Суперстан: "Адашкандар". - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Адашкандар". Автор:ЖЫПАР ИСАБАЕВА

#41 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эрди-катын экөө тең жаман оюнда аны кызганып атат деп ойлошту.
– Бетпак!! ! – деди Ырыскан, – Шерменде! !!
– Айтпадым беле! «Менде күнөө жок, кызың өзү жабышты» десем ишенбей койдуң беле?! – ансайын актана, мактана компойду Самаган, – Мени сүйгөн бир эле сен эме-ес, любой жерге барсам ушундай! Так, что сенин Самаганың ким экенин билсең!
– Аныбы!.. Аны өлтүрөм, азыр!.. – Ырыскан жулунуп ордунан турду.
Эмнегедир, Самаган аны «шап» билектен кармады:
– Анда мен кетем!!!
– ?!! – Бу сөз ансыз да араң турган аялды безге сайган сыяктуу, ичинде кызганыч, ыза менен жек көрүү, баары кошул-ташыл кайнап, дендароо боло түштү: – Эмне?!. Эмне дедиң?!.
– Ынтымактуу жашайлы дебедикпи, эми эле?! Же мен кетейинби?! .
Кайра отурду, Ырыскан.
Мээрим үйгө кирип келип эле сиңдилерин кучактап, экөөнү алмак-салмак өпкүлөп да, ыйлап да атты:
– Тигил доңуз тийген жокпу?! – деди анан алардын көздөрүнөн алда нени издегендей үңүлө тиктеп.
– Жок! – кичинекей болсо да эжесинин эмне жөнүндө сурап атканын түшүндү, экөө:
– Жок!
– Чынбы?!
– Чын!
Ошондо гана тизелеп отура калып, эки сиңдисин бирдей кучагына кысып, кубангандан ыйлап ийди. Тигилер да эжесинин мойнунан бекем кучактап, эмнегедир өпкөлөп, көпкө ыйлашты.
– Мени менен кетесиңерби? – деди Мээрим.
– Ошкобу?! – кичүү кыз сүйүнүп кетти, – Ооба, эжеке! Кетебиз!..
– Жок, азырынча Ошко эмес.
– Анда каякка?
А бирок Мээрим мукактана түштү: «Чын эле каякка? – деди оюнда, – талаагабы?» Караңгы түндө экөөнүн бак түбүндө кучакташып, бүрүшүп-бүрүшүп уктап жатышканын элестете, жүрөгү сайгылашып кетти. Баягы түнкү окуя да эсинде эле.
– Же кичине чыдап тургулачы. Апаңардын жанынан чыкпагыла. «Көп ичпеңиз, биз атамдан коркобуз! » дегиле. Макулбу? А мен иштеп, акча топтосом, атама кетебиз.
– А түнүчүндө келесизби? – эжесинин баягы түнкү окуя¬сы анын да эсинен кете элек болчу. Ыйламсырап караган чоңураак кыздан көздөрүн ала качкан Мээрим:
– Билбейм... – деди.
– Сиз тигилер уктаганда келиңиз, биз эшикти акырын ачып киргизип алабыз. Кайра алардан биринчи туруп кетесиз?! Ошентпейсизби? – деди сиңдиси.
Сиңдисинен ушундай акыл чыкканына Мээрим кубанып кетти:
– Чын эле! Акылдуум менин! – эшиктен тиги экөө кирип келчүдөй шашкалактап, алактаган кыз сиңдилеринин көңү¬лүн тынчытыш үчүн чөнтөгүндөгү бир тутам акчаны алып чыгып көрсөттү:
– Көрдүңөрбү?
– Ой, ий! Ким берди?
– Ким экенин билбейм... – деген Мээрим алда нени эстей койгондой колун кайра чөнтөгүнө салып, Акшоола берген визитканы издеди: Жок!!! Ындыны сууй түштү:
– Кап! Түшүп калган турбайбы!
– Дагы акчаңыз бар беле?
– Жок. Акча берген эженин аты, телефону! ..
– Ий-й!!! – сиңдилери да кейиди. – Каякка түштү экен? Бирөөлөр таап алды го, эми...
– Мен анда кеттим! – экөөнү алмак-салмак бетинен өптү кыз.
– Кеч, тигилер жатканда, жарык өчкөндө келем, макулбу?
Ата-энеси ажырашканга чейинки өмүрүн Мээрим жомокко окшотот. Анын балалыгы, бактысы ошол айылда калгансып, кусалана берет. Апасы менен шаарга келип, алардын турмушунда анан өгөй атасынын пайда болушу менен булар кубаныч-күлкүнү кошо жоготушту. Акыры, тагдыры минтип таптакыр талкаланып, талаага безип барат... Бул анын өмүрүнүн үчүнчү көшөгөсү болчу...
Адегенде айбыгып, уялып атып, акыры акча табуунун бир жолун тапты. Эл көп жерди акмалап, жүзү ийги адамдарга алаканын жаят:
– Жардам бериңизчи?! . – Муну кыз чын жүрөктөн айтат, – Сиңдилеримди куткарышым керек, жардам бериңизчи?..
Анын сиңдилерин кимден, эмнеден куткарып, кай азаптан арачалагысы келгенин адамдар сурап да коюшпайт. Кай бир гана кайрымдуурак, боорукерлери бир-эки сом бере коёт да, унчукпай узап кете берет. Аларга ыраазы боло, артынан узата карап, алкап калат. Аркы-терки өткөн адамдардын ар бирине, алардын бул жашоодо мунун өгөй атасынын бар экендигин билбей, аны көрбөй, тааныбай жашагандары үчүн суктанат. Кай бирлери кайырчы кызды укмаксан, көрмөксөн болуп өтүшөт. Андайда умсунуп, уялып калат кыз: «Эч нерсе эмес. Эми кичине иштесем жетет...» – дейт өзүн-өзү жубатып. Эмнегедир, эсине баягы-баягы бейтааныш эжеси түшө берет. «Эмнеге ошондо аны ээрчип кетпедим?! Эмнеге дарегин жоготтум?! .» – деген өкүнүч менен өксүк өзөгүн өрттөп, кошуна апасынын баягы сормо сазга чөгүп кеткен киши жөнүндөгү жомогун эстейт: «Ага Кудай үч жолу киши жөнөтүптүр. Балким, мага андай адамдар дагы жолугаар?! .» – деген ишеним, үмүт менен баш көтөрөт, издейт. Ошон үчүнбү, адамдардын баары эле жардам бергени, аларды издеп келаткандай сезилип, миңдеген көз¬дөрдөн мээрим күтөт...
Керелди-кечке аялдамаларда, троллейбустарда, базарларда акча сурап, элдин аягы суюлган кезге чейин кафе-ресторандарды сагалап, кирген-чыккандардан акча сурайт. Жалаң жакшы кийинген адамдар келчү жерлерге көбүрөөк байырлаганынын себеби да бар: Ал көпчүлүктүн арасынан баягы адеп жолуккан боорукер аял менен эркекти издейт. Анткени менен көп учурда андай жерлерден муну: «Бар, жогол!» – деп жакын жуутпай түртүп, чыгарып салышат. А бирок, бара-бара ал деле буга көнүмүш болуп калган.
Шаарда кыймыл азайып, үйлөрдүн жарыгы өчкөнгө че¬йин үйүнө барбайт. Анчалык алыс эмес жерде акмалап отуруп, качан жарык өчкөндө жылып келет. Ошондо да дароо эле кире калууга болбойт. Апасы менен өгөй атасынын уктаганын күтөт. Төркү үйдөн качан экөөнүн коңуругу тең жарыша баштаганда эки сиңдиси ашкананын терезесинен кол булгайт. Кичинекей эмеспи, кээде Гүкүсү ал келгиче чыдабай, уктап калган болот. Жийде болсо сак. Атургай эжесине кээде тамак салып, катып коёт. Керелди-кечке көчөдө жүрүп чарчаган эжесин эртең менен да көбүнчө Жийде ойготот. Анан калса, Мээрим барган сайын уйкучу болуп баратат. Өзүнүн айтуусуна караганда күндүзү деле курут-сурут саткан аялдардын жанына отуруп, уктай берчү адат таап¬тыр. Кызык!... Анткени менен эжеси бир топ акча чогултуптур. «Эми бир аз эле толуктасам жол киребизге жетет», – дейт. Жийде башына дайыма бычак коюп жатчу эжесин аяды. Булар уктап атканда эжесин чырылдатып, кордоп аткан өгөй атасын эстеди. «Эмнеге ошондо учуп жетип, ушул бычак менен сайып салбады экен?! – Оюна ушул келди».
Бир күнү да үрөйдү учурган укмуштуудай окуя болду. Күндөгүдөй эле түн катып келген эжесине Жийде эшик ачып, уктап атышкан. Бир оокумда, кандайча болуп ойгонуп кеткенин ким билсин, үчөөнү карап, төшөктүн жанында килейген бир караан отуруптур! Өгөй атасы! Адегенде коркконунан үнү чыкпай, жалдырап эле ошону тиктеп, катып калыптыр. Кудай жалгап ошо убакта кичүү сиңдиси чукуранып ийсе болобу. Ошондо гана кыздын:
– Аа-аа!!! – деген ачуу чаңырыгы чыгып, Мээрим да аткан октой атып тура калды. Колунда – бычак! Калч-калч этет:
– Өлтүрөм!! ! – анын добушунда баягыдан башкача өжөрлүк, көрүнүшүндө кудум бала мыкаачыдай айбаат бар эле.
– Апа-а?!! – деп чаңырды, Жийде. Ага кошул-ташыл Гүкү ыйлап, үйдүн ичи ызы-чуу түшүп кетти. Аңгыча аркы үйдөн саксаңдап, аркы дубалга бир, берки дубалга бир урунуп темтеңдеген энеси чыгып келди.
– Өлтүрөм! – деди Мээрим, – Жолоп көргүлө, өлтүрөм!! !
– Шерменде! Ушу келсе ызы-чуу, ый! Жамандыктын жарчысындай болгон!.. – Кызды көрүп соолуга түшкөндөй, түзөнө калды аял. Анан ал Мээримди бузулган аялга айтылчу эң жаман сөз менен ашата баштады.
– Өзүң ошосуң! – деди Мээрим, – Өз балаңды каяктагы бир алкашка ыпыластатып, боозуттуруп коюп!.. Ошондо да эркектен өлүп бараткансып ошо айбандын этегине эрмешип, жакасына жармашып! .. Сен дагы энесиңби?! ! Тфу, сенин бетиңе! Ит да, куш да балам дейт!! Кантип гана көңүлүң тынч уктап атасың, ыя? Же мобуларды да ушул жырткычыңа жем кылайын деп ичип атасыңбы?! Ыя!!
– Самаган!! ! – Эрине арыздана чаңырды аял, – Муну угуп атасыңбы, Самаган?! Колун-кол, бутун-бут кылып кескилеп салчы, мобуну!! ! – Чындап эле көкүтүп, жеңинен кармап түрткүлөдү эрин. – Ошентчи, Самаке! Жашабай жатып, энесинен эр талашкан, атасынын койнуна кирген мындай бетпактын мага кереги жок! Өлтүрүп таштачы, Самаке?! Өлтүр!!!
– Жолоп көр!!! – Эки сиңдисин артына корголото тикирейип, муштумдай түйүлдү кыз, – Жолоп эле көр!!!
Ичинде: «Ушу азыр энең болбогондобу, койнумда туйлайт элең!» – деген Самаган өгүнкү күндөрдү эстеп, кызга мыйыгынан күлүмсүрөп, мыкчыя карады. Анын бу жолку жыргалына ошол гана тоскоол болуп аткандай, Ырысканды ого бетер жек көрүп кетти.
– Самаке? Алдагы шүмшүктү жалпайта чапчы, Самаке?! – деген аялдын өзүн анан:
– Барчы, ары! – деп итерип ийип, көмөлөнүп кеткен эменин үстүнөн аттап өтүп, аркы үйгө кирип кетти. Мээримди жеп ийчүдөй акшыя карап алып, эринин артынан кетти, аял.
Ошондон кийин Мээримден уйку качты: «Бул менин келгенимди билип алганбы? – дейт оюнда, – Же... Жийдеге кол салайын деп келдиби?! О жок, жок! Жок! Эмнеси болсо да бат эле таң атса, экөөнү тең бу жерден алып кетишим керек! Эптеп бир-эки күн чыдасак, түштүккө кетип калабыз. Булар жанымда болсо санаам тынч, жалгыз жүрбөй өзүмө да жакшы. А балким, баягы эже кайра да бир кезигип калса!!! »
Айткандай эле, ошол түнү таң эрте, көчө балдарынын саны дагы экиге көбөйдү... Эки сиңдисин таң эрте өзү менен кошо алып чыгып кетти.
* * *
Кээде Ырыскан Самаган экөөнүн ыйкы-тыйкы мамилесин кыздарына жоручу: «Канткен менен эркек да. Бирөө¬нүн балдарына эле кантип көңүлү жылысын? Балким, алар болбогондо да кандай болмок?.. Анын үстүнө бул мен үчүн өз катынын, балдарын таштап келип атса...» – дечү. Үч кызды ошондо эле Ошко, өз атасына калтырып, субай салт эле баса бербегенине өкүндү. Балдары үчүн артымдан келээр деп, күйөөсү үчүн ошенткен. Болбосо, алар деле кыздарды талашып, аябай эле чырылдап-чыркырашкан. ..
Ушинтип ойлогон аял кыздарынын үйдөн кетип калганы үчүн адегенде кейиген да эмес. Улуу кызы адеп шаарга келген күндөн тартып эле: «Кетем. Баары бир атамдарга качып кетем!» – дей берчү. «Мейли, – деди эми, – Кетишсин! Анын үстүнө жашабай жатып энесинин эрине көз арткан кыз кимге жакшылык кылсын?!. «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт!» Дагы Самаган сабырдуулук кылып тыйып-кысты да, болбособу! »...
Деген менен эрди-катындын кыздар кеткенден кийинки жашоосу Ырыскан ойлогондой болгон жок. Өгөй кыздарынан кутулганына, аялы экөө гана калганына Самаган сүйүнүүнүн ордуна, дуңкуйган жаны ого бетер эле түн түшүп, кабагына каар жаап калды. Кыздардын кетиши ага жаккан жок. Тал чыбыктай солкулдап, жаңы гана бой жетип келаткан жаш дененин даамын татып, деги эле бул үйгө адеп баш баккандан ошону ойлоп, ошону көксөп, бул үйгө да ошон үчүн байырлап, акыры ошол көктөн тилегени жерден табылган эменин тилегин таш капкандай эле болду. Канчалык үстүнө үйрүлүп түшүп атса да береги жыгачтай болгон өңү суук, тартайган арык, кара аял көзүнө ого бетер суук көрүнүп, ансайын кирген буурадай килтиңдеп башка-көзгө уруп, сабаганы күчөдү. Андайда тигинин дагы жаагы басылбайт. Ата-жотосунан бери каргап-шилеп, атүгүл Венеранын баласын ылайга жууруп, дубалга согуп таштаганын айтып, эл уксун деп атайылап эле айкырып-кыйкыра баштайт. Андайда Самагандын көз алдына баягы бала, бая¬гы сары дубал кайра: «шак! шак!» – эте кинотасмадай элес¬тей түшөт да, ого бетер жаалданып келип тигини басып жыгылат. Коңшу кемпир болбогондо да ким билет, кандай болот эле...
Экөөнүн дүкүлдөп кубалашканы, анан оозго алгыс сөздөр менен айкырышып-кыйкырышып, «дүпө-дүп! » түшүп мушташканы бир маалда аялдын дембе-дем, «жансоолаган» ачуу чаңырыгына айланды: «Кудай каары! Каяктагы эмеге ушинтип кор болгуча, кыздарын түзүктөп бакпайт беле!» – деп күңкүлдөгөн байбиче акыры түтпөй калды. «Барайынчы, ботом!» – деп эшигин түртсө, Кудай жалгап ачык экен. Кирип келип эле: «Коку-уй, кокуй!!! Бул эмне шумдук, кокуй!!! Оо, кокуй келгиле, кокуй! Бу шордууну өлтүрдү-ү, кокуй!!! » – деп өзүн-өзү жогото эки тизесин койгулап, ошо ордунда безеленип, безилдеп чаңырып атты, кемпир. Бирден-экиден болуп атып, акыры кошуна-колоңдор, ары-бери өткөндөр кирип келишсе!..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Көзүң жамандыкты көрбөсүн, энеден туума жылаңач жаткан Ыраскандын денеси бүт, Самагандын колдору билегине чейин, али жыйыла элек төшөктүн үстү кызыл-жаян кан! Коңшу кемпирдин киргенин көрүп, ал кыйкырганда эле эсин жоготкон аял эми сулк жатат. Беш-алты эркек кирип келип эле аялдын үстүнө локуюп отурган жарым-жартылай жылаңач эркекти колдон-буттан алып, аялдар Ырыскандын үстүн жаба коюшту.
Ошондон көп өтпөй эле «тез жардам» менен милициянын машинеси жетип келди.
Денеси туш келди тилинип, кансыраган аялдын тамырын кармап:
– Тирүү экен! – деди доктор. – Бирок убакыт аз!..
«Тез жардам» кандай тез келсе, бу жерден так ошондой эле ылдамдык менен кайра көздөн кайым болуп кетти.
– Кийин!!! – чөгөлөп, башын үзүлүп кетүүчүдөй ылдый салаңдатып, лөкүйүп отурган зөөкүргө кыйкырды милиционер. Тиги аны укпагандай, эмнегедир бүт денесин сүлкүл-дөтүп, ыйлай баштады.
– Өмүров!! ! – бакырды органдын кишиси, – Тур өйдө!!!
Тигил дагы эле козголгон жок.
– Ок, бети жок!!! – деди аңгыча үйдүн ичинде котолоп, аны жардана карагандардын ичинен баягы кемпир, – Каапыр! Уялбай отурганын кара! Мындай немени жер да албайт экен! Байкуш сени өзү тууган балдарынан артык бакчу эле го, акмак!!! «Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын» деген канкор!! ! Ушул эле дейсиңерби, айланайындар? ! Бул арам тамактын кылбаганы жок! Ырыскандын он төрт-он бештеги кызын энеси жокто коркутуп-үркүтүп бузуп, боозутуп коюп, ал шордуу эки сиңдисин ээрчитип алып, канча күндөн бери дайындары жок!
– Калп айтат!!! – Самаганга тил кирип, кемпирди жеп ийчүдөй тиктеди, – Жез кемпир!! !
Аңгыча милиционердин колундагы дубинка жонуна ойной түштү. Андан ары анын кийингенин да күтпөй, эки-үчөөлөп атып жулунуп-жулкунган эменин колуна кишен салып, алып чыгып баратышканда:
– Тфу, бетиңе!
– Тфу! – деп Сайкал апа баш болуп, жарданып тургандар анын бети-башына түкүрүп, машине көрүнбөй калгычакты карап, каргап-шилеп калышты.
Эл менен калган милиционер гана баш көтөрбөй кагазга бир нерселерди жазып, Сайкал апа баш болгон бир топторунан кыздардын аты-жөнүн, жашын, кийимдеринен бери сурап кол койдуруп алды да:
– Сайкал апа, – деди коңшу апага, – Сиз кайсы үйдө турасыз?
– Ботом, мына бул эле, бет маңдайда.
– Өмүров бул үйдө качантан бери жашайт?
– Бир жарым жылдай болуп калды.
– Эч жерде иштебейби?
– Иштин балакетин алабы?! Ырыскан эртеден-кечке кара күсөндөй болуп күндүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, жайы-кышы картөшкө сатат. А бул арак ичип эле аңыра¬йып аны күтүп отурат. Анысы аз келгенсип жанагы бечара кызды...
– Аны сиз кайдан билесиз?
– Өгүнү ботом энеси билип калып, кызды чучуктай чыңыртып уруп атыптыр. Кичирээги мага чуркап келитир, бечара: «Эжемди өлтүрүп атат!» – деп. Ошондон кийин эле чоң кызы бир топко көрүнбөй калып, анан эле калган экөө да жоголуп кетти, ботом!
– Шаарда туугандары бар беле?
– Жок. Мен билгенден жок болчу.
– Апа, кыздарды сүрөттөп айтып бериңизчи?
– Ботом, менде сүрөттөрү бар. Жаңы жылда балдарым жанагы сүрөткө тарткан эмесин алып келишкен экен, бечаралардын да көңүлү өссүн деп чакырып, сүрөткө түшүрүп койгом.
Эне алып келген сүрөттөгү үч кызды көпкө карап отуруп:
– Булар мектепке барышчу беле? – деди милиционер.
– О, кокуй, мектепти айтасың да, балам!.. – эне кейип-кепчип кетти, – Каяктагы мектеп? Ата-энеси ажырашканда улуусу экинчи класста окучу экен. Окуп, жазат. Кийинкиси андан эки-үч жаш кичүү, ал окуй электе эле энеси шаарга алып баса бериптир. Азыр он бир-он экилерде. Кичүүсү сегиз-тогузда го, бечара. «Балдарды эптеп окутсаңчы» – десем: «Окуган мен деле минтип базарда отурам! Анын үстүнө дакименттери жок, Ошто кала бериптир! » – деген энеси. Анан калса үчөө тең баладан башкача эле, бечаралар! – жашып кетти эне.
Милиционер ушунун баарын жазып атып:
– Бүгүнкү чыр эмнеден улам чыкканын билесизби? – деди.
– Таң, балам! – деген эне бир убакта алда нени эстегендей: – Коё тур! – деди, – Жана бир эшикке чыкканымда тиги шордуу келин: «Баланчанын баласын өлтүргөнүңдү айтам!» – деп кыйкырып атканынан: «Бу какмар эмне деп эле дөөрүп атат, ботом?» – деп уккум келбей чыга качтым эле...
– Кимдин баласын өлтүрүптүр? Атын айтты беле?
– Айтып эле аткан. А бирок аты эсимде калды дейсиңби, кагылайын. Ошондон көп өтпөй эле келиндин чучуктай чыңырыгы күчөп, кирип келсем эле!..
Эне эстегиси келбегендей денеси «дүр-р!» деп, ийиндери титиреп кетти:
– Түрү курусунчу, каапырдын! !!
* * *
Өлүм менен өмүрдүн ортосунда, ооруканада жатып түш көрдү, Ырыскан. Кандайдыр бир караңгы ордон чыга албай, тээ ак жарык түшкөн жактан көзү өтүп, болор-болбос эле бир илинчекке илинип, асылып турат. Ашыкча кыймылдаса, үнүн чыгарса эле ошол таканчыктын бырын-чырыны чыгып, тээ төмөндү карай учсуз-түпсүз зымылдаган караңгы жакка сорулуп кетчүдөй. Аңгыча ак жарык төгүлгөн жактан кобур-собур угулат. Тааныш үндөр!.. «Каяктан уктум эле?! Кимдер эле?!» – дейт оюнда Ырыскан.
«Кайненеси! .. Оо, Кудай, бере көр!.. – деген келин үн чыгарбай, көмөкөйүндө бир Кудайга, бир кайненесине жалбарат: – Айланайын, апакебай? Өткөн күндөрүм үчүн кечир, апакебай?! . Жаңылдым, жаздым! Жаштык кылдым! Кечире көр, апаке? Ак көңүл элең, ушу саам да бир агара көр, апакебай?! Мени куткарып ал?! Эми өзүңө өйдө карасам эле, Кудай так төбөмдөн урсун мени!! Оо, Кудай?! Айланайын Кудай?! Күнөөлөрүмдү кечире көр! Оозумдан кеткенди, колу-бутумдан кеткенди, билип жасаган, билбей жасаган күнөөлөрүмдү кечир?!. Дилимди агарта көр, Кудай? Ушу азаптан арылта көр, Кудай?!. Менин, менин тегерегимдеги адамдардын ичинен ыйман бере көр, Кудай-й?!.»
– Ботом, биякта ким бар? – дейт аңгыча кайненесинин добушу. – Үн чыгып атабы?..
Кайненесинин кыраакы сезгичтигине таң берип да, сүйүнүп да, ансайын:
– Мен, апаке?! Мен-н!!! – деп үнү чыкпай, көмөкөйүндө кыйкырат келин.
– «Мен» дейби?... – Тээ бийиктен төмөнгө үңүлө карайт, байбиче.
Кайненеси эмнегедир аппак кийинип, аппак шайы жоо¬лугун адатынча байлабай бош таштап, өзү кебездей аппак болуп алыптыр. Жанында коштогон бир топ кыз-келиндер, өзүндөй байбичелер жүрөт. Эмнегедир алар жер баспай, абада калкып жүрүшкөнсүйт. Таң калат Ырыскан: «Апе-ей, апам өлгөн адамдардын арасында жүргөнү эмнеси?!. – Жүрөгү «болк» этет, – А менчи?... Же мен дагы өлдүм беле?..»
– Мында эмне кылып жүрөсүң, балам?! – дейт байбиче.
– Кечир, апа?!. Мени кечир?!. Мен жаза тайып!..
– Балдарды кууратып! .. Бизден кетип сенин жыргачу жериң ушу беле?! Келе колуңду?!.
Ырыскан колун араңдан зорго жылдырып, көтөргөн болот. А бирок, байбиченин жупжумшак манжалары тийип-тийбей, аны көрдөн жеп-жеңил тартып алат да баягысындай, бирок өткөн-кеткенди эстеп, эч кектебей туруп кең пейил гана:
– Бара гой, эми! Балдарыңа бар! Калчактабай тез кет! – дейт.
– Сизчи, апа? Кыздар сизди сагынды...
– Мага караба, балам... Менин жашоом эми бул жакта...
– Апакеба-ай?! – деп өктөөсү ичинде калган келин өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдап ыйлап, чуркап келатып, ойгонсо өңүндө да алка-шалка тердеп, көз жашынан жаздыгы суу болуп кетиптир. Көзүнө адегенде эле ак кийинишкен адамдар элес-булас көрүнүп:
– Апа?.. – деди.
– Кандайсыз? – Эркек кишинин коңур, жагымдуу үнү жооп берди. – Эсиңизге келдиңизби?
Ырыскан анда деле эч нерсе түшүнгөн жок:
– Мен кайдамын?..
Булар ага жанагы түшүнүн уландысы окшоп, кайненесинен келатып жолдо ушул бейтааныш адамдарга кезигип калгандай сезилип кетти.
– Мени коё бергилечи?.. – дейт анан, – Мен балдарыма барайынчы! ...
– Жөөлүп атат окшойт, – дейт кимдир бирөө.
– Жөөлүбөй эле турам, жол ачкылачы?!
Жүгүрүп кетүүчүдөй обдулуп канча аракеттенгени менен, эмнегедир жанагыдай болбой, кош аягы тушалып, денеси сыздайт.
– Укол жасагылачы, – дейт аңгыча жанагы эркек.
Андан аркысын билбейт. Кайра уктап кетиптир. Бирок бу жолу ойгонгондо, ооруканада жатканын айттырбай түшүндү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аппак дубалдар, аппак шейшеп, аппак халатчан доктурлар...
– Ойгондуңузбу, эже? – дейт маңдайындагы эмчи кыз. Бу жолу өзүн ал баягы, төрөт үйүндө жаткандай сезип кетти. А бирок, эмне төрөгөнүн такыр эстей албай атып:
– Чоң кыз, мен уул төрөдүмбү, кызбы? – десе, кыз эмнегедир «бырс» күлүп ийип, унчукпай койду.
«Дагы мокочо туудумбу? – деди бир нерселер элес-булас эсине келе түшүп, – Бу кыз эмнеге унчукпайт? Баягыда да ошенткен...»
– Чоң кыз, эмне унчукпайсың? – дейт анан эмчи кызды карап, – Мен эмне төрөдүм?
– Эже, эсиңизге келсеңиз! Сиз төрөт үйүндө эмес, хирургияда – реанимацияда жатасыз! – дейт кыз.
– Эмне дейт? Реанимацияда дейби?!
Эмне болуп келгенин такыр эстей албайт.
Аңгыча сыртка чыгып кеткен дарыгер ак халат кийген дагы эки жигитти ээрчитип кирди. Алдыда киргени:
– Өзүңүздү кандай сезип атасыз, эже? – деп Ырыскандын кан басымын текшерди.
– Жакшы эле, – деди Ырыскан.
– Анда, бул жигиттин бир-эки суроосу бар экен... Жооп бере аласызбы?
– Сурасын! – Ырыскан: «Бу ким эле?» – дегендей тигиге бүшүркөй карады.
– Эже, канчадасыз? – суроону алыстан баштады милиционер.
– Отуз беште го...
Ага ишенбегендей караган жигит:
– Канча балаңыз бар? – деди.
– Үчөө.
– Күйөөңүздүн аты ким?
– Алим.
– Ким?! – таң кала карады милиционер.
– Алим!
– Кечиресиз, ал биринчи күйөөңүз го?
– Ооба.
– А кийинки күйөөңүздүн аты ким?
Аял чын эле эч нерсе болбогондой, билбегендей тигинин өзүн кайра таң калган кейиптүү, аңкая карап калды эле:
– Самаган Өмүров жөнүндө сурап атам? – деди милиционер. Аял дагы эле кеп эмне жөнүндө болуп атканын түшүнбөй атканга окшоду.
– Ооруканага эмне болуп жатканыңызды билесизби?
Башын чайкады аял.
– Анда... мына бул адамды тааныйсызбы? – жигит чөнтөгүнөн кичинекей целофан баштыкчага салынган сүрөт¬тү көрсөттү. Адегенде ага жөн салды эле, кайдыгер караган аялдын өңү акырындап өзгөрүлө баштады. Аны байкаган милиционер:
– Бул – сиздин экинчи күйөөңүз – Самаган Өмүров эмеспи! – деди эстетип. Эми гана эсине келгендей, аялдын эриндери титиреп, колдору калчылдап кетти.
– Муну менен көптөн бери жашайсызбы?
– А сиз кимсиз?!
– Мен – тергөөчүмүн, эже. Милициянын капитаны Турат Батырович. – Өзүн тааныштырды жигит.
Эмнегедир Ырыскан алда неге кабатыр болуп, коркуп кеткенсиди:
– Аны... камадыңарбы? !
– Тилекке каршы... Ошондой!
– Аны силерге ким айтты?!
– Эмнени?
– Самагандын бала өлтүргөнүн!
– ?! – коңшу кемпирдин божомолунун дал үстүнөн чыгып калган тергөөчү: – Өзү... Өзү айтты! – деди.
Ырыскан эмшеңдеп ыйлап ийди:
– Шордуум!! !
– А бирок, ал жөнүндө аныгын сизден сурагыла дейт го, – алдап, жоошута сурады тергөөчү, – Ал эмне болгон бала эле?
– Мени айтсын дедиби?
– Сизге ошон үчүн келип отурам да, эже...
– Ал да болсо биринчи катынынын күнөөсү! Эгерде ал жакшы аял болсо, Самакем ар кайсы аялды аңдымак эмес да, ыраспы?! Венера деген бир жесир келинди зордуктап коюп, кесилип кете турган болгондо, энесиндеги жалгыз бээсин алып келип, мен да колумда болгон анча-мынча «быдырымды» берип атып, ошол аял менен милийсанын оозун араң басканбыз.
– Кечиресиз, ал ишти кайсы жерде, ким карады эле?
– Аны мен билбейм.
– А бул жерде баланын кандай тиешеси бар?
– Бала ошол аялдын баласы болуп атпайбы! Ии! Энесинен өч алам деп, баласын...
– Муну дагы ким билет?
– Экөөбүздөн башка эч ким!
Баласын издеп, түтүнмө-түтүн кыдырып, ички иштер органдарынын эшигин жыртчу баягы келиндин элеси көз алдына элестей түшкөн тергөөчү:
– Венерачы? Ал баласынын дайнын билеби? – деди.
Башын чайкады, аял.
– А баланын денеси кайда?
– Ошол эле тегеректе.
– Кайсы тегеректе?!
– Венералар жашаган тегеректе. Бет маңдайындагы үйдүн дубалында...
– .?! А сиз эмнеге бу жөнүндө башта эч кимге билдирген эмессиз?!
Аял жигитти бир кызыктай, таң калгандай тиктеди. Ошол көздөрдө азыр: «Мен Самакемди саткыдай, келесоо эмесмин!» – деген түшүнүк турган. Ошону окуй койгон кыраакы милиционер:
– Болуптур дейли! Анда Самаганыңыздын сизди эмнеге бычактаганы, чыр эмнеден чыкканы эсиңиздеби? – деди.
Анда деле аял күйөөсү экөөнүн ортосунда эч нерсе болбогондой, эстей албай аткандай эс-мас. Кылмыш иши тууралуу жазылган протоколдогу: «Кылмыш болгон күнү кылмышкер Өмүров Самаган жана жабырлануучу Муслимова Ырыскан экөөнүн тең мас экендиги аныкталды... » – деген аныктамага көз жүгүр¬түп: «Демек, масы менен эч нерсе билбей калса керек. Дары тарап, эти ооруганда анан эсине келет», – деп ойлоп: «Кызыңыздын кимден боюнда болгонун билесизби?! » – деп да сурагысы келип, бирок токтоп калды. «Дагы ошол, өзүнө келе элек үчүн жанагынын баарын айтып алды окшойт»... – деген Турат Батырович:
– Жакшы калыңыз, – деп коштошуп, палатадан чыгып кетти.* * *
Барган сайын Бакыт көзгө көрүнүп, кылыгы чыгып, качантан бери бар шаттыгын жоготуп, томсоргон үйдөн кубанычтын шаңы сезилип, кытылдаган күлкүнүн үнү угулуп, анан калса атасына куюп койгондой окшошуп, айтор Акшооланын эбедейи эзилет да, эмнегедир эми ага Энелик бакыт бар бакыттан миң эсе ыйык, миң эсе бийик сезилип, бу дүйнөдө андан улуу, андан ырахаттуу эч нерсе жок сыяктуу чечекейи чеч. «Ошондо анчалык эле эмнеге азаптандым экен? – дейт эми баягы күндүр-түндүр ыйлап, бүк-түшүп жатып калган кездерин эстеп, – «Жаман аял эр коруйт» дечү эле, апам. Айткандай эле, башка аялга байырлап кеткен менин эле Ынагым бекен?..»
Деген менен, анын бу токтоолугу, тобокелдиги менен ишенимине кошул-ташыл дагы бир себеп – алдыда ал чыдамсыздык менен күткөн бир күн бар! Ал күн өзүнүн, жок... эң негизгиси Ынагынын туулган күнү!
– Бакытик, жакында атаң менен апаңдын туулган күнү! – дейт «гы-гы... лап» үн салып, өзүн ары-бери баскан са¬йын ээрчий караган уулуна чоң киши менен сүйлөшүп аткансып, – Көрөсүң го, сенин атаң кандай сулуу, кандай акылдуу экенин!.. Анан калса атаң экөөңөр ушунчалык окшошсуңар! Ал деле сени көрсөм экен деп, ак эткенден так этип, араң эле чыдап жүрсө керек. А биз туулган күнүндө ага ушундай бир белек жасайбыз дейсиң!.. Ой-ий, ошондо атаң сени колуна алып, эркелетип, жыргап-жыргап жыттап атса... ан¬дайда мага экөөңөрдү карап туруу эле кандай бакыт?!. Бул менин өмүрүмдө, туулган күнүмдө Теңиримдин мага ыроологон эң кымбат белеги болмок!..
Анан ал Ынагы экөөнү адеп жолуктурган ошол күздү эстейт. Чогуу окуган курбу кыздары менен туулган күнүн белгилегени ресторанга киришкен. Ынак да теңтуштары менен туулган күнүн белгилеп отуруптур. Эки столдун күнөө¬көрлөрү эмнегедир эле бири-бирине тартыла, көздөр-көзгө чагылыша калып аткан. Бир убакта официант бир бутылка шампан, шоколад көтөрүп келип: «Бул сизге, тигил столдон!» – деп Акшоолага тартуу этти. «Кимден?» – кыздар жигиттер жакка жапырт карай бергенде, жанагы шыңга бойлуу, кара каш, кара көздүү, кең далылуу жакшына жигит баш ийкеп, күлө бакты.
– Ой, и-ий, Шоола! Дагы бир мырзанын жүрөгүнө чок салдың! – деген кыздар шыңкылдап күлүп калышкан. Аңгыча жигит музыка заказ кылып, Акшооланы бийге тарткан. Баш айланткан ошол ирмем, ошол музыка, ошол бий! Ошол көздөр!
– Атыңыз ким? – деген болчу кызды белинен имере, музыканын ыргагында кудум учуп бараткандай чимирилтип жүргөн жигит.
– Акшоола. А сиздин атыңыз ким?
– Ынак.
– Эң сонун ат экен...
– Чынбы? Сиздин атыңыз да эң башкача... Өзүңүз да абдан жакшына экенсиз. Сиз менен ушул күнү таанышканыма кубанып атам.
– Эмнеге?
– Анткени, бүгүн менин туулган күнүм!
– Коюңузчу?! – кыз ишенип-ишенбей карады, – Андай болушу мүмкүн эмес?!.
– Эмнеге мүмкүн эмес? – жигит да ага таң кала карады. Бий да саамга токтоп, бири-биринен жооп күтүштү кыз-жигит.
– Бүгүн... менин да туулган күнүм! – деди анан кыз.
– Чын элеби?!
– Чын эле!..
– Ура-а!!! – эмнегедир жигит кызды эзелки таанышындай таптак көтөрүп ала коюп тегеретти.
Кыздар-балдар аларга аңкая карашты. Экөө ошентип таанышкан. Ошондон кийин ар жыл сайын туулган күндөрүн «Дасмимядан» өткөрүү салтка айланып, былтыр гана барышкан жок!..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бирок, Ынак ал ресторанга андан кийин да көпкө че¬йин барып жүрдү. Сүйлөшүп алышкансып, адегенде Айнура а жерден жаа бою качып, Ынакты да жуутпай жүрдү. Эми Лилия да атайылап эле: «Же мен, же ушул ресторан?! » – деген такилип таштап койгон. Экөө тең Елизадан кызганат. «Кызык, – дейт Ынак оюнда, – Елиза мага жагат! Жакса эле эмне экен? Жутуп ийчүдөй болгон татына кызды ким эле жаман көрсүн? А бирок, андай кыз атасындай болгон кишини карап да койбойт! Периштедей үлбүрөгөн, башкача бир татына кыздын теңи мен эмесмин да! Айтмакчы, өгүнү аны «оорулуу» деп Лилия кызганычтан эле айтты бекен?..»
Эмнегедир ал азыр Акшоола менен Елизаны бири-бирине окшоштуруп жиберди. Адеп жолуккан күнкү акжуумал кыздын ууртундагы жумшак күлкү, баланыкындай баёо көздөр... Анан музыка! Бий! Ошол бийлеп атып ага Акшоола ыр да окуп берген.
– Бул кимдин ыры? – деген жигит.
– Менин.
– Коюңузчу?!
– Эмнеге ишенбейсиз?
– Анткени, сиз өзүңүз ырга окшош экенсиз! Айтмакчы, мен сизден бир нерсе суранайынбы, Акшоола?
– Сураңыз...
– Сиз өмүр бою менин гана ырым болосузбу?
Жигиттин чындаганын же тамашалап атканын айрып биле албай калган кыз да:
– Ойлонуп көрөйүнчү! – деген күлүп.
Көздөрүн жумуп, ар жыл сайын ушул күнү экөөнүн бирин-бири куттуктаганын эстеди. Экөө тең эртең менен биринчи ойгонуп, биринчи куттук айтканды жакшы көрүшчү. Ушул күнү алар бири-бирин кубанткысы, бири-бирин болуп көрбөгөндөй бактылуу кылгысы келчү.
Түнү менен уулунун ыйлап чыкканына карабай, Ак¬шоо¬-ла бүгүн да эрте ойгонду. Бойпоюп уктап жаткан уулун жыттап: « Түндө эмнеге ыйладың, берекем? Апаңды антип коркутпай жүрчү, макулбу? – дейт да саат жебеси чыкылдап жылган сайын жүрөгү туйлайт: – Атаңа барабыз, азыр!.. Кичинекей данакерим, менин! Кичинекей Ынагым!»
Ошондон көп өтпөй эле Акшоола кудум жигитине бараткан селкидей жүрөгү дикилдеп, так ошондогудай эки бети ысып-күйүп, апкаарып, бирок жалгыз эмес – кичинекей Бакытын данакердей бетине кармап үйдөн чыкты... Энесинин уйгу-туйгу ой-санаасын туюп, түйшөлүүсүн түшүн¬¬гөндөй уулу да жол бою так эле атасыныкындай капкара каректерин бадырайтып, ойгонуп алды. Жүрөксүүсүн басчудай, жол бою апасы аны улам кайра жыттап-жыттап коёт.
– Келдик! – деди заңгыраган үч кабаттуу, айнек имараттын жанынан түшүп калганда апасы, – Бул – атаңдын офиси, уулум!
Оюнчуктай болгон «үйдүн» терезесинен карап отуруп, машинеден түшүп калган балалуу келинди таанып:
– Саламатсызбы? – деп утурлай чыккан, баягы жамгырда плащын чечип бере койгон кароолчуну Акшоола да тааный:
– Саламатсызбы, байке? – деп ичи жылый учурашты, – Биздин атабыз өзүндө бекен?
– Ооба! Өзүндө эле... – деп анан ымыркайга жүз бакты: – Уулбу, кызбы?
– Уул! Аты – Бакыт! – муну ал кандайдыр, сыймыктангандай айтты, Акшоола. Кароолчу аны офистин эшигинин алдына чейин узатып келип, кайра кетти.
Кабылдамада орус кыз отуруп калыптыр. Сырттан кирген балалуу келинге суроолуу карады.
– Саламатсызбы? Ынак Кабылович өзүндөбү?
– Кечиресиз, а сиз эмне жумуш менен келдиңиз эле?
– Мен... анын жубайы болом.
– Жубайы?! Кандайча жубайы? – көздөрүн алайтып, таң калгандай күлө карады кыз, – Ынак Кабыловичтин. .. үч аялы барбы?
– Кечиресиз, үч дейсизби?
Ошондо гана катчы-кыз Акшооланын аты-жөнүн кагазга жазып алып:
– Күтө туруңузчу, – деп ичкери кирип кетти да, кайра чыгып башын чайкады, – Капетпеңиз, бирок шеф кабыл албайм дейт...
Катчы-кыздын алдында Акшооланын шагы сынып, анын үстүнө мындай болоорун күтпөгөнгө шалдая түштү:
– Бу жерде Айнура деген кыз иштечү эмес беле? – деди анан ошол кыздан кандайдыр аралжы боло тургандай сурап.
– Шефтин аялын айтасызбы? Ал иштебей калган.
– Аялы?!
– А сиз аны билчү эмес белеңиз?
Катчы кыз балким аны жөн салды эле догурунган бирөө деди бекен, же жакшылык кылайын дедиби, айтор: «Андай болсо билип алыңыз!» – деген кыязда айтты:
– Айнура үйүндө. А бирок, азыр эле шефтин берки аялы биякка келатам деп телефон чалды.
Өзүнө таң калгандай караган катчы-кыздын алдында шагы сына түшкөн Акшоола же: «Мен Ынак Кабыловичтин мыйзамдуу аялымын. Мен ага уулун көрсөткөнү алып келгем!» – деп актана албай, же чыгып кете албай шалдайып эле отуруп калды. Карегинде каканактай түшкөн ысык тамчы уулунун бетине «тып!» этип кулап түшкөндө, бала «селт!» этип чочуп кетти. Ошондо гана эсине келе, чыйрала түшкөн эне уулунан кечирим сурагандай бооруна бекем кысып, көздөрүн жума жытынан искеп-искеп алды да: «Кызык, мен эмнеге ууру кылган кишидей корунам? Мен эмнеге уялам да, эмнеге ыйлайм?! Керек болсо менин алдымда, уулунун алдына Ынак уялсын! – деди оюнда, – Анан да, эмнеси болсо да сөзүн угайынчы! Эгерде, чындап эле ага баланын да кереги жок болсо, аны да көрөйүн!»
Ушинтти да, катчы-кызды ортого салып, ал аркылуу күйөөсүнөн уруксат сурап отурбай, түз эле капыл-тапыл кирип барды!
Бооруна бала кучактап, босогодо туруп калган Акшоола да, адегенде аларды утурлап алуучудай ордунан тура калып токтогон Ынак да саамга эс-мас, канчалык кармангандары менен экөөнү тең азыр кандайдыр бир күч бири-бирине тартып, бирок, экинчи дагы бир күч кайра эле алыс¬татып, жүрөктөрү эңшериле, муун-жүүндөрү бошоп, үнсүз-сөзсүз тиктешип туруп калышты. Алардын ушул абалын түшүнүп, алда нени тыңшагандай бала да тым-тырс боло калып, эмнегедир анан ыйлап ийди.
– Туулган күнүң менен! – эриндери «дирт-дирт» этип, араң унчукту Акшоола.
– Рахмат! – кандайдыр бир жагымсыз нерсени эстеп алгандай, Ынактын өңү өзгөрүлүп кетти да, ооз учунан: – Сени да куттуктайм! – деди. Анан ал Акшооланы кет дегендей кыязда, ушул турган экөө ал үчүн анчалык деле эч ким эмес сыяктуу, каяккадыр шашып аткандай кайпактап, билегиндеги саатка кайра-кайра карап ийди. Алтын саат! Эки жыл мурун, так ушул күнү күйөөсүнүн билегине аны өзү таккан. Анын эмне ойлогонун биле койгондой, Ынак эми колундагы эмес, дубалдагы саатка карап:
– Мен чыгам, азыр! – деди Акшооланы шаштырып, – Менин ишим бар!
– Ишиң уулуңдан да артыгыраакпы? ! – эми «тарс!» жарылып кетти келин, – Менден көңүлүң калса дагы, жок дегенде балаңды бир карап койсоң боло!
Баятан берки анын: «Балким, өзүмдүн эле баламдыр?! » – деп өчүп-жанып турган ишеними жандана түшүп, бирок ошол эле убакта үйдөн чыгып кеткен биринчи күндүн эртеси телефон чалса, трубканы башка эркектин көтөргөнү, Акшооланы эзели көрбөгөн эле Лилиянын баягы: «Биринчи аялыңдын боюнда барбы? Ал бирок сеники эмес, ишенбе!» – дегени, кызы менен апасынын Арнас жөнүндө айткандары эсине түшө калып, азыр эле келаткан ишеними кайра артына кайтып кетти да, аларды жөөлөп өтүп сыртка бет алды. Уулун көтөргөн Акшоола анын соңунан калбай, дикилдеп чуркап келатты:
– Ынак?! Деги сага эмне болгон, Ынак?!
Ынак аны уккусу да келген жок. Арышын кенен-кенен таштап, артындагы экөөнү карап да койбой, ошону менен Акшооладан өч алып, табасы канып баратты. Алар сыртка чыккан кезде короонун алдына кара түстүү «Джип» келип токтоп, Ынак ошону утурлай басты. Ал айнектери капкара чүмбөттөлгөн машинанын алдыңкы эшигин ачып отуруп атканда, рулда отурган аял аны мойнунан кучактап, эңке¬йип өптү да, айдап кетти...
Бу жолу да узап кетип бараткан машинаны узата карап, ызадан тамагы муунуп, томсоруп кала берди Акшоола. Баарынан да кыйыны: жанагы аялдын ким экенин, кайдан көргөнүн эстей албай: «Ким эле? Кайдан көрдүм эле?!» – деп жүрөктү мыжыган суроолор жандүйнөсүн ого бетер жанчып, ушу азыр уулу гана бу жашоодон кайдадыр качып, кайып болуп кетүүдөн арачалап, кармап турду!..
Балканактай кылып баласын көтөрүп келген алмончоктой аялы менен канынан бүткөн баласынын кадырын билбей, тогуз жолдун тоомуна томсортуп таштап, улам бир ойсокеге үй, машине сатып берип сайрандап жүргөн Ынактын ары жагында эмне арманы бар экенин кайдан билсин, кароолчу да артынан башын чайкап: «Бу жигит акмак экен! – деди оюнда, – Киши эмес турбайбы! ..»
* * *
Көп өтпөй эле издөө салынгандардын тизмесине Мээрим, Жийде, Гүлжаз аттуу үч бир тууган кошулуп, сүрөттөрү аялдама, автоунааларга чапталып, телеберүүлөрдөн көр¬сөтүлүп атты. Ошондон тартып, күндүзү кең-кесири базар аралап, кечкисин автовокзалга барып түнөп жүрүшкөн кыздардын баскан-турган кадамдары капасталып, аркаларынан мына-мына азыр ким бирөөлөр качырып келип кармап калуучудай коркуу менен жашап калышты. Гүлжаз болбогондо, балким өзүлөрүнүн антип издөөдө экенин алар канчага чейин билбей жүрө беришет эле...
Бир күнү кыздар демейдегидей эле анча-мынча сурап алган сары чолокторун чогултуп, бүгүнкү көргөн-билгендерин божурашып, жатагын көздөй кетип баратышкан. Аңгыча, адатынча ары-бери өткөндөр менен айлана-тегерекке аңкайып карай берчү Гүлжаз бакырып ийди:
– Эже?! Биз экенбиз!! !
Айткандай эле, жол боюндагы жоон теректин боорунда бадырайып, үчөөнүн сүрөтү илинип турат!
– Опе-ей, чын эле! Муну биз Сайкал апанын үйүнөн түшкөнбүз! – дейт Жийде көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей эжекесин карап. – Жаңы жылдачы?!
Мээрим сүрөттүн алдындагы жазууларды «эжелеп», үн чыгарып окуду: «Бир туугандар Мээрим, Жийде, Гүлжазды көргөндөр болсо, милиция бөлүмүнө кабарлап коюңуздар. Телефондор. ..»
Үчөө бири-бирине мостоё карашты.
– Апам бизди милийса менен издеп аткан го, ээ?! – деди Жийде же сүйүнгөнү, же күйүнгөнү белгисиз. Араң эле тургандай Гүлжаздын көзүнө жаш тегеренип, эмшеңдеп ыйлап ийди:
– Биз жокто аны Самаган атам уруп аткан!..
– Калп айтпачы! – дегени менен Жийденин да жүрөгү «болк» этип кетти, – Ким айтты, аны?
– Мен көрбөдүмбү! ..
– Качан?!
– Түндөчү?.. Түшүмдө!..
Андан ары унчугушпай, жолду катар ар кимиси өз-өз ойлору менен алышып баратышты...
Мээримдин түшүнө түнү менен чоң энеси кирип чыкты. А бирок эле Мээрим канчалык шынаарлап, чоң апасынын мойну-башына адатынча асылып, эркелегиси келген са-йын ал дагы улам арылап, алыстайт: «Чоң эне?! Чоң эне?!» – деп ээрчип, аркасынан чуркайт кыз. Ак жоолугунун учун адатынча эки ийни ылдый таштап койгон ак байбиче аңгыча: «Өзүңө сак бол, кызым! Өзүңө сак бол! Апаң байкуш аз жерден өлүп кала жаздабадыбы! – деп анан, – Сабырдуу, кечиримдүү болгула...» – дейт да абага сиңип кеткендей же буу¬га айланып кеткендей көздөн кайым болот. Улам-улам алыс¬тап, абада калкып бараткан апасынын артынан: «Энекелеп» чуркап, көзүнүн жашын көл талаа кылып ыйлап атып ойгонсо, өңүндө да солуктап ыйлап атыптыр. Эл отурчу жыгач орундуктун үстүндө томпоюп-томпоюп уктап жаткан сиңдилерин көрүп, алардын түндөн аман чыкканына бир чети санаасы тынып, бир чети аларды аяп, тамагына бир нерсе кептеле түшкөн сыяктуу, ызага муунуп кетти. Күн сайын эртең менен ал ушинтип ойгонот. Кээ бирде эки бөбөгүн ким бирөөлөр көтөрүп кетчүдөй, же экөө ошол уктаган боюнча эми такыр ойгонбой калуучудай коркуп, уйкусу качып, улам-улам чочуп тура калып карай берет. Качан гана жерге жарык түшкөндө сиңдилерин ойготуп, алар кыбырап-сыбырап көзүн ачканда гана жүрөгү ордуна келет. Бүгүн да ошентти. Ойгонуп эле сиңдилерин ойготту. А бирок, аңгыча кыздын асман-жери аңтарылып кетти! «Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» болуп, белине байлаган капчыгын түндө уурулар чечип кетишиптир!
Ары жагына, бери жагына кайсалактай, чындап эле акчасы жок экенине көзү жеткенде гана кыз:
– Акча?! Акча жо-ок?!! – деп чучуктай чыңырып ийди. Ичинен кан өтүп кетти. Ага кошулуп сиңдилери чыркырап, заматтын ортосунда аларды эл тегеректеп, ошо көпчүлүктүн арасындагы бир жигит эртең менен теледен «изделип аткан» кыздарды үчөөнө окшоштуруп тааный койду да, четтеп барып милицияга кабарлады.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Көп өтпөй эле ансыз да асман-жери аңтарылып турган кыздардын үрөйүн ого бетер учуруп, кайдан-жайдан шашкалактаган милиционер жетип келди да, бири-бирин кучактап, бири-бирине коргологон кыздарга алар ойлогондой олдоксон, орой эмес, тескерисинче өтө жумшак, мээримдүү жылмая карап, колун чекесине алып честь берди да:
– Ага лейтенант Океев! – деп анан кичинекей кыздын саамайынан сылады. – Кана, кеттикпи үйгө?
Кыздар унчуккан жок. Өзүнө жалтанбай тиктеп, өзү бала туруп ичине бала көтөрүп, анысы аз келгенсип эки сиңдисинин да бардык жоопкерчилигин мойнуна алып, ушу азыр да эне-чымчык сыяктуу экөөнү эки канатына калкалап, катып турган Мээримдин алдында Океев эмнегедир өзүн кү¬нөөлүү сезип, жалтактап кетти. Баягыда Өмүровду колго түшүрүп, энеси менен аялы келгенде бошотуп бергенин эстеди: «Кап, ошондо бекер кылыпмын! Жакшы эле билгендей кыйылдым эле!.. Дагы бир аз кармай туруп, акмактын баскан-турганын жакшылап изилдесем, бала өлтүргөнү билинет беле да, бечара кыздын тагдыры талкаланбай калат беле?!.»
– Биз аны камакка алдык! – деди анан ушул кыз азыр ошонун баарын туюп-билип тургандай, актангандай акырын унчугуп, – Эми баары жакшы болот...
Анын эмне жөнүндө айтып атканын түшүнгөн кыздар бири-бирине карашты.
– Апам каякта?! – деди Мээрим.
– Апаңар... азырынча ооруканада. Ден соолугун чыңдап атат. Бирок, жакында чыгат... – деген Океев жолдон милиция бөлүмүнө токтоп:
– Мээрим, бул акмак мыйзам чегинде жазасын тартыш үчүн, сен чындыкты айтышың керек, – деп кепти алыстан тегеретип, өзүнүн атасы, айылы жөнүндө, апасы жөнүндө сурап келип анан курсагындагы баланын атасы ким экенин, өгөй атасынын бул кылмышка качан, кандай жол менен, кайсы күнү барганын... дагы ушундай толгон-токой суроолорду сурап, жазып алгандарын кайра үн чыгарып окуп берип, кагаздын аягына кол койдуруп алды.
Так ушул маалда Сайкал апа:
– Кыздар табылыптыр, айланайындар! – деп алдынан жолуккандын баарына сүйүнчүлөп, алардын эшик-терезелерин кенен ачып жиберип: «Бар балакет, саат-кырсык ушуну менен чыгып кетсин!» – деп арча түтөтүп үйдү аластап, айткандай эле түш оой кыздарды босогодон тосуп ал¬ды да:
– Бардык азап-тозогуңар ушуну менен кетсин, айланайындар! Кудайым бар экен!.. Кудай буюрса, энеңер да жакшы! Кечээ барып келдим, өгүнү өөдүк-сөөдүк сүйлөп, киши тааныбай атты эле, эми эс-акылына кадимкисиндей келип, сакайып калыптыр! Жан-алы калбай силерди сурап атпайбы!.. – деп кыздардын башынан суу тегеретип чачып, барпалаңдап атты.
Ошондон көп өтпөй эле Океев Өмүровду кайра бат эле суракка алды:
– Өмүров, жашы жете элек Мээрим Каримованы коркутуу жолу менен зордуктап жүргөнүңдү мойнуңа аласыңбы?!
Демейде «ууру өлгөнчө жеп, тойгончо карганат» болуп, жанталашып актанып, улам бир «чыгармасын» айтып безилдеп атчу кылмышкер бу жолу анткен жок. Кечээкидей: «Ал апасы жокто мага өзү жабышкан! » дегенин да айткан жок. Анткени, канча күндөн бери көкөйүнө көк таштай ти¬йип, мээсине «чак!» этип таамай кадала түшүп аткан: «Кимди, качан өлтүрдүң эле?!» «Аялыңды эмнеге кескилеп аттың эле?!» – деген өңдүү көп суроолордун ичинен Самаган үчүн мунусу жеңил-желпи сезилип калган.
– Мойнуңа аласыңбы, Өмүров?!
– Алам! Анткени мен аны сүйөм!
– Сүй-йөт имиш!!! Анын энесин да сүйөсүңбү?!
– Жок, Кудай урсун!..
– Карганба!
Канча амалданайын дегени менен, бу жолу да Океевден майнап чыкпашын түшүнгөн Өмүровдун башы «шылк!» дей түштү.
– Аны эмнеге кескиледиң? !
– Билбейм! Кудай урсун, билбейм! Экөөбүз тең масчылык менен...
– Же кызын кордогонуң үчүн үйдөн кубаладыбы? !
– Жок, ал мени эмес, кызын кубалаган!
– Эмнеге?!
– Экөө мени талашып...
– Сениби?! Сени эмнеге анчалык талашты экен?!
– Анткени ал да мени сүйөт.
– Ким?!
– Ырыскан.
«Бырс!» этип мыйыгынан мыскылдай күлдү милиционер:
– Киши өлтүргөнүңдү да ошон үчүн жашырып жүрдү беле?!
Океев анын так талуу жеринен кармаганда, адегенде оозунан келмеси ыргып, туңгуюкка кептеле түшүп, Өмүров адатынча эски ырын ырдай баштаганда:
– Өмүров!! ! – деди Океев үстөлдү муштап, – Жетет, ушуга чейинки эле келжирегениң! Азыр барасың да, баланы кантип, кай жерге өлтүрүп, кай жерге көмгөнүңдү көрсөтүп бересиң! Тур, өйдө!!! – деди. Айласы чындап куругандай Өмүров да андан ары унчуккан жок.
* * *
Котологон көп элди аралай келип токтогон чүмбөттүү аскер машинесинен колу артына кишенделген кылмышкер түшүп келатканда эл «дуу!» этип, бир толкуй түшүп токтоду. Жымылдаган жымжырттыкты бузуп, ошол топтун арасынан:
– Балам, ай-й, ий-й!!! – деп сыздаган ый угулду.
– Чүш-ш, Венера! – деди аны колтуктап, жөлөп-таяп турган аялдардын бири, – Тигил шүмшүк айнып кетпесин! Бала табылсын, акырын!..
Баласын ушул неме азыр тирүү таап берчүдөй, ошол тарапка эми кош кареги чачырай, жүткүнө карады ал. Кылмышкердин алды-артынан адегенде автоматчан, андан ки¬йин лом, темир-тесек көтөргөн аскерлер секирип түшүп, үчөө-төртөө Өмүровду тегеректеп, калгандары катарга тизилишти.
Айлананы заматта дүлөй жымжырттык каптап кетти. Качан гана Океев кылмышкерге карай: «Башта!» – дегендей белги берип, тигил Венералардын үйүнө бет маңдай салынган, жолдун аркы бетиндеги үйдү көздөй басканда эл ансайын уу-дуу болуп, толкуй түштү. Жүрөктү титиреткен сыр түйүнү көптөн бери киши жашабаган, короонун ичи-сыртын коко тикенек, отоо чөп басып, дубалдардын шыбагы түшүп, айнегин желе баскан ушул үйдө экенин түшүнгөн Океев:
– Бул кимдин үйү?! – деди элге карап.
– Бул үй адегенде Эсентур деген таластык жигиттики болчу, – деди четте турган киши.
– Анан?
– Анан, үч-төрт жыл жакшынакай эле түтүн булатып, эгиз балалуу болушкан. Анан эле бир күнү шашылыш сатам деп калыптыр! Ошондон баштап эле бул үй колдон-колго өтүп, ээси жок калды!
– Эмнеге?! Эмнеге андай деп ойлойсуздар? !
Жанагы жапалдаш бойлуу, орто жашап калган киши ийнин куушурду:
– Ээси бар дешеби, айтор!..
– Ээси?!
Баятан Венеранын көңүлүн аяп, алда нени батынып ачык айта албай аткандардын арасынан бир аял эми кепке аралашты:
– Эркинбек жоголгону эле ушундай укмуштарды укчу болдук, ботом! Ошондон кийин эле ушул үйдөн баланын какылдап-какшап ыйлаганы угулуп!..
Океев Өмүровду карады. Күнөөкөрдүн үзүлүп кетчүдөй «шылк!» эте түшкөн башын, анын өктөм буйругу кайра «селт!» эттире көтөрдү:
– Өмүров, кана дубал?!
– Мына! – жанындагы эле дубалды жаңсады Өмүров.
– Сени бу жерге ким алып келип иштетти эле?!
– Эсентур.
– Башта тааныш белеңер?!
– Жок, кул базардан апкелген...
– Бала үйдөн саат канчаларда чыкты эле?!
– Эсимде жок.
– Ким менен чыкты эле?!
– Өзү эле.
– Сенин жаныңда ким бар эле?!
– Эч ким.
– Бала бу жерге чейин кантип келди?!
– Чакыргам...
– Анан?!
– Мен аны өлтүрөйүн деген эмесмин. Өзү...
– Анан эмне болду?!
– Анан жөн эле... чаап койгом!
– Эмне менен чаптың эле?!
– Жыгач менен.
– Андан ары?!
– ...
– Баланы качан издешти?!
– Жарым сааттан кийин!
– Ким?!
– Кошуна аял...
– Сенден сурады беле?!
– Ооба.
– А сен эмне дедиң?!
– Эч нерсе!
– Акмак!!! – деди аңгыча Венеранын коңшусу, ошол келин, – Ушул болчу! Мен баланы издеп жүргөндө... Ооба, ушул шүмшүк дүлкүлдөп сокмо согуп аткан! Акмак!!! Акмак!!! – ушунчалык ачуусу келгенден энтигип, калчылдаган келин ошол ордунда тегеренип-тегеренип кетип, ичин басып отура калды, – Ой, жаным, ай-й!!! Баладай бала болсочу, кокуй!
Баятан эс-мас болуп, уккан кулагына, көргөн көзүнө бирде ишенип, бирде ишенбей, өзүн жоготуп турган Венеранын созолонгон армандуу ыйы кайра дагы угулуп, бирок бу жолу да аялдын бир чети аны аяп, бир чети кайраттантып:
– Чш-ш!!! Бала табылсын, андан кийин ый качпайт! – деп тыйып-кысканы чындап эле келинди кармап турду. Бу кезде Самагандын лом кармаган колдору «калч-калч! » этип, тулку боюн мупмуздак, кара тер басып, бирок Океев кыйкырганда эсине келе түшкөндөй дубалды ургулап, керте баштады...
Туш-туштан видео-камера, микрофон менен калем, кагаз, фотоаппарат көтөрүп жабалактаган басма сөз, маа¬лымат кызматкерлеринин арасынан Акшоола гана анчалык аракеттенбей, көз алдына көп нерселер элестеп, четке¬рээк турду.
Баягыда бир кызын көтөрүп, бир кызын жетелеп, так ушул зөөкүрдөн качып келген Алияны аяды: «Ушу менен кантип жашады экен?! Баарынан да ушу менен кантип бир төшөктө жатты экен, шордуум?!. » Ага удаа эле: «Балам, сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, күйүнгөндөн жүрөк айрылбайт! Ачык айтып, ак сүйлө!» – деп төлгөчүдөн уулунун, тактап айтканда так ушул канкордун кабарын сурап, «Балаңыз киши өлтүргөн го...» – деген уулуу сөздү чыдап уккан байкуш энени аяды. Баягыда баланын күйүтүнөн көз көрүнөө жинди болгон, эми да жанбаласынан экинчи жолу айрылып, чучуктай чыңырып аткан бечара Венераны, баарынан да жашоого жаңы эле келип, Жараткандын эмес, мына бул мыкаачы-канкордун колунан жайрап калган бейкүнөө Эркинбекти аяды!.. Арман күн десең!
Баланын сөөгүн топурактын арасынан өтө кыйынчылык менен чыгарып алышты. Ага чейин эле туш-туштан боздоп, сыздаган үндөр күчөп, көпчүлүк Өмүровду каргап-шилеп, жеткени чуркап жетип жети муштап, жетпегени эки муштап, жаалдана баштаганда аны бу жерден шашылыш алып чыгып кетишти...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

«Баккан бала өз балаңдан да башкача, ысык болот деген чын экен! Баягы кызды сагынып!.. » – деп сөзүнүн аягына чыкпай апасы күн алыс бышактай бергендиктен тээ өгүнү Ынак Акшоолага телефон чалган:
– Алло?
– Да?
– Ии, кандай?! – тоңдоосун сурады Ынак.
– Жакшы?! – Акшоола адегенде жүрөгүнүн «болк» этип бир катуу туйлап алганына карабай токтоо, суроолуу унчукту.
– Алло, Сезимди эмне кыласың, айылга жибербейсиңби?
– Эмне болду?! – канчалык кайдыгер окшоп, калп эле «кекирейгени» менен Акшоола андан: «Бала кандай?» – деген эле бир сөз күтүп, ошону уккусу келип, ичинен уйгу-туйгу түшүп жүрөгү тыбырчылап атты. А бирок Ынак өчөш¬көнсүп, тек гана:
– Эмне болсун, абышка-кемпир кайра-кайра чалып атат! – деди.
– Мм... – шаабайы сууй түшкөн менен келин саамга буйдала калып анан: «Атам менен апамда эмне жазык? Анын үстүнө, таптакыр ажырашып кетпеген соң... Анан да бала ортодо данакер эмеспи», – деп ойлоп:
– Болуптур, Сезим өзү деле сагынып атат... – деди кептин чындыгын айтып. Ошонун эртеси эле Ынак Сезимди айылга жеткизип кеткен. Канткен менен кыз эмеспи, Сезим кетип атып да: «Апуля, коркпойсуңбу? ! Сиз иштесеңиз Бакытты ким карайт?!» – деп кайра-кайра кылчактап, кабатырланып атып араң кетти. Ал антип апасы менен кош-беш айтышып, кийинип, даяр болгуча Ынак сыртта машинесинде күтүп отуруп, качан гана кызы көтөрүнүп чыкканда жерден так көтөрүп ала коюп өөп эркелетти да, машинасына отургузуп, жөнөп кетти. Ошондон кийин кыз ат тезегин кургатпай, апта алмашпай телефон чалат:
– Мен иштедим, кызым! – деди Акшоола бүгүн Сезимди кубанткысы келип.
– Иштедиңизби? ! А Бакытты ким карап атат?!
– Нянка.
– Мм... Ал кандай, жашпы же карыбы?
– Жаш. Абдан жакшы кыз. Келгенде көрөсүң го.
Сезим бөбөгүнөн санаасы тынчыгандай эми:
– Атам телефон чалып атабы? – деди.
– Мм.. Ооба, – калп айтты Акшоола, – Чалып атат. А өзүңдүн окууң кандай? Апаң, атаң жакшыбы?
– Жакшы. Баары жакшы. Таятамдар келиштиби?
– Келе элек.
* * *
Айткандай эле Акшооланын ата-энеси келе элек. Биринчи жолкусунда аларды: «Ынак келгенде келгиле, антпесеңер ал таарынат... Күйөө балаңар Америкада», – деп токтоткон, экинчи жолу да даярданып алышкан Ашыракман аксакал менен байбичеси: «Күйөө балабыз Кытайда экен», – деп супсундары сууп отуруп калган. Үчүнчү сапар: «Кечээ эле Пакистанга кетти», – деди Акшоола.
– Апей, алат күн, Америка менен Кытайды карап аңырайтып отура берип, андан бери эле канча өттү. Эми баланын тушоосун кескенде барабызбы?! Ботом, куда менен кудагый деле унчукпайт. Деги, баралычы! Түшүм да жакшы эмес... Соо эмес булар! – деди бир күнү эне.
Алар ушул жолкуда кыз-күйөөсүнө барар-коёрун айтпай-дебей туруп, ошол Сезим сураган күндүн эртеси эле бапырап кирип келишти.
Ата менен эненин жыты, мээримине кудум секелек кыздай эреркеп, эркелеген кызына:
– Эмне мынча өңүңдөн аздың берекем? Деги ден-соолугуң жакшыбы? – деди эне.
– Жакшы апа...
– Ынак келди беле, ботом? – күн улам кечтеп бараткандан уламбы, шек алгандай сурады эне. Атасынан тартынып, алда нени айта албай аткандай акырын башын чайкады кыз. Кызынын карегинде каканактай түшкөн жашты байкап, ашканага кошо чыккан эне:
– Мындайыңар жок эле, эмне болдуңар? – деди. Ак¬шоола андан ары жашыра албай калды. Апасынын мойнуна колун ороп ыйлап ийди:
– Ынак бизден кетип калган, апа!
– Ок! – деп чочуп кетти эне, – Ал эмнеси экен?! Качан?
– Көп болду. Баягы силер кеткенден кийин, Америкадан келип эле...
Эне тунжурай түштү:
– Куда-кудагыйлар эмне дейт? Каттап атышабы?
– Ики! – башын чайкады Акшоола. – Баягы мен төрөрдө апам келип, ал да мага таарынып кетип калган. Ошол боюн¬ча алар да жок. Бакыт төрөлгөндө келишет го десем, анда да келбей коюшту.
– Капырай, ал эмнеси?! Анан ошондон бери эле жалгызсыңбы? !
Башын ийкеди Акшоола.
– Э, кокуй, эмнеге антип шордодуң, балам? Чет-чеберин эле билгизсең, эмгектесем да жетип келбейт белем! Жүрөгүм мыкчылып эле, эки эмчегим зыркырап, түшүм бузулуп жүргөн? Көрсө!.. – деген эненин жаны түтөп-түтөп кетти, – Э, Кокуй! Өзү кош бойлуу болсо!.. Жок дегенде төрө¬гөндө жаныңда болгон жокпу, күйөөң?!
Башын чайкап, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп жер тиктеди кыз.
– Болоору болуптур, эми! – деди бир убакта эне. – Аман-эсен эки колуңду бооруңа алып алганың олжо! Эркек деген ошол, жаш кезде ошентип ары кетет, бери кетет. Эстүү аял күтөт, түтөт! Сенин эле эриң дейсиңби?! . Ыйлаба, антип! Андан көрө кирген сайын жакасын агартып жууп, тамак– ашын алдына коюп, жылуу сөзүңдү айтып тур. Бармактайдан кошулган жарына ким болбосун эле акыры айланып келет. Ии! Уулун жыттасын, жайына кой?!.
– Жок, апа!. Ал деген ... – деп Акшоола: «Баласын балам бар экен деп ойлоп да койбойт!» – дегиси келди эле, эне аны башкача түшүнүп алды:
– Токтот, «жогуңду! » Аял дегенди билесиңби, эмне үчүн жерге теңейт?! Анткени аялдын мыктысы ошончолук көтө¬рүмдүү, кечиримдүү болот! – деп анан кызына сабак болсун дегендей акырын шыбырады, – Сенин атаң деле илгери ыраматылык Алмаш менен ымалаша коюп, аз жерден кызматтан куулуп, партиядан чыгып кала жаздаган...
Акшоола апасына «жалт» карады: «Алмаш деген Алиянын апасы да?! – оюна дароо өзүнүн өгүнкү божомолу «шак!» эте түштү, – Анда Алиянын атасы... менин атамбы?!»
– Анан, апа?! – жасап аткан ишин токтото коюп, апасын андан ары ыкылдатты/ – Анан эмне болду эле?
Оюнун баары кызынын көңүлүн жубатуу, аны кызганыч менен жек көрүү деген азаптан арачалоо, сабырдуулук менен кечиримдүүлүккө үгүттөп, түтө да, күтө билүүгө ынандыруу болуп, «жаңылып-жазган сенин эле эриң дейсиңби?! » – дегиси келип аткан эне Акшооланын эмнеге антип кызыкканын аңдабай калды.
– Адегенде мен да сенчилеп куру намыстанып, ызаланып, ыйлап жүрбөймүнбү. Бир күнү анан атаңдын «жаңылдым, жаздымына» карабай, үч баламды ээрчитип алып төркүнүмө кетип калдым. Келген жөнүмдү угуп эле таятаң: «Ок, кокуй!» – деп санын бир «тарс!» чаап, байбичесин акшыя карап алып эле эшикке чыгып кетти.
– Атаңа бу келишиң жакпай калды, кызым! Күйөөң артыңдан келсе эми унчукпай кете бер! – деди таянең, – «Кызыңа берген тарбияң ушулбу?!» – деп эми мени да кууратат! «Отурган кыз орун табат» дейт, ботом! Эриңдин анча-мынча шоктугун байкамаксан деле болуп койбойсуңбу? ! Төркүнүңө чейин жарыя салбай!
Уялгандан өлүп эле калайын дедим! Кудай жалгап атаң бат эле артымдан жетип келди. Кетерин кетип алып, эми келбей коёбу деп жаным чыгып аткан жаным, сүйүнгөнүмдү сураба! Ошондон көп өтпөй эле, анда заман ошондой катаал эле да: «Аялы туруп бирөөнү боозутуп койгон, моралдык жактан туруксуз! » – деп үстүнөн арыз жазышып, пар¬тиядан түгүл кызматтан бошотуп салышаарда бечара Алмаш партиялык чогулушта: «Жок, менин ага эч кандай доом жок! Аны тааныбайм дагы!» – деп караманча танып кетип куткарган. Сен да ошондо курсагымда болчусуң. Мына, эми...
– Апа?! – качантан берки издеген бир чындыкты тапкандай, сыңар тизелей отуруп, апасынын көздөрүнө тигилди кызы, – Апа, ачык айтыңызчы, Алиянын атасы ким?!
Апасы уурусу кармалып каалгандай кайпактай түштү.
– Апа?!
Акшооланын эмне ойлоп атканын билгендей, акырын башын ийкеди эне. Кубангандан кызынын эриндери диртилдеп, көзүнөн ып-ысык жаштар томолонуп кетти:
– Башта эмнеге айткан жок элеңер?!
– А кезде андай нерсе өөн эле да, балам... Анын үстүнө Алмаш да «айтпагыла! » деп көгөрүп туруп албадыбы...
– А кийинчи?! Алмаш апа өлүп, Алия томолой жетим калганда, жанакы канкорго кор болуп, сурап алар кишиси жок кайыр сурап калгандачы? !
– Оюбузда эле болуп атты, балам! Бирок...
– Эмне бирок?!
– Күйөө бала, келиндин бетин кантип карайбыз деп, силерди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосун деп!..
– Коюңузчу, апа! Мен силерди эстүү-баштуу адамдар деп жүрсөм!..
– Атаң деле улам жашы өйдөлөгөн сайын тунжурап эле, көп ойлончу болуп алды. Айтпаганы менен ошол кызды ойлойт окшойт. Мени деле жөн жүрөт дейсиңби, кокуй! Кудай, арбак алдында карыздар окшоп!.. Көзүбүз тирүүсүндө ошол кыздын бетин ачып алсак деп... Биякка келатып да ошону ойлоп келдик.
– Туура кыласыз, апа! – Акшоола апасын мойнунан кучактап, бетинен сүйдү. – Апакем, менин!..
– Атаңды ал үйдө жалгыз соксойтпой барайын, ботом! – деп төркү үйгө беттеген апасы кайра кайрылды, – А сен а кыздын дайын-дарегин билесиңби?
– Билем, апа! Ал азыр кыздары менен көлдө. Өгүнү кайненеси келип кеткен...
– Ии, бечара, – ыраазы боло ушинтти апасы, – Баягы жылы Алмаш өлгөндө да уул-келини жок, өзү келиптир болчу.
– Анда Алия апасынын өлгөнүн уккан эмес турбайбы. Күйөөсү билип туруп эле айтпай койгон имиш.
– Акмак неме го, ботом!
– Акмак болгондо да кандай! Ал азыр киши өлтүрүп, түрмөгө түшкөн.
– Ок! Эмне дейт, бу чунак кыз?!
– Эч нерсе! Ал жөнүндө кеп кылбай эле коёлучу! Андан көрө көлгө качан жөнөйлү, абышкаңыз менен акылдашыңыз.
Эртеси Ашыракман карыя демейдегиден да эрте турду. Кечээ кемпири менен акылдашкандан кийин, эмнегедир калдалаңдап эле, башкача болуп алыптыр. Ошондон көп өтпөй эле анан байбичеси, кызы менен небереси болуп көлгө жөнөп кетишти...
* * *

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эки колун шымынын чөнтөгүнө салып, терезеден алыс-алыска тунжурай тиктеген Ынак Кабылович башын саал чалкалата, карегине кылгыра түшкөн жашты агызбай, тамагына кептеле түшкөн ыза менен кошо ары ￿кы￿к￿ эттирип жутуп алды￿￿￿￿￿генде үй-бүлөлүк турмушу да, иши да ойдогудай болуп, жоро-жолдош, дос-туугандар бапырап башпаанектеп, «ити чөп жеп» атып эле, эмнегедир акырындап баары жыласталып, бакыт кушу кимгедир, каяккадыр кайып болуп, карматпай учуп кетти. «Эмнеге?! Эмнеден жаздым?! – дейт оюнда, – Кай жазыгым үчүн Теңирим мени мынча жазалады?! .» Өзөгүн өрттөгөн өкүнүч менен ачуу арманды ачуу менен баскысы келди! Жаак эттери түйүлө, сол алаканын оң муштуму менен ныгырып-ныгырып алды.
– Ынак Кабылович?.. – деди аңгыча маркетинг жигит баш багып, – Уруксатпы?
«Кир!» – дегендей башын ийкеп, ордуна барып отурган Ынак Кабылович:
– Иштер кандай?! – деди.
– Мм... – жигит көздөрүн ала качып, кайпактап кетти, – Баягыдай эле... Жакшы эмес, Ынак Кабылович!
– Шайтан алгыр!!! – акыркы үмүтү «жалп!» эткендей Кабыловичтин заманасы тарый түштү, – А Нурболот Жакыпович эмне дейт?!
– «Колумдан келбей калды, жардам бере албайм. Иш сотко өтүп кетиптир...» деди.
– Сотко дейсиңби?!
– Тигилер өткөн жумада эле ишти сотко өткөрүп ийишиптир, мынакей... – Жигит шефинин алдына бир тутам кагаз таштады.
– Эмне үчүн буларды мен билген эмесмин?!
Кызматкери эми ага бир чети таң калгандай, бир чети табалагандай ормоё тиктеди:
– Сизди такыр эле кармай албай койбодумбу, Ынак Кабылович! Соткаңыз өчүрүлгөн! .. Бая күнү барсам, сиз...
– Болуптур! – Алда нени элес-булас эстегендей саал жумшара, бирок болбой эле кайра сурдана карады шеф. – Андан кийинчи?!
– Андан кийин деле Лилия эже: «Керек болгондо ишке өзү барат! Мындан ары тынчын алып келбегиле да, чалбагыла! » деген. Анан... – жигит андан ары да бир нерсени айта албай аткандай оозун таптап барып унчукпай калды эле:
– Айта бер! – деди шефи.
– Кечээ күнү Лилия эже келип кассадан акча алып кетти.
– Акча?! Канча?!
– Беш жүз миң! Өзүңүз кол коюп берген турбайсызбы? !
– Акмак!!! – сызга отурганын билген Ынак ордунда тегеренип-тегеренип кетти.
Маркетинг чыгып кеткенден кийин Ынак качан, кайсы убакта эмнеге кол койгонун такыр эстей албай, башын мыкчыды. «Токточу?! Ооба!..» – бир нерселерди элдир-селдир элестетти...
* * *
Ооба, ал көзүн ачканда терезенин ачык форточкасына аппак ай конуп алыптыр болчу. Толукшуп, толгон айдын ак жарыгынан көзү уялып, билеги менен жүзүн калкалаган. .. А бирок, айдан түшкөн алтын нур, ак шоола анын жарым жартылай ачык жаткан денесине мээримин төгүп, жүзүнөн, көзүнөн сүйүп, көкүрөгүн аруулап аткандай, магдырай түшкөн. Бул мамиле, бул сезим ага эмнегедир тааныш сыяк¬танган. .. «Акшоола?! .» – көздөрү умачтай ачыла түшкөнү эсинде. А бирок, ай жанагы ордунан жылып, акырын-акырын арылап баратыптыр. ..
– Акшоола... – анын кетишин каалабагандай, ээрчий карап эриндерин кыбыратты. Ошо маалда аны айданбы, Акшооладанбы, кызгангандай жуп-жумшак колдор өзүнө имере тартып, ысык эриндер жүзүнөн, көкүрөгүнөн, көздөрү¬нөн. .. туш келди аймалады.
– Акшоола?.. – анын Акшоола эмес экенин билсе да, билгиси келбей, эми элеки керемет сезимди жоготуудан корккондой өзүн-өзү алдап магдырады Ынак. Канча күндөн берки шараптын күчүнө кошул-ташыл, акыл-сезимин мас кылып, баары жокко кайыл кылган аялзатынын назы, кылыгы аны өзүнө чөгөрүп баратты.
– Жаным, мени сүйөм дечи? – деп атты ыпысык эриндер жалбара өпкүлөп.
– Сүйөм...
«Ики! – деди ичинен Лилия, – Сүйөт имиш! Эси-дартыңдын баары азыр Акшоола болуп атканын, мени эмне билбейт дейсиң го?! Эч нерсе эмес, бүгүн бир колума түшсөң, андан кийин сенин сүйүү-мүйүүңдүн мага бир тыйындай да кереги жок!..»
– Бир нерсе сурайын жаным, макул болосуңбу? – деди анан.
– Сура... – анын эмне сураарын түшүнгөндөй көңүлсүз унчукту Ынак.
– А сен буркуйбай, чын дилиң менен айт да?
– ?..
– Мага бир аз акча керек болуп атат?..
– Канча?
Лилия сөөмөйү менен жигиттин эриндерин басып койду:
– Чш-ш, жаны... Сендей жигитке «канча?» деген жарашпайт!
– Болуптур, сураганыңча. ..
– Анда... эртең унутуп калбаш үчүн мына буга кол коюп койсоң? – күн мурун даярданып алгандай жаздыгынын алдынан кагаз, калемсап алып чыга койгон...
– Акмак!!! – трубканы көтөрдү Ынак. Ачуусу келгенгеби, же канча күндөн бери баш көтөрбөй ичкенгеби, колдору калчылдап атып Лилиянын номерин терди.
– Алло, Лилия?!
– Эмне?! – анын эмнеге чалганын билгендей, бирок Ынак эч күтпөгөндөй орой жооп берди аял.
Башка жеген эмедей «селт» этти да:
– Лилия?! Сен түшүнүп атасыңбы, карыз деген чачтан көп, фирма кыйын абалда турат?! – деди Ынак.
– Билем!
– Лилия?.. – эми айласы түгөнгөндөй сүйлөдү Ынак, – Лилия?!
– Эмне?!
– Карызыбызды жаап, фирманы кайра бутуна тургузушубуз керек. Андан кийин баары сеники!
– А сен эмне, фирмаңдын тагдыры эчак эле чечилип калганын билбейсиңби? ! Айтмакчы, биздики да бүттү!.. Билесиңби, чарчадым сенден!
– Суранам, Лил?! Алган акчаңды кайра бере тур?
– Сен мени эмне, келесоо деп атасыңбы?! – жанагыдан да күчөп, «тарс!» жарылды аял, – Же эмне, эки күн мурун эле өзүңдүн: «Карызымды кайрып берип атам!» – деп кол коюп бергениңди унутуп салдыңбы?! Анда кайра эсиңе тутуп ал, ал акчаны мен жөн алган жокмун! Мында сенин, анан да мамлекеттик нотариустун колу менен мөөрү турат!
– ?!! – Ынак уккан кулагына ишенип-ишенбей, дендароо боло түштү, – Лилия?! Сен эмне деп атасың, Лилия?!
– Эмне уксаң ошо деп атам!!! Же карыз экениң жалган беле?! Катындарыңа батпай көчөдө калганда, көйнөгүңдүн жакасын эле эмес, көңүлүңдү агартып, оюң менен ой, боюң менен бой болуп, болгон ишимдин баарын таштап, салпылдап сени ээрчип көчөдө жүргөнүм эмне, ит бекер бекен, ыя?!!
– Сен... Ушундай катын белең, Лилия?!. – чындап эле түтөп кетти Ынак. Анан калса ушул жагымсыз үндү качандыр, каяктандыр уккандай, бирок такыр эстей албай атты.
– Так, что билип кой, Ынак Кабылович! Эми экөөбүздүн аласабыз да, бересебиз да жок! Эгерде эле кайра да бир тынчымды алып чала турган болсоң, анда мага таарынба! Милицияга, теле-радиого, гезитке чалып, абийириңди айрандай гана төгөмүн!! ! Ту-ут! Ту-ут!..
«Кызык! Бул эмнеси?! Мен деги эмне болуп атам?! Бул өңүмбү же түшүмбү?! – анын мындай мүнөзүн башта көр¬бөгөн жигит чындап эле таң калды, – Баса, бул үндү мен каяктан уктум эле?.. Чын эле бир жактан уккам!..»
– Аа-аа-аа!! ! – деп анан ызадан өзүнө-өзү батпай, өзөгү өрттөнүп, столду бир катуу муштады эле, сырттан катчы кыз чуркап кирип келди:
– Сизге эмне болду, Ынак Кабылович?
Аны укпай, көрбөгөндөй шефи башын кош колдоп мыкчып, өксүп-өксүп ыйлады. Унчукпай чыгып кеткен кыз анан:
– Ынак Кабылович бүгүн эч кимди кабыл албайт. Эртең келиңиздерчи? – деп кезекте тургандарды кетирип атты.
– Бир ооз эле сөзүм бар эле, чоң кыз. Бул өтө маанилүү! – элдин соңунда калган жигит өтүндү, – Арнас деген жигит келиптир десеңиз, өзү деле билет болуш керек?
– Болбойт! – деген кыз анан акырын айтты, – Туура түшүнүңүз, шефтин табы жок болуп турат. Ал баары бир кабыл албайт.
Сыртка чыгаарын чыгып алып, Арнас андан ары узап кете албай, короонун ичиндеги отургучка келип отурду. «Ынак Кабыловичтин табы жок экен, кабыл албай койду» десем Акшоола ишенеби?» – деди оюнда.
Акыркы күндөрү Акшоола андан жаа бою качып, атүгүл телефон менен да сүйлөшпөгөнгө аракетенчү болгон. Эмне үчүн экенин Арнас деле сопсонун түшүнөт. Экөөнүн ортосунда тек гана урмат-сыйдан башка эч нерсе болбогону менен, эмнегедир Ынак алардан арамданат имиш!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Арнас Акшооланы телефон чалат деп такыр ойлогон эмес. Кечээ эртең менен трубканы ала коюп, кубангандан чекесинен тер чыпылдап кеткен! Ошондон көп өтпөй эле экөө ресторандан кезигишти. Саал эртерээк келген Арнас Акшооланы гүл менен тосуп алды.
– Саламатсызбы, Акшоола?
– Саламатсызбы? – бажырая гүлдү алды Акшоола, – Рахмат...
– Менин уулум кандай? – Арнастын андан кийинки эле суроосу ушул болду.
– Рахмат, жакшы! Бирок... – Акшооланын жүзүндөгү эми элеки жылмаюу акырындап азайып, саал мостоюңку унчукту, – Бирок, сизден суранам Арнас, Мындан кийин Бакытты... «уулум» деп айтпаңызчы? ! Ансыз да...
– Билем... Түшүнөм, Акшоола. Кечириңиз?
«Кечирдим» дегендей күлүмсүрөп, башын ийкеген Акшоола:
– Арнас, менин сизди чакырган себебим... бизге сиздин жардамыңыз керек? – деди.
– Кандай жардам? – «жандилим менен!» дегендей карады жигит.
– Билесизби, – Акшоола кепти кандай баштасам дегендей адегенде саал оңтойсуздана, оор улутунуп алып, Ар¬насты карабай тунжурап отуруп, анан сөздүн ток этээр жерин айты:
– Ынак Бакытты сиздин балаңыз деп ойлоп жүрөт!
– Коюңузчу?! – же сүйүнөөрүн, же күйүнөрүн билбей, чындап эле Арнас ыңгайсызданып кетти, – Мен...
– Көңүлүңүзгө албай эле коюңуз, бул эми билбестик, түшүн¬бөстүктөн. .. Сиздин уулум экөөбүзгө жасаган жакшылыгыңызга кийинки кездерде тоңдоосун мамиле жасаганым да ошондон. Кечириңиз?
– Жок, жок, эмнеге кечирим сурайсыз, Акшоола. Тескерисинче мен...
– Менимче сиздин доктор катары, жолдош катары жасаган жакшылыгыңызды, биздикине келип-кеткениңизди бирөөлөр туура эмес түшүнүп, Ынакка айтышат көрүнөт. Анын үстүнө, эсиңиздеби, баягы Бакыт али төрөлө электе биздин үйдүн алдынан апама кезикпедик беле?
– Кайненеңизгеби? Эсимде.
– А киши да тескери ойлоп калыптыр. Бирок, мени түйшөлткөн ал эмес!
– ?..
– Угушума караганда Ынак ичкиликке берилип бараткандай. Фирмасы да банкрот болуптур деп атышат. Бирок!.. – алда неге ызаланып, кыжалаттана, туталанып айтты келин, – Эмнеге ушундай болуп кеткенине такыр түшүнбөйм! Ынак мынчалык кордук көрө турган адам эмес эле! Ал деген... билесизби, бирден-бир билимдүү, иш билги адис, мыкты жетекчи болчу! Ал... Ал адамдан башкача асыл адам эле! Ал абдан боорукер, ак көңүл, анан да чектен ашкан берешен, кишинин көңүлүн оорутпаган айкөл эле! Эмне болуп кеткенине такыр акылым жетпейт! Билесизби, өгүнү бала бакчадан келатсак уулум: «Апа, бүт балдардын атасы бар. Эмне үчүн менин атам жок?» – дейт да кадыресе адамдай муңканып, улутунат. «Атаң бар! Ал абдан жакшы адам! Көрөсүң го, иштен бошогондо бир күнү келет!» – десем: «Анын колу бошобосо, өзүбүз деле барбайлыбы! Мен атамды көргүм келет!» – дейт. Акыры, уулумду ээрчитип алып бардым. Бирок!.. Бирок мен уулума: «Атаң ушул!» – деп такыр айта албай койдум!..
Акшооланын көздөрүнөн жаш тыпылдап таамп кетти:
– Билесизби, эмнеге?! Биздин бет маңдайыбызда анткени, уулума мен жомок кылып айтчу абалкы Ынак эмес, таптакыр башка адам келаткан! Арыктап, аябай жүдөп кетиптир! ... Анан да бутуна тура албай мас! Эки жагынан эки кызматкери, кароолчу, айдоочу болуп, баарылап атып машинеге салышты... Анда уулум: «Апа, атамдын жумушунда ушундай аракечтер иштейби?!» – дейт! «Демек, атаң иште жок турбайбы, балам! Жүрү, кетели!» – деп ээрчитип кеткиче шаштым. Уулум жанымды койбой койгонунан, ки¬йинки жумада телефон чалып: «Уулуң сурап атат, Ынак! Сенин мүмкүнчүлүгүң болбосо, биз баралы?» – десем... Билесизби, эмне дейт?!
– ?..
– Кечириңиз? Анда ал: «Арнасыңдан тууп алган арам сийдигиңди мага угузба! Эгерде эле көзүмө көрсөтсөң, кардын жарып таштайм!» дейт!
– Ыйлабаңызчы, Акшоола?.. – Акшооланын алдында өзүн бузуку, жексур сезип, эмне кылаар айласын таппай, оңтойсуз абалда калды жигит, – Мен... сизге жамандык кылайын деп такыр ойлогон эмесмин. Тескерисинче. ..
– Билем, Арнас. Мен сиздин адамкерчилигиңизди, асыл оюңузду сопсонун түшүнөм.
«Билбейсиз» – дегендей Акшооланын колун аяр кармап, эмнегедир башын чайкады жигит.
– Бирок, мынча болду мен сизге бир чындыкты айтышым керек... Мен сизди... – эки бети албырып, кыпкызыл болуп кеткен жигитти таң кала карады Акшоола.
– Мен сизди... сүйгөнүм чын, Акшоола!! !
– ?!. – эми эле ыйлап басылган, жууган карагатай капкара каректерин бадырайтып, ага чындап бүшүркөй карады келин: «Сүйөм дейби?..» Бирок, бат эле жандилинде бир силкинип алып:
– Арнас, мага сиздин жардамыңыз керек? – деп эч нерсе укпагандай, түшүнбөгөндөй, же бул темада мындан ары сүйлөшүүнү каалабагандай Акшоола жигиттин колдорунан колун тартып алып, кептин удулун чукул буруп кетти:
– Ынакка жардам беришибиз керек. Балким, ага сиз жолугуп, сүйлөшүп көрөрсүз? Балким, бардыгы ал ойлогондой эмес экенин, Бакыт өзүнүн уулу экенин билсе...
– Жарайт! – деди Арнас анын эмне ойлогонун түшүн¬гөндөй.
– Өгүнү Сезим келип кетти, – деди Акшоола ууртунан жылмайыңкы, – Бою өсүп, акыл токтотуп, эс кирип калыптыр. Бөбөгүн кайра-кайра өпкүлөп: «Апаке, бул атамдын эле уулу турбайбы! Караңызчы, кандай окшош!» – деп тим эле так секирип кубанат десең, садага болоюнум! Ансайын зээ¬ним кейип, заманам тарыды. Тээ төрөй элегимде бир жолу: «Апа, мунун атасы чын эле Арнас байкеби?» – дегенинен: «Атаң ачуусу менен эле ошентип атат, кызым. Андай сөз¬дөргө ишенбей жүр!» – десем ынангансып калган. Көрсө, мага айтпаганы менен ал деле ичинен сызып, ишенип-ишенбей жүрүптүр да! Кетээринде бөбөгүнүн сүрөттөрүн жыйнап алыптыр: «Чоң атам менен апам көрсүн!..» – дейт.
Ушулардын баарын угуп отурган Арнас Ынакка бир чети суктанып, бир чети жек көрүп кетти. Ошондон кийин Ынак Кабыловичтин кабылдамасына эки-үч келип, бирок биринде да жолу болбой кеткен...
* * *
Ынактын эсине кайра да Акшоола түштү. Аны менен жашаган жылдары өмүрүндөгү эң таттуу, эң бактылуу кездер экен. Акшоола ошонун баарын өзү менен кошо ала кетиптир! Жек көрүп кетти аны: «Эмне, Арнас деген эме ошончолук эле укмуш неме бекен?!.»
Ичкиси келди. Бирок, мындай учурда арманын тең бөлүшүп, каш-кирпиги менен тең айланып турчу Лилия да жок! Кайда барып, ким менен ичет?! Анын өзөгүндөгү кыпкызыл чокту ким өчүрөт?!
Эсине Айнура түштү. Ага жолукпай калганына көп болуптур. Жанагы маркетинг жигитти «иним» деп ишке орноштуруп кеткени, ал экөөнүн мамилеси тез эле сууган. Айнуранын алдында Ынак өзүн өтө пас, күнөөлүү сезди.
Бирок, Ынактын Лилия менен болгон мамилеси Айнурага тек гана шылтоо болгонун ал каяктан билсин?! Ки¬йинки күндөрү Айнуранын аны таптакыр жанына жуутпай: «Эми келчү болсоң милиция чакырам!» – дегенин ал башкача жоруган. «Лилиядан кызганып, ошон үчүн ушинтип атат!» – деп өзүнө окшоткон. А чынында Айнуранын каалаганы башка болчу. Үйү үстүндө, төшөгү астында, анын үстүнө тигиндей чырайлуу, жаш жигит да таап алды. Анан калса, ар күн сайын ойношу Ынактын кыбыр эткенинен кабардар кылып турат эле. Кээде фирманын табагына экөөлөп кош колун салып ийип, жик билгизбей кайра жымсалдап койгонду да үйрөнүп алышкан.
* * *
Ой-кыялында азыр түп-түз Айнурага барып, кечирим сурайм деп чыккан Ынакты эшикте отурган бейтааныш жигит утурлап алды:
– Салоому аллейкум, Ынак Кабылович?! Сизде жумушум бар эле?..
Сиркеси суу көтөрбөй турган Ынак Кабылович анын алигин алганы менен, өзүн байкайт беле, байкабайт беле, качан гана машинеге отуруп эшигин жаба берерде алиги жигит:
– Мен – Арнасмын, Ынак Кабылович! – деп ийди.
– ?!! – «Арнас» дейби?! Бүт дүйнөсү «селт!» эте, бутунун учунан тартып, төбө чачына чейин муздай түштү да, уккан кулагына ишенип-ишенбегендей жигитке үңүлө карады.
– Арнас... – колун узатты жигит.
– Акмак!!! – ошондо гана машинеден учуп чыгып, азыр-азыр эки чайнап бир жутуп ийүүчүдөй көздөрүнөн заар чачырай, Арнасты омуроолой тиктеди Ынак. – Ак-мак-к!! !
– Андай эмес, Ынак Кабылович! Сиз туура эмес түшүнүп атыпсыз, Акшоола экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок! Мен болгону алардын дарыгеримин. Ишенбесеңиз, мынакей, – төш чөнтөгүнөн Бакыттын сүрөтүн алып чыкты, – Уулуңузду караңыз, ал сизге куюп койгондой окшош...
Ынак Кабыловичтин итатайы тутулуп кетти: «Катындар бүтүп, эми эркектер алдай баштадыбы?! Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп!..»
Ага Арнас атайылап эле маскаралап, сынап, какшыктап келгендей сезилди. Аны менен айтышып, андан ары чыдап турууга чама чаркы, эрки жетпей, бет алдындагы жигитти кантип бет талаштыра берип калганын өзү да байкабай калды. Анын минтээрин күтпөгөн Арнас чалкасынан кетти.
– Ынак байке?! – деп айдоочу жигит ортого тура калбаганда да кандай болот эле. – Теңелбей эле коюңузчу, колуңуздан айлансын, Ынак байке?!.
Машинеге түшүп баратып да Ынак оозу-мурду канжалап туруп келаткан Арнасты имериле, ушунчалык жек көрө бир карап алып, аны урган муштумун аарчыган жүзаарчыны өзүнөн алыс ыргытты да жүрүп кетти.
– Келесоо! – деди артынан узата караган Арнас. – Акмак экенсиң!..
– Жигит, тигинде суу бар, жуунуп ал! – Аңгыча кароолчу ага ымала санагандай унчукту. – Эч нерсе эмес! Аны кечирип кой?.. Аябай жакшы жигит эле, атаң көрү... Аялы менен ажырашканы ушундай ит кыял болуп кетти.
– Аялын таанычу белеңиз? – Бети-колун жууп атып сурады Арнас.
– Оо, тааныбагандачы! Татынакай, эстүү келин болчу! Адам деген пенде да, жаңылат, жазат! Бир жолу «жаза та¬йып» койгон экен, андан кийин бечара канча ыйлап келди... Бу чунак такыр эле кечире албай койбодубу! Андан кийин эки аял алды эле, мына, акыры бул болду!.. «Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат» дейт, андай жакшы аялдар үчүн кээде көздү жумуп, бир жолку жаңылганын кечирип коюш керек эле...
Ушинтип кобураган кароолчу анан:
– Өзүң үйлөнгөнсүңбү, иним? – деди.
– Жок.
– Аа, анда али көп нерсени билбейт экенсиң... Айтмакчы, атың ким?
– Атым – Арнас, байке!
Эмнегедир кароолчу ага ишенбегендей аңкая карады:
– Алиги?.. – «алиги Акшоола турмушка чыгып кеткен Арнас сенсиңби?» – дегиси келип, бирок оозу барган жок. Анын эмне ойлогонун түшүнгөн Арнас тек гана башын чайкап күлүмсүрөдү да, блокнотунун бир барагын айрып алып, бир нерселерди чиймелеп, ага Бакыттын сүрөтүн кошуп туруп:
– Муну шефиңиз келгенде берип коюңуз, – деп узап кетти. Арнас көрүнбөй калган кезде кароолчу сүрөттү карады да: «Капырай, союп эле каптап койгондой экен!» – деди кудум Ынак кейиптенген наристеге таң калып. Андан ары ким бирөө көрүп койчудай шашкалактап, катты окуду:
«Ынак! Билесизби, сиз бул дүйнөдөгү эң бактылуу да, эң бактысыз да бирөөсүз! Бактыңыз ошол – Акшооладай пакиза аялзатынын арзуусуна, саргайган сагынычы, көз жашы менен арманына айланып алгансыз! Бактысыздыгыңыз ушул – ошол бактыңызды, алтургай каныңыздан жаралган өз балаңыздын баркын билбей, кор болуп жүрөсүз Арнас""..

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ынак Кабылович Айнуранын эшигинин алдына чейин шар келди да, эмнегедир каалганын туткасын кармаган тейден буйдала түштү: «Жок, жок! Намысың болсо кайра тарт! – деди бир ой-туюму, – Каяктагы Лилия деген көз боочуга алданып, бул үйгө такыр киргис болбодуң беле?!. Эми уялбай кантип баш багасың?!. » «Жаңыласың! – деди экинчи бир тую-му, – Сенсиз ага эле жакшы дейсиңби?! Албетте, канткен менен аял да, адегенде ошентип таарынат, арданат, намыстанат, кызганат! Жүрөгү назик аялзаты ал эмес, эрки темирдей деген эркек, сен деле кандай болдуң?! А балким, Айнура ойлонгондур? .. Кечиргендир? Аял да... Анын үстүнө бул үйдү өзүңдүн маңдай тер, таман акың менен албадың беле? Кир да, жаңылдым-жаздым деп, кечирим сура!»
Өзүнүн ушул акыркы ою өзүнө шыкак берип, эшикти ачып үйгө кирди. Жым-жырт. Конок үйгө, ашканага баш бакты. Эч ким жок. «Уктап атса керек?.. – деди оюнда. Бою-башын түзөп, жакасы менен галстугун оңдоп, чачын жылмалаган болуп, кокус чочутуп албайын деген кыязда бутунун учу менен акырын басып өздөрү жатчу үйгө баш бакты да... эмнегедир жылан көргөн эмедей денеси «дүр-р!» этти! А бирок, андан ары же чыгып кете албай, же кирип бара албай, ошол турган боюнча нес болду да, калды! Көзүң жамандыкты көрбөсүн, Ынак өзү тандап, өз колу менен көтөрүп келген керебетте... Айнура өзүнүн ишке орноштурган алиги маркетинг «иниси» менен!.. Үчөө үч жерде сенек болгон эмедей тиктешип турушту.
– Шуркуя! ######!!! – деди Ынак ызадан энтигип.
– А сенчи?! – Ошондо гана жан кирип, тил бүткөндөй тикилдеди Айнура. – Сен тим эле идеальныйлыгыңдан ар кимдин көчүгүн ###### жүрөсүңбү?! Же сенин Лилияң эле периштедей таптаза бекен?! Уктум, сенин кереметиң сени кантип келиштирип кеткенин!
Ынак маркетинг жигитке карады эле, ал кайпактап кетти.
– Мени эмне, талаада калат деп ойлодуң беле?! Кечирип гана коёт экенсиз, Ынак Кабылович! Сизсиз деле күнүбүз өтөт! Керек болсо, мына – боюмда бар! Биз никеге туруп алганбыз!
Айнура көкүрөгүнө жаап турган шейшепти ачып ийди эле, алты-жети айлык болуп калган курсагы чедирейе түштү!
– Демек, мындан кийин бул үйдө сиздин эч нерсеңиз жок, кымбаттуу Ынак Кабылович! – деп какшыктуу тикирейген Айнура алда нени эстей койгондой анан: – Айтмакчы, ачкычты алып кел?!! – деп колун сунду.
Эртең менен эле шефине бөжүрөп кирип-чыгып аткан маркетинг жигит да бу саам: «Баса, эми сен мага ким элең?! Фирмаңдын иши бүтпөдүбү! » – дегендей кекирейе карады.
Шефинин бат эле чыга калганын көрүп эле машинеде күтүп отурган айдоочу кооптоно түштү. Буга чейин бир канча ирээт Айнура менен маркетинг жигиттин мамилеси бар экенин шефине айтайын-айтайын деп оозун таптап барып, батынбай койгон. Өңү чүпүрөктөй кумсарып, мас немедей кадамдары чалыштай түшүп, бир башкача келаткан Ынак Кабыловичтин алдынан утурлай чыгып, машиненин арткы эшигин ача койду. Дене боюн отургучка күч менен таштап ийип, колу-бутун туш келди таштап жиберип, чалкалай отуруп көздөрүн жумду, шефи. Канча жылдардан бери шефинин бар дүйнөсүн таанып билген жигит демин ичине катып, өзү да тымызын түтөп отурду.
– Кайда айдайын? – деди качан гана Ынак Кабылович өйдө боло бергенде. Бирок, Ынак барар жери, жолу ушуну менен бүткөндөй:
– Эч кайда! – деди оор улутунуп. – Буйрук бергидей эми мен сага да эч ким эмесмин, иним!
– Коюңузчу, байке! – Шефинин эмнеге анткенин түшүн¬дү жигит. – Кызмат, дөөлөт деген колдун кири, байке. Чынымды айтсам, ушул жашка келгиче канча киши менен иштештим, бирок бирин да мен сизчелик жакын сезген эмесмин! Сиз мага бул жылдары жетекчим да, агам да, атам да болуп бердиңиз! Сиз... билген кишилерге башкача бир керемет адамсыз, Ынак байке!
– Рахмат! – Шефи кандайдыр ишенбегендей үн катып, колун айдоочунун ийнине коюп, бекем-бекем кармап койду. «Адамдар көрсө ушундай экен, – деди оюнда адамдардан ишеничи таптакыр сууп, көңүлү калып турган Ынак. – Баарысы тең эле кирерде эл да, чыгарда жоо! Бал тилге салып, мени алдабаган ушул эле калды эле!..»– дегени менен ушундай кыйын учурда акыркы болуп жанында калып, калппы, чынбы жакшы сөзүн айтып, көңүлүн улаган жигитке кандайдыр жакшылык жасагысы келип кетти.
– Иним! – деди анан. – Аздыр-көптүр иштешип калдык... Эгерде менден кеткен болсо, кечир?
– О, коюңузчу байке?! – Чын дилинен ушинтти жигит.
– Чүш-ш! Улуу адамдын сөзүн бөлбө!
– ?
– Бүгүн менин колумдан ооматым, башымдан багым тайып турганда баары – достор да, катындар да тетири карап кетишти. Бир гана сен, анан ушул дөөтүм гана мени таштаган жок!
– ?
– Мына эми, жашоо деген ушундай экен... Бүгүн эми силерге да менин керегим жок! Мага да эми эч нерсе кызык эмес! Көрсө, бул жашоодо баары, жада калса өмүрдүн өзү дагы убактылуу! Ух-х! Эмне деген асыл тилекттер, жакшы ойлорум бар эле... Баары бүттү!.. Сага да алда нелерди ойлодум эле... Эч нерсе эмес! Эми да кеч эмес, мына бу кара тулпарды агаңдан эстеликке алып кал!
– ?! – жигит түшүнбөгөндөй бүшүркөдү.
– Ооба, ооба! – Уккан кулагына ишенип-ишенбей караган жигитти далысынан таптады. – Машинемди сага бердим, иним!
Ынак Кабылович машинеден түшүп кете турган болуп эшикке эңкейгенде жигиттин чый-пыйы чыгып кетти:
– Жок, жок байке! Албайм!! !
– Эмне-е?! – Бурула, чындап эле таң калгандай карады байкеси. – Демек, сен да «тойгон» экенсиң да?!
Анын эмне жөнүндө айтканын айдоочу түшүнгөн жок. Ошентсе да жанагыдай болбой саал жумшак унчукту:
– Андай эмес, байке. Такыр андай эмес, машине өзү¬ңүзгө да керек да...
– Керек болсо сенден сурабайм! – Таарынгандай эшикти «тарс!» жаап, чыгып кетти.
– Байке?! Байке?! Жок дегенде жеткирип коёюнчу, байке?! – Артынан дикилдеп ээрчип, шефинин ушундай акыбалга калганына бир чети муун-жүүнү бошоп кошо келатты жигит. Тээ бир далай жерге жетип калганда гана Эржандан кутула-тажагандай токтой калып, бар күчү менен:
– Жогол-л!! ! – деп бакырды шефи. «Калч-калч» этип, чындап эле анын кетип калышын каалап турган Ынак Кабыловичтин бул ыраңынан сестене түшкөн айдоочу акырын артына кетенчиктеп барып, бирок дале шефинин «токто!» дээринен үмүт эткендей улам кайра кылчактап карап узап баратты.
Ынак ресторанга келди. Демейдегидей эл көп. Тээ канча жыл мурун достору менен туулган күн белгилеп отурган баягы бурчтагы орун бу саам бош экен. Ошого келип отурду. Эсине Акшоола менен кантип таанышканы, каргашалуу бир күнү алардын бактысына, үйүнө, сүйүүсүнө кантип кый-сыпыр түшүп кеткени, ага удаа эле каргашалуу ошол күнү так ушул столдон Елизага жолукканын эстеди. «Ал каякта болду экен?..» Эсине Лилиянын баягы: «Оорусу өтө күчөп кетиптир! »... – деген сөзү «тык!» этти. Тамагы жашка, ызага муунуп, жандүйнөсүндө дагы бир жолу өксүп-өксүп алды. «Бечара кыз!.. – деди түтөп, – Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, эне сүтү оозунан кете электе!..»
Аңгыча менюсун көтөрүп официант жигит келди.
– Эки шише таза арак?! «Аюу» алып келчи?! – деди Ынак менюсун карабай туруп эле.
– Дагы?
«Башка эч нерсенин кереги жок!» – дегендей башын чайкады мейман.
– Елиза! Елочка! Башкаларга окшобогон ак дил, ак маңдай карындашым! Сен үчүн! Сенин жаркын элесиң үчүн!.. – деп биринчи, анан экинчи рюмканы көтөрдү.
Ал биринчи бөтөлкөнү капортолоп калган. А бирок, өзөгүндөгү өрт өчмөк турсун, ого бетер ырбап кеткендей болду. Жашоо жалаң арман менен азаптан, алдамчылык, эки жүздүүлүк менен кайгыдан бүтүп калгандай, пакиза, аруу нерсенин баарын Елиза кызга окшотуп бат эле жамандык жалмап коюп аткандай, жашоодон кечип, жек көрүп да, ыйлап отурду. Бирок, бир убакта каалгыган жагымдуу музыка ойнолуп, залдын тээ аркы башынан жакшылыктын жышаанындай болуп, караңгыдан бүл-бүл эте түшкөн ак жарыктай, аппак көйнөк кийген аккуудай кыз топтон бөлүнүп турду да, шыңга бойлуу жигит менен бийге түштү!.. Ынактын жандүйнөсү серпиле түштү. Окшоштук! Ушундай да окшоштук болорбу?! Бул картина ага тааныш эле. «Чын көрүп атамбы же көзүмө элестеп атабы?»– дегендей кирпиктерин ирмеп-ирмеп алды. Чын экен. Тигине, кудум баягы Акшоола экөөндөй болуп, башкалардан бөлүнүп экөө... музыканын ыргагында калкып бийлеп атышат. Ак көйнөк кыздын ыманы ысык белем, Ынак андан көз ала албай карайт... окшоштук! Бул Акшоолага... айрыкча, Елизага аябагандай окшош экен!
Ынактын антип караганын билгендей, кыз да бир убакта ал тарапка мойнун буруп, имериле караганда... Ынактын жүрөгү «болк!» этип кетти: Елиза! Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей кайра-кайра бүшүркөдү. Мына эми, жанагы кыз жигитинин кулагына алда нелерди шыбыраган болду да, Ынакты көздөй келатты!.. Эмне кылар айласын тап– пай, кара терге түшүп, карбаластап кетти Ынак. Өзүнө карай бактылуу болуп, бажырая күлүп келаткан кыз чын эле Елизанын өзүбү, элесиби, такыр ажыратып биле албай атты.
– Ынак Кабылович?! – Адатынча «жарк» эте учурашты кыз. – Саламатсызбы?
Ордунан шашып тура калган жигит: «Өзү эле экен, – деди оюнда, – Елиза турбайбы! ..» Жанагы оюн кыз окуп алып: «Кантип, Ынак байке?! Кантип мени өлүмгө кыйдыңыз?! » – деп тургандай жети өмүрү жерге кирип кетти.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

– Саламатсыңбы, Екуля?! – Анын минтип атаганын биринчи жолу уккан кыздын да жандүйнөсү селт этти!
– Эмнеге көрүнбөй кеттиңиз, Ынак байке? – Таарынгандай да, эркелгендей, бир чети байкесин күнөөлөгөндөй унчукту кыз. – Каякта жүрдүңүз? Сизге... эмне болгон?! – тамагы каргылданып, канчалык карманайын дегени менен ыйлагысы келип кетти. Ынак болсо: «Баягыдан токтоло түшүптүр! – деп ойлоп, унчукпай улутунду. Анын кандай абалда турганын түшүнө койгон кыз бирок бат эле, абалды жеңилдеткиси келгендей жароокерлене түшүп, кепти башкага буруп кетти:
– Билесизби, Ынак байке? Бүгүн менин туулган күнүм!
– ?! – нес боло түштү жигит. Баягыда Акшоола экөө да ушинтип таанышкан. Кыз кыткылыктап күлдү:
– Сизге эмне болду, Ынак Кабылович?!
– А... Кечир? Туулган күнүң менен! – кыздын быйтыйган жумшак колдорун кысты. – Мен... Билбей калбадымбы!
Калдастай түшкөн жигитти:
– Жүрүңүз, бийлейбиз? – деп бажырая карап, колун узаткан кыз: – Билесизби, мен бүгүн сиздин келээриңизди билгем! – деди.
– Койчу? Кантип? – Елиза өзү жөнүндө баарын билип алгандай кысыла түштү Ынак.
– ? – ийнин куушурду кыз. – Жүрөгүм сезген. Анан да... Сиздин келишиңизди аябай каалагам. Сизди акыркы ирээт болсо да көрүп калайын дегемин...
– Акыркы?! – Ынактын денеси «дүр-р» этти.
– Турмушка чыктым! Түркияга кетип атам...
– «Ии, ошондой десең!» – ичинде ушинтти да:
– Түркияга?! Эмнеге анчалык алыска?.. – деди Ынак.
– Сизди унутайын деп!
– Мениби?
– ! – унчукпай койду кыз.
Ортону узакка жымжырттык уялап, тээ бир оокумда алда нени боолгологондой сурады:
– Күйөөңдү сүйөсүңбү?
Кимдир бирөө угуп, көрүп койбосун дегендей эки жагына этият карап, башын чайкады Елиза.
– Анда эмнеге?..
– Эмнеге дейсизби?! – Ынакка эреркей үн катты кыз, – Сизди унутайын деп!.. Эсиңиздеби, анда да сиз кудум бүгүнкүдөй болуп, жалгыз келгенсиз! Сиздин ошондогу ыйлап отурганыңызды көрүп, менин да жүрөгүм сызылган... Эмнегедир ошол күн, ошол ирмемден тартып, сиз менин жандүйнөмдүн жападан-жалгыз каарманы болуп калгансыз! А бирок, сиз мени теңиңизге албай, улам бир башка айым менен келээр элеңиз! Мен сизди ошол аялдардын ар биринен кызганчумун! .. Ыйлачумун! .. Мен аларды жек көрчүмүн! .. Анткени...
– ?!.
Ушул учурду гана күтүп тургандай, андан аркысын айт¬тыргысы келбегендей алиги тармал чач, ак жуумал түрк жигит аларга жакын келди да:
– Салоому алейкум? – деп Ынакка башын ийкеди.
– Бул менин жолдошум – Яшар! – деди Елиза экөөнү тааныштырып, – Яшар университетти бизден бүтүп, кандидаттыгын да жактады. А бул – Ынак Кабылович!
Ынакты күн мурун билген сымак, жигит ыңгайсызданып кетти. Анын эмне кылаарын, эмне дээрин билбегендей, кайпактай түшкөнүн байкай койгон Ынак Кабылович өзү да:
– Куттуктайм, Яшар! – деп жигиттин колун олдоксонураак кармап, шашкалактап калды, – Кыргыздын эң пакиза, акылдуу кыздарынын бири бактыңа туш болгон экен, кадырына жетип, кор кылбай күтүп ал! Бактылуу болгула!
Ынак ушуларды үзүл-кесил айтты да, ылдам-ылдам басып алардан узап кетти. А бирок, ансыз да жабыркап араң турган жандүйнөсүн өзөктү өрттөгөн дагы бир белгисиз сезимдер тызылдатып, өксүп баратты...
* * *
Ошонун эртеси эле «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-жыйында Ынак Кабыловдун фирмасы качанкы алган кредитин кайрып бере албай, карызга капортосунан батып, акыры фирма соттун чечими менен аукционго коюлганын сатып алган тарап маалымат жасады. Жыйындын аягына чейин чыдап отура албай, Акшоола атып эле чыкты. Ал сатылып кеткен фирма үчүн эмес, күйөөсү үчүн ыйлап баратты. Аны аяп, эт жүрөгү бырча-бырча тилинип, каякка баратканын өзү да билбей, жери айлангөчөк болуп кетти.
Акшоола кирип келгенде Ынактын эң жакын досторунун бири Абийир ордунан тура калды. Ынак менен Акшоола ажырашканы, эмнегедир булардын арасы сууп, беш-алты жылдан бери катташпай, мамилелери үзүлүп калган. Ошондуктан, Ак¬шооланын тигинтип ыйлап кирип келгени ага күтүүсүз көрү¬нүш эле.
– Кел? Кел, Акшоола. Тынччылыкпы? !
– Ынактын фирмасын алып коюшуптур, – деди Акшоола бир айла, жардам күткөндөй ый аралаш жалооруй карап. – Эмне кылабыз, Аби?!
– Эми кеч болуп калбадыбы! – деди Абийир ал жөнүндө башта эле кабардар окшоп. – Мурдараак аракеттенсе болмок. Эми кайгырсак да, кандай кылсак да биздин колубуздан эмне келет?!
– Мен анын фирмасына кайгырган жокмун! – намысына келе түшкөндөй чыйралып, бетаарчысы менен көзүнүн жашын арчыды келин. – Бардык саат-кырсыгынын баары ошону менен чыгып кетсе канакей, мен анын өзүнө кайгырып атам!
– ?! – «өзүн мен эмне кылмак элем, баарына өзү кү¬нөөлүү! »– дегендей, кайдыгер ийнин куушурду тигил. Ак¬шоола көргөн көзүнө, уккан кулагына ишенген жок: «Кантип эле?! Кенедейден коюн-колтук алышып чоңойгон, студент кезде Ынактын кийимин кийип, аял алганда да булардын үйүндө жашап жүрүп бөлүнүп, кийин деле Ынактын жардамы менен бутуна туруп, ушунча даражага жеткен досу кантип эле ушинтсин?! .»
Акшоола андан кандайдыр сөз күттү. Бирок, Абийир Акшооланын отурганын жактырбагандай, атүгүл эми анын бар экенин унутуп да калгандай кайдадыр телефон чалып, ары кыйгачтап отуруп алды. Акшоола келгенине аябай өкүнүп кетти. Ызаланды. Ушул жерден тез эле качып чыккысы келип, бирок, ушунчалык катуу ыза болгонгобу, боюна бирөө коргошун куюп, ошо отурган жерине уютуп койгондой денесин көтөрө албай, тулкусун мупмуздак кара тер басып, көздөрү ымыр-чымыр, саамга дел боло түштү. Кудай жалгап, аңгыча сырттан баш баккан катчы кыздын «шаңк!» эткен үнү аны «селт» эттирип, денесиндеги эми элеки коргошун кайда-жайда эрип кеткендей бошой түштү да, сыртка атып чыкты. Ынактын чөнтөк телефонуна кайра-кайра чалганы менен: «Абонент өчүрүлгөн! » – дегенден башка жооп алган жок.
Түн бир оокумунда Арнаска чалды:
– Арнас, сага экинчи чалбайм дедим эле... Кечирчи? Тынчыңды алып... Эмнегедир эле санаам тынчыбай койду...
– Эмне болду?
– Ынактын фирмасын алып коюшуптур! .. Бүгүн сатып алгандар пресс-жыйын өткөрүштү! Ал муну кантип көтөрүп атты экен, Арнас?! Ал фирмасын нөлдөн баштаган болчу! Ал аны ушунчалык мээнет менен, ушунча даражага жеткирген эле да! Эми кантип атат десең, Арнас?! Ушундайда жанында боло албаганымды карачы!..
«Фирмадан да кымбат силерди жоготуп, эч нерсе болбогон Ынак эми деле түтөт! Ага эмнеге анчалык жүрөгүңдү оорутасың?! » – оюнда ушуну ойлогону менен:
– Кечээ кечинде Елиза менен Яшар ага ресторандан кезигишиптир, – деди анын көңүлүн тынчыткысы келгендей жайбаракат гана.
– Койчу?! Маанайы кандай экен дейт? Жакшы эле бекен?!
– Ооба. Яшар менен таанышып, экөөнө каалоо айтыптыр.
– Жанында бирөө-жарым бар бекен?!
– Мм... Эки-үч эркек менен отурушкан го... – калп айтты Арнас.
– Ии-и! – эс алгандай оор улутунду Акшоола, – Ошондой кездерде жанында бирөө-жарымдын болгону жакшы да. Анан дагы эмне дептир? Каякта жашап атканын айтыптырбы? Эми эмне кылам дептир?
– Ал жөнүндө айткан деле эмес го. Айтор, жакшы эле экен деди...
– Бүгүн досуна барсам... Адам деген ушул экен да, башыңдан ооматың кеткенде баса беришет турбайбы! Ынакты деги эле уккусу жок!.. Дагы бир досу бар эле, ага чалсам аялы жүрөктүн үшүн алган сөз айтып...
– Эмне дейт?
– «Ишсиз калганда аялдары да үйүнөн чыгарып салып, машинеси да жок, мас болуп жөө жүрөт имиш! Сени таштап кеткен эме ошону көрмөк, сооп болот!» – дейт!
– ?..
– Арнас?.. – эми бул да: «Ынагың менен ишим жок! Мени жайыма койгулачы! » – деп ийеби дегендей акырын, этият унчукту келин.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

– Айта бериңиз, Акшоола? – бирок баягыдай эле, андан да дилгирирээк, илгиртпей сурады жигит.
Акшоола ыйлап аткан окшоду:
– Мен аны таптакыр жоготуп аламбы деп корком, Арнас! Ал менин балдарымдын атасы да! Мен аны... сүйөм, Арнас!
Акшооланын: «Аны таптакыр жоготуп аламбы...» дегени: «Күйүткө алдырып арак ичип, таптакыр адам кейпинен чыгып калабы?!» – дегени эле. Аны Арнас да түшүнүп, Акшооланы кантип сооротуштун амалын издеп, жаналакетке түшүп кетти:
– Балким, чогуу барып жолугаарбыз?
– Болбойт! Баары бир ал бизге ишенбейт... Ал канчалык ак көңүл болгону менен, ошончолук көк дагы! Адамга оңой менен карарбайт, карарса ушундай!..
– Ал анчалык караргыдай сиз эмне кылдыңыз?
– Кеп ошондо болуп жатпайбы! Мен ошону билбей, ушинтип өрттөнүп атпаймынбы, Арнас!. – эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан, – А балким, Елиза билээр?! – деди эле, бирок ал үмүтү да жок болду:
– Билсе айтат болчу, – деди Арнас, – Ал өзү деле таң калып жүрөт... Айтмакчы, менде бир идея болуп атат...
– Кандай?!
– Эртең Лилияныкына кайра барсамчы?
– Эмнеге?! – анчалык макул эместей сурады Акшоола.
– Анткени... – алда нени эстеп кеткендей Арнас аңгыча каткырып күлүп ийди.
– Эмне күлөсүң? – өзү кошо жылмайган болду келин.
– Өткөндө барсам бир аял бар экен го, ошол мага башкача карап аткан... – жардамчы аялдын өзүнө деги эле болбой кылыктана, кылгыра карап, жоон-жолпу денесин сүлкүл¬дөтө ары-бери басып, көз кырын салып атканын элестете, дагы каткырды жигит, – Кызык аял экен ошо...
– Анан? Ага эмнеге барасың?
– Балким, тамырын тартып көрсөм, окуянын башы эмнеден башталганын ошол билеттир?
– Ырас айтасың! – баягы каргашалуу күн Акшооланын көз алдына тартыла түштү. Ошондо аны адегенде так ошол кара аял кабыл алып, Лилияга ошол баштап кирбеди беле!
– Билет! – деди Акшоола өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай.
– Анда мен эртең менен иштен чыгып эле ошого барам! – Чечкиндүү айтты жигит.
– Рахмат, Арнас! Сен биздин эч кимге окшобогон, эң жакын досубузсуң! Мен сага ыраазымын! ..
– Рахмат!.. – деген Арнастын оюна: «А кокус бул аракетибиз да оңунан чыкпай, Ынак силерге таптакыр эле кайрылгыс болуп кетсе, анда...» – деп айткысы келип, бирок ошол кеп кекиртегине чейин келип эле «тык!» этип кадалып калды. Айта алган жок...
* * *
Кечээ ресторандан чыккандан кийин көпкө чейин бак аралап басып жүрүп, шаар ичи кулак-мурун кескендей тынчый түшкөндө гана эсине келген Ынак саатын карады. Түн бир далай болуп кетиптир. Каякка барарын билбей, тегеренип калды. Баягыдай офисине да барган жок. Эсине группалаш досу Абийир түшүп, түз эле ал да ошолордукун көздөй бет алды. Эшиктин коңгуроосу кагылганда Абийирдин тестиер уулу чуркап келип:
– Ким бул?! – деди.
– Мен – Ынак атаңмын, Эку. Атаң үйдөбү?
– Атамбы?.. Азыр чакырам! – деп чуркап кеткен бала кайра келип:
– Атамдар үйдө жок! Алар мени бекитип кетишкен. Менде болсо ачкыч жок! – деп бат-бат айтып коюп, кайра ары чуркап кетти.
– Атаңдын көрү-ү!! ! – деди Ынак. – Башыңдан бак, алдыңдан так тайыганда ушул экен да?!.
Тепкич ылдый түшүп баратып Ынак Абийир менен Айнуранын үйлөнгөн күнүн эстеди. Кош бойлуу болуп калган кыз Акшооланы бучкактап, ыйлап жүрүп, акыры булар тойго кетчү каражатты бүт-бүт өздөрүнүн мойнуна алып, досунун ата-энеси жок экенин билгизбей, куда-сөөктүн алдына барышкан. Эми элеки Элмирбек да булардын үйүндө төрөлүп, Акшоола экөөнүн көз алдында торолгон. Эми карабайсыңбы! Эч нерсе эмес! Андай эле кыйналып баратса айылга кетип калбай Ынактын жаны жокпу?! Ата конушка барып, баарын кайра башынан баштабаса элеби, карап тур! Ошондо көрөт, баарын! А бүгүнчө...
Камокко кайрылып, арак сатып алды да, кайра бак ичине кирип кетти. Жана эле, күндүз жаштардан бошобой аткан отургучтар ээн калыптыр... Бүгүн биринчи жолу эшикте калышы! А бирок, бул жер, бул жымжырттык ага жакты. Саамай чачын дирилдеткен сыдырым желге башын көтөрүп көкүрөгүн, жүзүн тосуп, терең-терең дем алды. «Эч нерсе эмес, – өзүн-өзү жооткото ушинтти да, бөтөлкөнүн оозунан улам кылкылдата жутуп коюп, теректердин шуулдагын тыңшап, жылдыздарды карап, отургучта узатасынан жатты, – Алтын сарайда койнунда котур ташы бар, тышы жалтырак, ичи калтырак, жүзү кара адамдардын арасында жаткандан көрө, бу жер жакшы!..»
* * *
Айткандай эле, Арнас эртең менен күзөттөн чыгып эле Лилияныкына бет алды. Жол бою жардамчы аял менен кантип сүйлөшүш керек, кепти эмнеден башташ керек деп, өзүнчө репитиция жасап баратты. «А кокус иш мен ойлогондой болбой, Лилияга киргизип койсочу? Анда эмнеге келдим деп айтсам?.. – ушул суроого көпкө такалды, – Акыры бир аргасы табылаар, бара көрөйүнчү... Өткөндө эмне деп бардым эле? А, ооба: «Бизнесим жакшы жүрүшпөй атат, жолумду ачып бериңиз?» – деген. Кээ бир аялдар деги кызык, ар кайсыны сурап, көпкө чейин кармаган. Жардамчы аял да кайра-кайра кирип-чыгып, карай берген. Качан гана кожойкеси акшырая бир караганда чыгып кетип, ошол боюнча кирген эмес. А бирок эшиктин алдынан тосуп алып, ким бирөөнө окшотуп, бирок эле эч эстей албай атканын айтып, таанышып калган. Атүгүл телефон номерин да сураган. Бир чети ошондо визиткасын берип деле койсо болмок экен. Анда минтин бүшүркөбөй, балким сүйлөшүп алып келмек... Ошол аялдын кылык-жоруктарын эстеп, эмнегедир Арнастын күлкүсү келди.
Айткандай, Арнасты көрүп эле короодо жүргөн кара аял көздөрүн жымшыйтып күлүп ийди да, жоолук-башын оңдоп, этек-жеңин чойгулап оңдогон болуп, аны утурлай басты.
– Саламатсызбы? – Аны көрүп Арнас өзү да кубанып кетти: «Убара кылбай жолуга калганы жакшы болбодубу! »
– Бул сизге! – деп ала келген гүлдестени сунду.
– Ой-й! – очойгон оор денесин сүлкүлдөтө, ойсоңдой кетти аял, – Магабы?.. Рахмат!
Анан ал эмнегедир үй тарапты мурчуя, жактырбагандай карап:
– Лилия тура элек эле... – деди Арнасты кожойкесинен кызгангандай, – Анын үстүнө бүгүн киши көрбөйт.
– Мейли! – Лилияга кайдыгердей түр көрсөттү Арнас. Аялдын карасур, жайык бетин кара кочкул кан тээп, көздөрү кымыңдап кетти.
– Мен сизге келдим, эже, – деди Арнас.
– Жүрү?! – ким бирөө көрүп койбосун дегендей эки жагын элеңдей карап, Арнасты өзү жатчу кичине үйгө баштап кирди да, кубангандан эмне кылаарын билбей ары-бери басып кайпалактап калды.
– Чай ичесиңби? – деди анан.
– Ичем, иштен чыктым, – ичкиси келбесе да ушинтти жигит. «Оо, Кудай, – деди оюнда аял, – Мунуңа тобо кылдым, Кудай! Демек, мен деле жөнөкөй катын эмес экем! Бая күндөн берки дубамды, тилегимди Теңирим кабыл кылганы ушу эмей! Тиги катындын да буга оюу бузулуп калыптыр эле!.. Анын мага караганда жаш, сулуу экенине карабай, таң атпай мен деп келгенин көр!!! »
Канчалык билгизбейин дегени менен оор неме отуруп-турган сайын онтолоп, күшүлдөп-бышылдап атып чай берди. Ошондо да каршысында отурган жаш, жакшына жигитке каш кага, ойсоңдой коюп атты.
– Бу жерде көптөн бери иштейсизби? – кечээтен бери даяр¬дап алган суроолорун акырындан чыгара баштады Арнас.
– Он жылга аяк басып калды.
– О-уу! Анда бири-бириңерге сыр билги, эже-сиңдидей болуп калыпсыңар да?
– Ийи!
– Лилия экөөңүздөрдүн туугандык жайыңыздар барбы?
– Жок! – Лилияны жактырбагандай түр көрсөттү аял, – Кайнасак каныбыз кошулбайт! Жөн эле...
– Айтмакчы, анын үй-бүлөсү барбы?
Бул суроо аялга жакпай калды. Жанагыдай жайдаңдабай, өңү өзгөрүлө түштү эле, аны байкай койгон жигит:
– Андан көрө өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи? – деп ийди. Кайрадан өзүнө келип, жумшара түшкөн аял баары бир шектенүүсүн баскысы келгендей:
– Жигит, сен көрүнгөнү... Лилияга келдиң беле? – деди.
– Жок, жок! Мен жөн эле... Сиз менен сүйлөшүп отуруп кетейин деп... Эгерде убактыңызды алып аткан болсом... – акыркы сөзүн тигини чочутуш үчүн гана кошуп койду.
– Убакыт кара жерге кирсин! – аял жамажайын жалжайта күлүп, жадырай түштү да, эшикти ичинен илип келип, Арнаска жакын отурду.
– Мен сенин келээриңди билгем, – деди анан Арнастын тизесине колун коюп.
– Коюңузчу? Кантип? – Уурусун карматып ийгендей, жигиттин жүзү албырып кетти.
– Ошентип! – аял бүт денесин сүлкүлдөтө күлүп, дагы жакыныраак жылып отурду, – Бизде деле сезим бар, жигит! Биз деле сүйгөндү, күткөндү билебиз!..
Мынчалык болоорун билбеген жигит ыңгайсыз абалда калды. Денеси жыйрыла, аялдан алыстагысы келгендей акырын ары жылды. А бирок аял да кошо жылып, эми колдорун жигиттин мойнуна ороп, бир колу менен жаагынан сылагылап, бетинен өпкүлөдү, – Уялба, берекем?!. Качпачы... Келгениң ырас болбодубу! .. Өкүнбөйсүң. ..
– Эже?! – Арнас ага: «Сиз мага туура эмес түшүнүп атасыз, эже! Мен сизге андай максат менен эмес!..» – деп айтып ийе жаздап, бирок анда аялдан эч нерсе уга албастыгын, Акшоола менен Ынактын, Сезим менен Бакыттын, кандайдыр бир деңгээлде анан өзүнүн дагы тагдыры, айтор акыркы үмүттөр азыр ушул аялдын колунда турганын ойлой калып, токтоп калды. Андан көрө башкачараак бир нерсе айтып, аялды таарынтпай, бирок кандай да болсо «тынчытуу» керектигин ойлоп:
– Эмне дейсиң, карагым? Эмне айтайын дедиң? Мен ачык кишини жакшы көрөм?!– деп дагы эле шектенгендей, бирок кумарлуу ынтыккан аялга:
– Эже, мен сизди ойлоп атам... А кокус, мунубузду Лилия билип калса, сизди иштен бошотуп ийбейби? – деди да, оозуна ушундай шылтоо келе калганына сүйүнүп кетти.
– Өлүп кетсин, ошо Лилия! Сен үчүн баарына макулмун! .. Мени ойлоп койгонуңдан, сенин! – деп аял кайрадан өпкүлөй баштады, – Жашоо ошого эле керек бекен?! Ал деле улам бир эркектин ширесин соруп, колунан кокон келбей калганда кубалап чыгып атат!..
– Эмне, ошончолук эле эркеги көппү, анын?
– Көбү ошол да!
– Коюңузчу?
– Койбой эле! – деди эми жанагыдай тырчыбай, Лилия¬ны Арнаска жек көрсөткүсү келип. – Лилия аягынан бузулган катын!
– Мен аны аябай жакшы аял го деп ойлоп атпаймынбы! .. Касиеттүү кишилер да ошондойго барабы?
– Барганы ошо да! Жакында эле Ынак деген бизнесмен жигиттин үйүн бузуп, шордуунун кактабай канын алып, акыры ал байкуш же мурунку катындан жок, же кийинки катындан жок, Лилиядан да, иштен да жок, алкаш болуп көчөдө калды.
– Сиз аны башта таанычу белеңиз?
– Ай-й!!! – аял андан ары ал жөнүндө айткысы келбегендей кол шилтеп, эми Арнастын бүчүлүгүн чече баштады, – Бири өлүп бири калсынчы! Алтын убактыбызды коротуп, ага эмнеге баш оорутабыз?..
– Анда мага өзүңүз жөнүндө айтыңызчы? – Арнас кокус каарына калбасам экен дегендей, аялдын билегинен аста кармап токтотту да, эринин анын манжаларына аста тийгизген болду, – Мага жакшы ирмемдердин шашпай, романтикалуу өткөнү жагат...
– Мага дагы... – аял туруп барып терезелерди караңгылады.

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 23 Июнь 2016 - 14:36


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

– Жанагы жомогуңуз кызык экен?.. – Арнас ушул боюн¬ча үзүлүп калбаса экен дегендей тынчсыздана, кеп учугун кайра да чубады.
– Келип турсаң андай жомоктун далайын айтам, берекем!
– Сөзсүз келем! – бир санын баса отурган аялдан саал оолактай сурады, – Баса, ал кишинин канча аялы болгон?
– Адегенде бирөө эле болчу. Балким сен деле билет чыгаарсың, гезитте иштейт – Акшоола Ашыракманова дегенчи?
Калп эле билмексен, эстей албай аткан окшоп, ийинин куушурду жигит:
– Анан?
– Анан эле бир күнү биздин короодо кудум Лилиянын өзүнө окшогон бир шермаңка пайда болду да! Баары ошондон башталды! Көрсө ал Ынак Кабыловичтин катчысы экен. «Мен шефимди сүйүп калдым! Ансыз жашай албайм! Эмне кылсаң да, эжекебай, мага ошонун башын айлантып бер? Каалаганыңды берейин!» – деп бир күнү ыйлап келди. Лилияга жага бербей эле калбадыбы! Ага эмне, боору ооруду дейсиңби? Акчасына кызыкты да! Ии-и! Анан митаам Лилия Ынак деген ким, Акшоола деген ким, алардын чоо-жа¬йын, телефондорунан бери Айнуранын өзүнөн сурап билип алды. Көрсө, ошондо Ынак Кабыловичтин «ити чөп жеп», арааны аябай жүрүп турган кези экен. Ошо күндөрү ал Америкада жүрүптүр.
– Анан?
– Анан менин куу түлкүм анын келээр күнүн Айнурадан билип алды да, телефон чалып Акшооланы чакырды. Келбейм деген ой-боюна койбой атып, акыры көндүрдү. Бечара келин келди. Ошондо Лилиянын чырагына май тамбадыбы! Ынактын үйүнө кайра-кайра телефон чалып атты. Бир убакта анан ал кырааның трубканы көтөрүп атпайбы! Ии! Ошондо кайран Лиликем: «Аялың азыр башка эркектин койнунда жатат!» – дебедиби!
– Коюңузчу?! Калп элеби?!
– Калп эле! А кезде байкуш Акшоола тигил жерде, эч нерседен кабары жо-ок гана кезекте отурган! Биз аны терезеден карап отурганбыз!
– А... Акшоолачы?.. Ал эмне үчүн күйөөсүнө өзү деле чалган жок?
– Ал жаңы эле соткасын алып чыкканда, Лилия: «Транска чыгууга «мышайт» кылып атат! Телефонуңарды өчүргүлө! » деп өчүртүп таштаган болчу!
– Карасаң!! !
– И-ии, ал ошондой катын! А сен аны...
– Анан?!. Күйөөсү эмне деди?!
– Күйөөсү эмне десин? Ишенди! Ошондон тартып экөөнүн үй-бүлөсү бузулду. Айнура аферист кийин Ынак Кабыловичке үй саттырып алып, айдап салды! Жаш ойнош таап алыптыр! Айнурадан кийин Ынак Кабылович Лилиянын өзүнө жем болду!.. Эки күн мурун эле жасалма «дакимент» жасап, тигини өлө ичирип туруп бүт акчасын шыпырып алды да, айдап салды. Ал шордуу эми өлө ичип калган имиш! Бул жомоктун аягы ушундай бүтөт, кереметим! ..
Ага ушул гана керектей, андан аркысын укпай, же күйүнөөрүн, же сүйүнөөрүн билбей, эмнегедир кулагы чуул¬дап, уйгу-туйгу боло түштү жигит. Табышмактын жообу кудум кино тасмадай көз алдына тартылып, баягы Акшооланын эс учун жоготуп жатканы, андан кийинки ыйлап, кандай гана азаптарды тартканы, кичинекей Бакыттын «аталаганы», Ынак Кабыловичтин өгүнкү эле эс-мас кебетеси көз алдына элестей, аларды ушул күнгө туш кылган адамдардын канчалык кыянатчыл, коркунучтуу экенин ойлоп, көкүрөгүндө томуктай болгон бир нерсе тегеренип-тегеренип, өйүп атты.
– Сага эмне болду, Арнас? – Ойлонуп кеткен жигитти эркелете ээгинен кармап, өзүнө каратты аял. – Эмнеге анча ойлонуп калдың?
– А... жөн эле, эже! Мен кетейин...
– Эмне, коркуп калдыңбы? Коркпо, кара жаным, мен Лилия эмесмин да!..
– Рахмат эже!
Бейкапар отуруп эле, эмнегедир кетмекчи болуп шашып калган жигитти артынан аңкая карады аял: «Каяктагыны айтып!.. Айтпай эле койбой! Курган жаным жаш эменин жүрөгүн түшүрүп койдумбу?! » – деп да ойлоп ийди. Арнас эңкейип, бутун киймекчи болгондо, сааттай болуп төш чөнтөгүндөгү диктафон түшүп кетип, Арнастан биринчи эңип ала койгон аял ширеңкенин кутучасындай болгон эмени айландыра карады:
– Бул эмне? Кызарып, иштеп атат го?!.
– А... тиги... түшүп кеткенге иштеп кетти көрүнөт, – деп анын колунан буюмун шашкалактап ала коюп, аял кайра жулуп алуучудай коркуп кеткен Арнас:
– Мен унутуп калган турбаймынбы, саат онго чакырыгым бар эмес беле! Оорулуу көрмөкмүн! Жакшы калыңыз, ээ? Мен... келем, кайра! Качан келейин?! – деп ийди.
– Кечинде!
– Сөзсүз келем!
Жайбаракат келип эле, жоо куугансып эми алып-учуп кетип бараткан жигиттин кайрылып келерине аял ишенип да, ишене албай да аңкайып караган боюнча кала берди.
* * *
Жолду катар өчүп калчудай диктафонду этият кармап, кайра-кайра кулагына коюп, ансайын алиги аял артынан жете келчүдөй ою удургуп, улам алдыга үңүлөт. Өчөшкөнсүп, андайда жолдун да арбыбай калганын айт!
Акшоола Арнастын аптыга шашып киргенинен эле, анын жакшыбы, жаманбы, айтор кандайдыр бир жаңылык алып келгенин туюп, алдастай түштү.
– Билдим! – Арнастын биринчи эле сөзү ушул болду. – Мен баарын билдим!..
– ?!. – жүрөгү «солк!» этип, кандай кеп угам деп өзүн жогото түшкөн Акшоола анын көздөрүнөн жакшылыктын жышаанын издеди. Анын нес боло түшкөнүн байкай койгон жигит:
– Сүйүнчү, Акшоола! Баары жакшы! Ынак эми биздики! – деп ийгенде, келин жигитти кучактай калды.
Эмнегедир, ага кошулуп Акшооланы бооруна бекем кысып, көз ирмемге болсо да өзүн бактылуу сезе түшкөн Арнастын да көздөрүнө жаш кылгырды. Балким ал жүрө-гүнүн тереңинде өтө аздектеген адамынын бактысы үчүн кубангандыр? Же Акшоолага болгон аруу махабатынын эми өмүр бою жүрөгүндө капасталып, жоопсуз калаарына ыйладыбы?..
* * *
Жардамчы аялдын «жомогун» андан кийин Елиза укту. Бирок, таякеси менен Акшооланын өтүнүчүнө дароо жооп айта албай, күйөөсүнө тайсалдай карады эле, Яшар да мойнунан байлагандай кыйыла, ары жак, бери жагына кайпактай калып анан: «Мейлиң!» – деп аргасыз адамча баш ийкеди. Ошондо гана, өзү деле баятан ошону каалап, батына албай тургандай, Елиза Ынакка жолугуп, диктафонду угузууга макулдугун берди.А бирок, Ынакты табуу оңойго турган жок. Чөнтөгүндө безилдеген телефонун угуп да койбой, а кезде Ынак жаңы тапкан достору менен пивоканада отурган. Ал качан гана акыркы акчасын ичип бүткөнүн билгенде, эсине келе түштү.
– Акчаңызды төлөңүз, анан алыңыз! – деди сатуучу бая¬тан бери төгүлүп-чачылып атып, эми чөнтөктөрүн аңтарып-теңтерип, эч нерсе таппай калган «майлуу» клиентине. Аны угуп, Ынак Кабыловичтен мурун «досторунун» ындыны сууй түштү эле:
– Чоң жигит, акысына мына бул соткамды берейин, эми бирден кружка бересиңби?! – деп безилдеп аткан телефонунун капкагын ачып, кулагына тосту:
– Алло?! Да, да, Ынак Кабыловичтин так өзү угуп атат!.. Көрдүңбү, эң кымбат, жакшы телефон! Мына, угуп көр...
Кружкалаш достор жандана, шатыра-шатман кол чаап, ушул чөйрөдө бүгүн гана пайда болгон март жигитти далыга таптагылап ийишти:
– Мына! Жигит деген ушундай болот!!!
– Аз-замат, дос!
Клиентинин чындап эле айтып атканына ынанган сатуучу жигит да илгиртпей:
– Жарайт! – деп кудуңдаган боюнча пиво алып келгени чуркап кетти.
– Да, да?! – Ынак Кабылович да ошого чечекейи чеч боло, телефонго булдуруктады, – Ким бул?!
– Мен, Ынак байке, Елизамын! – шашкалактап ийди Елиза, – Каяктасыз, байке?! Менин сизге өтө шашылыш сөзүм бар, байке! Телефонду өчүрбөсөңүз, бул өтө маанилүү.
– ?!.
– Суранам байке, дарегиңизди айтыңызчы?!
– Менин дарегим жок, Еля! – Жанагыдай жайдаңдабай жайбаракат, баардык нерсеге кайдыгер өңдүү, баарынан кечип салгандай коңур унчукту жигит.
– Байке?!.
– Мен эми эч ким эмесмин, Еля! Анткени эми менин акчам да, фирмам да, үй-бүлөм, машинем да жок! Азыр сени менен сүйлөшүп бүтүп, телефонумду да берем! Ошон үчүн мага ишенбе, карындашым! Бактылуу болгуң келсе, экинчи мени ойлобо! Күйөөңдү сыйла!
– Макул, байке! Бирок... – Елиза ыйлап аткандай болду. – Бирок, сиз азыр мага жолукпасаңыз, анда мен эч качан бактылуу болбойм! Кудай үчүн мени угуп коюңузчу, байке?! Суранам, сизден?..
– ?!.
– Байке, эгерде азыр кайда экениңизди айтпасаңыз, анда азыр мен алтынчы кабаттан секирем! – Муну атайылап эле, Ынакты коркутуш үчүн айтты Елиза.
– Жок-к!!! – Елизанын чын эле ошентээрине ишенген Ынак Кабылович ордунан тура калды. – Сен өлбөгүнүң, Еля! Каяктагы бир акмак үчүн!..
– Анда айтыңыз, каяктасыз?!
– Азыр... – деген Ынак кай жерде отурганын боолголой албай, жанындагылардан сурап айтты да, досторуна дагы бирден пиво алып берип, сатуучуга соткасын таштап коюп сырт¬ка чыкты.
Он беш мүнөткө жетип-жетпей Акшоола айдаган ак иномарка ошол жерге жетип келди. Бирок, пивокананын алдында ары-бери басып турган Ынак Кабыловичке Елиза жалгыз жолукту.
Түн бир оокум болуп калганга кыймыл токтоп, көчө тынчып калган.
– Ынак байке, куттуктайм сизди! – добушу дир-дир эткен кыздын биринчи эле сөзү ушул болду.
– ?! – анын эмне тууралуу айтып атканын аңдай албай, Ынак Кабылович бүшүркөй карады.
– Сиз – бактылуусуз, Ынак байке! – деди дагы.
Коңур күздүн сыдырым жели экөөнүн этек-жеңин делпектетип, саамайларын уйгу-туйгу чачып кетти. Асман тиреген карт теректер шуулдап, бир сыйра сары бариктерин жерге күбүп салды. Чыйрыккандай ичиркене эки ийнин өйдө көтөрүп, кепти эмнеден, кантип баштаарын билбей буйдала калган карындашын плащынын бир өңүрү менен калкалай:
– Үшүп атасыңбы?.. Муну кийип аласыңбы? – деп үстүн¬дөгү кийимин чечип бере турган болуп, кайра: «Мас эмненин чапанын кантип кийсин?» – деп ойлоп, тартына түштү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аңгыча арытада турган эки кыз булардан бир нерсе үмүт эткендейби, жок, бардар адамча кийинген жигитти жанындагы кыздан кызгангандай шынаарлап, жакындан карап өтүштү.
– Ынак байке, адегенде мен сизден бир нерсе сурайын дегем. Сиз аялыңызды... Акшооланы сүйөсүзбү? – алар аялдамага келип, жаңы эле отурганда Еля ушинтип сурады.
Бирок, байкеси бул тууралуу сүйлөшкүсү келбегендей кайпактап кетти:
– Эми ал тууралуу айтуунун кажети жок, Еля!
– Эмнеге?! Эмне үчүн кажети жок?!
Елизага таң калгандай карады жигит.
– Чыныңызды айтыңызчы, сиз аны сүйчү белеңиз?!
– Сүйгөм!
– Азырчы?
Кайра да үшкүрүнө, эңкейе берип чекесин эки муштуму менен ныгыра-ныгыра басып отурду да:
– Билбейм! – деди Ынак.
– Сиз ага эмнеге таарындыңыз эле?
– Ал... биздин сүйүүбүзгө чыккынчылык кылган!! !
– А эгер андай эмес болсочу?!
– ?! – Ынак Еляга таң калгандай, ормоё карады. – А сен булардын баарын каяктан билесиң?
– Билем, Ынак байке! Баарын билем! Буга чейин силер эле эмес, силер үчүн дагы канчалардын азап тартканын билесизби?! . Силердин табышмактуу тагдырыңардын жоо¬бун таба албай... канчабыз жүрөк оорутканбыз! А бүгүн!.. Дагы Кудайга тобо, мен алыска учуп кетээр күнү сыр түйүнү чечилип, санаам тынчып баратам!
– ?!.
– Эсиңиздеби, баягы-баягы, ресторанга ыйлап келгениңиз? ! Көрсө, сиз ошондо аялыңызга бекер эле таарыныпсыз! Сиз чет өлкөдөн келген күнү, телефондогу аял сизди алдаптыр! Акшоола ал учурда башка бир эркектин койнунда жатпай эле, ошол телефон чалган Лилия деген аялдын маңдайында отуруптур!
– Телефон чалган?!. Лилия деген?!. Кандайча?!
– Муну угуңузчу! – колунда кармап отурган диктафонду иштетти. Жардамчы аялдын үнүн жазбай тааныган Ынак Кабылович нес боло түштү. Андан ары, экөө бир топко үнсүз-сөзсүз, бир дем менен аялды тыңшап, андан ары Ынак улам барган сайын жанын коёрго жер таба албай ойдолоктоп, отурган жеринен тура калып, кайра отура калып атып, бир маалда калч-калч эткен колдору менен эки бетин басып, ааламды жаңырта бир:
– Аа-а-а!!! – деп бакырып алды. Елиза да, баятан бери диктафондон «жомок» тыңшап, кошо угуп отуруп калган түнкү кыздар да «селт-селт! » этише ордуларынан тура калышты. Ынактын кулагына мындан канча жылдар мурунку телефондогу аялдын үнү угулду, ага удаа эле кечээки Лилиянын үнү! «Бул үндү каяктан уктум эле?..» – деп жүрөгүн өйүгөн түпөйүлдүн бети ачылганы баарына кошул-ташыл боло көөдөнү жеңилдеп, көкүрөгү бошоп, бирок Акшооланын алдында өзүн аябагандай пас, айыпкер сезип, бир чети өткөн күндөрдүн азап-тозокторунун баары жалган экенине кубанып, уялганынан Елизага да тик бага албай башын мыкчып, кудум баягыдай буркурап ыйлап турду!..
– А мындагы жигит – Арнас! – деди Елиза.
– ...?! – Ынак ансайын аңкая, эс-мас боло түштү. – Ким?!
– Арнас! Ал менин бир тууган таякем болот. Бирок, Акшоола эже экөөнүн ортосунда эч нерсе жок!
– Акшоола?!! Акшоолам! !! – деди ал ушул атты көөдө¬нүнүн тээ тереңинен өксүй-өксүй кайталап атты, – Кечире алсаң мени кечир, Акшоолам?! ! Мен – акмак турбаймынбы! ! Көрсө мен чын эле акмак экемин да?!! Кантип гана сени!.. Сени кантип гана күнөөлөдүм десең?!!
Көз алдына ошол кеч элестеди. Америкадан учуп келген, каргашалуу ошол кеч!.. Ошондо Акшоола эшиктен кудум мас немедей теңселе кирип келген да, дубалга сүйөнө алсыз колдорун сунуп: «Кечирчи?..» – деп аткан. Ооба! А көрсө, Акшооламдан арам ойлогон мен өзүм акмак экенмин да! Кайдагы бир катынга ишенип алып!.. Экинчи үйүмө кайрылгыс болуп чыкпадым беле!.. А кийинчи?!. Кош бойлуу кезинде апам менен Сезимдин көзүнчө кордоп! «Башкадан боозудуң! » – деп! Өлүп эле калсамчы!
Ошондо мунун тизесин кучактап, буркурап боздогон Акшооланы бут менен гана ары итерип салып, апасын эрчитип үйдөн чыгып кеткенин, кийин толготуп атканда барарын барып алып жасаган мамилесин, баласын көтөрүп алдына келсе!.. Баары-баары көз алдына элестей, уятынан кирерге тешик таппай, тегеренип-тегеренип кетти! Эмне себептен экени түшүнүксүз, же сүйүнгөндөнбү, же уят менен өкүнүчтөнбү, өзөгү өрттөнүп, жанын коёрго жер таппай, акыры ушул кыз гана бир айласын таба тургансып:
– Сен кандай ойлойсуң, Еля? Акшоола мени кечирере алабы?– деди.
– Албетте!! ! – Салаалап аккан көз жашын буурчактата карады кыз. – Албетте, кечирет!..
Аңгыча аларды көздөй келаткан топ караандын ичинен кичинекей бала суурулуп чыгып, кандайдыр сагыныч, ый аралаш:
– Атаа-а!! ! Атаке-ее?! ! – деп чучуктай чыңырып, Ынакты көздөй учуп келатты! Ынак эмне кылаарын билбей, канатын жая калдактап калды. Ал эс-акылын жыйгыча бала учуп жетип, мойнуна чап жабышып:
– Атаке-ов?! Ата-ов!! ! – деп буга чейин эч жыттай элек ата жытын кайра-кайра жыттагылап, ата демине ырахаттангандай анан көздөрүн бекем жумуп, кучактап алды...
Алар антип турганда түнкү кыздардын бири жыла басып, бериде ата-баланы карап ыйлап да, өзүн бу дүйнөдөгү эң бир бактылуу аял сезип, дене бою балкып да турган аялга жакын келип:
– Эже, саламатсызбы? Эсиңиздеби, баягыда мага визиткаңызды бербедиңиз беле?.. Мен аны жоготуп ийип... сизди көптөн бери издеп жүргөм... – деди акырын.
Акшоола көз жашын аарчып, бейтааныш кызга тек гана күлүмсүрөп койду. Балким, башка учур болсо ал баягы-бая¬гы Бакытын төрөп келатып, жолдон жолуккан кош бойлуу, жап-жаш кызды тааныйт беле?.. Жок дегенде: «Кимсиң? Сени кайдан көрдүм эле? Караңгыда эмне кылып жүрө¬сүңөр? » – дейт болчу. Мээрим да качандыр бир көрүп эле эң жакын сезип алган мээримдүү аялга анда баарын, баарын төкпөй-чачпай айтып бермек! Өгөй атасынан боюна бүткөнүн, анысы ара төрөлүп, бала болбой калганын, апасы да ошол эринен бычак жеп, ошондон кийин жарым жан, майып болуп калганын, эми эки сиңдисин окутуп, апасын багыш үчүн аларга билгизбей минтип, түнкүсүн «иштеп» жүргөнүн айтмак!..
А бирок, Акшооланын азыр кандай абалда экенин Мээ¬рим түшүндү бекен?.. Балким түшүндү. Ошон үчүн андан ары эч нерсе дебей да, сурабай да, таң калбай, таарынбай да... тек гана эжеси берген визитканы экинчи ирээт жоготуп ийүүдөн корккондой бооруна бекем басып, өз дүйнө¬сүндөгү али учу-кыйры белгисиз караңгы, коюу түндөн бир «жылт!» эткен ак жарык көрүнгөндөй көңүлү өсүп, артына улам кылчайып коюп, алардан узап баратты...(1-китептин соңу)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 14:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мынаке достор биринчи китебин аягына чыгардым эми дагы бир күн чыгынып экинчи китебиндагы жазып илип койомун. Бирок качан жазамын аныгын айта албаймын.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 15:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАШКАНДАР.2- КИТЕБИ.


Кара көз айнек тагынып, жоолугунун бир учу менен бетин жаап алган шыңга бойлуу аял акырын кирип келип, босогодо үн-сөзү жок туруп калды. Иштеп отурган Акшоола баш көтөрүп, мейманына бир карап койду да:
- Келиңиз, - деп бош орундукту көрсөттү. – Азыр бошойм, отура туруңуз…
Чүмбөттүү аял отурган жок. Акырын жылжып басып, түз эле компьютерден карегин ажырата албай отурган Акшооланын жанына келди да, сумкесинен бир нерсе алып чыга албай жаткандай, кармалап туруп калды.
- Мен сизди угуп жатам? – Акшоола бу жолу да «отуруңуз» дегендей отургучту жаўсады.
Бирок аял бу саам да отургусу келген жок. Үн да каткан жок. Тек гана, оюна бир нерсе түшүп кеткендей жайбаракат кыймылдап, бет чүмбºтүн тепчиген төөнөгүчтү шашпай чыгарды да, жоолугунун бошой түшкөн учун түшүрбөй кармап туруп, адегенде көз айнегин алды...
Акшооланын тулку-бою билинер-билинбес “селт” дей түштү.
Сыртынан ушунчалык чырайлуу көрүнгөн аялдын бир эле кºзү бар экен! Экинчи кºздүн бош калган чанагын лейкопламстырь менен каршы-терши чаптап коюптур.
Ошону атайын кºрсºткºнү же коркутканы келгенсиген бейтааныш аял эми: «Муну да кºр!” – дегенсип, жоолугунун учун таштап жиберди эле... Акшоола ордунан кантип ыргып тура калганын ºзү байкабай калды..!
Аялдын мурду да жок экен! Кудум ит жулуп кеткендей, же бирөө кесип ыргытып ийгендей оўурайып, орду гана турат! Бир жак бети да терисин сыйрып алып таштагандай, быргыл-тыргыл. ..
Бет маўдайында жан алгыч, же тирүүлөргө нааразы болгон кадимки ач арбак тургандай сезилип, денесин майда калчылдак басып кетти Акшооланын.
Бир топтон кийин гана акыл-эсин топтоп, өзүн-өзү кармап, «кантээр экен» деген кыязда:
- Отуруўуз, - деди акырын сүйлºп. ªзү да ордуна учкай отурду. Ошондон кийин да бир топто барып ордунан козголгон аял, артында турган отургучка көчүк басты.
Акшоола аны карабоого канчалык аракет кылып, жүзүн ала качкан сайын, аял аны ушунчалык ач кºздүк менен теше тиктеп отурду.
Акшоола да кирпик алдынан байкады, аялдын кийген кийими, куюнган атыры да жупуну эмес болчу. Атүгүл оң колунун аты жогунда «башы бош эмес» экенин билгизген алтын шакеги да жүрºт. Ошону көргөндөн кийин гана аялдын көрүмчү же арбак эмес, кандайдыр бир себептен улам катаал тагдырга кабылып калган кадимки эле аял экенине ишенди ал. Демек убакытты созуп, бу жагымсыз жагдайды кармап отура берүүнүн кереги жок эле. Анын үстүнө журналисттик кызыгуусу да аны чыйралттыбы, эми аялга жанагыдан такыр башкача, өзүнө-өзү ишениўки көздөр менен карады.
«Башта татынакай болсо керек?» – деди оюнда Акшоола анын бетинин соо калган, жылмакай жеринен, күлгүн түстүү боёк менен боёлгон эриндеринен, бой-келбетинен улам. А бирок аялдын жүзү аркылуу, анын жаш-курагын өлчөп, болжоого эч мүмкүн болбой калыптыр.
“Бирок, дене түзүлүшүнө караганда али жаш эле окшойт. Бечарага кыйын болгон экен...”
Өзүнүн коркунучтуу жүзүнө бир чети суроолуу, бир чети аяй, кудум дарыгердей үўүлүп, кылдат тиктеген көздөргө аял туруштук бере албай кеткендей, аял эми жалгыз көзүн ала качып, кайпактап кетти. Анын жанагыдай болбой, бошой түшкºнүн Акшоола да туйду.
Бирок, ошол эле убакта бейтааныш аял кекирейиўки да эле.
Акшооланын сезими дагы бир нерсени туйгансыды. Аялдын ушул – ээгин болор-болбос өйдө көтөрүп, жалгыз көзүн чала жумган тейден кыймылдабай, текебер отурушунда: «Бул – мен! Жакшылап карагын да, тааныгын! » - дегендей бир тымызын белги да бар эле.
Акшооланын карек учкундары аялдын тулку бою ылдый “чуркап”, бутунун учуна чейин түшүп келди. Кудум ислам динин толук мойнуна алган аялдай, көйнөгү кызыл ашыгын жаап турганы менен, жылаўайлак аягына алды-арты ачык бут кийим кийип, бутунун тырмактарын да жасалагап, боёп алыптыр.
Ушуларды баамдаган соң, Акшооланын денесиндеги майда калтырак биротоло тарап кетти. Анын ордуна акыл-сезимин, көкүрөк-көўүлүн башка бир: «Бул ким эле?» - деген туўгуюк суроо бийлей калды.
Аялды качандыр бир, каяктандыр көргөн сыяктанып, анын бой-келбети, жада калса бу текебер бой-келбети да ага улам барган сайын тааныш өңдөнүп келатты.
«Ким эле?!. Ким эле?!” – деди кайра-кайра өзүн ушул суроо менен сабап. Бирок эстей алган жок.

Аял да анын түйшөлө түшкөнүн байкагандай, көз айнегин кийип, жүзүн чүмбөттөй салды...
- Сиз кимсиз? – деди ошо учурда Акшоола.
Аялга бул үн, бул суроо жакпай калганын, Акшоола анын силкинип, серпиле түшкөн кыймылынан сезди да, андан ары такып сураган жок.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 15:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАШКАНДАР-2- КИТЕП.


Чыны менен эле күнү бүгүнкүсүндөй тааныш суроо, тааныш үн чүмбөттү аялдын качанкы бир солкулдап сулуулугуна, амалкөйлүгүнө ашкере маашыркап турган соо кезин эсине салып жиберди. Ошон үчүн го, денесинен чыпылдап муздак тер чыгып кетти.
Акшоола аялдын терең дем алып, ынтыга онтоп алганын, атүгүл шадылуу манжаларынын тырышып, эки ууч болуп түйүлө түшкөнүн байкады.
- Сизге эмне болду? – деди бу саам Акшоола аны аягандай.
Бирок Акшооланын суроосу бу жолу да жоопсуз калды. Чүмбөттүү аял тилин жутуп алгансып, дагы эле унчуккан жок. Болгону гана ордунан туруп келип, бу жолу да колундагы чакан сумкесинен бир нерсе алып чыкчудай солун сойлотуп келатып, столдун үстүндөгү Акшоола менен Ынактын уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн көрдү да, токтоп калды. Акшоола анын мынчалык ээн баштыкка барат деп күткөн эмес, чүмбөттүү аял сүрөттү колуна алып, жалгыз көзүнө жакын кармап, көпкө чейин тиктеп калды.
- Бул - менин үй-бүлөм, - деди Акшоола колун сунуп. Анын бул айтканында: «Сүрөттү бери бериңиз?» - деген түшүнүк жаткан. Бирок аял аны укпагандай, Акшооланын сунулган колун көрбөгөндөй, сүрөттү тиктеген калыбында «былк» этпей тура берди. Болгону эле бир нерсе айтуучудай комдонуп барып, токтоп калды.
Акшоола эми сүрөттү аялдын колунан өзү сууруп алып, столдун үстүнө тескерисинен коюп койду да, ийнин куушура алаканын жайды:
- Менин убактым бүттү анда!
Аялдын телефону чырылдады.
“Балким дудуктур? – деген жыйынтыкка келе баштаган Акшоола: - «Эми кантип сүйлөшөт болду экен?» - дегендей мейманына тымызын назар таштады. Бирок чүмбөттүү аял кадыресе эле адамдай, телефонду кулагына такап:
- Да?! – деди. А бирок андан ары сүйлөшкөн жок. Ары жактагы адамды унчукпай угуп турду да, телефонду өчүрүп койду. Ошол убакта каалга кагылып, сырттан Эрмек баш бакты:
- Мүмкүн бекен? - адаты боюнча андан ары жооп күтпөй эле шайдооттонуп кирип келип, чүмбөттүү келинге каректери кадала түштү:
- Саламатсызбы?
Аял ыйбаа калыгандай кымырылып, баш ийкеп койду.
Чүмбөттүү аялдын ошонусуна ыраазы болдубу же жүзүн жашырган табышмактуулугуна кызыктыбы, Эрмек ага үзүлө тиктеп:
- Кечирип коюңуз, бирок… Карагылачы, кандай көркөм?! Кандай кооздук! Ажайып сулуулук! – деди аялдын үстү-башына суктана карап. «Тапкан экенсиң, сулуулукту! » - дегендей Акшоола жылмайып койду. Аны туура эмес түшүнө койгон Эрмек:
- Акшоола, сен таарынба, бирок силерди кара да, бул бийкечти кара! Тап-такыр бири-бирине окшошпогон, эки башка дүйнө! Бах десең!.. – деди аялга жараматтана.
Чүмбөттүн ары жагындагы аял муну кандай кабыл алды, эч ким көргөн да, билген да жок. Болгону эле кете тургандай ордунан турду да, бирок эмнегедир кылчактап туруп калды.
- Акшоола, бу чоң кыз… курбуң болобу? – деди Эрмек да ага байланып калгандай, кетиргиси келбей жаткандай кайпактай түшүп.
- Биз тааныша да элекпиз, - деди Акшоола.
- А… анда мен жолтоо болгон турбаймынбы. Кечирип коюңуздар? – чыгып кете тургансып, бирок чыккысы келбей жаткандай да кылчактады Эрмек.
- Жок, жок! Эч кандай жолтоолук жок, Эрмек Асанович, - ал азыр чыгып кете тургансып, Акшоола шашкалактап кетти. – Отуруңуз.
- А… жарайт! – чырагына май таамп кеткендей Эрмек «шып» этип отура калып, чоочун аялга да отургучту жаңсады.
- Отуруңуз, бийкеч. Менин атым – Эрмек, - кайра туруп келип, жаңы эле отуруп жаткан аялга колун сунуп, аялдын сунулган жумшак манжаларын көпкө коё бербей, жооп күтүп калды.
А бирок аял эмне кылаарын билбей, алдастай түшкөнсүдү да, эмнегедир добушун жашыргандай, Акшооланы карады.
- Жарайт, табышмактуу жандардын ысмы да табышмактуу болот. Жакшы аял сулуулугу менен гана эмес, сырдуулугу менен да ажайып… - деген Эрмек Асанович аялдын колунун бир азга кармап турду да:
- Алаканыңыз ып-ысык, манжаларыңыз өзгөчө назик экен. Жүрөгүңүз да жумшак чыгаар?.. – деп, бир убакта анан:
- Кой, мен анда жолтоо болбой чыга турайын, - деп чыгып кетти. Бирок анын бул кетишинде, үнүндө таптакыр коштошуунун белгиси жок болчу.
Ошондон кийин гана чүмбөттүү аял ордунан шашылыш туруп, Акшооланы бир кылчайып карап алды да, Эрмек Асановичтин соңунан, бирок жана
киргениндей жылжыбай, шамалдай болуп шар чыгып кетти!


***


Акшоола эч нерсе түшүнбөй, саамга дендароо болуп отурду да, эсине бир нерсе түшүп кеткендей анан Эрмек Асановичке телефон чалды. А бирок ал телефонун такыр көтөрбөй койду. Кабинетин чала-була беките салып, коридордун аркы башын көздөй бет алды. А бирок Эрмек Асановичтин кабинети да бек экен. Жанында тыкылдатып туруп, чөнтөк телефонуна коңгуроо какты эле, кесиптеши аны да алган жок…

Ушул убакта өзүнүн телефонуна билдирүү келди: «Акшоола, менин кебетем тууралуу эч ким билбесин! ..» – бул жанагы аял эле.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 15:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАШКАНДАР-2 КИТЕП


Баятан бери сүйлөтө албай койгону үчүнбү, кандайдыр бир сыр түйүнү ошол тамгалардын арасынан табылчудай, Акшоола аны дем тартпай окуду да, ашыкча эч нерсе таба албаган соң: «Сиз кимсиз? Эмне үчүн жана унчукпай кетип калдыңыз?» – деп жазып, кайра жөнөттү. «Аны сөз менен айтууга болбойт... Кийин билесиң. Бирок мен жөнүндө азырынча эч ким билбеш керек. Эрмек Асанович да, үй-бүлөң да!»
Ортодо өз үй бүлөсү тууралуу кеп болгонуна Акшоола тырчый түштү, эми оозмо-ооз сүйлөшкүсү келгендей, ошол эле номерге телефон чалды. Аял тээ көптө барып телефонду алды да, жанагыдай эле унчукпай угуп тура берди:
- Алло, сүйлөбөйсүзбү? – деди Акшоола, - «Эч кимге айтпа!» дегениңизди кандай түшүнсөм болот? Бул эмне, опузабы?!
Аял жооп берген жок. Бирок көп өтпөй эле: «Жок, опуза эмес, өтүнүч!» - деген билдирүү жазды. «А эгер өтүнүчүңүз орундалбай калды дейли?» - деп жазды кайра Акшоола. «Мен сени эч кимге – анын ичинде өзүңөргө да жамандык каалабайт деп ойлойм!»
Ушундай жооптон кийин Акшоола шалдая түштү. Аялдын «өзүңөргө» дегени – «үй бүлөңө» дегени болчу. Бирок, ал чүмбөттүү аялга кайра чала да, жаза да албай калды. Анткени аял ошондон кийин бат эле телефон номурун алмаштырып, кийинкисин да “жашыруун” кылып таштаган.
Ушул саат, ушул мүнөттөрдөн баштап табышмактуу аялдын элеси көз алдынан кетпей туруп алды: «Бул ким?! Мага эмне үчүн келди? Эмне үчүн унчукпай кетип калды? Эмне үчүн “эч ким билбеш керек” деп өтүндү?
Баарынан да, атайын өзү келген кишиден эч кандай маалымат ала албай калганына арданып: «Бул менин иш тажрыйбамдагы кемчилигим! » - деп түшүндү.
«Кызык, Эрмек Асанович эмне үчүн телефонго жооп бербей жатат? Эмне үчүн ордунда жок? Чындап эле ошол аял менен чыгып кеттиби? Балким алар баштатан эле тааныштыр?.. Эмнеси болсо да, Эрмек менен сүйлөшүүм керек!»***Эрмек жана кабинеттен чыгарын чыгып алып, бирок узап кете албай, коридордо кылчактап туруп калган. Анын оюн окугансып, көп өтпөй эле артынан чүмбөттүү айым Акшооланын эшигинен суурулуп чыгып келди да, бирок бир эле көргөн адамга ымала санагандан намыстанып, кайдыгердей сумсайды. Жанын өтө берген аялдын ансыз да каңылжаарында калып, суусатып турган жумшак, делбирим жыты эркекти ого бетер делөөрүтүп, акыл-эсин тумандатып, мас кылып жиберди. Түп-түз басып, сурайылдай суйкайып кетип бара жаткан айымдын артынан кандайча эрчий басканын анан өзү да байкабай, көзүнө башка эч ким, эч нерсе көрүнбөй, анын мындан аркы жашоосунун маңызы, бар бактысы, ырахаты ушул аялга байланып калгандай сезип кетти өзүн.
Аркасынан эрчип чыгып, аял эшиктин алдында турган «Джипке» жетип, жуп кирип кетээринде гана айласы түгөнгөндөй туруп калды да:
- Чоң кыз, жакшы барыңыз!? – дегенге үлгүрдү.
Рулга отуруп жаткан аял артындагы эркекти баятан бери эле сезип, туюп келатса да, калп эле Эрмекти эми байкагандай буйдала калды. Бул эркектин өчө түшкөн үмүтүнө жан киргизип, азыр чүмбөттүү бийкеч тараптан кичине эле бир белги болсо, учуп жетүүчүдөй комдоно түштү.
Аял да ошону байкады. Башын ийкеп, чакыргандай ишарат кылды. Айткандай эле Эрмек калдаңдап жетип келди. Ал келгиче рулга отуруп калган айым жанындагы эшикти ачып койду да, Эрмек келип отурары менен жүрүп кетти. А бирок Эрмек кайда баратканын, ким менен баратканын билген жок. Тек гана рулду жеңил тегеретип, унчукпай айдап бара жаткан аялдын жанараак эле өзү кармаган аппак, жумшак манжаларына суктана карап, керемет жытка мас болуп, бактылуу болчу.
Өзүн унчукпай салып алып, айдап бараткан аялдын оюн Эрмек жакшыга жоруду: «Демек, мен да айымдын жүрөгүнө чок салган экем! Болбосо, мындай аялдар оңой менен эркекке назар төшөбөйт. Булар өздөрүнүн эркегинен башкаларга азгырылбайт. Мени унчукпай отургузуп, айдап кеткени - бирөө-жарым көрбөсүн, көздөн далдоо бололу дегени эмеспи!»
Рулдагы айым да ушул тууралуу ойлонуп, Эрмек Асановичти Акшооладан алакчылап кеткенине каниет кылып баратты. Көптөн бери, тактап айтканда ушундай кебетеге кабылгандан бери ага эч ким ушунчалык үйрүлүп түшүп мактоо айтып, суктана элек болчу! Бул анын качанкы бир, кайдадыр калып калган бактысын кайрып берип, какырап чөлгө айланып калган жандүйнөсүнө мүрөктүн суусун “тып!” эткизип тамызып жибергендей болду. Эмнегедир анын жашагысы келип кетти!.. Бирок, бир жакшы жери жана анын көзүнөн кулап кеткен тамчыларды эч ким көрбөй калды.
КызыкБ бул эмне деген азгырык сезим өзү? Жада калса, жаңы эле жек көрүп турган Акшоола да ага жакын сезилип, көптөн бери таштай түйүлүп жүргөн жүрөгү ушул саам кичине жумшара түшкөнсүдү.
“Мен эмне болуп жатам? – деди рулдагы айым телмирип, жол тиктеген калыбында, өзүнүн Акшоолага саал жумшара түшкөнүн туюп. – Бул эмне, алсызданып баратканымбы? Бул – утулуубу?..”
“Жок, болгону эле азыр сенин жандүйнөңдө буга чейин сен эч качан сезбеген, сезгиң да келбеген жакшы сезим айлана калбадыбы... Аз-аз болсо да аруулана түштүң,” – деди оң ийниндеги периштеси кубангандай.
“Анан?! Ал менде эми өмүр бою жашап калабы?!” – макул эместей түйшөлө түштү аял.
“Ал сенин каалооңо жараша. Кааласаң кармап кал... Андан ары ал акырындап тамыр жайып, кан-жаныңа тарай баштайт. Таптакыр башка адам болуп чыга келесиң!”
“Жок! – рулду тегеретип, мисирейди аял. – Мага андай мажүрөөлүктүн кереги жок!”
“Аруулануу – мажүрөөлүк эмес го? Анын үстүнө, сага сүйүү келип жатпайбы?”
“Хи! Сүйүү дейсиңби? Ал – алдамчы, убактылуу сезим! Бүгүн бар – эртең жок! Буга чейин биздин баштан эмнелер гана өткөн жок эле? Унутуп калдыңбы?! ”
«Жок, жок, ашыкпачы?! Бул жолу… баштагыларга окшобой, башкачараак болуп жатпайбы баары?! Байкасаң?.. Сезсең?..” - аялдын экинчи бир туюму анын кан-жанына сиңип бүткөн мүнөзүнө, көз карашына каршы чыгып, ой-санаасына дүрбөлөң салып, удуругуп жатты:
«Бу саам... бул кишинин көзү да, сөзү да, турган турпаты да кудум жаныңа жагымдуулук жаратып, каның менен кошо кандайдыр бир жылуулук чуркап өткөндөй болду го? Мындай сезим сенде эчактан жок эмес беле?!.»
«Ооба, мен аны эми эч качан сезбейм дагы дечүмүн... Акшоолага эмнеге келгенимди унутуп, бу кишинин артынан шашылып чыга калганымды карабайсыңбы?!.”

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 23 Июнь 2016 - 16:00


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАШКАНДАР-2- КИТЕП.


Капысынан эле жандүйнөсүндө “жарк” этип жана түшкөн жарыктан дабдаарып калды аял. Эмнегедир, акыл-эси канчалык каалабай, каршылык кылып жатса да, жүрөгүндө айланып турган таруудай бир сезимди кайра жоготуп алуу ал үчүн кыйынга турчудай сезилди.

“Баарынан да, эгерде азыр Эрмек Асановичти Акшооладан алыстатып кетпегенимде эмне болот эле?! Анда Акшоола сөзсүз, менин чүмбөт артында ким экенимди, кандай экенимди айтат болчу! Сөзсүз айтмак!..» - аял өз оюн өзү ырастап койду.
Аңгыча Эрмектин чөнтөк телефону шыңгырап, экөөнүн тең оюн чакчалекей түшүрүп жиберди. Аял Акшоола чалып жатканын жазбай билди да, машинени жол жээгине токтотуп, телефонун жаңы эле кутучасынан алып чыккан Эрмектин колун аяр кармап:
- Акшоола бекен? – деди.
Телефондун бетин караган Эрмек Асанович баятан бери унчукпай келаткан бийкечтин үнүн уккангабы, же анын анын ким чалганын билип алганынабы:
- Ошо экен, - деди абдаарый карап. Анан да, билегинин үстүндө турган алакандын ысыгынан денеси ымыр-чымыр болуп, акылын жоготуп бараткандай туюлду өзүнө.
- Сүйлөшпөй эле коюңузчу? - өтүнө, шыбырай айтты аял.
- Макул! – бул макулдук менен бирге эле анын: «Эмне үчүн?» - деген суроосу бар каректери аялдын «айнек» көздөрүн тиктеди. Бирок, кара айнектин беттеринен өзүнүн жалооруңку кебетесин гана көрдү.
Аял эркектин билегинен колун тартып алып, бет алдын тиктеген калыбында тунжурап отуруп калды да, алда нени эстей койгондой өз телефонун «чукулай» баштады. Эрмек болсо аялдын ар кыймылын көз жаздымга кетирбей, ансайын ичи элжиреп карап отурду.
Чүмбөттүү айым бул убакта Акшоола менен кат алышып жаткан.
- Алда неге капасызбы? – деди Эрмек Асанович аял бошой түшкөндө.
Аял башын чайкаган болуп, анан:
- Ушул азыр эмне жөнүндө ойлонуп жатканыңызды сурасам болобу? Бирок жашырбай, чындыкты айтыңызчы? – деди чарчаңкы, муңайым добуш менен.
- Мен… сиз жөнүндө ойлонуп жатам, - Эрмек да муну чын ниетинен айтты.
- Эмне деп?
- Билбейм… Бирок, билесизби, мен көптөн бери аялзатына мынчалык берилип, арбалган эмесмин, - же тамашалаганы, же чын айтканы белгисиз токтоо сүйлөдү Эрмек Асанович. – Жаш уландай делдектеп, алды-артымды карабай чуркаганыма өзүм да таңмын. Жүзүңүздү көрсөтпөй туруп, сиз мени багындырып алганыңызга акылым жетпей турат. Балким бул…
Унчукпай калды.
- «Балким» эмне? – андан ары уккусу келгенин жашырбай сурады аял.
Эрмек айта турган ою үчүн уялгандай, жүзүн ала качып кетип, күлүп алды да, кебин андан ары улады:
- Ким билет, балким бул – сүйүүдүр? Сүйүү ушинтип келээр? - жооп күткөндөй аялды карады. Аял чүмбөтүнүн ары жагынан жылмайып, кудум жаш кызга окшоп жүрөгү туйлап, бактылуу күлүмсүрөдү.
- А сиз... сүйүү кандай болоорун, кантип, кайдан келээрин, башыңыздан өткөргөн жок белеңиз? – деди анан.
- Жок! – так кесе айтты эркек. - Чынымды айтсам, жок! Эч качан...
- Аялыңызчы?
Эркек эмне дээрин билбегендей тунжурай түштү да, болор-болос улутунгансып койду.
- Балдарыңыз барбы? – деди аялы тууралуу айткысы келбей жатканын түшүнгөн аял.
- Бар. Бир кыз, бир уулум бар.
- Бактылуу турбайсызбы.
- А сизчи?
Аял унчуккан жок.
- Кечириңиз? – деди Эрмек Асанович чын дилинен, - Капа кылсам, кечириңиз?..
Экөө өз-өзүнчө ойго батып кеткендей, бир топко унчугушпай отура беришти.
- Жана аябагандай шайдоот көрүндүңүз эле? – көптөн кийин аял абалкысындай эле муңайым үн катты.
- Кээде ошентип кетмейим бар. Дайыма чүнчүп жүрө берүү – адамды оорулуу кылат. ªзүңдү-өзүң алдап алаксытуу, шайдооттонуу… анчейин зыян эмес деп эсептейм. Анын үстүнө, - андан аркысын тамаша-чындан айтты, - сизди көргөндө ого бетер эргип кетсем керек. А баса, атыңыз ким?
Аял айткысы келбей жаткандай же укпай калгандай, унчукпай отурду да:
- Атым – Махабат, - деп бир топтон кийин колун сунду.
- Менин атым – Эрмек.
Махабаттын колун аяр кармап:
- Махабат... Ысымыңыз өзүңүзгө ушунчалык жарашат экен, - деди. Ошондон уламбы, ойдон чыгара койгон жаңы ысымы аялдын өзүнө да жага түштү.
- Сиздин атыңыз да жакшы экен, - деди анан. Кайрадан унчугушпай калышты. Бу жолку тынчтыкты Эрмек бузду:
- Махабат, бир нерсе сурасам капа болбойсузбу?
- Айтыңыз.
- Мм… Кандай десем, сиздерде... - мунусу: «хиджаб кийгендерде» дегени эле, - аялдар чоочун эркекке жүзүн көрсөтүүгө акысы жок экенин билем, бирок… сиздин көздөрүңүз кандай болду экен?..
Аял бу саам да унчукпай, эки ийнин болоор-болбос көтөрө, улутунуп койду.
- Кечириңиз? – деди Эрмек кайра да сөзүн түздөй, күнөөлүүдөй жумшак унчугуп, - Капа болбоңуз, ээ? Чындыгында кеп адамдын өңү-түсүндө эмес да. “Сүйүүнүн көзү сокур” дешет. Периштелери келишсе, бири-бирин көрбөй деле сүйүп калууга болот…
Ушул сөз жаккандай, Махабат ага имериле карады да, бир топко көз албай тиктеп тургансыды.
- Сиз менин өңү-түсүмдү кандай элестеттиңиз? – деди анан.
- Мм… Билбейм. Бирок сиз кандай болсоңуз да, мен үчүн эми бардыгынан сулуусуз! – деди Эрмек.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   ayka96   23 Июнь 2016 - 16:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АДАШКАНДАР-2- -КИТЕП

- Рахмат! – аял жанагыдай болбой, ачыла түшкөнсүдү да, сынай айтты:
- Бирок мен сизге жүзүмдү эч качан көрсөтпөшүм мүмкүн.
- Эч капачылык жок!
- Балким, капысынан келген махабатыңыздан баш тартаарсыз?
- Эч качан! – муну кантип айтып алганын өзү да билбей калды Эрмек. - Билбейм. Бирок буга чейин бир да бирөөнүн жанында мага мынчалык жагымдуу, жыргалдуу сезим болгон эмес! Ак сөзүм...
Махабат унчукпай калды да, бир топто барып:
- Мен сизге, тээ бир топ жылдар мурунку сүрөтүм бар, ошону көрсөтөйүнбү? – деди.
- Жарайт! Жандилим менен көрөм, - Эрмек чүмбөттүү айымдын өз жүзүн көрүүчүдөй кубанып кетти.
Аял сумкесин ачып, блокноттун ичиндеги сүрөтүн сунду. Эрмек сүрөттү көпкө үңүлө карап турду. Кырдач мурун, кумар көз, сулуу бийкеч аны күлүмсүрөп, сынай тиктеп турган.
- Мен элестеткенден да сулуу экенсиз! – деди чын дилден. – Бир чети, жүзүңүздү жашырып алганыңыз да жакшы болуптур…
- Эмнеге?! – аял «селт» эте карады.
- Болбосо, көзүгүп калмаксыз. Мендейлердин көзү тиймек... А мен сизди адеп көргөндө эле эсимди жыя албай, эсим ооп калмакмын.
- Ошондоюңуз да барбы? – аял күлдү. Эркек аны укпагандай, сүрөттү караган тейден сүйлөп атты:
- Ушунчалык сулуу, анан… ушунчалык сүрдүү да экенсиз.
- Сүрдөй баштадыңызбы?
- Жок! Жана болсо сүрдөйт элем, эми «Төө кыядан өтүп» кетпедиби.
- Мм… Ошондой деңиз! – тамашалады аял.
- Ошондой! Эми аракет кылсаңыз да сүрдөбөйм.
- А бирок… - аял бат эле кайра тунжурай калды, - Ал башка кез эле да, мен азыр такыр башкамын!
- «Сыр аяктын сыры кеткен менен сыны кетпейт». Аз-аз өзгөрүшүңүз мүмкүн.
- Мисалы?
- Мисалы, көздөрүңүздүн алдына билинер-билинбес чийин пайда болушу мүмкүн. Каректериңиз мындагыдай шоктонбой саал токтолуп, ойлуу тарткан чыгаар? Ал эми келбетиңиз ошол эле боюнча сакталыптыр. Айтмакчы… - андан аркысын айтпай, дагы токтоп калды.
- Айта бериңиз?
- Балдарыңыз барбы? Турмушка чыккансызбы дегеним?
- Жок, - башын чайкады аял, - Эч кимим жок.
- Кечириңиз? - Эрмек Асанович аялдын манжасындагы алтын шакекти карап койду. Ошол жөнүндө сурагысы келип, оозун таптап барып, бирок дагы капа кылып албайын дегендей, токтоп калды. Ортону кайрадан мемиреген жымжырттык уялады. Эрмек Асанович рулдагы айым менен эмес, сүрөттөгү сулуу кыз менен сүйлөшүп жаткандай:
- Көздөрүңүз кандай сулуу? – деди кыялдана, - кирпиктериңиз кудум күн желесиндей… Мурдуңуз кол менен жасап койгонсуп, эриндериңиз эки алча… Мойнуңуз кадимки ак куунуку… Ал эми добушуңуз болсо сыйкырчыдай, жүрөк кылын черткилейт…
Муну Эрмектин жан дилинен айтып жатканын түшүнүп, сезип, эреркеп кетти аял. Жалгыз көзүнөн бу саам да тыпылдап, өзүнөн-өзү эле ысык тамчылар кулап, мууну бошой түштү. Бирок бул ирмемдер дагы улана турган болсо, жаңы эле көргөн ушул адамга ачылып-чачылып болгон сырын, арманын айтып, жүрөгүн ачып таштачудай, андан ары Эрмек анын жүзүн көрүп, жанагы Акшоола сыяктуу ичиркенип, андан ары ушул сезимдерди, ушул сүйүүнү кайрылгыс кылып жоготуп алчудай коркуп кетти.
- Мен сизди кайра жеткирип коёюн! - деди анан күтүүсүз жерден.
Аялдын мынчалык тез бүтүм чыгараарын Эрмек күткөн эмес. Канчалык кеткиси келбей жатса да:
- Жок, сизди убара кылбай, андан көрө сиз жөнүндө кыялданып, жөө эле басып кетейин, - деп анан санааркай унчукту, - Бирок, мен сизди капа кылып алган жокмунбу?
- Жок. Эч кандай...
- А балким, купулуңузга толбой калган чыгаармын?..
- Андай да эмес. Баары жакшы. Тескерисинче, сиз менен таанышканым. .. мага бу күндүн эң жакшы белеги болду.
- Чынбы?
Аял башын ийкеди.
- Рахмат. Бирок, ушул боюнча көрүшпөй калбайбызбы?
- Мен сизге чалам.
Эрмек телефон номурун айтты:
– Чалбасаңыз, ооруп калам.
- Оорулуусузбу? – тамаша суроо узатты.
- Жүрөгүмө “Махабат” аттуу оору сүртүп койдуңуз, - тамаша-чындан ушинткен Эрмек колундагы сүрөттү бергиси келбей жаткандай кыйылды эле, аял:
- Аны эмне кыласыз? - деди күлүп, - Мен өзүм турбаймынбы…
Ошого ынангандай сүрөттү кайрып берди да, аялдын колун эрдине тийгизди:
- Мындан ары “жалгызмын” дебей, Эрмек Асановичти көлөкө кылып алыңыз?
- Рахмат, сизге! Жакшы барыңыз, - деп, бирок алда нени эстей койгондой кайра чакырды аял, - Эрмек?!.
- Ляппай, периштем? – куудулдана, колун көкүрөгүнө койду анысы.
- Алиги… Акшоолага биздин таанышканыбыз тууралуу айтпай эле койсоңуз? Биз эски тааныштарбыз. Жаш кезибизде экөөбүз бир жигитти сүйүп, ошондон улам арабыз алыстап кеткен. Адегенде ал жигит мага шакек салып, - манжасындагы алтын шакекти карап койду, - кийин Акшоолага үйлөнүп кетти.
- Ынак Кабыловичпи? ! Кандай бактылуу адамдар ушундай кыздарга жолугат? – деген Эрмек чындап эле таң калды, - Бирок сизди кантип кыйып кетти экен?
- Ошол сүйүүнүн айынан менин жандүйнөмдө айыкпас так калган…
- Эми деле сүйөсүзбү?
- Жок, эми кайдагы сүйүү! Тек гана…
- Акшоола сизди чындап эле тааныган жокпу?
- Жок. Мен анда жүзүмдү жапчу эмесмин да.
- А сиз ага эмне себептен келдиңиз эле?
- Жөн эле, - тамашага бурду аял, - Сыягы, сизге жолуксун деп, шамал айдап келген го! ªтүп баратып эле эмнегедир кире калгам.
Эрмек Асанович түшүп калып, машиненин карааны узагыча кол булгап турду да, бактылуу адамдай кыңылдап ырдаган боюнча кетти.
Ал канчалык ачык-айрым, шайдоот өңдөнгөнү менен, көптөн бери мынчалык жандүйнөсү жаркып, бактылуу боло элек болчу!
Бет алдынан кайдадыр шашып бараткан Дилназик жолукту. Бирок, чала-була баш ийкегени менен, ага баштагыдай үзүлүп-түшүп карабай: “Ии, тим эле жаныңа жакын жуутпай, бул дүйнөдө менден өткөн сулуу жок дечү элең! Көрсө, бар экен сенден сулуулар! ..” – дегендей, мыйыгынан жылмая карап коюп, узап кетти..

Билдирүүнү түзөткөн: ayka96: 23 Июнь 2016 - 16:06


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   janka7   25 Июнь 2016 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 18 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2023 00:37
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысын кутуп жатам,качан жазылат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 00:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: