Салам баарынарга.
Ар бир адам тугойум мындай болсо экен де ойлонсо керек. Мен аялым билимдуу акылдуу болсо экен дейм. Бирок азыр кыздардын баары окубай еле чет олкого кетип калышат окуусун заочный кылып мен андайга эмес окуусун жакшы окуп башында бир нерсе бар кызга уйлонгум келет. Окууган кыз башкача болот экен, мурда конул бурбай суйлошо берет элем уйлонгонго келгенде негедир окууган билимдуу кыз алгым келип жатат. Мага айтсанар кайсы окууда окуган кыздарды алса жакшы? Каяктан кыз караштырсам болот? Достор силер кандай кыз алгынар келет келгиле ой болушобуз
Тилегиниз орундалып, издеген кызынызга жолугунуз.
Кыргызда бир соз бар, "Тен тени менен" деген, билимдуусунбу, башка тарабын караштырасызбы, тугойунуз сиз менен дымагы тен болсо эн жакшы болмок. Себеби, сизден дуйнотаанымы артта болсо, суйлошууго келгенде сиз кысыласыз, ал озуп кетсе, озунузду начар сезээриниз бышык.
Кыз караштырганда кыздын озуно анан ата-энесине коз салып, женесинин, жакын курбусунун, жакын кошунасынын/ айылдашынын/ подьезддешинин пикирин бир угуп коруп озунуз чечим чыгарсаныз сонун болмок. Эл деген эл, бири суйуп суйлойт, бири коро албай суйлойт, ошого чечимди бироосунун пикирине жетеленбей чыгарган жакшы.
Илгеркилер айтчу экен, "Кудалар кенен отуруп чайлашкан адамдардан болсо", деп. Бул дегени, оздоруно тен булодон куда-жар кутолу деген тилек экен.
Ошондой болсо деле даяр "бышкан ашты" издебей, озунуз дээринен данектуу, тын чыкма кыздардан караштырып, окутуп-чокутуп, эл-жер корсотуп, башка жолдор менен озунузго тендеп алсаныз болот.
Эгер уй-булонуз жердигине маани берсе, оз айылынызга жакын турган айылдык кыздардан караштырганыныз он. Деги эле ата-эненин пикирине бир кулак салып койгон жакшы, мобул таанышыбыздын момундай кызы бар экен, суйлошуп корбойсунбу, дегендей сунуштар болсо, азоолонбой, туура тушунуп, бир барып коруп коюу ашыкча эмес.
Уйлоноорго чейин тандап калыныз да, уйлонгондон кийин жубайыныздан кемчилик издебениз дейт элем. Кыз тандоодон мурда бир кузгуго корунуп коюу деле ашыкча эмес.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















