Жакшылыкты милдет менен кылунун кереги барбы? Жакшылык кылганын милдет кылган адамга кандай жооп берүү керек?
#1 23 Июль 2016 - 22:53
#2 23 Июль 2016 - 22:59
#3 24 Июль 2016 - 00:24
#4 24 Июль 2016 - 09:44
#5 24 Июль 2016 - 10:14
#6 24 Июль 2016 - 10:32
begym (24 Июль 2016 - 09:44) жазган:
Аягына чейин окуп аран тушундум. Мендеги тайкы маалыматка караганда адам адамга карыз болуусу учун бир нерсени алаардан мурда келишим тузулот эгерде ортодо эч кандай келишим болбосо карызда болбойт. Кызымды карап бер деген шарт койгон болсо анда канча ай карап бергенин чыгарып ошого жараша карызын толоп берсин. Каргыш айтуу динде эн чон куноолордун бири болуп саналат. Бир адам каргыш айтса айткан каргышына озу дуушар болот.
#7 24 Июль 2016 - 10:59
begym (24 Июль 2016 - 09:44) жазган:
Менин ойумча,колунда жок болсо,эжеси доолап аткан карызды бере албаса,күнөө эмес да,жок болсо эмнесин бермек эле,андан көрө доолабай сиңдисине жардам бербейби?,Эжесинин акылы жоок окшойт,башында эч кандай келишим түзүлбөсө,б. а эжеси мен иштеп келгенден кийин,акчаны төлөйсүң деп келишим түзүлгөн болсо,анда билбейм..
#8 24 Июль 2016 - 11:55
MIRAN (24 Июль 2016 - 10:14) жазган:
Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Курбум турмушка чыга элек кезде акчаны жакшы тапчу. Ал өзү жакшы тигүүчү. Ошол убакта азыр карызын доолап аткан эжеси күйөөсү менен ажырашып, жаш балдары менен кыйналып жүргөн кез болчу. Эжесине жардам берип, кызына каралашып жүргөн. Азыр болсо кризиске байланыштуубу, же Кудай сыноо берип атабы, иши анча жакшы жүрүшпөй турат. Эжеси мурдагыдай ойлоп, иш жакшы болбой атат дегенине ишенбей атса керек. Балким эжеси да кыйналып аткандыр. Колунда болсо, кетирген чыгымынын баарын кайтарып берсем дегенде эки көзү төрт болуп турат. Эжесинин үй-жайы бар, күйөөсү менен жарашып алган. Анысы жакшы акча табат. Иши кылса, мен да таң калып атам. Тфу-тфу, мындай бир туугандан Кудай сактасын. Курбумдун үйүнө келип, 3 жаштан ашкан кичинекей баласынын ары-бери жулкулдатып, мен болбосом бул балаң да болмок эмес дей берет экен. Курбум айтат, кийим алсам берип салып кутулат элем, тамагын жесем жегенден кийин билинбей калат эле, тирүү баламды кайсы жакка бекитеримди билбей калдым. Баламды көтөрүп шар аккан сууга секирип кетким келет, мына акчаң да жок, балам да жок, мен да жок деп дейт. Адам уу сөздөрдү уга берсе, акылы да качып калат окшойт.
#9 24 Июль 2016 - 11:56
begym (24 Июль 2016 - 09:44) жазган:
Негизи маселеге адилеттуу жооп бериш учун маселени экону бет мандай коюп угуш к.к го
#10 24 Июль 2016 - 12:00
begym (24 Июль 2016 - 11:55) жазган:
бир тууган дегенинерди тушунбодум бир эне бир атабы?
#11 24 Июль 2016 - 12:04
umaribnuhattab (24 Июль 2016 - 12:00) жазган:
Бип бир тууган. Аталары да, энелери да бир. Бири ата-энесинин, бири чоң ата-чоң энесинин үйүндө болуп, бөлөк чоңоюп калат го кээ бир бир туугандар. А булар бир үйдө өсүшкөн. Курбум 27 жашта, а эжеси 48 жашта.
#12 24 Июль 2016 - 12:08
begym (24 Июль 2016 - 09:44) жазган:
Эгер бир жарым жыл эжесинин баласын караса айына 15 мин жок дегенде 10 минден бакса деле 180мин эжеси карыз болмок
#14 24 Июль 2016 - 12:14
#16 24 Июль 2016 - 12:21
umaribnuhattab (24 Июль 2016 - 11:56) жазган:
Ар кимдин өз чындыгы бар экени талашсыз. Бирок, бул чырдын башталганына эки жылдай болуптур, а мен кечээ уктум. Курбум мага такыр айтпаптыр. Сулуу кыз болчу, өңүнөн кетип, арыктагандан арыктап эле, өзүн таштап салганына таң кала берчүмүн. Анткени, кандай жагдай болбосун, позитив менен караган, дайыма күлүп жүргөн кыз эле. Кечээ жолугуп сүйлөшүп отурсак телефону шыңгырап калды. "Эмнеге эле арыктап атасың деп сурайсың, мына ук, арыктап атканымдын себебин", - деп туруп, телефонду бийик добушка коюп койду. Эжеси чалыптыр. Ошондо, көп нерсени өз кулагым менен уктум. Алдын ала келишим түзүлбөсө да, көп акчасы кетип калганына ичи ачышып кайтарып бер десе, дейттир. Аны түшүнсө болот. Бирок, "мен сенин төрөтүңө катышкам, толгооңду тартышкам. Ошон үчүн 10 миң төлөп бересиң", - дегенин уккандан кийин өчтүм... Мага карата айтылгансып, кечкери жаман болуп жүрүп, бул жакка жазууну туура көргөм. Балким, башка бирөөлөрдүн да башынан ушундай иш өткөндүр деген ой менен.
#17 24 Июль 2016 - 12:21
#18 24 Июль 2016 - 12:23
#19 24 Июль 2016 - 12:41
#20 24 Июль 2016 - 13:06