Коом КҮНДӨЛҮГҮ коомубуздагы жаңылыктарды жазалы...
#1 10 Ноябрь 2011 - 17:34
Эми "Коом КҮНДӨЛҮГҮ" деген тема жетишпей жаткансыйт.
Бул темада коомубуздагы баарыбызды кызыктыра турган жаңылыктарды жазсак.
#2 01 Декабрь 2011 - 10:28
#3 01 Декабрь 2011 - 11:08
#4 14 Декабрь 2011 - 15:40
#5 16 Декабрь 2011 - 16:06
1 миллиион күнөөсүз жаран өлтүрүлдү.
4 500 АКШнын аскери өлдү.
2 миллион ирактык, көчмөн жашап калды.
7 миң киши камакка алынды.
16 миң адам дарексиз жоголду.
34 миң дарыгер (врач) өлкөдөн качып кетти. Өлкөсүндө калган дарыгерлердин 2 миңи атайын өлтүрүлдү. (Мунун натыйжасында ооруп каза тапкандар абдан көп)
Жумушсуздук 70%га чыкты.
4 миллиондон ашуусу ачкачылыкта жашап атышат.
Өлкөнүн жарымынан көп жеринде таза суу жана электр энергиясы жок.
Элдин психологиясы эчак бузулган.
Американын демократиясы ушундай. ( Америкадан үмүт кылгандар үчүн.)
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 16 Декабрь 2011 - 16:07
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#6 28 Декабрь 2011 - 16:40
Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 28 Декабрь 2011 - 17:08
#8 06 Январь 2012 - 15:41
#9 17 Январь 2012 - 15:29
«Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып төлөө бар. Мамлекеттик тилди билбегендер үчүн дагы айып киргизип койсок, аны жакшы билип калаар деген ой келет», - деди ал.
Жыйында Тил комиссиясы мамлекеттик органдар иш кагаздарын жана сүйлөшүүлөрдү кыргыз тилинде жүргүзүү, мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилинде эркин сүйлөөгө шарт түзүү сунуштары айтылды
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жарандык коомдун активисттери менен жолугушуп, алардын тил маселесине байланышкан кайрылууларына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
А.Жээнбековдун айтымында, Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик тил экендиги белгиленген. Расмий тил катары орус тили колдонулат. Бул маселе боюнча Кыргызстандын эли өз эркин референдум аркылуу билдирген. Ошондуктан, тил маселесинин айланасында талаш-тартыштарды ырбата берүүнүн зарылчылыгы жок.
«Кыргызстандагы эки тилдүүлүк – өлкөнүн талашсыз жетишкендиги жана биздин элдин артыкчылыгы. Бул биз баарыбыз сыймыктануучу жалпы таанылган жагдай. Тил маселесин саясий кызыкчылыкка пайдалануу – болбогон, келечексиз иш. Мындай аяр нерсенин айланасында ойлонбой сүйлөө жагымсыз жагдайларга алып келиши мүмкүн», - деди төрага.
Ал билдиргендей, айрым депутаттардын жана министрлердин мамлекеттик же расмий тилди жетиштүү деңгээлде биле беришпегендигин моюнга алуу керек. Кээде мындай талаш-тартыштардын жаралышына техникалык жүйөөлөр, мисалы, так эмес котормо себеп болот. Тиешелүү кызматтарга мындан ары тексттердин жана сөздөрдүн котормосунун сапатын жакшыртууга катуу көрсөтмө берилди. Кыргыз парламентиндеги жалпы эл алдына чыгып сүйлөнгөн сөздөр так жана баардык депутаттар, чакырылгандар жана жалпы коомчулук үчүн түшүнүктүү болуш керек, дейт ал.
Бүгүн, 17-январда Баткен шаарында нааразычылык акциясына чыккан жарандардын КР президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Кайрылуунун толук тексти: «Урматтуу Алмаз Шаршенович, элибиздин жетекчилери! Биздин сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө, 2011-жылдын 29-декабрындагы улуттар аралык чыр-чатактын алдын алууда жана чыгышына “Баткен областынын губернатору А. Бурканов күнөөлүү” деп табылгандыгына Баткен шаарынын жана облустун эли макул эместигин билдирет.
Губернатор А.Бурканов окуяны уккандан соң кескин, тиешелүү чараларды көрүп, күч бирикмелерин бириктирип, көрсөтмөлөрүн берип, түнү менен окуя болгон жерге шашылыш барып, 2 саат аралыгында чыр-чатакты эки элдин аксакалдарынын катышуусунда чечип, ынтымак чайын берип элди таркаткан, 30-декабрь күнү Андарак айылында тынчтык өкүм сүрүп калган.
А.Буркановдун өз убагында, чечкиндүү көргөн чараларынын негизинде, Андарак айылындагы улуттар аралык чыр-чатак тез аранын ичинде басылып, коомдук абал турукташтырылган.
Чыр-чатак жөнгө салынып турукташтырылгандан кийин, КР Өкмөтүнөн жана Жогорку Кеңешинен комиссиялар келишип, губернатор А. Буркановдун жасаган иштерине туура баа беришпей, жалган справканы жазып кетишкен.
Жыйынтыгында, КР Өкмөтү да Жогорку Кеңеши да Баткен областынан өкүлдөрдүн катышуусуз маселени карап жана КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Ш.Атахановдун такталбаган маалыматын угуп, чындыкка дал келбеген чечим кабыл алышкан.
Жогоркулардын негизинде, КР Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин чечимдерин жокко чыгарып, маселени адилет чечүү максатында КР тарабынан атайын жергиликтүү аксакалдардын жана жаштардын катышуусунда комиссия түзүп, окуяны ордунда кайрадан иликтөөнү талап кылабыз.
Эгерде, биздин талап аткарылбаса 3 күндүк мөөнөттө, Баткен элинин калкы кайрадан нааразычылык акциясын, калктын калың катмарынын катышуусунда улантышаарын билдиребиз».
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 17 Январь 2012 - 15:29
#11 08 Февраль 2012 - 13:09
Сургут шаарындагы мушташтан мерт болгон 2кыргызстандыктын соогу шершенбиде мекенине жонотулот!
Окуя 6февраль куну болгон кафеде.Кафеге кыргыз кыздын туулган кунуно коноко барган кыргыз жигиттери менен дагестандыктардын ортосунда мушташ чыгып ошол жерде 2кыргыз жигити бычак жеп ооруканада коз жумушкан.Толук маалымат билгендер болсо калтырыздар!
Билдирүүнү түзөткөн: ELTYN: 08 Февраль 2012 - 13:10
#12 09 Май 2012 - 22:37
#13 13 Май 2012 - 13:17
#14 13 Май 2012 - 13:21
#15 13 Май 2012 - 19:04
Эскерте кетсек Түндүк Кореяда 1990-жж ачкачылыктан 2 млн киши каза болгон
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#16 18 Июль 2012 - 11:27
Муфтият.kg - Чубак ажы Жалилов
Бүгүн, мен Азрети Муфтийлик аманатты тапшырып бул жумуштан кетейин деп Уламалар Кеңешине арызымды жаздым. Муфтий болуп иштегениме бул айда туптуура эки жылдын жүзү толуп жатат.
Кудайга шүгүр, эки жыл ичинде тарыхта эстелик болуп калаарлык көп эле иштер болуптур: Кыргызстанда биринчи жолу Ак үйдө жана Парламентте намаз ачылды, биринчи жолу президенттике жана спикерликке намаз окуган адамдар келип отурат, биринчи жолу президентибиз эл менен чогу Айт намазын аткарды, мусулман жамааттарынын арасында ынтымак жана түшүнүшүүлөр пайда болду, башка өлкөнүн мусулмандары менен боордош тыгыз байланыштар түзүлдү, мисалга эле алып карасак быйыл Кувейтте КМДБнын өкүлчүлүгү ачылды, Орусия жергесиндеги мигранттар менен дайым иш алып барып, алардын зыяратында болуп жаттык
#17 11 Апрель 2018 - 22:34
#18 12 Апрель 2018 - 03:57
Кордук, кордук, Чубак ажы айткан, Кудайдан корккон, эл менен намаз окуган Атамбаев менен анын спикерлеринин Кыргыз элине, олкого болгон чыккынчылыгы кандай болгонун...
Чубак мактаган Атамбаев бир кадам турган ДАЧА-СУга барып маркумдарга атап Куран окуп коюга жарабады го... Болбосо ошол кандуу жук Аиамбаевдин контрабандалык жугу болуучу деген кептер эл арасында арбын айтылып келет. Эл айтса калп айтпайт демекчи, Чубак мактаган президенти тойдо осураттан болду го 7 жылда элдин конулуно кок чайдай тийип.......
#19 13 Апрель 2018 - 16:17
Аты аталган айым кыйын чыкты корунот. Прокуратурага келгенден бери ондуу жумуш жасаганын корбодук. Акыры жаны президенттин сунушу, жана парламенттин макулдугу менен кызматтан алынды.
Бир-нече кун мурда ЖКнын жыйынында бир топ аткаминерлерге ортон колун корсотуп, атпай кыргыз журтчулугунун оозун ачырды.
Бош калган кресло кимге буюрду экен???
Убакыт корсотот...
#20 19 Июнь 2018 - 02:36