Суперстан: Сабак болчуу окуялар... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сабак болчуу окуялар... Сабак болчуу окуялар

#21 Пользователь офлайн   Mihrimah   08 Ноябрь 2016 - 00:41

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 23 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 10 Авг 2019 13:00
  • Жынысы:Белгисиз

Жаш ыймандуу, түшүнүктүү жигит жаш кызга үйлөндү. Аялы дагы ыймандуу эле. Алар өтө бактылуу жашап жатышты. Келинчеги күнүгө таңда жолдошун намазга ойготчу. Жылдар өтүп, кыздуу болушту. Көп өтпөй келинчеги каза тапты. Азап чеккен жолдошу аялынын кабырына күндө барып, куран окуп келет. Жолдошу апасы менен ымыркай кызды багуу кыйынчылыкты жаратты. Апасы баласына:
" Балам, балким үйлөнөрсүң. Кызыңа эне керек" деди.
Жигит: " Апа сиз эмне десеңиз, ошондой болот." деп
үйлөндү. Үйлөнгөн жары биринчи аялына окшоп кетер эле. Бирок жүрөгү катуу, жолдошунун кызын өз кызындай көрбөстөн, үйдө эч ким жокто аябай кор кылчу. Жолдошунун кызы аны "Апа"-деп атаса, "Мени апа дебе"-деп урушаар эле. Жылдар өттү. Жолдошунун кызы мектепке бараар убак келди.Кыз:
"Жеңе менин чачтарымды өрүп беринизчи?"
Тиги болсо:" Жоок,мен өрө албайм." дейт.
Кыздын маанайы чөгүп мектепке жөнөйт. Анын эсинде эч нерсе жок болгондуктан, күндө ойлонот: "Мен өз апамды жеңе дейм. Анан дагы дос кыздарымдын апалары мээримдүү, а менин апам болсо мени жакшы көрбөйт.Кыз күндө мектепте сабактар бүткөндөн соң ыйлат. Атасы кызынын абалын жакшы түшүнөт, бирок эч нерсени өзгөртө албайт.Күндөр өтө берди. Кыздын экинчи апасы жолдошунан уруксат алып, төркүнүнө барып келүүнү чечти. Жолдошу келинчегин машинеге салып, узатып келди. Арадан 3-4 саат өтпөй жолдошунун телефонуна бирөө чалып, аялынын жол кырсыгына кабылып ооруканада экенин айтат.
Апасы менен жигит ооруканага жетип келишти. Бирок аларды келинчеги жаткан бөлмөгө киргизген жок. Анткени 2 сааттан кийин келинди операция кылышмак болуучу. Жолдошу кайра кетип, кызын мектептен тосуп алды. Жигиттин апасы келининин операциясын кутуп олтурду. Баары ийгиликтүү болуп айыгып чыкты.
Кайрадан жашоо уланып, алар уулдуу болушту. Бирок аялы көз жумду. Тагдыр экен күйөөсү уулун ойлоп дагы үйлөндү. Үчүнчү аялы өтө эле ыймансыз болчу. Ал күндө кичинекей баланы урат. Буга карап чыдай албаган кичинекей баланын апасы Периштелерге:
"Менин баламды уруп жатат. Ал кичинекей да. Айткыла аны урбасын." дейт. Периштелер: " Биз эч нерсе кыла албайбыз." дешет. Аял чыдабай: "Карагылачы. Аябай балам аябай ыйлап жатат. Жардам бергилечи. Мени жөнөткүлөчү" дейт. Периштелер: " Жоок. Биз андай кыла албайбыз. Роббибизден өкүм келмейинче эч нерсе жасабай албайбыз." дешет. Аял: "Балам апа деп ыйлап жатат. Суранам токтоттургулачы" дейт. Бирок эч ким жардам бергени жок. Айласыздан кабырына кайтып учуп келе жатты. Кабырына кирерде өзүнө окшогон аял келди. Ал оронуп анан аппак кийинип алыптыр.
-Сиз кимсиз?
-Мен сизди тааныйм. Бирок сиз мени тааныбайсыз. Мен сизди түшүнүп турам. Сиздин баланыз башка бирөөнүн колунда кордук көрүп жатат окшойт.
-Ооба ошондой. Мен ага керекмин, бирок..
-Менин да убагында кызым кордукта калган болчу..
-Сиздин кызыңызда кичинекей беле.?
-Ооба, тигил кыз болчу деп,
өзүнүн баягы өгөй кызын көрсөттү.
-Ушул сиздин кызыңыз беле?
-Ооба менин кызым эле. Аны ымыркайында атасына тапшыргам. Бирок атасы сизге үйлөндү. Менин кызым сизди апам деп элестетти. Сизди апам дегизи келди. Бирок сиз кордук көрсөттүңүз.
-Мен... Мен.. Суранамын..Мени кечириңиз.
-Караңызчы кызымды.? Менин кызым, сизди сагыныптыр. .
Экинчи аялы жакындап басып келди кыз тарапка. Аны көрүп ыйлады. Анткени өгөй кызы, экинчи апасынын кабырынын жанында ыйлап олтурган эле: "Жеңе көзүңүздү ачынызчы. Мени таштап кетпеңиз. Мен сизди жакшы көрөм.
-Менда сени жакшы көрөм. Ордуңдан турагой.
-Кызым сизди укпайт.
-Эмнеге?
-Анткени биз эми рухбуз.
Муну угуп кыздын экинчи апасы ыйлады. Биринчи апасы колунан шакекти алдыда, кызынын экинчи апасынын колуна такты. Аял көзүн ачып өзөнө келип:
-Мен..Мен кайдамын?
-Сиз ооруканадасыз.
-Мага эмне болду?
-Сиз жол кырсыгына учураптырсыз. Сизди көргөнү жолдошуңуз менен кайыненеңиз келишкен. Алар сыртта күтүп турат. Чакыралыбы?
-Жо жоок.Чакырбаңыз.
-Макул.
-Айтынызчы? Жанында кичинекей кыз барбы?
-Ооба.
-Мага ошол кызды жаныма киргизе аласызбы?
-Албетте.
Кыз кирди.Акырындап басып келе жатты. Аны көргөн апасы кубанып кетти.
-Кел кызым.Мага жакын келчи.
-Жеңе сизге эмне болду?
-Кызым. Мени апа дечи макулбу? Мен сенин апаңмын.
-Макул.
-Чачтарыңды өрүп берейинби?
-Сиз ооруп жатасыз го.
-Менин алтын кызым десе.
Кызды аябай каттуу кучактады. Кыз мындайды күтпөгөндүктөн, эреркеп ыйлап жиберди.
-Сен эмнеге ыйлап жатасың?
-Мен ойлогом. Апам мени жаман көрөт го деп.
-Жоок апаң сени жаман көрбөйт, аябай жакшы көрөт. Сени жанынан артык көрөт. Сени бооруна кыскысы келет.
Кызды кучактап алып ыйлады. Күндөр өтүп айыгып чыкты. Алар көпкө бактылуу жашашты. Аял жакшы келинге айланды. Ар күнү кызын мектепке узатып жатып, чачын өрүп ысык тамак берет. Күндөрдүн биринде үйүн тазалап жатып, сандыкты көрүп калды.Ага аябай кызыкты. Ачып көрүүнү чечти. Сандыкты ачса,жолдошунун биринчи аялынын кийимдери бар экен.Кайненеси капысынан байкай калып: Кызым деди.

-АПА кечириңиз. Капысынан сандыкты ачып алып алаксып кетиптирмин.
-Олтур, олтура бер.Бул кийимдер сенин жолдошуң дун биринчи аялынын кийимдери.
-Мен аны тааныйм.
-Тааныйм.? Анын каза болгонуна көп болду.
-Мен аны көрдүм ал мага окшоп кетет ээ.?
-Ооба.
-Апа мен ушул кийимдерди кийсем болобу.? Суранам жок дебенизчи.
-Макул балам. Көңүлүңө жакса кий.
-Рахмат апа.
Аял кийимдердин ичинен бир көйнөктү кийип сыртка чыкты. Жолдошу көрүп биринчи аялын элестетип жанына акырын басып барды да :- Сен бул кийимди кайдан алдын?
-Сандыктан. Апамдан сурадым албетте. Аңыча мектептен келген кызы чуркап келип өгөй апасын кучактады да:- Апа, сиздин жытыңыз аябай жыттуу болуп кетиптир ээ..
- Ооба да алтын кызым. Анткени бул апаңдын жытыда..
Ошентип экөө үйгө кирип кетишти. Күйөөсү артынан жылмайып кала берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Shanson   09 Апрель 2018 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кембагал үй-бүлөнүн баласы мектептеги классташтары бир риялдан чогултуп класс менен бир жакка барышмак экен. Үйүнө келип ата-энесине айтса акча жоктугун айтып берише алышпайт. Бала капа болуп ыйлап, ызаланып эртеси мектепке барат. Бардык балдар акча берип атканда ал бөлүнүп бир четте турат.

Аны байкаган мугалими сурайт:
- Ай, Сулайман, сен барасыңбы?
- Жок, агай. Бара албайм.

Агайы эмне экенин сурабай эле (кээ бир мугалимдер зирек болот эмеспи?) окуучусу үчүн чөнтөгүнөн бир риял кошуп Сулайманды да класс менен кошо зоопаркка алып кетет.

Арадан канча жылдар өткөндөн кийин ошол бала эр жетип, Саудия эмес дүйнөдөгү эң бай адамдардын биринен болуп чыга келет. 2012-жылдары 95 жаш курагында бир канча миллиард доллар акчасын кайрымдуулукка жумшап, калганын мураскерлерине бөлүп берип өзүнө болсо жашаганына жете тургандай эле каражат алып калат.

Иши жүрүп турган кезде кайдандыр бир ошол окуя мунун эсине түшөт да сураштырып жүрүп ошол окуткан агайын издеп табат. Алдын ала чалып: “Мен сиздин окуучуңуз болом, сиз менен бир жүздөшүп, амандашсам дедим эле”, - деп анын дарегин алып үйүнө барат. Ар кайсыны сүйлөшүп отуруп айтат:

- Устаз, эсиңиздеби, бая бир жылы бардык балдар бир риялдан чогултуп жүрүшкө барарда, мен акчам жоктугунан бара албай кысынып, бөлүнүп турганда сиз мен үчүн акча чыгарып мени элден бөлүнбөй барышыма салым коштуңуз эле. Ошол карызымдан кутулайын деп келдим.

- Сен акылың ордуңдабы? Качанкы бир риялды төлөйүн деп келгениң эмнең? Сен ушул жакка келгенче эле жүздөгөн риялды машинеңе бензин куюп эле кетирдиң го? – деп мугалими таң калат.

- Эгер сиз макул болсоңуз, машинеме отуруңуз сиздин карызыңыздан кутулуп коёюн. Бир гана шарты – сиз макул болуп кабыл алышыңыз керек.

Устазы макул болуп машинесине отурат. Сулайман сураштырып билишинче мугалими Палестинадан Саудияга келип иштеген болот. Учурда карыздары көп жана алган пенсиясына эптеп жашап аткан болот.

Бир заңгыраган чоң үйдүн жанына келгенде токтотуп:
- Устаз ушул үйдү сизге белек кылам.
Агайы аябай таң калып:
- Мен бул белекти кабыл ала албайм. Бир риял үчүн ушунча аласа алганым туура болбойт.
- Устаз, сиз азыр ушул үйдү көрүп сүйүнүп атасызбы?
- Ооба. Жакшы үй экен! Чоң үй ар бир эле адамдын кыял го?.
- Анда ошо үйгө кошуп могу машинемди да белек кылсамчы?
- Анда кубанычыма чек жок болмок.
- Жок, устаз, жаңылышасыз. Сиздин бул кубанычыңыз баары бир менин ошондогу кубанычыма эч тең келе албайт! Мен ошондо жана өмүр бою ошого ыраазымын, - деп устазына үйдү, машинени белек кылып, андан тышкары өзүнүн банкынан анын атына өлчөмсүз банктык эсеп ачып ал каалаган убакта каалаган суммада колдоно ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Бул эч кандай ойдон чыгарылган окуя эмес. Турмушта чындап эле болгон. Жана ал бай адамдын аты Сулайман Раджихи. Убагында “Форбс” журналына чыккан.

Ал эми икаядан мораль: Сага кыпындай жакшылык кылганды унутпа, канчалык бийиктикке жетсең да!<
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Shokoladka94   16 Апрель 2018 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Баардыгы жакты, ыйлап да алдым. Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: