Суперстан: Жетиммин - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жетиммин

#1 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Мен... Мен бүгүн өткөн өмүрүмө сереп салып, турмушумдагы чатышкан жиптей чырмалган басып өткөн жолумду ак кагазга түшүрүп, кайра баштан жашоомдогу азаптарым менен жыргалымды айырып чечмелегим келди. Аскасы көк мелжип асман менен тирешкен, абасы атыр жыттанган, суусу мөлтүр, эли алпейим Ак-Талаа жеринин кулуну элем. Атам малчы болгондуктан совхоздун 500 коюн кайтарып тоо боорунан жайдыр-кыштыр түшпөй күн кечирчү элек. Апам саанчы болчу, бирок ал бул жакта жай турмуш өткөрүп калганына мен эс тартканы нааразы эле болуп өттү. Анткени Фрунзе шаарында кыз-келиндер институтунда окуп жүргөн жеринен ата-энесинин макулдугу менен эле атама жар болуп калган экен. Байкуш апам шаар көрүп калгандык кылыппы же атама болгон сезими жокпу, айтор үйдө чыр-чатак көп болор эле.

Бир жолу эшек менен суу алганы барып ошол жердеги кир чайкап олтурушкан сакманчы эки жеңенин кебин кулагым чалып калды:

– И-ий, тиги Арууке сүт ташыган Жекшен менен жүрүп алган тура, Болоттун эмнесин чанды, - десе, экинчиси:

– Башы иштебеген неме го?.. Болоттой эрди кайдан табат экен. Ур-токмокко албаса, ичпесе, элдей болуп чычайып тамеки тиштебесе. Аруукелеп гана турат го көздөрүнөн от жанып. Жөн жашаса болмок. Же кайын энеси биздикиндей болуп кагып-силкип каарыбаса, андан да өзү көп иччү болуп кетипир. Көрсө, тоо башына аракты тигиниси ташып келип берет экен, - деп эбиреп жатышты. Мен кеп төркүнүн жакшы түшүндүм, алар мени капарына да алышкан жок. Алган суум же жетелеген эшегимен жок, ачык асман туман баскан кара көө көрүнүп, жер сасыган ыраңы кеткен бир жайга айлангансып темтеңдеп кете бердим. Бир убакта эсиме келсем эки карагайды эш тутуп ыйлап, ага арманымды айтып олтурупмун. Намыстанган окшобоймбу. Анда менин 13 жаш курагым эле. Же “апам ушундай иштерди кылыптыр, эл кеп кылып жатат” деп айтып муңдашчу байкем, эжем же эч болбоду дегенде бөбөктөрүм жок. Ошондо биринчи ирет мен жалгыздык деген эмне экенин сезген көрүнөм. “Муну атам укса кантет, байкушум ай” деп сыздап жаттым ичимден. Барып апамды көмөлөтө бир тээп “Кет! Жогол! Менин сендей апам жок!” дегим келди. Жекшенди канжыгадагы маки менен сайып өлтүрүүнүү ойлондум бирок, анте албадым. Жүрөгүм даабады. Кийин апамдын күндөп, түндөп жоголуп кетүүсү, анан түн оокумда мас болуп келип чыр салып “арсыз Болот, сен мага 5 тыйындык бет май алып бербедиң”, дагы антпедиң, минтпедиң деп бакырып, жайлоодогу элдин баарынын тынчын алчу болду. Атам, карыган чоң энем канча кечирип, кой дешсе болбоду, акыры үйдөн эле мас болуп кала берчү болду. Көрсө катып ичип жүргөн окшобойбу... Ал эми аракты ат тезегин кургатпай келген жанагы сүт чогулткан сулуучумак суукуйду Жекшен ташып келчү өңдөнөт.

Бир ирет Арпанын күңгөй тарабында жайлоодо ажайып керилген жаратылыштын койнунда тайганым Кумайык экөөбүз кой кайтарып жүрөбүз. Мен атамдан көргөнүмдү туурап “айда Кумайык! Кайры Кумайык! Ал Кумайык!” деп үнүмдүн болушунча тоо жаңыртып кыйкыра бердим. Бул кылганыма өзүм маашырланып, демейде тебет деп корккон кошуна Калыйдын карагер атына олутту басып бардым. Жүрөгүм дүкүлдөп калтырасам да табияттан уялгансып сыр бербей аттын тушамышын чечсем, карагер каршылык кыялын көрсөткөн жок. Жайдак атка чап жармаштым да итиме карап:

– Сен койлорго баш көз болуп тур, балам, тиги баштаак сары чебичти өйдөлөтпөй кайрып турсаң эле калганы күүшөп жата берет, - деп, ага салабаттуу улуу адамдарча кайрылып чоң апам жасаган куймак менен жуураттан ичип келе коймокко жөнөп калдым. Үйгө жакындаганда чоң энемдин:

– Болду, балам, ай! Болот, эсиңе келчи садагам, өлтүрөсүңбү? ! - деген кыйкырыгын угуп селейип эле туруп калдым. Түндүк көтөрүлүп кетчүдөй болуп кичинекей боз үйдүн ичи ызы-чуу. Оюмда апамдын адаты кармап, катып ичкени атама кармалып калган го дедим. Демейде апам атама оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жаман сөздөрдү айтса да кол көтөрбөй, тек гана “Арууке, анчалык болбосоң боло. Мени сыйлабасаң да апамдын көзүнчө унчукпачы. Эсиңе келип жакшы апа болчу, - деп коёр эле. Бул жолу ала жипти аттаганы билинип калганбы?.. Атам намысына чыдабай ур-токмокко алганбы?.. Айтор, акылым жетпей турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кирип барууга батынбай шалпайып ындыным сууган тейден карагерди бошотуп ийип, жайылган койго карай жөө бет алдым. Ошол күнү күн батып, каш карайганда келсем атам маанайы суз, жер тиктеп тиштенип олтуруптур. Күндөгүдөй барпалаңдап мен тээ кырдан көрүнгөндө эле мактап, сүрөп, кээде ырдап тосуп алчу шайыр атам бүгүн мага маркумга тургузулган эстеликтей көрүндү. Үйдүн ичи чачылган, коломто жакта арактын бошогон шишелери, гезитке ороп чекчү тамекинин күкүмү чачылып, сасып чыгыптыр. Апам үйдө жок экен. Мен иштин чоо-жайын түшүндүм. Аңдаганыма карганда, апам малчыларга жыйын өтүп жаткан жерге кыяндай мас болуп барып, атамдын абийирин аштай төгүп, кой дегенге карабай намысына тийиптир. Анан атамдын эл караган бети жер карап, жыйындан башкарма “катыныңды тыйып анан келчи” деп экөөнү тең кууп чыккан имиш. Буга чейинки кылгандарына түтүп унчукпаган атам ызасына чыдай албай өмүрүндө бир катым кол көтөрүп, какыс-кукус кылайын дегенби, анан ушуну эле күтүп жүргөн апама Кудай берди болуп кетип калыптыр. Ошол күндөн баштап менде апасыз жашоо башталды.

Андан көп узабай атам катуу ооруп төшөктөн тура албай кусуп жатып калды. Азыр ойлосом атам байкуш көп жылдар бою ооруп эле жүргөн окшойт, бирок тиги темтеңдеген энем экөөбүздү аячубу, айтор, айтпай жашырыптыр.

Аалы чоң ата анда биргадир эле, кыштактан “Пазик” машинеси менен келип ооруканага кеткен атамдын абалы оорураак экенин кабарлап, бизди алып жөнөдү. Малды башка чабандар келип карай турганын да айтты. Ошондогу энемдин солуктап демин ичине катып титиреп ыйлап баратканычы. Күчүнүн барышынча бакырып арманын айткысы келгенби же атамдын эбак дүйнө салганын сезгенби, айтор, эки кареги бир орундан жылбай астындагы даңгыр жолду карап деңгиреп келген эле. А мен болсо капарымда эч нерсе жок, кара кой эгиз тууганын, сары чебич да үч улак тууп, бирок, бирөөсү өлүп калганын жана да Калый аке мага ат токуганды үйрөткөнүн айтмакка атамдын жанына жетүүгө ашыгып келген элем.

Айылга кире бергендеги чоң ак там биздики эле. Жанындагы чогулган элди көргөндө энем токтоно албады:

– Кулунум, ай куураган кулунум!.. Карыганда мени кимге тапшырдың! Алдыңа кетсем болбойт беле?! Сай сөөгүмдү сыздатып, боздотпосоң болмок, чырагым! Караламан түнүм түгөнбөдү го, ай Жараткан! Кайсы жазыгым үчүн баламды менден айрыдың! - деп дагы бирдемелерди айтып, боюн таштап бакырган бойдон жер кучактап, боз топуракка оонап ыйлап жатты.

Мен эч ишенген да, түшүнгөн да жокмун. Дегдеп келеткан менин кыялдарыма бороон уюлгуп, алда кайда эмнени ойлоорумду билбей дабдырап туруп калдым. Анан бир топ убакка чейин эле атам келип калчудай ишеним менен жашап жүрдүм. Бирок мен күткөн атам “уулум, мен доктурдан келгенче апаңды жакшы кара, сен жигит болбодуңбу. Оюнду азайтып үй караанда, энеңдин тилин ал. Мен сага ишенем, садага болоюн, сен менин кубатымсың” деп кош айтышып кеткен бойдон кайрылбады. Атам ашказанынан айыккыс илдетке чалдыгып 34 жашында жарыкчылык менен кош айтышып кете берди. Ошентип, атаман да айрылып калдым. 14 жашымда тоголок жетим кылып турмуш мага сыноосун эрте баштады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Апам болсо баягы кеткен бойдон дайынын билгизбеди. Эсимде, анда атам жаныбызда эле. Бир ирет мен катуу сыркоолоп калдым. Байкуш чоң энем куса болду деп ойлогонбу атама айтпай кымыз, сары майын артынып, мени учкаштырып алып апамдын төркүнүнө алып барды. Биз кашаттан бурулганда апам биз аттан түшкөнчө эле мас абалы менен чулдурай:

– Ой, мастан, алдагы бейитти мага бак деп алып келе жатасыңбы? Жоголгула! Жакындасаңар мага таарынбагыла! - деп айкырып чыкты.

Энемдин иреңи бузулуп апамды эмес айбанды көрүп намыстанып, жинденип, ыйлап жаткан мага:

– Балам, биз кайталы. Арууке соолукканда учурашып кетээрбиз, ээ, - деди да ат тизгинин шарт бурду. Мен өз энеме болгон сүйүүм суу сепкен оотой өчкөн ошол күндөн тарта ушул убакка чейин аны жектеп, кектеп келем. Ал кийин өзүнө окшогон ичкичкеби же башкабы, айтор, бир адамга турмушка чыгып, сайлап жок болгон окшойт. Атама топурак салганы тайкелерим келип:

– Эжем туура эмес кылбадыбы, болбосо жездемдей алтын киши менен баркына жете жашаса болот эле. Бизди укпай койду апаң. Сен атаңды тарткан жакшы уул болсоң кийин бир катташаарбыз. Болгону бизди жадыңдан чыгарбасаң, - дешип шыпшынып кетишкен.

Чоң апам экөөбүз бир үйдө бири-бирибизди караан тутуп жашап калдык. Көп өтпөй үйгө бир сыпаа кийинген киши келип:

– Эгембердев Болоттун үйү ушубу? - деди.

– Ооба, мында апам экөөбүз турабыз, - дедим. Ал энем менен бир нерселерди сүйлөшкөн болду. Энем бозоруп жерге үшкүрүп олтура кетти. Көрсө мамлекетке мал багууда келтирген чыгымы көп деген шылтоо менен биз жашаган үйдү алганы райондон келиптир. Заматта өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жашап турган үйүбүздү өкмөт ажыратып койду. Чоң апам да караңгылык кылыптыр, бечара. Эч үн сөзү жок үйүбүздү бошотуп берип Байымбет аксакалдын ат кепесинде күн кечире баштадык.

Бир күнү сабактан келсем чоң энем кара чырак менен араң жарык болгон кепе тамдын бурчунда чүрүшүп олтуруп алып, солуктап ыйлап жаткан экен. Көптөн бери буулугуп атамды ар бир көчөдөн, совхоздо иштеген эркектердин арасынан элеңдеп издеп, бирок ал кайрылгыс сапарда экенин эстегенде көтөргөн асманым жерге талп дей түшкөндөй болуп буулугуп жүргөн мен да токтоно албай ыйлап кирдим. Энем:

– Кой, балам, кантесиң?.. Сабыр кыла кой алтыным, сенин да жарык жашооң болот, анан экөөбүз бу кепенден да чоң кылып там салаарбыз ээ, каралдым. Кел андан көрө жылынчы, - деп табы араң чыккан темир меш жакка мени ыктады.

Көрсө, айыл боюнча шарты эң эле начары да, коргоп алаары жок алсызы да биз болуп калган экенбиз азыр ойлосом.Тезек терип темдеңдеп жүргөн энемди бир кезде жеңекелеп жүргөн айылдагы аялдар жөөлөй түртүп, анысы аз келгенсип:

– Биз тойго баратабыз, Нурдөөлөттүкүнө барат белеңиз? - деп бири кайрылса, Алиман деген сакманда козулардын богун эле тазалап жүрчү Назардын аялы:

– Баласынын башын жуткан немени ким ардактап тойго чакырат эле, же аларга кайра сый кылып өзү үйүнө чакырып бир ууртам чай бере албаса бул бечараны ким чакырат, - деп мыйыгынан күлүп мазактаптыр.

Өзүн тирүүнүн өлүгү сезип, мен үчүн эптеп таң атырып, кеч киргизип жүргөн энеме бул жаш келиндердин шылдыңы канжардай кадалып, жашоодон үч көчкөн журттай көңүлү калып, ызасын бир гана көз жаштан чыгарып олтурган экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул окуяны укканда менде жигиттик ар-намыс ойгонду окшобойбу, сабакка көңулүм тартпай бир эле ойлогонум чоң там салып, душмандардын көзүнө көрүнүп, чекесине чыккан чыйкандай жиндерин келтирип, энем байкушту төрдө балпайтып олтургузуп алуу болуп калды. Мени да кепеде жашаган бала деп шылдыңдап жүргөн сабакташтарыма мактангым келди.

Көп өтпөй биз жашаган кепенин ээси Байымбет аксакал келип:

– Оо, Болоттун уулу чоңойгон тура, эр азамат болот деген ушу. Байбиче, силерге бир сунуш менен келдим. Абышкаң менен бирге өскөн теңтуш элем. Анан мындай башыңа иш түшкөн маалда каралашпасамк болбойт го, - деп энеме карап сөз баштап калды. Ага карап улутунган энем:

– Адамдын кандай экени кыйынчылык түшкөндө билинет эмеспи. Буга чейин эле жакшылыгыңды аябай, бизге үстүбүздө үйүбүз жок калганда кол сунуп бул кепеңди башпаанек кылганга бергениңе ыраазымын. Эми да жардам берем деп келгениңе сүйүнүп турам, бир чети уялып да турам. Мен сенден эч нерсе сурабайм. Ичкени жалгыз кара чай болуп жалгызымдан калган каралдым куруду. Ушул уулумду жайлоого кошо ала чыгып койчу кылсаң да ак ичирип койсоң сооп болот эле, Байымбет, - деди.

– Мен да ошону айтканы келгем, бирок, сиз да барасыз. Кемпир “быйыл боз үй көтөрөм” дейт. Сиздин колуңуз билет эмеспи, кол кабыш кылганча биз менен бирге жайлап келгиле, - дей салды. Бул жаңылык мен үчүн кубанычтуу болду. Бирок энемдин жообу алда кандай болорун аңдай албай ашыгып турдум.



Энем ары-бери калчап ойлонду да макул болду. Ошентип биз эл жайлоого көчкөндөн тарта кеч күзгө чейин Байымбет атанын үй-бүлөсү менен Арпанын төрүндө болдук. Мен кой кайтарышам, апам Асылкан апа менен күнүмдүк турмуш, кийиз жасамай деген өңдүү жумуштар менен алек.

Эл жакага көчөрдө кошуна олтурган чабандардын улуусу Байымбет аксакал үйүнө бардык койчуларды чогултуп, байланган кара ирикти союп куттуу журт менен коштошуп, эмки жылга көрүшкөнчө дешип бата кылып жатышты. Бир убакта үй ээси мага карап олуттуу үн катты.

– Балам, ушул жай менин колума кол, бутума бут болдуң, садагасы. Эл күбө болсун мен сага эки эчки, эки кой анан бир торпок энчи кылып бөлүп берем,-деди.

Мындай үч уктаса түшкө кирбеген күтүүсүз жаңылыкка жооп таба албай энем экөөбүз тең буйдала түштүк. Эл жаалап Байымбет атанын айкөлдүгүн, марттыгын алкап, энчиленген мал бизге жугумдуу, төлдүү мал болушун каалап калышты. Ошондогу менин сүйүнгөнүм. Мухиттин көк иреңинде учуп бара жаткансып көзүм тумандап, муунум титиреп ыйлагым келип, териме батпай жарылчудай болуп чыктым. Көз алдыма алгач эле үй салып жатканым, анан аны бүтүп энем экөөбүз жаркырап эл катары жашап жатканыбыз тартылды. Анан уй саап айран уютуп, мурдагыдай жай турмушубуз кыялымды аралап өтүп, олтургандардын сүйлөгөн сөздөрүнүн бирин уксам, бирин укпай элеп-желеп болуп калдым.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ырасында эле Байымбет аксакал берген энчи биздин жашообузду түп тамырынан бери бурду. Апамдын кой дегенине карабай жакага түшкөндө эки кой, эки эчкини сатып тыйын кылдык. Ошол азыноолак каражат менен там түптөөгө бел байладым. Бирок апам мени кара жумушка салгысы келбедиби, колунан келбейт дегенчелик кылдыбы, же билим алсын деп менин келечегимди ошондо эле ойлонгонбу, айтор, ал каражат менен мени Фрунзе шаарындагы мектеп-интернаттардын бирине окуганы Байымбет атанын улуу кызына кошуп жөнөттү. Салкын эже мага өтө аяр мамиле кылып, келген күндөн баштап шаар маданиятын үйрөтө баштады. Ал эки кызды тарбиялап чоңойткон эне, кайсы бир мектептин алдыңкы мугалими эле. Мен аны жолдошу жол кырсыгынан каза таап, өзү эрте жесир калып, чиедей эки кызын жалгыз бой канатына калкалап өстүргөн баатыр эне деп баалаар элем. Анын энелик мээримине мен да бөлөндүм. Тууган энемен көрбөгөн тарбияны көрүп, анын баласындай эле өзүмдү эркин сезчүмүн. Убакыт өтүп мен шаардык боло баштадым. Күн өткөн сайын апамды сагынып “байкуш энем кантти экен, ооруп калбадыбы, балким кышта тайгаланып жыгылган жокпу, бирөө-жарым жаман тилин тийгизбедиби, мени сагынды го, санаасы санга, ою онго бөлүнүп кантип жашап жүрөт...” деп эле бассам-турсам кайгырып, куса болуп чыктым. Ал бугумду ичиме катып сызып жүрүп, аны ак кагазга төгүп жатып жаштайымдан акын да болуп кеттим. Окуумду болсо эң жакшы деген бааларга окудум. Анан баарына көнүп, максат коюп, бир кезде жектеген орустар менен дос болуп, алардан тил үйрөнүп тыңып алдым. Айына эки ирет түнкү автобус менен энеме барып келип жүрдүм. Кепеде жалгыз калган кемпирди Байымбет аксакалдар аяшса керек, мен кеткени биз жашаган жерди ат кепе кылып, энемди өздөрү үйүнө киргизип алышыптыр. Мен ал адамдарга эки дүйнө ыраазымын. Апаман санаам тынып, биротоло окууга башымды сайып күндүр-түндүр окуп, таңга маал автобекетти шыпыргыч болуп иштеп да жүрдүм.

Ошондой күндөрдүн биринде Салкын эже чай үстүндө кеп баштады.

– Сен биздин үйгө келгени 4 жылдын жүзү болду. Бир туугандардай, керек болсо баламдай эле болуп калдың, садагам. Апаңдын дени сак, жакшы жүрөт. Бирок “бир эле тилегим бар, уулум жакшы жарга туш болсо, кандай күн болбосун уулум сага аманат” деп сени мага тапшырды. Сен эр жетип жигит болбодуңбу, туура түшүнүшүң керек. Чоң энеңдин сага ылайыктап көздөп жүргөн бир кызы бар экен,-деп айта баштады. Мындайды күтпөгөн, деги эле кыз тууралуу бир да жолу ойлонуп көрө элек мага бул бир башкача угулду. Оозума айтарга сөз келбей туруп калдым.

– Шашпа, ойлон. Бардыгын өзүң чеч. Бирок энеңдин акылын да эске алууң керек,-деди.

Ошол күнкү кечки рейс менен айылга бет алдым. Келсем апам баягы эле Салкын эжем айткандарды кайра баштан айтты. Бирок ал ыйлап “сенин жакшылыгыңды көрбөй кетсем кантем? Атаңа эмне дейм? Сени кимге тапшырдым деп барам?”деп бүлкүлдөп жатты. Апамдын көз жашын көрүп туруп мен да кармана албай, муунум бошоп кетти. Дароо эле башымды ийкеп макулдугумду берип ийдим. Энем төбөсү көккө тийгендей сүйүнүп, жаш аралашкан мээримдүү көздөрү менен мени жал-жал карап, өлгөн уулу тирилип келгендей эдиреңдей түштү.

Той камы эрте желип, мага жар болчу кыз менен бир ирет жүз ачып сүйлөшпөй эле байбичелердин чечими боюнча баш кошуп калдык. Уулкан да жети жашынан томолой жетим калып, тайжеңесинин колунда чоңойгон кыз экен. Ал чоң энемдин алыс, катташпай калган туугандарынын кызы болот экен. Ошондон улам сөөк жаңыртмакка, анын үстүнө тең-теңи менен дегендей эки жетим бири-бирин жакшы түшүнүп жашап кетишет деп ойлошкон окшойт. Чындыгында ал мага чырай жүздүү, сулуучумак, маңдайы жарык жар болду. Мен аны көргөн күндөн баштап ченемсиз сүйүп калдым. Ушул махабатка жолуктурган, мага бул ажайып аялзатын таап берген апама ыраазы болуп, менден ашык бактылуу пенде жок эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

18 жаш курагымда чоң адамдардын катарына кошулуп, заматта үй-бүлөлүү азаматка айландым. Дегдеген балалык кыялдын баары өз агымын токтотуп, чыныгы турмуш менен күрөшүү, тынымсыз алп урушууга бет алып калдым. Менин ушул күнүмдү эле күтүп жургөнсүп, энем да жыл айланбай өтүп кетти. Таянар тоом, карманар караган-бутам кыйрап, учу-кыйыры билинбеген турмуш деген түздүктө бирде бороонго, бирде отко, чокко кабылып биротоло жетим калдым.

Уулкан мени бактылуу кылып Азирет деген уул төрөп берди. Мени менен тең досторум сүлкүлдөп боз бойдок бойдон жүргөндө мен балканактай баланын бакыйган атасы болуп, жоопкерчилигим көбөйдү. Ал аралыкта партиялык кызматка орношуп, чыгармачылыгым да өз нугун таап, тааныш-тамыр күтүп, эл ортосу болуп күн кечирип жүрдүк.

Бирок күн өткөн сайын эмнегедир Уулкандын баштагы жоош мүнөзү өзгөрүп, ак көңүлдүгү ажаандыкка, пейили көрө албастыкка, ишеними обу жок кызганычка, жооштугу наалыганга айланып бараткансыды.

Жумуштан даражам көтөрүлүп, ошого жараша тапкан акчам да жаман эмес эле. Бирок келинчегиме бул жакпады. Жаш күнүмөн уруш-талаштан, аялдардын ажылдагынан көңүлүм калган жаным күндөн-күнгө өз жубайымдан иренжий баштадым. Ал аралыкта биз удаасы менен мончоктой төрт бала көрүп, беш балага ата-эне болгонго жетиштик. Бир дагы кесиптешим жете электе шаардагы көп кабаттуу үйдөн бир эмес үч батирдин ээси болдум. Балдардын келечеги үчүн деп шаар четинен 10гектар жер тилкесин алдым. А күнүмдүк жашообузда жетишпеген нерсебиз болгон жок. Бирок анын бири дагы Уулкандын көзүнө көрүнбөдү. Бир күнү жумуштан келип бутумду чече электе эле:

– Ии, кайсы шуркуяңдын сулуулугуна суктанып, аны менен өткөргөн күндөрүңдү сагынып, боздоп ыр жазып калгансың,-деди жубайым.

Мен эмне тууралуу айтып жатканын аңдай албадым.

Анын ачуу үнү чыккан сайын жалтактаган балдарымдын көздөрүн көрүү мага кыйын эле. А аялым токтободу.

– Көрдүңөрбү атаңарды, уялбай гана сүйүү ырын жазат. Уяты жок акмак, сүйдүм-күйдүм ырын чыгаргандын балакетин аласыңбы?! Эч кимде жок көз караш деп жазыпсың, эмне менин көз карашым сага байкалбайбы? Шаарда жүргөн мен эмес айылдагы катындар норка шуба, лак туфли кийип жүрүшөт. А мен партисполкомдун аялы имишмин да чыт көйнөк, драп пальтомон бөлөк эч нерсем жок. Катын-балаң жылаңач олтурса ыр жазгандын балакетин аласыңбы?-деп ач айкырыкты салды. Ал ыр тээ илгери, биз бактылуу кезде өзүнө арналган ыр экенин билген да, мен билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген да жок. Жан дүйнөм караңгылашып, энем мага өмүрлүккө эш болот, бир тууган да, досуң да ушул болот деп таап берген жубайым байыган сайын мени тебелеген биринчи душманыма айланып калды. Менин жыргалга жетиштим деген күндөрүм ушинтип булгана баштады.

Бир күнү досум Жолдубайдыкына конокко бардык. Бирге иштеген Айганыш да ал жакка чакырылыптыр. Кайдан-жайдан экөөбүз маңдай-тескей олтуруп калыптырбыз. Экөөбүздүн ортобузда ага-карындаштай гана сылык мамиле бар эле. Кичүүлүк кылып ал мага сунулган чайды узатып, жөн салды сыйы кылып “алыңыз” деп калды. Андан кийин эле күтүүсүз жерден Уулкан:

– Эй, шерменде, анын катыны, төрт баласы бар. Кандай немесиң, элдин алдында жагалданган! Сен башка өзүңө окшогон немелер менен алакалаш, ишиң оңбогур!-деп жакшы-жаман сөз айтып тиги жаш кыздын абийирин ак жерден төктү. Ал байкуш оозун ачарга дарманы келбей эле туруп калды. Анын бул кылыгын көтөрө албай кеттим. Үйдөн кылган чырына чыдап келген болсом элдин алдындагы мени уят кылганы чыдагыс болду. Канча жылдан бери өзүмдү-өзүм тыйып жүргөн мен бул жолу Уулканга биринчи ирет кол көтөрдүм. Колума эмне тийсе ошону менен уруп, аны ошол күнү жер менен жексен кылгым келди.

Эл арачалап жатып араң алып калышты. Ушул күнү менин келечекке болгон үмүтүм үзүлүп, жубайыма болгон жылуу сезимим суу куйган чоктой жалп өчтү. Канча аракет кылбайын, баары бир Уулкандын түшүнүгүн өзгөртүүгө кылган аракетимден майнап чыкпады. Акыры элден “элге акыл айтканды коюп, аялын тарбиялап алсынчы”, “алы жетпеген акыретчил болуп катынына алы жетпей анан бизге чоң сүйлөгөнүн” деген шыбырларды, “сенин аялыңдай ажылдайт баланчанын ити” деген шылдың сөздөрдү көп уга баштадым. Ушулардан улам ачык-шайыр мүнөзүм түнт болуп, чүнчүп кеттим. Эч ким менен катышпай, ишиме канча жанталашсам да баары бир көңүлүм келбей, чөккөн төөдөй ылдыйлап бара жаттым. Мени жарыкка алып келген апамдын кылыгынан улам аял аттуудан бир көңүлүм калды эле. Эми өмүрлүк жарымдан көңүлүм кирдеп, жүрөгүм муздады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   05 Октябрь 2016 - 13:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Канча ирет сабылып-самсып селсаяк болуп кетким келип, бирок бейкүнөө балдарымды тирүүлөй жетимдиктин азабына кыйбадым. Алардын атакелеп айткан сөздөрүн, алмончоктой көздөрүн жалдыратып жашка толтуруп таштап кете албадым. Мен анткеним менен ал ой апасынын акылына жеткен жок. Бардыгына макул деп баш ийсем да, анын ою менен болуп талантымды кан буугандай токтотуп ыр жазганымды койсом да, тапканымдын баарын ага берип көзүн карасам да эч нерсе жакпады, көзү көр оокатка тойбоду. Мени кой, балдардын сабагына көңүл буруп, алардын тилектери тууралуу ой бөлүшүп койбоду. Эки күндүн биринде курдаштары менен шерине чайына кетип, акчанын эсебине карабай оңду-солду чачып жүрдү, унчукпадым. Өзүмдү-өзүм ичимен “маңкурт” деп жарыялап, бардыгына көз жумдум. Бирок бул аракетимен да оң жыйынтык чыгара албадым, атаганат. Кантсем да үйдө чырдын чыкканы чыккан, көбөйгөнү көбөйгөн боло берди. Баары бир балдарымдын жан дүйнөсү жабыркады.

Акыры мен үйдөн чыгып кеттим. Мен... мен таалайсыз, бактысыз, турмуштан жолум болбогон, жан дүйнөсү жабыркаган, эч кимге ишенбеген, балдарына баркы жок, досторунан урмат күтпөгөн бир адамга айландым. Андай жан жетим эмеспи. Мен жетиммин!

(Аягы)

Жылдызкан БайдӨӨлӨт
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Tansuluu09   05 Октябрь 2016 - 13:51

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:( мынчааа :...(
Аянычтуу тагдыр....
Окуп отуруп ыйлап алдым..

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 05 Октябрь 2016 - 13:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aidai05   05 Октябрь 2016 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 448
  • Катталган: 30 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 08 Фев 2022 06:21
  • Жынысы:Аялзаты

Эркекти эр кылганда аял,
Кара жер кылганда аял-деп бекеринен айтылган эмес экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Aidai05: 05 Октябрь 2016 - 14:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   alibekova94   05 Октябрь 2016 - 14:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Курган гана жакшылыкты билбеген аял...

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kut-begim   05 Октябрь 2016 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 380
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 26 Июл 2023 12:26

Ыйлаттыгоо байкуш,ушундай кантип болсун ахмак аял.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aseras   05 Октябрь 2016 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 02 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 19:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт аралынан

Аянычтуу((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   anya   05 Октябрь 2016 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Барга коппо, жокко чокпо деп бекер айтылган эмес да .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Adila27   07 Октябрь 2016 - 12:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 21 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 28 Июн 2018 21:16

Кудайга шүгүр деп жашай бербейби бир жакшыга бир жаман деген ушу да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aqua.94mema   07 Октябрь 2016 - 13:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2020 18:07
  • Жынысы:Аялзаты

Аялдардын эле коруго бул тема .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   baiazat   07 Октябрь 2016 - 20:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 10:48

Рахмат Белка айым!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nargis   07 Октябрь 2016 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул чыгарма тарбиялык мааниси бар .Тагдыр да кайталанат тура ,ооба бир аз озгоруусу бар болуп кайталанат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   mega777   07 Октябрь 2016 - 22:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Ата-эненин кетирген катасы учун балдар жооп бербеш керек дейбиз.Бирок канчалык бир денгээлде ошол издин бир четин басып отушу да толук ыктымал экен.
Автор кичинекейинен апасынын кылыктарынан конулу калып,мээримине тойбой,атасына жасаган жийиркеничтуу мамилеси учун жек коруп чонойгон.Озу турмуш жолуна тушкондо да ошол бузулган психологиядан кыйла жабыркаган. Аялзатына болгон ишеними сууган.Уйбулодо уруш чыкса балдарга билгизбейли дешип,же баарына чыдап,жаап-жашырып балдар учун жашоо керек экендигине мисал болчу чыгарма экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   mega777   07 Октябрь 2016 - 22:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Маркуртмун! "дегени ото курч айтылыптыр. Демек балдар учун "манкуртчулукка" да барууга болот.Бирок ошону тушунгон гана адам менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 03:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: