Өткөөл куракта балдар кыздар өзгөрүп калышабы.
#1 14 Август 2016 - 16:36
Бул тема менен эмнени айтайын дедим 14-17 жашта биздин класста окуган балдар кыздардын 90% жинди болчу. Сиздердеда ушундай окуялар болду беле болсо бөлүшө кетсениз.
#3 14 Август 2016 - 17:28
Бир эле убакта психологиялык да, физиологиялык да жактан өзгөрүү оңойбу анан.) Адам жай мезгилинде жүрүп эле, даярдыгысыз кыш мезгилине түшүп калса ыңгайланышып кеткенге чейин кыйла убара тартат эмеспи, биздин өспүрүмдөрүбүз да чоңдордун жашоосуна биротоло аралашып кеткенге чейин ошондой абалда болушат.. Азыркы учурда арабызда ушул куракты баштан өткөрүп жаткан форумчуларыбыз да жок эмес экен , байкоом боюнча.)
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#4 14 Август 2016 - 17:56
Virus. (14 Август 2016 - 17:30) жазган:
туптуура галдирадин бадырын баш
Жан дүйнөсү жарды адамдар, сизге окшоп ар тарапка негативдерин чачыратып жүрүшөт. Сизди өөтө жакшы түшүнүп турам.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 14 Август 2016 - 18:18
#6 14 Август 2016 - 19:33
Virus. (14 Август 2016 - 19:19) жазган:
Нендурайын дабдыр сен акыл уйротпочу эл уйротсо да гангир баш
Неге адамдар оздору эки создун башын бириктирип суйлой албай эле,кооз суйлогондого асыла берет,ич куйдулук кылып?Бул кыздын коп билдируулоруно козум тушот мааниси терен,керектуу нерселерди жазат,адамга жай тушундуруп.
Тема боюнча бул куракта ар бир бир адам озгорулот бирок жинди эмес.
Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...
#7 14 Август 2016 - 19:38
Кудай сактасын, мүнөзүң өзгөрөт, ачуулуу болосуң, бирок өтүп кетет го. Жинди болсок соо адам калбай калт го
#8 14 Август 2016 - 20:08
Ошондой куракта эч нерсе жакпай, чымындан пил жасай берчүмүн. Ата-энем чет жерде болгондуктан,
чон ата, чон энемдин айткан акылы башымы жара чапкандай сезилчү го чиркин. Болбогон нерсеге эле өлүп алмак болдум го далай эле. Азыр ойлосом өзүмө бир чети тан калып, күлкүм келсе, бир чети далай жолу чон энемдин жүрөган оорутуп, айтканын жасабай тетириленгеним үчүн уялып, өзүмдү жек көрүп кетем. Балким класс жетекчибиз болбогондо эмне гана акмакчылыктарга барат элем ким билет. Бир жолу "Азыр силер өспүрүм курактасынар,
түшүнөм. Бирок эсинерге түйүп койгула, азыр кандай болсон келечекте ошол бойунча каласынар. Өзүнөрдү тарбиялай турган убак ушул"-деп айткан. Ошондо мээме бир нерсе жеткендей болуп, өзүмдү басканды, кичине акыл жүгүртүп ойлонгонго көндүм.
Эми синдим ошол куракта. Кийим, телефон, жигиттен башканы ойлогусу да келбейт. Бир нерсе десен күнөөлүү болуп отуруп калгандыр оордуна тен атат айтышып, ыйлап, "мени эч кимин жакшы көрбөйсүн, өлсөм жыргайсынар" -дейт. Бир нерсе дегенден да коркосун.
Жогоруда айткандай бир убакта физиологиялык да, психологиялык жактан да өсүп, өзүндү же чон адамдарга кошо албай, же биротоло жаш бала боло албай кыйналасын. Бирок баары убактылуу го. Өтүп кетет.
Эми синдим ошол куракта. Кийим, телефон, жигиттен башканы ойлогусу да келбейт. Бир нерсе десен күнөөлүү болуп отуруп калгандыр оордуна тен атат айтышып, ыйлап, "мени эч кимин жакшы көрбөйсүн, өлсөм жыргайсынар" -дейт. Бир нерсе дегенден да коркосун.
Жогоруда айткандай бир убакта физиологиялык да, психологиялык жактан да өсүп, өзүндү же чон адамдарга кошо албай, же биротоло жаш бала боло албай кыйналасын. Бирок баары убактылуу го. Өтүп кетет.
#9 16 Август 2016 - 21:04
Өткөөл кураакты билбей эле өтүп кетипмин. Оор басырыктуу болгонум үчүнбү билинбей өтүп кеткен. Оооо азыркыдай мүнөзүм болгондо...
#11 19 Август 2016 - 23:36
asko55 (16 Август 2016 - 21:04) жазган:
Өткөөл кураакты билбей эле өтүп кетипмин. Оор басырыктуу болгонум үчүнбү билинбей өтүп кеткен. Оооо азыркыдай мүнөзүм болгондо...
+++
Менде да өзгөчө реакциялар анчейин болгон эмес. Бир калыпта жүрүп эле өтүп кеткем бул курактан.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#12 20 Август 2016 - 02:23
Откоол куракта аябай озгоргом. Озум организмдеги болуп жаткан процесстерге зорго конуп жатсам, ата-энем совсем башка шаарга,башка мектепке алып кетип калган. Ал да аз болгонсуп уй-булодогу болгон азыраак проблемалар кошулуп биротоло башкача кылып таштаган. Озумчо эле нерв иштетип,кечке эле ыйлай берет элем. Анан любовь-морковь да болуп кетип асманда учуп калгам. Бир,эки жылдан кийин озумо коз жугуртсом коп нерсе озгоруп кетиптир. Азыр деле балким откоол курактын калдыктары бардыр,бирок эн кыйыны отуп кетти го.
Salam baaryna
#13 20 Август 2016 - 05:51

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#14 20 Август 2016 - 06:58
Откоол курактан кантип отконум да эсте жок...менде эч озгоруу болгон эмес.
#16 20 Август 2016 - 17:04
Азыркы жеткинчектер терс жакка бат тартылууда.
Ичкилик,тамеки у.с.нерселерге ошол куракта ооп баштаса,кийин ташташ кеч болуп калат. Балдарды байкасак азыр 6-7-кл.балдары кыздарга тийишип калбадыбы,себеп:
кандай болбосун кыз менен маек кургусу келет т.а,кызыгуусу кучойт. Чондордун жашоосуна аралашкысы келет,чондорду туурап суйлойт,озун маанилуу адам сезип калат. Мына ушул куракта туура багытка салыш керек баланы.
#18 21 Август 2016 - 10:56
Переходный возрастпы ... жаман кычышкан, кычаган убакыт ушулда.
#20 21 Август 2016 - 23:22