Негизи эле бир эле мектептерде эмес, башка малекеттик ишканаларда деле текшерүү келет дегенде дүрбөлөӊгө түшүп калышат. Айрыкча мектептерде,
кышында суук болуп жатса да мектеп формасын кийдиртип, сууп класстарда отургузуп коюшат. Бул эми берки эле чети. Атайлап жакшы кабинеттерди даярдап калышкандарычы.
..
- (2 )
-
- 1
- 2
Мектепте комиссия келеринин алдында барын дүрбөлөӊгө салганына кандай карайсыз?
#2 28 October 2016 - 12:27
Бизде да ошол комиссия келет экен деп, эртеси келгенин вообще көрбөйм.
Эркек балага тарбия берүү менен бир адамды тарбиялайбыз,
ал эми кыз балага тарбия берүү менен бүтүндөй бир үйбүлөнү тарбиялайбыз.
#3 28 October 2016 - 12:46
Иий эстесем жиним келип кетет,комиссия дейтда эртеси карасан тиги айылдагы 1 2 эжеке кирет тооба.Ошого ошончо дурболон болобуз))
Сен бар учун...
#4 28 October 2016 - 13:21
Комиссия келет деп отличник окуган кызга , журналды толтуруш учун учторду тизип коюптур. Чейрек кандай болот эми деп отурам. Башка мектептен которулганга кандай окуганын билбей коюп коюптур имиш
#5 28 October 2016 - 14:52
#6 28 October 2016 - 20:12
Бизде мугалимдерди текшеришип эле тойгозушту.
Кагаз иштерин айтсаң ии баш ооруйт. Алган айлыгың жакшы болсочу же...
#8 29 October 2016 - 00:22
Биз комиссия үчүн дүрбөлөңгө түшпөптүрбүз.
. Же эстей албай жатамбы..
Негизи комиссия алдын ала айтпай туруп келсе болмок деп ойлой береи да.. Ал үчүн баягы эле мыйзамды өзгөртүп, каалаган убакта текшерүүгө алгыдай кылыш керек..
Негизи комиссия алдын ала айтпай туруп келсе болмок деп ойлой береи да.. Ал үчүн баягы эле мыйзамды өзгөртүп, каалаган убакта текшерүүгө алгыдай кылыш керек..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#10 29 October 2016 - 14:38
Бизде да комиссия келет экен дегенде мектеп дурболонго тушчу эле. Коридорго чыгып бир коз жугуртсон баары эле ары чуркап, бери чуркап дегендей. Эжейлер хлорлорду алып келишип коз коруноор жерге коюп.
Комиссиялар айтпай эле келишсе ээ.
Комиссиялар айтпай эле келишсе ээ.
#11 30 October 2016 - 19:17
Эсимде,министр Камила Талиева келет деп бир жума эрте мектепти күзгү кылып тазалап,100% форма менен отурабыз,күткөн министрибиз бир короо коштоочулар менен келип мектептин босогосун аттабай эле,жаңы бүткөн спорт залды (шашып толук деле бүтүшкөн эмес) бир карап кетип калган,ашып кетсе 10 минута эле болду.Терезеден караган боюнча калганбыз)) Ар бир класска кирет деп айтып жаткан мугалимдерибиз,
убактысы жок экен деп кутулушкан.
Комиссиянын максаты:" Иш сапары менен аймактарды кыдырды,көйгөйлөрдү укту,жакында чечилет ж.б.у.с." сөздөрдү айтып журналисттерге маек берүү же иш планды толтуруу үчүн эле.Чыныгы көйгөйлөр кызыктырып деле койбойт аларды.
Комиссиянын максаты:" Иш сапары менен аймактарды кыдырды,көйгөйлөрдү укту,жакында чечилет ж.б.у.с." сөздөрдү айтып журналисттерге маек берүү же иш планды толтуруу үчүн эле.Чыныгы көйгөйлөр кызыктырып деле койбойт аларды.
<
#12 30 October 2016 - 21:32
Кичинекейибизде комиссиялар келет деп калышты. Мугалимдерибиз кирип сут, булочка, печенье жеп атабыз деп айткыла деп бизди алдашты. Ошол куну обедке печенье кошуп беришти болгону бир кун. Анан биз комиссияларга печенье жпп атабыз деп калп айттык. Эхх ошондо мугалимдер биздин печеньенин акчасын чонтоко урчу экен
#13 30 October 2016 - 23:13
Чайлашып, чай пайын ичирип, жедирип жолго салса керек азыр, барабер деп. Анан келген комициясы да эн мыкты деп кыйратып жыйынтык чыгарып берет да, башка некылышат эле.
#14 31 October 2016 - 00:04
Алар берчүү тесттин жообунан бери берип , жаттатып коет го чиркин. Кичине проблема болсо курсактарын тойгозуп койсо кетип калышат.
#15 31 October 2016 - 00:06
мектепте эле эмес бул көрүнүш даже өзүбүздүн үйдө болуп жатпайбы апам келип атат аяк биякты жыйнап отуралы дегендей )))
#16 31 October 2016 - 00:26
Комиссия келгенин билген эмес экенбиз, классты болушунча башка кийип ызылдап, урушуп, тытышып атсак бир киши кирди. Кайсы сабак десе "агай, сабак жок, эжеке бүгүн ишке келбептир"
деп чындыкты балжыйтып айтып койуппуз да, кийин директор келип мээбизге туз кошуп жеген.
:)
#17 31 October 2016 - 02:55
Комиссия келет деген күнү мен барбай койот элем,жасалма болгон мага жакпайт келген адам болгонун болгондой көрүп кетсе анан адамда дагы жашоодо да өнүгүү болот.
Барбай койсоң кутуласын кулак мээ тынч,баарыбир аларды күтүп сабак деле өтпөйсүн,үйүңдө бир топ ишти бүтүрүп аласын)
Барбай койсоң кутуласын кулак мээ тынч,баарыбир аларды күтүп сабак деле өтпөйсүн,үйүңдө бир топ ишти бүтүрүп аласын)
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#18 04 November 2016 - 13:10
Комиссия дегенде мугалимдер пытырап калышатго чиркин.Эртен саат мынча да барабыз деп айтпай эле келиш керек озу. Ошондо чындыкты корушмокда.
#19 04 November 2016 - 15:48
Комиссия деле чындыкты билет. Ошол чындыкты көргүсү келбейт, анан алдын ала даярданып турушсун деп айтып барышат да.
Ал эми компромат табыш үчүн айтпай барып текшеришет. Бир нерсе өндүрүш үчүн болсо, проблема көп болгон жерге атайы айтып туруп барышат.
Ал эми компромат табыш үчүн айтпай барып текшеришет. Бир нерсе өндүрүш үчүн болсо, проблема көп болгон жерге атайы айтып туруп барышат.
#20 04 November 2016 - 15:55
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео



















