Эч кимге ишенгин келбейт кээде... Бирок баарыбир ишеним деген сезим бар. Мен ишенем, мен ишенем баарына, ишенгим келет!!!
Эч кимге ишенбе.
#101 31 July 2013 - 14:57
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#102 07 May 2014 - 15:43
Бир гана Кудайга ишенуу керек. Кудайга таянуу керек.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#103 07 May 2014 - 22:41
Ишенимсиздик бул умутсуздуко алып барат, Мен адамдарга ишенем, бирок баарын артып салбайм.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#104 08 May 2014 - 02:53
Ишенем.
.. Кээде ишенбейм... Шек санайм... Изилдейм, сүрүштүрөм,
канчалык денгээлде ишениш керектигин аныктайм... Кээде жөн гана кол шилтеп коём.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#105 08 May 2014 - 08:31
Ишеним болуш керек кандайдыр бир денгээлде бирок, абдан эле ишенбеш керек.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#106 08 May 2014 - 12:53
Жаш кезинде ишенчеек болсон бара бара жашоодон тажрыйба топтоп ар кандай ашууларды ашып отуу менен биргеликте кимге ишенуу кимге ишенбоо керектигин андап билип каласын
...ошентсе да озуно так адам башкалардан да тактыкты талап кылат.,ошондуктан так болсон сак болосун!
#108 12 November 2014 - 16:37
Адамдардын баарына ишене бербейм.Ишенген адамдарымды да кээде контролдоп коём.Жашоо ушундай!Ишеним деген менде такыр олуп калбаганына да шугур.
#109 12 June 2015 - 01:40
Бир жолу алдаган адамга кайрадан ишенүү керекпи?
Ишээнчектерди алдагандар негизинен тозокко кабылгандай абдан жабыркашат, анткени алдагандарга карата мындан өткөн жазык жок эмеспи. Сага ишенген адамды алдап, аны "сатуу" менен мамиленин акыркы чегинен ашып кеткендикке жатат.
Анткени сен "сатып" кеткен адам сенин чыккынчылыгыңдан кийин жашоого болгон көз карашы тескери жакка өзгөрөт, сүйүү, ишенич, үмүт, жөнөкөйлүк деген эң баалуу сапаттардан айрылат. Тилекке каршы, келечекте ал дагы кимдир бирөөнү алдап күнөө жасашы толук ыктымал. Адистердин айтымында, чоочун адамга караганда жакын адамың көбүрөөк алдап "сатып" кетет. Андыктан жакын адамдан кечирим алуу абдан кыйынчылыкка турат.
Буга байланыштуу суроо жаралат. Сени алдап, "сатып" кеткен адамды кечирүүнүн кажети барбы?!.... Тобокелчиликке салып, дагы бир мүмкүнчүлүк берүү керекпи, же, баарын өз ордунда эле калтырган дуруспу? Бир жагынан алып караганда, эгер мүмкүнчүлүк берсе, бирок баары бир буга чейин алдаган адам кайра эле эски адатын кармайт да.... Мындай учурда балким мамилени үзүп, экинчи жолу мүмкүнчүлүк берүүнүн кажети жоктур....
Ал эми экинчи тарабынан алып караганда мамилени такыр эле түп тамырынан үзүп коюу да туура эмес. Анткени ар бир адам экинчи мүмкүнчүлүк алууга акылуу. Кээде жашоо- турмуштагы кээ бир кырдаалдар түрткү болушу ыктымал. Маселен, калп айтууга ар кандай кырдаалдар себеп болушу ыктымал. Акылсыздыктан, түшүнбөгөндүктөн, аягы эмне менен бүтөөрүн аңдабаган, кырдаалдын талабына ылайык, коркунучтан же таарынычтан. ... Же болбосо атайылап, бир максатты көздөшү да мүмкүн. Ошондуктан анын реакциясына маани берүү маанилүү. Мисалга, анын калп айтып жатканын байкаганыңызды өзү сезип калган учурда ал өзүн кандай сезип жаткандыктан байкаса болот. Эгер өзү да кыйналып, кызарып, өкүнүп турса жана кечирим суроого аракет жасаса, анда, дагы бир мүмкүнчүлүк берүү талапка ылайык. Бирок, бул жерде дагы бир орчунду маселе бар. Ал сизге байланыштуу, себеби сиз кечиримдүүсүзбү? Бул чындыгында абдан олуттуу маселе. Ар бир адамда эле кырдаалды түшүнүүчүлүк, кечиримдүүлүк сапаты боло бербейт. Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Мен анын чыккынчылыгын кечире аламбы???....
Албетте, көңүлдү ооруткан учурду мээден толугу менен өчүрүп салууга мүмкүн эмес. Маанилүүсү, сизды алдаган адамды кечирген соң, анын жасаган терс мамилесин улам эске салып эстебей, ал тууралуу сүйлөшпөй коё аласызбы, бул сиздин колуңуздан келеби??? Маселе ушунда. Толугу менен унутууга мүмкүн эмес.
"Болоор иш болду, бирок жашоо уланат. Кайрадан жашаш керек"- деп айтууга кудуретиңиз жетеби? Себеби, кээ бир көңүл оорутуулардв жашап өткөн соң, кайрадан ага кабылып калса, айыгуу абдан кыйынчылык жаратат. Жакын адамыңдан улам эле шексинип турган бул эң эле оор жагдай эмеспи....
Ишенбөөчүлүк- бул кошумча оору жаратып, акырындык менен сезимдерди "өлтүрө" турган эң жаман сапат. Андыктан ар бирибиз ишеничтен чыкпаганга аракет эмес эмес, талап коюлгандай эрежеге ылайык мамиле түзөлү. Алдамчылык эч качан жакшылыкка алып барбайт.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#111 12 June 2015 - 10:50
Баарына ишене берем..алдаса озунода.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#112 12 June 2015 - 12:13
Эч кимге ишенбейм анткени, озум да бироолорду серезный туруп эле алдап коем.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#113 12 June 2015 - 15:57
#115 12 June 2015 - 17:35
#116 12 June 2015 - 18:01
Мен ото ишенчээк элем,турмуш озу сынадыда электен откозуп койду ким кандай экенин!
Бирок дале алданып калмайым бар аз-маз.
Бирок дале алданып калмайым бар аз-маз.
#117 12 June 2015 - 19:00
Баарына ишенем. Майда барат нерселер эле болбосо катуу конулго тийгидей эч ким алдай элек.
#118 12 June 2015 - 19:09
Эч кимге ишенбегениңер кандай?Мен ата энем,бир туугандарыма,
досторума ишенем.Кошуналарга да ишенем,мени эч ким алдай элек ушул кезге чейин
#120 12 June 2015 - 22:02

Супер-Инфо
super.kg
видео

























