мындай шантажды кече эле жасашпады беле муфтияттан кеткенде. Бул эч кандай олуттуу максатсыз," кичинекей шайтандын" жеке оз пайдасы учун уюштурган оч алуусуна окшоп турат.
КҮНСЕРЕП: Атамбаев “диний ишмерлер саясатка кийлигишпесин” деди
Бүгүн, 10-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
...Президент өз кайрылуусунда элдин биримдигин чыңдоодо жарандардын улуту же дини эмес, жарандыгы маанилүү экенин айтып өлкөнүн ар бир жараны кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын билип “Мен кыргыз жаранымын!” деп айткан күнгө жетүү тилегин билдирди.
Элге кайрылуусунан кийин өлкө башчысы жума күнкү түшкү тыныгууну узартуу аракетинен улам чыккан чуунун башкы каарманы депутат Жанар Акаевди, муфтийМаксат Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нурматовду, блогер Алия Суранованыжана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. "Бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн кандай кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачат. Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыз эли сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акысы жок. Кыргыз мамлекетинде ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт", - деди Алмазбек Атамбаев.
Конституциянын кепили болуп саналган президент мындай сөздөрү менен баш көтөрө баштаган диний радикализмге эскертүү берип, эки жаатка бөлүнүп айтышып жаткан элди ынтымакка чакырып, мамлекеттик башкарууга динди аралаштыра баштаган депутаттарды “эсине келтирди”. ..
Демек Чубак ажыны да ушул жол менен "эсине келтирген".

Супер-Инфо
super.kg
видео















