Маалымат таратуунун мааниси
“Ислам жолу”: Маалымат таратууда шарият эмнеден тыят жана эмнеге уруксат берет?
Чубак ажы: Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен.
Учурда маалыматтык согуш курал менен болгон согуштан да кооптуу болуп турат. Мамлекеттин коопсуздугу маалыматтан көз каранды. Бул абдан опурталдуу маселе. Куранда бул тууралуу «Хужрат» сүрөөсүндө мындай делет: “Дини тайыз адамдар кабар беришкен учурда, тактап-тастыкмайынча ишенбегиле,
маани бербегиле!
» Мен массалык маалымат каражаттарында иштеп көрбөгөндөн кийин ички казанын билбейт элем. Бирок, жакында Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» деген китебин окуп, анда «Асаба» гезитин кандай чыгып, кантип сенцация жасалганы тууралуу жылаңач чындыктыктарга күбө болдум. Кээде жалгандарды жазып, элди чууга түшүрүп койгону тууралуу айтылат. Эми бул жолду улагандар улап кетишти, ал деңгээлде эптей албагандары жанагынтип сары прессанын деңгээлине түшүп калышты. Маалымат каражаттары мамлекеттин саясаттын коомчулукка туура жеткирген кызматты аткарыш керек да. Элдин аң-сезимин ошол маалымат каражаттары көтөрүшү зарыл. Ооба, кээ бир маалымат каражаттары жөн гана маалымат берүү менен гана чектелет, ошентсе да коомго зыяны тийбеген маалыматты бериши керек. Ал маалыматка анализ жүргүзгөн маалымдоо каражаттары объективдүү маалыматты бериши шарт. Азыр гезитпи башкабы, кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн уюшулуп ошолордун таламын айтып жатып андан чоң зыяндарды алып келип жатпайбы. Бул абдан ыплас жол. Адамдар адилеттүү болмоюн адилеттүү маалымат да болбойт. Шарият коомго зыян келтирген маалыматтан тыят, жалпы элге пайда жеткирген маалыматка албетте уруксат берет.
“Ислам жолу”: Маалыматты бурмалоо, жалганды жайылтуунун жазасы кандай?
Чубак ажы: Акыреттик жазадан коркпогондор үчүн ар ким ар кандай маалыматты таратып, ар кандай калчайт. Ар бир туура эмес иштин акырети турулуу иш, сөзсүз жазасы бар. Эң кыйыны ыйманын жоготуп алуу коркунучу бар. Анткени пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болсун) : «Мусулман жалган айтпайт» дейт. Ал гана эмес жөн гана тамаша кылып калп айтууну шариат арам кылат. Ал эми чоң маселеде калп айтуу андан олуттуу. Мисалы, бирөөнүн жеке жашоосун кийлигишүү,
абийирлерге шек келтирүү. Мындай ыплас аракеттерге хад ислам соту кандай жаса берсе ошол аткарылат.
“Ислам жолу”: Ислам ушак кылуу, бирөөнүн айыбын ачуудан тыят эмеспи...
Чубак ажы: Албетте ушак кылуу күнөө. Эгер кайсы бир адамдын кылып жаткан иштери жалпы коом үчүн зыян бере турган болсо аны ачык айтса ал күнөө болбойт. Анткени ал чоң апаатты алдын алуу үчүн айтылып жатат. Бирок аны да жеткирүүнүн жолу бар. Алгач өзүнө кайрылуу, эгер кабыл албай коё турган болсо, ички жарылуу катары билдирсе болот. Ошондо да маалыматты тактап, адептүү, салабаттуу сөздөр менен жеткирүү жолун тандоо керек. А бизде пикет, же башкага өтүп кетип жатпайбы.
Атайылап туура маалыматты бурмалап, адамдарды кайраштыруу кылмыш болуп эсептелет. Айрыкча, ислам тууралуу маалымат берүүдө так булактардан албай туруп чындыкты бурмалоо адамдардын ыйманына да таасирин берет. Кандай гана маалымат каражаты болбосун коомду бузуку маалымат менен чайкап, алардын аң-сезимине кандай таасир берсе, ошондой жообун, азабын да алат. Дегеле, динден алыстатууга аракет көрүү кыянаттык болуп эсептелет. Бул уурулука, аракечтикке,
баңгиликке,
сойкулукка түртөт. Ушул иштердин жоопкерчилиги кимде болуш керек? Маалымат берүүчү тарап муну жети өлчөп бир кесип анан коомго жарыя кылышы зарыл.
“Ислам жолу”: Терроризм, экстремизм түшүнүктөрү исламга багытталып жүрөт. Мында маалымдоо каражаттарынын «эмгеги» бар. Бүгүнкү ММК тынчтыктын дини болгон исламдан терроризмди ажырата албай жатышат. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?
Чубак ажы: Бул курч суроо. Мунун эң башкы себеби, ислам дини толук дин болгондугунда.
Аллах Таала Куранда: “Мен силерге Исламды дин катары толуктап, ыраазы болуп бердим!”-
дейт. Ислам бул-мамлекеттик башкаруу, экономика, саясат. Ислам дини бүтүндөй системаны алмашыра турган дин. Ал эми ошол маалымат каражаттар дин деп тааныган христиан «дининде» мындай жок, ал эми будда бул дин эмес, динбезерлердин бирдиги. Ислам адилеттүүлүктү колдоп, зулумдукту четке кагат. Ислам толук жашоого кирсе, адилетсиздерге орун жок калат. Ошондуктан адилетсиздер муну каалашпайт жана буга каршы бардык күчүнчө күрөшөт. Экинчи маселе, ааламдагы кен байлыктар Кудайдын кудурети менен мусулмандардын ээлигинде. Мусулмандар ошол байлыктын үстүндө жашашат. Ушуларды тартып алуу үчүн жалган маалымат, жалаа менен исламга көө жабыш керек. Буга көптөгөн далилдер бар.
“Ислам жолу”: Кээде, мусулмандар тараптан жөөттөргө жүйөсүз доомат арткан жагдайлар бар. Бул жерде мусулмандардын да күнөөсү барбы дейм?
Чубак ажы: Ооба, биз күнөөлүбүз.
Биз динибизди үйрөнө албай жатабыз. Динди туура түшүнө албайбыз. Чала молдо дин бузарлар көп. Мисалы, Кыргызстанда чыгып жаткан гезиттер, интернет сайттарда, мечиттерде чала сабат фатвалар, хутбалар айтылып жатат. Чет өлкөдөн окуп келип алып эле өзүм билемдике салгандар көп. Эми мунун баары чайпалып барып калыбнына келүүчү көрүнүш. Кыргызстандагы исламдын калыптануу доорунун акыркы этаптары деп кабылдасак болот. Мындай башаламандык объективдүү көрүнүш, мындай болуш керек эле болуп жатат. Бирок, биз мусулмандар бирөөдөн айып издегенден көрө өзүбүзгө да карашыбыз керек. Анткени пайгамбарыбыздын хадистеринде «Адамдар өздөрүнүн күнөөсүн издеген болсо, башкалардын күнөөсүн көрбөй калат» деген маанилер келет. Туура, биз жөөттөрдү жаман көрөбүз, бирок, өзүбүз себептүү болгон иштерде жөөттөрдү ушактаганга шариат уруксат бербейт. Мисалы, кока-коланы жөөттөр чыгарды дейбиз. Аны жөөттөр оозубузга куйган жок, өзүбүз тандап ичип жатабыз. Ооба, ачык эле бузукулукка үгүттөгөн аракеттерге карата алардын кемчилигин кылган кылыктарын айтуу керек. Акыйкатына жетпей туруп, божомол, имиш менен ар кимге доомат айткан күнөө. Азыр абийирдин каатчылыгы болуп жатат. Ошол эле маалымат каражаттарында да. «Көч бара бара түзөлөт дегендей» мындай олку-солкулук калыбына келет.
“Ислам жолу”: Биз каалайбызбы,
каалабайбызбы айтылып келген жалгандар айтыла берет го. Бирок, ошол маалыматтарга ишенүүдө жаралган күмөн ой ар кандай аракетке түртөт. Дегеле маалыматка сиз канчалык ишенесиз?
Чубак ажы: Кеп кайсы ооздон чыгып жатат булагына маани бериш керек. Сөз кооз болсо эле чындык айтылып калбайт. Кээде адам деңизден таппаганды кичинекей дарыядан таап алат. Шариатыбыз кереги жок маалыматты кабыл алуудан тыят. Мусулмандын эң адемиси өзүнө тиешеси жок маалыматтан алыс болуусу деген да түшүнүк бар.
“Ислам жолу”: Дин жеткирүүдө толеранттуулук канчалык болушу керек?
Чубак ажы: Динде зордоо жок. Диндин жакшы жагын айткыла деп айтып жүрүшөт. Диндин жаман жагы барбы? Болгону исламды толук айтуу керек.
Мисалы, мен маалымат майданына кошулуп исламдын атынан сүйлөшүм керек. Бул менин вазыйпам деп билем. Анча-мынча сыноолорго чыдабай, тойдум байдын кызына деп кол шилтеп кетип калуу да туура эмес. Акыйкатты жеткирүүгө умтулуу керек. Тоскоолдук деген болбой койбойт, ак менен кара деген түшүнүк бар сыяктуу жалган менен акыйкат да жарыша жүрөт. Болгону адамдар абийири, келечеги үчүн кызмат кылышы керек. Мусулмандын келечеги Сурак Күн. Чындыкты айтууда жалгыз калсаң да, акыйкаттын үстүндө экениңди сезүү менен аракет кыла берүү керек. Себеп бизден, туура жол Кудайдан деп билүү керек экен. Мен деле мурда «эмне үчүн акыйкатты түшүнүшпөйт?
» деп жүрөгүм сыгылып, толгонуп, капа болчу элем. Бара-бара ушуну түшүндүм, биз айтып, жеткирүүгө аракет кылып өз милдетибизди гана аткара берүүбүз керек экен. Хидаят келсе, биздин бактыбыз ошол, себеп болдук. Баш менен жерди казам дебеш керек. Куранда да душмандарыңдын көптүгү сага коркунуч бербесин дейт.
(Ислам жолу сайтынан алынды)
Маалымат таратуунун жолдору. мындай тема болсо кошуп коюнуздарчы.
#2 01 November 2016 - 13:43
Азыркы кундо кандай? Кайсы маалыматкка ишенишинди билбейсин. Окуп чыксанар селерге да бир
Пайдасы тийип калаар.
Пайдасы тийип калаар.
#3 01 November 2016 - 15:16
ЯХУДИЙЛЕРДИН (еврейлердин) КЫЛГАН АЙЛА-АМАЛДАРЫ!
"
Смсти 10 адамга жөнөт болбосо баландай-түкүндөй болуп каласыңар дегенди ана башы аныкталды...
Акыркы учурда: Бул смсти он адамга же жыйырма адамга жөнөтсөң, беш мүнөттөн, бир күндөн же он күндөн кийин багың ачылат, жашооң жакшы нукка бурулат, жалкоолук кылба, Алла үчүн эринбестен бул катты тарат - деп жазылган смстер көп келе баштады.
Андай баяндамалардын түпкү өзөгүн изилдеп көрдүңбү? Каяктан жазылаарын, кимдерге жөнөтүлөрүн билесиңби? Ал каттарды жөнөтүүдөн максат эмне? Кайсы өлкө ойлоп чыгарып жатат??? Эгерде бул суроолорго жооп таба албай жатсаң, анда төмөнкү маалыматтар ага толугу менен жооп боло алат.
Тел-Абибтен чыкчу "news" гезитинин бир санында: "Канткенде Ислам дининин стабилдүүлүгүн жоготобуз, канткенде Ислам динине үстөмдүк кыла алабыз" - деген, темада макала жарыяланган. Анда төмөнкү нерселер айтылат: Израилдин диний аалымдарынын бири Хенри Люнар мындай дейт: "Биз, мусулмандардын ортосуна бүлүк салып, Ислам динин алсыздатуу максатында ватсапты пайдаланабыз. Ал бизге жардамчы болуп, түнү-күнү кызмат кылат. Биз андай смс каттарды, дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын көпчүлүгү сүйлөшкөн: Араб, түрк, хинд, фарс жана андан башка көптөгөн тилдерде жазып таратабыз. Жана да мусулмандар ал смс каттарга ишенүүлөрү үчүн Куран аяттарын, сахих хадистерди, мусулман дүйнөсүнө таанымал болгон аалымдардын айткан сөздөрүн кошуп, эң аягына: бул смсти он, ондон аз же ондон көп адамга жибер. Эгер он адамга жөнөтсөң, 15 мүнөттөн кийин, ушул түнү, бүгүн, же бир жумадан кийин бир керемет көрөсүң, бул практикада сыналган, ишеничтүү. Жөнөткөндөр керемет, таң калыштуу окуяларга дуушар болгон, ал эми жөнөтпөгөндөргө балээ келип, кырсыкка дуушар болгон - деп жазып коёбуз. Смс каттарда жазылган убакыт өткөндөн кийин, мусулмандар эч кандай керемет көрбөгөнүн, эч кандай өзгөрүүлөр болбогонун түшүнүшөт. Ал эми Аллах, пайгамбар же аалым деген сөздөрдү жөн гана жомок, болбогон сөз катары кабыл алып, аларды калп-жалган деп түшүнүп калат. Ошентип убакыттын өтүүсү менен, биздин жөнөткөн смс каттарыбыздын кайра-кайра кайталанып келүүсү менен мусулмандардын ыйманы алсыздап, динге болгон ишеними солкундап бара берет. Ушул жол аркылуу биз аларды, өз динине толугу менен ишенбей экиленип калуусуна, акыйда, ишенимдеринин бузулуусуна алып барабыз. Анткени алар дин дегенди мираж, жалган-калп деп түшүнүп калышат, ушинтип отуруп биз аларга толугу менен үстөмдүк кыла алабыз".
Урматтуу мусулман бир туугандарым! Азырдан, бүгүндөн баштап ушул сыяктуу еврейлер жазган смс каттар келсе, аларды өчүрүп салууңарды, таратпооңорду суранам...
Жана да мен жазган бул макаланы досторуңар менен бөлүшүүнү унутпагыла! , аларда мындай жалган нерселерден оолак болушсун, анткени биздин динибиз: Акылдуулуктун, дааналыктын, даанышмандуулуктун дини...
Жакшылык ишке себеп болуу, аны аткарганга барабар.
Бул маалыматты тараткандарга, которулуусуна себеп болгондорго, которуп жазгандарга, бири-бирине жөнөткөндөргө, бөлүшкөндөргө Алла Таала эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин!!!

#4 01 November 2016 - 18:13
Азыркы кундо кандай? Кайсы маалыматкка ишенишинди билбейсин. Окуп чыксанар селерге да бир
Пайдасы тийип калаар.
Пайдасы тийип калаар.
Биз адамдар бироого карап же коомго карап туздонбой Мухаммед с.а.в Пайгамбарыбыздын суннотуно карай туздонуп улгу алсак туура жол ушул.
Анан да интернет ж.б ММКлардан ислам дини жонундо маалымат алгандан коро Пайгамбардардын тарыхы деген китеп бар ошондо Ислам дининин келиши , жонундо тоолук маалыматтар жазылган .Мухаммед с.а.в Пайггамбарыбыздын омур баянында да баары кенири тушундурулуп берилген.Ушул китептерден окуп тушунуп алсак башка жалган маалымат мн чындыкды айырмалай алышыбыз оной болот.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#5 02 November 2016 - 02:42

Туура айтасыз

Супер-Инфо
super.kg
видео