салам!Бул кызга туура кенешиниздерди бериниздерчи.
(окуя меники эмес) Ылайым кыргыз кыздарын улутташын,мекендешин кордогон эркектер Кудайдан жазасын алсын.Эмне дейм?Ширин созго ишенген,байоо сезим,жаман ойу жок кыздарды жашоо озу,эч нерсеге ишенгис,катаал,
таш боор аял кылат экен.
"Салам достор. Мен сиздерден кенеш кутом.Мен мектепте окуп жургон кезде бир бала менен телефондон таанышып калдым, ортобузда жылуулук пайда болуп ,суйлошуп калдык. Ошентип ,бири бирибизди корбой 4 жыл суйлоштук.Ал окуусун бутуп шаарга кеткенден бери озгоруп, мамилебиз солгундай баштаган. Суйгонунду шаар коргозбо дешет го, ал аябай озгорду. Телефондон гана суйлошкон сон анча маани бербей таарынып унута башагам.Ошол 4жыл ичинде суйуп калган окшойм,акылым жок дегени менен журогумдун тупкурундо жашап келе жаткан. Мен окууну бутоор кезде ал кайра чалып, суйлошуп баштадык. Окууга тапшырганы шаарга бардым,биринчи жолу жоолуктук. Кызыктуу кундор ото баштады. Мен ага байланып бараттым.1-курсту бутоордо "мен кыз менен суйлошконго убактым жок" деп сыздатып таштап кетти. Мен ансыз жашоомду элестете албай калган элем, ал корсо олуттуу мамиле кылбаптыр. 1 жума ыйлап журдум, чалып абалын кандай деп сурап журду. Байланышты узойун десем "дос боюнча калалычы"
деп суранып туруп алды,айла жок макул болдум.Мен анын созун эки кылчу эмесмин, "доспуз"
деп ар кайсы кыздарды айтып журогумду оорутат. баарына чыдадым.ортобузда "дос" деген эле соз болбосо мамилебиз кыз жигиттердей эле болуп журду. Максаты эмне экенин тушунбодум.
Бир куну жардам берип койчу деп уйуно чакырды,жок дей албай,жаман оюм жок бардым. Уйун актап ,тамак жасап ичтик,бир маалда тийишип баштады,каршылык корсотконумо карабай,"
баары бир меники болосунда " деп кыйнап,зордуктап намысыма тийип койду.Мени алат деген ой менен ошол созуно алданып калдым.Ошентип каалаган убагында чакырып пайдаланат да 1 айдай жоголуп кетет.Озуно керек учурда пайда болуп калат,ошентсе да козумо андан башка жигит корунбой туруп алды. Баарына унчукпай чыдадым."
Мени качан аласыз десем" так жооп бербей, "достор ушинтип бири бирине жардам бериш керек" деди.Жон эле оюнчук болуп жургонумду сездим да, акыры умутум узулуп, козум ачылып,баарын тушуно баштадым.Озумду озум жемелеп,тарткан азап,ызам алкымымды муунта коз жашка айланып, ыйлап тан
атырам,жакшы балдар чыкты,алардын уйлонолу деген сунуштардан баш тарттым... Кантип тиймек элем. ..Барчу жериме намысым менен баргым келген,баары кызыксыз болуп.максатсыз жашай баштадым. Суйуу деп журуп коп нерседен артта калдым,бактыма балта чапкан,гулдуу аралымды чолго айланткан тиги жигитимди жек кором,каргайм.
Турмушка да чыккым келбей калды. Бактысызмын деп жургон мезгилде бир жигит пайда болду,аркамдан чуркап сууйуусун айтты. Мен суйууго ишенбей калгам.аны кабыл албадым. Атайын ага жаман мамиле кылып конулун оорутсам да болбой эле жабышып туруп алды. Мен ага башымдан откон нерсени айтып "кыз эмесмин" десем да "мага ал маанилуу эмес " деди.Анын тушунуктуулугу,
мага кылган жакшы мамилеси журогумду жылытты.1 жылдан сон акыры сунушуна макул болуп кыз жигит болдук,мамилебиз тошокко чейин жетти. Созумду эки кылбайт,бополойт,
курбуларым да "алтын бала" дешет.Алам дейт бирок менин ага турмушка чыкканга конулум анча жок,аны суйбойм,мени суйуп,абалымды тушунуп кабыл алганы учун эле журом. Уй- булосу менен тааныштырган,
алар жакшы кабыл алышты. Менин ата энем билбейт ал тууралуу. Ал бала озу ЖОЖдо окуган эмес,туруктуу жумушу жок,жашоосу бир аз кыйыныраак.
Эжем мени алам деген состоятельный бир бала чыкканда отказ кылсам урушкан " каяктагы бироону таап алып мурдундан суу куюлса"мага таарынба деп.Ал алам десе уйдогулор макул болушпайт го,алар менин ичимдеги сырымды билишпейт да. Эгер муну таштап кетсем,мындан башка мени тушунгон баланы таба аламбы деп бушайман болом,буга тийсем келечектеги жашоом кандай болот.? Жашообуз начар болуп калса ата энем "жакшы болуптур,тапканын ошобу" дейт да.Кыскасы жашоом татаал, жигитимди же омур бою жалгыз жашоону тандаарымды билбей башым ман.Азыр куйоого тийбей эле жалгыз жашагым келет кээде кыйналбай.Жашоодогу карангы тунгуюктан жол таба албай жатам. Журогумду ойугон нерсени бир жакыныма айта албайм,ошондуктан сиздер менен болушкум келди туура тушунуп,кенеш бериниздерчи???
Сүйүүдөн жапа чегип алданып калган кызга кеңештериңизди берип койуңуздар
#2 07 July 2016 - 06:37
ошончого жеткиче журупсун эми жашоо сеники жакшы ойлон жети олчоп бир кес дегендей
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
#3 07 July 2016 - 08:22
Байлыкты чогу тапсаныздар деле болот го, сизди суйсо анда таштап кетпениз дейт элем. Корбой эле суйдум дегендерге тан калам.
#4 07 July 2016 - 08:27
Кандайсынар?
Мен жаны катталсам да оз ойумду калтырып кетейин. Болоор иш bолуптур,эми 7ойлоп 1кесиниз. Башында bаланын уйуно bарbаш керек эле,анын уй иштерин кылып bергидей аялы bолbосонуз..
#5 07 July 2016 - 08:53
Көп нерсе кыздан көз каранды болот.
Анан дагы 4 жыл көрбөй телефондо эмнени сүйлөшөсүңөр?
Анан дагы 4 жыл көрбөй телефондо эмнени сүйлөшөсүңөр?
#6 07 July 2016 - 08:58
Жалгыз отом дейсиз,бул дегениниз катуу тийсе кечириниз ар ким мн журуп отом дегениниз.Себеби аял киши бир тошоктун даамын таткандан кийин болду адат болуп калат,эри жок бузулган кызга албетте ар ким жабышат.
Андан коро чындап тушунсо,бетинизге кара коо кылбаса кийин,турмушка чыгыныз,эл катары тытынып иштегиле анан баары болот.Ата-энен эжен аны билбейтко,а мумкун келечеги башкача болоттур,байып кететтир.Антип байлыка карабай кете бериниз.

#7 07 July 2016 - 09:36
Сооп болуптур!
Биринчин менен жатыпсын,анын оюнчук кылыптыр,экинчини таапсын,аны менен да уже жатыпсын...Жатпай эле суйлошсон болбойт беле?!
Озун бышырган кашаны озун же эми!
Озун бышырган кашаны озун же эми!
#8 07 July 2016 - 09:43
Эмне деп кенеш беришти да билбей турам,анан досунуздун"
Достор ушинтип бири бирибизге жардам берип турушубуз керек "дегени эле бир тайлык го ....куноо озунордо,жакшылап ойлонуп бир чечим чыгаргыла..
Сагынуу. ......
#9 07 July 2016 - 09:55
Кызык эле адамдар бар. Жок эмнеге барасыз анын уйуно? Адам кичине болсо да оз баркын билиш керек, озуну озу сыйлаш керек, келечекти ойлош керек. Зордуктады деп эле чакырган жерине барып жатып журобербей,
озунорду кармасанар болбойбу. Биринчисин корупсун, экинчиси мн жатып .ок барбы, биринчиси сабак болбодубу? Жок жакшыле соз жазайн дейсин, бирок кылган кылыгынарга жакшы соз жокго деп ойлойм...
Аллахым ыйман берсин баарыбызга.
Аллахым ыйман берсин баарыбызга.
#10 07 July 2016 - 10:34
Жеңил ойлуулуктан чыккан көйгөй,ишеничтен,
суйуудөн да эмес. Ошол жеңил ойлуулуктан улам биринчиси таштап кеткен да. Акылга салып иш кылсаныз уйуно барбайт элениз, ошондо баркыныз көтөрүлмөк.
Муну мен сыноо ирээринда эмес, башкаларга сабак болсун деп айтып жатам. Сизге берээр кенешим эми колдо турган бакытты кармаңыз.Байлык эмне? Ал колдун кири. Башкалардын урушканын не кыласыз? Же турмуш курбай койсоңуз ошондо урушпай калышмак беле?! Андан коро намыстанып,
жакшы жашоо учун экөөлөп тытынып иштесенер аракеттин берекеси бардыр...
#11 07 July 2016 - 10:41
Сооп болуптур!
Биринчин менен жатыпсын,анын оюнчук кылыптыр,экинчини таапсын,аны менен да уже жатыпсын...Жатпай эле суйлошсон болбойт беле?!
Озун бышырган кашаны озун же эми!
Озун бышырган кашаны озун же эми!
Эми болоор иш болуптурда мынча каттуу тийдиниз,берчи кенешти жон берелик и так кыйналып жатыптыр,баарыбыздын башыбызда кудай буюрса кыз бала болот же эже синди деген бар мындай тагдыр болбой эле койсун бирок суйлосокда кичине ойлоп суйлосок,жер тоголок,каттуу тийсе кечирип коюнуз!
#12 07 July 2016 - 10:44
#13 07 July 2016 - 10:50
Сиз озунуздун кемчилигинизди катанызды тушунупсуз туура эмес кылганызды,
эми башты бийик которуп турмуш жолуна аттана бериниз берки бала менен,сен суйгонду эмес сени суйгонду менен жаша,ар бир адам бактылуу болууга тийиштуу,жалгыздык бир "АЛЛАХ"
га жарашат!
#14 07 July 2016 - 10:52
кырдаал оор экен, "7 өлчөп 1 кесиш керек" а сеники
1 өлчөп,7 жолу кескендей эле болуптур!
#15 07 July 2016 - 11:03
Байлык колдун кири ,бакыт баа жеткис ,суйуу жок нерсе .Айтаарым бактылуу кылам деген жигиттин колун бекем карманыз демекмин.
#16 07 July 2016 - 11:36
Эми болоор иш болуп бойосу каныптыр.Биз канчалык жектеп,кектегенибиз менен деле намысын кайрып бере албайбыз.Бирок башка кыздарга сабак болгудай таасир калтырса болгону.Жеңил ойлуулук ушундай азапка алып барат.Мындан да жаман болушу мүмкүн болчу.Абийриңди жапканга Жараткан дагы бир адамды жазыптыр.Эми теңиңе албамвш болуп тигидендагы калсаң анда кечирип кой сиңдим "талпак,"
болуп калаарын турган кеп.
Окубаган,каражаты жок деп теңиңе албайсың дейли,бирок ал жигит сенден адамдык сапаты менен бир аз жогору турат экен.Кыз баланын намысы,абийири кандай жогору деңгээлде турганын билесиң.Ошону тебелеткен күнөө өзүңдө.Албетте ошол намысың таза болгондо чекеден чертип,миң жагынан сынап турмушка аттанат элең.Эми кайдан,абийриңдин жабылышына, ата-энең,тууганыңды сөзгө сөлтүк болбошун ойлонууң керек.
Ар бир ата-эне баласына жакшылык гана тилейт.Илгери үмүт, турмушта кыйналбагыдай жол көрсөтүүчү. Бирок жакындарың сенин өтмүшүң менен кабардар эмес чыгар.Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын десең абийириңди ойлоп да, байлыкты экинчи орунга коюп кой.Турмуш жолуңар жалгашып кетсе биргеликте тапса дагы болот.

#17 07 July 2016 - 11:40
Адам деген жанылат, жазылат! Кыргызстан боюнча сен эле эмессин кыздыгы жок адам. Жуздоп саналат. Оз башындан отмойунчо эч качан эч ким тушунбойт. Макул эми, болоор нерсе болуптур, баесу каныптыр. Коп озунузду жей бербениз.
Жогорку билими жок, окубаган, же иши жок, бездельник жигитке тийип кереги жок. Суйуу деп тийгенин менен эртен жашоо башталат. Сени колдон, буттан которуп, эч нерседен кем кылбай, 9 айдан кийин торогонуно шарт тузуп бере турган жигитке тийишин керек! Суйуу кара жерге кирсин, жактырып, жакшы коруп эле жашагандар бактылуу эле жашап атышат.
Кыздыгым жок деп эч качан кейибегин. Кыздыгы жок эле туруп куйоого тийгендерди коруп, билип эле журобуз! Турмушта калган нерсенин баары озунон зависит этет. Андыктан озунду колго алып, кучтуу болгун!

#18 07 July 2016 - 12:43
Жакшы кенеш бербесенер урушуп чунчуп турган жанын дагы да тушуруп кызды кыйнабай эле койгула. Автор эми сиз жаштык кылып бир адашыптырсыз да, тообо кылыныз да тошок мамилесине эч качан колуктунуз болбогон эркектер менен барбаныз. Намаз окунуз. Жараткандан кечирим сураныз ал кечируучу, мээримдуу зат. Бактынызды тилениз. Башка кыздар тууралуу айтып баштаганда эле, жок негизи кыздарга убактым жок дегенде эле менин да эркектерге убактым жок деп баарын жыйыштырып аны жашоонуздан чыгарып салышыныз керек болчу. Бул жигитинизге турмушка чыга берин, уйунуздогулор суйлоп суйлоп акыры калат да вечно суйломок беле, бактылуу болуу озунуздун колунузда. Жашоосу начар болсо ага тирек жолок болуп жашоосун озгортунуз,
балким жигитинизге душевный колдоо жетпей жургондур. Азыркы заманда мындай кадырлап суйгон жанды табуу деле оной эмес. Баш тартпай турмуш кура бериниз.
АльхамДулилЛяh
#19 07 July 2016 - 12:49
Кантип өзүңүз жакшы таанып билбеген адамга мынчалык ишеним арттыңыз экен.. Кайсы бир адамга жан дүйнөңүздү ачуудан мурун, алгач аны сын электен өткөрүп алууңуз керек болчу.. Өткөөл куракта жаштык кылып, маанилүү нерселерге баам салбагансыз го сыягы..
Акыл менен жүрөктү(ички сезимдерди) тең салмакта кармоого аракет кылуу керек. Бири тайып баратса, экинчиси тартып тура турган болсун.. Жогорудагы кеңештерге амал кылып, мындан ары кийинкиңизди ойлоп кадам таштоого аракет кылыңыз, азыр деле акыл токтото элек өңдөнөсүз..
Азыркы жигитиңиз сиздин намысыңызды жаап, элдин алдына "ак" кылып алып чыгам деп турган бир убакта, андан баш тартпооңузду сунуштайт элем. Адатта бардык эле жигиттер мындай кадамга бара беришпейт. Башкысы жолдошунуз жакшы болсун, материалдык байлык болсо табылат, жок болсо бирге табасыздар. . Өзүңүзгө да жакшы, бешене териңиз менен иштеп, көп нерсенин кадырына жетчү болосуз, каниет кылып жашаганды үйрөнөсүз..

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#20 07 July 2016 - 12:58
Тооба кылдым. Акыл эсиниз жайындабы? Бардык нерсе кыздардан коз каранды. Тиги баланын уйундо балээ барбы? Бир аз ойлонбодунузбу?
Макул, анда адшыпсыз, жанылыпсыз.
Анан неге экинчиси менен жатас. Озунуз эле коз сузот окшойс. Ии уят эле, никесиз жигит менен жатып. Фуу!!!
Эми акылынызды иштетип, ыйман жолуна тушуп, Аллахтан кечирим сурап, намаз окунуз. Аман болсонор байлык табылат.

Супер-Инфо
super.kg
видео