Саламатсыздарбы форумчулар?
Мен дагы журок сырынын окурманы болгондуктан,
ар кандай тагдырларды,
баяндарды узбой окуп келем. Коптон бери озумдун башымдан откон суйуу баянын жазгым келип жургон, жакында гана катталгандыктан,
кунуно уч гана билдируу жаза алат экенмин. Катачылыктар болсо туура тушунунуздор демекчимин.
Анан мени тоо басты кылып, беттен алып, чокуга бир чаппай жон гана окуп коюшунуздарды суранам!!
!! Анда кеттик соз башынан болсун. Мен дагы он бирди бутоорум менен окууга заочно тапшырып Россияны коздой бет алдым. Бир тууган агам, эжем базарда соода кылышат эле. Башка шаар, жаны жашоо, базарга чыга баштадым, бат эле конуп кеттим бейтааныш шаарга, бир аз кыжаалат кылганы уйдогулорду сагынганым болбосо, баары мен ойлогондой.
Кундо окшош кундор, эжем менин зээриккенимди байкады окшойт, бир куну озунун досунун синдилери менен тааныштырды.
Мага караганда шустрая бир топ эле тын кыздар экен. Учунчу куну дискотекага барабыз созсуз кел барабыз деп калышты. Омурумдо дискотека дегенге биринчи жолу жоношум. Эми мектептеги дискотекага деле барчубуз аны айтпасам, коп форумчулар тема ачкандардын баары эле суттой ак, суудай тунук болуп чыга келишет дегенин да эске албасак болбойт. Биз куткон учунчу кун дагы келди, бир маалда кыздар кыраан каткырык болуп эле келип калышты, кеттикпи? бол эле, бол чыга кал такси заказ кылып койдук дешип. Коп жерлерин жазбай эле койоюн, майдалабай,
ток этээр жерлерин жазганга аракет кылам. Дискотеканы жазганымдын себеби суйуктуумду ошол жактан жолуктургамын.
Келдик таксиден тушуп ичине кирдик, бир аз чаканыраак ортосунда бийлей турган залы бар, чет жактарында столиктер жайгашыптыр,
биринчи кирген адамга тамекинин жыты, мурун ордоп, жагымсыз жыттанып, анан жаштардын обу жоктонуп чегип олтурганы конулду ирээнжитет.
Маанайым чого тушту, бизди ата-энебиз адам болсун деп, ичпегенди ичирип, кийбегенди кийгизип, бополоп багып олтурушса биздин кылганыбыз бул деп ичимден кейидим дагы, бул жака болду экинчи келбейм деп озумо соз бердим. Мен айткандай созумо турдум ал шаарда жашаганыма он жыл болду, ошол ошол болду барганым жок дискотекага.
Жоок адашыпмын экинчисинде барыпмын, суйуктуумду кууп келгенде. Кыздар стол заказ кылды кайдан, жайдан кыздардын тааныштары,
жигиттери пайда болду. Кобойушуп эле жатып калдык, баары менен тааныштырып чыгышты. Бийлегени бийлеп баары эле конулдуу журушту, же зарубежный бийлерге бийлей алсам не, ото эле олдоксон окшоймун. Вальс болгон сайын кыздар туртуп койот. Ичтеринде бул байкуш деле бийлесин дегенсишип болгондо да балдар жака туртуп, жоок мен ото деле солдур молдурдон эмесмин ай алар ойлогондой,
бир аз эле тартынчаактыгым болбосо. Ошентип кеченин орто ченинде уч бала вальска тартып ийишти, атымды, телефон номеримди , сураганынан,
атымды го айттым, бирок номеримди бербедим учооно тен. Анан бир маалда эле диджейдин это последняя музыка каалоочулар кызынарды тарткыла деп суйлоп калды, бурчта турган мени бир бала бийге чакырды. Атымды сурады аты Мирлан экен Аксыдан болом деди коп эле нерселерди суйлошконбуз бирок, эсте калганы ушулар экен. Бий бутту мен аны коргон жокмун, холлго чыксам ал олтурат козун ушалап, козумо бир нерсе тушуп кетти, карап койчу дегенинен ичкериге кирип, салфетка алып чыктым. Козун нары антардым, бери антардым эч эле эч нерсе таппадым, козу кызарып чыгыптыр. Экообуз наркы беркини суйлошуп, мен ага чайды кызыл кылып, демдеп козуно вата менен бас деп кенеш берип жаттым, бирок ал ошону кылдыбы билбейм сурабаптырмын кийин. Кетеримде номеримди сурады эмнеге именно ушуга номеримди бергенимди тушунбойм, башкаларына номер бербей же мумкун журогум сездиби айта албайм. Мына окурмандар мен суйуктуумду дискотекадан жолуктургамын.
Алдыда бизди коп нерселер суйуу, кутуу, кызганыч, айрылуу, тушунбостуктор жонундо баяндалмакчы.
Эртеси жумушта олтурсам бей тааныш номер чалды. Алдым мени атымды сурап сылык суйлогон бир бала, корсо ал менин суйуктуум экен. Биздин суйуу баяныбыз ошол анын телефон чалуусунан башталды. Адам омурундо бироону эле суйоорун, анан да башка адамды журоко батыра албашымды билгенде, ойго келбес жаман харектерлеримди коргозбой суйуум учун курошмокмун.
Суйуу деген бул башкача сезимго эх аны суйуп, анан суйуусуно жетпей калгандар ган тушунсо керек менин абалымды. Кундо телефон чалуулар, жолугушуу, базардан чогуу кетебиз. Мени уйго чейин жеткирип барат. Мен ал адамды жакшы коруп бараттым, ойлосом оюмдан, уктасам тушумдон дейин десем ото эле аша чаап кеткендик болот. Тагыраагы оюмдан кетпей калды. Ошол убакта эжем жок дегенде бул жактагы курстарга жазылып озундун кругозорунду остур, пайдалуурак да болот сага деп, английский курска жаздырып койду. Базардан кийин курска барам. Экообуз кеч куз таанышканбыз.
Мен курска барган убак кыш эле, кыштын куну бат эле кеч киргендиктен,
мен сабактан чыкканда кечки тогуз болуп калат эле.Суйуктуум мени остановкадан тосуп алып уйго жеткирип, жолдо экообуз сыйгылчак тээп далай сонун кундорду откордук. Анын камкордугу башкача болчу. Менден откон бактылуу адам жок эле.Кундордун бир кунундо баягы шустрый кыздардын бироосу чалып менин суйуктуумду казашка кыз менен коргонун (ал кыздын аты дагы деле эсимде арадан тогуз жыл отсо дагы Сабина, эх суйуктуум окуп калсан менин тушуноорсун) айтып жатты, мени башка бироо чапкандай эле болду, ызаландым угуп алып, кыздар, аялзаты баарыбыз эле коз жашыбызды ыйдан гана чыгарабыз го? Мен дагы ардандым конулум кирдеди, бирок ыйлаганым жок.Ал адамды унутууну ойлоп жашоомдон чийип салгым келди, шолпуйуп суйуктуум мойнуна албады ал кыздар, казактын кыздары оздору жабыша берерин айтып актанып жатты, мен рас айттымбы? болду деп бутуп калды биздин отношения. Биздин отношения да дайыма ажырашууну анын себептерин баса белгилеп мен гана айтып турат элем, аным чечкинсиз эле.Мен он тогузга эми чыккамын а ушундай кылса болот экен да деп, озунду озгочо эле акылдуу сезген убак экен корсо ал мезгил.Убакыт учкан куштай зымырап жаз дагы кирип келди, менин суйуктуум башында чалса кийин вообще чалбай калды, корсо башка шаарга кетиптир, тагыраагы ал ошол шаарда иштейт экен. Мен иштеген шаарга убактылуу эжесиникине иштегени келип, кайра кеткен мезгили экен аны дагы баягы шустрый антенналардын бири жеткирип айтып келди. Олбогон жанга жаз да келет дегендей, жаз дагы бутуп, аптаптуу ысык жай кулачын жайып кирип келди. Кундорум коендой окшош отуп жатты, ал жок кундор кунарсыз боз туманга окшош эле. Эшикте олтурам кундо какталып телефон шынгырады карасам менин суйуктуумдун номери, номерин очуруп таштасам да зато журокто сакталуу эле, коздорум алайып бир топто барып алдым, тез эле алганга колум барбады, чыдай албай эле турган экен да деп ойлобосун дедим, аял заты бир мезгилде коп нерселерди,
анан варианттарын да кошо ойлогонго улгуробуз го. Ичимде ушуларды ойлодумда алоо угуп жатам деп койом бейтааныш адамдай болуп, журогум дук дук, жузумдо жылмаю. Мени унута албаганын дагы деле эстеп жургонун, жакында келээрин укканда маанайым 180° градуска которулдуго соз менен айтып бере албайм. Суйуунун кучу керемет. Мен анын келишин эми кун санап куто баштадым.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Баштан өткөн сүйүү баяны Баштан өткөн сүйүү баяны
#3 05 Апрель 2016 - 18:15
Созго чебер деле эмесмин.Кооздоп,
суроттоп журоктун тили менен деле жаза албайт экенмин, колумдан келишинче тушунуктуу кылып жазганга аракет кылайын. Бул менин башымдан тогуз жыл мурун откон суйуу баяны.Бул баянды жазышка жакында эле социалдык желеде суйуктуумдун айткандары,
тушунбостуктор кантип жаралганы, мен аны менен суйлошпогонумо алты жыл болгон, эки ай мурун соц желеден суйлошкондогу айткан создору туртку болду тема ачууга, эгерде аны менен суйлошпогондо,
журогумдогу суроолор жоопсуз калып кетет беле ким билет? Суроолорума жооп алдым ал жоопторду сиздер менен кошо болушом. Анын келээр кунуно аз калды, кундо чалат суйлошобуз,
андай мезгилде создор деле тугонбойт экен.Азыр ойлосом эмнени суйлошчу экенбиз билбейм, байкуш эки кулактын, анан телефондун гана шору болчу экен, эжем тамашалап переговорный пунктка жонодунбу деп калат эле , кээде тан аткыча деле суйлошо берчубуз тообо! Бугун суйуктуумдун келер куну мен аны жддан тосуп алганы баратам, кузгунун алдында канча саат олтурдум билбейм эсте жок. Же сааттын жебеси да токтоп калабы ушундай мезгилде улам карап койом, кечки жетиде ждны коздой жонодум. Улам келип кеткен электричкаларды карап койом. Мына ал келчи электричка да келип токтоду ффффшшш деп. Проведник тушту, артынан жургунчулор.
Мына менин суйуктуум кызыл шым, ак футболка кийип женил сумка которуп чыга келди, булуттан чыккан айга окшоп. Менин журогум дукулдоп кадамым баспай калды. Мени суйуктуум аяр кучактап, бетимден назик ооп, мени кучактаган боюнча туруп калдык, бул жолугушууда таарыныч, капалыктар кайдадыр учуп кеткенсийт.
Мен дагы ал дагы бири-бирибиздин журогубуз менен гана суйлошуп аткансыдык
#5 05 Апрель 2016 - 20:08
Салам автор, тушунуктуу , жеткиликтуу жазып атасыз, уландысын кутобуз...
#8 05 Апрель 2016 - 23:41
Экообуз жетелешип ждыдан чыгып, таксиге олтурдук. Левый берегди коздой, жолдо ашык суйлогум келбеди жон гана башымды анын ийинине жолоп, жытын жыттап, булуттарды аралап журдум. Мен аны дайыма сен кой баккан чабандардай,
кой жыттанасын деп тамашалачумун.
Жыты озгочо, дагы деле мурдумдун учунда, башкалардан башкачасынго суйуктуум!
!! Экообуз таксиден тушуп ал дагы, мен дагы уйго барган жокпуз.Жон гана жетелешип биз басчу жерлерди аралап жонодук. Скамейкада суйлошуп олтурабыз, ал дагы мен дагы бири-бирибизди сагынганыбызды коздорубуздон окуп жаттык. Бактылуу коз ирмемдер, суйууго мас болгон экообуз деги эле койчу созубуз да тугонбочудой.
Биз жакта жайда тунку саат бирлерде деле кун агарып тура берет эле тун киргендей болбой. Бул корунушту орустар белые ночи деп коюшат.Буну Питерде жашагандар жакшы тушунсо керек.Ал кунду экообуз айланып журуп эле тан атырдык. Анткени саат торттордо кадимкидей айлана жарык, тан шооласын эми чачып баштаган.Ал уйуно кетти. Мени жеткирип коюп. Кээ бир окурмандар балее барбы туну дешиниздер мумкун, ооба сиздерди мен дагы туура тушуном. Мен дагы кыздарымды тун жарымында эч жака чыгарбасам керек.Бирок эжекем жонотчу аны менен ар кайсы жактарга болгону телефон чалып сурап тураар эле, кайсы жердесинер деп. Анткени жаны жылда агам менен, эжем менен, тааныштырган болчумун уялышты деле билбепмин ал мезгилде.Жаны жылды чогуу тосконбуз.Азыр дагы суйуктуум эжемдин ал акыбалын сурап соц желесинен жазып турат экен. Эжекем дагы деле сурай берет ай Микиш экоонор не болду? Ортонорду кайсы кара мышык аралады эле деп.Качан гана сиздерге жаза турган жообумду укканда эх деп олтуруп калды бушайман болуп.Ох эжекем алтын адамго кирпигимдин ирмелгенин,
кашымдын серпилгенинен бери байкап турар эле. Маанайым жок болсо Микиш капа кылдыбы? Же уруштунарбы деп дайыма мага кабатырланат эле. Эртеси мага келди базарга, базардан кийин экообуз жетелешип дагы айланып жонодук.Ролик тептик, паркка бардык, биз барбаган жер, баспаган жер да калбады он кун ичинде. Анан менин туулган кунум болду 3август туулган кунум конулдуу отту достор, тааныштар болуп. Бир эки кундон кийин кетем деп шок кылды адамды.Мен аны ойлопмун бир жолу келиптир деп, кайдан? Ал мени коргону келгенин айтты, кетишим керек деп. Маанайым чого тушту эки ай, ай караган текедей болуп кутсом бунум дагы кетип калабы деп.Корсо мындай кутуулордун башталышы экен бунусу.Кетти коштошконумду жазбай эле койоюнчу, телефон чалуулар, кутуулор менен жашап жаттым.Август аяктап калган мезгилде мени, ал озу иштеген шаарга чакырды , эки кунго. Билет алдым электричкага кубанычымда чек жок, асманда ойкуп, кайкып учуп журдум.Сентябрь айынын башы болчу мен ал жака барган мезгил. Суйуктуум тосуп алам деди, электричкадан тушуп эки жагымды элендеп карап, издеп аттым коздорум менен Микишти.Ана менин суйуктуум ууртунда жылмаю мага кадаим таштады, бири бирибизди кучактап калдык, сагынычтар таркачудай эмес. Ал куну эс алдык эрте менен кичине шам шум этип алып шаар айланып жонодук. Досунун уйуно бардык, бизди жакшы тосуп алды. Учообуз бир оюн зоок центрине келдик. Досунун кызы да келип калды. Тааныштык конулдуу ойноп журдук.Кеч Лентага кирип майда чуйдо алдык. Алар кетишти. Экообуз кайрадан шаардын наркы башынан, берки башына жонодук. Астоновкага кетчу жолу кыйла эле алыс экен. Мен бийик така кийгенге, анан да кечке ошол така менен жургонго буттарым а боло баштады чалыштап. Бир маалда сумкасынан мужской ботас, анан кой жыттанган спортивка алып берди.Ох буттарым жыргай эле тушту .Шолпойтуп спортивканы кийдим буттарымдагы крассовкалар голч голч дейт баскан сайын.Зато романтикалуу кечки сыдырым жел бетти аймалайт, ичиркенип кеттим.Суйуктуум бир колу менен белимден аяр кучактап, илебине жылыткансыйт.
Жетелешип келдик чарчаганга уктап калыппыз тырп этпей. Эртеси дагы айланып келдик. Бирок бул кеч башкача маанайды бузган сезимдер менен башталды.Улам эле бироо звонок кылып очуруп койот алса.Анан мага берчи десем берди алдым телефон жаагын баспаганынан.
Бейтааныш кыздын уну.Сен кимсин дегиче болбой эле орусча ты знаешь я его девушка он меня любит десе болобу. Жер айлан кочок бир гана кулагымда кыздын уну жанырып жатты. Телефон учуп барып стенага чабылды пачактары чыгып ар нерсеси ар жерде жатты. Мурункусунда ыйлабасам бунусунда коздорумдон жаштар мончоктоп куюлуп жатты озунон озу
#9 05 Апрель 2016 - 23:57
жазганынызды окуп отуруп менин да эсиме келип кетти,билбейм баарыбыз эле ушу Россияда суйуубузду жолуктурдукпу.
улантыныз соонун жазып жатас
Сагынуу. ......
#10 06 Апрель 2016 - 00:24
Анан. жаза салын
Мен да суйгум келип кетти

Мен да суйгум келип кетти

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#11 06 Апрель 2016 - 09:38
Окуп баштаганда эле аянычту сезимдер коштолду эмнегедир.Сиздин аны сагынып күткөнүңүздү элестеткенде,
жигитиңиз Микиш башка кыздар менен жүргөнүн да элестетип жиберип, сизди андан бетер аяп жатсам эле, дал ошондой болуп калды чиркин! Эх, эркектердин сүйүүсүнө 1 см да ишенбейм. Уланта бериңиз автор, соонун жазып жатасыз.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#13 06 Апрель 2016 - 11:46
"Журок сырына" тема ачаарда конок болуп, анан ачсанар сонун болмок.
P.S. Автор кутуп калдык
P.S. Автор кутуп калдык
♔ Aytku(love)a ♔
#16 06 Апрель 2016 - 18:28
чектоолор болуп жатса, мен башка почта берейин бат-бат жазып салсан боло береби?
)
#17 06 Апрель 2016 - 21:28
Саламатсыздарбы урматту окурмандар?
Куттургонум учун кечирим сураймын.Тан аткандан бери айланчыктап билдуруу жаза албай аттым. Бир кундо уч билдируу жазганга укугум бар экен. Мен дагы кээ бир форумчуларга окшоп, 27 кун ичинде тозок, кутуусуз бурулуш, Мырзайым эженин жашоомдогу бурганак деген чыгармаларын чыдамсыздык менен кутуп окуйт элем. Мага окшоп жаны эле каттала калып, тема ачып, тема ачкандан кийин жоголуп кеткен авторлордун каармандардын алмаштырып кыйла эле башым айланып калат эле. Ушул жерден озумдун омур таржымалымды кыпчый кетейин дедим, кап этпейсиздер!
Мен мурунку аталышы Совет, азыркы аталышы Кара Кулжа районуна караштуу, Капчыгайдын айылдарынын биринен болом. Бала чагым тоолуу торт жагы тоолор менен курчалган, тору салкын, абасы таза, булагы молтур, арчалуу айылда отту. Эх ал кундорду эстегенде Самаранын мен атамды сагынганда опкум келет коздорун деген ыр саптарындагыдай,
мен айылымды сагынганда опкум келет арча тоолуу кырларын дегим келет. Уй булоодо мен онунчусумун.
Коп балалуу уй булоодо чонойдум. Менин бала чагым сонун кундор менен коштолду, Апакемдин казанга жапкан наны, очокту тегерете бизди олтургузуп,
жаны нандан мычкыма, каймака талкан коолоп, кесеге мелт калт толгон кымызды кере жутуп ийип, чанды ызгыта ойноп жоноор элек. Жайлоодо тыным жок эртели кеч, апам уй эчкилерди саагандан кийин ышкырып жайытка торпок улактарын болок, эчки уйларды болок айдап жонойбуз, апакем бир колубузга каймак суйколгон бир сындырым нанды карматса, экинчи колубузга жип мал айдап баратып чогулткан отундарыбызды жипке танып келе жатканда которо келебиз. Учунчу класста окуганыма карабай тепендеп ар эчкинин желинине жармашып апама эчки саашам, сут тартабыз, кундо кырдан бээ айдап келиш менин мойнумда, тан урул баралда апакем тургузат Мекинтай туур бээ айдап кел деп, балабыз да апакемди айттырып атып зорго турам, коздорумду ушалап, булактагы муздак сууга бетимди чала бучук жууп, кырды коздой жоноймун. Уйкум ачылгыча мени эле бээге жумшай берет уфф деп суйлоном, уйкум ачылгандан кийин, жайлоодогу корунуш укмуштуудай пейзажга окшоп корунот. Кун шооласын тоолордун кырларына чачыратып, асман кокмок бир дагы сур булуттун шоокуму жок. Айлана кок шибер чопко курчалып, туркун тустогу кызыл тазыл гулдор кулпурат. Сагындым айылымды, айрыкча жайлоону. Кундо кечтин киришин кутобуз, анткени малдардын баарын жайгарып, тамак ичилгенден кийин, топурашып ойногонго жонойбуз. Жайлоодо тундун кириши да керемет, ай дагы суйкайып чыга келет. Чурулдашып ак чолмок, шакек салмай, бузук телефон ойногон ойундарыбыз,
качан гана апакелерибиз боз уйдон чыгып, ой уй киргиле эртен бээге ким чыгат дегенде уйлорубузго ботала болуп тарайбыз. Айылдагы энелердин пейилдери да кенен, шаарда эле эч ким менен, эч кимдин иши жок, чаап кетсе да бейкапар. Топ таш ойноп атып туштосу кимисинин уйундо болсо деле томолонуп уктап калат элек. Атам мугалим, апакем уй кожейкеси. Атакем мен айылда жашасам да балдарым окусун билим алышсын деп турар эле дайыма. Менен башкасынын баары жогорку билимдерди алышты. Бир форумчуну жазганындай копчулугунун суйуусу орус калаасында болуп жатат дегени чындык да. Менин боордошторум дагы кобу Россияда иштешет. Тиргилик ошого алып барат экен дипломдорун сандыка катып коюшуп балдарынын келечеги учун иштеп журушот. Мен тортунчу классты буткондо эжекем борбордон келди, шаарга кетесинби? Мен сени алып кетем шаардык кыз болосун, чонойгондо окуу жайга тапшыртам деди, коздорум алайып, шаар кулагыма жомоктогудай угулду. Кетем дедим эч ойлонбостон.
Борборго келдик эжекем мектепке киргизди. Биринчи сентябрь мен корбогон укмуштуудай кооз имараттар, айылдык кызга баардыгы кызык. Классташтарым менен тааныштырды класс жетекчибиз.
5 А класска кирдим менин менен Сагын деген жаны бала бар экен. Класстагылардан экообуз жаны экенбиз. Бугун жон гана биринчи сентябрь болгонго уйлорубузго класстык саат откондон кийин эле жонотту эжекебиз.Эртеси сабака кирдим жетим козудай коздорум аландап, эч кимди тааныбаймын,
менден башкасы баары бапырашып суйлошуп ким кайда эс алганын, кайда баргандарын айтып жатышты. Мугалим келип олтургуза баштады мени Рамис деген баланын жанына олтур деди, бирок Рамис ордунан тура калып эжеке мен деревнянын жанында олтурбай эле койоюнчу дегенде классташтарымдын баардыгы кулуп ийишти.Мен гана кулгонум жжок бозоруп мостойуп турам.Бироо бир нерсе десе эле ыйлап ийчудой болуп. Олтурасын деревня болсо, эртен шаардык болот деп аны олтургузуп койду. Деревня деген каймана ат сегизинчи класска чейин ээрчиди мени. Уйго келип эжекеме ыйладым кетем айылга деп мени шылдындашты десем. Эжекем коенек сен алардан кучтуу болосун жалан бешке окусан бардыгы сени менен дос болом дешет деп мени сооротуп жатты. Билесинби сен азыр мектеп окучуусун, а мен болсо айылдан орусчанын о сун билбей келип окууга тапшыргамын,
ал мезгилде кыргызча китептер да аз болчу. Сабака даярданыш учун библиотекадан башым чыкпай окуйт болчумун. Кыйналдым кундузу окусам, кечкисин нан заводто иштеп бирок эрктуулугумдон ушул нерселерге жеттим деп мени жубатып жатты. Эжекем ошол мезгилдерде Арабаевада мугалим болчу. Эжекемдей эркттуу болбосом да тырышып окуймун деп калдым . Мага окшоп кыйналбасын дедим кийин окууга тапшырганында деди. Конулум жайдары мектепке барсам баары эле мени карашат деревня дегенсип. Окуу жылы буткучо аябай эле кыйналдым. Мени эч ким кошпойт эле, орусчадан кыйналганымды айтпагыла тушунбойм, рассказдарды маанисин тушунбойт болчумун, ыр жаттагандай созмо соз жаттап барып баа алат элем. Бешинчи классты эки уч торту бар калганы жалан бажырайган учтор менен аяктадым. Эики жылы жакшы окуймун деп озумо озум айтып жаттым.Каникул бутоору менен айылыма сапар тарттым. Сагындым силерди тоолорум койнунду ачып, кучагына алчы айылдык кызынды дегенсиймин айылыма жакындаганда.
Апакем жайлоодо экен жоо эле кетип калдым жайлоого эч кимди карабай. Коктудан бурулганда биздин боз уй козумо башкача жылуу корунду, кадамымды тездетип , жок жугурдум сагындым апакемди , апакем уй саап журуптур сексендеп чуркап бараткан мени байкабады. Апакемди артынан барып кучактап калдым. Ох менин мээримдуу колдору жылуу апакем, эне бала копко кучакташып турдук ооп жыттап, эркелетип атты. Шаарга барбайм деп чыктым, апам кой балам, классташтарын окуй албай келиптир деп айтышат деп, мени каникул буткондо борборду коздой жонотту.Жарым улактын куурулган эти, бир чанач кымыз, курут майы эми колуна тапканын салып берди. Бул жылы сабакты жакшы окумака аракет кылдым, тырышып журуп учторум тортко айланды, кийинки жылы тагыраагы жетинчи классты учтору жок бутурдум, кубанычымда чек жок, деревня деген соз солгундап очуп баратты кудай жалгап. Сезинчи класска барганда классташтарым бул атты айтпай калды, анткени мен ударница окуган окуучулардын катарына кирип калдым. Маданий иштерге активдуу катышып, клаасташтарым мени эми башкача коз караш менен карап калды. Бала деген балабыз да мектепте шылдын кылуу кандай гана адамды чунчутуп жиберерин андабасак керек.Бирок мен женилбедим эжекемдин создору дайыма дем берип турчу, билим алсан эч качан ачка калбайсын, адам да болосун деген создору дагы деле ташка тамга баскандай эсимде. Он бирди жалан беш болбосо дагы торттору азыраак, бештери кобуроок бутурдум. Окууга заочно тапшырдым. Ошондо очно тапшырып мен деле студенттик кундорду откорбогонумо окуном. Эмнеге Россияга келдим экен, журсом болмок студенттик доорду суруп, озум гана куноолумун.
Эми кайрадан суйуу баянына келсем, коздорумдогу жашты аарчый да албадым, дарманым деле жок болчу. Бул ким деген суроо бердим? Билбейм кандайча? Билбейсин менин келгенимди бироого айттын беле? Жок!!!
Кандайча жок? Эмнегедир кыздын уну досунун суйлошкон кызынын суйлогонуно окшошуп турду. Мени андан болок ким корду эч ким? Досу жана анын кызы. Бирок суйуктуум ал эмесго, деп койду. Анда ким десем билбейм дейт. Ызага муунуп коридорго чыктым, кетип калайын десем башка шаар, карангы эшик. Коридордогу креслодо олтурдум, коздорумдогу жаштар мончоктоп, куюлуп жатты. Суйуктуум чыкты мени алдап соолап алып кирди, бирок суйлогум да, суроо дагы бергим келген жок, ал чачылган телефонун жыйнап чукулап олтурду, мен жатып алдым. Тан атты тамак, жада калса чай дагы, журогумо баспады, автобуста баратабыз ар ким оз ойлору менен Мен билет алып электричкага олтуруп, жоноп кеттим озумдун шаарыма, электричканын ичинде адам аз экен, албетте аз болот анткени мен, эконом класска алган болчумун. Терезе жактан орун алдым, туш тарабымда орус чал олтурду. Россиянын жолдору токойго курчалган, топ топ болгон бак дарактар, мага баары кунарсыз настроение носкиде. Уйго келдим эжем жок экен. Сыягы бир жака чыгып кетсе керекго, туз эле душка кирдим, сууну болушунча агызып душтун тубундо канча турдум билбейм, бакырдым унумдун барынча, ошол суулар кайдадыр менин конулумдун кирлерин жууп кетип жаткансыды.
Эрте менен турсам ооруп калыпмын, тамактарым ачышып. Ишке чыкпадым жон гана уйдо жаттым суналып. Суйуктуум чалып жатты, алгым келген жок. Акыры эжекеме чалып жеткенимди билиптир. Биздин таарынышуу канчага созулду эсимде жок . Куркурогон куз дагы бутуп, кыш дагы кирип келди кылычын алып. Эн жаман коргонум ушу кыш, жаны жыл дагы жакындап келе жатты. Суйуктуум жаны жыл куну келери белгилуу болду. Мен дагы ждыга жонодум адат кылып алгандай. Окурмандар ойлошу мумкун Микишти бабник деп жок андай деле, кыз жандуу эмес болчу. Аны эле жалгыз куноолой бергим келбейт!!
! Менде деле косяктар толтура эле. Ошол мезгилде бир бала уйгактай жабышты да калды, бирок ал менин жигитимди билсе дагы билмексен укса дагы укмаксан боло берчу. Грипп болуп ооруп аткамын, бирок ошого карабай, бардым. Жакшы коргон адамдар баары бир корушкондо капалары унутулуп, суйуу сезимдери женип кетеби билбейм. Капа кылса деле жакшы корчумун, суйгондор тушунсо керек, эч нерсе козуно корунбой калат, мындайча айтканда суйуктуундун минус жактары. Уйуно бардык эжесинин мен учунчу кабатта кутуп турдум анын чыгышын. Телефонума конгуроо келди, карасам баягы уйгак бала. Эшигиндин алдындамын сага жаны жылга подарка мамалак алып келдим чык деп койот, жок мен азыр бир жактамын десем деле анда кутуп олтура берем деп калды, эми точно башым катып калды биз жаны жылды уйго барып тосмокпуз, бирок кантем? Аны корсо суйуктуум эмне дейт. Суйуктуумду бир предлог айтып сен артымдан бара бер деп озум чуркап жонодум. Уйлорубуздун аралыгы жакын эле он минуттук жол болчу.Акылдап жугуруп келдим уйгак турат жыртайып, подарканды албайм, азыр агам чыкса олтурот сени деп, атакага ото баштадым, мейли кетем подарканы алып койчу дейт.Кой ай албайм, алгандан кийин умут кылып журбо, суйлошом деп эптеп атып кетирдим ал кетээри менен, уйгак нары жагы менен кетсе, суйуктуум бул жагынан келип калды. Тутулушуман секундалар гана сактап калды мени.
#18 06 Апрель 2016 - 23:18
Суйуктуум экообуздун экинчи жаны жылды бирге тосушубуз. Жанымда колдорумду кармалап олтурат, бир маалда бутума башын жазданып, жаш баладай жатып алды. Мен анын чачтарынан сылап олтурганым менен ойлорум уйгу туйгу, биз дагы канчага чейин ушинтип аралыкта суйлошобуз.
Анын келгени го жакшы бирок кетем деп жоногондо , шалпыйып дагы жоноймун жоноткону эх канчалаган,
тосуп алуулар, коштошуулар отту. Кетеринде дайыма качан келесин дагы дейт элем жакында М..... деп пешенемден аяр суйуп коштошуп, адамдардын арасына синип кетээр эле.Дагы кутуу жол кароо, чалуулар, кызганычтар баары аралаш. Жазда келди суйуктуумду тосуп алдым. Бирок бул жолугуушунун аягы хепи энд менен эмес, суйуктуумдун мага таарынышы, даже мени менен коштошпой кетиши болду. Куноолуумун,
озумду актабаймын,
дагы бир уйгактын айынан болду. Экообуз суйлошуп турганда бир уйгак болгондо да Кыргызстандан чалып калды, кашайып ал жакта да чалганга улгуруптур тообо.Ойлосонуздар керек шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт деп.Ал уйгак эжекемдин жанын койбой алган экен номеримди, суйуктуумо тушундурсом,
тушунгусу келген жок, анын ордунда мен деле ошентсем керек эле.Эжекен значит сага башканы тааптыр да, мени ыраа корбоптур деп, шарт бурула жоноду Микиш токтосон, уксан андай эмес болчу сен башкача тушунуп алдын. М..... туура эле тушундум деп суйлогонумо да токтотконума да караган жок. Мага караганда Микишбай сабырдуу, кызганса да ааламды алай дулой кылбай, мындайча айтканда культурно кызганат эле.А менчи? Анын тескериси, бир паста чыз пыз болуп чыйпыйым чыгып, эч нерсеге карабаган жан элем. Бир айтканы эсимде, озун кичине эле жансын, жангакты башыма тырсылдатып чагып, олтуруп каласын, адамды тергеп тескеп сен тергоочу болушун керек деп. Аксыда айылда бир жене бар ажаан, уйун айланып отосун, сен мага тийсен бул кейпинде менин уйумду дагы элдер айланып, отуп калатго деп койот.
Суйгонумо телефон чалдым, алды конулу жок, колум бош эмес деп гана койду, суйлошкум келгенин айтсам. Менин дагы настроение м жок, коздорум каканактап, ыйлаганга даяр.Эжекем кел мен звонок кылып тушундуром деп калды, бирок точно эсимде жок звонок кылганы, кылбаганы. Эки уч кундон кийин эле кетип калды, коштошподу, коштошкону барсам азыр кетти маршруткага тушуп, базардан чыгып эле деп бир антенна айтты. Конул жок эми бул жолкусунда озум капа кылып алганымды тушундум, озум куноолумун. Ичимден баягы уйгакты согуп жаттым. Дагы бир чалганында айттым сенин айындан ушундай болуп кетти деп, эми айта берсем коп эле таарынышуулар, кайра жарашуулар болду, бирок аралык бизди бир топ эле сынагансыды. Биздин суйлошконубузго эки жылдын жузу болду. Мен аны Солнце мое деп эркелетээр элем, омурумдо бир гана адамга айттым ушул созду, озуно тик карап айта албайт болчумун, смстен гана сагынып, куса болуп калганымда Солнце мое очень, очень скучаю по тебе деп,жонотуп ийчумун. Суйуктуум романтиктерден, анан ушундай суйуу создоруно вообще жок эле. М....... мен дагы сени сагындым деп ответ келсе, кундо ал смсти токсон тогуз жолу окугандан тажабайт болчумун. Экообуз суйдум куйдум, чок болдум, олдум дегенге барбадык, суйсок дагы суйуулорубуз ичибизде катылуу, сагындым деген созду дагы айда, жылда бир айтчу экенбиз азыр эстесем. Окурмандар тажап дагы баштасаныздар керек, келди кетти деген менин жазууларыман, жаз бутуп, жай келди Микишбайым келди, бул жолкусунда бир айга жакын журду, менин маанайым беш базардан чыгып айланабыз, пляжга барабыз паркка, паркты айланып журобуз, оюн зоок паркы эмес, эс алчу паркта

#20 07 Апрель 2016 - 09:55
narime (06 Апрель 2016 - 17:18) жазган:

Суйуктуум мени жонуна которуп алды жаш баладай кылып, элдер жок жерде албетте, жетелешип бири бирибизден ажырагыбыз келбейт. Анан суйуктуум билесинби? Уйдогулор уйлон деп жатышат деди мени сынай карап, а менин оюмда ии эми мага предложение кылат экен да деп, жагымдуу ойлорго сунгуп кетипмин, анын мен азыр жашоого даяр эмесмин деген созу селт эттирди. Оозуман созум тушуп эле, жалдырап аны карап калыпмын. Ошол мезгилде жаш деле эмес болчу жыйырма бештерге чыгып калган эле. Жакшы кором сени, мен озумду турмушка даяр эместей сезе берем, дагы убакыт али алдыда, экообуз бирге болобуз деп жатты!!!
Ууртундан жылмайганын эстеймин.
Аябадын Ак суйуумду кантейин.
Бакытымды, журогумду байлап сен.
Кетип калдын ошонунду кектеймин.
Уйлонобуз бала жытын искейбиз деп
Кыялдарга батчу элекго кезинде.
Жолдорубуз эки айрысын билбегем.
Билгенимде суйбойт элем сезимден.
Бул ыр саптары менин жашоомдон эле алынгандай, бирок менин калемимден жаралаган эмес, кочурдум. Эми менин ойлорум будомук боло баштады. Суйсо сени алам дейт элего, жон эле убакыт откоруп шапар тээп журобу? Же башка суйгону барбы? Харектеримден чочулап жатабы туркун, ойлорго бата баштадым. Дайыма менин харектеримде баса белгилейт эле, мындай болсон экообуздо кандай жашоо болот, ашыкча эле жангак чагып, тескейсин мени баландай кылып, анын айтканын дагы чындыгы бар, мунозум кырс, жиним мурдумдун учунда, ото эле кызганчаак, жадабай утур, точкасына чейин тергоо жургузуп, сурабасам курсагым тойбойт. Параноик деген оору менен кошо ооруйт болчумун, телефонундагы аял затына тиешелуу ысымдардын бардыгы, суралып бир нече тергелип, такталбаса катастрофа. Ошентсе деле байкушум, ар бирине жооп, берип анан кутулаар эле. Куздо бир жолу келээрин айтты, аябай суйундум, кубанычымда чек жок. Мен эми жол карап кутпоймун суйуктуум дайыма жанымда болот, деген сезимдер менен жашаймын, бирок бул жарым жылга чукул, убакыт эле. Куздо келээр маалы болду, ал аралыкта баягы эле кутуулор, чалуулар, менин ынжык харектеримдин айынан уруш, таарынычтар, тушунбостуктор бат бат кайталана баштады. Ага бир тийип мурдум менен сайылбасам курсагым кайнайт. Ошентсе деле которо берчу байкушум, бирок менин тергоолорумон жадап баратканы байкалып турду. Мен куткон куз дагы келди, мен жыйырма экиге кадам таштадым, бир аз да болсо оюнкараак мезгилим отуп, кичине токтолуп жашоону олуттуу болбосо дагы, башкача ойлоно баштадым, же кыз бала эрте жетилгенгеби, турмушка чыгыш керек экендигин, мени менен тендер, турмуштан тенин таап уй булоо куруп жатканы ойлондурду. Бирок мына эртен бурсугуну эрге тийиш керек деген мааниде эмес албетте. Кузду жакшы кором анткени, куздо сени тапкамын, эми мынтип куздо бир жолу келээринди эстегенде, суйуу кемесинде, калагы жок ойкуп кайкыймын магдырап.
Баягы эле биздин суйуубузго кубо болгон ждыда турам, бул жолкусунда озгочо кубанычта элем, темир жолдорго айтып жаттым, кордунорбу суйуктуум эми бир жолу келет, эми мен мындан ары зарыгып кутпоймун, силер дагы акыркы бирок бактылуу кутуумо кубо болосунар, деп койом ичимде, а мумкун мекенге кэтээрде чогуу келээрбиз ошондо коросунор менден откон бактылуу адам жок болот, коросунорго биз уйлонгону, бирге тутун булатканы кетебиз деп, ойлогон ойлорума, кыялдарыма маашырланам.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »