Мен деле турмушумдан ажырашып кеткем. Кызым бир жашында ажырашкан элем азыр алты жашка толду. Беш жылдан бери бир тууган улуу байкемдин үйүндө жашайм. Бир туугандарым мени ажырашып, турмуштан жолсуз болуп калганым үчүн какмарлашпайт.
Кайра башыңды бийик көтөрүп, эч нерсени ойлонбо, бул бешене, бешенеге жазылган жазуудан эч ким эч кайда качып кутула албайт деп дем-күч берип турушат. Азык-түлүк алба дешет, эч нерсе көтөрүп келбе, тапкан акчаңды кызың менен өзүңө жумша дешет. Анткен менен кызымдын анча-мынча кем карчысын өздөрү бүткөрүп беришет. Аны менен катар мен ал үйдө кул сыяктуу жашабайм, эркин жашайм. Убактымдын жетишинче жумуш жасайм, жетпесе жасай албай калышым да мүмкүн. Аным үчүн мени байкем, же жеңем жакшылыкты билбейт экенсиң дешпейт. Эжелерим да бар, алар да колунан келишинче жардам берип турушат. Бир тууган бири бирине жөлөк болуу үчүн керек да. Эмнеге ата-эне балдарын жалгыз кылгысы келбей, шерик болсун деп төрөшөт. Анткени, кандай кырдаал болбосун таянары болсун дешет. Мен да кызым жалгыз болуп калбасын деп, турмушка чыгып балалуу болууну ойлоном. Адамдын башында ар кандай күн бар, сага бир тууганыңдан артык ким жардамга келет? Кыздардан кичүүсү менмин, артымда эки иним бар. Байкелерим менен эжелеримдин мага кылган жакшы мамилесин мен инилериме кайтарам. Улуулардан эмне алсаң, кичүүлөргө ошону берет экенсиң. Инилеримдин кыялын көтөрүп, жаш да булар деген өзүмдү улуу сезген ой жүрөгүмдө турат. Бардык нерсе, үй-бүлөдөгү улуу бир туугандан көз каранды. Ошол, бешпи, сегизби баладан турган үй-бүлө бири бири менен карыз доолашып кырылышабы,
же бири бирине ийкемдүү болуп ынтымакташабы - эң улуу бир туугандан көз каранды. Акылдуу, көсөм бир тууганың башыңда турса, чектен чыгып баратканын бери тартып, кыйналганына кол сунулуп, баш биригип, ашыкча кеп жок болот. Улуулар кичүүлөрдү боорго тарталы, кичүүлөр, улууларга өздөрүндөй мамиле жасайлы. Бир туугандыктын да кадыры кетип атканы өкүнүчтүү...
Буюрса бактылуу болосун

Супер-Инфо
super.kg
видео













