"Табыпка дарыгерлер ишенишпейт,
Дарыгерди табыптар киши дешпейт"деп Жусуп Баласагын айтмакчы булардын деерлик баары бири-бирине ишене бербейт,табыпчылык менен медицинаны айкалыштырып кеткендер жокко эсе... Ишин мыкты билген табып,мыкты врачтан кем эмес. Тилеке каршы аптекалар кобойгон сайын мыкты табыптар кызыл китепке кирчу абалга келди. Илгери кайдагы врач,табып менен эле жашап келбедик беле.
- (2 )
-
- 1
- 2
Табыпчылык менен айыгып кеткендер болобу?
#22 26 October 2016 - 22:33
Эми укмуш жакшы болуп кетет деп айта албайм, кичине жардам бергени болгондур деп ойлойм .
#23 27 October 2016 - 00:04
Өткөн жылы бирге иштеген агабыз катуу ооруп калды.Жакшы клиникалардын биринен кезек алып,операцияга келишим түзүлүп калганда кайдан-жайдан "укмуш касиеттүү табып"жөнүндө угуп калды да,баарын таштап бир күндө учуп кетти.1-2ай өтүп кыйла тынып кайра келген.Ар түрдүү чөптөн жасалган дарыларды ичип жүрдү.Көрсө ички органдары шлактардан чөп кайнатмасы менен тазаланып жеңилдеп калгансыганы менен негизги дарты бар жери күндөн күнгө жараксыз болуп кете берген экен.Табыпка ябай катуу ишенип,тынбай каттап,медицинага жолобой койгон болчу.1жылга жетпей о дүйнө узап кетти.Ажалы жетип,ичээр суусу түгөнүптүр дейбиз.Бирок өлүмдүн арманы көп дегендей, медицинадан алыстабаганда мүмкүн шыпаа табылып дагы жашай беле деп, жакындары катуу арман кылышат.
#24 27 October 2016 - 00:28
ишенем бирок кучтуу табыптар аз азыр не коп табып ошол сыяктуу бары эле колунан келе бербейт айыктырыш бирок 100 %пайыздын ичинен 20 30 % пайызы эле чыныгы иштегендер болсо керек себеби азыр акча табуунун аракетинен да иштеп жатпайбы
#25 27 October 2016 - 01:18
Деерлик баарына эмес,бирок тамыр кармап көргөн табыптарга ишенем.Себеби ,биз жакта бир врач бар ,азыр пенсияда үйүндө табыпчылык кылат.Көп жылдардан бери зоб мн кыйналып жүрдүм,дары ичсем андан бешбетер ашказаным ооруп кыйналгам. Тайнем канча айтып жүрдү көрүн деп "коюңчу ошол кантип болсун" деп ишенбеген элем.Бир күн дагы оорум кармады каттуулап,какраз тайнемдин үйүндө элем,баруума көндүрдү.Тамырымды кармап эле канчанчы даражадагы ,кандай зоб экенин узидеги диагнозумдай кп айтып койгон.Ошол кишиге 13күн каттап азыр Кудайга шүгүр зобум жок.Башында узиге түшсөм 2чи даражадагы зоб дешкен эле,дарыланып бүткөн соң түшсөм узиде зоб жок дешкенде чындыгында таң калганмын.Эң сүйүнүчтүүсү азыр зобдун азабын тартпаганым .
#26 27 October 2016 - 09:03
мен ишенбейм:"
кантип анатомияны,
гистологияны,
фармацевтиканы окубаган адам тим арыдан бери кылып койот?! Бир эле табыб колундагы соолдон баштап, онкологияны кошуп, торобогонду торотуп койот экен. Шумдук. Мындан откон шумдуктуусу ошого ишенген адамдар. Бирок ушул жашка келип табыбтан айыккан адамды коро элекмин, а жабыркаганды коп коргом. Ошон учун ойлоп калам мамлекет ушул бизнести ( а бул бизнес, болгондо дагы кирешелуу бизнес) дагы козомолдоп койсо болмок, тыйуу салып дегендей.
brother
#27 27 October 2016 - 10:39
мен ишенбейм:"
кантип анатомияны,
гистологияны,
фармацевтиканы окубаган адам тим арыдан бери кылып койот?! Бир эле табыб колундагы соолдон баштап, онкологияны кошуп, торобогонду торотуп койот экен. Шумдук. Мындан откон шумдуктуусу ошого ишенген адамдар. Бирок ушул жашка келип табыбтан айыккан адамды коро элекмин, а жабыркаганды коп коргом. Ошон учун ойлоп калам мамлекет ушул бизнести ( а бул бизнес, болгондо дагы кирешелуу бизнес) дагы козомолдоп койсо болмок, тыйуу салып дегендей.
Нормальная физиология, патологическая физиология дегендерди унутуп койдун)
#28 27 October 2016 - 11:11
Оо адамдар биринчи жаралганда медицинанын жыты жок кезде,чоп чар,суу таш,жаныбарлардын эт майы менен дарыланышып табыпчылык кылып баштаган.Баардык эле дары дармектер жаратылыштан алынат.Ошондуктан табыпчылык да кучтуу бир илим.Бирок азыр андай кучтуу табыптар минден бири эле болсо керек.Чоп чардын сырын кыйын билген гана адам табыпчылык кылып,айыктырса анда жакшы,А бироодон угуп коруп алып дарылагандар кобойуп кетти.Тынымсыз химиялык дары дармектерди иче берип да организм конуп,ууланып бутту.Айыккыс оорулардан табыптардын жардамы мн айыгып кеткендер да жок эмес.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео










