Саламатсыздарбы форумдун улуу кичуу колдонуучулары?
Бул теманы ачсамбы же ачпасамбы деп ойлонуп олтуруп акыры ачып оюнуздарды билууну чечтим.
Жакында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп отту, бул майрамдын алкагында шаарда облусттук денгелде иш чара отуп кесипкой медицина кызматкерлерине узурлуу эмгеги учун алкыш грамоталары,
мактоо баракчалар берилип, кээ бир медиктерге коп жыл эмгектенгени учун Саламаттыкты сактоонун отличниги деген наам берилди. Мисалы бир 53жаштагы кишиге берилди, ал инсан шаардык тез жардам болумунун фельдшери болуп 30жылдан бери эмгектенип келген экен. Бул наамды министрликтин атынан губернатор тапшырды, ал Эми алкыш кагаздарын Жана грамотадарды мэр, торага тапшырды. Ошол иш чарага катышуу Жана грамота алуу учун шаардан эле эмес Таш Комур Кочкор Ата Ала Бука сыяктуу алыс жерлерден да келишти. Кызыгы ошол мактоо барактары же наамдары менен кошо кандайдыр кызыктыруучу акчалай сыйлык же бир кесибине байланыштуу колдонуучу буйум тайым эч нерсе берилбейт экен. Жон гана моору басылган базарда 50сом турчуу эки барактуу алкыш кагаз, бутту. Мындай ойлонгон адамга алыстан келген адамдардын жол киреси чыга тургандай акчалай конверт кошуп койсо эмне,дейсин.
Саламаттыкты сактоонун отличниги деген наам алган инсандарга деле эч нерсе жок, жада калса пенсияга чыкканда да ал учун эч кандай кошумча акча кошулбайт экен, мындайча айтканда наам деген эле Аты экен. Ошол наам алган киши менен маектешип олтурсан ал айтат, эл тез жардам болумунун ишине наразы болуп, сынга алып келишет, чындыгында бир эле биздин мекеменин жумушун мисалга алсан зээнин кейийт, жумуш ордубуз имарат деп айтканга оозун барбайт, союз мезгилинен калган торт болмолуу уйдой жер, жамгырда тамчы отуп жудотот, дубалдагы жаракалардан сырты ичине, ичи сыртына корунот, машиналар тарактаган эски, жолдор жаман, чакырган жерге барсан подьезддерде уйлордо номери жазылбаган,
адамдар да текебер биз чакырдык эле деп бироо жарымы чыгып турбайт, анын уйун тапкыча носилканы аптечканы которуп алып эки подьездге чыгып тушосун, анан неге кеч келесинер деп беттен алышат, деп кейип калды. Жалпы алып караганда бир жактуу куноолоо туура эмес экенин кошумчалады.
Бул эле эмес алган маяналар да ошол мекемени жууп иштеген уборщицаныкынан 2 мин 3 минге гана коп экен. Мына ушундай... мындай абал мугалимдердин да айланасында да койгой. Бир женем бар,былтыр мектепке ишке кирди, адистиги боюнча физика математика мугалими. Алган айлыгы 1800сом акча алгачкысына.
Озунун 4 баласы бар, жолдошу да мамлекеттик жумушта иштейт. Мектепте уч ай иштеди, жол киреси тушку тамагы, сабактарга коргозмо жасоо сыяктуу чыгымдарына да жетпей жудоп, иштен чыгып кетти да эртеси шаардагы тамактануучу жайлардын бирине официант болуп кирип алды,мугалим,
жогорку билимдуу жаш адис азыр ошол жерде иштейт, мектепте бир Ай иштеп тапкан акчасын ал жерде эки кундо табат. Мына ушундай адилетсиздикти коруп туруп жаштар кантип кесибин суйгон адис боло алышат, билбейм мумкун корупциянын жардамы менен башка кесиптин ээлери (органдагылар,
жогорку квалификациялуу врачтар, ГАИлер жб) уй булосун камсыз кылып жаткандыр бирок жогорудагы кесиптерде азыр жаштар жок, жаштар азыркы инфляция учурунда мындай маянага алымсынышпайт.
Демек кимдер иштейт, балдары чонойуп Орусиядан акча салып тургандар, пенсияга чыккандар ишигылып дагы бир киреше булагы бар, жон гана бош калбай денеге бираз конугуу болуп, адамдар менен баарлашууда журуу учун эле иштеп жургондор иштешет. Мындай маселелер менин темамсыз деле эл наразычылыгын жаратып келгендигин билем, ошентсе да мен башка ой пикирлерди билгим келет, дагы качанга чейин ушул абал курч боюнча кала берет. Жаштарга стимул мотивация берип кесипкой адистерди улгу катары койуп,жакшы шарт, жетиштуу айлык акы менен камсыздап, коп жыл жумушунан кетпей иштегендердин эмгегин оз денгелине жараша баалап койууга биздин олконун кантип чамасы жетпесин...болгонуна шугур деп, кесибин суйуп иштей берсин дейин десен кесибине болгон суйуусу балдарына нан, чай болуп бербесе кыйын да. Коп учурда олко мен учун эмне кылды эмес мен олко учун эмне кылдым деп суроо бер деген кепти угуп журобуз, бирок кейиштуусу олко учун "бир нерсе" кылып кесибине жылдарын арнаган жарандарын да биздин эл башкаргандар татыктуу баалай албай жатканы зээнди кейитпей койбойт экен. Бул жаатта сиздер кандай ойлойсуздар?
Мумкун сиз же сиздин жакындарыныз менен да ушул сыяктуу корунуштор болуп жаткандыр. Ойунуздарды билдириниздер.
Баракча 1 - 1
Теманы окуп, оюңузду калтырыңыз. Ойунузду калтырыныз
#2 13 Июль 2018 - 19:54
Айта берсен арман коп... Бугун "базарчылар"
мэр, аким, губернатор,
депутат. АША, Соке сыяктуулар оздорунун жепжутар шайка мучолорун бийликке коюп, элди тоноо менен убара. Аларга эл кантип жашап жатат, алган маянасы кунумдук оокатына жетеби жокпу, эмнеге жылдан жылга тышкы миграция осуудо деген суроолор туйшолтуп да койбойт... Алар кызматка элге кызмат кылуу учун келгенин унутуп коюшкан. Алар бийликке байлык куроо, элди тоноону максат кылып келип калышты... Бул бийликтегилер тазаланмайын,
бул система алмашпайын,
бул койгойлор жоюлбайт...
#3 14 Июль 2018 - 02:06
Кой жарага туз себесин да, медиктердин акчасын айтып, озум зорго зорго жургондо. Мен да не кылышымы билбей журом. Жумушум, коллектив бут нерсе жагат, вот айлыгы жакпай атат. Совсем жакпай атат. Мен кирип атканда 33мин айлык обещать этишкен 1 ставкага, эми болсо надбавкаларын алып таштап 23мин кылып коюшту. 23мин учун мен 1 айда 7жолу барып келемби деп страдать этип журом, окууга кирсен графигини деле коюп беребиз деп жатышат. Билбей жатам. Уят ушундай чоон шаарда 23мин айлыка иштеген.
Salam baaryna
#4 14 Июль 2018 - 07:31
Ачыгын айтсам ээй жашырбай,
Арманым аттын оой башындай…
Арманым аттын оой башындай…
В каждой шутке есть доля правды...
#5 14 Июль 2018 - 08:05
Begai_kg (14 Июль 2018 - 02:06) жазган:
Кой жарага туз себесин да, медиктердин акчасын айтып, озум зорго зорго жургондо. Мен да не кылышымы билбей журом. Жумушум, коллектив бут нерсе жагат, вот айлыгы жакпай атат. Совсем жакпай атат. Мен кирип атканда 33мин айлык обещать этишкен 1 ставкага, эми болсо надбавкаларын алып таштап 23мин кылып коюшту. 23мин учун мен 1 айда 7жолу барып келемби деп страдать этип журом, окууга кирсен графигини деле коюп беребиз деп жатышат. Билбей жатам. Уят ушундай чоон шаарда 23мин айлыка иштеген.
23 миңге нааразы болсоң мен айлык албай эле жашап жүрөт экенминда))
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#6 14 Июль 2018 - 09:06
Bishkekkti bilbeim birok Osh shaarynda medikter kunundo akchalai syilyk berildi birok keelerine gana,maktoo kagazdary,naamdar dagy berildi birok akchalai syilygy jok.Bizdin kollektivde akchalai syilyk jetekchilik tarabynan berildi.
Chyn ele ailyk aky oto az.Stajy jok bolso arzybagan akchaga gana ishtep kalabyz go.Shaarda 20-25min ailyk mn jashoo oto kyiyn menimche
Chyn ele ailyk aky oto az.Stajy jok bolso arzybagan akchaga gana ishtep kalabyz go.Shaarda 20-25min ailyk mn jashoo oto kyiyn menimche
#7 14 Июль 2018 - 09:20
atai9292 (14 Июль 2018 - 08:05) жазган:
23 миңге нааразы болсоң мен айлык албай эле жашап жүрөт экенминда))
Контракт толоп окусам, ал акча менин эч нерсеме жетпей калат да. Даже контрагыма жетпей калат, шашып кирип алыпмын ишке деп окунуп жатам. Диплом алгыча кутуп туруп, шашпай тандап эле кирип кетмек экем. Плюсу кичине болсо да опыт бар болуп калды.
Salam baaryna
#8 14 Июль 2018 - 13:56
Менин атамын 30 жыл стажы бар, эн жакшы чыкты дегенде 12мин айлык чыгат.Кесиби фельдшер, +Жогорку билимдуу биология адистигин да бутургон. Ким каякта тураарынын кандай айырмасы бар, баары эле эмгектенип жатпайбы... кайдагы кочмондор оюнун уйуштурдук паланча миллион кетти дебей, ошонун ордуна нормально зарплата тузуп беришсе болот. Ойлонсон аябай жинин келет...
#9 18 Июль 2018 - 18:09
Айланам медиктер болгон учун бул теманы аттап ото албай койдум. Медиктердин айлыгы бизде эле эмес, АКШда дагы аз экен. Кайнагам ( кайнатамдын иниси) ошо Америкада канча жылдан бери генетик. Айлыгы уйунун ипотекасына тологону жетпей, санитар дагы болуп иштейт экен. Элестеткиле,
кундузу врач, кечкисин каарылар уйундо санитар болгон доктурларды.
Аны угуп:"Кыргызстанда Кудайга шугур онгосу ачка калса да, доктур ачка калбайт"-
дейт экенсин. Кайненем, чон кайненем, дагы бир кайнагам, бир тууган иним, жээним, жакын тааныш эжелерим доктурлар болгон учун айтып атам. Айлыгы аз экени анык, бирок шабашкасы чон экени дагы анык, эбин тапканга.
brother
Баракча 1 - 1