Суперстан: Кызганыч жөнүндө... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (58 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кызганыч жөнүндө... сүйүүбү же...

#661 Пользователь офлайн   ma4ak   14 Октябрь 2014 - 08:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2020 08:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылдык

эээ ушу кызгануу күйдүрдү да. кызгануунун айынан көп таарынышып, көп уруш болот,бизде да азыр ашыкча кызгануу болтат же биз түшүнбөйтабызбы билбейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#662 Пользователь офлайн   Patrik   22 Октябрь 2014 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Баардык нерсе чеги менен болсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#663 Пользователь офлайн   jurogum.   24 Октябрь 2014 - 04:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 402
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Kyzgansamda aitpaim birok
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#664 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   24 Октябрь 2014 - 07:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#665 Пользователь офлайн   jasi   24 Октябрь 2014 - 11:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кызганыч – бул сүйүүнүн белгиси, бул башка адамдын сенден артыкчылыгын сезүү жана сүйгөнүңдү жоготуп алуудан коркуу. Кызганыч – бул сүйгөн адамдын азабы жана сүйгөнүңдүн таарынычтары. Кызганыч ар дайым кичине нерсени чоң, эргежээлди – гигант, күмөндүү нерсени чындык кылып көрсөтөт. Ошондуктан жубайлардын ортосундагы кызгануу шарият уруксат берген чектен ашпоосу керек.

Жубайлардын бири-бирине болгон ишенүүсүн жоготуп, ортодогу сүйүүнү талкалап, үй-бүлөнүн тынчтыгын бузган кызганууга шарият жол бербейт. Шариятка ылайык күйөөсү аялынын ар бир кадамын аңдып, ашыкча шектенип, негизсиз айыптабашы керек. Ислам ашыкча шектенүүгө тыюу салат. Ыйык Куранда: мааниси: “Эй, ыйман келтиргендер! Күмөн саноонун көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңердин артыңардан ушак кылбагыла”.
(Хужурат сүрөсү, 12-аят)
Ошондой эле күмөн саноого алып келүүчү тыңчылык кылуу, бирин-бири аңдытуу жана бирөөнүн адамдардын көзүнөн жашырылган кемчилигин издөөгө тыюу салынат. Жана да негизсиз жубайын жана жакын туугандарын чыккынчылыкка айыптоого болбойт.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз Мухаммадан (САВ) укканын айтат. Алланын элчиси (САВ): “Башка адамдар жөнүндө жаман ойлордон сактангыла, чындыгында жаман ойлор – эң алдамчы сөздөр!...” (Бухарий).

Күйөөсү аялынан күмөндүү экенин аялына көрсөтүп, болбогон нерсе үчүн уруш чыгарбоосу керек. Ошондой эле, себептер менен бир нече күн үйдө жок болуп, эскертпей туруп түн ичинде үйгө кайтуу туура эмес. Анкени бул көрүнүш аялга ишенбөөчүлүк же анын кемчилигин издөө болуп сезилиши мүмкүн. Пайгамбарыбыз САВ аялдарга текшерүү уюштурууга, мисалы, эскертпей туруп түндө үйгө кайтуу ж.б. тыюу салган. Жабир бин Абдуллах Пайгамбарыбыздан САВ: укканын айтат: “Эгерде силерден бирөө үйүндө узакка жок болсо, үй-бүлөсүнө түндө келбесин”.
(Бухарий).

Ошондой эле ал түндө келээрин алдын-ала айткан болсо да келсе болот, анткени хадисте “күтүүсүз, эскертүүсүз келгенден сактайт”. Ал эми аял жат эркектерден четтеп, алар менен мүмкүн болушунча токтоо болушу керек. Эгер бөтөн эркектер менен сүйлөшүүгө мажбур болуп калса, аял эркекти карабай жана аны менен шектенүнү жаратуучу жайларда болбоосу керек. Күйөөсү аялын кызганууга милдеттүү, аялын шектүү жерлерге барышына тыюу салышы керек. Алланын элчиси САВ айкан: “Чындыгында Аллах кызганчаак жана мусулман адам кызганчаак. Аллах мусулман адамдын тыюу салынган арам иштерди жасап коюшунан кызганат. Мусулман адам чеги менен кызганышы керек”.
Пайгамбарыбыз САВ айткан: “Аллах жакшы көргөн кызганыч бар жана Аллах жаман көргөн кызганыч бар. Аллах Таала мусулман адамдын шектенүүгө негиз болгон учурда кызганганын жакшы көрөт жана себепсиз кызганганын жаман көрөт”.
(Ибн Маажа).

Пайгамбарыбыздын САВ хадисинде айтылат, бир күнү Сад бин Убада айтты: “Эгер мен бөтөн эркекти менин аялымдын жанынан көрсөм, аны кылыч менен урмакмын! ”. Муну уккан Алланын элчиси САВ сахабаларына айтты: “Силерди Саддын кызганчаактыгы таң калтырып жатабы? Бирок, чындыгында мен андан да кызганчаакмын, ал эми Аллах менден да кызганчагыраак! ”.
(Бухарий).

Эркек киши өзүнүн жакын тууганы болбогон аял менен жалгыз калбашы жана күйөөсү үйүндө жок аялдын үйүнө кирбеши керек. Укба бин Амир Пайгамбарыбыздан САВ укканын айтат: “Эч качан жат аялдын үйүнө кирбегиле! ” Ансарлардан бирөө сурады: “Оо, Алланын элчиси, ал эми күйөөсүнүн туугандары жөнүндө эмне айтасыз?” Буга пайгамбар САВ айтты: мындай тууган – бул өлүм!”.
Пайгамбарыбыз (САВ) бул хадисте күйөөсүнүн жакын тууганы үйгө кирүүгө жат эркекке караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар жана жат эркекке караганда көбүрөөк коркунуч алып келиши мүмкүн экендигин айтайын деген.

Аялдын кызганычы

Албетте, аял кызгануу сезиминен толугу менен бош боло албайт, анткени бул күйөөсүнө болгон көңүл коштукка алып келет, бирок ошол эле учурда кызганыч чектен ашып, шариятка туура келбеген иштерди жасап, Алланын каарына калуудан сактаныш керек. Пайгамбарыбыздын (САВ) аялдарынын ортосунда да кызгануу болгон, мисалга Аиша энебизди алсак болот, ал айткан: “Мен Алланын элчисин (САВ) мага үйлөнгөндөн үч жыл мурун каза болгонуна карабай Хадичага кызгангандай бир да аялына кызганбайт элем. Анткени Алланын элчиси дайыма Хадича жөнүндө айтып, жана аны эскерүү үчүн кой союп, садака кылып элге таратууну буйруйт эле. Мен Алланын элчисине: “Тим эле дүйнөдө Хадичадан башка адам жок болгонсуп! ” айтаар элем. Бирок ал (САВ) мага: “Ал менин аялым болгон жана мага бала төрөп берген” дейт эле”.
(Бухарий).

Кызганчаак аялдарга кеңеш
Негизинен, жөнү жок кызганыч үй-бүлө очогун муздатып керек болсо өчүрүүгө да алып келет. Үй-бүлөдө кызганычтан уруш чыгып, жубайлардын бири-биринен көңүлдөрү калып калуудан алдын алуучу кармана турган кээ бир кеңештер бар. Алар:
- Жолдошуңду өзүңүздүн менчигиң кылып алба;
- Анын эркиндигин чектебе;
- Жолдошуң сизди сүйүп жана сүйүүсүн сизге билдиргенине ыраазы бол;
- Анын сөзүнө жана сезимине ишен, бул сиздин бактылуу болушуң үчүн жетиштүү.
Эгер күйөөң сени жакшы көрөөрүн айтып, кызганууга эч кандай себеп жок болсо, бирок, сен баары бир аны кызганып, уруш чыгара берген болсоң, анда сенин кылаарга ишиң жок, мындай учурда өзүңдү алаксытып бир иш менен алек бол. Акырет тууралуу ойлон. Акыретти канчалык деңгээлде каалайсыз жана канчалык деңгээлде акыретке даярсыз? Ойлон, сиздин бул жоругуңузга Аллах Таала ыраазы болобу же жокпу? Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыз САВ укканын айтат: “Чындыгында Аллах жакшы көргөн кызганыч бар жана Аллах жаман көргөн кызганыч бар. Аллах Таала мусулман адамдын шектенүүгө негиз болгон учурда кызганганын жакшы көрөт жана себепсиз кызганганын жаман көрөт”.
(Ибн Маажа).
Эч кандай негизсиз чыккан кызганычты хадисте “Аллах жаман көргөн кызганыч” деп айтылган.
Кызгануу сезими күмөн ойлорду жаратып жакын адамды жоготуп алуу коркунучун пайда кылат. Ошондой эле күйөөң сени жакшы көрбөй калышынан чоочулап, өзүңдү кемсинте баштайсың. Эгер сен ушундай сезимдерге курчалган болсоң анда өзүңдү, мүнөзүңдү, кылык-жоругуңду, сүйлөгөн сөздөрүңдү өзгөртүңүз, жолдошуңузга болгон берилүүңүздү жана баш ийүүнүздү көбүрөөк көрсөтүңүз. Ага көп көнүл буруп, муруңкудан жакшы кам көрө баштаңыз. Жолдошуңузга болгон мамилеңиздин өзгөрүшү алгач жакшы жыйынтып бербеши мүмкүн, анткени ал сиздин бул кылыктарыңызды түшүнбөйт, анкени мурда ал сиздин мындай мамилеңизди көргөн эмес жана жакшы жакка өзгөрүшүңүздү күткөн да эмес. Бирок бул нерсе сизди оңтойсуз абалга салбашы керек жана сиз өзүңүздү таштап койбой андан ары өзүңүздүн жакшы жакка өзгөргөнүңүздү көрсөтө бериңиз, жакында сиздин өзгөрүүңүз жана ага болгон мамилеңиз ага жага баштайт. Сиздин аракетиңизди көргөн жолдошуңуз сизге ыраазы болот жана жакшы аракетиңиз текке кетпегендигин көрүп сиз да ыраазы болосуз.

Ушулардан алыс болуңуз!
Кызганыч кээде сүйүүнү да өлтүрүп коет. Жолдошуңузга кереги жок ашыкча суроолорду бербеңиз, мисалы: “кайда жүрдүн?”, “ким чалды?”, “эмнеге кеч келдиң?”, “чалсам эмнеге трубканы алган жоксуң?”, “кимге смс жазып жатасың?”, “башка бирөөң барбы?”, “ал ким?”, “далилдеп бер?”, “ант ич!”, “мен сага ишенбейм! ”. Ошондой эле ага “эмнеге кеч келдиң?”, “таптакыр келбей эле койсоң болмок!”, “сен жок эле жакшы экен!”, “менден баштагыдай мамилени күтпө”, “мен деле каалаганымды кылам”, “анда сен да менден эч нерсе сураба”, “билгенге укугум бар”, “алдабай эле койчу” ж.б. ушул сыяктуу анын кыжырына тийчү, ортодогу мамилеге жаракат кетирүүчү суроолорду бербеңиз. Анткени мындай учурда жолдошуңуз сизди кагып койсо, жүрөгүңүз ооруп, сезимиңиз муздап калат. Анын телефонун, сүйлөшүүлөрүн текшербеңиз – кыскасы ага ишениңиз! Андан көрө Аллах Таала жолдошуңузга карата милдеттендирген иштер менен алек болуңуз. Жолдошуңуз качан гана келбесин аны жылмаюу менен тосуп алыңыз, муну менен сиз өзүңүздүн жакшы маанайыңызды көрсөтө аласыз. “Чарчадыңбы7” деп сураңыз, тамактанууну сунуштаңыз, эгер “жебейм” десе, “эмнеге?”, “кайдан тамактандың? ” деп сураба, андан көрө чай сунушта. Сиздин көңүл бурууңуз байкалбай калбайт. Аллах Таала сизди жолдошуңузду контролдоону милдет кылган эмес жана Кыямат күнү бул тууралуу суралбайсыз. Ошондой эле, күйөөңдөн эмнеге “кайда жүрдүн?”, “каяка бардың?”, “ким менен жүрдүң?”, “эмне кеч келдиң?” деп сураган жоксуң деп суралбайсыз. Тескерисинче сизден, жолдошуңуз келген убакта эмнеге ага тиешелүү көңүл буруп тосуп алган жоксуң, - деп сураласыз.

Кыскасы...
Өзүмчүл болбогула, сүйгөн адамыңызга шарият берген эркиндикти бериңиз. Ошондо ал сизди жана сиздин сезимиңизди тоготпой кое албайт. А эгер ошондо да ал сизди баалабай, сизди кыйнаса, анда сабырдуулук кылып Аллахка таяныңыз. Уруштан сактаныңыз, сабырдуу болуңуз, анткени сабырдуу адам эсепсиз сыйлыкка ээ болот. Аллах Куранда: “Чындыгында, сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз (өлчөмсүз) берилет”
(Зумар-10) деген.

Эгер сиздин күйөөңүз же аялыңыз далилдөө жана актануу үчүн кээ бир сөздөрдү айтса, өзүңүздүн күмөн санооңуздан жана жаман ойлоруңуздан кайтып, анын актанууларын кабыл алганыңыз талапка ылайык, анткени сахих хадисте айтылат: “Эч кимге кызгануу сезими Аллахта бар ченемде берилген эмес, ошондуктан Ал (Аллах) ачык жана жашыруун кылынган жаман иштерге тыюу салган. Жана эч ким Аллах жакшы көргөндөй актанууларды жакшы көрө албайт...” .

Сүйүү болгон жерде сөзсүз кызгануу болот, бирок чыныгы мусулман адам шарият чегинен ашпайт, өзүнүн сезимдерин башкара билет, ошондуктан ал – мусулман, баш ийүүчү.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#666 Пользователь офлайн   Deniza88   24 Октябрь 2014 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Мен аябай кызганчаакмын, бирок аялсын да айла жок, а менин балам атасы оооо кызганчаактын кызганчааагы,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#667 Пользователь офлайн   kanat4ik   24 Октябрь 2014 - 15:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аялды кызганбасак Бактыяр байке айтмакчы, чочкого тенелип калбайбызбы. Кызгануу болушу керек, бирок чеги менен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#668 Пользователь офлайн   jasi   24 Октябрь 2014 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кызганычтын айынан курман болгондор...

Түгөйлөр ыйык сезимдер аркылуу бир бүлө кургандан кийин, албетте бири-бирин кызганганга акылары бар. Бул акыйкаттуу жана мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошентсе да анын баары чеги менен болушу керек. Каалашынча кызганычтын бүлөдө болбой эле койгону жакшы.
Үй-бүлө кызганычтарынын айынан дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй курмандыктар болуп келет. Өзгөчө мындай учурда аялдар көп жабыркашат. Алардын көбүрөөк жабыркоосунун да себептери көп. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу, күмөн санатуу, көбүрөөк көңүл ачуусу, эркектер курчаган коомдук жайларда иштеши, көп-көп иш сапарга чыгышы жана башка баягы эле майда-чүйдө маселелер. Эми суроо, эмне үчүн табиятынан акылдуу жана ыймандуу келген аялдар андай жолдорго барышат? Мырзалар эң биринчи кезекте ушул суроолорго жооп таап алышы керек.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#669 Пользователь офлайн   Giza   24 Октябрь 2014 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения beiby (13 Октябрь 2014 - 07:53) жазган:

Билбейм чыны кимдер кандай ойлошун
Кызгануу бул суйуу дейт бир жолдошум
А менимче чектен ашкан кызгануу
ишеничтин кеткен жери болбосун


Канча жолдошуңуз бар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#670 Пользователь офлайн   Aote.1   24 Октябрь 2014 - 23:56

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 15 Фев 2015 22:06

Кызганып аны уруша албайм меники болсо кетпейт ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#671 Пользователь офлайн   Bad-boy   25 Октябрь 2014 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Кызганчаактардын катарында менда бармын. Чеги менен албетте!
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#672 Пользователь офлайн   Xanif   25 Октябрь 2014 - 03:46

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Негизи: "Уй-булодо торт нерсе бекем болмойунча келишпестиктер токтобойт, алар 1-ишенич, 2-урмат, 3-меерим, 4-суйуу. А ишенич учоонуда ичине алат. Эгер ишеничти бекемдебесек, шайтан олгур жаман ойлорду салып, арадагы мамилени кызганыч м.н алсырата баштайт. Наалаты шайтандын эн чон амалдарынын бири, уй-було бузуу. Ошон учун бир уй-було бузулса, АЛЛААХ Ж.Ж тын аршы титреп, ошол адамга периштелер наалат айтат дейт. Жолдошунузду коп кызгануу, сиздин шайтанга алданып калган алсыз точканыз болуп калыптырда. Негизи арбир адамдын слабая точкасынан кармайтта шайтан. Жаман ойлордон арылыныз, уй-булонузду бекемдеп аласыз. Канчалаган айымдарыбыз куйоосунун азаптуу кызганычынан арыла албай журушоттор чиркин. А сизде тескерисинче экенине шукур десениз болмок экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#673 Пользователь офлайн   maks93   25 Октябрь 2014 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен да кирим кызгаанчактардын арасына болгон да эн кучтуусуно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#674 Жолоочу_Kosmopolitka_* 25 Октябрь 2014 - 20:38

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Giza (24 Октябрь 2014 - 23:28) жазган:

Канча жолдошуңуз бар?

Досум демекчи болду го бир болсо. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#675 Пользователь офлайн   safari   25 Октябрь 2014 - 21:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 01 Январь 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 11:53

Мен аны аябай кызганам! :-) Ага ишенбегенимден эмес, аны сүйгөнүмдөн. Жалгызыма өзүмдөн да көп ишенем. Ал башкаларды карабайт, бирок башкалар аны карашат, ошодон кызганам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#676 Пользователь офлайн   Giza   25 Октябрь 2014 - 23:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Кызганыч бул ооруу. Бир жолу, эсимде, тиш доктурга барып, ал жакта адам көп экен, Кезек күтүп, курбум менен сүйлүшүп отура берипмин. Телефонго келген звонокту укпай. Эми аябай актанам. Курбумду ортого салып жүрүп, чындап эле барганымды далилдедим. Анан дантисттер изврашец болот деп ага кызганып. Кызганганы тозок эле да мага. Кафеге курбулар менен барып калсан да фантазиялар иштеп, бирөө менен тааныштын анан ал үйгө жеткизди деп. Күйөөсү бар кыздарга күлчү даже биздин күйөөбүз сенин жигитинчелик звонок кылбайт бир жакка барсак деп. Эшикте басып жүрөм десем да жеме угат болчум, ии анан таанышып деп. И дайыма уруша берчү Бишкектин жарымы сенин тууганың, группалашың же классташың деп. Акыркы убакта аны ооруулууго деп ойлоп баштагам. Жумушта начальникке кызганып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#677 Пользователь офлайн   peri-jan   26 Октябрь 2014 - 22:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 460
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Июл 2016 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу дуйно

Ehh mendey ech kim kyzganbasa kerek ,baary ele chegin bilse kerek .Men baaryn kyzganam daje dostorumdu da kyzgana beret elem, a joldoshumdu aytpay ele koeyun kanday kyzganganymdy soz menen jetkire albaym.BUL sezim mende payda bolgondo men but akylymdy jogotup koem ,ozumo joop bere albay kalam. Ichimden kuyup aloo bolup,fantazialap surottop ,ozumdu koergo jer tappay kalam,janyna baryp oz kozum menen korboyuncho je ukmayincha bolorumcha bolup kalam.
Bul ooruu desem da bolot ,men aryla albay kelem.JOldoshum koz jash togup maga ishen dep jalbargan kundor da boldu, oshol ubakta boldu ishenem ,kyzganbaym dep ozumo soz berem dagy ele "kyzganuu"oorusu menen oorup kalam . Men da adamdarga okshop tynch jashagym kelet ,baardyk balee ushunun ayinan kelip chykty ,baary bilip buttu ,meni joldoshunu kyzganat ,kyzganchak kelin degen atka konup da buttum ehhh ...Bir gana ALLAtalaadan sabyr, jurogumo yiman ,mendegi bul" kyzganych " oorusunan ayiktyruunu suranyp jashap kelem .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#678 Пользователь офлайн   Begai.93   27 Октябрь 2014 - 21:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 30 Август 14
  • Соңку аракети: 02 Сен 2018 08:40

Жолдошумду кызганам чеги менен ага билгизбейм , ал дагы повод бербейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#679 Пользователь офлайн   Meka77   29 Октябрь 2014 - 01:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Аябай эле кызганчаактын туу чокусуна мен олтуруп алгандаймын го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#680 Пользователь офлайн   joodar.kg   29 Октябрь 2014 - 03:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 01 Май 14
  • Соңку аракети: 11 Июл 2016 21:12

кызганыш керек бул шариатта да бар деп эле кызгана бербеш керек,кызганыш кк но жолу менен.анчалык деле каттуу кызгануунун кежети жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыз-жигит
  • Кийинки тема →

  • (58 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июн 2025 02:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: