Коздун айланасындагы териге кам коруу.
Аялзатынын карылык менен курошуусу алгач коздун тегерегиндеги териге кам коруудон башталат. Дал ушул зонада курактын ойдолоп калганын билдируучу белгилер пайда болот. Тери жанычылдыгын жоготуп, шишиктер, алгачкы майда бырыштар тушот.
Бул дагы тан калыштуу эмес. Анткени, коздун айланасындагы эпидермистин катмары ото жука келет- болгону жарым миллиметр. Анысы аз келгенсип, коз ар дайым кыймылда болуп турат: ар кимге коз кысабыз, кундон качып жулжуйобуз,
жылмаябыз, кулобуз дегендей. Жыйынтыгында,
коздун териси ото коп нагрузкага туш болот. Мына ушунун баары териге 20-25 жаштан баштап эле кам коро баштоо зарылчылдыгын алып келет. Кантип кам коробуз? Анын уч этабы бар: тазалоо(очищение),
нымдаштыруу дейбизби(увлажнение) жана тонизирование (кыргызча которо албадым) же тондоо болобу, тан.
1. Тазалоо. Адатта, коздогу макияжды алып салуу учун косметикалык молочко колдонулат.
Контактный линза колдонгон адамдар учун коздон макияжды алып салуу учун майлуу каражаттарды колдонуу сунуш кылынбайт- андан коро майы жок лосьон менен колдонуп, сууга чыдамдуу туштарды колдонуудан качкан дурус. Козду боегон сон, анны кундо кайра очуруп туру керек экенин унутпаныздар.
Макияжды алуу учурунда кыймыл ото жумшак болушу керек. Терини чоюп салбоого аракет кылыныз. Эки вата тампонун молочкого чылап алып, козго 40-50 секундага коюнуз. Андан сон косметиканы ойдодон ылдыйды коздой кеткен кыймыл менен суруп салыныз.
Нымдаштыруу жана азыктандыруу
Бул максатта атайын кремдер, лосьондор жана гелдер колдонулат.
Башка каражаттардан булар курамында козго кирип кетип, ооруксунтуучу «майлуу каражаттардын» жоктугу менен айырмаланат.
Анын устуно алар офтальмологдор тарабынан колдоого алынган болушу керек. Кремдер озгочо кургак терилерге туура келет. Бирок аларды сурмага жана коздун алдына сыйпоого болбойт. Анткени, майлар козго кирип кетиши мумкун, бул болсо зыяндуу! Ланолини бар крем колдонуудан качыныздар,
анткени, ал козду шишитип жана кызартып коюшу мумкун. Кремди козго шыбап салуунун да кажети жок! Аны Кичине бир тамчы сымал эле манжага сыгып алып, коздун сырткы жагынан мурунду коздой басым менен синириш керек. Лосьондор женилдетилген курамына ылайык, тез синеет.Андан сырткары, алар бырыштарды жазууга , терини жылтыратып коюуга да жондомдуу. Гелди болсо контактный линза тагынган адамдар колдонсо ылайыктуу. Коздун айланасына колдонулуучу косметикалык каражаттарды ар бир торт айда алмаштырып туруу зарыл. Бул коз ооруларына туш болуудан сактайт.
Баракча 1 - 1
Көз - адамдын күзгүсү дечү беле?.. аны, б.а. коздун айланасындагы терини кантип жакшы сактайбыз
#1 27 Февраль 2008 - 15:51
CУДЬБА НИКОГДА НЕ ЗАКРЫВАЕТ ПЕРЕД ЧЕЛОВЕКОМ ОДНУ ДВЕРЬ, ПРЕДВАРИТЕЛЬНО НЕ ОТКРЫВ ДРУГУЮ.
#2 27 Февраль 2008 - 17:30
Бул жак бизге тиешес
и жок болсо дагы биз
д
ин алтындай болгон к
ы
здарга акыл болуп ка
л
сын деп конул буруп койдум. Боенуп бетке кам коруунун дагы озунчо искусство болот. Бирок ошол нерсени натуралдык нерселерден эмес биз дароо эле кремдерди колдоно калуу ар бирине эле маалым болсо керек эгерде каршы болбосонор бул жакты карап коюнуздар.
Кыргыз кызы кылымдардан сулуусунар,
Ошол жактан бизге кымбатсынар.
Жургулочу жигиттердин бактысына,
Биз каалайбыз дайым назик болушунар.

#3 27 Февраль 2008 - 17:33
Цитата
Бул жак бизге тиешеси жок болсо дагы биздин алтындай болгон кыздарга акыл болуп калсын деп конул буруп койдум.
Достор, сулуулук дегенде кобунчо кыздын сулуулугу эске келип тим болобуз? Эркек адамдын сулуулугу эмне бейпайдабы? Мисалы, француз корольдорунан бироонун олкодо бардык эркектер упа суйкоп журуусуно байланышкан бир жарлыгы эсимде эле. Бирок, так айта албай жатам. Кантсе да, эркек учун сулуулуктун пайдасы канчалык деген суроо туулат.
+++ Жакында болот!
#4 27 Февраль 2008 - 17:34
А бул болсо ашыкча сулуу боенуп сулуу-сулуу болуп калган учурлар

#5 27 Февраль 2008 - 17:39
Цитата
Достор,
сулуулук дегенде кобунчо кыздын сулуулугу эске келип тим болобуз? Эркек адамдын сулуулугу эмне бейпайдабы?
Мисалы, француз корольдорунан бироонун олкодо бардык эркектер упа суйкоп журуусуно байланышкан бир жарлыгы эсимде эле. Бирок, так айта албай жатам. Кантсе да, эркек учун сулуулуктун пайдасы канчалык деген суроо туулат.
Эркек адамдарга бул өөн көрүнү ш го. Бундай корунушту азыр сахна адамдарында байкоого болот. Анан ыргыздарда адат бар эмесби дароо кызтеке дей калчуу

#6 27 Февраль 2008 - 17:47
Цитата
Эркек адамдарга бул єєн кєрїнїш го. Бундай корунушту азыр сахна адамдарында байкоого болот. Анан ыргыздарда адат бар эмесби дароо кызтеке дей калчуу

Туптуура айтасын кызтеке боюнча. Бирок, сулуулук дегенде эле бардыгы гламурга барып такалбашы керек деген ойдомун. Сулуулукту сактап калуу, жаш боюнча калуу, корунуу - ар бир эле адамдын энсеген ою болушу керек. Анан да мунун эмне жаман тарабы болсун?! Оон корунуш деп кабыл алынган нерселердин кобу адамдардын жашоосундагы калыптанып калган тигил же бул стереотиби же комплекси деп коёбуз го.
+++ Жакында болот!
#7 28 Февраль 2008 - 11:58
Цитата
Достор,
сулуулук дегенде кобунчо кыздын сулуулугу эске келип тим болобуз? Эркек адамдын сулуулугу эмне бейпайдабы?
Мисалы, француз корольдорунан бироонун олкодо бардык эркектер упа суйкоп журуусуно байланышкан бир жарлыгы эсимде эле. Бирок, так айта албай жатам. Кантсе да, эркек учун сулуулуктун пайдасы канчалык деген суроо туулат.
Ой азамаааааттт, кыздардын темасын эркектердики кыла салыпсын ээ, азамат, эми озундун тажрыйбаларынды айта сал
Ат жалында кыргыз гана алдырбайт!!!

#8 29 Февраль 2008 - 11:16
Жигиттер, жазсанаааар темага жараша пайдалуу нерсе жазгыла, же болбосо тим эле окуп койгула да. Анан да кыздардын болумуно кирип алып, бул жерди виртуалдык дуэль талаасына айлантуунун кажети жок

CУДЬБА НИКОГДА НЕ ЗАКРЫВАЕТ ПЕРЕД ЧЕЛОВЕКОМ ОДНУ ДВЕРЬ, ПРЕДВАРИТЕЛЬНО НЕ ОТКРЫВ ДРУГУЮ.
#10 03 Июль 2008 - 11:35
Уйкудан кийинки шишип калган же болбосо кара тактар тушкон коздорго
- Эртен мененки тазалоо учун атайын коздун гелдери менен колдонуу керек. Алардын курамында атайын экстрактар бар. Бул гель менен коздун устунку жана астынкы катмарларын суулап коюп, боенгонго чейин бир нече минут кутуу керек .
- Ошондой эле кара чайды колдонсо болот .Ал учун пакетиктердеги чайды ысык суу менен жаба куюп , анан муздаткычка 1-2 минутага салыш керек.Ушул пакетиктерди анан козго коюп (4-5мин), андан кийин атайын коз кремдерин сыйпаш керек !
Коз адамдын кузгусу деп бекеринен айтылбаса керек да !!!
#11 07 Апрель 2012 - 06:34
maksi (03 Июль 2008 - 11:35) жазган:
Уйкудан кийинки шишип калган же болбосо кара тактар тушкон коздорго
- Эртен мененки тазалоо учун атайын коздун гелдери менен колдонуу керек. Алардын курамында атайын экстрактар бар. Бул гель менен коздун устунку жана астынкы катмарларын суулап коюп, боенгонго чейин бир нече минут кутуу керек .
- Ошондой эле кара чайды колдонсо болот .Ал учун пакетиктердеги чайды ысык суу менен жаба куюп , анан муздаткычка 1-2 минутага салыш керек.Ушул пакетиктерди анан козго коюп (4-5мин), андан кийин атайын коз кремдерин сыйпаш керек !
Коз адамдын кузгусу деп бекеринен айтылбаса керек да !!!
Жакшы болбодубу чындап акыры кундору козумдун астылар коп уткабайм деле уйкудан турсам шишип калып озумду жаман сезип,кузгуго да карагым келбейт.Анан муздак кумшекер кашыкты да муздак козго бассада шишиги кетет деп укамын.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#12 15 Март 2014 - 23:45
Коздун айланасына кам коруудо оливка майы да чон жардам берет.
Ал учун кечинде коздун айланасына оливка майын жука кылып, суртуу керек.
Ал учун кечинде коздун айланасына оливка майын жука кылып, суртуу керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#13 28 Июль 2014 - 16:20
Көздүн алдындагы шишик менен күрөшөбүз
Көздүн айланасындагы тери абдан эле назик болгондуктан, ага абдан назик мамиле кылып, акырын кармаш керек. Адамдын карып баратканын анын көзүнөн эле байкап койсо болот. Себеби жаш картайган сайын бир аз кыйналып калса эле көздүн астын шишик басып калат. Көзү шишиген адам сүйкүмдүү да болбой калат.
Көздүн астындагы көгөргөн шишикти кетирүүдөн мурун, анын эмнеден пайда болгонун билип алышыбыз абзел.
Көздүн астындагы шишикти пайда кылган себептер:
Бетти туура эмес тазалоо жана косметикалык каражаттарды туура эмес тандоо;
Ички органдар ооруганда да көздүн алды шишип калат. Айрыкча бөйрөк ооруганда.
Жаш алмашууда. Адам картайган сайын тери өзүнүн чымырдуулугун жоготуп, көздүн алдын бырыш менен кошо шишик да баса баштайт;
Ден соолукка туура эмес кам көрүү. Арак ичип, тамеки тартса, аз же болбосо көп убакыт уктап калганда да көз шишийт.
Жогорудагы себептерге да каршы турууга болот. Кээ бир рецепттер шишиктин жоголушуна шарт түзөт

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#14 21 Август 2014 - 14:05
Сулуу аялдар эч убакта анча-мынча кичинекей нерселерге көңүл бөлбөй койбойт. Алар дайыма 100% сулуу болуп жүрүш үчүн баардык аракеттерин жасашат.
Көз – адамдын сырткы да ички да сулуулугун көрсөтүп турат. Ошондуктан эң биринчи көзгө кам көрүү маанилүү. Ал эми аялдын көздөрүнүн айланасы көгөрүп же карарып, шишип, бырышып, дагы башкача болуп турса, сиз миллион жолу сулуу болуп, ички жан дүйнөңүз таза болгон күндө да, баарыбир кебетеңиз келишип, сулуулугуңуз жокко чыгып калат.
Көздүн айланасына үй шартында кам көрүүдөн мурда биринчи кезекте анын өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылыш керек. Ал өзгөчөлүктөр жетишинче эле көп:
1. теринин алдында май катмары болбойт
2. тер жана майлар аз өлчөмдө гана
3. эластин менен коллаген аз
4. абдан сезимтал
Көзгө жаман таасирлерди берген сапаттар булар: уйкунун канбашы, кычкылтектин жетишсиздиги, ички организмдин оорушу, ага чала же туура эмес же таптакыр кам көрбөө. Мындай учурда көздүн айланасы бырышат, шишийт, картая баштайт жана башка. Мындай терс таасирлерден качыш үчүн көздүн айланасына кантип кам көрүүнү мыкты билип алган жакшы. Ошондой эле ага күнүгө үй шартында кам көрүлүп турса андан да жакшы. 25 жашка чейин ага абдан кам көрүүнүн мааниси деле жок. Бул куракта боелгон макияжды убагында өчүрүп, азыктандыруучу каражттарды сүйкөп коюу жетиштүү.
Көздүн айланасына кам көрүү: тазалоо, азыктандыруу, сергитүүдөн турат.
Тазалоо
Эми үй шартында ага туура кам көрүүнү үйрөнөлү
Биринчи эле кезекте көздөгү макияжды убагында, күн сайын өчүрүп туруш керек. Көздөгү макияжды өчүрбөй уктап калсаңыз, анын эрте бырышышына эң сонун жол ачкан болосуз. Ал үчүн атайын тазалоочу косметикалык каражат колдонулат. Контактык линзаны колдонуп жүргөндөр үчүн майы жок атайын демакияж үчүн косметикалык каражаттар колдонулат. 25 жашка чейин сууга эч нерсе болбогон туштарды колдонбой эле койгон жакшы.
Көзгө коюлган макияж көздүн ичине кирип кетпеши керек. Анын курамындагы химиялык заттар болгондуктан, ал билгизбей көздү жабыркатып салат.
Азыктандыруу
Көздүн айланасындагы назик терини азыктандырып жана сүйкүмдүү кылыш үчүн атайын ласьон, крем, гелдер колдонулат.
Кургак терилер үчүн мыкты кам көрүү болуп азыктандыруучу кремдер эсептелет. Алар терини азыктандырып, бырыштардын эрте түшүшүн алдын алат. Ланолин менен жасалган кремдерди колдонбой эле койгон жакшы. Бул компонент назик терини жабыркатып коюшу мүмкүн. Кремди көздүн алдынкы бөлүгүндөгү териге сүйкөш керек. Үстүнө сүйкөгөндө крем көзгө кирип, көз жабыркап калат.
Эң пайдалуу каражаттар болуп гельдер эсептелет. Ал бат-бат шишиген жана сезимтал көздөргө ылайыктуу.
45 жаштан кийин көздүн айланасына эластин менен коллагенди пайда кыла турган каражаттарды колдонуш керек.
30 жаштан кийин мөмө өсүмдүктөрүн жана майларын колдонуш керек болот. Көздүн айланасына майда бырыштардын түшүп кетпешине кылдаттык менен мамиле жасаган жакшы. Көпчүлүк мындай бырыштар түшүп кеткенде көңүл бурбай коюшат. Ошондуктан кам көрүлбөй калган көздүн айланасы андан да бетер бырыштарга толуп, жаман көрүнүп калат.
Мындай учурда жөнөкөй эле кремдер көздүн айланасындагы назик терин азыктандырып убактылуу гана кам көрүп, акыбалын жакшыртып турат. Ошондуктан крем гельдер өз алдынча аны чың кыла албайт. Бул терини эрте картайышына алып келет.
30 жаш
З0 жаштан кийин көздүн айланасына ар кандай маскалардын жардамы менен жаш боюнча сактап калса болот. Маскалар бырыштарды жазып, пигменттерди жок кылып, шишиктерди кетирет. Ошондуктан масканы туура так колдонгонду жакшы билиш керек. Ал эми дайыма колдонулуучу кремдерди да туура сүйкөгөндү билүү зарыл. Же болбосо эң сонун кремдер дагы терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
Кремди туура колдонуу үчүн бир нече кеңештер:
1.Чыпалак же аты жок манжа менен көздүн айланасына акырындан массаж жасап кремди сүйкөп чыгыш керек. Анан ал кичине шишип калган болсо, манжалар менен акырындан массаж сыяктуу кылып ургулап чыгыш керек. Ал кремдин терең сиңишине жардам берет.
2. Сырткы четинен ичти көздөй сүйкөш керек. Көпчүлүгү тескерисинче кылышат. Бул туура эмес.
Бул эрежелерди дайыма туура колдонсоңуз 40 жаштан кийин да көзүңүздүн айланасы сулуу боюнча калат.
Күндүзгү кремдерди колдонуп кереги жок. Анткени, мындай кремдердин көздү жабыркатып койбошу тууралуу кепилдик жок. Негизи мындай кремдерди атайын кызматкерлер сунуш кылышпайт. Эгер көздүн айланасын сиз күн нурунан коргоңуз келсе, анда ишенимдүү эле кадимки күн нуруна сактоочу кремдерди колдоно бериңиз.
Сергитүү үчүн маскалар
45 жаштан кийин көздүн айланасына өсүмдүктөрдөн жасалган тоник, ласьон, гель, маскалардын баардыгын жасап кам көрсө болот. Алар терини эс алдырат жана сергитет, азыктандырат. Ошондуктан ишенимдүү эле атайын пахта кездемелерин аларга салып, нымдуу болгондон кийин көздүн айланасына 5-10 мүнөт коюп коюш керек. Ошондой эле тоңуп калган муздун кубик формасы да жакшы сергитет. Бул ыкманы жасаш үчүн эртең менен бетти жуугандан кийин көздүн айланасын ал менен суулап чыгыңыз да өз алдынча кургашына мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз.
Үй шартында көздүн терисине кам көрүүдө сөзсүз маскаларды колдонуш керек.
Бадыраң маскасы
Эң сонун тоник болуп бадыраң ширеси эсептелет. Ошондуктан көзгө дайыма жаңы бадыраңдын тоголок кесиндиси менен көздү 5 -10 мүнөткө жабып кам көрүлөт. Бадыраңдан сергитүүчү масканы башка жол менен да жасаса болот.
Бир чай кашык бадыраң ширеси менен кургак сүттү аралаштырып маска даярдайсыз жана аны көздүн айланасына 10 мүнөт коюп коёсуз. Убакыт болгондон кийин нымдуу тампон менен тазалаңыз.
Көздүн назик терисин сүйкүмдүү кылуу үчүн оливка, жожоба майларын колдонуңуздар.
Кургатылган 2 чай кашык көк башты (укроп) жарым стакан кайнатылган сууга салып, 15-20 мүнөт коюп коюш керек. Анан бул сууга атайын тампондорду салып, суулап сыгып алгандан кийин көзгө 20 мүнөткө коюп коюш керек. Бул көздүн терисин сергитет.
Азыктандыруучу маска
1 жумуртканын сарысына 1,5 аш кашык томат ширесин кошуп аралаштырасыз. Аз өлчөмдөгү сууга кичинекей балдардын азыктандыруучу креминен 3 аш кашыгы менен кошуп алып аралаштырып, анан жумуртканын сарысы менен томат ширесинен жасалган аралашмага кошуп, бардыгын жакшылап аралаштырып, маска даярдайсыз. Масканы көзгө сүйкөп, 10-15 мүнөт гана кармайсыз.
Петрушка маскасы
50 грамм петрушканын жаңы жалбырактарын жарым литр сууга кайнатып, андан кийин муздатып бир топ убакытка коюп коёсуз. Даяр болгон петрушканын кайнатмасына назик тампондорду салып суулап, көзгө 1-2 мүнөткө коюп, 3-4 жолу кайталап маска жасаган болосуз. Аягында болсо муздак компресс жасайсыз. Тери кургагандан кийин майлуу крем сүйкөп коюңуз. Мындай элдик ыкмалар менен көзүңүзгө кам көрүүдө, анын дайыма сулуу жана чың кылып алып жүрө аласыз.
Жүзүм маскасы
Жүзүмдүн мөмөлөрүн майда кылып кесип алып, ал менен көздүн ылдыйкы бөлүгүндөгү терини азыктандырып чыкса абдан пайдалуу. Мындай учурда көз табигый жол менен азыктанган болот.
Кургак тери үчүн табигый маска
Бир жумуртканын сарысына 1 чай кашык балды кошуп, аралаштырып анан көздүн айланасына 10 мүнөт коюлат.
Маскаларды - малина, кулпунай, дарбыз жана башка мөмө жемиштердин жардамы менен өзүңүзгө ылайыктуу кылып жасап алсаңыз болот. Эгер кайнатып, майдалап жана башка жолдор менен ар кандай маскаларды даярдаганга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо же жалкоолонсоңуз мөмөлөрдү кесип алып, анын ширесин сүйкөп койсоңуз, минтип деле көзүңүздүн айланасына эң сонун кам көргөн болосуз.
Көздү эс алдыруучу маска
Эс алдыруучу маскалар көздүн териси үчүн керек. Мындай жардамды сүт менен сулунун аралашмасынан жасалган маска жакшы берет. Аны даярдооо да оңой. Аралшманы марлиге ороп, көзгө 20 мүнөткө коюп коюш керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 21 Август 2014 - 14:07
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#15 17 Сентябрь 2014 - 11:18
Адамдын сөзүнө эмес,
көзүнө караңыз
"Көз адамдын күзгүсү, жан дүйнөсүнүн ачкычы" деп бекеринен айтылбаса керек. Көзүңүздүн түзүлүшү боюнча келечекте ким болоруңузду жана кандай адам экениңизди билгиңиз келсе төмөнкү аныктамага көз салыңыз.
Карагат кара көз - турмушта сейрек кездешет. Мистикалык сырдуулукту, ашып-ташкан энергияны жана күчтүү мүнөздү аныктайт. Алар келечекте президент, дарыгер, таланттуу инсан боло алат.
Күрөң көз - сезимтал, жөнөкөй, ар нерсеге шыктуу келишет. Келечекте дипломат, журналист, шоумен, дегеле эл менен иштешкен адамдар.
Тунук күрөң көз - эки сүйлөгөн, жактырган адамына жагалданган, өзүн өзгөчө орунга койгон адам. Келечекте артист болот.
Көк көз - ак көңүл, ишенчээк, боорукер, берешен адамдар ушулар. Кайрымдуулук иштерин жасаганга жакын болгондуктан гумандуу кесиптердин ээси боло алат.
Кой көз - эрке, иштин көзүн тапкан, колунан да, тилинен да келген сөзмөр, чапчаң, боорукер келишет. Андыктан булар ар кыл кесипте иштеп кете алчу адамдар.
Жашыл көз - акылдуу болгону менен адамдарга жакшылыгы жок. Куу, өзүмчүл, карьера жасаганга, байлык топтогонго умтулган адам. Келечекте уюштургуч, ишкер болот

#16 19 Сентябрь 2014 - 11:24
Көздүн көрүүсү
мыкты болсун десеңиз...
Илимпоздордун айтымында, дени сак көз бизге айлана-чөйрөнү таанууга жардам берет. Бул эле эмес, адистер жашоодогу маалыматтын 70%ын адам көрүү органы аркылуу кабыл аларын да далилдешкен. Ал эми көрүү жана көрүү процессинин жакшы жүрүүсү үчүн жашылча жана жер-жемиштердин өзгөчө пайдалуу экенин аныкташкан.
Ашкабак. Ашкабак дагы составында каротин көп кездешкен жашылча экени белгилүү. Таасири күчтүүрөөк болсун үчүн аны тамакка ченемсиз кошуп жей берсе болот. Мисалы: ашкабакты пюре, шорпо, салат катары даярдап кабыл алуу натыйжалуураак келет. Тамактануудан кийин абрикостун ширесин ичип коюу ашыктык кылбайт.
Кызыл кызылча. Кызыл кызылчанын курамында көз үчүн пайдалуу болгон цинк элементи бар. Ошон үчүн бул дагы көздүн көрүүсү үчүн жакшы азык болуп саналат. Аталган жашылчаны сүйбөсөңүз, ашкабактын чемичкесин чаксаңыз болот. Андан сырткары, кызылчадан салат жасап, ага болгар калемпирин, сабиз, цитрус жемиштеринин ширесин жана оливка майын кошуп жеген натыйжалуу.
Сабиз. Бул жашылчанын курамы каротинге абдан бай келет. Ошон үчүн сабиз көрүүнү жакшыртуучу жана "күүгүм сокуру" (куриная слепота) оорусун айыктыруучу дараметке ээ. Каротин организмге жакшы сиңиши жана таасирдүү болушу үчүн жаңы сабизди туурап, суу май же каймакмай менен аралаштырып жеген жакшы. Сабизден жасалган шире суусундугу да абдан пайдалуу.
Ит мурун. Ит мурун С витаминин камтыган, деги эле витамнге бай өсүмдүктөрдүн лидери. Ошон үчүн аны күн сайын демделген чай катары ичсеңиз, сиз көзүңүздүн кан тамырларын бекемдеген болосуз. Ошон үчүн ит мурун чайы менен кара карагаттын киселин айкалыштырып ичүүнү адатка айлантып алыңыз. Анткени, кара карагатта дагы дени сак көз үчүн өзгөчө пайда берүүчү каражаттар бар.
Петрушка. Кадимки эле петрушканын ширесин сыгып ичип туруу көрүү нерви жана көз менен байланыштуу ооруларды жоёт. Себеби, курамы пайдалуу азыктарга бай аталган чөп көрүүнү курчутуучу жана кан тамырларды бекемдөөчү сапатка ээ. Петрушка күчтүү каражат болгон үчүн муну күнүнө бир аш кашыктан гана 3-4 жолу ичип туруу жетиштүү.
Балык. Лосось сыяктуу кызыл жана майлуу балык көрүү системасынын начарлашынан сактоочу алмашкыс азык болуп эсептелет. Себеби, бул жандыкта көрүүнү бекемдөөчү Омега-3 майлуу кислотасы бар. Андыктан, жумасына бир порциядан бир же эки жолу майлуу кызыл балыкты жеп туруу талапка ылайык.
Лимон жана апельсин. Мындай цитрус жемиштерин жумасына бирден сөзсүз жеп туруу ден-соолукка пайдалуу. Ал эми жумасына бир жолу эки же үч цитрус жемишин жеген көрүүнүн бузулуусунун алдын алат. Бул көздү жакшы сактоо үчүн жетиштүү. Эгер лимонду жей албасаңыз, чайга кошуп ичип, ал эми апельсинди жакшы көрбөсөңүз, грейпфрут менен алмаштырсаңыз болот.

#17 03 Январь 2015 - 12:25
Көзгө кам көрүү
Эгерде көзүңүздүн алдында бырыш пайда болгонун байкасаңыз, анда көп кейибеңиз. Төмөндөгү ыкмаларды күнүгө бир-эки маал жасап турсаңыз мындай жагымсыз көрүнүштөн кутуласыз.
Башыңызды бир орунда кармап, оңду-солду, өйдө-төмөн, көзүңүздүн карегин айланта карап кыймылдатыңыз. Сөөмөйдүн учун карап, колду көзгө бирде жакындатып, бирде алыстатып туруу;
Баштыкчадагы колдонулган чайды ыргытып жибербестен муздатып, көзгө эки-үч мүнөт басыңыз;
Көздүн тегерегине муз менен массаж кылыңыз;
Майдаланган чийки картошканы чүпүрөккө ороп, көздүн айланасына 5-10 мүнөт коюңуз;
Жогорудагы ыкмаларды колдонгон соң атайын көздүн тегерегине арналган кремден сүйкөп коюңуз.
Эскерте кетүүчү жагдай - кремди койгон соң, кулактан мурунду көздөй колуңуз менен массаж жасоо өтө ыңгайлуу.

#18 08 Май 2016 - 18:15
Бырыш түшкөндөн кийин, аны үй шартында жазуу кыйла эле кыйынчылык туудурат. Ошондуктан болушунча бырыштын алдын алууга аракет кылыш керек. Жаш улгайган сайын бет терисин чыңдоочу, витаминдүү маскаларды бат-баттан жасап турган оң.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Баракча 1 - 1