Балдарынарды жат бироо капа кылса урса болушасынарбы.
Негизи болушуу туурабы? Мен кээде болушам бирок окунуп журоберем неге болуштум экен деп. Айрыкча энелер оюнар кандай?
Баланарга болушасынарбы? Ким кандай ойдо?
#3 08 Июнь 2020 - 03:32
#4 08 Июнь 2020 - 07:08
Бироо урушмак тургай башкачараак козу мн караса жанымы коерго жер таппай калам. Ошол адамды барып туруп жыга чапкям келет . Баарына чыдайм,бирок кыздарыма бирнерсе болсо чыдай албайм!
#5 08 Июнь 2020 - 09:01
Менин кызым эки үйдүн эркеси, азырынча эч ким капа кыла элек, кичинекей дагы акылына кире элек.Мен да баарына чыдадым мүмкүн,кызыма жөн карап тура албайм.
#6 08 Июнь 2020 - 13:17
#7 08 Июнь 2020 - 14:41
Энеси болушчаактын баласы ыйлак деп бекеринен айтышпайт, болушуш керек бирок чеги менен. Бир мисал келтиреин мектепте бир бала бар эле такыр окубайт эле жаз десен жазбайт, тапшырма аткарбайт, окуй албайт таптакыр даже оз атын туура жаза албайт 6-класс болсо дагы, урушсан сени менен тенме тен жаакташып жанагы кочодогу катындардай айтпаган созу калбай урушат, шоктугу тим эле эч кимге баш бербейт, классындагы балдарды токмоктоп, кыздарды дагы тепкилеп уруп салчу,анан эле окуудан эч нерсе билбейт жон отура бербей сабак өтүп атсан эжеке паланча аке сиздин куйоонузбу,
паланчы сиздин ининизби деп жанагы ушакчы катындардай сурай берет, мени жаш деп мага эле ошентеби десем мугалимдердин баарына ошентет экен. Бир күн жиним келип сабактан чыгарып салдым мага ата эненден бироо келсин болбосо сага таптакыр чейрек чыгарбай кийинки класска кочтурбой коем дедим. Эртеси апасы келди айланайыыын кантораны башына кийип. Мени "баламдай эле экенсин мага акыл уйротпо дейт" баланыз окубайт, айтканды укпайт, сабакта беймарал телефон кармап олтурат, башкаларга да тоскоол болот десем " мейли дейт мен боюмда барда даары ичкенмин ошол үчүн балам слабый төрөлгөн аны оку, жаз деп кыйнабагыла,
мага эптеп балам атестат алса болду дейт. Анда врачтан оорулуу деген справка алып келип бериниз десем жок бардык жери соо оорубайт дейт анда эмнеге окубайт десем ошондой өзү каалабаса тийбегиле дейт, субботник кылдырат экенсинер менин балама жасатпагыла дейт. Угуп тан калганмын, ошондо болушчаак ата энелер өз балдарын өздөрү майып кылат экен деп ойлоп калдым. Болбосо ошол баласын кичинесинен окуй аласын оку, жасай аласын жаса деп уйротсо башкача болот беле...
Внешность - это козырь , но не туз…
#8 11 Июнь 2020 - 22:42
Менин кызым бир аз назик. Үйдө 5 жаш бала бар. Катуу кармап,мыжыгышат экен мен жокто. Көрсөм баарыны стройго тизем. Антпесем козумдун денеси көгөрө түшөт. Кайнене,кайнатанын көзүнчө эле урушуп коём. Өзүнү эптегенге чейин болушуп турайын)
#9 12 Июнь 2020 - 06:26
Болушпайм көп эле. 4 жашка карап кетип атат. Шок. Эжелери, акеси катуу тийип коёт. Шоктугуңан көр дейм. Кызым кичине. Аны эч ким капа кылбайт. чоң энеси болушат.
#10 12 Июнь 2020 - 14:51
Мен уйлоно элекмин бирок балам болсо серозный кармаганга аракет кылам, ото эрке кылган да жаман башынча чыгып созунду укпай калат да, ошон учун Бир соз айтканда уккандай болсо! Бирок менден катуу "Ата" чыкпайт го кичинекей карындаш инилеримди ваапшше уруша албайм анан билбейм Оз канымдан жаралган баламды бополоп эле калам го...
#13 24 Сентябрь 2020 - 10:28
Мен негизи эле кичинемден баласаакмын.
Сиңдим мен 16га чыкканда төрөлдү. Ошону деле кандай мээрим менен чоңойттук. Азыр 12ге чыкты, дагы деле көргөндөр айтат "оюндагысын кыласың, аябай эрке" деп, бизге билинбейт да. Анан ошончо мээрим менен чоңойткон наристени бирөө капа кылсынчы эмне болуп кетээр экенмин. 
Ал эми өзүбүздүн балдарыбыз мындан да башкача мээрим менен чоңойсо керек буйруса. Бирок, чектен чыгып ашыкча эркелетип болуша берген да боло бербейт. Маминкин сынок болуп калышын каалабайм. Кыз кишиге эркелик жарашат мейли, бирок, уулумдун чоюлуп, эркеее болушун каалабайм. Уулдарым атасындай ЭРКЕК болсо дейм. Кыздарым мага окшош кызганчаак болот буйруса)).

В каждой шутке есть доля правды...
#14 08 Май 2021 - 23:42
Адилеттуу караганга аракет кылам.Кызым туура эмес кылган болсо тушундуром.
Бирок,баарыбир болушкун келип кетет экен,болушчу жерде болушуп коем. Менден башка бироо катуураак суйлоп койсо эле аябай жаман болом,урушуп салгым келип,сабыр.
Укугун тебелетпегенге аракет кылам.Балдарым дегенде жаныбызды бергенге даяр экенбизго.
#15 21 Август 2021 - 08:31
Тентуштары менен урушуп-талашса болушпайм. Улуу кишилер туура эмес бир нерсесине урушса тушундуром андай кылган болбойт деп, а эгер туура эмес эле элдин козунчо урушуп-уруп корсунчу баламдын намысына тийип мындай учурларда (я за себя не отвечаю) дегендей эле. Так что мен болушам.
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#17 05 Октябрь 2021 - 23:20
Мен негизи эле кичинемден баласаакмын.
Сиңдим мен 16га чыкканда төрөлдү. Ошону деле кандай мээрим менен чоңойттук. Азыр 12ге чыкты, дагы деле көргөндөр айтат "оюндагысын кыласың, аябай эрке" деп, бизге билинбейт да. Анан ошончо мээрим менен чоңойткон наристени бирөө капа кылсынчы эмне болуп кетээр экенмин. 
Ал эми өзүбүздүн балдарыбыз мындан да башкача мээрим менен чоңойсо керек буйруса. Бирок, чектен чыгып ашыкча эркелетип болуша берген да боло бербейт. Маминкин сынок болуп калышын каалабайм. Кыз кишиге эркелик жарашат мейли, бирок, уулумдун чоюлуп, эркеее болушун каалабайм. Уулдарым атасындай ЭРКЕК болсо дейм. Кыздарым мага окшош кызганчаак болот буйруса)).
Ал эми өзүбүздүн балдарыбыз мындан да башкача мээрим менен чоңойсо керек буйруса. Бирок, чектен чыгып ашыкча эркелетип болуша берген да боло бербейт. Маминкин сынок болуп калышын каалабайм. Кыз кишиге эркелик жарашат мейли, бирок, уулумдун чоюлуп, эркеее болушун каалабайм. Уулдарым атасындай ЭРКЕК болсо дейм. Кыздарым мага окшош кызганчаак болот буйруса)).
В каждой шутке есть доля правды...
#18 05 Октябрь 2021 - 23:23
Балдарынарды жат бироо капа кылса урса болушасынарбы.
Негизи болушуу туурабы? Мен кээде болушам бирок окунуп журоберем неге болуштум экен деп. Айрыкча энелер оюнар кандай?
Бирок, чын эле тилдегени тилдеп алып, кайра өзүмчө эле өкүнүп калдым, унчукпай эле койбой деп)).
В каждой шутке есть доля правды...
#19 05 Октябрь 2021 - 23:32
Апасы болушчаактын кызы ыйлаак)
Келечекте балаңдан эмнени кааласаң, азыр балага ошол нерсени бер. Болуш, корго, мээрим төк.
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия