Суперстан: Жаш калемгер Азиз Качкынбаевдын ырлары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш калемгер Азиз Качкынбаевдын ырлары .

#21 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Айыбымды Аллахыма койгунун"

Куноокор мен,ырымда эмне куноо,
Доо айтып,коо жабууга барбы жуйоо?
Эл суйсо,ашык болсо ырларыма,
А озум айыбы коп,арсыз бироо...

Кайталайм нечен ирет,актанбаймын,
Койрондоп,тошту керип мактанбаймын.
Комуско сырларымды ашкерелеп,
Конулго кыйроо салып жаткандаймын.

Жанылбас жаак барбы,болсо кимде,
Жаштыкта нелер болбос кыйма-чийме.
Жан кечти жаман ою жан дуйнонун,
Жашоону жаны кылбас,кылса кимге?..

Кыр ашып арткы омур,коздон кайым,
Келечек карангы тун ал ансайын.
Бир далай багыт алып барган менен,
Тагдырда татаал жол бар,таппас дайын.

Мудурулбос туяк кимде,айтчы кана?
Жолдор коп: таштак,дангыр, кайчы жана.
Бакытын женил жолго байлагандын,
Билгенимде: акыл-эси тайкы гана.

Кыялдар не бир жалган элес тура.
Бул омур биз куткондой эмес тура.
Канатынды кайрып,канга боеп алсан,
Кайрылып,кайра бутсун дебес тура.

Мен ошол: жаман дегин,жансыз дегин,
Жуз уйру,жанырса эгер калпыс кебим.
Жашырып жаратканым, ачык кылбайт,
Жонундо жайнап жатат алсыз жерим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Кайда бир учат убакыт"

Сезимге балкып,магдырап турган мас курак,
Жалбырттап куйуп,жалынын чачкан жаш курак.
Арманга салып,алыстап артта калууда.
Агымы тынбас алп омур кайда шаштырат?..

Салынкы кабак,демимди камап ичиме,
Эсинен танып,дендароо болгон кишиче.
Ойлорум жетпей,мээмди турам катырып,
Акылга сыйбас мезгилдин мерээз кучуно.

Жаш чайып козго,ээктен томон чубатып,
Зымырык куштай кайыптап учат убакыт.
Суйууго толгон,шаттыкка толгон жаштык кез,
Сан кылым кутсон сагынтып келбес бул бакыт,
Канчалык кутсон кайрылып келбес бул бакыт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Ата-эненди кадырла"

Козго сайса корунгус,асманы айсыз,
Карайлаткан, кара тундо сансыз-сансыз.
Кыпын жанын отко таштап сен учун деп,
Жарык чачат энен байкуш,атан байкуш.

Тоо томуктай туйшугуно ар кечтеги,
Атан,энен асырады,алпештеди.
Аска болуп аларды сен ак булуттан,
Бийик котор,бопологун, бапесте эми.

Эне ыраазы,ата ыраазы-Алла ыраазы,
Энен-бейиш,а атакен-дарбазасы.
Улук тутуп,кадырын бил,баркына жет,
Кордогонго Кудайымдын бар жазасы.

Конулдорун тушурбосун муздак унун,
Камга салып,маанайларын бузбагынын.
Наалаттанып, рахматынан кур калганын-
Акыретте боздогонун, сыздаганын.

Арга тапкыс,кыска омур,кыска бу кун,
Аз болсо да ата-энене арна бутун.
Мээрим тогуп омуруно омур кошкун,
Тагдыр ташы томолонбос, жетпес кучун.

Кукумго да татыбастай омур баасы,
Чыкыйга атат кары-жашты олум жаасы.
Ата-энендин тируусундо улгуруп так,
Тобосуно сыйдан буткон алтын таажы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Аткаминерлер жана калайык-калк"

Ары-бери калкын калчап ойногон,
Ар-намысты алдынкыга койбогон.
Аткаминер адамдар бар арада,
Алкымы узун,аалам жутса тойбогон.
Шайлоо десе шаар туро кыдырып,
Ач борудой алыстарга жойлогон.

Кайырчы ондуу ар дубанга беттешет,
Добуш сурап,бир далайды шерттешет.
Арык аттап,мудоосуно жеткен сон,
Убадасын,уятын да орттошот.
Атаганат,алар журтту чынында,
Куну тушкон добуш учун эстешет.

Кажет эмес калкка калпыс убада,
Пайдасы не,антка,созго турбаса?
Кайыл элек ага деле,а бирок,
Талап-тоноп, салганы эмне сызга да?
Кереги жок.Канды соргон мителер-
Калкка нагыз,орду толгус чыгаша!

Кан шимирген каган эмес кыргызда,
Арам оокат алып учпас жылдызга.
Канча конул кагылса да,сынса да,
Шайлап келет,кантсин кыргыз кыргыз да!?
Эл алданбайт,кабары бар,бирок да,
Боору ооруйт,чиркин кыргыз кыргыз да!?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Muslim1990   29 Сентябрь 2016 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Шерт"

Мойсо кылыч,моюнумдан кыя чап,
Мен жарыма кылган куну кыянат.
Кол кармашып катаал турмуш жолунда,
Коюп чекит,чыккандан сон тыянак.
Багыттасам балта мизин бактыма,
Болсун кыйроо,болсун мага Кыямат!..

Шерик кошпос жаным жарга омурдо,
Шерттешемин кир салбоого конулго.
Моор басам кан тамызып мизине,
Мээрим токпо,ант,шерт чыкса тогунго.
Бутка чапкын ала жипти аттасам,
Боодо баспай,бок тушойун корумдо.

Куну бутоор,таркаар дене кумары,
Куноо калаар,калаар саза,сурагы.
Келээр бир кун коздун жашы токтобой,
Тандайымдын тузду татаар убагы.
Мен андыктан:ач кулактан тынч кулак,
Кеткенче уруп жубайымдын убалы.

Бу жарыктык-бир жаралуу,бир олуу,
Бакыт сыры-бирге гулдоо,бир онуу.
Белек болгон аздыр-коптур омурдо,
Биз куралы болоттон бек булоону.
Жада калса жан учкан сон жаннатта,
Жан тартуулап жактыралы бироону...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Kut-begim   29 Сентябрь 2016 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 380
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 12:26

Соз жок укмуш,манилуу ананда таасирлуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Таластык кызга"

Урпагы улуу Манастын,
Ур кызы кенен Таластын.
Коркуно келет корк кошуп,
Кош жылдыз болуп жанашкым.

Саамайын сылайм жел болуп,
Сага агам сайдан сел болуп.
Сапарда журсон алдындан,
Тосомун ашуу,бел болуп.

Жиреген жазда кар астын,
Байчечек гулу Таластын.
Жыпардай жытын анкытчы,
Журокко журок жанашсын.

Озунсуз маанай нол болуп,
Коз жашым агат кол болуп.
Сагынсам сени сумсарам,
Сахара сындуу чол болуп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Сагындым сени"

Сагындым сени,кусалык толуп журокко,
Сары оору кылба,куйутко салып,жудотпо.
Мунумду болуш,сезимге болуп ортоктош,
Кыйын кун турат дарты бар,шордуу журокто.

Кутуудон чарчап,санаадан барам саргайып,
Канырык тутоп,ойлорум сансыз,чаржайыт.
Суранам,келчи, зарыгып турам озуно,
Кусадар болуп,сагынган менде барбы айып?..

Жан дуйном менин сен менен турчу корктонуп,
Жабыркап барат жалындап куйуп,орттонуп.
Жарыгым менин!Жаныма келип кайрадан,
Жаз гулу болуп жадырап-жайна корк берип.

Сагындым сени,элесин козго корунуп,
Кыялга батып,ойлорум минге болунуп.
Эсиме тушуп,алгачкы биздин таанышуу,
Мунайып жузум,каректен жашым тогулуп...

Сагындым сени,койчу бир козго корунуп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Айдана"

Жамалындан ай шооласы корунуп,
Жаркып турса суйуп калдым берилип.
Кара муртоз,арамдыктын дайны жок,
Журогундо,жузундо бар арууулук.

Эки козун карагаттай молтуроп,
Эркелесе эт-журогум элжиреп.
Эсим учуп,акылымдан адашып,
Эпсиз жаным суйгон ондуу сезилет...

Жылмайганын, жан эргите кулгонун.
Жибек чачын жайып алып жургонун.
Жакты мага,сенде бардын баарысы,
Жароокерим, жумшак муноз суйгонум.

Озунду ойлоп курчап мени ой-санаа,
Орттономун сулуу пери Айдана.
Сендей чурок асманда жок,жерде жок,
Тендештирбейм кунго дагы,айга да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Маркум достун баяны"

Шынгыратып чынжырларын суйрогон,
Шум ажаалды деми менен уйлогон.
Кара кийип,кара тунго катынып,
Каргылданып картан чалдай суйлогон,
Эшик какты периштеси олумдун,
Эч кабарсыз жаткан кезде уйдо мен.

Сестенгенден жан оозго тыгылып,
Сезип турду журок байкуш сыгылып.
Акыл-эсим учуп кетти кайдадыр,
Аран турган денем кулап,жыгылып,
Алайышты эки козум ичине,
Ааламды бут салган ондуу ныгырып.

Конок келди чакырбаган, кутпогон,
Таш журок да уройуно тутпогон.
Туру суук,ууга толгон чапаны,
Жыпар эмес,сасык,ирин жыт менен.
Деми ысык,тозок оту болсо да,
Коркконунан тонуп чыкты бут денем.

Тиши болот,тырмактары темирден,
Кебетеси кара тартат комурдон.
Чачтары узун,жерди чие суйролуп,
Кареги оттон,коздон каары тогулгон.
Ачууланса чагылгандай чартылдап,
Унун уккан мурт узулот омурдон.

Келип жетип убакыттын мерчеми,
Чектелиптир ырыскынын олчому.
Мен жактырган,кооз болуп корунгон,
Артта калды жалган дуйно чолкому.
Жыргап жашап жаратканды унутуп,
Эмне болдум,абалыма корчу эми!..

Улгурбодум жаратканды мактоого,
Келме айтып,куноолорду актоого.
Коодонумду кере ачып Азрейил,
Эмне барын,эмне жогун тактоодо.
Кармап туруп журогумду мыжыкса,
Жан кашайтып жаралганды мактоодо:

"Эгем-байлык, маселемди бутургон,
Эгем-бийлик, мансаптууга жугунгом.
Эгем менин аялзаты экен деп,
Эртели кеч аркасынан жугургом.
Аллах Таала сенин эген деп айткан,
Адамдардын жуздоруно тукургом" ...

Журок кургур чындыкты айтты чыркырап,
Жардам сурап,жашын тогуп,буркурап.
Жан алгычтын канжарлары аеосуз,
Жансыз кылат,улам-улам ургулап.
Дурт-дурт этип,майдаланып баратат,
Денемдеги ар бир мучо быркырап.

Кыпын жанды коздорумдон сууруду,
Камыр кылып кескиледи,жууруду.
Куноолорум кобугундой дениздин,
Коптугу учун куйкалады,кууруду.
Кыйкырыгым, окуругум таш жарып,
Коз жаш эмес,кан куюлуп,чууруду...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Суйбойм десен он манжалап мыжыгам"

"Таштан-ташка монгуп-монгуп шар акчу,
Махабаттын мол булагын жаратчы!?. "
Деп жалынсам сунушума ынабай,
"Суйбойм! " дедин,каадаланган каракчы.

Сен тек гана сезимдерге арачы,
Менменсинбей кузгуго бир карачы:
Суйо берип толгон экен толтоно,
Ашыктыктын туркун-тустуу жарасы.

Жообун даяр,баш тартасын ойлонбой,
Суйуу сени супсак кылып койгондой.
Неге айтчы,таарынттыбы кай бироо?
Ирээнжийсин кекиртектен тойгондой.

Суйбойм дебе,ачуум келип,кызыйт кан,
Тажабадын маанайымды бузуудан.
Ани десен сууруп алып коодондон,
Онтолото он манжалап мыжыгам.

Укчу журок,суйгон сага жагаттыр,
"Ыкы" дебе,алдабачы, тажаткыр.
Катсан дагы цемент болуп тапталып,
Суйуу отуна орттойм сени,карап тур!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Muslim1990   07 Октябрь 2016 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Айрылуу"

Аман бол деп аргасыздан коштоштум,
А чынында келген эмес коштошкум.
Кайсы адам жинди болгон суйуудон,
Канырыгы тутоп туруп коштошсун?


Узаар алдын буулугуп ыйлаганын,
Билгендирсин журогумду кыйнаганын.
Суйгонум,суйкум жузун кубарбасын,
Суранам,сумсарбагын, ыйлабагын.



Бир болбой,баратабыз кайчы жолдо,
Тагдырда жаза басып,тайчу болбо.
Жараткан бириктирип кошпогон сон,
Экообузду кошмок эле кайсы молдо?


Эп келбеди мендеги ката неге,
Эрезеге жеткирген ата-энене?
Ортобузда махабат жашаган сон,
Жолун тапсам жоюлмак ката деле...


Мезгил учуп,коз ирмемдер отоор-кетээр,
Мен жетпеген суйууго бироо жетээр.
Ырдан жасап гулдестесин мен сыяктуу,
Ашыктыгын билдирип тартуу этээр.


Кабыл алгын ошондо,чанба жаным,
Дурус болот суйуусун танбаганын.
Адам корктуу катасы болгон учун,
Арасынан периште издеп,тандабагын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Monchoshka   18 Октябрь 2016 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Керемет..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   knk   26 Октябрь 2016 - 13:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 13 Апрель 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:36

Сонун ырлар экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   jakuwa96   26 Октябрь 2016 - 20:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 04 Апрель 16
  • Соңку аракети: 25 Фев 2020 17:49
  • Жынысы:Аялзаты

Азиз Арабаевте окуган балабы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Muslim1990   26 Октябрь 2016 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

jakuwa96 (26 Октябрь 2016 - 20:33) жазган:

Азиз Арабаевте окуган балабы

Ооба
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   05 Ноябрь 2016 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Абдан жакшы жазат..
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   elya95   05 Ноябрь 2016 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Жакшы жазат экен, ийгилик.
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: