңөргө! – деген менен Акшоола кайра эле санааркай түштү, – Кызым, эмнеге атаң менен кеткен жоксуң?
– Анткени мен коркпойм да!
– Болуптур, мен кошуна апага телефон чалып коёюн, сага тамак берип турсун. Башка эч кимге эшикти ачпа. Сыртка чыкпа. Макулбу, кызым?
– Сарсанаа болбой эле коюңузчу апа, – деген Сезим трубканы коёру менен телефон кайра да чырылдады:
– Да?
– Алло, Сезим?
– А бу ким?
– Бул – Арнас байке. Апаң үйдөбү?
– Арнас байке, сүйүнчү?! – бөбөктүү болгонун кимге айтып, кимге мактанып, кубанычын бөлүшөөрүн билбей аткан кыз так секирди, – Сүйүнчү, апам мага Бакыт деген бөбөк төрөдү!
– Качан?! – Сүйүнүп кетти Арнас.
– Түндө апамдын ичи ооруп, биз атамды чакырсак, ал доктур чакырып, тез жардам келип апамды алып кеткен.
– А атаңчы? Ал барган жокпу?
– Жок, – эмнегедир күүнөөлүдөй жер карады кыз, – Апам жалгыз эле кеткен.
– А төрөгөнүн кантип билдиң?
– Апам азыр эле телефон чалды.
– Сен үйдө ким мененсиң?
– Жалгыз элемин.
– Анда азыр даярданып тур, экөөбүз апаңа барып келели.
– Ура-аа! – так секирди кыз, – Арнас байке, рахмат сизге!
* * *
Уулун улам-улам жыттап, бешенесинен сүйүп, күлүм¬сүрөй тигилген жубайдын оюна Ынак түшүп, ушул бакытты анын да туюп, анын да бактылуу болушун каалап кетти. «Сүйүнчү Ынак, уулдуу болдуң! Ал сага куюп койгондой окшош экен! Тим эле өзүң!» – дегиси келди. Ооба, «эмнеге айтпадың?» – деп таарынбасын да!
Чөнтөк телефонун алып, Ынактын номерин терди. Кудай жалгап, бу жолу телефонун басып салбай:
– Да?! – деди Ынак.
– Алло, Ынак! Сүйүнчү, уулдуу болдук!..
– ?!.
– Ту-ут! Ту-ут!. – Ынак уккусу келбегендей, өчүрүп таштады эле, Акшооланын телефон кармаган колу жансыз немедей шалдая түштү. Тамагы жашка, ызага мууна, уулун карады: «Ыйлабайм! – деди анан ичинде, – Эми эч качан ыйлабайм, уулум!.».
Аңгыча сырттан баш баккан келин:
– Акшооласыңбы? – деди.
– Ооба.
– Сизге кызыңыз менен күйөөңүз келди!
– Күйөөм?! – эмне дээрин, эмне кылаарын билбей, дендароо боло түштү Акшоола: «Көрсө келаткан тура!» – деди оюнда. Уулун көтөрүп алып, коридордун бир учунан бир учуна делбектеп, сүйүнгөндөн ыйлап да, күлүп да келатты.
– Апа-а! – деди эшиктин кичинекей көзөнөгүнө ба¬– шын салып, шыкаалап карап турган кызы колун булгалап, – Ба¬кы-ыт!
А бирок, аларга жеткенде Акшооланын жүзүндөгү эми элеки тамылжыган кызыл нур, эки ууртунда күлкү болуп төгүлгөн кубаныч «жалп!» дей түштү: Эшиктин алдында Сезимди жетелеп Ынак эмес, Арнас турган!
– Апа-ов?! Бакытик?!.
– Акшоола! – алардын добушу кулагына угулуп-угулбай, көзүнө каралжын, кызыл туңгуюктан бөлөк эч нерсе көрүн¬бөй, денеси магдырап, ошондо да уулун көкүрөгүнө кыса жанталашып, эс-учун жоготуп баратты.
Арнас эшиктин көзөнөгүнөн колун салып, илгичти ачып жиберди да ага учуп жетип, мына-мына кулачудай теңселген эне менен баланы, экөөнү бирдей кучактап, кармап калды да:
– Медсестраны чакыргылачы? ! – деди.
Заматта ак халатчан үчөө-төртөө чуркап келип, баланы өзүнчө, Акшооланы өзүнчө көтөрүп кирип кетишти. Ушунун баарын көрүп, буркурап ыйлап турган Сезимди сырттагылар:
– Ыйлаба, апаң азыр эле жакшы болот, – деп соороткон болушту.
Айткандай эле анча көп өтпөй ак халат, ак чепчик ки¬йип, оозу-мурдуна тумчуланган Арнас байкеси чыгып келди да:
– Сезим, баары жакшы! – деди кыздын маңдайынан сылап, – Апаң түндө уктабай бөбөгүңдү төрөп, уйкусу аябай келген турбайбы. Азыр уктап турса эле бүттү...
– Андан кийин такыр антпейби?
– Эч качан! Эми экөөнү өзүм бат-бат карап турам.
– Мен дагыбы?
– Албетте, экөөбүз! А баса, биздин гүлүбүз кайда?
– Мына! – терезеге коюп койгон чоң букет кызыл розаларды көтөрүп келе койду кыз, – Унутуп калдыңызбы, апам жыгылып баратканда сиз мага бере салбадыңыз беле. Буларды эми апама беребизби?
– Албетте! Жүрү...
Алар киргенде Акшоола уктап атыптыр. Гүлдү идишке салып, терезеге коюшту да, экөө акырын шыбырашып сүйлөшүп атышты:
– Арнас байке, Бакыт каякта?
– Аны апаң ойгонгондо алып келишет.
– А апам качан ойгонот?
– Анан...
Апасынын тез эле ойгонушун күтүп чыйпылыктап атып уктаган кызды Арнас алдына алып отуруп, өзүнүн кошо көзү илинип кетиптир. Бая эле ойгонгон Акшоола аларга, терезеде жыты аңкып, бажырайган кыпкызыл розаларга ичи элжиреп, бирде ыйлап, бирде күлүп, унчукпай карап жата берди.
* * *
Бул күнү Ынак өзүнө-өзү батпай, ой-санаасы алда кайда кетип, тыңчылыктуу иштей албай, алагды болуп эле туруп алды. Үстөккө-босток чылым чегип, кол алдында иштеген кызматкерлери түгүл анын фирмасы менен качантан кызматташып келаткан кардарлар менен да тил табыша албай, көкүрөгү ачышып, көңүлү ооруп, туталана берчү адаты кармады. Акыркы күндөрү эле ага ушундай мүнөз, ушундай оору табылды. Ойлосо, баягы «Иши оңолгондун ити чөп жейт» болгон Ынактын ою оңунан чыкпай, баары эле кетенчиктеп артына кетип бараткандай. Жоро-жолдоштор да мурункудай кирип-чыгып бапырабай, оолактай түшүшкөн экен...
«Эмнеге?! – дейт оюнда, – Албетте! Алар Акшооланын ушунчалыкка барганын каяктан билишмек эле?! Андыктан, ким жаман?! Баягы эле мен – Ынак жаман!..»
Эмнегедир ичкиси келди. Андайда ага сүйлөп, сөз коротуу натыйжасыз экенин түшүнгөн Айнурага анын үч-төрт күндөп ичип калганы кайра жакшы. Кабагына кар жааган күнү ал сөзсүз каяккадыр кетет да, түнөп калат. Ал күндөрү анын Лилияга барарын Айнура билип эле кабагым-кашым дебейт. А түгүл акыркы күндөрү жаңы, жаш махабаты менен ээн-эркин эзилишип, каалагандай кезигүүнү самап, «шефине» ачык айтып, ак сүйлөп эле үйдөн таптакыр чыгып кетүүсүн суранчу болду. «Үйүм үстүмдө, а иш болсо табылат», – дейт оюнда.
Лилия болсо барган сайын ажары ачылып, кыял-жоругу да өзгөрүлө, таптакыр шайыр болуп кетти. Аны байкаган жардамчы аял да эртели-кеч ырсалактап, тийишип калат:
– Ай, Ликентай, алиги жигитиңе жолукканы агыңдан жарылып эле, аябай сулуу болуп кеттиң го, ыя?!
– А эмне, жаманбы?!
– Жок, жакшы! Айтчы ай, аның бир укмуш болсо керек, ыя?!
Жардамчысын эмне жөнүндө айтып атканын түшүнгөн Лилия:
– Ишиң эмне?! – дейт ансайын табышмактап.
– Анан да байкайсыңбы, аның өзү барган сайын ач күсөндөй болуп эле арыктап баратат, бар ширесин калтырбай түнү бою кактап калат окшойсуң, ыя?! Билге-ем сенин ошондой, – көчүк-башын кылтыңдатат аял, – темперамент экениңди! Айтмакчы, кечээ келбеди го, аның?!.
Өзү да ошону ойлоп, эртеден сүрөтүнө дуба окуп отурган Лилия телефонду алды.
– Да?! – Корс этти Ынак.
– Ынак, бул – мен... Кандай, жаным?
– Аа, Лилия?.. Жакшы эле, бирок...
– Эмне бирок? – Кабатырлангандай сурады Лилия.
– Ай-й!.. – Улутунду Ынак. – Жаман болуп турам.
– Билгем... Эмнегедир эле кечээтен бери жүрөгүм түпөйүл болгонунан. ..
– Эмне кылып атасың?
– Келесиңби?
– Жок. Сен келчи. Бир жерге барып отуралычы? Сенин эриндериңди закуска кылып, өзүңдү карап отуруп арак ичким келип атат!
– Ошого элеби?!. – Эркелей, калп таарынып назданды Лилия.
– Жок, андан башкасы да бар! Баягылар эсиңдеби?
– Ой-ий, жаным, эсимде эмей! Кайдан жолугабыз?
Лилия жасанып-түзөнүп чыккыча, анан жаңы конуштан чыгып, болжогон жерге жеткиче убакыт бир далай болуп кетиптир. Күтө-күтө чарчап, саал кызып калган Ынак таарынгандай кылыя тиктеди.
– Кечиктимби? Кечирчи? – Лилия анын мойнуна колдорун ороп, туш келди өпкүлөдү: – Берекем менин!.. Жаным!..
– Эмне кечиктиң?!
– Мен тээ жердин түбүнөн, жөө-жалаңдап келгиче ушул болуп кетпедиби, берекем!
– Жөө келдиңби?!
– Жок. Бирок улам бир маршрутка которуп атып, канча азап-тозок менен келээримди билесиң да. Машинем болгондо го, сени бир да мүнөт күттүрбөй жетип келет элем...
– Машине элеби?!. Машине болсо эле эч качан күттүр¬бөйсүңбү? !.
Көктөн тилегени жерден табыла калгандай, ансайын жанталашып, өпкүлөп атып:
– Эч качан! Эч качан, жаным! – деп ийди Лилия.
– Эртең анда машине алып берем!
– Койчу?!
– Кудай урсун, келе колуңду?!
– Жок, кол алышпай эле коёлучу. Анткени азыр кызуурааксың. Эртең эсиңден чыгып кетсе, калпычы болуп каласың.
– Келе колуңду деп атам?!. Эртең ушундан чыгып эле өзүңө жаккан машинеңди алып берем, макулбу?!.
– Макул!..
* * *
Курсагын челкийтип, төрөт үйүнө жалгыз кеткен Ырыскан төрөгөндөн кийин деле кыздары күткөндөй баласын көтөрүп эмес, үйгө коколой башы эле, жалгыз кирип келген.
Мээримге кудум дарбыз салып алгансырап сезиле берчү курсагы шылынып, ошого мойну ансайын куркуюп, көздөрү чүңүрөйүп, чүпүрүктөй болуп араң эле жаны калыптыр. Ал кирип келгенде адаттагыдай акырын сүйлөп ашканада отурган үчөө: «Апа-а!» – деп бакырып барып басып калышты.
Саамга теңселе, улам бирин чекесинен сылап, мас немедей дубалга сүйөнүп үн-сөзсүз телмирген Ырысканды эми аркы үйдөн көйнөгүнүн көкүрөгүн дакдайтып, эч нерсе болбогондой, эч санаасы жоктой бети-башы майланыштырып Самаган утурлап чыкты. Эрди-катын үнсүз-сөзсүз бири-бирине тигилди.
Мелтиреп, кирпик ирмебей тиктеген аялдын көздөрү-нөн бир убакта салаалап жаш куюлуп кетти да, эриндери «дирт-дирт» этип, бакырып ыйлап барып Самаганды кучактап калды:
– Самаке-е!! ! Мен куруюн, Самаке! Мен бейбак жалгыз келдим, Самаке!! !
Самакеси аны сооротуп да койгон жок. Тескерисинче, бети-башынан өпкүлөгөн аялынан жийиркенгендей боюн, жүзүн качырып, ары кетенчиктеди эле, аял ыйын токтотуп мостоё түштү:
– Акмак!!! – деди анан калчылдап. – Туз-зум урган акмак!!! Кеткин үйдөн! Азыр кет!!! Сени желкемден чуңкуру көрсүн, зөөкүр! Ит деле аш ичкен жерине абалап үрүп берет! Ит деле күчүгүнө имерилип, балам дейт! Сен керек болсо итче жоксуң, жексур!! !
Үйдө азыр бир балакеттин башталаарын билгендей үрпөйүшкөн үчөө жылып-жылып жоголушту. Мээрим энесин аяп кетти. Анын ушундай айбанга аял болгону үчүн эмес, ушундай айбанды сүйгөнү үчүн аяды.
Атүгүл, так ушу маалда апасынын алдында өзүн күнөө¬көр сезип, баягыдай ага тик бага албай жалтактап атты!
– Шүмшү-үк!! ! – деп чаңырды ушу маалда жаны күйгөн Ырыскан өзүнүн күйүп-бышканына чымын чаккандай да болбой, сулкуйган эркекке. – Жок дегенде «балам кана?!» -деп койсоң боло шүмшүк!! !
Баятан апасынан ошону сурай албай, сумсайып турган кыздар энесине жабыла карашты.
– Кана?! – Самаган кандайдыр кайдыгер, мыскылдагандай болду. Өксүп-өксүп ийди Ырыскан. Ошондон кийин бар күчүн арактан чыгарчу болду, апасы. А бирок Мээрим ойлогондой эр сөрөйүн анда деле үйдөн кубалап ийе албай, кайра эле ага жабышып, жалынып-жалбарып, тапкан ташыганын ошонун оозуна салып, «бөтөлкөсүн» бөксөртпөй жашай берди.
Андайда тигинин күнү тууп, жамажайын жалжайта кү¬лүп, жапыраңдап калат да, стакан кучактаган боюнча коркурап кулаган Ырысканды ары тоголото аттап өтүп, түндө күшүл¬дөп-бышылдап Мээримге асылат.
«Апам келсе эле ушу азаптан кутулам» – деп ишенген кыздын безилдеп качып: «тийбегилеп» ыйлап, жалдырап-жалынганы анын кулагына да кирбейт. Ырыскан доктурда жатканда: «Сиңдилериңди аясаң үйдөн карыш чыкпа! Кокус эле колума тийбей калсаң же энеңе айтчу болсоң, анда эле ошолордун шору!» – деп коркутчу болгон.
Мээримдин эң аялуу, талылуу жери эле ошол экөө!
Ошондон көп өтпөй эле Мээрим оозун басып, окшуп жүгүрмөй адат тапты. Мурдунун үстүнө сепкил түшүп, баскан-турганы башка болуп, денеси да жайыла түшкөндөй.
А бирок анын себебин бала неме түшүнгөн эмес, бир күнү эле энеси алда неден шектенгендей кызына акырая карап:
– Ушу сен соо болбой калгансың го, шерменде?! – деди. Мээрим кирбеңдей түштү эле, эки сиңдиси да кеп эмне жөнүндө болуп атканын түшүнгөндөй, эмнегедир Самаганды карашты. Ырыскандын жүрөгү лакылдап, колу-башы калчылдай түшүп, бурчка тыгыла түшкөн кызын чачынан кармап, ары-бери жулкулдата, улам кайра бети-башына чапкылап, көкүрөккө ургулап, далысына дакылдата муштап, суракка ала баштады:
– Айт деп атам!!! Айт! Каяктан, кимден боозудуң, ######?! Айт!!!
Эжекесин аяп, чырылдап ыйлап, а бирок жакындоого даабай тегеренип, ары-бери чуркаган кичинекейи чыдабай кеттиби, өгөй атасынын сыртка чыга калганынан пайдаланып:
– Самаган атам!!! – деп ийди.
Аны укканда алда неден шекшинип, ансыз да араң турган аял:
– Аа-аа!!! – деп чаңырып, албууттугу ашына, кичинекейи ойлонгондой эр сөрөйүн күнөөлөмөк турсун тура калып Мээ¬римди басып жыгылып, баягыдан да катуулады.
– Апа-а?! Апа-а!!! Эжемди урба! Урба, эжемди!! ! – деген кенжеси эми аны этек-жеңинен жулкулдатып тарткылап атты.
– Апаке?! Апакебай, алтыным апа?! Эжемди өлтүрөсүз... Болду, апа! – деген ортончусу чуркап барып, өздөрүнө ымала санап жүргөн кемпирди чакырып келе койду.
– О, коку-уй, Ырыскан! Бул эмнең, кокуй! Коё бер баланы! – деп кызынын төшүнө сокудай болуп минип алып, жезкемпирдей чачы-башы саксайып, өзүн жоготуп калчылдаган кара катынды сүйрөп түшүрдү да:
– Ок, жолуң болгур!! ! Жолуң болсун, сенин! Ушуга кантип колуң барды, ыя?! – деди кагынып-силкине сүйлөп, – Бала-бакыраны кууратып! .. Ушундан көрө өлүп калсаңчы, Ырыскан!.. .
Уңулдап ыйлап, отурган жеринде жер сүзгүлөдү аял:
– Шерменде! !! Бетпак!! ! Ой, жаным ой!!! Анан ушунуку жакшыбы, эжекебай! Жашабай жатып боозуп алса, анан эмне кылам, эжекебай?!
– Ок! Эмне дейт, бу чунак?! – деген байбиче эркек менен мамиле кылмак түгүл, эч качан энесинен башка эч кимге тик багып карабаган жалтаң, кыз балага окшоп кылык күтүп, кылтыңдабай дайыма кийим-кечесинин жупунулугунан кымырылып жүрчү кыздын боюнда болуп калганына ишенип-ишенбей карады да, эмнегедир эсине дароо эле «тык!» этип Самаган түшүп кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

– Мээримдин шайтаны жок эле?!. – деди анан. Анын оюн түшүнө калган Мээрим эреркеп, эми гана өпкө-өпкө¬сүнө батпай, бетин басып өпкөлөп ыйлап ийди.
– «Кунаажын көзүн сүзбөсө», эч нерсе жок, эже! – деди Ырыскан демигип, – Бу шермендениби! ... Колун-кол, бутун-бут кылам, шашпасын! Ой шерменде! .. Ой, бетпак!.. Атасынан боозуйт деген эмне, кокуй! – кайрадан атырылып, кызды басылып жыгылчудай болуп баратканда кемпир ортого тура калды.
– Токтот! Шүмшүгүң экөөң баланы кураткан экенсиңер да, кокуй! Билгем, ушундай болоорун! Эки жыл мурун эле: «Абайла балам! Кыздарың турат!.. Аныңдын түрү жаман экен!» – деп айтпадым беле, же калппы?! Эми да кеч эмес! Эртерээк жоготпосоң дагы бирдин ичинен чыгасың, кокуй!
Ырыскандын кулагына анын бири да кирбей, же кызына күйгөнү, же эрине күйгөнү белгисиз ичи өрттөнүп, «кокуйлай» берди.
«Болду го эми, тынчыды окшойт. Акыры эне эмеспи, андан аркысын өзү чечээр» – деген байбиче үйдөн чыгып кетээри менен, тигинин жини кармап, Мээримге кайрадан атырылды эле, кыз үйдөн кантип качып чыкканын өзү да байкабай калды. Жылаңайлак жүгүргөн кош бойлуу кыз ыйлап, туш келди эле баягыдай... Кудум баягы үйдөн биринчи жолу караңгыда качкандай безилдеп кетип баратты.
Аны көргөндөр тек гана «оорулуу эме го, бечара» дегендей кылчайып коюшат. Качан гана жедеп чарчап, буту жылбай калганда гана ыргала басып келип, жол боюна токтоду да, тээ көк асмандын бетинде ак буладай чубалган булуттарга айланып, бу жерден, бу жашоодон, бу күндөн алыс-алыс качып, аалам кезип кеткиси келгендей, анан да алардын аруулугуна, актыгына, жерде эмес – бийикте жүргөнүнө суктангандай карады.
Өгөй атасы менен апасынан кеткенине сү¬йүндү. Капас¬тан качып чыккан аялуу канаттуудай жүрөгү «дир-дир!» эте, кере-кере дем алып, дене-бою магдырап, уйкусу келген адамдай көздөрү тунарып, жаны жер тартып баратты...
* * *
Жол жээгинде томурайып жыгылган кызды кээ бирөө¬лөр: «Эне-атасыз бир бечара эме го?!» – деп аяп, кээ бирөөлөр: «Ушундай эмелер көбөйдү!.. Жашабай жатып ичип алганбы!» – деп тилдеп, кээ бирөөлөр тек гана кайдыгер карап коюп өтүп кетип атышты.
Апасы менен бөбөгүн доктурдан чыгарып келаткан Сезим гана жол боюнда «өлүп» жаткан кыздан кыя өтүп кете албай:
– Апаке?! Биякта бир кыз өлүп жатат!!! – деп безилдеп ийди. Бала антип атса, унчукпай өтүп кетүүгө Арнастын да, Акшооланын да абийири чыдабайт эле:
– Токтоңузчу? ! – дешти экөө тең жарышып.
Таксист кыйылгансып, бирок моюн толгой албай машинесин жол четине чыгарып, артка жылды да, мындай көрүнүштөр ага жедеп көнүмүш болуп калгандай «өлгөн» кыз жакка кылчайып да койбой, күтүүнү жедеп жек көрүп бүткөн өңдүү көздөрүн жума, чалкалап отуруп калды.
Бөбөгүн астына алып отурган Сезим чый-пыйланып, терезеден көзү өтөт.
Мээримдин тамырын кармап көрүп эле:
– Боюнда бар экен, – деди Арнас.
– Коюңузчу?! Кенедей кыз го?! – Акшоола ары ишенбегендей, ары таң калгандай бирде Арнаска, бирде кызга карады. Ушу саам экөөнүн тең көз алдына баягы, Акшооланын жыгылганы элестей түштү.
– Эмне кылыш керек? – деди келин.
– «Тез жардам» чакырабыз го...
– Апа, ал өлүп калыптырбы? ! – аңгыча машинада отурган Сезим кабатырлана айнектен баш чыгарды.
– Жок, балам. Уктап калыптыр.
– А эмне, анын үйү жок бекен?
– Ошондой го.
– Анда... байкушту үйүбүзгө алып кетпейлиби?
Өзү да азыр эле: «Үйгө алып барып кийинтип, кур– сагын тойгузуп, колуна бир аз акча берип койсомбу...» – деп ойлоп аткан Акшоола шашып калды.
Кимдир бирөөлөрдүн кобур-собурун эшитип, кирпигин алсыз көтөргөн кыздын көзүнө адегенде жанагы эле ак булуттар, асман көрүндү... Анан, өзүн тегеректеген чоочун адамдар... Коркуп кетти!
Серпиле баш көтөрүп, артка кетенчиктей берген кызды:
– Коркпо, алтыным, – деди Акшоола анын уйпаланган саамайларынан сылап, – Сен жыгылып калыпсың, жардам берели деп токтогонбуз. .. Атың ким?
– Мээрим.
– Үйүң каякта, Мээрим?
– ? – унчукпай, мелтейе карады кыз.
Жада калса өз энеден мээрим көрбөгөн кызга жакшына кийинишкен, сылык-сыпаа бул аял-эркектин жумшак мамилеси өтө эле чоочун, жат сезилип кетти. Анын ушул көрүнүшү менен көздөрү – кудум адамдардын колуна кокусунан түшүп калган жапайы бир макулукка окшош эле.
– Мейли анда, – деди анын ушул абалдан эртерээк эле кутулгусу келип атканын байкаган аял, – Биз кетели. Бирок, боюңда да бар экен... Балким бизден жардам керектир?
«Боюңда барды» укканда апасынын жанагы улуп-уңшуган ый аралаш ачуу айкырыгы, кудум жезкемпирдей саксайып-үксөйүп, туш келди уруп, апчыгылап-чапчыгылаган кебетеси көз алдына элестей түшүп, бетин кош колдоп баса калды кыз.
– Мээрим, ала гой!.. – Акшоола кыздын колуна акча карматып: – Эгерде, качандыр бир өзүңдү жалгыз сезсең, кимдир бирөө менен сырдашкың, сүйлөшкүң келсе, же жардам керек болсо, мынакей менин телефонум, – деп визиткасын да калтырды.
Алар жүрүп кетишкенден кийин Мээрим үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгандай бир аз жеңилдей түштү. Чекесинен чыпылдап чыккан муздак терди алаканы менен аарчып, терең-терең дем алды. А бирок, эмнегедир тээ бир топто барып, кошуна байбиченин баягы бир жомогу эсине түшүп кетти. Энесинен эзели жакшы кеп угуп, оң тарбия укпаган шордууларга сабак болсун дечү бекен, үчөө эшиктин алдындагы отургучка тизилип отуруп калганда терезеден колун булгап чакырчу да, элден качып, коруна берчү үчөөнө ой-боюна койбой атып тамак берип, чөнтөктөрүнө таттуу-тарапасын салып, анан өткөн менен кеткенден, алыс менен жакындан саймердилеп, жалган менен чынды, ак менен караны камыр-жумур кылып, кобурап берчү...
«Жалгыз гана Жаратканга сыйынып, Жаратканга гана ишенген Кудайы момун бир адам жашаптыр... – деп баштаган бир жомогун, – Ии-и! Бүт өмүрүн Кудайдан ырайым күтүп жүрүп өткөрүптүр. .. Бир күнү-бир күнү ошол киши жаза тайып сормо сазга түшүп калат: «Оо, Кудай?!. Мен сага өмүр бою сыйынып, сени сүйүп, сага гана ишенип жашадым. Эми да сага таянам, сага гана ишенем!.. Мага жардам бер!» – деп суранат. Сормо сазга анда тизесинен батып калган кези экен. Аңгыча эле кайдан жайдан делбектеп бир адам жетип келет да: «Келе колуңду, тартып алайын?!» – дейт. Анда тиги: «Жок, жок! Мен сага ишенбейм! Мен Теңирге гана ишенем! Мага ал өзү жардамдашат! » – деп кетирип ийет: «Оо, Теңир?! Мен сага өмүр бою ак элем!.. Мени куткар!» – деп кайрадан сурана баштайт. Ал сазга белчесинен баткан кезде дагы бир адам пайда болот. «Жок, жок! Мен Алла-Таалама гана ишенем! Ал мени өзү куткарат! » – деп аларга да көнбөйт. Бир убакта саз кекиртегине келе түшөт. Аңгыча алда кайдан кайыкчан адам жетип келет: «Жок, жок, адам баласы! – дейт анда да тиги, – Мага тийбе! Мени Кудайым өзү куткарат! »
Ошентип саз аны таптакыр соруп алат.
Тиги дүйнөгө барганында анан Кудайына таарынат имиш: «Мен өмүр бою өзүңө гана ишенип, өзүңө гана сы¬йынып, улуулугуңа, кудуретиңе кулдук уруп жашадым. А бирок, менин бир өтүнүчүмдү кабыл кылбай, ишенимимди өчүрдүң... Мени эмнеге сактап калган жоксуң?!» – деп. Анда Алла-Таалам айтат имиш: «Ээ, пендем, мен сени ажалдан арачалап, саздан тартып алсын үчүн бир эмес үч жолу адамдарды алпарсам, такыр көнбөй койбодуңбу! »
Ошондуктан ар нерсеге акыл калчап токтоо, сабырдуу, кечиримдүү болуп, «киши болоор кишинин киши менен иши бар» дейт, бою-башыңарды баарынан эле качыра бербей, эл менен аралашып жүргөн жакшы, айланайындар! Элден айланса болот, эл жакшы...»
Эмнегедир эсине ушул түшүп кетти: «А балким, мага да алиги аял менен эркекти... Алла-Таалам жибергендир? !».
Колуна уучтай кармаган акча менен визитканы карап, улутунду кыз. Жок дегенде жана үйдөн качканда, бутуна бир нерсе иле чыкпаганына өкүндү. Кайсыл көчөдө, үйүнөн канча алыс жүргөнүн, бу жерге чейин уялбай кантип жылаңайлак келгенине акылы жетпей атты. Энеси бая туш келди уруп, чымчый берип, денеси ооруп калыптыр. Эсине бир нерсе түшүп кеткендей, «селт» деп, кош колу менен курсагын кармалап көрдү. Эмнегедир ууртунан күлүмсүрөп, көңүлү элеп-желеп болуп, денеси балкый түштү. Ага биринчи жолу энелик сезим келди!.. Көздөрүн жума, башын саал чалкалатып, күн нуруна дидарын тосуп, арууланып, ага жуунуп аткан сыяктанды. А бирок, кайдан-жайдан эсине: «Бу бала мага кайдан келди?!» – деген суроо «тык!» эте түштү да, жүзүңдөгү эми элеки жылмаюу акырындап жоголуп, көз алдына баягы уктап аткан жеринен оозу-мурдун кабыштыра кармап, өгөй атасынын ашкана тарапка көтөрүп баратканы! .. Анын айдын жарыгында дапдаана көрүнүп, жагымсыз ырсайып, күлгөнү!.. Көз алдында каршы-терши ойноп, жаркылдаган чоң бычак!.. Денесине тийген жагымсыз колдор!.. Анан!!!
Кыз бетин баса калды. Эми элеки коргошундай балкыган денеси тарамыш болуп түйүлүп, эми элеки жагымдуу сезим жек көрүүгө айланып кетти.
Тээ бир далайда эсине эки сиңдиси түшүп, жүрөгү «болк» этти. Анын аялуу, талылуу тамырын кармап алган өгөй атасынын баягы: «Үйдөн каччу болсоң элеби!.. Анда сиңдилериңдин шору!» – деген сөзү азыр аны безге сайгандай секиртти.
Колуна уучтаган акчаны санады. Ашык-кеми жок эки жүз сом бериптир... Ошону эле күтүп тургандай өзөгү карарып, оозуна кара суу келип кетти. Бу жерден анча алыс эмес жерде кичирээк базар бар экен, жылаңайлак барып азыраак эле акчага апасы «шалп этме» деп койчу тумшугу менен арты ачык бут кийим алып кийип, эми жанагыдай элден корунбай, буту да жер баспай жыргап эле калды. Көз алдына жанагы жагымдуу аял менен эркек элестеп, аларга ичи жылыды. «Жакшы адамдар экен», – деди оюнда. Эмнегедир эле бир убакта анын алма жегиси келди: «Жок, жок, – деди кайра өз табитин өзү тыйып, – Акчаны үнөмдөш керек!..» Ал дайыма ошентчү. Колуна бир сары чолок акча тийсе да үнөмдөп, катчу: «Жол киреге жеткендей чогултсам, бөбөк¬төрүмдү ээрчитип алып атама кетем», – дечү оюнда. А бирок, Мээримдин айлап чогулткан сары чолокторун апасы алып койчу. Мээримдин көз алдында анын аруу тилек, аппак үмүттөрү ошентип, апасы менен өгөй атасынын арагына айланып, экөөнүн кекиртегинен ары өтүп кетчү.
Ичине картошка салынган май токоч алып жеп, а бирок ары барып эле кайра окшуп таштады. Эмнегедир эле алма жегиси келип, башка эч нерсе көргүсү келбей, көңүлү айнып туруп алды. «Болуптур, акыркы жолу...» – деп бир кил алма алды да, бирөө колунан жулуп алчудай аптыга-аптыга бурдап, бат эле арыдан бери жеп коюп, өзүнө-өзү таң калды: «Жинди экемин, Гүкү менен Жийдеге калтырбай койгонумду кара, кызык!»
А чындыгында ал кош бойлуу аялдын ушинтип кайсы бир тамакты эңсеп, талгак болоорун каяктан билди дейсиң?!.
Ошол күн ага оңой менен өтпөй койду. Оюна эки сиңдиси «кылт» эткен сайын жүрөгү жанчылат. Анын качып кеткени үчүн кек алып, өгөй атасы экөөнү бирдей кордоп, зордоп атканы көз алдына элестеп, сиңдилеринин чучуктай чыңырып чырылдаганы кулагынан кетпей, акыры күн бата үйүн көздөй дикилдеп келатты.
Үйдүн төбөсү көрүнгөндө кадамын жайлатты. Эшиктин алдында отурган экөөнү көрүп, эмнегедир денеси жыйрылып, чекесинен чыпылдап муздак тер чыгып кетти! Подьезд¬дин оозундагы отургучта деги эле эч нерсе болбогондой, эч капары жоктой болуп энеси менен эри эзилишип, эркелешип отурат! Ырыскан лөкүйгөн эркектин ийнине башын жөлөп, адатынча эрди-эрдине тийбей эбиреп сүйлөп, анда-санда башын көтөрүп тигини бетинен өөп коёт. «Экөө бүгүн дагы мас окшойт, – деди кыз оюнда, – А кыздар кайда? Үйдө окшойт...»
Экөөнүн ичип-жеген тамагын жыйнап, бири тырмалаңдап үй шыпырып, бири идиш-аяк жууп кибиреп жүргөн эки сиңдисин элестетип, көзүнө жаш тегеренип кетти. Самаган бу саам да Ырысканды алдап, аны аябай ичирип, аял неме эс-учун билбей калганда гана адатынча аны ары итерип таштап, эч нерседен капарсыз уктап калган эки кызды «эрмек» кылганга даярданып, ошону ойлоп отургандай сезилип кетти, ага! Жок! жок!!! – эриндери диртилдеп, денесин калчылдак басты, кыздын: – Эч качан!!! Эч качан!!! Өлтүрүп таштайм, сени анда!!! Өлтүрөм!! !
Кайра-кайра кайталап ушинткен кыз тигилерге кантип учуп жеткенин билбей калды.
Муштумун түйүп, өңү түктүйүп, экөөнүн маңдайында калчылдап-титиреди кыз:
– Эч качан!!! Эч качан!!! Уктуңбу, эч качан!!!
А бирок, анткен менен кыз апасынын азыр басып жыгылчу ургаачы жырткычтай комдонуп, акшыя тиктеген айбаат-сүрүнө, өгөй атасынын болсо тескерисинче шыйпаңдай караган шойком, ыпылас көздөрүнө андан ары туруштук берип карай албай, жүгүрүп үйгө кирип кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 00:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: