Суперстан: Назгүл Осмонованын калемине таандык ырлар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Назгүл Осмонованын калемине таандык ырлар.

#21 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 19:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Сен сүйлөп жаттың мага,
Унчукпай турдум угуп.
Сөздөрүң супсак мынча,
Болсо да оюң тунук.

Сезимди эзип бир ой,
Көңүлүм башка жакта.
Кечирчи, кечирип кой,
Сүйө албайм кайра баштан.

("Күн түнөгөн жүрөк").
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Көздөрүң ач мышыктын көздөрүндөй,
Сезимиң жылыгыстай калган катып.
Калыпсың ошол бойдон өзгөрүлбөй,
Келдиң не душманымдай жыла басып.

Сүйөм деп айткансың деп кекээрлебе,
Ал сүйүү билсең эбак калган өчүп.
Экөөбүз эки башка жан экенбиз,
Эстебе, үйлөп салгын көңүл отун.

("Күн түнөгөн жүрөк")
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Кыш өкүмүн жүргүзөр күндөр келип,
Күмүш күздүн күүлөрү аяктады.
Сумсайышат сыр бербей бой керишип,
Бишкегимдин сымбаттуу дарактары.

Шамал ойнойт сапырып жалбыракты,
Көчөлөрдө элдер аз агылышкан.
Аяр басып абайлап өтөм жалгыз,
Көлчүктөрдөн ай сымал чагылышкан.

Ушул кечте ардагым, сени ойлодум,
Көкүрөккө батпаган эргүү толуп.
Балким, мени ойлодуң сүйүү менен,
Балким, чыктым эсиңден эбак толук…

Көп жыл болду, тосомун күздү жалгыз,
Алтын түстүү көркүнө кумар канбай.
Мен сагынып өзүңдү жүргөнүмдө,
Биле албадым сен болдуң ойдо кандай.

Күн кыскарып, айлана кыш жыттанып,
Күмүш күздүн күүлөрү аяктады.
Сумсайышат мага окшоп сагынычтан,
Бишкегимдин көркөмдүү дарактары…

Балким, мени ойлойсуң сүйүү менен,
Балким, эбак эсиңден чыктым толук…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 20:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

***
Айрандай көөшүйт кышкы түн,
Апакай тартып ак кардан.
Сезимдин жагып билигин,
Сен келдиң алыс жактардан.

Жолугуу кыска, сөздөр көп,
Кымбатым сага айтарга.
Басылбай көөдөн өрттөнгөн,
Жаш тамаар жаным кайтарда.

Ыраазы болгун а бирок,
Өчүрбөй сүйүү үмүтүн.
Бир өмүр калар дилиңде,
Жомоктой болгон кышкы түн.

Турсаң да жаның ачышып,
Сураба ракым тагдырдан.
Келээрсиң дагы кайрылып,
Жазылган болсоң тагдырга.

Жылдыздай жанган карегиң,
Алсамбы сурап тагдырдан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Rayyana   05 Декабрь 2016 - 20:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 18 Апр 2018 14:35
  • Жынысы:Аялзаты

Махабат тумары

Cөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Аралыктар махабатты муздатып.
Селт этемин жазган катың көргөндө,
Түркүн ойлор жүрөгүмдү сыздатып.

Деңиз болсоң толкундарың шарпылдап,
Кучагына албай калды ынагым.
Көр тирилик көйгөйүндө салкындап,
Жоготтукпу махабаттын тумарын?

Сөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Селт этемин жазган катың көргөндө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 23:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: