Микротолкундуу меш (микроволновая печь)
1945-жылы америкалык Перш Лебарон Спенсер аттуу инженер магнетрон куруу үстүндө иштеп жаткан. Магнетрон- бул микротолкундуу радиосигналдарды чыгаруучу аппарат болуп саналат. Бул алгачкы радарлар үчүн абдан маанилүү болгон. Анткени, согуш учурунда байланыштын ылдамдыгы көптөгөн оң натыйжаларга жеткизет эмеспи. Бирок микротолкундуу очокту ойлоп табуу капысынан эле болгон окуя. Бир жолу Спенсер иштеп жаткан магнетрондун жанында туруп, чөнтөгүндөгү шоколады эрип калганын көрөт. Анын акылы муну оңой эле баамдап, шоколадка микротолкундардын таасири тийгендигин түшүнөт. Мындан кийин ал бир канча иликтөөлөрдү жүргүзүп көрүп, микротолкундуу очокту ойлоп тапкан. Алгачкы очоктордун салмагы 340 кг өлчөмүндө, азыркы муздаткычтын чоңдугундай болгон.
Чипстер
1953-жылы АКШдагы Нью-Йорк штатынын Саратога шаарындагы ресторандардын биринде Карнемус Вандертильт аттуу кардар майга куурулган картошка заказ кылып, бирок ар дайым калың болуп калыптыр деп сындай берет. Бул көрүнүштөн тажаган ашпозчу кардарга өчөшүп картошканы өтө эле жука туурап, анан аны майга кууруп алып келет. Алгач, Карнемус арыздана баштайт "Жука экен, вилкага илешпейт"
деп, бирок бир аз жегенден кийин ушундай жагып калып, сүйлөгөнгө оозу бош болбой калат. Ошентип, жука кесилип, майга куурулган картошка (чипсы) тез эле көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланып, учурда дүйнө жүзүндө кеңири тараган тамактардан болуп эсептелет.
Супер клей
1942-жылы америкалык Гарри Кувер өтө так атылуучу мылтыктардын мээлөөчүсү үчүн бир пластмасса алуу үчүн цианакрилаттар деген химиялык заттар менен иштеп калат.
Бул зат полимерлешип,
суу менен бириккенде жабышкан коюу бир зат пайда болоорун аныктайт. Натыйжада мылтыктардын бутага даана тийиш үчүн керек болгон пластмассага эч окшошпойт. Бул жаңы ойлоп табылган заттын кадырына Кувер 6 жыл өткөн соң жетет. Көрсө цианакрилат туруктуу жабышып, катышы үчүн жылуулуктун да, басымдын да кереги жок экен. Ошентип, учурдагы биз колдонгон супер клей пайда болгон.
Кийинчерээк Вьетнамдагы согушта бул клейдин эбегейсиз жардамы тийген. Жарадар болгон жоокерлердин канын токтотуш үчүн, жарасына супер клей куюшкан. Бул дароо канды токтотуп, жоокерлерди ташууда аябай жеңилдик болгон.
Тагдырдын табышмагын караңыз, көбүрөөк өлтүрүү үчүн жасалган бул зат, адамдардын пайдасына жарады.
Шампан суусу
Шампан суусу биринчи жолу 17-кылымда кокусунан жасалып калган. Дом Пьер Периньон аттуу монарх көп жылдар бою вино жасаган адам болгон. Бир жолу ал виносунун газдуу болуп, ичинде көбүктөр пайда болгонун көрөт. Бул көрүнүш француздарга сапатсыз вино катары саналган, Периньон көбүктөрдөн арылуу үчүн бир нече жыл иштеген. Бирок, эч натыйжасыз кийинчерээк бул кычкыл вино француз, англис аристократтарына жагып калган да өтө белгилүү спирттик ичимдикке айланып калган.
Баракча 1 - 1
Кызыктар дүйнөсү
#3 05 Апрель 2012 - 15:49
Алгачкы компьютердин системасын Джон Фон Нейман ойлоп чыккан. Ал 1936-38-жылдарда ойлоп, бирок, иштеп чыгууга улгурбой калат, б.а. Нейман комп.ди атом бомбасын жаратууда колдуу учун ойлоп тапкан. Андан кийин 2-дуйнолук согуш башталып кетет да, максаты 1946-жылы ишке ашат. ЭНИАК деп аталган бул комп.ди иштетуудо 18 000 электр лампасы колдонулган,
аянты 135 м кв.болгон, ал эми салмагы 30 тонна чыкса, 150 кВт электр энергия сарпталган.
Ошентип, аябай салмактуу, чон аянтты ээлеген бул компьютер 15-февралда 1946-жылы иштетууго берилген. СШАнын Пенсельванск университетинин окумуштуулары тарабынан жаралган. Ал эми 15-февраль азыркы кунго чейин информатиктердин куну деп белгиленип келет.
Ошентип, Джон Фон Неймандын ойлоп табуусу азыркы "айпадка" чейин жетти.

Ар бир пенде адашуучу
#4 08 Март 2014 - 19:53
Тибеттеги колодон жасалган табакка суу куйса
бийлеп кирет экен, тобо! Тагыраак айтканда, суу
куюлары менен бетинде майда толкун жаралып,
анан табак кыймылга келет да, суу тамчылары
өйдө секире баштайт.Изилдөөлөргө караганда,
табак диний жөрөлгөлөрдү аткарууда колдонуу үчүн 5-кылымда жасалган. Эгер кырларына ичке
таякчаларды тийгизсе, «ырдайт» дагы.
Табактын мындай сырларын ачуу үчүн дүйнөнүн
көптөгөн окумуштуулары изилдеп көрүшкөн.
Азыр да изилдеп жатышат, бирок сыры эмнеде
экенин эч ким далилдеп бере элек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкса, аны
техникада, парфюмерияда колдонуу идеялары
бар.

Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 08 Март 2014 - 19:55
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 08 Март 2014 - 19:57
УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИ
Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары
эсептелген бул сепил Түндүк Кытайда
жайгашкан. Улуу сепилди кытайлар «Ван ли чан
чен» же бизче «Миң лиден ашкан сепил» деп
аташкан. Кытайлардын бир “лиси” бизче 576
метрге барабар. Ал эми соңку эсептөөлөр боюнча анын жалпы узундугу орто эсеп менен 6350
чакырым. Бийиктиги орточо эсеп менен 6,6 метр,
айрым жерлерде 10 метрге чейин жетет. Туурасы
түп жагынан 6,5 метр кенендикте башталып,
үстү 5,5 метрге чейин кууш тартып кетет.
Үстүндө эки ат араба катар жүрө алат десек болот. Адамзат колу менен курулган
сепилдерден бир гана ушул сепил космостон
даана көрүнөт. Бул архитектуралык эстеликтин курулушу б.з.ч.
3-кылымда же император Цин Ши-Хуанди (Цин
династиясы) башкарып турган мезгилде
башталган. Бул мезгилди тарыхчылар «Согушчул
мамлекеттер доору» (б.з.ч. 475-221-жж.) деп да
аташат. Уламыштарга караганда, кытай ордосунун көзү ачыгы: «Чыгыштагы көчмөндөр
империяны жок кылат» деген кабар айтыптыр.
Муну уккан император Цин чыгыштан кол салып
турган көчмөндөрдөн коргонуш үчүн жана
көчмөн жашоо образын Ортолук империяга
киргизбөө максатында тез арада чеп курууга буйрук берет.
Сепилди куруу иши 2100 жылга созулган. Анын
курулушуна ошол мезгилдеги өлкө элинин бештен
бир бөлүгү, тагыраак айтканда, бир миллионго
чукул жоокер, жумушчулар, кулдар, дыйкандар
жана согуш туткундары түзгөн. Алар күн-түн дебей жер казып, килтейген таштар менен
кирпичтерди кынап, айтор, кордук менен иштеп
жүрүп, көбү өз үйлөрүнө кайтпай калышкан.
Айрым маалыматтарга таянсак, иштин
оордугунан, ооруга чалдыгуудан, тамак-аш
жетишсиз болгондуктан, алсыздануудан жана башка көптөгөн себептерден улам 500 миңге
чамалуу адам өлгөн.
Бирок, сепил да, каардуу башкаруу да Цин
династиясын коргоп кала албаган. Анткени,
биринчи кытай императору Цин көз жумган соң
көп өтпөй империясы да кошо кулаган. Кийинчерээк Цин династиясынын ордунда Хань
династиясы түптөлүп, анын тушунда (б.з.ч. 206-
жылдан б.з. 220-жылына чейин) сепилди батышка
карай Дуньхуан аймагына чейин кеңейтишкен.
Мындан сырткары, көчмөндөрдүн кол салуусунан
соода кербендерин коргоо максатында Күзөт мунараларын орнотушкан. Мына ушул Хань
доорунда гана кытайлар толук кандуу бир бүтүн
эл катары калыптана башташкан жана азыр да
өздөрүн Хань династиясынын тукумдарыбыз деп
аташат.
Ал эми сепилдин бизге жеткен бөлүгү негизинен Мин династиясынын (1368-1644 жж.) тушунда
курулган. Бул доордо курулуш каражаты катары
бышкан кирпичти колдонгондуктан, сепил
бүгүнкү күнгө жеткен дешет. Акыркы Цин
императордук династиясы да (1644-1911 жж.)
сепилге өтө аярлык менен мамиле кылган. Антсе да үч кылым аралыгында мезгилдин жана
табияттын таасири сепилди бүлүндүрүп, бир
гана Пекинге жакын жердеги анча чоң эмес
бөлүгү толук аман калган. Бул бөлүк Кытайдын
борборун коргогон дарбаза катары кызмат
аткарып келген. Бүгүн Улуу Кытай сепили – бүтүндөй жер
шаарындагы туристтерди өзүнө тарткан өзгөчө
жай. «Сепилдин тарыхы – бул Кытай тарыхынын
жарымы, андыктан, сепилди көрбөй туруп
Кытайды түшүнүүгө мүмкүн эмес» дешет
жергиликтүү элдер. Окумуштуулардын айтымы боюнча, эгер Цин, Хань, Мин доорлорундагы жана
андан берки курулушка кеткен каражаттарды
топтоп, Улуу Кытай сепилин улантсак анда жер
шаарын он жолу тегерете курчаган сепил пайда
болмок экен.

#6 08 Март 2014 - 19:59
ИНТЕРНЕТ ӨЗҮН-ӨЗҮ
ӨЛТҮРҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ҮЙРӨТӨТ
Интернеттеги издөөчү программаларга “суицид”
деп суроо узатсаңыз, миңдеген жооптордун
арасынан “өзүн-өзү өлтүрүүнүн жолдору”,
“чогуу өлүүгө шерик издейм”, “өлүүгө эң ыңгайлуу жерлер” сыяктуу акылга сыйбаган
жооптор чыкса таңкалбаңыз.
Суицидге арналган сайттарда өлүүнүн эң оңой
жана тез ыкмаларын үйрөтүшөт. Өзүн
өлтүрүүгө аракет кылган адамдар болсо
“таблеткаларга караганда чычкандын уусу жакшы” же “секирүүнү чечсең, баланча көпүрө
эң бийик” сыяктуу кеңештери менен бөлүшүшөт.
Мындай сайттардын арасынан “alt.suicide.holiday”
эң көп “ийгиликке” жетишкен. Сайттын a.s.h деген
баш тамгалары “күл” дегенди түшүндүрөт.
ММКда бул сайттын эч ким тарабынан жабылбай жаткандыгы жөнүндө нааразычылык тараган.
Сайт анонимдик түрдө иштегендиги үчүн аны
жаап салуу оңойго турган эмес.
Бул сайтта өлүм тууралуу кеңири маалымат,
“пайдалуу кеңештер”, сүрөттөр жарыяланчу.
Жашоодон тажагандарды “өлүм бардык маселени чечет!” сыяктуу ураан сөздөр колдоп тураар эле.
Мындай сайтка кирбей калган коноктордун жөн
эле каттоодон чыгып кеткени же максатына
жетип, өзүн өлтүргөнү ошол бойдон билинбей
калат. 2003-жылга чейин бул коркунучтуу
сайттын айынан расмий түрдө 14 адам каза тапкан.

#7 08 Март 2014 - 20:00
Автоматтар тарыхынан;
Биринчи дүйнөлүк согушта көлөмү жагынан
чакан жана ыңгайлуу мылтык менен тапанчага
караганда күчтүүрөөк куралдын зарыл экендиги
билинген. Мындай муктаждыктан кийин азыркы
автоматтын алгачкы үлгүсү ойлонуп табылган.
Италиялыктар тарабынан 1915-жылы тарыхта биринчи жолу “Ревелли” деген автомат колдонула
баштаган.
Тапанча-пулемёт биздин мекенде Бир кезде биздин мекен болгон СССРде,
биринчилерден болуп 1935-жылы курал ойлоп
табуучу В.А.Дегтярёв “Дегтярёв тапанча-пу
лемётун” (ППД) иштеп чыккан. Ошол эле жылы
Кызыл Армияда бул курал колдонула баштаган.
Ал эми 1939-жылы согуш талаасынан толугу менен алынып салынган. Ал аралыкта
Дегтярёвдун шакирти Г.С.Шпагин тарабынан
ыңгайлуу жана жөнөкөй “Шпагин тапанча-пуле
мёту” (ППШ) ойлонуп чыгарылган. Бул курал Улуу
Ата Мекендик согуш башталар алдында
колдонууга өткөндүктөн согушта СССРдин негизги куралдарынын бирине айланган. ППШ
жөнөкөйлүгүнө жана тынымсыз иштегенине
байланыштуу “жоокерлердин атакеси” деген атка
конгон. Автомат согуштун алгачкы жылдары 90
миң, кийинки жылы бир жарым миллион, ал эми
согуш жылдары жалпысынан 6 миллиондон ашык нускада чыгарылган.

#8 08 Март 2014 - 20:01
СЕНСОР ТАРЫХЫНАН
"Сенсор" – англисчеден которгондо "башкарууга
ылайыкташкан техникалык системанын
элементи" дегенди билдирет. Алгачкы сенсордук
экран 1972-жылы АКШда программалык
камсыздоону изилдөө алкагында PLATO IV компьютердик системасында жасалган. Сапаты
начар болсо да, экрандагы керектүү объектти
басканда буйрук аткарылган. Алгач андай
экрандар изилдөө иштери жүргүзүлгөн жайларда
жана медициналык аппараттарда гана
колдонулган. Кийинчерээк массалык түрдө жайылган техникалык буюмдарда, айрыкча
уюлдук телефондордо кичинекей клавиатураны
алмаштыруу максатында чыга баштаган. 2004-
жылы Nintendo DS аттуу чөнтөк оюнчуктары
аркылуу биринчи сенсордук экран элдин калың
катмарына тараган. Ал эми жогорку сапаттагы сенсордук экран (Multitouch) биринчи жолу “Эппл”
компаниясынын iPhone`нунда жарык көргөн.
Сенсордук экраны бар телефондогу дээрлик
бардык иш-аракеттер экрандагы белгилүү
объектке колдун манжалары же атайын таякча
менен басуу аркылуу аткарылат.

#9 08 Март 2014 - 20:03
АРТЫКЧЫЛЫГЫ
©.Экрандын көлөмдүүлүгү жана жөнөкөйлүгү.
©.Керектүү текстти жогорку ылдамдыкта терүү
мүмкүнчүлүгү.
©.Аппараттын мультимедиялык
мүмкүнчүлүктөрүнүн артышы.
КЕМЧИЛИГИ
®.Экранды карабай бир нерсе жазууга
ыңгайлашкан эмес.
®.Көп энергия сарптайт. Батарейкасы бат отуруп
калышы мүмкүн.
®.Манжалардын тагы калып, иштегенге жолтоо
болушу мүмкүн.
®.Экран өтө назик болгондуктан, этият
урунбасаңыз, сынып калышы ыктымал.
®.Өтө суукта сезимталдуулугун жоготот,
сырттан кээде кол капты чечүүгө туура келет.
®.Жөнөкөй телефондорго караганда сенсордук
экранга вирус жана бактериялар көп жабышат. Колдонуучу манжалары менен экранга
тийгендиктен, вирусту өз организмине жугузуп
алышы мүмкүн.

#10 08 Март 2014 - 20:04
СЕНСОРДУК УЮЛДУК ТЕЛЕФОН БОЮНЧА
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Сенсордук экран чөнтөгүңүздөгү же
сумкаңыздын ичинен ачкыч же болбосо ар кайсы
нерселерге тийип чийилип калышы мүмкүн.
Андан сактануу үчүн дисплейди коргой турган плёнка жабыштырыңыз.
Телефонуңузга бир эле антивирус орнотуңуз
(эгер смартфон болсо).
Телефонуңузду нымдан, күндүн нурунан (көпкө
кармоо зыян) жана жерге түшүрүп алуудан
абайлаңыз. Батарейкасы такыр өчкөнгө чейин күтпөстөн,
толтуруп туруңуз.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Сенсордук экран чөнтөгүңүздөгү же
сумкаңыздын ичинен ачкыч же болбосо ар кайсы
нерселерге тийип чийилип калышы мүмкүн.
Андан сактануу үчүн дисплейди коргой турган плёнка жабыштырыңыз.
Телефонуңузга бир эле антивирус орнотуңуз
(эгер смартфон болсо).
Телефонуңузду нымдан, күндүн нурунан (көпкө
кармоо зыян) жана жерге түшүрүп алуудан
абайлаңыз. Батарейкасы такыр өчкөнгө чейин күтпөстөн,
толтуруп туруңуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 29 Август 2014 - 01:01
YouGov компаниясынын эксперттери
"Социалдык медиа - 2014" аттуу
докладында социалдык тармакты
колдонуучуларга тиешелүү кызыктуу
маалыматтарды жазып чыкты.
Алардын маалыматына ылайык, кишилердин социалдык тармактардагы баарлашууга болгон кызыгуусу солгундап бара жатат.
YouGov компаниясынын маалыматына ылайык, интернет колдонуучулардын 10%дайы twitterден баш тартса, дагы
9%дайы Facebookтан баш тартышкан.
Респонденттердин 55%ы интернеттен баарлашууга кызыкпай калганын билдиришкен. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 26%ы өз жашоосун башкаларга ачык түрдө көрсөтпөө үчүн өз аккуанттарын жаап салышкан. Респонденттердин ар бир алтынчысы
анын жашоосунда болуп жаткандарга
башкалардын комментарий берүүсүн
жактырбай турганын айтышкан. Бул
иликтөөгө 15 жаштан жогорку кишилер камтылган. Ал эми 8-15 жаш арасындагылар үчүн интернеттен
баарлашуу дагы да болсо актуалдуу
бойдон.

Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.

#12 27 Сентябрь 2014 - 11:56
жаш откондон кийин кызыкпай каласын. чындык.
Билдирүүнү түзөткөн: zloy: 27 Сентябрь 2014 - 12:04
Злой
#13 13 Июль 2016 - 03:09
...Плутон планетас ындагы бир куну Жердин бир жумасына тете.
...ийнеликтин ар бир козундо 30 000 линза жайгашкан.
...эгерде кенгуруну н куйругу жерге тийбей турса,ал секиралбайт.
...дуйноодо эн чон бассейндин узундугу-1 км.
...адам самолётто учуп баратканда чачтын осуу ылдамдыгы 2 эсеге кобоёт
-

#14 14 Июль 2016 - 02:38
Дагы бир эки маалымат жаза кетейин-
Жөргөмүштүн желеси абдан бышык.Анын бышыктыгын мындан билиңиз-эгер анын жоондугу карандаштай болсо, учуп бара жаткан самолетту токтотууга болот экен.
- Орусия ажосу В.Путиндин атасы убагында Ленин, Сталиндин ашпозчусу болгон.
- Ленин Гитлер менен мамилеси жакын болуп, экөө кез-кезде шахмат ойноп турушкан.
- Орусия суу астында атылуучу снарядын (торпеда) биздин Ысык-Көлдө сынайт. Койсары, Жети-Өгүз
- Кытай актеру Жет Ли бала кезинде АКШда президент Ричард Никсондун кабыл алуусунда болгон.
- Жокчулуктун айынан Жеки Чанды ата-энеси 1 долларга сатып жибере жаздашкан.
- Коммунисттик режимден качкан кытайлар, көбүнчө Гонконг, Тайванга Макаого көчүшкөн.
- Индонезия өлкөсү мусулмандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда.
- Исландия өлкөсүндө расмий полиция, Куралдуу күчтөрү жок.
- Ватикан үчүн Бенито Муссолини жер бөлүп берсе, БУУ штабы үчүн жер атактуу миллионер Жон Рокфеллердин жардамы менен бөлүнгөн.
- Ричард Никсон СССР, Кытай менен жакшы алака түзгөнгө көп аракет кылгандыгы үчүн, "Кызыл президент" атка конгон.

#15 27 Август 2016 - 10:08
Уюлдук телефонуңузду туура кубаттандырыңыз.
Бүгүнкү күндө смартфонубуз байланыш каражатынын эле милдетин аткарбайт. Анын жардамы менен интернеттеги баракчаларыбызга кирип клип, видео көрүп, жаңылык окуп, оюн да ойнойбуз. Ошол учурда телефонубуздун кубаты түгөнүп калып маанайды түшүрөт. Көрсө, телефондун кубатынын бат түгөнүшү батарейкасына кылган туура эмес мамилебизден улам болот экен. Эмесе, анын себептерин билип алыңыз.
Смартфондун батарейкасы 100 пайыз болгончо кубаттоо.
Көпчүлүк адамдар телефондун батарейкасы 100 пайыз толгончо күтүү керек деп ойлошот. Эксперттердин ою боюнча, батарейканын кубатын 30 пайыздан 80 пайызга чейин кармоо керек. Такыр өчүп калганча колдонуп же 100 пайыз толгончо сайып койгон туура эмес. Убагы менен кубаттап туруу шарт. Болбосо мындай адат батарейканын олтуруп калышына алып келет. Батарейканы текшерүү үчүн гана эки айда бир жолу телефонду 100 пайыз кубаттоо зарыл.
Батарейканын өтө ысып кетүүсүнө жол берүү.
Смартфондун батарейкасы жогорку температурадан терс реакция пайда кылат. Оптималдуу температурасы 1ден 35 градуска чейин гана болуусу керек. Андыктан ысып кетүүсүнө жол бербеңиз.
Зымсыз кубаттагычты көп колдонуу.
Зымсыз кубаттоочу каражат да батарейканы өтө ысытып бат жарактан чыгышына алып келет. Андыктан зарыл болгон учурда гана колдонуу туура.
Каптамасын чечпей кубаттоо
Эгерде кубаттоо учурунда смартфонуңуз ысып кетсе, анда ал сыртындагы каптамасынан. Анткени каптамадан аба өтпөй ысыкты ичине кармап, андан улам батарейканы да абдан ысытып жиберет.
Башка кубаттагыч менен кубаттоо
Бардык телефондордун өзүнүн кубаттагычы болот. Ошону гана пайдалануу шарт. Ал жарактан чыккан шартта дал өзүндөй оригиналын гана алып колдонуу керек. Оригинал эмес арзан кубаттагыч батарейканы иштен чыгарууга башкы себеп болот.
Эмнеге Андроид телефондордун кубаты бат түгөнөт?
1. Дисплейин 80-100 пайыз жарык кылып колдонуу. Бул кубаттын бат түгөнүүсүн шарттайт, андыктан жарыгын 50 пайыз гана кылып колдонгон туура.
2. Керек эмес учурда 3G, Wi-Fi, Bluetooth, GPRS/EDGE кызматтарына кошулуу. Буларды керектүү учурда гана туташтырып, андан кийин өчүрүп салуу менен телефондун кубатын максималдуу түрдө үнөмдөй аласыз.
3. Башка районго же шаарга барганда навигация абдан пайдалуу. Бирок GPS-модулду пайдаланып бүткөн соң дароо өчүрүп салбасаңыз, ал көйгөй жаратат.
4. Мобилдик ар кандай оюндарды жарым сааттан ашык убакыт ойноо телефондун аккумуляторун көпкө жашатпайт.

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#16 27 Август 2016 - 10:24
Дүйнөнү каптаган Pokemon GO оюну.
Кыргызстанда азырынча анча популярдуу эмес, бирок дүйнө жүзүн каптап келе жаткан Pokemon GO оюну тууралуу сиз билесизби? Бул оюнга ар бир онунчу адам кызыгат. Анда эмесе мезгилден артта калбай, бул оюн жөнүндө кененирээк билип алыңыз. Анткени бул оюн жакында Кыргызстанды да капташы ажеп эмес.
Покемон (Pokemon) деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "рocket – чөнтөк, мonster – монстр же жырткыч" дегенди билдирет. Pokemon GO – бул "кошумча реалдуулук" технологиясына негизделген бекер тиркеме, мында реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнүн айкалышуусу бар. Анткени бул оюндун эң башкы максаты – покемонду кармоо, ал эми смартфондун бетиндеги покемон реалдуу чөйрөнүн түсүндө көрсөтүлөт. Бул оюнда башкы каармандар – түрдүү жөндөмдөргө ээ покемондор же "чөнтөктөгү монстрлар" . Оюнчулар чыныгы дүйнөдө аларды кармоого аракет кылышат, ал эми кармап алган оюнчуга сыйлык катары "момпосуй" берилет.
Кантип ойноого болот?
Оюнчу оюндун аккаунтун (каттоо) түзгөндөн кийин чачынын,терисинин жана көзүнүн өңүн тандап алып аватарды(колдонуучунун графикалык сүрөтү) түзөт. Андан кийин оюнчунун географиялык жайгашкан жери көрүнөт. Картадагы покемондорду көк өң менен көрсөтүүчү – бул PokeStops болуп саналат. Оюнчу канчалык покемондорго жакындаган сайын ал формасын өзгөртүп, кубикке окшоп калат. Картадан покемондорду байкаган оюнчу аны реалдуу жашоодо издеп баштайт.
Кимдин идеясы?
Покемондорду чыныгы дүйнөдө жайгаштыруу "Nintendo" компаниясынын президенти Сатору Иватанын жана "The Pokemon Company" компаниясынын өкүлү Цунэказу Исихаранын идеясы болуп саналат. Жогорудагы эки инсан бул идеяны ишке ашыруу үчүн чөнтөк телефондорго оюндарды ойлоп табуу менен алектенген "Niantic" компаниясы менен биргеликте
30 миллиондун тегерегинде инвестиция жумшашкан.
Бир жума аралыгында эле компаниянын жумалык таза кирешеси 1,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч мындан 5 эсеге ашты. Бул оюнга кызыккандардын саны геометриялык прогрессиянын тездигинде өсүп жатат. Японияда ар бир төртүнчү адам Pokemon GО оюнун ойношот. Бул оюн Японияга чейин АКШда атактуулугу артып, ар бир онунчу адам оюнду колдонуп келишкен. Ал эми Бишкекте Pokemon Go оюнун ойногондор шаардын бул башынан тиги башына чейин жөө келип калганын билбей калышууда.
Оюндун оң жана терс жактары
Оң жактары
• Pokemon GO оюнунун аркасы менен колдонуучу көп кыймылдайт.
• Оюнчулар күндө жүрүүчү көнүмүш маршрут менен жүрбөстөн, башка жолдорду дагы өздөштүрүшөт.
Терс жактары
• Оюнчу оюнга азгырылып, коомдон четтеп калат.
• Курулай убакытты алат.
• Бул оюнга азгырылган оюнчулар жолдо бара жатып кырсыкка кабылуу коркунучу жогору.
Оюнга байланыштуу кызык окуялар.
• Польшада жана Испанияда полиция кызматкерлери автобус айдоочусун оюн менен алек болуп жатып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармашкан.
• Индонезияда француз киши оюнга алаксып кетип, күтүүсүздөн Аскер комплексине кирип кеткен.
• Дүйнөдө биринчилерден болуп Иранда бул оюнду ойноого тыюу салынган. Иран бийлиги анын себебин ачыктап түшүндүргөн эмес.
• Индонезияда тартип сакчылары жумуш учурунда ойноого тыюу салса, Израилде аскер базаларында ойноого тыюуу салынган.

#17 27 Август 2016 - 10:37
Таңды сергек тосуп алууңузга 10 адат
Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таӊ эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.
1) Эрте ойгонуӊуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.
2) Төшөктөн туруп эле терезеӊизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиӊиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыӊызга жардам берет.
3) Ачкарын бир стакан суу ичиӊиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаӊыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеӊиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таӊкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүӊүз.
4) Сөзсүз тамактаныӊыз. Кофе бул тамак эмес! Ойгонгон соӊ эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиӊиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой таӊдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеӊизди бышырып коюӊуз. Канчалык шашылып жатсаӊыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүӊүз.
Эгер эч жакка барбасаӊыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруӊуз. Антпесе таӊ эрте өзүӊүздү жүдөмүш сезгениӊиз акырындан депрессияга жол таап берет.
5) Курамында белогу бар даамдарды тандоо керек. Мисалы, жумуртка, балык же йогурт.
6) Таӊкы медитация. Бул учурда өзүӊүз менен өзүӊүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоӊуз. Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүӊүздү элестетип, башыӊыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеӊиз. Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиӊизде болсун.
7) Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.
8) Телефонуӊузга «мен сергек жашоону тандайм, зыяндуу адаттарга алданбайм» деген сыяктуу эскертүүчү коӊгуроону коюп коюӊуз. Бул айланадагы азгырыктарга алдырбоого жакшы өбөлгө болот.
9) 10 мүнөт тамашалуу видео көрүӊүз же анекдот окуӊуз. Өзүӊүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыӊыз.
10) Жогорудагы кеӊештерди аткарам десеӊиз, анда эрте уктоо керек. Себеби кеч жатып, эрте ойгоном деп уйкуӊуз канбай, өзүӊүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыӊыз ыктымал.