Суперстан: Садыр Жапаровдун колдоочулары барбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Садыр Жапаровдун колдоочулары барбы?

#321 Пользователь офлайн   Antiradikal8   30 Декабрь 2021 - 09:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Просмотр сообщения HanTegin (29 Декабрь 2021 - 10:14) жазган:

Канткен күндө да элдин колдоосу менен келген Президент. Жапаров келгенден бери көп өзгөрүүлөр болду. Жаңы Конституция кабыл алынды, парламент шайланды. Өкмөттүн коалициялык курамы иштей баштады. Борбордо жана жер-жерлерде кадрлар алмашты. Мисалы, экономикада жана өндүрүштө болуп көрбөгөндөй өсүштөр болду. Жумушсуздук азайды. Негизги тамак-ашка болгон баа дүйнө жүзүндө көтөрүлүп жатат. Мугалимдердин, дарыгерлердин маянасы көтөрүлдү. Электр энергияга болгон баа 2.16 тыйындан, 0.77тыйынга арзандады. Уурдалган менчикти ордуна коюу боюнча аракеттер алгылыктуу жүрүп жатат. Эми мунун баары бир эле күндө жасалып кетчү иш эмес. Менимче, ал көйгөйлөрдү чечиш убакытты талап кылат жана айрым шарттар керек.



Жапаров оозуна тукуруп койгонбу ыя?! Же Жапаровдун сендей жугундукор дакансалары Жапаровго окшоп калп айтканы жон гана дал келуучулукпу?

Сенин ошончо калпынды коруп адам ушунча да намысы жок болуп калабы бмйликтин жугундусун ичсе деп тан калып отурам.

1)конституцияны озгорткондо элдин тапкан пайдасы кайсы болду, кайра эле ыплас шайлоо отуп, кайра эле чимкириктер депутат болуп келишкен сон?!
2) Окмоттун курамына келсек, Акылбек Жапаров деген супер аферист, жеткен коррупционер, Эдиль Байсалов деген клоун башында турган Окмот олкону онуктуруп жиберет деп ойлодун беле? Министрлерди кордунбу? Баары карт борулор, аларын реформа жасоого кайдан убакыт табат, казынаны талап-тоноо, уурдоодон колдору бошобой жатса.
3) Кадрлар алмашты депсин, туура, Садыр менен Камчы бут жерге озуно караштууларды коюп чыгышты. Жезделерин, кудаларын, окул балдарын, жээндерин, досторун ж.б.ж.б. Атугул козго сайып корсотуп далилдеп да берип жатышат го айрым журналисттер, иликтоо жургузуп, кимдин кайсы тууганы кайсы майлуу-суттуу кызматка келип отуруп калганы боюнча... Анан бийликте жаштар жок, бийликте профессионал адистер жок дейбиз. Маанилуу кызматтар эки достун тамырлары, тууган-уругунан артпаса, Кембридж, Гарвардды бутуп келсе да кызмат тийбегени ошол да илимдуу алдынкы жаштарга.
4) Ондурушто осуш болгудай Окмот бир завод же бир фабрика курдубу деги? Кайдагы осуу? Экономикадагы кайдагы осуш, быйылкы ВВП 2019-жылдагы ВВПдан томон болуп жатса. 2019-жылы ундун мушогу 1200, суу майдын литри 80, бензин 37-39, эт 300-350 сом болчу. Бугун ундун мушогу 1800-1900, суу майдын литри 160-180, бензин 62-64, эт 500 сом. Же калппы? Же болуп корбогондой баалар осуп жатса экономика осуп жатат деп тушундунбу? !
5) Жазда авиабилеттин баасы 60-80 мин сом экенине каратай алып жатты го мигранттар. Жумушсуздук азайса мигранттардын саны кыскарып иштебейт беле? Жумушсуздуктун денгээлин миграциядан эле карап кор. Олкодогу жумушка жарамдуу калктын жарымы мигрант. Олкодо жаш наристелери менен калган энелерди кошкондо, олкодо жумушка жарамдуу калктын 50-60%ти жумушсуз. Биз жумушсуздук боюнча Африканын эн жакыр олколору менен бир катардабыз!
6) Дуйно жузундо пандемияга байланыштуу инфляция орун алды. Бирок Европа олколорундо, АКШда инфляция 5-15% болсо бизде баалар 2-3 эселеп осту. Алар инфляциядан эл кыйналбасын деп айлык-маяна, пенсия-пособиелерди которуп жатат. А бизде эл пандемияга чейинки айлык-маяналар менен иштеп жатат. Кымбатчылык жакырды ого бетер жакыр, байды бай кылууда. Ал аздай Жапаров кечээ жакында пенсия аз алганга аз, коп пенсия алганга коп кошуптур, эл биротоло жакыры жакыр, байы бай болсун деп. Олкодо 40 МИН пенсионер болгону 1500 сомдон пенсия алып жатканда, башкалар 179000 (179 МИН) сом пенсия алууда. Кана адилеттуулук?
7) Мугалимдердин да, медиктердин да айлык-маянасы которулгон жок аферист! Уй-булолук даоыгерлерди кошпогондо. Уй-булолук дарыгерлердин кошумча акы, премияларын жоюп туруп базовый айлыгын 2 эсе которуп койду. Мурун 15-17 мин сом алгандар кайра эле ошол айлыкты алып жатышат. Айлыктары 2 эсе которулду деп элге башкача маалымат беришти. Мисалы сенин алдында бири кок, бири кызыл алма турса, Жапаров келип кок алианды алып, ордуна кызыл алма берсе, сенде кайра эле 2 алма калат да, туурабы? Мына ошондой болду. Бул коз боемлчулук, алдамчылык эмеспи?!
8) Электр энергиясынын баасы мурунку бойдон. Калп айтканда устундо Алла Таала бар экенин эстечи. Же сен учун Жапаров Кудайдан да улукпу не? Мурун да, азыр да, 800кВтка чейинки электр энергияна 77 тыйындан эсептешет. 800кВттан ашканына 2 сом 16 тыйындан эсептейт.
9) уурдалган 5 менчикти кайтаргыча 50 мамлекеттик менчик жеке менчикке отуп кетип жатат. Он коррупционерди кармап 2 миллион кустургуча казынадан 2 миллиард уурдалып жатат. Кечээ ИИМ министри отчет берип жатат, 37 кызматкерибиз пара менен кармалды деп. ИИМде канча кызматкер болсо, ошонун 80-90%ти пара алат. Айрыкча ГАИде иштегендердин 90-95%ти пара алат. Анан болгону 37си гана кармалыптырбы? ! Эгер коррупция менен курошуу жакшы журуп жатса гаишниктер, врачтар, соттор, прокурорлор, салыкчылар, таможенниктер ж.б.ж.б. пара алуудан безилдеп коркушу керек эле да, Озбекистанда, Кытайда, Европада болгон сынары. Нагло эле пара сурап пара алып жатышпайбы?

30 жылдан бери 2 шылтоо бар. Ким бироонун иши журушпосо озунон мурункуларга шылтайт. Убакыт керек дейт. Бийликтен кеткенден кийин ал жаман эмес, чойросу жаиан деп чыгабыз. Чойросу жаман болсо ошол жаман чойрону тузгон президенттер озу. Анын жанында коштоп жургондорду эл бекитип берген жок, озу тандап алып жатат президенттер. Аспекрв, Бурканов, Ташиев ж.б. мен же башкасы Жапаровго байлап берген жок. Озу тандап алды ошолорду. Убакыт бериш керек дейсинер, иштей турган бири 3-6 айда результат корсотот. Ленин, Троицкий, Сталин 1917-жылы революциядан кийин бийликке келгенде, ошол кездеги Россиянын абалы азыркы Кыргызстандын абалынан 100 эсе жаман болчу. Ал аздай согуш башталган. Артта калган Россия 30 жыл эмес, 20 жылда АКШ менен тентайлаша чыкканда Батыш тан калган. Иштейм деген адам бийликке куда-соок, дос-жар, окул балдарын эмес, профессионал кадрларды коймок. Чимкирик депутаттарды эмес, татыктууларынын шайланып келишине шарт тузмок. Коррупцияга курош чындап жургондо, пара алып жургондор параны коргондо чок баскандай чочуй турган абалга келмек. Олкодо жапырт реформалар башталмак.

Мына ушунун баары кайдан дейсин, Жапаров менен Ташиев элди эмес, оздорун ойлоп жатканда. Бир эле мисал. Энергетика кризиси боюнча. Мына 3-4 айдан бери Токтогул суу сактагычында суу аз деп жер-жерлерде жарык очурулуп карапайым эл кыйналып жатат. Же калппы? А корсо жайында Жапаров казакиарга суу сатып Токтогул суу сактагычынан суу агызган экен. Мына ошонун кесепетинен Токтогул суу сактагычына суу толбой, олкодо энергетика кризиси жаралып отурат. Буга ктм куноолуу, эгер аферист, популист Жапаров озу куноолуу болбосо?

Билдирүүнү түзөткөн: Antiradikal8: 30 Декабрь 2021 - 09:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   Chagylgan7   30 Декабрь 2021 - 14:28

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 23 Август 21
  • Соңку аракети: 23 Янв 2025 02:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:insta:nazik_cb

СЖны Кандай адамдар дагы эле колдоп журот ?:D
Chagylgan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   Antiradikal8   18 Январь 2022 - 12:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

“Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда "кыз боозуп энесин коркутат" деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат? 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды моюнуң менен тарт" дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда өзүң таза болушуң керек эле”, - деген президент. Ал эми “Эмнеге мурда суракка алынган эмес?” деген журналисттин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген: “Биринчиден, Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап "4 көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга ижарага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат. Мен дароо эле "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, 4 көчөнү кайра карап чыгалы" дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албаймын. Бүгүн болсо "буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат деп айтып жатат. Бул сөзү менен көнгөн адатынча калп айтып, элдин башын айлантып, алдап жатат. Эч ким бул маселени буга чейин карап чыккан эмес жана бир дагы адис Мадумаровдун 4 көчөнү тажиктерге бергени туура деп баа берген эмес. Баа берилген болсо, бир адис же жөнөкөй эле көк-таштык адам "мына мен баа бергем, биздин пайдабызгы чечилген" деп айтып чыксынчы. Эч ким айта албайт. Бул протокол менен Лейлек району толук анклав болуп калып жатса, кантип 4 көчө биздин пайдабызга чечилет? Маңкурт болуп калган эле бир кыргыз айтып чыкпаса, эс-акылы ордунда болгон Кыргыз жараны эч качан антпейт. 4 көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу - бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да "артымда элим бар" деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет. Мен бир дагы оппозициячыны кама же бошот деп айта албайм. Азыр система иштеп жатат. Ар бир орган өз ишин кылып жатышат. Кылмыш ишин тапса тергөөгө алышат. Эгер тергөөгө албай койсо, жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет. Билип туруп эмне үчүн тергөөгө алган эмессиң деген сурак болот. Азыр система жана мыйзамдар ушундай. Мурдагыдай "депутат экен, министр экен" деп коркуп отурушпайт. Керек болсо тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, президент дагы сурак бериш керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн кетели. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Ошентип барып-барып мамлекетибиз жок болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга сабак болсун. Кылмыш кылдыңбы, жооп бер. Эмнеге депутаттыкка чейин суракка алган жок десеңиз, шайлоо өнөктүгү башталып калды. Менин оюмча, ошол үчүн Башкы прокуратура суракка алганга үлгүрбөй калса керек. Эгер ал мезгилде сурап баштаса, анда дагы "шайлоодон өткөрбөй коюштун амалын көрүп жатышат деп айтышмак. Ар бир кылмыш иштин жооп берчү мезгили келет. Ал эми Орозайым боюнча айтсам. Мага келген маалыматтар боюнча, шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөн экен. ЖАМУга суроо-талап жиберип, жообу келгенче ушул убакка келди дешти. Негизи кылмыш кылдыңбы, эл катары жооп бер да. Ар кимден күнөө издебей”, - деген Жапаров.
https://www.super. kg...ar/news/394001/

Бул Садырынар да АШАдан отуп дооруй турган оорусу бар экен. Турмодо Атамбаевге кез келип, АША Садырынардын оозуно тукуруп койгон окшойт го...

Биринчиден диплом боюнча. УКМК Момбековдун диплому жасалма деп чыкты эле, ал акыры ноябрда шайлоого катышты, жакында шайлоого катышканы жатат. Эгер УКМК жалган жалаа жапса жооп бериши керек эле. Эгер Момбековдун диплому жасалма болсо анда Момбековду шайлоого катыштырган кайра эле бийлик куноолуу... Негизи эле бир Орозайым Нарматовада эмес, 88 депутаттын кеминде 20-30унда жасалма диплом бар. Коп нардептердин экинчи, учунчу дипломдору жасалма, б.а. акча менен алынган дипломдор. Ошол себептуу диплому жасалмаларга каршы курош болсо баарына бирдей курош болуусу керек эле. Бийлик озуно каршы чыккандарга эле иш козгогону бул куугунтук...

Эми чек ара чырына келсек. Садыр Жапаров сабатсыз болгону учун чек ара протокол менен чечилет деп дооруп отурат. Качантан бери протокол чек араны чечуудогу негизги документке айланды эле? Же Мадумаров кол койгон протокол Жогорку Кенеш тарабынан ратификациядан отуптурбу?


Садыр Жапаровунар ушакчы катындын денгээлинен качан жогору которулот ыя?!.....

Мен Мадумаров же Нарматованы актагым келбейт. Бирок бийликтин бугунку саясаты бул экооно каршы ачык куугунтук эмей эмне? Эгер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эркек болсо, Баткен окуясы боюнча (35 жараныбыздын олуму), Казахстанга суунун сатылышы боюнча жооп беришсин, жоопкерчилик жана куноолорун мойнуна алып........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   Emir-Kozcuoglu   18 Январь 2022 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 13 Май 19
  • Соңку аракети: 11 Июн 2025 20:14

Садырга караганда Камчы кыйла адам экен.Камчы баш тарткан сон садыр зулушевин кучко салып адаханды суракка чакыртып камаштын айласын таппай жатат.Камчы айтып жатат протокол кучко ээ эмес,садыр айтат кучундо деп.Эми тажиктер койбойт президенттинер кучундо тааныды деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   KG-312   21 Январь 2022 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 447
  • Катталган: 10 Август 21
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 01:24
  • Жынысы:Эркек

Теке "Түркмөнстандын президентине окшойт, силер лаббай деп баш ийип турасыңар" десе күлгөн элем, дөөрүк деп, көрсө жетеш теке туура айткан экен. Негизи мен башында муну "Камалды, камакта жатканда ата-энеси, баласы өлдү, жашоонун ачуу-таттуусун татты, ысык-суугун көрдү, адамча иштеп беретко" деп 100% болбосо да, 60-70% ишенген элем блин, эми поктой көңүлүм калды. Короче КРга татыктуу башчы пока что келбейт экен, ага даяр эмес экенбиз!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   KG-312   21 Январь 2022 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 447
  • Катталган: 10 Август 21
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 01:24
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Chagylgan7 (30 Декабрь 2021 - 14:28) жазган:

СЖны Кандай адамдар дагы эле колдоп журот ?:D


+++++
Ошого менда таң калып жүрөм. СЖ дан бираз (Үзүлөйүн деген жиптей) үмүт бар эле, бүгүнкү күндө ал үмүт полный өлдү ёлки!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   O.dembele   21 Январь 2022 - 03:42

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 963
  • Катталган: 28 Август 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Баткенский

Интернеттен иливой адам акылдуу.
Алга СЖ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   Antiradikal8   22 Январь 2022 - 09:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 26 Август 21
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 16:29

Просмотр сообщения O.dembele (21 Январь 2022 - 03:42) жазган:

Интернеттен иливой адам акылдуу.
Алга СЖ


Сен да акылдуусунбу ошондо?... :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   XATSAN125   22 Январь 2022 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 663
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 12 Дек 2024 21:23
  • Жынысы:Эркек

Калта калта жазып үргөнгүлө сөздүн маанисин качырбай
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Jacob.   23 Январь 2022 - 13:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 312
  • Катталган: 08 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Окт 2024 23:02
  • Жынысы:Эркек

Бу Садырынардын деле ыры бутуп бараткансыйт, экономиканы которуштун жаны идеясын издебей кайра элдин устунон бааларды кошуп, налогту кымбаттатып эле баратат.
Элдин устунон ашыкча доляга олтуруунун аягы бийликтин алмашуусу менен бутоорун 12 жыл мурда далилденгенин эстеринен чыгарып коюшту окшойт..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   Chagylgan7   23 Январь 2022 - 14:26

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 23 Август 21
  • Соңку аракети: 23 Янв 2025 02:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:insta:nazik_cb

Просмотр сообщения Jacob. (23 Январь 2022 - 13:03) жазган:

Бу Садырынардын деле ыры бутуп бараткансыйт, экономиканы которуштун жаны идеясын издебей кайра элдин устунон бааларды кошуп, налогту кымбаттатып эле баратат.
Элдин устунон ашыкча доляга олтуруунун аягы бийликтин алмашуусу менен бутоорун 12 жыл мурда далилденгенин эстеринен чыгарып коюшту окшойт..

Мен сизди «дакансалардан» болсо кк деп журот элем:D
Chagylgan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   Chagylgan7   23 Январь 2022 - 14:33

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 23 Август 21
  • Соңку аракети: 23 Янв 2025 02:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:insta:nazik_cb

КРСУ нун ректоруна тан калып жатам.Кантип бир СЖ ны жакшы эстеп калды экен деп,дипломдук ишин мыкты баага бутургон дейт го:D

Бирок СЖ деле КРСУ ну буткон адамдарга окшобойт такыр)
Chagylgan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   Eka.kg   23 Январь 2022 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34 204
  • Катталган: 03 Август 16
  • Соңку аракети: 01 Сен 2023 19:02

Просмотр сообщения Chagylgan7 (23 Январь 2022 - 14:26) жазган:

Мен сизди «дакансалардан» болсо кк деп журот элем:D

Ал акяң масала чече тургандардан.)

Билдирүүнү түзөткөн: Eka.kg: 23 Январь 2022 - 15:54

Love is a game. The first to say love, he lost...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   Emir-Kozcuoglu   24 Январь 2022 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 13 Май 19
  • Соңку аракети: 11 Июн 2025 20:14

Просмотр сообщения Chagylgan7 (23 Январь 2022 - 14:26) жазган:

Мен сизди «дакансалардан» болсо кк деп журот элем:D

Жарым жолдон сатып кетмей дакансалардын табияты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   Jacob.   01 Февраль 2022 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 312
  • Катталган: 08 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Окт 2024 23:02
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Emir-Kozcuoglu (24 Январь 2022 - 00:04) жазган:

Жарым жолдон сатып кетмей дакансалардын табияты.

Сени дагы тузук экен десе мээсинен айныгандардын бири окшойсун, жакшы болуп кетесинер буйруса..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: