Аллахым жандарын Бейишке насип этсин(((
Москвада өрттөн улам каза болгон кыздардын элесине!
#22 03 Сентябрь 2016 - 13:16
Боордошторум.
Багабыз деп уй-булону,баланы.
Кезип кеткен башка олкону,талааны.
Арман толуп турса дагы коодондо.
Алыс таштап ата-энени,калааны.
Сенсиз билем кайгы орду толбосун.
Кан жутту эне жуткан сымал коргошун.
Жараткандан жалбарамын суранып.
Жаткан жерин жайлуу болсун боордошум.
Билем сенсиз кайгы кургур жанбасын.
Эне ыйын жан токтото албасын.
Тоолор урап тушкон сымал туюлду.
Топурагын торко болсун кандашым.
Орт тилсиз жоо. Оксуп калды асыл жар.
Бугун жок кечээки эле асылдар.
Ар биринди ойлоп,карек ирмесем
Акчу коздон силер учун жашым бар.
Билем билем кайгы орду толбосун.
Жаткан жерин жайлуу болсун боордошум.
Акбар Стамалиев.
Багабыз деп уй-булону,баланы.
Кезип кеткен башка олкону,талааны.
Арман толуп турса дагы коодондо.
Алыс таштап ата-энени,калааны.
Сенсиз билем кайгы орду толбосун.
Кан жутту эне жуткан сымал коргошун.
Жараткандан жалбарамын суранып.
Жаткан жерин жайлуу болсун боордошум.
Билем сенсиз кайгы кургур жанбасын.
Эне ыйын жан токтото албасын.
Тоолор урап тушкон сымал туюлду.
Топурагын торко болсун кандашым.
Орт тилсиз жоо. Оксуп калды асыл жар.
Бугун жок кечээки эле асылдар.
Ар биринди ойлоп,карек ирмесем
Акчу коздон силер учун жашым бар.
Билем билем кайгы орду толбосун.
Жаткан жерин жайлуу болсун боордошум.
Акбар Стамалиев.
#23 05 Сентябрь 2016 - 01:43
Оозунан сүтү кете элек.
Он тогуз жаштан өтө элек.
Оюнга тойбой эселек,
Кыргыздын кызы күл болду.
… Жаралып эне болалбай,
Жарына башын койалбай,
Бакытка балкып тойалбай,
Жаш кыздар күйүп жок болду.
Ата—эне калды күйүттө.
Балдары жатат күйүктө.
Армандар кетти бийикке.
Ботодой кыздар күл болду.
Балдары калып апасыз.
Жолдошу катып капасын.
Курсакта бала жатасың.
Бир эне күйүп жок болду..
Уулкан Амираева
Он тогуз жаштан өтө элек.
Оюнга тойбой эселек,
Кыргыздын кызы күл болду.
… Жаралып эне болалбай,
Жарына башын койалбай,
Бакытка балкып тойалбай,
Жаш кыздар күйүп жок болду.
Ата—эне калды күйүттө.
Балдары жатат күйүктө.
Армандар кетти бийикке.
Ботодой кыздар күл болду.
Балдары калып апасыз.
Жолдошу катып капасын.
Курсакта бала жатасың.
Бир эне күйүп жок болду..
Уулкан Амираева
Сенин көңүлүңдү ооруткан адам үчүн эч качан ыйлаба. Жөн гана жылмайып туруп: " Башка менен бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергениң үчүн рахмат " - деп ичтен айтып кой.
#24 07 Сентябрь 2016 - 03:37
Эне жашы тамбасын
Кара түтүн, каптап замат ааламды,
Кызы өлдү, эне кантти, аманбы.
Чынырыгы кулагыма жанырат,
Оо жараткан, кайтар деген баламды.
Кантип жашайт, перзенти жок энелер,
Чунагы өлсө, алар кошо жан берээр.
Кулунум деп сыздап жаткан апалар,
Тирүү туруп, гөргө кирген немелер.
Эч бир жанга, перзент күйүтүн салбасын,
Бала азабын, бир да пенде тартпасын.
Балапанын үмүт менен өстүргөн,
Эне сүтүн ар бир бала актасын.
Чырагым деп, эне жашы тамбасын.
автор : Венера Мырзабекова.
Кара түтүн, каптап замат ааламды,
Кызы өлдү, эне кантти, аманбы.
Чынырыгы кулагыма жанырат,
Оо жараткан, кайтар деген баламды.
Кантип жашайт, перзенти жок энелер,
Чунагы өлсө, алар кошо жан берээр.
Кулунум деп сыздап жаткан апалар,
Тирүү туруп, гөргө кирген немелер.
Эч бир жанга, перзент күйүтүн салбасын,
Бала азабын, бир да пенде тартпасын.
Балапанын үмүт менен өстүргөн,
Эне сүтүн ар бир бала актасын.
Чырагым деп, эне жашы тамбасын.
автор : Венера Мырзабекова.
#25 07 Сентябрь 2016 - 03:39
Үйдө күтүп калды апалар кан жутуп,
Үр кыздарын көрбөйт эми эч качан
Үмүттөрү аткарылбай өрттөлдү,
Үйдү кайгы, жүрөктөрдө толо арман..
Бой ташташып алоолонгон өрт жакка,
Боздоп ыйлап бир тууганга жүгүргөн
Кагылайын боордошумду көргөндө,
Көзүмдөн жаш, кан да акты жүлүндөн ((
Каргыш айтып коррупциячы тойбоско,
Кан жуттуң да каралдым ай карайлап
Кыздар үчүн кейибестир көр бийлик,
Кудай билет балким жүрөт майрамдап..
Же болбосо гитар менен ыр ырдап..
Калк башында турган болсо эр Манас,
Кезип тентип жүрмөк беле элдери
Керек болсо тоготподу бизди "эл" деп
Кыйыны эмес, ээрге сийээр бечели...
Уктап жатпай, умачтай көз ачса ээ,
Уулдары!, ..намысы бар берендер....
Ушул бүгүн көз жашы үчүн кыздардын,
Журт башына келсечи бир кеменгер!
Чачылганды жыйначуу журт башына,
Бизге керек эс акылдуу кеменгер! ...
Автор:ЖАННА МАМАСАДЫКОВА
Үр кыздарын көрбөйт эми эч качан
Үмүттөрү аткарылбай өрттөлдү,
Үйдү кайгы, жүрөктөрдө толо арман..
Бой ташташып алоолонгон өрт жакка,
Боздоп ыйлап бир тууганга жүгүргөн
Кагылайын боордошумду көргөндө,
Көзүмдөн жаш, кан да акты жүлүндөн ((
Каргыш айтып коррупциячы тойбоско,
Кан жуттуң да каралдым ай карайлап
Кыздар үчүн кейибестир көр бийлик,
Кудай билет балким жүрөт майрамдап..
Же болбосо гитар менен ыр ырдап..
Калк башында турган болсо эр Манас,
Кезип тентип жүрмөк беле элдери
Керек болсо тоготподу бизди "эл" деп
Кыйыны эмес, ээрге сийээр бечели...
Уктап жатпай, умачтай көз ачса ээ,
Уулдары!, ..намысы бар берендер....
Ушул бүгүн көз жашы үчүн кыздардын,
Журт башына келсечи бир кеменгер!
Чачылганды жыйначуу журт башына,
Бизге керек эс акылдуу кеменгер! ...
Автор:ЖАННА МАМАСАДЫКОВА
#27 07 Сентябрь 2016 - 03:43
Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?
Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек...
Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?
Тирүү калган... Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт...
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы сен, бирок алар билишпейт.
...Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт...
Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?..
© Нарсулуу Гургубаева
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?
Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек...
Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?
Тирүү калган... Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт...
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы сен, бирок алар билишпейт.
...Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт...
Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?..
© Нарсулуу Гургубаева