Садыр Жапаров эл учун мекен учун өз жанын тобокелге салып азыркы учурда мыйзамсыз камалып олтурат
Садыр Жапаровдун колдоочулары барбы?
#82 18 Июнь 2017 - 14:47
Садыр Жапаровду президенттик шайлоого катыштырбаштын аракети катуу журуп жатат
#83 13 Август 2017 - 15:53
Видеону коруп менин да журогум ооруду... Эми адам карыганда ооруйт-сыркайт,
карылык деп айтса да болот, бирок бул аксакалды бийлик оорулуу кылып олум чакырууда. Бир уулу бир канча жылдан бери оорулуу болсо, ал эми Садыр Жапаров элге чындыкты айтып келгени учун бийлик ага саясий куугунтук уюштуруп, ак жеринен камап отурса, байкуш аксакал ойлонуп-санааркап отуруп да ооруйт да.... Мелис Мырзакматов да агасынын тажиясына келе албаганы учун арманда журсо керек... Бул Атамбаевдин да козун май басып отурат, Акаев, Бакиевдерге окшоп... Эл которулбосо башка айла жок окшойт... Аз калды, Атамбаев жакында кетет, чыдап койолу деп сабыр кылсак, Атамбаевдин саясаттан кетээр туру корунбойт. Шайлоону куткон менен, Жээнбековду президент кылып, Атамбаев Окмот башчы болбогон кундо да, кошого артында отуруп алып олкону башкара берчудой, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Ч.Турсунбеков,
И Омуркулов, Сапар Исаков, Карамушкина,
Момбеков, Мискенбаев,
Мусабекова деген СДПКчы кланы менен...... Бизде 2 эле жол бар. Митинг-пикеттерден жадасак да, бул жолу баарыбыз которулуп женишке жеткиче курошубуз керек бийлик менен, же унчукпай баш ийип жашай бериш керек Атамбаев башында турган СДПКчы жек корунду, кан соргуч бийликке.... Тандоо силердин!..
#84 13 Август 2017 - 16:09
Азыр бир козун бир козуно душман деген заман болуп жатат элдин пейили бузулду.бизде короалбастык аябай кучогон илгертен тарыхты окусан кыргыздар бири бири менен кырылышкан душманга салып берип азыр деле ошол бийлике жеткинче кыргызстанды Швейцария кылышат анан жок бул шайлоодода акча ойносо умут калбайт кыргызстанда Садыр Жапаров бейкуноо камалды
#85 05 Сентябрь 2017 - 12:09
Садыр Жапаровду Түптүктөр атын да уккусу келбегенин өз көзүм менен көрүп келдим эле.Каркыраны сатканга ушунун түздөн-түз тиешеси бар дешип "Садыр Жапаров"-
деп сүйлөбөй эле койгулачы дешкен карапайым эле адамдар ошондо.
#86 27 Сентябрь 2017 - 16:12
САДЫР ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ. ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ КИМДИ КОЛДОЙТ?
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Садыр Жапаров абактан кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй.
Кагылайын калайык, карааны калдайган атакемден айрылдым. Аска-зоом кулады. Жүлүнүм зыркырап, кабыргам кайышып турат. Алакандай кезимден ардактап өстүргөн атама өз колум менен топурак сала албай кайгыга муунуп, көз жашка жуунуп турамын. Мындай күндү эч бир пенденин башына салбасын. Элди какшаткан зулум бийлик мага жасаган адилетсиз, жалган иши менен атамдын кайгысын көбөйтүп, акыры башын жутту!
Жок дегенде кыргыздын салтын сактап, акыркы сапарда атамдын башында турууга мүмкүнчүлүк бербей, бабаларыбыздын наркына түкүрдү. Алыс-жакындан барып, мен үчүн топурак салып, акыркы сапарга узатып койгон замандаштарымдын баарына терең ыраазычылык билдиремин. Рахмат сиздерге. Кош бол – Ата!
Азыр Кудайдан сабыр тилеп турамын. Бирок баары бир жүрөгүм сыздап, жүлүнүм күйүп турат. Ардактаган атамдын чекесин сылап, бир ууч топурак салсам арманым жок эле, ошону ыраа көрбөдү. Булар атанын ыйыктыгын билбейт экен. Кудай өзү таразаласын дегенден башка аргам калбады.
Бизге колунан келген азап-тозогун жасады. Мен кылмыш жасасам же элге кыянаттык кылсам бир жөн эле, тилекке каршы мамлекеттин байлыгы тонолбосун, таланбасын, өз элибизде калсын дегеним үчүн абакка жапты. Бирок акылман кыргызым мунун баары жалган жалаа экенин билип, кыянатчылык экенин көрүп турат.
Мага ошол жетиштүү. Бул күндөр да өтөт. “Үмүтсүз шайтан”-дейт. Жакшы күндөр алдыда деп туралы.
Урматтуу кыргыз элим!
Камакта жатсам да мамлекетибиздин, элибиздин эртеңки тагдыры мени кайдыгер калтырбайт. Мага жактоочум келген сайын колдоочуларым кайсы талапкерге добуш беребиз деп тынчсыздануу менен күтүп турганын билдирүүдө. Мен азыркы шартка байланыштуу кимдир бирөөнү бөлүп көрсөткүм келбейт. Программаларын да окуганым жок.
Талапкерлердин арасынан кимиси эли-журтка чын жүрөгүнөн күйүп-бышып, башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүп, жаңы, эффективдүү башкарууну орнотом дегенине добушуңарды берсеңер жаңылышпайсыңар.
Ал жаңы башкаруу системасы кандай болушу керектигин 2011-жылдан бери айтып келе жатам, бирок бийликке бул система жакпайт. Анткени, дайыма элдин көзөмөлүндө болуудан коркот. Ошондой болсо да кайталап кетейин.
Президенттик башкаруу болуш керек. Премьер-министр деген кызмат жоюлуп, өкмөттү президент өзү жетектеш керек.
Себеби, азыр эки аппаратта баары биринин ишин бири кайталаган кызматтар. Ага 25 жыл болду. Ашыкча чыгым гана короп жатат. Президент жетишпей калат дегидей бүгүнкү күндө мамлекеттин менчигинде илгеркидей завод фабрика, мал чарбачылык, дыйканчылык жана башка өндүрүштөр тургай, бир тооккана жок. Ошол үчүн кыскартыш керек. Президент өз аппараты жана вице-президенти менен эң сонун жетишет.
Экинчиден, байпак алмаштыргансып жыл сайын бир эмес, эки премьер-министр алмаштырбай, баардык жактан толук жоопкерчиликти президент өз мойнуна алат.
2) Парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келишип, саны 55 депутаттан ашпаш керек. Ошондо ар бир райондун эли өз өкүлдөрүн жөнөтүшөт. Алар мыйзам чыгаруу жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө менен гана алек болушу керек.
3) Токтоосуз түрдө Курултай системасын киргизиш керек. Жыл сайын өлкөбүздүн баардык айылдарынан эл тараптан коомдук башталыштарда өкүлдөр шайланып келишип, президент менен парламенттен жылдык отчёт алып туруш керек. Жылдык отчётторунун жыйынтыгына делегаттар тараптан жашыруун добуш берилиши керек. Эгер көпчүлүк добуш менен канаатандыраарлык эмес деген добуш алса, дароо отставкага кетиш керек.
Мына ушунда гана президент менен парламент жыл сайын берилуучу отчётко даярданышып, элдин көзөмөлүндө болуп, элден коркуп, эффективдуу иштей башташат. Тизгиндери элдин колунда болот. Уурдабайт. Уурдаса жыл сайын курултайда ачыкталып турат. Мына ушундай болсо президент кетсин, парламент кетсин деген митинг, пикеттер токтойт. Чыныгы элдик бийлик орнойт.
Артыбызды карайлычы, 25 жылдан бери президент же парламент эл алдында жылдык отчётум деп бердиби? Албетте берген жок. Ошондуктан, жоопкерчилик да жок болуп мамлекетибиз таланып тонолууда. Өлкөбүздүн байлыгын бөтөндөр ташып кетүүдө. Биз муну тез арада тизгиндешибиз керек.
Сот бийлиги толугу менен ак үйдөн көз карандысыз болуп, мыйзамдарга гана баш ийген система болуш керек. Мына ушундай өзгөрүүлөр сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыныгы реформалар болгондо гана бир кишинин үй-бүлөөсүндө эмес, жалпы малекетибизде дүркүрөгөн өсүүлөр болуп, элибиз байып баштайт.
Кыскасын айтканда мына ушул сындуу өзгөрүүлөрдү жасайм, түндүк-түштүк деп бөлүнүү көйгөйүн түп тамырынан жок кылам деген талапкерге добуш берип, келечекти тандап алгыла.
Эгер бүгүнкү башкаруу системасы менен кете берсек, дагы бир 25 жылдыкта карызга кекиртегинен баткан мамлекетке айланып, жок болуп кетүү коркунучуна кептелебиз.
Урматым менен Садыр Жапаров.

#87 27 Сентябрь 2017 - 16:30
ошондо кимди шайлашыбыз керек атын атап кетсе болмок,баары эле жыргатам дейт кимге ишеништи деле билбей калдык.
#88 04 Октябрь 2017 - 16:22
Бабановдун программасы ушундай болчу,бирок тилеке каршы ал чыч_п жиберди.Кыскасын айтканда бул жөн гана айтылчу сөз экенин өзү аныктап берип койду.
Эгерде С.Жапаровду камабаганда мен С.Жапаровко добуш бермекмин.

#89 09 Октябрь 2017 - 22:03
Садыр Жапаровду иши буттуго колдогондон толк чыкпайт жакшысы Бабановду колдойлу
#90 09 Октябрь 2017 - 23:21
#91 09 Октябрь 2017 - 23:49
Эшек ат менен жол журуп келе жатып, бир жерде ат баткакка тыгылып чыга албай калса, ага жардам беруунун ордуна, чоону (гиена, шакал) жолдош кылып жолун улаган эшектин баянын уктун беле?!!!
.....
Мен оз позициямда Садыр Жапаровду колдогон эмесмин.Колдогон кундо да ал адамга азыр экообуз жардам берген колубуздан келбейт. С.Жапаровдун тагдырына куйгон колдочусу болсон эл
учун иштейм деген,таскагы катуулап бараткан Бабановду колдоп С.Жапаровдун боштондугун талап кылыш керек. Ошондо ал адамга жардамын болот.
#93 10 Октябрь 2017 - 00:48

Биринчиден мен ууру-каракчыларды эч качан колдобойм. Коррупционер деген соз ууру-каракчы деп которулат... Ал эми Бабанов чон коррупционер. .. Эгер Бабанов Садыр Жапаровко куйсо, бийлик Жапаровду камакка алган убакта Бабанов кайда эле?!! Жапаровду кыйнап, мойну-башын кескилешкенде Бабанов барып кабар алып койдубу... Эч болбосо 27 фракциялашы (озу менен 28) менен Жогорку Кенеште Жапаровду уй камагына чыгарууну, соттун акыйкат отуусун камсыздооеу талап кылып чыкса болбойт беле?!! Дегеле Бабанов Жапаровдун кайсы бир соттук отурумуна кадам басып бардыбы?!! Ошондо сен кайсы жомокту айтып жатасын?!!
Бабановдун таскагынын секрети бул акча... Бабанов акчасын чачып элди сатып алгысы келет. Бирок эл арасында добушун да, нвмысын да Бабановдун же Жээнбековдун арам акчаларына сатпай турган, олконун келечегине кайдыгер эмес патриот атуулдар бар экенин, алар копчулук экенин унутпа...
Бийликке Жээнбеков келсе Жапаров абактан бошобойт. Аны Жээнбеков озу да ырастап отурат, соттун чечими туура деп... Бабанов президент болсо да Жапаров абакта калат...
Олко башына Мадумаров келсе гана Садыр Жапаров абактан бошотулуп, Мырзакматов Кыргызстанга кайтат... Так что Баьановуна озун добуш бере бер........
#94 10 Октябрь 2017 - 11:54
Биз Жапаровду колдой албадык, аны колдойбуз деп туруп бийликтин алаканына салып бердик, уят.
Жүрөгүмсүң
#95 13 Октябрь 2017 - 11:17
Садыр Жапаровго күйгүдөй эмне иш кылды эле,бул деле күн тийген жерлердин чоросу дагы көптүн бири.
#96 02 Январь 2019 - 05:11
Садыр Жапаровду колдойм бирок бизде жакшы таза адамдарды бийлике жеткирбейт да
#97 14 Октябрь 2020 - 18:26
Өкмөт башчы болду. Тышкы саясатты өзгөртө алар бекен же мурункулардын жолу менен кетер бекен, аман болсок аны да көрө жатарбыз.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#98 17 Октябрь 2020 - 19:17
Орус медиалары, Жапаровду жамандап баштады.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#100 23 Октябрь 2020 - 12:38
Садыр кыргызстанда башаламандыкты орнотту, артынан узурпация кылып жатат. Азыр мени жаман корсонор коргуло, кийин бармагынарды тиштейсинер.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия