Ассаляму алейкум, мусулман бир туугандар!
Кеңешиңиздерге аябай муктажмын. Азыр 5 айлык боюмда бар. Бир жума алдың узиге тушсом, балаңдын ичинде суу бар, ичи өзүнө караганда чоң болуп турат, чоңойгон сайын ичи дагы чоңоюп кыйналат, чарчап калуусу дагы мүмкүн деди. Бир эмес 3 узиге түштүм, баары бирдей диагноз коюп жатат. Алдырып ташта, болбосо өзүң дагы, бала дагы кыйналат, төрөлгөндө чарчап калат же инвалид төрөлөт деди. Башында грипп болгон элем, ошонон же каныңда вирус бар деди. Эмне кылайын, ичимде кыймылдап турган жанды алдыруу кыйын болот экен. Кеңешиңиздерди күтөм!
Кеңеш бериңиздерчи, сураныч!
#2 23 Август 2016 - 22:24
Чон кыз,чындыгында ичиндеги жанды кыя албайсын,анткени ал сенин канындан жаралган. Аборт кыл деп айтканга акым жок. Бирок куйоон, кайындарын менен кенешип,врачтардында айтканын угуп,ошого жараша иш кыл.
#3 23 Август 2016 - 22:24
Сиз УЗИге ишенбей, анализдерди да тапшырып корун. УЗИсттер да Кудай эмес, адашат. Онойбу адам болуп калганды олтуруп коюш. Баарын от и до текшертин. Эмне дегенде бир орус аялды бул жакта анализдеринен Дауна бала торолот, оорукчанды не кыласын дешкен врачтар, куйоосу. Озунукуно туруп алып оорукчан болсо да, менин балам деп туруп алып, сопсонун кыз торогон.
#4 23 Август 2016 - 22:29
Рахмаат чоон. Анализдерди тапшыргам, буйруса эртен жыйынтыгы чыгат. Кандай чыкканын сиздерге дагы айтам го.
#5 23 Август 2016 - 22:30
Эгер узи туура диагноз койгон болсо, анда баланы да, озунда кыйналбай аборт кылган онго.
#6 23 Август 2016 - 22:35
Эже врачтар адашышы мумкун, мени да апам тороп жатканда, врачтар атама же аялын, же балан деген экен. Атам конбой койгон экен, апам мени бир жакшына тороп алган АлльхамдулиллЯх!
Дегеним абдан ойлонуп иш кылын, баланызды жоготсонуз кийин окунуп калышыныз мумкун..
КУДАЙДАН тилен, намазда коп коп дуа кылын, боюнда бар аялдын дуасы кабыл болот экен.

#7 23 Август 2016 - 23:09
Менин кызым боюмда бар болгондо кан коро берчумун, сохраненияга жатткам ошондо бир врач бул бала болбойт алдырып сал,торолсода ооруй берет журогумду тушургон ...мин шугур азыр кызым школго барат..
#8 24 Август 2016 - 12:07
Кенеш беруу кыйын экен, чынында. А сиздер учун чечим кабыл алуу андан да кыйын болоору белгилуу го. Узи допплерлерге тушуп кайра-кайра дагы текшертиниз.
Эгер аларда да ошондой абал болсо, анда торот чакыртуу менен аборт жасатуу оптималдуу вариант. Торот чакырууга эртерээк болсо, анда бир аз куто туруп, анан кайра узиге тушуп озгоруу барбы-жокпу текшерип коруп, анан торот чакырууга болот. Бул менин жеке пикирим, адаттагы тазалоо(чистка)аборт мындай ситуацияда сиз учун кооптуу болушу мумкун, себеби срогунуз чон экен. Маткага доо кетсе кийин бойго бутуром деп кыйналып каласызбы деген ой. А жасалма жол менен чакырылган торот аз да болсо организминиз учун ынгайлашып кетууго шарт тузот.
Акыбалынызды ойлоп жаман болуп кеттим бирок. Абортко бараардан мурда шашпай ойлонунуп корунуз
Дагы мындай пикир жаралды, айрым кемтиги бар ымыркайларды хирургдар торолоору менен аз кун аралыгында операция жасап омурун сактап кала алышат экен, супердин гезит сандарында жургон. Ушул эле сайттан архивдерин карасаныз, маалымат бар болсо керек. Ошол врачтардын адрестерин алып, анализдеринизди корсотуп консультацияга барып келсенизчи? Суусу чоноюп кетпесин учун тогуз айга жеткирбей тороп анан операция жолу менен сактап калууга аракет кылып корсонуздорчу?

Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 24 Август 2016 - 12:12
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 24 Август 2016 - 12:19
ТУБАСА ИЧЕГИСИ ТУЮК, ЖАТЫНЫ ЖОК ТӨРӨЛГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ
№588 07-февраль-13- февраль, 2014-ж
Учурда тубаса майып балдардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу көп айтылууда. Мунун себеби эмнеде жана анын алдын алсак болобу деген суроого жооп издеп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш бактык. Анткени республика боюнча оорукчан, анын ичинде тубаса майып туулган балдардын көбү ушул жерге келип дарыланышат.
«КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ӨЗҮН КАРАБАСА, БАЛА ООРУКЧАН ТӨРӨЛӨТ»
Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВди кепке тарттык:
– Камчыбек мырза, сизге алгач учурда тубаса майып балдар көп төрөлүп жатабы деген суроону узаткым келип жатат...
– Акыркы 5-6 жылда майып туулган балдардын саны 15 пайызга чейин өстү.
– Кайсы оорулардын түрлөрү менен көп төрөлүүдө?
– Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2013-жылы жаңы катталган тубаса майыптардын саны 3414кө жетти. Мындан сырткары 2014-жылдын январына карата өлкөдө 1-17 жашка чейинкилерден 20 815 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар экендиги такталган. Булардын жарымынан көбү тубаса майыптар. Кандай оорулар менен көп төрөлө тургандыктарын карап көрөлү:
1-орунда нерв системинин аномалиясы (баш мээге суунун толуп кетиши, омуртканын туура эмес өнүгүүсүнөн улам жүлүндүн сыртка чыгып төрөлүшү, церебралдык шал оорусу, баш мээнин шишиги жана башка) турат. Ал эми андан кийинки 2-орунду жүрөк кемтиги, 3-орунду органдардын аномалиясы (кулагы же жатын кыны жок, ичегиси сыртка чыгып төрөлүү жана башка), 4-орунду кол-буттун аномалиясы (канча бир манжасы жок же бир буту кыска, май таман, колу кыйшык жана башка) ээлейт.
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлбөшүнүн кантип алдын алса болот? Эмнелерди билүү кажет?
– Балалуу болууну пландагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана өнөкөт оорусунан дарылануулары зарыл. Боюнда болордон 3 ай мурда болочок баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши абзел. Ал эми боюнда болгон өзгөчө алгачкы 3 ай ичинде врачтар тарабынан коюлган талаптарды аткаруулары кажет. Анткени алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрүнүн түзүлүп, калыптануусу жүрөт. Ушул мезгилде аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-аштарды колдонуп, өз алдынча дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичпеши керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу кажет.
«ТУБАСА НЕРВ ООРУЛАРЫ МЕНЕН КӨЛДӨН ЖАНА ТҮШТҮК АЙМАКТАРДАН КӨП КЕЛҮҮДӨ»
Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси БАКЫТБЕК КАРАЧЕВге кездешип, төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 800 бала түшүп, 320сына операция жасалган (айрымдарына этап менен). 800 баланын 70 пайызы тубаса хирургиялык нерв оорулары (баш мээ жана жүлүн) менен ооругандар. Аларга мээсине суу толуп төрөлгөндөр, мээсинин катуу кабыгы сыртка чыгып калгандар, моюн жана көкүрөк, бел туштагы жүлүндүн грыжасы менен жарыкка келгендер бар. Булардан тышкары мээсинин толук катмары жок (мээнин өзөгү менен каракуш мээ гана бар болуп, калганын суу басып турат), арткы мээнин грыжасы (грыжа экинчи баштай болуп көрүнүп калат), мээнин шишиги менен туулгандар келет. Айта кетчү нерсе, дал ушул баш мээнин тубаса шишиги менен төрөлгөндөр акыркы 5 жылда көбөйдү.
Тубаса нерв оорулары менен балдар көп келген аймактарга Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен кирип жатат. Балдардын мындай майып төрөлүп калышынын башкы себеби эненин сапатсыз тамак-аш колдонуусу, стресстер, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруусу, фолий кычкылынын жетишсиздиги, ичкилик ичип, баңгизатын пайдалануусу жана башка болууда.
«1 ЖЫЛДА 300-350ДӨЙ НЫШАН БАЛАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
Бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ өз сөзүндө буларды баяндады:
– Бизге бет-жаактын түркүн оорулары менен ооругандар келишет. Анын ичинде нышан (эрини, таңдайы жырык), жаактын шишиги менен тубаса туулгандар бар. Нышан боюнча 1 жылда 300-350дөй балага операция жасалат. Бул мурунку 5 жылга караганда көбүрөөк. Мындай майып балдардын төрөлүшүнө негизинен энелеринин жакын туугандарына баш кошуусу, боюнда бар кезде жугуштуу оорулар менен ооруусу, ичкилик ичүүсү, химиялык каражаттардын жана радиациянын таасирине кабылуусу себепкер.
«КӨКҮРӨГҮ ИЧКЕ КИРИП ЖЕ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
Ал эми №1-хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу, Саламаттыкты сактоонун отличниги НУРБЕК АМАНБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 880 бала түшүп, алардын 530уна операция жасалган. Тагыраак айтканда, бизге ичегиси сыртка чыгып калгандар (ичегилери киндиктен сыртка чыгып калат), ичегиси, кекиртеги же көтөн чучугу туюктар, көчүгүндө шишик (тератома) өскөндөр, көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып кеткендер келишет. Булардан тышкары манжалары биригип келгендер, май тамандар, жатыны же жыныс кыны жоктор, ичегилери туура эмес жайгашып калгандар, жамбашы чыгып туулгандар сыяктуулар алынып келинип, операция жасалат. Минтип төрөлүп калган балдардын саны акыркы жылдары көп болууда. Көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып туулуп калгандар мындан 6-8 жыл мурун Көлдөн көп келчү, азыр саны азайды. Ал эми Миң-Куш жана Нарын тараптан мээнин шишиги менен абдан көп келишчү эле, азыр алар да азайды (сыягы, радиациянын таасиринен улам). Жогорудагы оорулар менен тубаса төрөлүп калуулардын башкы себеби – энелердин болочок баласынын ден соолугуна кайдигер карагандыгы.
«ЖЭЭНИМЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
НУРКАН СЫДЫКОВА, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 43 жашта:
– Учурда 1 жаш 4 айлык жээним Алымбекти карап жатам. Ал тубаса гидроцефалия (башка суу толуп кетүү) менен төрөлгөн. 5 айында Оштон башына туура эмес операция жасашкан экен, бул жерден нейрохирургия бөлүмүндө кайра операция жасашты. Азыр баланын абалы жакшы, врачтарга рахмат. Алымбектин оорукчан болуп төрөлүп калуусуна апасынын кош бойлуу кезинде ооруганы себеп болдубу же башкабы, так билбейбиз.
«БАЛАМДЫН ЭРДИН ТИГИШТИ»
ХАЛИМА МЕЙСАНОВА, Бишкектин тургуну, 33 жашта:
– Балам Абдыкерим 9 айлык. Нышан болуп төрөлгөн эле, 7 күн мурун бет-жаак хирургия бөлүмүндө операция жасашты. Азыр баламдын абалы жакшы.
Боюмда барда катуу сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылбастан өз билгенимдей дарылангам. Ошонун кесепети тийдиби деп ойлойм.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

#12 24 Август 2016 - 21:48
Баарыныздарга чоон рахмаат. Аллах ыраазы болсун. Бугун врачка барып келдим, анализдерим таза чыкты, канымда эч кандай вирус аныкталбаптыр,
Кудайга шугур. Эми врач айтты, бир жумадан кийин кел деп, узиге дагы тушурот экен. Азыр бала азыраак кыймылдап, ичегилери да кыймылы аз болгондукдан,
узиде капкара болуп, суудай корунуп калат. Бала чоноюп, ичегилери кыймылдаганда сууга окшогон кара нерсе жок болуп кетет деди.
#13 24 Август 2016 - 22:27
Автор ылайым жакшы эле болсунчу, анализдер таза болсо шашпаныздар,
дагы кучтуу врачтарга корунгуло, Аллах озу колдосун....
#14 26 Август 2016 - 14:50
Мумкунчулугунуз болсо УЗИ-допплерге эле тушуп корбойсузбу,
тагыраак маалымат айтаар беле...
#15 26 Август 2016 - 15:04
Asyl.jazi (24 Август 2016 - 21:48) жазган:
Баарыныздарга чоон рахмаат. Аллах ыраазы болсун. Бугун врачка барып келдим, анализдерим таза чыкты, канымда эч кандай вирус аныкталбаптыр,
Кудайга шугур. Эми врач айтты, бир жумадан кийин кел деп, узиге дагы тушурот экен. Азыр бала азыраак кыймылдап, ичегилери да кыймылы аз болгондукдан,
узиде капкара болуп, суудай корунуп калат. Бала чоноюп, ичегилери кыймылдаганда сууга окшогон кара нерсе жок болуп кетет деди.
Кыргызстандын узисине аябай тан калдым чынында, бир эже да жакында торойт, уч жолу узилерге тушсо кыз деген экен, Москвага келип тушсо 100% эркек деп айтыптыр, бут кыз баланын кийимдерин алып салдым эми кантем эркек баланын кийимин аламынбы деп ойлонуп олтурат, кудайдан ден соолугу менен болсо болду деп. Кудайга дуа кылып эле торолушун жакшы нийет менен куто берин. Узи адашышы мумкун.
АльхамДулилЛяh
#16 26 Август 2016 - 21:39
эсен аман эр тороп этегине ороп ал..буйруса баары жакшы болот,ниет кылып кудайдан тиле.
#17 26 Август 2016 - 23:26
Nassa (26 Август 2016 - 15:04) жазган:
Кыргызстандын узисине аябай тан калдым чынында, бир эже да жакында торойт, уч жолу узилерге тушсо кыз деген экен, Москвага келип тушсо 100% эркек деп айтыптыр, бут кыз баланын кийимдерин алып салдым эми кантем эркек баланын кийимин аламынбы деп ойлонуп олтурат, кудайдан ден соолугу менен болсо болду деп. Кудайга дуа кылып эле торолушун жакшы нийет менен куто берин. Узи адашышы мумкун.
Али тороло элек экен го,балаим КРда туура айткан болуп калаттыр.Негизи узи деле 100% так айта албайт.Бул жакта да адашып айткандар коп
#18 27 Август 2016 - 00:03
Мендагы узиге ишенбей калдым , анткени 1чи балам боюмда болуп 7ай болгончо узиге тушуп турдум баарысы Жакшы жакшы деген жыйынтык болчу ,бирок кутуусуздон толгоом башталып 7айлык болуп торолду 800гр болуп Эркек балам ,4кун вакумда жатып чарчап калды.
Корсо врачтар эч кимиси деле билген жок ,узиден дагы коргон жок Канча жолу туштум ар кайсы клиникага .Маткамда миома болуп баланы кыссып остурбой коюптур .Азыр Кызым бар тороп алдым даарыланып Аллага шугур .

#19 27 Август 2016 - 01:07
Nassa (26 Август 2016 - 14:04) жазган:
Кыргызстандын узисине аябай тан калдым чынында, бир эже да жакында торойт, уч жолу узилерге тушсо кыз деген экен, Москвага келип тушсо 100% эркек деп айтыптыр, бут кыз баланын кийимдерин алып салдым эми кантем эркек баланын кийимин аламынбы деп ойлонуп олтурат, кудайдан ден соолугу менен болсо болду деп. Кудайга дуа кылып эле торолушун жакшы нийет менен куто берин. Узи адашышы мумкун.
Россияда деле адашат. До последнего уул деп жатып бизде кыз торолгон.
#20 27 Август 2016 - 11:41
Эже аман эсен здоровый алты саны аман бобок тороп алыныз кудайдын жардамы менен, мен ар айда эле тушо берет элем допплерге да коп туштум кантип жатат,суусу кандай,пуповинасы ордундабы деп эле 9 айда 10 жолу туштум окшойт озунчо эле ойлоно берип тушо берет элем