аялыны кызганыш керек бирок чеги менен.
Кызганыч жөнүндө... сүйүүбү же...
#541 18 Апрель 2014 - 14:41
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#542 18 Апрель 2014 - 15:45
Оа чеги менен кызганган жакшы.Чектен чыкса урушка айланат.
Анан тема боюнча, кызгануу бул суйуу болсо керек деп ойлойм.Суйгондугу учун кызганат.
Анан тема боюнча, кызгануу бул суйуу болсо керек деп ойлойм.Суйгондугу учун кызганат.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#543 18 Апрель 2014 - 17:21
#544 19 Апрель 2014 - 14:51
Кызганыч бул ыймандан.Ыйык куранда аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт деген.
Кызганбаган эркек чочкодон айырмасы жок,ошондуктан канчалык бир денгелде кызганыш керек.
Кызганбаган эркек чочкодон айырмасы жок,ошондуктан канчалык бир денгелде кызганыш керек.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#545 19 Апрель 2014 - 18:34
Ким суйсо ошол кызганат дейт беле,бирок чектен ашып кызгануунун пайдасы жок экенин кобу эле тушунуп туруп да,чектен чыгып кетишет.....
#546 19 Апрель 2014 - 19:39
Мен ашыкча кызганчаакмын.
Кызганганда өзүмө болгон контролду жоготуп коём. Эмоциямды ичке жашыра албайм, мен сени кызганып жатам деп эле айтам.
Тема боюнча, Кызгануу сүйүү пункттарынын бир бөлүгү, сүйсөң албетте кызганасың.
Тема боюнча, Кызгануу сүйүү пункттарынын бир бөлүгү, сүйсөң албетте кызганасың.
#547 22 Апрель 2014 - 15:14
менде кудайга шугур кызганыч туп тамырынан жок билбейм оозумдагы жемди дале алдырып коюп журо берем апам айтып калат азыр кыйын боло бербе барибир пайда болот деп
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#548 22 Апрель 2014 - 15:24
#549 22 Апрель 2014 - 18:30
Эркектер кызганса аял затын жүдөтүп жиберет. Кызганбаганы эле жакшы го. Отчет берсе неге актанасын дейт кыскасы, эркектер кызганбаса жакшы да
#550 22 Апрель 2014 - 18:45
Giza (22 Апрель 2014 - 18:30) жазган:
Эркектер кызганса аял затын жүдөтүп жиберет. Кызганбаганы эле жакшы го. Отчет берсе неге актанасын дейт кыскасы, эркектер кызганбаса жакшы да
Жоок эжекеси кызганыш керек, но чеги менен. Бардык жоктун чеги менен болгону жакшы. Кызганбаган бир эле чочко жаныбары экен. Калган жаныбарлар баары кызганышат экен уургачысын. Эми жаныбарлар кызганып аткандан кийин, адам кызганбай калса чочкодон айырмасы калбайт. Так штоо кызганыш керек, чеги менен.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#551 22 Апрель 2014 - 19:33
мен да кызганчаакмын куйоом мен кызганган сайын ошол нерсе жагабы кызгантыра берет ар кайсыны суйлоп акыры бакырып айтканын кылбай койом анан токтойт,озу билдирбей кызганат эгер чогуу жургондо мени бироо карап койсо ошол адамды жеп иргидей карап согунуп калат мен байкамаксан болуп койом,кыскасы чектен чыкпайт ага жол бербейм озумда.
#553 22 Апрель 2014 - 23:02
Кызгануу бул - качан гана жактырган адамыңды жоготуп алуудан корккондо пайда болуучу сезим. Кызгануу болуш керек бирок, чеги менен. Өзүнө ишенбеген адам гана өтө кызганчаак болот деп ойлойм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#554 23 Апрель 2014 - 00:34
Чеги менен деп олтура берген да болбойт да. Суйгон адамын кызганат баары эле кызганат. Ал тургай короздор да тоокторду кызганат. Адамдар акылы тооктон айбандан алда канча жогоруда.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#555 27 Апрель 2014 - 02:33
Мен да кызганам.ушул темага бир окуя жаза кетейин.Тагамын досунун аялы эч кызганбайт экен.бир куну куйосу иштен шашып келип эле аялына кыздарга кафеге барайтканын айтат.аялы да кийимдерин даярдап жасантып койот экен.тагам болуп кафеге барып кыздар менен таанышып пиводон ичип мас болуп ал куну тагамын уйундо уктап калат.эртеси туруп тел караса зв кылбаганын коруп жини келип уйуно келип аялын аябай сабаган экен сен мени кызганбайсын деп.мына мырзалар кызгансак да кызганбасак да бир муш жейт экенбиз.
#557 27 Апрель 2014 - 12:34
Анын аялы да соо эмес окшойт. Кыздарга озу жасантып жонотсо. Экоо тен соо эмес окшойт. Же ээрин катуу суйобу эмне десе ошону кылып?

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#558 27 Апрель 2014 - 12:41
Кызгануу - эки жардын ортосундагы,
суйушкондордун ортосундагы кызгануусу чеги ,акылы менен эле болгону жакшы! Бийлик,байлык талашып,бир туугандар арасындагы ата-энесинин суйуусун кызгангандар,
огой ата,энелердин жарын балдарына кызгануусу чегинен ашып акыр аягы жакшылык нерсеге алып келбейт,журокту кенен коюп эле жургон жакшы!!!
#559 27 Апрель 2014 - 21:45
Кызганычтын чеги менен болгону оң. Канчалаган аялдар бар, күйөөсүнүн ашыкча кызганганынан азап чеккен. Алардын ичинен болбогон нерседен кызганып, чыр чыгарып, аялын катуу сабап койгондор, бычактап салгандар да бар.
Жеке өзүмө келсем, мен да кызганчаактардын катарына кирем. Түзүк эле кызганам, ушунчалык билдирбейин десем да өңүмө чыгып калат экен. Аны тууган-урук, жоро-жолдошторго чейин билип алышып, мага тамашалаганын коюшпайт. Жолдошум чеги менен кызганат, кээде гана обу жоктонуп кетпесе.

#560 27 Апрель 2014 - 22:08
Бул жакта квартирадагылар жакында эле тамашалаша койобуз деп, бир жубайларды уруштуруп жибериптирбиз.
Анан ушундайча орой тамашалардан алыс бололу, көпчүлүккө сабак болоор деген максатта жанымда жашаган кыз айтып берген окуяны жазып койойун дедим. Бул бирөөнүн үй бүлөөсүнө кийлигишүү,
алардын чатагын жарыялоо дегенге жатпаса керек дейм, анткени алар жөнүндө (аты-жөнү, жердиги дегендей) информация бербейм да.
Эл катары жай турмуш кечирип жаткан эле жубайлар. Келинчеги төркүнүнө барса ата-эне, эже-сиңдилери туулган күнүн шылтоосунда алтын сөйкө тагышат экен. Аны күйөөсү деле билет дегиле. Анан бир күнү эле күйөөсүнө алысыраак жеңелери "апеей, аялың жаңы алтын сөйкө тагыптыр дейби" деп сөйкөнүн жөнүн билсе деле тамашалашып калат. Ал "ооба, кайын журттагылар белек кылыптыр" десе, жанагы аял "кокуй, ошентсе ишенип калдыңбы, азыр бирөөгө бирөө алтын тагаар заманбы, бир туугандарынын өзүнүн тирилиги жок бекен. Мен аныңдын баягыда бир машинадан түшүп атканын көргөм" деп койот экен. Анан кайра тамаша экенин, көңүлүнө албашын айткан экен. Ал күйөө сөрөй ошол күнү ичип барып, аялынын кулагындагы сөйкөнү жулуп алып, анын кулагы айрылып, сөйкөнү бырчалап, келинчегин катуу сабап салган экен. Аны уккан кыздын төркүнү жиндеп, чыр чыгарыптыр. Мына кызганыч, орой тамашаны түшүнбөй ээликкен эркек. Ким күнөөлүү.