Суперстан: "Жалгыз" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Жалгыз"

#1 Пользователь офлайн   Meerman   11 Ноябрь 2016 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Биринчи болум.




Коптон бери жолугуша элек торт дос келин россиянын бир шаарында кафеде откон кеткенди эскеришип суйлошуп отурушту. Булар тээ жаш мезгилдеги курбулардан эле. Арасынан Айгул менен Жамал он торт, он беш жыл дегенде эми жуз корушуп олтурушат. Жамал эртен Бишкекке товарга кетмек. Айгулду бул жакка келгенин уккандан бери жолугууга убакыт таппай, акыры бугун эптеп убакыт таап, мынтип жолугушуп олтурушат. Айгулдун жашоосу оорураак экени жузунон байкалып турду. Озу да арыктап беттерине тырыш тушуп кеткен болчу. Улуу кызы мектепти аяктаары менен эле экоо Россияга иштегени келишикендерине жарым жыл болуп калган эле. Айгул озунун турмушу жонундо досторуна айтып берип отурду.
- Мен Даниярга жакшы аял болуп бере албадым окшойт кыздар. Даниярды ушундай болуп ичип, алкаш болуп кетет деп эч ойлогон эмес элем. Уч уктап тушумо да кирген эмес! Кантип анын акырындык менен аракка берилип кеткенин озум да тушунбой калдым деди кайгыра. Жамал Айгулго аябай тан калды. Уккан кулагына ишенбей
-Айгул эмне деп жатасын? Данияр ошондой абалга жетип калдыбы? Ал оозуна арак алчу эмес эле го ? Кантип ал ..? деп коздорун алайта аны тиктеди.
- Ооба Жамал, Ошондой. Даниярдын алкаш болуп кеткенине бир эле сен эмес, копчулугу ушинтип ишенишпей тан кала беришет. Ошондуктан кээде мен озумду жаман аял экенмин деп ойлоп кетем.. Убагында бир жакшына жигит болчу. Ошол жигит азыр эми алкаш деди улутуна. Алдындагы пиводон бир эки ууртап алды да Айгул кайрадан созун уланты.
-Кайнатамдын козу отуп кеткенден кийин Данияр россияга иштегени кетти. Мен жаш балдарым менен кайненем болуп айылда эптеп тиричилигибизди кылып жаттык. Данияр ал жактан жакшы деле акча тапкан жок. Жумуш таппай иштери журушпой кобуроок иче турган болуп алыптыр. Эки жыл дегенде кайра айылга келди. Айылда баягы эле бирине жеткирсек, бирине жетпеген турмушубуз кайра башталды. Улуштук жерлерибизге эгин эгебиз, дыйканчылык кылабыз. Айылда озунор билесинер да той-топур, жоро жолдош дегендей. Даниярды башында ичип жатканына коп деле маани бербедим эле.. Эркек болгондон кийин ичет да деп. Анан эле акыркы кундору коп ичип, уйдо жанжал чыгара турган болуп алды. Ошентип уруш талашыбыз да кобойо баштады. Байкуш карыган кайненем кээде баласына нааразы болуп кейип кепчип ыйлап журду. Данияр апасын да укпады. Кээде мен да Даниярды кемсинтип, оозума кирген создор менен кулагыны жей бердим.
- Эркектерге окшоп акча таппайсын. Балдарынды бага албайсын! Сенин эркек деген эле атын болбосо? Колундан арак ичкенден башка эч нерсе келбейт деп. Ошентип Ал кундо иче турган болуп алды. Акыркы убактарда ичкен жеринде калып кете турган болду. Кээде кочодо мас болуп жыгылып уктап калат. Балдарым менен издеп барып, жаткан жеринен жолоп таяп уйго алып келе турган болуп калдык деди.
Айгулдун бул создоруно баары унчугушпай эле ойлонуп отуруп калышты. Бир убакта досторун бир катар конул болуп айландыра тиктеген Айгул
-Кыздар, мен жанатан бери арманымды айта берип, силерге соз бербей эле озум суйлоп жатат окшойм деди кулуп. Данияр эми болушунча болду. Аны ойлонбой эле койгула. Кудайдын айтканын короорбуз.! Андан коро озунордон суйлогуло деп ал Жамалга карады
- Жамал сен, сен эмне куйоого чыкпай журосун? Омур отуп баратат досум, мындай журбой турмушка чыгышын керек деди ага карап. Отургандар бир аз жандана тушуп, арасынан бироосу
- Оой бул Жамал досубуздун озуно тен, ылайыктуу жигит чыкпай атпайбы. Биз деле канча аракет кылып, бироолор аркылуу бир эки жигитти таптык. Аларды тоготпой койбодубу деди нааразы болгондой Жамалды козунун кыры менен тиктеп.
- Койчу Гулум, аларын болбойт болчу деди анын созун жактыра бербеген Жаныл.
- Болот эле болчу! Андан артыгын каяктан табасын? Озун ойлонуп корсон! Кырктагы кызга оюндагыдай жигит каяктан чыкмак эле эми деди Гулум жини келе.
- Токтоткулачы кыздар! деди Жамал аларды. Болбогон нерсени соз кылып эмне кыласынар! Болду эми, мен турмушка чыкпайм. Кырк жашка чейин чыксам чыктым, чыкпасам болду андан кийин эч качан чыкпаймын дегем!
- Койчу Жамал, ал эмне дегенин! Сен эмне, омур бою ушинтип жалгыз отмок белен! Буга чейин эле чыгып кетишин керек болчу деди Айгул Жамалга чын конулунон тынчсыздана. Жамал унчукпай эле, жай кулуп алдындагы пиводон ууртап Айгулду тиктеди да
- Даниярдай эч кимди жолуктурбасам эмне кылайын? Ага окшош эч кимди таппай койдум деди тамашалай. Кыздар баары бирин-бири карап эле кулуп отуруп калышты.
- Жамал! Чынын айтсам мен озум да акыркы кундору ушул жонундо коп ойлоно турган болуп алдым. Чындап эле Данияр сага уйлонгондо, мынтип алкаш болмок эмес беле? Сен озун го! Ошондо туура эмес иш кылган! деди Айгул оор дем ала.
- Туура эле иш кылгам Айгул. Мен достукка башкалардай кыянаттык кылалбайм. Эгер Данияр мага уйлонгондо сен экообуз азыр, мынтип жуз корушуп отура алмак эмеспиз да туурабы?! Кордунбу Досум! Сени деп, мен суйуудон достукту жогору койдум деди Жамал каткыра кулуп.
- Ушундан коро, экообуз суйлошпосок суйлошпой эле калсак мейли эле. Мен башка бироого тийип кетмекмин. Сага окшоп, журуп алмак эмесмин деди Айгул чын ниети менен эле чукчундай. Анын созуно баары кулуп жиберишти.
-Чын айтам кыздар! Менин турмушум да такыр башкача болмок! Даниярга тийип ушул кунго чейин жарытаарлык деле кун корбодум! А эгерде экоо уйлонушкондо, Данияр о-хоо , азыр кычырап крутой машинаны минип, Жамал досум балдарын жетелеп, деп Айгул Жамалды карап кулуп калды.
- Ээ кыздар биз озубузчо ар-нерсени суйлой беребиз да.! А чынында кудайым мандайыбызга эмнени жазса, ошону коробуз деди Жамал. Анын созун баары коштоп, достор оздорунчо создору кобойуп тамаша создор менен кулуп суйлошуп отурушту.
Бул тортоонун арасынан Жамалдын турмушу жок! Бирок ал озуно аябай тын чыкты. Бир туугандары менен чогуу коп жылдан бери Россияда соода менен алектенип бутуна аябай жакшы турган. Бишкекте эки квартирасы, машинасы бар. Андан тышкары дордойдон контейнер алып, арендага берип койгон деген создор да бар. А берки эки келин жумушта иштешишет. Айгулго да ушулар жумуш таап, атайын айылдан чакыртышкан болчу. Бугун тортоо оздорунчо жай суйлошушуп черин жазышып копко олтурушту. Кетээрде Жамал тамак аштын акчасын озу толоп, досторун аябай ыраазы кылып таксиге салып узатып койду.


Эртеси куну Жамал самалётко отуруп Бишкеке карай жол тартты. Ал кечоо кунку кыздар менен олтургандагы создорду эстеп, озунчо терен ойго чомулуп баратты. Аны баарынан да Айгулдун Даниярды коп ичип, кочодо жыгылып жатып калат деген созу эч журогунон кетпей койду. Жамал жаш кездеги Айгул, Данияр учоонун ортосундагы болуп откон окуяларды бир чекеден коз алдынан откоро баштады.
Анда Жамал бала-бакчада тарбиячы болуп иштоочу. Айгул институтта сырттан окуп, бир мекемеде секретарша болуп иштейт эле. Экоо ар дем алыш сайын жолугушуп, чогуу басып, жаштыктагы коп кундорун чогуу откорушчу . Ошондой кундордун биринде Айгул Жамалга Данияр деген жигит менен таанышып, аны суйуп калганын айтып калды.
-Данияр мени кечээ куну да киного чакырды. Экообуз бат эле тил табышып, эски тааныштардай эле болуп калдык. Ал озу шаардан анча алыс эмес айылдарда эле жашайт экен. Анан да ал машинасы бар жигит экен деп Айгул коздорун жайната кулду.
- Жакшы экен, Айгул. Ал озу эмне жумуш кылат экен? Кайсы жылкы экен? деп Жамал да андан кызыга сурады.
-Жогорку окуу жайды бутуруптур. Бирок кесиби менен иштебей эле азырынча достору менен чогуу коммерция кылышат экен. Озу бизден торт жашка улуу жигит. Уйундо жалгыз уул болгондуктан быйыл куздо ата-энеси уйлойбуз деп жатыптыр.
- О-хо! Анда куздо той жейт экенбиз да деп Жамал Айгулду тамашалап кирди.
- Билбейм Жамал кандай болот? Данияр мага чейин да канчалаган кыздар менен таанышса керек! Мени да атайын, биз менен чогуу иштеген Даниярдын атасынын карындашы тааныштырды. Туугандары Даниярга деп коптон бери кыз караштырып журушот окшойт. Себеби ал жалгыз уул эмеспи. Ошондуктан шашпай жакшыраак кыз издештиришет ко дейм! Бирок мен аны суйуп калдым Жамал! . Кантип болсо да мен ага созсуз турмушка чыгышым керек деди Айгул ойлоно.
- Айгул, эмне? Данияр сага эч нерсе дей элекпи?
- Азырынча жок! Бирок ал деле мени жактырып калгандай. Азырынча баары эле жакшыдай. Бир куну силерди да тааныштырам го Жамал. Ошондо коросун Даниярдын кандай жигит экенин. Анан да анын уйлонбогон достору да коп экен деп Айгул Жамалга карап кулуп калды.


Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Meerman   11 Ноябрь 2016 - 23:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ
Экинчи болум.


Жамал жумушунан отпуска алып айылда журуп келди. Айгул экоонун жолугушпаганына да коп болуп кеткен болчу. Алар экоо бугун дос кызынын туулган кунундо жолугушуп олтурушат. Айгул Данияр менен таанышкандан бери, кыздарга да мурдагыдай кошулбай, коп убактысын Данияр менен чогуу откоруп журду.
- Оой Айгул барсынбы? Коптон бери корунбой калдын дешип кыздар отурган жерде ага соз ыргытышып,
- Бизди аяштуу кылайын дегенсин го! Даниярды тапкандан бери бизге карабай да койдун, же тааныштырбадын дешип ызылдашып калышты. Айгул аларга жай гана кашын серпип, кулуп эле
-Аракет кылып жатам кыздар! Бир аз чыдай тургула деди тамашалай.
-Оо-о! Азаматсын Айгул! Сендей сулууну коргон жигиттер, бир коргондо эле айланчыктап калчу эле. Сени аракетентпей эле, ал озу артындан аракет кылып чуркап журсо керек дешип кыздар кулуп калышты.
Айгул чынында эле, арык чырай келген сулуу кыз. Анын артынан чуркаган жигиттер да коп. Бирок Айгул буга чейин журогуно жакын адамын издеп таппай жургон. Анын мектептен суйлошкон жигити бар болчу. Ал экоо жакшы эле суйлошуп жургону менен, тагдырдын жазганыбы айтор ал жигитти ата-энеси башка кызга уйлоп салышты. Ошондо Айгул аябай жаман абалга туш болуп, эч кимге суйлобой, конулу катуу чогуп копко ыйлап журду. Анын абалын ошондо жакын курбусу Жамал кошо тартышты окшойт. Айгулдун конулун алып ага айтпаган жакшы создору да калбады.
--Айгул! Мына мени айтты дейсин! Сен андан да жакшысына, мыктысына жолугасын! Ал сенин бир да тамчы коз жашына арзыбайт. Бекер эле аны ойлоп, убактынды коробо! Сен озун периштедей сулуу кыз болсон, анын эмнесине ыйлайсын! Сен деген али коп жигиттердин журогун багындырасын. Сен деген керек болсо, ага окшогон жигиттердин, бирин коюп, бирин тандап, журсон боло турган сулуулугун бар деп калаар эле. Чындап эле Айгул андан кийин коптогон жигиттер менен дос болуп журду. Жигиттерге журогу муздап ишеничи жок болуп калгангабы, айтор бугун бири менен журсо, эртен башкасы менен деле жолугушуп журо берчу. Озу да ачык муноз, шайыр кыз. Жигиттер менен да бат эле тил табышып кетет. Бирок Айгулдун байлыкка кобуроок кызыккан жери да бар эле. Ошентип журуп ал Данияр менен таанышып, аны бир коргондо эле суйуп калганын сырдаш курбусу Жамалдан жашырган жок.
Ал куну Жамал менен Айгул чогуу Айгулдун квартирасында туношту. Экоо сырдашып создору бутпой копко чейин суйлошуп олтурушту.
- Даниярдын атасынын бир тууган агасы каза болуптур. Быйыл Данияр уйлонбой калат окшойт деди Айгул ойлоно.
-Эч нерсе эмес Айгул, негизгиси экоон качан болсо да чогуу болсонор болду. Ага чейин сага сойко салып коюшса да болот ко дейм! Убакыт бат эле отуп, эртен эле тоюнарды откорчу кун да келип калат деди Жамал.
- Билбейм Жамал кандай болот. Сен айткандай болсо жакшы болбойт беле. Кээде туруп коркуп да кетем. Ага чейин дагы эмнелер болуп кетет деп.
-Эмнеге коркосун ! Данияр сага уйлоном деп жаткандан кийин! деп Жамал тан кала Айгулго карады.
- Жамал! Мурдагы жигитим деле мага уйлоном деп журбоду беле! Озун кордун го, аягында эмне болгонун. Ошондон коркуп калсам керек. Эгер дагы ошол нерсе кайталана турган болсо, мен башка андайды которо албайм! деди Айгул коздорун чоон ачып аны тиктей.
- Койчу Айгул! Каяктагыны айтпачы. Озунчо эле жаман ойлорду ойлоно бересинби! Жигиттердин баары эле бирдей эмес да. Сен антип эч нерседен эч нерсе жок эле кыжаалат боло бербе да!
Айгул унчукпай эле ойлонуп
-Билесинби Жамал мен Даниярды канчалык суйоорумду. Анан да ал менин оюмдагыдай жигит болуп жатпайбы. Ал башка балдардан айырмаланып бир да ичимдик ичпейт экен. Жогорку билимдуу, он- келбеттуу, астында машинасы бар жигит. Атасы агроном болуп иштегендиктен жашоо шарттары да аябай эле жакшы окшойт. Апасы мектепте мугалим экен. Андай жакшы уй- булого ким болсо да кызыгат да туурабы?. Данияр азыр мени жактырып мага кызыгып жургону менен, ким билет?
- Эмне, сен Даниярга ишенбейсинби? деп Жамал ага коп тушуно бербей сурады.
- Жамал Данияр кийинки жумада келем деп кеткен. Ошол келгенде мен силерди тааныштырайын. Анан Даниярдын кандай экенин коросун деди Айгул Жамалга жылмая. Бирок ал жумада Данияр Айгулго келбеди. Андан кийин да жумуштары менен болуп журуп, анын арасында достору менен казахстанга баратам деп шашылыш эле Айгулго бир жолугуп жолдон тийип отуп кетти. Ошентип журуп Айгул, Жамал менен Даниярды копко чейин тааныштыра албай журду.

Декабрь айы. Айлананы аппак кылып кар жаап койгон болчу. Бугун дем алыш кун болгондуктан Жамал уйкудан шашпай ойгонду. Ал ордунан туруп терезеге жакын басып келип сыртты копко чейин суктана карап турду. Жамалга кыш мезгили аябай жагат. Айрыкча айлананын аппак карга болонуп турганы, коодонунду тазартып, жан дуйнонду агартып турат эмеспи. Жамал ушуларды ойлоно эки колун эки жакка жайып, кериле бут денесин бир силкип алды да ваннага карай жоноду. Ал шашпай жуунуп таранып бутуп, озуно чай койду. Кынкылдай ырдап тошогун иреттеп бутуп ашканага кирип баратканда телефон шынгырап калды. Трубканы алса Айгул экен.
-Жамалка кандайсын досум?
- Жакшы досум! Озун кандайсын?
- Эн сонун! деп шанкылдап кулуп калды Айгул.
- Конулун аябай которунку го! Эмне Данияр келдиби?
- Ооба Жамал Данияр кечээ кечинде келген. Ошондон бери экообуз чоогубуз деди Айгул суйуно.
- Кандайча чоогуусунар? Эмне туну да экоон..?
- Ооба Жамал. Даниярдын эжесинин шаарда уч болмолуу жаны квартирасы бар эмес беле. Ал уйдо азыр эч ким жок. Данияр шаарга келгенде ошол уйдо жашап турат. Кечээ Даниярдын достору болуп баарыбыз чоогуу ошол уйдо болдук. Арасында бир досу аялы менен чогуу келген экен. Баарынан да билесинби Жамал? Данияр мени досторуна, келечектеги "Аяшынар" болот деп тааныштырды деди Айгул кыткылыктай.
- Жакшы экен Айгул. Сен учун кубанычтамын!
- Жамал, туштон кийин Данияр экообуз сага баралы деп жатканбыз. Сен кийинип даяр болуп тур макулбу! Машина менен барып, сени алып келебиз. Даниярдын достору баары кетишкен. Азыр уйдо эч ким жок
- А-а... деп эле Жамал ойлонуп эмне дээрин билбей туруп калды. Айгул анын жообун кутпой эле
- Мейли Жамал! Уйдон чыгып баратканда сага чалып коём, даяр болуп кочого чыгып турасын деп трубканы коюп салды.


Жамал кийинип алып кочого чыкса Айгулдор келип аны кутуп калышкан экен. Жамалды коруп Айгул аны утурлай басып келип учурашты да, аны колтуктай кармап басып Даниярга
- Таанышып алгыла бул менин жакын досум Жамал болот деди. Данияр кулуп эле кара коюу коздору менен Жамалды тиктей ага колун сунду
-Данияр.! Жамалдын журогу Даниярдын тиктеген коздорунон улам чыз деп сайышып бир кызыктай болуп кетти. Ал колун берип жатып
- Жамал деди жылмайып.
Алар учоо машинада андан мындан суйлошуп баратканы менен Жамал озун бир кызыктай сезип, журогу дукулдоп катуу согуп жатты. Ал анысын байкатпаганга кыйла эле аракет кылып жатканы менен ичинен
- Мен эмне эле болуп жатам? Бул эмнеси? Даниярды коргондон бери эле журогум каттуу согуп....! Жакшы дагы кыштын куну. Калын кийидеримден улам Айгул мени коп байкабай жаткандай деп ичинен суйлонуп алды.
Айгулдун конулу дагы деле которунку. Машинанын алдынкы орундугунда отуруп алып утуру Даниярга карап коюп суйлоп баратты. Данияр Жамалдын козуно укмуш келишимдуу жигит корунду. Бай жердин баласы экени кийген кийимдеринен эле корунуп турду. Башына кийген норка тумагы да жузуно жарашып, анын чырайын ачып тургандай. Айгул бекеринен Даниярдан кабатырланып жатпаганын Жамал эми тушунду.
-Бул Данияр тушпогурун буга чейин дагы, канчалаган кыздардын журогун оорутпаган чыгаар деп ал ойлоп кетти . Данияр! Чындап эле сени канча кыз бир коргондо суйуп калып, кыйналды экен! Даниярга озуно ишенген гана кыздар батынып мамиле тузбосо...? Мага окшогондор. ..? деп барып.....
- Мага эмне жок! деп алды. Бир убакта Жамал ичинен кулкусу келе.. Менде Айгулдукундой сулуулук болбогондон кийин, кайсы арыма толкунданып, журогум дукулдоп жатат? Жамал ушул жерге келгенде озунчо мыйыгынан озун озу мыскылдай кулуп алды. Ал ушул ойлордон кийин озун эми, эркин сезип, Айгулго кошулуп созго аралашып суйлоп баратты.
Данияр кыздарды уйго киргизип коюп, озу бир аз жумуштарын бат эле буткоруп келе коём деп ал уйдон чыгып кетти.
Жамал уйдун ичине конул буруп бир катар коздон откоруп коюп, диванда отурду. Аны байкап калган Айгул
- Бул квартира жаны сатылып алынган бойдон эле экен. Эжеси уйду алып коюп , кайра эле Россияга кетиптир деди.
-Айгул чынын айтсам мен да Россияга кетким келип журот. Бул жерде жургонго болбой калды окшойт. Эки агам ошол жакта. Жаны жылдан кийин жазга жакын мен да кетип калсамбы деп ойлонуп журом деди Жамал.
- Агаларын ал жакта болсо, барганын жакшы болот дечи. Бирок биринчи кезекте акчаны эмес, куйоого тийишти ойлонуш керек досум! деп ал Жамалдын жанына келип, жолонуп турган балышты колуна алып кучактай отурду да ээгин таяна Жамалга кулмундундой тигилди.
- Куйоо табылам десе, ал жактан деле табылып калаар. Куйоого тийишим керек деп, эмне? мен аны кутуп отура бермек белем деди Жамал ага жылмая. Айгул Жамалды тиктеп турган калыбын бузбай
- Кана Жамал айтчы? Кандай экен Данияр? деди коздорун жайната.
- Сонун! деди Жамал колунун бармагын которо ага коргозуп. Негизгиси ал сага жагып, экоон бири-биринди суйсонор болду да.
- Ой Жама-ал! Мен Даниярсыз турмушумду эч элестете албай калдым. Мен ансыз жашай албайм деди Айгул кыялдана оор дем алып.
- Айткандай Данияр мага кечээ куну бул шакекти белек кылды деп ал колундагы шакекти Жамалга корсотуп, суйунуп отурду. Ооба, Айгулдун Даниярды катуу суйуп калганы жузунон байкалып турду. Ал Даниярдын озуно арнаган суйуу жонундогу создорун айтып жатканда коздору оттой жанып турду. Жамал унчукпай эле Айгулго суктана карап анын создорун угуп отурду. Ал экоо телевизордун унун бир аз басандатып коюп суйлошуп олтурушкан. Арадан бир сааттай убакыт отуп , Данияр эки досун ээрчитип уйго кирип келди. Данияр сырткы тонун, тумагын чечип койгонго Жамалдын козуно ал дагы да башкача корунуп турду. Ал досторун Жамал менен тааныштырып, алар столду тегеректей суйлошуп олтурушту. Айгул чай коюп, Данияр сырттан которуп келген тамак ашын столдун устуно жайнатты. Ичимдиктерден бир ботолкодон вино жана арак коюлду. Бирок Даниярдын достору ичимдикке анча жок эле. Ошондуктан алар ичилбеди деле. Таанышкандыгыбыз учун деп тос которушкону менен Жамал эч нерсе ичпеди. Айгул аз аздан винодон ууртап коюп отурду. Данияр бир да оозуна албады. Жамалга Даниярдын достору да жакшы балдар экени корунуп турду. Алар экоосу тен жогорку билимдуу балдар болгон учун суйлогон создору ордунда, маданияттуу балдар эле. Алар копко чейин кызыктуу темалардан кеп козгошуп суйлошуп отурушту.
Жамал орто бойлуу татына кыз. Ал Айгулдой сулуу болбогону менен жузундо жылдызы жанып, бир коргон адамга ыманы ыссык корунчу. Анан да Жамал созду орду менен суйлогон оор басырыктуу тыкан таза жургон кыз. Данияр Жамалды биринчи коргондо, ал анын козуно аябай эле ыссык корунду. Качандыр бир кезде, бир жерде аны коргондой болуп туюла берди ага. Бирок азыр суйлошуп отурушуп ал Жамалды биринчи жолу коруп жатканын тушунду. Жамал суйлогон сайын анын нурдуу жузу тамылжып, Даниярдын журогу ага ыссып турду. Ал бирок ага анча маани бере бербеди. Себеби жанында периштедей болгон суйгон кызы Айгул олтурат эмеспи. Ал экоо кез- кез коздору менен бирин-бири тиктеше кулуп коюп отурушту. Убакыттын кандай откону да билинбей калды окшойт. Жамал саатты караса ондон отуп калыптыр. Ал кетууго камынып калды. Алар баары ордуларынан козголушуп сырткы кийимдерин кийинип башташты. Данияр Жамалдын тонун илгичтен ала коюп Жамалга тосту. Ал колун тондун женине салгандан кийин жонуна артып кийгизип койду. Баары сыртка чыккандан кийин Даниярдын досу Жамалды машина менен уйуно жеткирип койду. Жамал тундо жатып Данияр жонундо ойлонуп жатты. Себеби анын турган турпаты, мунозу баары Жамалга жакты. Досу Айгулго чын ниети менен эле Данияр менен баш кошуп бактылуу болуусун каалады.


Чындап эле Даниярдын уйлонбогон достору да коп экен. Жаны-жыл жакындап жатканга Данияр кобунчо достору менен чогуу келип, Айгулдун досторун кошо концертке, киного чакырып жаттышты. Алар кундо жолугушуп, кызыктуу коп кундорду чогуу откоруп журушуп, оздорунчо эле бир даяр компания болуп калышты. Ошентип алар жаны-жылга карата Даниярдын квартирасында чогула турган болуп суйлошушту. Жамал менен Даниярда бат эле тил табышып, копчулук менен отурган жерлерде тамашалашып, анан да бир теманы талкуулашып калышса кобунчо экоонун ойлору бир жерден чыкчу. Даниярдын ото билимдуу бала экени суйлогон создорунон эле байкалып турчу. Мунозу да жумшак, жонокой кичи пейил жигит.
Бугун да достордон тортоо бешоо болушуп Даниярдын квартирасында балаты жасашып, конок болмону жаны жылдык майрамга даярдашып конулдуу журушту. Бирок араларында Айгул жок. Ал жумуштары менен кармалып кечирээк келмек. Жамал балатыга оюнчуктарды илип, ага Данияр жардамдашып экоо кызыктуу кептерден суйлошуп жатышкан эле. Жамал ушул жерден Даниярдын аны башкача коз менен карап турганын сезип калды. Себеби экоонун коздору кокусунан тиктеше тушкон болчу. Ал сыр бербестен Даниярдын колундагы оюнчукту алып балатыга илип калды. Бугун Данияр кобунчо Жамал менен коп чоогуу журуптур. Жаны жылдын даярдыгын буткорушуп базарга тортоо болуп барышканы менен Данияр дайыма Жамалды жандап жургон. Бирок Жамал бул нерселерге маани бергиси келбеди. Ал жонундо бат эле унутуп калгысы келди. Ал куну Жамалды Данияр озу уйуно жеткирип койду.

Жалындуу жаштыктын деми кандай кучтуу. Ойносон оюнга тойбой турган убак! Кечке кочодо айланышып, кечинде экиден учтон болуп жетелешип кээ бирлери келсе, кээ бирлери кечигип, жатып Даниярдын квартирасына жаштар чогулуп жатышты. Баары конулдуу. Жакшы тостор, жакшы каалоо тилектер айтылып атайын даярдалган дасторконду тегерете отурган жигит кыздар гитара менен ырдашып конулдуу отурушту. Баарынан да кызык окуя саат он экиден кийин башталды. Жаны жылды тосушуп, баары сыртка бир чыгып келишкенден кийин балдардан экоосу гана кирди. Калгандары жок. Алар менен кошо Данияр да жок. Жигиттедин бироосу шампандан кыздарга куюп берип
-Келгиле кыздар! Ушул тосту Гулум менен Таланттын бактысы учун которолу дегенде кыздар тушунбой эле бирин бири карап калышты. Араларында Гулум жок. Балдар Гулумду Таланттын уйуно айылга алып кетишкен болчу. Бул нерсе кыздарга чон жанылык болду. Аны уккандан кийин кыздар
- Бул жылы жалан тойлор болсун! Баарыбыз ушул жылы суйгондорубузго турмушка чыгалы дешип кыткылыкташып кайра-кайра тос которуп жатышты. Айгул бир аз кызый тушуптур. Ал Жамалга жакын келип анын колуна бокалды карматты да
- Кыздар келгиле ушул тосту Данияр экообуз учун алалы. Гулумдон кийин мен кетейин деп баарын кулдуруп калды. Кыздар оздорунчо отуруп кызуу созго кирип бирин-бири тамашалай суйлошуп отурушту.
















-
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Meerman   11 Ноябрь 2016 - 23:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Учунчу болум.


Айгул менен Данияр аркылуу, Талант Гулум менен таанышып, экоо мынтип уйлонуп отурушат. Жаны жылдан бери бир жума убакыт отсо да достордун майрамы токтободу. Бугун да алар чогулушуп Талантын уйуно келишкен. Аларга бул кундор, кундо майрам, кундо той дегендей эле болуп калды окшойт. Ал кундору баарысы эле
-Эмки кезек Данияр менен Айгулдо, алардын да тоюнда ойнойлу! дешип отурган жерлерде калоо тилектер айтылган сайын ушул созду кыстарышып айтып журушту. Андайда Айгулдун коздору жайнап Даниярга тигиле эркелеп калат. Жамал да досторуна кошулуп ал экоону
-Батыраак той кылгыла, силердин да тоюнарга катышып калайын. Мен Россияга кетип калсам, силердин тойго келе албай калам го, деп журду. Ага Айгул
- Жамал, сен биздин тойду откоруп коюп анан кетесин. Ага чейин кетип эле корчу! Катуу капа болуп калам деп ал ошол жерден эле тарына баштайт.
Бирок кийинки кундору Жамал тез эле кундордун ичинде Россияга кетип калгысы келип журду. Ал ушунчалык ойлонбоюн десе да болбой, Даниярдын элеси анын коз алдына тартылып бир аны, бир Айгулду ойлой берип кыйналып жудоп кетти. Журогу тынч эмес. Даниярдын кийинки убактарда аны уурдана тиктеп отурганын коп байкап калчу болду. Кээде экоо бирдей тиктешип калат, андай учурларда Жамал андан козун ала качат. Болбогон шылтоолорду айтып аларга жолукпайын деп аракет кылган менен, Айгул ага болгудай эмес. Билинбей журуп Жамал менен Данияр да кийинки убактарда жакын эле адамдардай болуп калышкандай. Ошондой кундордо Айгулдун кышкы сессиясы башталып калды. Мындай учурларда Жамал дайыма ага жазма, кочурмо иштерине жардам берип калчу. Бугун да Жамал жумушунан чыгып Айгулдун квартирасына бармак. Кечээки кочуруп жазып жаткан рефератты бугун жазып буткормок. Анын жумуштан чыгышын Данияр машина менен келип кутуп алды.
Ал экоо машинада баратышканда Данияр бардачокту ачып ичинен кыпкызыл чон жанатан алманы алып чыгып
- Бул сага Жамал! Атайы сага деп алып келдим деп ага сунду.
- Ой сонун алма го! Жамалдын коздору жайнай колуна алманы алды да, козун жумуп аны жыттап алды. Данияр Жамалга жылмая карап
-Жыттуу бекен? деп сурады
- Ооба, сонун жыты бар экен. Жамал ага карап кулуп койду.
Данияр Жамалды Айгулдун квартирасына таштап коюп, ал озунун уйуно кетти. Ал уйунон жасанып алып Айгулдун жанына барышы керек болчу. Бугун Айгулдун группалаштары сабактан чыгышып чогуусу менен туура кафеге барып отурушмак. Айгул бул кечеге Даниярдын созсуз келишин отунгон эле.


Жамал уйго кирери менен эле сырткы кийимдерин чечип, эч нерсеге карабай, отуруп алып ишине киришти. Данияр берген алманы столдун четине коюп коюп, баш которбой конул коюп, тынымсыз рефератты жазып жатты. Ал оюнда Айгулдордун келишине эртерээк жазып буткоруп коюп, алар менен кенири суйлошуп отургусу келди. Айгул бул бир болмолуу квартирада группалаш кызы экоо коптон бери турушат. Экоо тен иштеп, сырттан окушат. Квартирасы да аябай таза, жарык ичинде бардык буюмдары бар. Ал эми Жамал бир тууганынын уйундо тургандыктан, Айгулдукуно бат-баттан келип, кээ кундору калыпта кете берчу.


Жамал жазуусун жазып жатып столдун четине коюп койгон кызыл алмага козу чалына тушту. Ал аны кызыга колуна алып айландыра копко тиктеп турду да, жыттап туруп кайрадан ордуна коюп койду. Ал жазуу иштерин бутойун деп калганда эшиктин конгуроосу басылып калды. Ордунан туруп барып эшикти ачса Данияр озу жалгыз экен.
- Айгул кана? деди Жамал ага таныркай карап.
- Алар калышты. Мен келе бердим.
Жамал аны тушунбогондой суролуу тиктеди. Ал тонун чечип, илгичке илип жатып
- Баары эле группалаштары оздору экен. Менден башка жат эч ким деле жок. Айгул деле мени чакырбай койсо болмок экен деди ага нааразы болгондой.
. Жамал унчукпай эле ордуна барып отуруп кагаздарын иреттеп жазуусун улантты. Данияр ага карап
- Озун эмне болдун? Жазып бутойун дединби? деп сурады
- Ооба бутуп эле калдым. Азыр бул жерди жазсам эле бутот.
Данияр унчукпай эле Жамалды копко тиктеп карап турду да
- Жумуштан келип чай ичтинби? деди
- Жок! деди Жамал башын чайкай.
- Жазып буткоруп коюп анан Айгулдор келгенде чогуу ичсемби дегем.
Даниярдын эсине бир нерсе келгендей унчукпай эле ашканага кирип кетти. Жамал жазуусун бутуруп кагаздарын салыштырып жатканда Данияр колуна, ысык эки чашки кофени патносто которуп кирип келип
- Жамал кел, сенин жазып бутушуно сага атайын кофе даярдадым деп патносту столдун устуно койду.
- Оо Данияр, рахмат сага! конулдогу ишти кылдын. Жамал Даниярга карап жылмая салыштырып буткон кагаздарын столдун четине койду.
Ал экоо кофе ичип, телевизор коргончо жай гана суйлошуп отурушту. Башында жакшы эле суйлошуп олтурушкандай болгон, анан эле Данияр созун таппай, бир нерсени айталбай жаткансып кыйналып чыкты. Аны сезген Жамалдын журогу кызыктай болуп, ичинен Даниярды эч нерсе айтпаса экен деп тилеп жатты. Бирок Данияр
- Жамал билесинби? Мен коптон бери бир нерсеге аябай окунуп журом деп созун баштады. Жамал унчукпай эле телевизордон козун албай, тубундо бир аз калган кофесин ууртап койду.
- Жамал мен сени эмнеге мурдараак корбодум экен, эгер билсен мен сени ойлой берип коптон бери кыйналып журом!
Жамал бул созду укканда чочугандай башын шарт буруп Даниярды тиктеди. Экоо унчукпай тиктешип туруп калышты. Ошондогу каректер ай!
- Данияр ал эмне дегенин? деп жиберди Жамал шашканынан кабагыны чытый.
- Мен эми тушундум Жамал! Мен Айгулду эмес, мен сени издеп жургонумду. Бирок...
- Болду токтот Данияр!
- Жамал!
- Кереги жок Данияр! Башка суйлобо! Жамал колун токтот дегендей ага которо суйлоду. Данияр унчукпай эле Жамалды тиктеп отуруп калды. Жамал терен бир дем алып алды да
- Данияр! Сен мени ким ойлоп жатасын? Сен эмне? Суйлосом эле, мени ишенип отура берет деп ойлойсунбу? ! Сен бул создорунду кечээ Айгулго, Бугун мага, эртен дагы бироого айтарсын! Сен буга чейин да, канча кыздын башын айландырдын экен? Аябай тажырыйбалуу болуп буткон экенсин! деди такылдай суйлоп. Бул создорду укканда Даниярдын оозу ачылып эле шалдырайып отуруп калды.
- Жамал, сен ушундай суйлойсунбу? Мен сенден мындай создорду кутподум эле! Жамал Даниярдын созуно мыскылдай кулуп алды да
- Мен да сенден мындай создорду кутподум эле. Мен сени Айгулду чындап суйот деп ойлогон элем деди.
Бул создордон кийин ал экоо тен тунжурашып унчукпай отуруп калышты. Данияр ичинен, азырынча башка ашыкча соз суйлоонун кереги жок экенин тушунуп турду. Жамал болсо озуно озу тан калып, бул создорду кайдан таап чыгып суйлогонун озу да билбей калды. Анын антип суйлобогондон башка аргасы да жок эле. А чындыгында Жамал деле Даниярды суйуп калган болчу. Бирок сырдашкан досу Айгул учун бул сезимин мойнуна алгысы келбей жургон.
Бир убакта Данияр ойлонуп отуруп
- Жамал, сен мени кечирип кой. Мен сен ойлогончолук деле жигит эмесмин. Болгону...мен ..деп, ал созун улай албай туруп калды.
- Жакшы, Данияр! деди Жамал.
-Кел анда экообуз мындай суйлошуп алалы! Сен мага эч нерсе айтпадын, мен эч нерсе укпадым. Ал аны бир азга унчукпай тиктеп турду да
- Данияр! Экообуздун ортобузда эч кандай соз болбоду деп эсептейли! . Анан да мен сени, досум Айгулду капа кылып ыйлайтпайт го деп ойлоймун! деди. Ал бул созун айтып бутоору менен эле ордунан туруп, ичип бутулгон кофенин идиштерин патноско салып ашканага жоноп калды. Данияр унчукпай эле Жамалдын ар бир кыймылын тиктеп коюп отурду. Жамал ашканага кирип баратканда эшиктин конгуроосу басылып Айгулдор келип калышты.
Алар сырттан шанкылдашып конулдуу кирип келишти. Айгул бир аз кызып алганга, бир жагы сырттан сууктан киргенге эки бети кыпкызыл болуп кызарып калыптыр. Ал кирип эле тонун чечип жатып
- Жамалка! Эмне болдун, жазып буттунбу? деп сурады.
- Ооба Айгул, силердин келишинерге шашылып жазып бутурдум. Силер менен кененирээк суйлошуп отурайын дегем, деп Жамал аларды карап кулуп эле туруп калды. Ангыча аларды тосуп залдан Данияр чыкты да аларга
-Келдинерби? деди
-Ой Данияр! Сен да бул жердесинби? деди Айгул коздорун чон ачып, беттери кызарып
--Мага капа болбо. Мен бугун..бир аз... деп Айгул ичип алганы учун андан уялып турду. Жанындагы кыз да сыр бербегенге аракет кылып
- Ой, эми группалаштар жарым жылда бир жолукканыбыз учун, бир аз эле майрамдап койдук да! Данияр деле аны туура тушунот ко дейм. Анын устуно озу деле барып, коруп келбедиби кимдер менен чогуу отурганыбызды деди.
Алар баары залга кирээри менен эле Айгулдун козу столдун устундо турган кыпкызыл алмага тушту.
- Ой Алма го! Мынча сонун алма! деп ал алманы кызыга тиктеп турду. Жамал шашканынан
- Айгул! аны сага деп атайын Данияр алып келиптир. Жанатан бери сага сактап отурат деп жиберди. Данияр унчукпай эле Жамалды бир тиктеп алды. Айгул суйунуп кетти. Ал коздорун жайната колуна алманы алды да
-Данияр! Жаным менин! деп ага эркелей мойнуна асыла кетти.

Кыш жаратылыштын эн кооз, эн таза мезгили эмеспи. Айлана аппак карды жамынып, Жамал озу жалгыз аллеяда таза абада эки колун, эки чонтогуно салып жай басып келатты. Ал тал теректердин аппак карды жамынган кооздугуна суктана ойлуу, озу менен озу суйлошуп жатты.
- Эх, Айгул, Айгул деди Жамал ичинен. Ушундай да болобу? Даниярдын канча бойдок достору турат. А мен...? А мен сенин суйгон жигитинди ойлой берип кыйнылып журом. Сен аны билбейсин Айгул. Болбогон шылтоолорду айтып, сенден озумду алып качып, жузуно карай албай озумдон озум жудоп жургонумо, сен менден бир да шек албай журосун. Даниярдын жумуштун коптугуно шылтап, сага жолугалбай жургонун, сен ар турдуу болгоолоп мени менен сыр болушконуно кантейин. Эгер Данияр экообуздун ортобузда эмнелер болуп жатканын билип калсан, сен кандай абалда калаар экенсин? Жамал ушул жерге келгенде Айгулду ойлоп коркуп кетти. Анын качандыр бир айткан созун эстеди.
- Жамал, менин мурдагы жигитим да башкага уйлонуп кеткен. Эгер дагы ошол нерсе кайталана турган болсо мен аны которо албайм! Жамалдын козуно Айгулдун акылынан айнып чачтарын жазып жинди болуп жургон элеси корунуп кетти.
- Жок Айгул! деп жиберди ал. Мен андайга жол бербейм. Мен сага соз берем Айгул! Сен созсуз Даниярга турмушка чыгасын! деди Жамал озунчо кубуроно.


Кийинки кундору Жамал канчалык Айгулдорго жолукпай озун алыстатканы менен, анын жумуштан чыгышын Данияр кутуп алып Жамалга суйуусун айтып жудотуп журду. Бугун да ошол корунуш. Данияр бат-баттан басып келаткан Жамалдан калбай остановкага чейин чогуу келди
- Жамал укчу мени! Айгулго тушундуруп айтсак ал бизди тушуноор.
- Эмнеге сен аны эмес? ал сени тушунушу керек! Сен Айгулду тушун! Ал сени суйот! Анын да оз суйгонуно турмушка чыкканга акысы бар! деди Жамал Даниярды жини келе тиктеп. Ангыча автобус да келип калды
- Болду Данияр экинчи мага келбе! деп Жамал чуркаган бойдон автобустун арткы эшигинен чыгып кетти.


Жамал ошол кундору катуу ойлонуп журуп акыры Даниярдын жакын досу Талант менен жолугуп ачык суйлошууну чечти. Анын устуно аялы Гулум да Айгул Жамалдар менен жакын эле дос эмеспи.
Эртеси куну Жамал Талант менен жолугушуп, алар экоо копко чейин суйлошуп отурушту. Корсо Талантын да Даниярдан кабары бар экен. Данияр жакын досторуна Жамалды суйуп калганын, аны Россияга кеткенче ала качуу керек экендигин айтыптыр. Аны укканда достору Даниярга каршы чыкканы менен, ар ким оз тагдырын озу чечет дешип, кайра эле алар унчукпай отуруп калышкан экен. Бул кабарды Талант келинчеги Гулумго да айтат. Гулум уккан кулагына ишенбей оозу ачылып, ал да ушул кундору Айгулго боору ооруп аябай кыжаалат болуп уйундо отурат. Талант бугун, Жамал менен жолугаарын келинчегине айтып анан келген болчу. Жамал бул жанылыктарды Таланттан угуп алып, унчукпай эле катуу ойлонуп отурганы менен, ичинен Талант менен Гулумго ыраазы болуп турду.


Арадан бир жумадай убакыт отуп,
Данияр бугун Жамалды ала качып уйуно алып келе турган болуп калды.Туугандары чогулушуп, алардын уйундо келиндин келээрине аябай эле чон даярдык болуп жатты. Анын устуно Данияр уй-булонун эн кенжеси анан да жалгыз уулу эмеспи.


Данияр достору менен шаарга келип Жамалдын россияга бугун тан эрте менен кетип калганын угуп озунчо аябай жаман болуп турду. Ишене албай кайра-кайра сураштырып издеди. Себеби ал кечээ кечинде эле Жамалга жолугуп кетпеди беле. Акыры анын кеткенине толук козу жеткенден кийин башын мыкчып отуруп калды. Кокурогу ачышып, козуно жаш да тегерене тушконсуду. Ал озунчо буулугуп
- Эх!... Жамал! деп алды тиштене.
- Сен мени тушунбодун! Тушунбодун мени! деп жиберди ичиндеги бугун сыртка чыгара.
Балдар машинага отурушуп Айгул жашаган уйдун жанына келип токтоп турушту. Ал убакта Айгул эч нерседен бээ капар жумуштан келаткан болчу. Анын алдынан Талант тосуп чыгып кол алышып учурашаары менен эле, ары жактан эки досу келип Айгулду машинага салышып жоноп кетишти.
Айгул Жамалдын Россияга айтпай кетип калганына копко чейин капа болуп ,озунчо таарынып журду. Себеби ал Жамал менен Данияр жонундо эч нерсени билбейт эле. Анын бир чекесин кийин гана Гулумдон укту.


Жамал менен Айгул ошол бойдон торт жыл дегенде корушту. Анда да алар кокусунан кочодон жолугуп калышты. Айгулдун колунда уч жашка жакын кызы бар эле. Жамал аябай шашылыш болгондуктан
- Айгул капа болбо, биз дагы жолугушабыз. Бул акчага аяш кызыма озун, жакшы бир нерсе сатып алып бер, деп кызынын колуна акчаны карматтып, бетинен чопулдатып ооп коюп кете берген.
Ошол бойдон арадан он уч, он торт жыл отуп Жамал, Айгул менен Россиядан жолугушту. Даниярды ушул кунго чейин бир да жолу коро элек.


Жамал самалёттон тушкондо кеч кирип карангы кире баштаган экен. Ал таксиге отуруп уйуно келди. Машинадан тушуп эле Жамал коп кабаттуу уйдун терезелерине карады. Анын терезелеринин жарыгы жок, карангы эле. Ал унчукпай эле бир аз таза абадан дем алып турду да, оор дем ала сумкасын суйрой подьездге кирип кетти.
Жамал эшигин ачып уйуно кирээри менен эле жарыкты куйгузуп, ооздо озу жалгыз дубалга жолонуп туруп калды. Уйдун ичи жымжырт, эч ким жок. Аны муздак дубалдар гана кутуп алды. Уйдун ичине коз жугуртуп карап жатып Жамалдын козунон жашы сызылып агып кетти.


Уландысы бар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Meerman   11 Ноябрь 2016 - 23:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Тортунчу болук.


Жалгыздык - бул кандай гана оор, кандай гана коркунучтуу! Жараткан эгем, жараткан сон эч кимди жалгыз калтырбаса! Эрте менен уйкудан козун ачкан Жамалдын оюна биринчи эле ушулар келди. Ал ордунан турбай шыпты тиктеген бойдон ойлуу жата берди. Уйдун ичи жымжырт.
-Эх! Кудай! деп алды ушкуруно Жамал. Жер жузундо адамдар ушунчалык коп! Анан кантип ошончо адамдын ичинен менин озумдун теним болбосун?! Мени деле тугойум менен кошо жараткандырсын кудай! Ал да адашып мени бир жерде издеп таппай жургондур. Же чындап эле, ал адашып башка бироого уйлонуп, сезиминде мени издегени менен тагдырдын жазганы ушул экен деп коюп жашап журобу? Жамал копко жатты. Башына коптогон суроо-жооптор келип, озу менен озу суйлошо берип акыры жадап да кетти. Турайын дейт, мына турам азыр турам деп коюп ар нерсени бир ойлоп жата берди. Акыры бир убакта саатты караса он экиге жакындап калыптыр. Ал эптеп чыгынып жатып ордунан аран турду. Ваннага кирип жуунуп таранып чыгып эле телевизорду коюп, озу жангыз ойлонуп отуруп чай ичти.


Жамал Россиядан келгенден бери жаны жылга карата салчу товарларын салып бутуп азырынча уйдо эле. Агалары аны Россиядан
- Азырынча Бишкекте эле бол! Бизге товар салганча ден-соолугунду каратып эс ал деп жонотушкон. Жамал жаны жылды быйыл айылда карыган апасынын жанына барып чогуу тосмой болду. Атасынын козу отуп кеткенине он жылдай болуп калды. Ал уйдун кенжеси. Эн улуу эжеси экоонун ортолорунда торт эркек бар. Баары уйлуу жайлуу. Чон агасы илгертеден эле жакшы кызматта турат. Жамал мектепти бутуп, шаарда ошол агасыныкында жашап, окуу жайды бутуп иштеп жургон. Ошол убактарда Жамалга анча мынча соз айтышып журушкон балдар болгону менен алардын бироосу да Даниярчалык анын артынан чуркаган эмес. Анын устуно алардын бироосу да конулуно туура келбеди. Андан кийин Россияга агаларынын жанына кетти. Иштеп бишкектен квартира алды. Турмушта Жамалдын эч нерседен кемтиги жок, чындыгында ага баары жетиштуу. Жада калса бир тууган агалары да Жамалга жакшы конул бурушуп, жардамдарын беришип, жалгыз карындашын эч нерседен кем кылбай, камкордук кылып келишет. Женелери да кудайга шугур. Улуу женеси Жамалды жакшы сыйлап, оз синдисиндей эле мамиле кылчу. Кийинки келиндер деле, башкы коч кайда барса, арткы коч ошол жакка барат демекчи баары аны сыйлашып жакшы мамиле кылышат. Анын устуно Жамалдын да эч кандай жаман мунозу жок. Оор басырыктуу таза, тыкан эсепке да так, жалган суйлобогон, бироону ушактап, бироого жаман суйлобогон, жан дуйносу таза кыз. Ашыкча боёнуп жасанып, эрге тийиш керек эле деп эркектерге корунуп кочо басып аракет да кылбады. Кыялкеч. Суротту жакшы тартат. Кумары кармап калганда эле отура калып сурот тартып калчу жайы бар. Жамалдын башынан эле ушундай адаты бар, озу жалгыз кочодо сейилдеп парк аралап, аллеяда жай басып эс алып жургонду аябай жакшы корот. Анын жан дуйносу дайыма бироону кутуп журду. Ооба кутуп журуп мына жашы кыркка да келип калды. Карыган апасын да кыжаалат кылган ушул кызы болду. Эжеси Жамалды
- Ушинтип журо бербей, эртерээк турмушка чык. Бир туугандарындын да балдары чонойгон сайын ар кимиси озу менен озу болуп кете берет экен. Мына мен, Неберелуу болгондон бери алар менен эле болуп журуп сени деле коп ойлобой калыпмын. Кээде сени ойлосом, ошол жерден эле журогум кармап ооруп калчу болдум. Айланайын синдим эптеп ажырашканбы, же аялы олуп калган бироолор болсо деле мейли, эптеп балалуу болуп алсан озуно эле жакшы болот деп канча айтып журду. Женелери да канча айтышып, бироолорду таап журушту. Бирок Жамал дагы деле кимдир бироону журогундо сактап кутуп журо берди. Ошондой кундордун биринде ал бир жигитти жолуктурду. Анда Жамалдын жашы жыйырма тогуздарга келип калган болчу. Ал жигит озунон уч жашка кичуу экен. Кыздай созулган, коздору кулуп турган сулуучан келген ал жигитти Жамал бир коргондо эле жактырып экоо бат эле тил табышып кетишти. Ал жигит да ичип чекпеген, усту башына аябай жакшы каранган тыкан жигит эле. Жамалдын ага кандай башы айлангынын озу да билбей калды. Эч кимге билдирбей ал экоо чоогу жашап алышты. Анда Жамал ушул квартираны жаны алып коп убакытка чейин Бишкекте журуп калган болчу. Жамал чын дилинен ал жигитти берилип суйуп, ал учун жанын бергенге даяр болуп журду. Экоо кочодо ээрчишип басышса бири -бирине жарашып коп жакшы кундорду откоруп журушту. Жамал ал жигиттин койнунда жатып, озун кандай гана бактылуу сезип журбоду. Колун анын мойнуна ороп алып жыттап жыттап алчу. Ал суйууго ушунчалык мас болуп журду. Бирок эмнегедир ал, жигиттин эрки менен болуп журуп балалуу болгонго шашылбады. Жигитке Жамалдын коп жардамы тийди. Аны жумуш менен камсыз кылып, жигит бир аз да болсо бутуна туруп алгансыды. Ал Жамалга товар салышып, анын машинасын айдап шафёрлук кызматты кылып журду. Анын атасы ооруп калганда Жамал ага акчалай да жардам корсотту. Бирок Жамал ошол кундору учун азыр аябай окунот! Ооба ошол жигитти жолуктуруп аны менен жашап откон омуруно ото окунот. Чын чынына келгенде конулуно кок таштай тийген ал жигитти эскергиси да келбейт. Аны жашап откон турмушунан сызып салганга аргасыз болду. Канча жыл кутуп журуп, ошол тапкан жигитине короткон убактысы учун, ошол деп откон уч жыл текке кеткен омуру учун кандай гана окунбоду! Ал жигит эркек башы менен эн томон айбандык касиетин корсотту. Ал уйлоноорго келгенде уйундогулор тапкан кызга уйлонуп кете берди. Анда, Жамал эмне болот?, эмне кунду корот деген бир да айоо сезими болбоду. Жамал копко чейин жаман болуп журду. Ал жигит жонундо агалары деле билишчу. Бирок чон эле отузга таяп калган жигит- кыздын мындай болуп калышын алар да куткон эмес эле. Акылга сыйбаган иштер болуп кетти. Жамал ошол кундору озун озу олтуруп алгысы да келип журду. Намысына чыдабай акыр бир кун, бир агасы жигиттин уйуно барып, аны жаны келинчегинин козунчо эле олоорчо сабап жерге жабыштыра тепкилеп келди. Уяты жок адамдарда намыс деген деле болбойт турбайбы. Анын эртеси жигиттин бир тууган агасы милициялар менен келип, Жамалдын агасын колун кишендеп алып кетишти. Тулкудой кууланган эжелери артист болуп жатышып, биздин инибизди кызынар башын айландырып алып жургон дешип куноонун баарын Жамалга коюшуп, ит эле кылышты. Жамалдын ошол кундору башына карангы тун тушуп, бир жактан жан дуйносу кыйналса, экинчи жактан жалган жалаага кабылып, кудайга ушунчалык нааразы да болуп кетти. Тамагынан аш отпой ийне жуткан иттей болуп , эки буктолуп жатып калды. Ал копко кыйналып журду. Жалган создорго чыдабай акыры жигиттин энесине барып жолукту. Жамал ошол куну чын ниети менен эле кудайды каргады. Алтымыш жаштан ашкан эненин жалган суйлоп отурганын коруп, анын заманасы куурулуп, бул жашоого нааразы болуп кетти. Бирок ошол эле учурда Жамал бир нерсени тушунгондой болуп турду. Ал ошондо озунон озу чыйралды.
- Эмне учун бул жашоодо жалганчылар жыргап жашашы керек! деген ой кетти ага. Же эмне, бул дуйно жалганчылар учун жаралганбы? Мен кайсыл куноом учун мункуроп журом. Жок! Мен бироого жалган айтпадым, бироону алдап акысын жеп, же уурулук кылбадым! Эркек башы менен акча учун, мени менен жашап жургон ууруга мен эмне учун кыйналышым керек! Жамалдын эми козу ачылып, адамдарга болгон коз карашы такыр озгорулгонсуду. Ал бир туруп ал жигиттин алдында озун ото бактылуу сезип кетти. Бул жашоодо жалган суйлобой ак эмгегин менен тапкан нанын кандай дамдуу. Мен кандай гана бактылуумун деп жиберди ал ичинен. Мен бироолордон алданганым менен, мен бироолорго жалган суйлоп акча учун намысымды сатпадым. Мен ката кылсам озумдун жеке жашоом учун ката кылдым. Мен эч кимге ката кетирип жамандык кылбадым! Мен кайдагы бир тушунугу жок начар жалганчы ууруларга эмнеге капа болуп журом? Ал коп нерсени тушунду. Ал ошол жигит менен кощо анын уй- булосун кудайга салып койду.


Жамалдын озунон озу чыйралып куч алып, кыймылдай баштаганын коруп бир туугандары аябай суйунушту. Агалары Жамалдын колуна кол, бутуна бут болушуп конулун алышып анын козуно карап журушту.
- Жамал. Сен эч качан чокпо карындашым. Баары жакшы болот, кудай буйруса жакшы кундор алдыда деп кичуу агасы жан алы калбай Жамалды айланчыктап болбой эле калды. Женелери да Жамалды аяшып, колдорунан келишинче конулун алып жакшы создорун аяшпады.
Убакыт дарылайт, демекчи Жамал кыйла озуно келип, конулунун баарын коммерцияга бурду. Ал жумушка кызыгып алаксып журуп жаман окуялардын баарын журогунон чыгарып салгансыды. Анан да алардын иштери аябай алдыга катуу кетти. Агалары иш каналарды ачышып, аябай бутуна турушту. Жамал дагы уч болмолуу квартираны алып иностранецтерге тапшырып салды. Машинанын мыктысын минди. Торговый точкаларды сатып алышып арендага берип салышкан. Андан тышкары тигуучу цехтери да бар. Бирок Жамал бир да эркектерге конул бурбай койду. Алар ушунчалык конулунон калгангабы женелери, тааныштары канча жигиттерди тапса да, аларды бир да карап койбоду. Ошентип журуп мына эми ал кырк жашка келип калды. Жамал жашаган уйго жакын жерде эки агысынын уйлору бар. Алар Жамалдын озун жалгыз калтырбай аны чакырышып, кээде балдары аныкына келип турушканы менен акыркы кундору ал эч кимди каалабай озу жалгыз отурганды адат кылып алды. Бул жолу да женеси тынбай телефон чалып
- Кыз, туштонууго биздикине кел. Суйлошо турган создор бар. Созсуз келгин деп чакырган. Жамал терезеге келип сыртта жаап турган карды тиктеп турду. Ал кышты ушунчалык жакшы корот. Жааган карларды тиктеп коодону тазарып табигаттын сулуулугуна суктанып тура берди. Телефондун унунон улам озуно келип караса женеси чалып жатыптыр. Ал шашылып кийинип уйдон чыгып кетти.
Агасыныкына келсе столдун усту жайнап, баары Жамалды кутуп калышыптыр. Чон женеси да ошол жерде экен. Кичуу женесинин бир кыздуу болгондон кийин ажырышып кеткен синдиси да келиптир. Тамак салынып баары келип столду тегеректей андан мындан тамашалай суйлошуп тамактанып отурушту. Бир убакта женеси, чон женесине карап
- Откондо десениз жене, бул синдиме бироолор жакшы бир жигитти табышып экоону тааныштырганбыз. Жапжакшынакай эле жигит экен! Эмнеси жакпады билбейм? Ошого турмушка чыгып ал десек болбой жатат деп калды синдисин жаман коздору менен тиктей.
- Кой антпей чыгып ал. Качанга чейин жалгыз журмок элен деди чон женеси да абысынын созун колдоп.
- Койгулачы каяктагыны айтпай. Ал жигитинер болбойт деди синдиси жини келе.
- Анда журо бербей, боло турганын озун таап албайсынбы кыйын экенсин? деп озунчо суйлонду эжеси. Ал унчукпай бир азга ойлонуп отурду да
- Нормальный эркек жок болуп жатса эмне кылайын. Нормальный эркекти табыш учун, нормальный уй-булону бузуш керек! туурабы Жамал эже? деп ал ага карап козун кысып кулуп калды. Жамал да кулуп эле
- Туура деп башын ийкеп койду.
- Ай ушул силер барсынарбы. Силерге айтылган кайран гана создор деп женеси таарынгансып унчукпай отуруп калды. Созду чон женеси баштады.
- Кыздар тамаша создорду токтоткула эми. Чындап эле мындай жургонунор болбойт. Ар кимин оз турмушду ойлошунар керек деп ал Жамалды тиктей ойлонуп туруп
- Кыз биз агаларын менен чогуу суйлошуп, сени бала багып алса жакшы болот беле дегенбиз. Озун да жакшылап ойлонуп кор. Бугун сени менен жакшылап суйлошолу деп эки женен атайын чогулганбыз деди.
Жамал бул созду укканда журогу болк дей тушту . Эмне дээрин билбей эле эки женесин жалдырап тиктеп отуруп калды.
- Кыз ошенткенин озуно эле жакшы го. Сага эми эмне жетпейт. Иштебей эле уйдо бала багып отур эми. Биз сага кошо багышабыз. Эртен эле чоноюп калса озуно эле жакшы, баланды ээрчитип биздикине келип кетип турасын. Озун жалгыз болбой балага кыйла алаксыйсын деп кичине женеси кошумчалап кирди.
Бул создорду укканда Жамалдын козунон жашы куюлуп буркурап ыйлап жиберди. Эки жагынан эки женеси ордуларынан туруп келип Жамалды башынан кучактап сылап сыйпап, алар да коздоруно жаш ала аны сооротуп жатышты.
- Биз куруйлу кыз! Ушуга чейин эле сага бир баланы таап берген эмес экенбиз. Сени турмушка чыгып кетеби деп ойлоп журбодукпу. Ыйлаба алтын кыз. Баланды биз озубуз багышып чонойтушуп беребиз дешип экоо биринен бири отуп суйлоп жатышты. Жамал коптон бери ойлонуп буулугуп жургон учунбу озун токтото албай копко чейин опко опкосуно батпай ыйлады. Ага чон женеси
- Мейли кыз, ыйласан ыйлап ал. Кыйла женилдеп аласын деди желкесине башын жолоп отурган Жамалды кучактай чачынан сылап.
- Берекем десе! Ыйла ыйлап ал!
Женеси козунун жашын колу менен суртуп
-Ушундай жакшы кызды корбогон эркектердин да козу кор! деди ал озунчо кубуроно суйлонуп.


Жамал ал куну чындап эле ыйлаганга кыйла женилдеп калган экен. Ал женелери менен суйлошуп отуруп жаны жылга айылга барып келгенден кийин бир кыз алып асырап алмай болду. Анын журогу толкунданып озунон озу конулу которулуп эртеси куну таксиге отуруп айылга карыган энесине жоноп кетти.


Уландысы бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Meerman   11 Ноябрь 2016 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

Жалгыз.
Бешинчи болук.


Жамал апасынын уйуно келген куну эжеси да келип учоо копко чейин чер жазышып суйлошуп отурушту. Алардын созунун акыры келип Жамалдын турмушуна такалды. Анын кыз багып алаарын укканда эжеси суйунгону менен апасы коп деле конулдоно бербеди.
- Жамал сенин кыз багып алаарына каршы эмесмин дечи кызым. Бирок куйоого тийип озун торогонго не жетсин . Сенин куйоого тийгенинди коруп, конулум тынч анан олсом мейли эле деп апасы жашып да алды. Карыган апасынын эмшиндеп ыйлактап отурганын коруп Жамалдын апасына боору ооруп кетти. Журогу ачышып апасын аяп турду. Бирок анын колунан эмне келмек эле.
Ал куну Жамал ооналактап ойлонуп жакшы уктай албай чыкты. Козун жумса эле бырыш баскан апасынын эмшиндеп ыйлаган элеси коз алдына тартылып журогу ооруй берди.
- Чындап эле эмнеге ушу кунго чейин эптеп бироого тийип албадым экен деди ал ичинен. Журогун каалабаса озунду зордоп тийиш да кыйын экен. Тообо кылдым! Бул дуйного эл катары жаралып, бирок жалгыз отот деген эмнеси!? Мен эмнеге жаралгам озу! Мен да эркектин койнунда эркелеп, денелерим сылатып башка аялдар катары боюма бутуп эне болуп бала эмизип бакытка балкып, эмнеге андай жашоону откорбодум. Башкалардан эмнем кем ? Кудай неге мага мындай тагдырды жазды экен? Эмнеге мен деле элдин агымында кошо агылып, оз курбуларымдын катарында бала-чакалуу болуп калбадым? Кызык, менин да балдарым азыр бой жетип он сегиз онтогузда болуп турса, мен аларга кандай эне болмок элем? Эл арасында кандай аял болмокмун?!
Бирок Жамал бой жетип калган уул кызын бир да коз алдына элестете албай койду. Себеби алар бул жашоодо жок эмеспи. Ал ушундай ойлор менен алпурушуп жатып кайсы убакта козу илинип уктап калганын билбей калды.


Эртеси куну туш ченден отуп Жамал Ошко улуу агасыныкына жоноп кетти. Женесинин бир тууган синдиси каза болгонуна бир жыл болоюн деп калган. Барып ал, женесине жолугуп куран окутуп батаа кылып келмей болду. Жамал улуу женесин аябай жакшы корот. Студенттик кундорундо, бала бакчада иштеп жургондо коп жыл агасынын уйундо жашап журуп, Жамал алардын булосуно аябай эле жакын болуп калган экен.


Жамал женеси экоо сагынычтары жазылып, сырдашып копко чейин суйлошуп отурушту.
- Кыз, кырк жаш деле кеч эмес. Азыр деле турмушка чыгып тороп алсан болот. Сен мени жакшылап ук кыз. Менин синдимдин да омуру кыска экен. Балдары чоноюп, улуу кызын турмушка берип, уч баласын таштап ал о дуйного кете берди. Чырактай балдары энесиз жетим калды. Азыр эми куйоо балабызга аял издештирип жатыштырыптыр. Менин созумо жок дебе кыз! Багам десен менин синдимдин балдарын багып, аларга эне болуп бер! деп женеси козунун жашын агызды.
-Озун да тороп алат элен кыз. Мен куйоо бала экоонду бир куну жолуктуруп суйлоштуройун деди женеси Жамалга карап.
Жамал чынында женесинен мындайды куткон эмес эле. Ал суйлоор созун таппай калды. Жок деп айтайын десе ыйлап отурган женесин капа кылып алгыдай.
Жамал аларды жакшы эле таанычу. Синдиси менен куйоо баласы эжесиникине коп эле ээрчишип келип калышчу. Жамал алар менен чогуу бир дасторкондо далай жолу суйлошуп отурган. Агасы ал бажасы экоо, бирин бири бажа дешип оздорунчо кээде майрамдарда ичишип суйлошуп отуруп калышаар эле. Бирок ошондо эле Жамал ал кишини женесинин синдисине коп ылайык корчу эмес. Себеби синдиси аябай сулуу эле. Анан да ал кишинин шыпылдап коп суйлогондору жакчу эмес. Агасынын жардамы менен ал кандайдыр бир мекемеде зав.склад болуп иштеп журду окшойт.
- Жене капа болбонуз мен турмушка чыкпаймын деп чечкем деди бир убакта Жамал жай гана.
- Кыз!...
- Жене башка айтпанызчы суранам.
-Эх, кыз! Сен мени тушунбодун. Озуно эле жакшы болмок деди женеси ушкуруно.
- Жене ачыгын айтканыма капа болбонуз. Ал киши мага жакпайт! деп жиберди Жамал андан козун алып качып. Женеси унчукпай эле аны тиктеген бойдон туруп калды. Ал кайын синдисинин мунозун жакшы билгендиктен ашыкча соз суйлободу
- Мейли кыз, озун билесин. Ал таарынгандай тур корсотуп козунун жашын аарчып койду.
Ал куну Жамалды айылга, эжесинин баласы Кемел машина менен алып кетмек эле. Ал шаарда иштейт Кемел жумуштары менен кармалып жатып аябай кеч, саат тогуздан отуп келди. Женеси Жамалды кочого чейин узатып чыгып алар машинига отуруп жатканда
-Кыз, менин айтканымды дагы бир жолу жакшылап ойлонуп кор. Жалгыз журбой озуно эле жакшы болмок деп кала берди.


Жамал жолдо озунчо катуу ойго чогуп келаткан. Оштон айылга чейин бир сааттык жол. Айлана капкарангы. Кыштын куну болгондуктан жолду бир аз туман басып турган. Жолдо бир эки гана нары бери откон машиналар болбосо, тундосу жолдо эч ким деле жокко эсе. Алар жарым жолго келгенде, бир аз бурулуш жерде, жолдун четинде бир жак капталы кыйшыйып катуу урулган машинанын жанында шаштысы кетип кол которуп турган адамды корушту. Аны коруп машинасын токтотуп жаткан Кемел
- Ой? Аваз аке го. Ошонун машинасы! деп жиберди.. Алар машинадан шашылып эле тушушту. Аваздын ону купкуу. Машинанын ичинде дагы уч адам бар экен. Бироосунун бети башы кан болуп эсин жоготуп коюптур. Кемел менен Жамал шашып эле аларга жардам бергенге отушту. Аларды машинадан чыгарып ооруканага жеткиришти. Жамал алардын бироосун тааныды. Ал апасынын синдилери болуп кетет эле. Бактыга жараша анын жараты женил экен. Ал коргон билгендерин айтып берип жатты. Корсо алдынан каттуу келаткан машина башка эле бир машинаны коюп кетейин деп, андан кача коём деп булардын машинасын коюп кетиптир. Рулда Аваз келаткан экен.
Ал куну Жамалдар тан атканча оорууканада болушту. Алар баары бир айылдан болушкандыктан, туугандары келип чогулганда гана, ал экоо айылга кайтышты. Аваз Кемелдин аяш акеси болгондуктан, ал Жамалды уйго таштап коюп эле Аваздын туугандарына жоноп кетти. Эртеси куну алардын бироосу Аваздын тайакеси каза болгонун угушту. Калгандары кудайга шугур жакшы экен. Ошол куну Жамалдын уйундогулор Аваздарды соз кылышып суйлошуп отурушту. Жамалдын коз алдына Аваздын он алеттен кетип, эмне кылаарын билбей эки жакка чуркап жургондору корунуп жатты.


Жаны жылга карата Жамал, Кемел иниси экоо азык-тулук алып базардан чыгып келатышса аларга Аваз жолугуп калды. Кун да кеч кирип бараткан. Аваз болбой жатып аларды жолдун четиндеги кафеге алып кирди. Ал бир ботолко аракты столдун устуно коюп алып Кемел экоо ичип отурушту. Кемел аяш акесинин конулу учун бир аздан гана алып отурганга мажбур болду. Аваз ошол кунку кырсыктын кандай болгонун айтып берип жатып бат эле мас болуп калды. Анын устуно бир тууган тайкеси да каза болуп калбадыбы! Албетте мунун баары Авазга аябай эле оор келди. Анын депрессияга тушуп калганын карап отуруп, ага Жамалдын боору ооруп аны кадимкидей журогунон сезип кетти. Себеби ал озу да бир убактарда оор кундорду башынап откорбоду беле. Ал колунан келишинче жакшы создору менен Авазга кайрат берип суйлоп отурду.
Кафеден чыгып жолдо келатышканда Кемел Аваз жонундогу оз билгендерин Жамалга айтып берип келатты.
-Аваз акенин Бишкекте машина ондогон чакан бизнеси бар деп уккам. Россиядан атайын ошондой курсту окуп бутуруп, керектуу аппараттарды сатып алган. Жумушу жакшы деп коп угуп калам деди Кемел. Анан да Бишкекке чоон кылып уй салыптыр. Эки кызын озу менен айылдан алып кеткенине коп жыл болуп калды. Бир тууган торобогон тайэжесин да кошо алып кетиптир. Балдарын ошол тайэжеси карайт экен. Аялы экоонун жашоосу тушунуксуз. Эмне экенин билбейм деди Кемел ойлоно. Жамал ошол учурда эмнегедир качанкы бир окуяны эстеп кетти. Ал нерсе ошондо эле Жамалдын эсинен такыр чыгып кеткен экен. Аваз Жамалдан эки жашка улуу. Экоонун аталары чогуу иштешчу. Жамал окуу жайын бутургон жылы Аваздын ата-энеси бир куну алардыкына келип жон жай эле суйлошуп отуруп кетишкен. Эртеси куну Жамалды апасы чакырып алып
- Жамал кечээ кечинде келишкендердин институтту буткон уулу бар экен. Сенден эки жашка чон. Создон соз чыгып отуруп
- Кызынарды бизге келин кылып бергиле. Кудай кошкон куда бололу дешкенинен, биз силерди экоонорду суйлошуп корсун дедик. Эгер алардын баласы келсе жакшылап суйлошуп кор кызым деди. Жамал кулуп эле унчуккан эмес. Аваз бойлуу келген, дене мучосу келишимдуу, коп кыздарды кызыктырган жигит болчу. Ал экоо бири-бирин сырттан эле билишчу. Жамал чынын айтканда Авазды ошондо келет деп кутту. Бирок ал келбеди. Арадан жарым жылдай убакыт отуп Аваз кошуна айылдын кызына дунгуротуп той берип уйлонгон. Ал кызды кошуналары табышыптыр, кыз сулуучан келген, мектепти быйыл эле буткон кыз экен дешип айылдагылары ошондо айтып журушкон эле.


Жаны жыл куну Жамалдын бир туугандары баары бала-чакалары менен апасыныкында чогулушту. Карыган энесин балдары, небере- чеберелери тегеректеп, бугун баарынын маанайы которунку. Кичинекейлердин кылыктарына баарысы каткырышып кулушуп уйдун ичи озунчо эле базарга айланды. Жетимиш бешке таяп калган кемпир аларга кубанып отурганы менен, эмнегедир бугун анын конулу коп ачылбай отурду. Карыган эненин кабагын коруп, анын эмнеге антип жатканын, уул келиндери баары эле сезип отурушту.


Тун бир убак болуп ызылдаган жаш балдардын баары уктап калган болчу. Сыртка таза абага чыгып келишкен Жамалдын эки агасы уйго кирип эле апасына созу бардай отуруп калышты. Алардын турун коруп Жамал бир нерсени сезгенсип журогу кызыктай болуп кетти. Ал дароо эле улуу женесине карады. Женеси да созулуп унчукпай куйоосунун созун кутуп жаткансыды.
- Апа, деп улуу агасы созун баштап калды. Апа, чынын айтсам созду эмнеден баштаарымды да билбей турам. Ушул кундору баарыбыз эле Жамал кызынды ойлоп журогубуз ооруп журот. Сени карыганда кызындын турмушка чыкпай жургону кыжаалатка салып, кыйнап койду окшойт деп ал ойлонуп туруп калды.
Апасы унчукпай эле оор ушкуруно баласына карап, анын эмне айтаарын кутуп калды.
- Апа создун ток этер жерин айтайын. Ушул кунго чейин Жамалды конулуно карап, оз эркине коюп келдик туурабы? Эми Жамалын биз айтканга консун! Эгер сен макул болсон апа, кызынды куйоого берели деди. Апасы унчукпай эле башын ийкеп бир азга ойлонуп отуруп
- Балам, анын конулуно карап отурбай, буга чейин эле беришинер керек болчу. Мунун да балдары азыр силердин балдар менен ызылдап аралашып ойноп журбойт беле деди оор ушкуруно.
- Апа, балдызымдын каза болгонун озун жакшы билесин. Бажам эми уйлонушу керек. Эгер сен кызын менен суйлошуп туруп, макул дей турган болсон алар сенин алдына эртен эле келебиз деп турушат деди агасы.
- Балам мен карыдым. Олорумо аз калды. Козумдун тиригинде ушул кызды куйоого берип, мени ыраазы кылып конулумду жайгаштырып койсон, атандын да арбагы ыраазы болоор. Балдардын аксакалы сенсин. Аларга сен озун баш коз болуп, башын бириктирип ынтымакташып журсонор кудай ыраазыдыр. Жамалды да сага тапшырдым балам. Сен эмне десен ошол деп жиберди апасы козун жашытып.
- Макул апа, сен айткандай болсун деди баласы да ойлоно. Ал катуу ойлонуп эле бир жерди тиктеп отуруп калды. Аялына жан кирип бир аны бир Жамалды тиктей
- Анда тигилерди кайсы кунго келгиле дейсин? деди куйоосуно.
Ал аялын унчукпай эле бир тиктеп алды да
- Аны Жамал менен суйлошуп туруп анан айтам деди.
- Ой? Ал унчукпай эле отурбайбы. Бир жолу бутуп жаткан ишти озун эле аягына чыгарып сал да! деди женеси.
Жанатан бери унчукпай отурган Жамалдын чыдамы кетип
- Жене мен сизге башында эле айтпадым беле. Ал киши мага жакпайт деп.! Эмнеге болбогон ишти кайрадан козутуп жатасыз. Мага убара болбогула мен турмушка чыкпайм деди Жамалдын жини келе.
- Чыгасын! деди Эжеси Жамалга унун октом чыгарып.
-Жок дегенде апамды аяп, апам учун чыгасын! Сени деп баарыбыздын журогубуз ооруп бутмой болду деп эжеси бир убакта озун кармана албай ыйлап да суйлоп да эч кимге соз бербей алынып кирди. Аны баары унчукпай эле угуп отуруп калышты.
- Болду эми токтот ыйынды деди бир убакта агасы. Ал Жамалга карап
- Жамал, биз сенин эртенки кунунду ойлоп жатабыз карындашым. Сенин жаштыгын калган жок эми. Сен ага турмушка чыгасын деди жай гана. Отургандар баары эми ордуна келе тушконсушту.
Жамал ушуга чейин улуу агасынан ыйбаа кылчу, аны сыйлачу ага тик карап бир да суйлогон эмес эле. Бирок бул жолу андай болгон жок.
- Мен силерге бул созду башка кайталап айтпаймын! Жакшылап мени эки кулагынар менен угуп алгыла. Мен турмушка чыкпайм! Мага экинчи эр таап убара болбогула! деди Жамал. Ал суйлоп жатканда коздорунон жашы куюлуп агып кетти. Анын бул создоруно баары эмне дээрин билишпей эле нес болуп катып отуруп калышты. Жамал ыйлай ордунан туруп, башка болмого чыгып кетти.


Кийинки куну Жамалдын апасы катуу ойлонуп атып, тошокто дарманы жок ооруп жатып калды. Жамал апасын карап жанынан жылбай отурду. Акыры ал апасына да ыйлактап тушундурду
- Апа суранам сенден. Ооруп мени кыжаалат кылба. Мен озумду зордоп ал кишиге турмушка чыгалбайм. Мен кыз багып алсам андан аркысына кудайдын айтканын короормун. Мага нааразы болбо апа. Мен да тынч жашайын деди. Апасы оор ушкурунуп эле Жамалга эч нерсе дебестен таарынгансып жата берди. Ошол убакта Жамалдын телефонуна званок келип калды. Ал козунун жашын аарчып жатып телефонун караса жат номер. Ким экен деп алса эркектин уну.
- Жамал кандайсын? деди ал.
- Жакшы, ким экен бул?
- Мен Аваз, сени жаны-жылын менен куттуктап коёюн деп чалып жаттым эле. Жамал ордунан туруп тышкы болмого жоноду.
- А рахмат. Силердин да жаны жылынар менен! Менин номеримди кайдан алдынар?
- Кемелден алдым Жамал. Мага оор кунумдо жардам берген кишилерди куттуктап койбосом уят ко! Алар экоо тен кулуп калышты.
- Анан да Жамал, откондо кафеде отурган кун учун сенден кечирим сурайын дегем. Мен мас болуп калып, коп суйлоп койгон окшойм.
- Жок андай деле эмес. Ага кыжаалат болуунун кереги жок. Баары жакшы! деди Жамал кулмундой.
- Бирок, сенин ошол кунку мага аябай куч кубат берип суйлогон создорун учун чон рахмат Жамал. Менин кыйла конулум которулуп, озумду жакшы сезип калдым. Аваз дагы бир нерселерди айткысы келип бирок соз таппай туруп калды.
- Эч нерсе эмес Аваз. Негизгиси озунду колго ал. Баары жакшы болот! деди Жамал. Ошол суйлошуудон кийин Жамалдын журогу Авазга бир аз жылый тушконсуду. Анын уну телефондон жагымдуу да угулду. Ал унчукпай эле Аваздын телефон чалганына ичинен кулуп койду.


Арадан бир жума убакыт отуп Жамал Бишкекке кайтмай болуп калды.. Апасы кудайга шугур мурдагыдай абалына келип жакшы болуп калган. Бирок ал уйдон чыгып келатканда аны эжеси турмушка чыгасын деп урушуп кыйла кыжаалат кылып салды. Анын создоруно чыдабай Жамал ыйлап да жиберди. Кемел Жамалды машинасына салып Бишкекке таксилер кетчу стоянкага алып келди. Келсе ал жерде Аваз туруптур. Ал да бугун досунун машинасы менен кызы экоо Бишкекке жоноп жатыптыр. Аваз Жамалды
- Биз менен чогуу кет Жамал, озум сени уйуно чейин жеткиртип коёюн деп айтып калды. Жамал унчукпай эле иниси Кемелди карады.
Ошентип Жамал алардын машинасына отурду. Машинанын арткы орундугунда Аваздын мектепте окуган кызы отуруптур. Алар тортоо бир аз жол жургондон кийин айланага карангы кирип, машинанын ичинде музыканы жай коюп алышып Аваз досу экоо оздорунчо суйлошуп баратышты. Жамал адатынча каттуу ойго чомулуп бир туугандары менен болуп откон создорду эстеп, аларга озунчо нааразы болуп жатты.. Негизи эле анын бул жолку айылга келиши аябай эле оор болду. Баарынан да карыган апасына журогу ооруп Жамал билдирбей козунун жашын утуру аарчып коюп ыйлап жатты. Бир убакта алардын машинасы жакшы журбой бузулгансып жаткандыктан, Алар жолдун боюндагы жакшы бир кафеге келип токтошту. Жамал машинадан тушоордо козуно кунурт коз айнегин тагып алып жерге тушту. Алар ыссык Кафенин ичине киришип топчандан орун алышты. Тамактанышып бутушкон сон Аваз досу экоо
- Силер буту колунарды сунуп эс алып отуруп тургула. Биз машинаны бир катар текшерип карап чыгалы дешип чыгып кетишти. Жамалды дагы деле катуу ой басып, столду ээктей эч нерсе менен иши жок отурду. Аваздын кызы сумкасынан калын дептерди алып чыгып бир нерселерди чиймелеп жаткан. Арадан канча убакыт откону белгисиз бир убакта кыз Жамалдын алдына дептерди таштады. Жамал алдындагы тартылган суротту копко карап отурду да кызга суролуу тигилди.
- Бул сиз! деди кыз, ага жылмая.
Жамал унчукпай эле кызды тиктеп туруп калды. Ал ушуга чейин оз ою менен болуп жатып кызга бир да, конул коюп карабаптыр. Кыздын коздору карагаттай болуп, кирпиктери узун гана чачы бир аз тармал келген сулуу кыз экен. Жамалдын жузуно эми жылмаю пайда болду, Ал кызга карап
- Жакшы тартат экенсин, бирок мени эмнеге ыйлатып койдун? деп сурады.
- Сиз машинада ыйлап келдиниз, деди кыз. Жамал унчукпай эле кыздын колундагы карандашты сурап алып, ал да кыздын суротун тарта баштады. Жамалдын чиймелеп жатканын тиктеп отурган кыз бир убакта
- Мен да сизге окшоп озумчо коп ыйлаймын, деди. Жамал башын которуп аны тиктей
- Сен неге ыйлайсын? деди ага тан калып.
Кыз оор ушкуруно
- Сиз аны тушунбойсуз деди жай гана. Жамал андан башка эч нерсе сурабады. Унчукпай эле суротту тартканды улантты. Ал кыздын кулуп турганын озундой кылып тартып койду.
- Укмуш! деди аны коргон кыздын коздору жайнай. Сиз аябай жакшы суротчу турбайсызбы.
- Атын ким деп сурады Жамал андан.
- Атым Назик.
- Назик! жакшы ат экен. Кайсы класста окуйсун?
- Мен сегизинчи класста окуйм Жамал эже!деди кыз кулмундой.
Назик менен Жамал жакындан таанышып суйлошуп кетишти. Назик келечекте модельер болгусу келгенин айтып, Жамалга тарткан суротторун корсотуп отурду. Назик да суротту жакшы тартат экен. Жакшы коргон мезгили да кыш. Ал экоонун коп жактан окшоштуктары бирдей чыгып, ага экоо тен тан кала кулуп жатышты. Алар копко суйлошуп отурушту. Бир убакта Жамалга, бироо аларды тиктеп тургандай сезилип кетти. Ал башын буруп караса аларды Аваз тиктеп турган экен.


Машина Жамал жашаган уйдун жанына келип токтоду. Анын жуктору, айылдан келгенге оор болгондуктан ага Аваз жардамдашып сумкаларын уйуно чейин которушуп киргизип коюп, анан кетти.


Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Medina87   12 Ноябрь 2016 - 13:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 101
  • Катталган: 05 Апрель 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алматы

Туркун тагдыр адам баласын коштоп журот. Бала болбосо чындап эле байлыгындын пайдасы не?
Отпускам чыгарма окуп ото турган болду окшойт, биринен бири кызыктуу жазылыптыр.
Уландысын кутом.
Тируучулуктун рахатын тартуулаган АТА -ЭНЕМЕ таазим!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   bond0202   12 Ноябрь 2016 - 19:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

жакшы чыгарма экен,кызыгып окуй берип коздорум ооруп чыкты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Meerman   13 Ноябрь 2016 - 09:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

Просмотр сообщения bond0202 (12 Ноябрь 2016 - 19:46) жазган:

жакшы чыгарма экен,кызыгып окуй берип коздорум ооруп чыкты


es alyp turgula anda
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Janyla   13 Ноябрь 2016 - 10:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения Meerman (13 Ноябрь 2016 - 09:55) жазган:

es alyp turgula anda


Алар эс алып келип,кийин деле окуй беришет,бул жакта башкалар дагы күтүп жатат.Жаза бериңиз)))
Жамал Авазга турмушка чыгат го деп ойлоп жатам.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Meerman   13 Ноябрь 2016 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Алтынчы болум.


Эрте менен Жамалдын уйкусун телефондун званогу бузду. Ал уйку сурап жатып телефонду сыйпалап таап кулагына тосту.
- Да...
- Жамал кандайсын?
- Жакшы
- Кандай эс алдын?
- Жакш-ы
-Уйкудан тура элексинби?
- Жакш-ы-ы..
- Уйкучу кыз эмне деп жатасын ?
- Ммм. Жамал кайра эле уктап кетти. Кечээ ал лыжный базадан ото кеч келип катуу чарчаган эле. Келгенден кийин да сууга тушуп чыгып майда барат жумуштары менен алектенип жатып тунку саат учтон отуп жаткан. Жамалды Аваз эки кызы менен чогуу лыжный базага алып барып келген. Кыздардын каникулу бутуп, эртен сабактары башталат. Ошого Жамалды да чогуу биз менен барып келиниз деп Назик суранганынан Жамал аларга жок дей алган эмес.
Ал жылуу тошоктон тура албай мемиреп уктап жата берди. Бир карап турсан Жамалга жашоо жыргалдай. Кой дээр кожосу жок, каалаганын кылат. Уйкудан да каалаган убакта ойгонот. Азыр да ал ойгонгондо саат он эки болуп калган экен. Ал шашпай ордунан туруп, тошогун иреттеп, жуунуп таранып келип ашканага кирди. . Чай ичип отуруп телефонун жандырып бир катар коздон откорду. Ага эрте менен Аваз чалганын корду. Аны менен кантип уйкусурап суйлошконун жакшы эстей албай кулкусу да келип кетти. Ал колундагы чайдан уурттай кечээки кунку Назиктер менен тушкон суротторду бир чекеден откоруп коро баштады. Жамал Аваздын чон кызын копко чейин конул коюп карап турду. Ал быйыл мектепти аяктайт экен. Анын мунозу токтоо акылдуу кыздай корунду ага. Бирок алардын апасы жонундо Жамал эч нерсени биле албады. Аваз да ал жонундо эч нерсе айта элек. Алар оздору соз кылбагандан кийин, Жамал да оозунуп сурабады. Анын устуно Жамал менен Аваздын ортосундагы мамиле жон гана жердеш катары сыяктуу. Буга чейин да Аваз Жамалды атайын кафеге чакырып, Кемел экоонун корсоткон жардамы учун, ага ыраазычылык билдирип ошондогу окуя жонундо суйлошуп отурушкан.


Жамал акыркы кундору озунун эмне болуп жатканын да тушунбой баратат. Айылдан келгенден кийин эки женеси менен да таарыныша кеткен. Алар да Жамалды даяр куйоо чыгып жатканда эрге тийип ал дешип акыл уйротушуп жинине тийишкен. Ушул кундору анын бир туугандарынын баарынын максаты эптеп Жамалды жанагы кишиге эрге бериш болуп калды окшойт. Жамал азыр алардын эч кимиси менен суйлошпойт. Озу менен озу. Эки кун катары менен Россияга товар жонотуп, бугун Жамал уйдо эле отурат. Ал адатынча терезеге келип сырттагы жааган карды карап турду. Чынын айтканда ал бугун аябай зерикти. Бироолор, менен суйлошкусу келди, бирок эч ким жок. Баягы эле жанга баткан жалгыздык. Женелерине да таарынып баралбайт. Кээде балдары келишип турушчу эле алар да жок.
- Атайын ошентип мени жалгыз калтырышып, кабар албай жатышса керек деп ойлоду Жамал. Бала багып ал деп айтышты эле, ал да жок...? Эптеп мени эрге беребиз деп журушот окшойт. Менин журогум аны каалабаса, кантип тиймек элем! Жамал ошол учурда Авазды эстеп кетти. Ал да ошол бойдон жок. Эмнегедир Жамал аны куто берчу болду. Телефондон чалып калабы деп анын номерин тиктей умут кыла берет. Кээде озунун чалгысы келип кетет. Бирок эмне деп чалат. Кээде туруп ал
-Мен эмнеге жиндиге окшоп аны ойлой берем. Анын уй- булосу бар. Кыздарын таштап аялы кайда кетмек эле. Аваз да аялын кутуп журсо керек деп ойлоп калат.
Терезенин жанында туруп, озу менен озу суйлошкондон жадаган Жамал диванга келип, бук тушуп жатып алып озунон озу булкулдоп ыйлап кирди. Ал ичинен ушунчалык кудайга нааразы болуп суйлонуп жатты. Бир убакта соороно
- Мен эмнеге кудайга нааразы болуп жатам. Кудай мени эрге тий деп куйоону даярдап турса да, бир туугандарымды какшатып тийбей отурам го? Ушундай ойлор менен алпурушуп жатып Жамал уктап калды. Канча жатты билбейт, ал бир убакта ойгонуп кетти. Устуно эч нерсе жамынбай жаткандыктан ушуп калыптыр. Ордунан туруп колу бетин жууп, устун жылуулап Жамал озуно чай койду. Терезеден караса куугум кире баштаган экен. Чайды демдеп, эми эле столго отурайын деп жатканда домофон басылып калды. Анын унунон Жамал чочуп да кетти. Барып алса Аваз экен. Ал эшикти ачып коюп, шашып эле усту башын ондонуп кузгуго каранып ары бери басып журду. Уйдун эшигин ачканда Жамалдын коздору жайнай тушту. Аваз бир букет роза гулдорун которуп келиптир.
- Кечирип кой Жамал, айтпай келгениме. Телефонуна чалсам очук экен деди Аваз гулду сунуп жатып. Жамал сурдоп чыкты. Ал шашып калды. Авазды уйго кир чай ичебиз дегенине ал болбоду.
- Жамал сени кечки тамакка кафеге чакырып келдим эле. Чайды башка куну чакырсан, келип ичип кетээрмин деди кулуп.
- Мен ылдыйга тушуп сени кутуп турайын. Сен шашпай кийинип тушо бер деп Аваз ооздон эле чыгып кетти. Эшикти жабары менен
- Уфф! деп алды Жамал, коздорун алайта чоон ачып, эшикке жолоно. Анын журогу дукулдоп катуу согуп жатты. Колундагы гулду жыттап бир аз турган сон, телефонун эстеди. Барып караса чындап эле очук экен. Качан кантип очуруп алганын озу да билбейт.


Ал экоо атайын даярдалган эки адамдык столдо тамактанып отурушту. Экоонун тен жуздору жайнап, маанайлары которунку.
- Жамал, чынын айтсам сага кун алыс жолугуп суйлошкум келе берет. Билбейм? Эмнегедир сени менен суйлошкон сайын кадимкидей эс алып женилдеп калам деди Аваз, аны тиктей
- Буга чейин да кундо сага бугун созсуз барам дейм, анан эле эмне деп шылтоо айтышымды билбей тартынып журо бердим деди кулуп. Жамал унчукпай эле ага карап кулуп койду. Экоо бир аз унчукпай отурушкан сон
- Кыздарын кандай журушот? Окуулары болуп жатабы? деп сурады Жамал. Аваз унчукпай эле башын ийкеп, ойлоно
-Журушот, Сабакка барып келишип деди. Мына ушул жерден Аваз озунун турмушу жонундо Жамалга айтып баштады.
- Жаштыгында коп нерсени тушунбойт экенсин Жамал. Уйлоноорго келгенде башын деле айланып калат окшойт. Негизи эле адам болгонундан кийин бой жеткенден баштап эле, журогундон озундун тенинди издеп баштайт экенсин. Ал жонундо кээде туруп кыялданасын. Кээде озунчо жылуу сезиминде аны энсейсин? Ошентип журуп убагы келгенде Ата-энем мени уйлойбуз деп калышты. Жогорку окуу жайды бутконум менен, менин анча мынча кыздар менен дос болуп жургонум эле болбосо, чындап келгенде суйлошкон кызым жок эле. Ата-Энем мага кыз издештире башташты. Туугандарым ар кимиси ар кызды табышты. Мен ошондо кимди издеп жатканымды озум да тушунбоптурмун. Мен сулуу, жаш кыздарды карай бердим. Ошентип кошуна женем аркылуу алардын айлынан Айдай менен тааныштым. Айдай мектепти ошол жылы бутуптур. Жаш, сулуу! Мен аны бир коргондо жактырдым. Ата'Энемдин эн улуу баласы болгонум учун, алар мага чон той берип мени Айдайга уйлошту.
Айдай экообуз бир жылдай жашап, мен туура эмес уйлонуп алганымды тушундум. Экообуздун мунозубуз келишпей койду. Анын устуно Айдайдын тушунугу да такыр башкача кыз экен. Анда жашмын да. Туугандарыбыз бизге
- Турмушта ойдо ылдый нерселер боло берет, кийин бири-биринди тушунушуп каласынар деп бизди ажыратпай коюшту. Убакыт билинбей отуп журуп биз Асел жана Назик деп эки кыздуу болдук. Биз таарынышып, бирде жашап, бирде жашабай журуп акыры ажыраштык. Ортобуздагы эки кызды мен озумо алып калдым.
- Айдай кантип кыздарын таштап кетти? Ал кыздарына келип турабы? деп Жамал сурап жиберди.
- Мен Москвада жургондо кыздар кобунчо менин ата-энемдин колунда журушту. Айдай таарынып кетип келип журуп, ал да акыры россиянын башка бир шаарына кетип калыптыр. Бир жыл дегенде ал кайра келди. Ал учурда мен бишкекте жаны бизнесимди баштап, уй салып жургом. Айдай экообуз жарым жылдай эптеп чогуу жашагандай болуп журдук. Мен ошондо экообуздун жашай албашыбызга толук козум жетти. Анын жообун берип экообуз ажыраштык. Кыздарыма тайэжемди кошуп алып, мен аларды Бишкекке алып баса бердим. Айдай кайра россияга кетиптир. Ошондон коп отпой эле ал турмушка чыгып балалуу болду деп уктук. Бирок кийин аны менен да ажырашыптыр деген создор бар. Мындан уч жыл мурун кыздарым айылда каникулда жургондо ал келип кыздарын коруп кеткенин тайэжемден уктум.
Жамал унчукпай эле Авазды тиктеп ойлонуп отурду. Аваз алдындагы винодон бокалдарга толуктап куйуп жатып
- Ушунда-ай Жамал, ошентип канча жылдан бери мен кыздарыма ата да, эне да болуп жашап келетам. Баарынан да тайэжемдин бардыгына суйуном. Мен ага ото коп карыздармын. Аны омурунун акырына чейин озумдун колума алгам деди. Ал экоо винодон ууртап коюп отурушту. Жамал эмнегедир Назикти ойлоп
- Мен да сизге окшоп озумчо коп ыйлаймын деген созун эстеди.
- Кыздарын апасын саганышса керек. Эненин орду баары бир башка да деди Жамал. Аваз унчукпай эле оор дем алып койду . Бир аз унчугушпай отурган сон Аваз
- Жамал мен сага ар жолуккан сайын эле озум жонундо айта берип, сени жадатып койбодумбу деди кулуп.
- Жок, Аваз антип эч качан ойлобо. Мен сени туура эле тушуном!
- Рахмат! Бирок билбейм Жамал. Мен сага буларды айткым келди эле айттым. Эмнеге экенин озум да билбейм деди Аваз. Ошол учурда алар экоо бири бирин тиктешип туруп калышты.


Жамал уйго келип да Аваздын айтып бергендерин басса турса ойлонуп журду.. Бирок Аваздын эмнеге ушул кунго чейин уйлонбой жургонуно тушунбоду. Ал жонундо сурайын деп, сурай албады. Жамал Аваздын ушул созун эстеген сайын журогу кызыктай болуп журду.
- Бул жашоодо башынан бир адашсан адашып журо берет окшойсун. Кээде отуруп тагдырым менин мынчалык татаал болбосо деп нааразы болуп кетемин. Бирок мен дайыма журогумдон бироону издеп жургондоймун. Менин озумдун теним бар болуш керек. Ал да мени келет деп кутуп жургондур деп ойлой берем.
- Эх, Аваз деп Жамал ушкурунуп койду. Чындап эле бул жашоодо ар бир адамдын журогунон издеген, журогунон куткон адамы болот. Бирок..., бирок ошол адамын баары эле таба алат бекен?


Эртеси куну Жамал аллеяда басып журсо Аваз телефон чалып калды. Ал куну экоо ошол жерден жолугушуп чогуу жай басып журушту.
- Сенин суротту жакшы тартаарынды кызым Назиктен уктум деди Аваз. Жамал кулуп эле унчукпады. Бир аз басышкандан кийин
- Суротчулор! силердин жан дуйнонор такыр башкача болот деди Аваз тамашалай.
- Кандай болот? Жамал да токтой калып ага карап кулуп калды
- Мына турган аппак кардай болот деди Аваз айланадагы карды коргозо
- Сен аны кайдан билесин?
- Билем Жамал, силер кышты жакшы коросунор! Ал экоо тиктеше кулуп турушту.
- Назик! деди Жамал кадамын таштай басып
- Сен булардын баарын Назиктен уккансын.
- Ооба, кызым экоондун мунозун окшоп да кетет. Мен ал кызымды жомоктогу кызым деп эркелетем.
-Демек Назик сени тарткан. Сен да суротту жакшы тартасын Аваз! деди Жамал ага жылмая карап.
- Мектепте окуп жургондо тартып калчумун. Бирок мен силерге жетпейм го деди ал кулуп.
Ал экоо копко суйлошуп басып журушту. Коштошоордо Аваз Жамалды эртеси дем алыш кунго кыздары Асел Назиктер менен чогуу эс алууга чакырды. Жамал ага макул болду.


Кийинки кундору Жамалдын конулу которулуп, мурдагыдай жалгызсырабай калды. Алар Аваз экоо кун алыс жолугушуп журушту. Аваздын кыздары менен да жакындан таанышып, Жамалдын оюн бут эле Аваз ээлеп алды. Алар менен болуп журуп бир туугандарын да коп эстебей калгандай. Бир куну Жамалга айылдан кичуу агасы телефон чалып калды. Ал апасынын ооруп жатканын айтып.
- Жамал апам сени ойлоп, сен учун эле ооруп жаткандай. Айтканды угуп турмушка чыгып алсан жакшы болот эле деп калды. Жамал агасын кубантып
- Мага бир аз убакыт бергиле, мен жакшылап ойлоноюн деп койду. Бул кабарды угушуп Жамалдын апасы женелери оздорунчо суйунуп калышты. Кызыбыз кичине болсо да сынган го дешип.


Жамал уйун жыйнап иреттеп, Аваздын келишине даярдык коруп журду. Бугун аны атыйын чайга чакырган. Кечинде колуна гулун которуп Аваз кирип келди. Алар коптон бери жолугушуп суйлошуп жургонго бири бирине кыйла коно тушушкон экен. Экоо отуруп бир аздан чай ичишкен сон, Аваз ордунан туруп болмолорду кыдыра Жамалдын жашоосу менен бир катар таанышып чыкты. Ал Жамалдын жаш кездеги тушкон суротун коруп, аны колуна кармап копко чейин ойлонуп тиктеп тура берди. Аны коргон Жамал коздорун жайната кулуп
- Аваз, эмне анчалык ойлондун? деди. Ал унчукпай эле суротту кайра ордуна коюп койду.
- Жур эми отуруп тамак ичели, сага атайын шорпо асып койдум эле деди Жамал. Ал келип столго отураары менен Жамал тамакты куюп анын алдына койду. Аваздын унчукпай эле тамагын ичип жатканын Жамал копко тиктеп отурду. Ал ушул минуталарда озун башка бир жашоодо жашагандай сезип кетти.
- Тамагын аябай жакшы болуптур, деди Аваз ичип буткон чынысын четке жылдырып жатып.
- Аш болсун! Жамал ага кулуп жооп берди. Жамалдын кылган неткендери, тазалыгы бут баары Авазга жагып отурду.


Экоо копко чейин создору бутпой кызуу суйлошуп, Аваз Жамалдын уй-булосу, бир туугандары жонундо сурап отурду. Бир убакта ал
- Жамал, ушундай жакшы кыз, эмнеге ушул убакка чейин ЖАЛГЫЗ жашап журот? Эмнеге турмушка чыкпадын? деп сурап жиберди. Кутуусуз суроого Жамал эмне дээрин билбей эле Авазды тиктеген бойдон туруп калды.
- Кечирип кой Жамал, мен башкача ой менен сурадым эле. Мен жана сенин суротунду карап отуруп бир нерсени тушунгондой болдум. Жамал сенин эсинде барбы? Аваз ушул жерге келгенде Жамалды эки колунан кармап алып озуно жакын тартты да анын коздорунон бир нерсени издегенсип карап жатты.
-- Биз анда жаш элек. Сен анда окуу жайды бутуруп келсен керек эле. Менин Ата-энем силердикине барып, сени..., сени мага сурашкан экен!
Жамал копко чейин Аваздын козунон козун албай тиктеп туруп:
- Ооба, билем, эсимде. Мен сени куттум Аваз. Бирок сен келбедин деди жай гана.
Аваз Жамалды акырын кучагына тартып, аны кучактады. Ал анын чачынан сылай жыттап
- Мени кечирип кой Жамал! Кечир мени деди
Уландысы бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Meerman   13 Ноябрь 2016 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Жетинчи болум.


Уктап жаткан Жамал кантип ойгонуп козун ачканын уйкусурап жатып эми тушунду. Аны Аваз бетинен ооп ойготуп жаткан эле. Жамал кайра эле Авазды кучактай козун жумуп аны мойнунан жыттап турду. Ал бугун жалгыз эмес Аваздын койнунда жатып ойгонду.


Жамалдын бугун жан дуйносу бакытка болонуп, жашоо ага кызык корунуп, ЖАЛГЫЗдыктын туткунунан бошонгонуна озун бактылуу сезип, ойлору алыс алыс жактарга алып учуп жатты. Кечээки эле журогун эзген армандары, кайгылары бир кундо куулуп Жамал бугун такыр башкача адам эле. Коздору жайнап жузунон нуру тогулуп, ал озун кузгунун алдында чыныгы аял сезип, наздана озун озу тиктеп отурду. Анын журогу чыныгы ээсин тапкандай жумшак согуп, Жамал Авазды гана ойлоп жатты. Аваз бугун анын уйунон эрте менен шашпай саат ондордо чыгып кеткен. Чыгып баратып Жамалды кечкиге ресторандан тамактанууга чакырган.
Жамал кечкиге ресторанга кийгенге койнокторун коздон откоруп эрте даярдык коро баштады. Озунчо кынкылдап ырдап коюп, ары бери басып жургондо анын телефонуна званок келип калды. Караса Аваз чалып жатыптыр.
- Жамал кечирип кой жаным. Казакстанга эки кунго шашылыш кетип жатам. Бугун барам деп ойлогон эмес элем. Зарыл болгондуктан кетип жатам. Келээрим менен эле сага чалам деди ал. Жамал эмне демек эле, унчукпай эле
-Барсан барып кел, деп ага ак жол каалады.


Эки кун, эки жылдай болгонсуп убакыт отпой Жамал эртеси куну адатынча аллеяда жай басып жургон. Эч нерседен бээкапар озу менен озу болуп Авазды ойлоп жаткан. Бир убакта анын артынан бироо жетип келип эле
- Жамал деген сиз болосузбу? деп калды.
- Ооба мен болом. Силер кимсинер ? деди Жамал аны тааныбагандай карап. Анын жанында жашы жыйырма бештерден отуп калган келишимдуу кийинген кыз турган болчу. Ал кыз Жамалды баштан аяк бир тиктеп алды да
- Мен Аваздын коптон бери суйлошуп жургон кызы болом деди Жамалды козу менен антарып жиберчудой болуп. Аны укканда Жамалдын ону озгорулуп эмне дээрин билбей кызыктай болуп туруп калды.
- Эмесем мындай, жакшы соз менен айтканда Жамал эже! Авазга экинчи жолобонуз. Ал меники болот. Эгер билсениз анын экинчи аялы да сизден бир топко жаш болгон экен. Озунуз деле ойлонбодунузбу? Жаш кыздар турганда! ал сизди, кыркка чыккан кемпирди эмне кылмак эле! Ошондуктан эжекеси ортого кыпчылбай оз жолунузга тушунуз!
Ал кыз Жамалды мыскылдай карап бир кулуп алды да, койкондой басып кетип калды. Жамал ал кызды артынан тиктеген бойдон ордунда катып тура берди. Ал копко барып озуно келди. Мас адамдай тенселип жашоосуна наарызы боло козунон жашы сызылып уйуно кайтты. Ал уйго кирээри менен диванга комкоросунон кулап жатып калды.


Аваз казахстандан тушко жакын келди. Жамалга чалса телефону очук. Жумушуна жолугуп коюп эле уйуно барып, кыздары менен чогуу тамактанып жатып да кайра- кайра Жамалга чалса очук болуп туруп алды. Кечинде колуна гулун которуп алып ал Жамалдын уйуно келип домофонду басса албады. Ал копко турду. Бир убакта эшикти ачып бироолор ичинен чыгып калды. Аваз подьездге кирип келип Жамалдын квартирасынын эшигин такылдатып кайра-кайра званогун басса да ачпады.
- Кайда кетиши мумкун деп ойлоду Аваз. Менин келишимди билет эле го? Ал куну Аваз эч нерсеге тушунбой эле уйуно кайтты. Эртеси куну да ушул нерсе кайталанды. Жамалды аллеядан да издеп таппады. Акыры ал машинанын ичинде кун кечтеп бараткандыктан Жамалдын терезесин андып отурду. Айланага кыйла карангы тушуп, бир убакта Жамалдын терезесинин жарыгы куйду. Авазга жан кире тушконсуду. Бирок эмнеге ал эшигин ачпай жатат? деп ичинен тушунбой турду. Ангыча эле Аваз Жамалды коруп калды. Жамал адатынча терезеге келип сыртка карап турган болчу. Аваз шашып эле машинадан тушуп караса Жамал жок. Ал эптеп подьездин эшигинен кирип, Жамалдын эшигинин званогун басып
- Жамал ач эшикти! Сага эмне болду? деп кайра кайра эшикти такылдатып турду. Ошол убакта Аваздын телефонуна званок келип, аны алып караса Жамал экен.
- Аваз. Кошуналарыма уят. Кет бул жерден. Мага экинчи жолобо, деди Жамал капалуу уну менен.
- Жамал!...
Ал телефонду очуруп койду. Аваз эч нерсеге тушунбой калды. Жамалдын уну да анын кулагына башкача угулду. Ал бир аз ойлонуп турду да сыртты коздой жоноду.


Жамал уйдон чыкпай жатканына бугун бир жума болот. Ага мурдагы куну кичуу женеси келип жалынып жалбарып жатып эшикти аран ачтырып кирген. Телефонун очуруп салганга Жамалга айылдан агасы эки кун катарынан чалса да албайт. Акыры аны женелерине айтканынан кичуу женеси келген эле.. Ал кирип келип эле Жамалдын онун коруп коркуп кетти. Ал убакта Жамалга бул жашоо ушунчалык кызыксыз эле.


Жамал бугун бир аз адам болуп, женеси жасап келген ыссык шорпону ичкенден кийин сыртка чыгып баскысы келди. Ал канчалык Авазды ойлонгусу келбегени менен, кайра эле аны ойлоп ичинен суйлонуп баратты.
-Аваз! Экинчи жолу уйлонгонун неге мага айтпаган. Тиги кыз да жондон жон мага келбеген чыгар. Биринчи аялы менен ажырашканына он жылдан ашык убакыт отуптур. Ошончо жыл эркек адам кантип жон журсун? Бир убакта Жамал басып бараткан жеринен тып токтоп калды. Аны алдынан Аваз тосуп турган эле. Ал экоо тиктешип туруп калышты.
- Жамал! деди Аваз. Сага эмне болду? Неге мени менен суйлошпой жатасын?
Жамал ичинен оор дем алып алды да.
- Эч нерсе болгон жок. Жон эле деди да бурулуп жоной берээрде Аваз аны кармап калды.
- Жамал мага тушундуруп бер! Эмне болду сага? Биз экообуз жаш бала эмеспиз го акыры! Эмнеге мынтип жатасын? деп ал Жамалдын коздоруно тигиле карады. Ал экоо копко тиктештип туруп
- Сен туура айтасын Аваз биз жаш бала эмеспиз! деп созун баштады Жамал.
- Сен мага туурасын эле айтсан болмок экен. Экинчи жолу уйлонгонунду, азыркы убакта жашы менден кыйла жаш, суйлошуп жургон сулуу кызын бар экенин?
Аваз бул создорду укканда ону кубарып коздорун чон ачып эле туруп калды. Жамал андан ары созун улады.
-Эркек киши кыркка чыкса, кырктагы кычыраган жигит деп айтышат экен. Ойнойм десен, жатам десен сага сулуу жаш кыздар толтура журушпойбу! Мени жон эле койсон болмок экен Аваз! деди анын козуно тик карай.
-Жамал сен андай ойлобо, мен сени...,
- Токтот созунду! Аваз мени жакшылап угуп ал! Экинчи менин козумо корунбо, сени коройун деген козум жок. Болду мага башка суйлоп убара болбо деп Жамал шыпылдаган бойдон жоноп кетти. Аваз анын артынан жоноду.
- Жамал мен озум сага баарын бир чекеден тушундуруп берем. Сен мени туура эмес ойлобо. Кантип эле мен сага...? Жамал токтой калып ага тик карады
- Аваз! Болду мага башка соз суйлобо. Мен сени каалабайм. Болду бутту! Жолобо мага. Жамал жоноп кете берди. Аваз аны тиктеген бойдон бир орунда артынан карап кала берди.


Аваз ошол бойдон Жамалга башка келбеди. Жамалдын баягы турмушу кайрадан башталды. Ал бишкекте жургондон жадап да кетти. Россияга кетсемби деп чечти. Бирок ал уйунон паспортун таппай копко издеди. Аны атайын женеси алып койгонун Жамал акыры тушунду. Эмне кылаарын билбей терезеге жакын келип ал сыртты тиктеп турду. Март айынын орто чени болуп калган эле. Сыртта чон-чон болуп сары суу карлар жаап, жерге тушоору менен алар эрип кетип жатты. Жамал ойлонуп копко турду. Ал бир убакта апасын эстеп, аны менен суйлошкусу келди. Басып келип телефонун алып апасына чалды. Жамал апасы менен суйлошоору суйлошуп алып кайрадан ага журогу ооруп чыкты. Апасы кийинки кундору ооруп, бир жагы Жамалга да таарынып жургон. Ал телефондон
- Кызым менин козумдун тируусундо турмушка чыгып алсан жакшы болот эле. Менин да тынч олгум келет. Мени о дуйного арманда узатып журбо кызым. Ичимдеги арманым менен мен кантип олом деп апасы ыйласа Жамал ага чыдабай телефонун очуруп салып, озу да ыйлап отурду. Жамалдын аргасы кетти. Эжеси айтмакчы апасы учун болсо да, козду жумуп турмушка чыксамбы деп ойлоп жатты. Чындап эле апамды, ага кошуп бир туугандарымды да кыйнап буто турган болдум. Женелерим да менден жадап бутсо керек деп ойлоду. Жамал ал куну тун бир убакка чейин ойлонуп кыйналып жатып уктады.
Эрте менен аны телефондун званогу ойготту. Алса иниси Кемел бишкекке командировкага келатканын айтты. Жамал аны укканда суйунуп эле кетти. Ордунан туруп анын келишине тамак даярдап баштады.
Кемел келип Жамалдыкында эки жума журду. Ал келгенден бери Жамал аны менен базарга, шаарга чогуу чыгып зерикпей да калды. Экоо кобурашып копко чейин суйлошуп отурушуп анан жатышат. Эрте менен Жамал уктап жатканда Кемел туруп жумушуна кетип, ошол бойдон туштон кийин келет. Ошонтип Кемел эртен айылга кетем деген куну эшиктен кирип келип эле
- Жамал эже, сиз Аваз акени жакшы эле таанып калдыныз да? Бугун мен ал кишини кордум деп калды. Жамал Аваздын атын укканда журогу болк дей тушту. Ал унчукпай эле Кемелге карап калды
- Аваз аке бир аз жудой тушуптур. Менимче ал киши кобуроок ичип журот окшойт деди Кемел, столго отуруп жатып. Жамал чайдан куюп ага сунуп
- Сен аны кайсыл жерден кордун? деп сурады.
- Ал да жумуштары менен журсо керек, биз жургон мекемеде журуптур. Экообуз коридордон эле учураштык. Корунушу жакшы эмес кечээ бир жерде отуруп, жакшы эле ичкендей деди Кемел тамагын ичип жатып. Жамал унчукпай эле ойлонуп отуруп калды. Анын оюн кайра эле Кемел бузду
-Жамал эже, эрте менен мага апам чалыптыр. Кечинде сизге да чалам деген. Сизди ала кел деп жатышат. Кетесизби мени менен деди.
- Азыр эмес, дагы бир он, онбеш кундо барып калсам керек деди Жамал ойлоно.
- Жамал эже, чынын айтсам мындай жалгыз жургонунуз болбойт. Мага капа болбонуз, айтканыма! Бирок тиги сизге деп айтып жаткан кишини мен деле сырттан жакшы тааныйм. Ал жакшы эле киши. Жакшы болгон учун женем синдисинин куйоосуно сизди таап олтурат да. Омур отуп баратат эже, ойлонуп отура бербей чыгып алыныз деди Кемел. Жамал кулуп эле инисинин айткан созуно ыраазы боло аны мурдунан чымчый эркелетип койду.
- Ой эже! Мени дагы деле жаш бала кылып эркелетип журосуз да, мен деген торт баланын атасымын деп алар экоо каткырып кулуп калышты.


Апрел айы ортолоп калган. Билинбей убакыт ото берет экен. Жамал бир туугандарын суйунтуп
- Макул эки уч кундо айылга барып калам, тиги кишинер менен жолуксам жолугушайын деп чон женесине бугун эрте менен телефондон айткан. Женесине ушул эле керек болчу. Кыздын ыраазы болгону ушул да деп, ал да ичинен кымындап алды.
Жамал женеси менен суйлошкондон кийин базарга барып озуно майда чуйдо алып кайтаарында катуу жаан жаап устулору чылгый суу болуп уйго келди. Уйго кирээри менен эле кийимдерин алмаштырып, ашканага кирип казанга эт асты. Телевизорду жандырып коюп, эми эле отурганда женеси келип калды.
- Кыз, сенин кабарынды угуп аябай суйунуп жатабыз. Апам да суйунгонунон ооруганын унутуп, ордунан туруп алып сандыгын ачып озунчо эле туйшуктонуп жатыптыр деп женеси оозу тынбай суйлоп жатты. Жамал унчукпай эле ага карап кулуп койду. Аны коргон женеси Жамалды кучактай эки бетинен ооп да алды. Ыссык майлуу кылып атайын самса жаап келген экен, аны жегенче экоо суйлошуп отурушту. Бир убакта эле майлуу жерин жеп алгангабы Жамалдын конулу айланып кускусу келип туалетке карай чуркап жоноду.
- Женил кийинип барсан керек да базарга! ашказанына суук откозуп алгансын го деди женеси. Бир кыйла убактан сон Жамал кайра келип унчукпай эле бир чекеде отуруп калды. Анын ону кубарып, самсаны коргусу келбей аны столдун устунон алдыртып салды. Женеси тушунбой эле Жамалды бир тиктеп койду да
-Кой кыз, мен да кетейин. Барып балдарга чай берейин деп ал чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Жамал бир аз жатып уктаганга озуно келип калыптыр. Ал туруп эле газды очурду. Тамагы даяр болуп бышып калганы менен анын ичкиси келген жок. Ал жакын келип терезеге караса сыртта карангы кирип дагы деле жамгыр себелеп жаап жаткан экен. Ошол учурда эшиктин званогу басылып Жамал ага чочуй тушту.
- Ким болду экен, тундосу? деп саатты караса жетиден эми эле ото баштаптыр.. Жамал акырын келип глазокту караса усту суу болуп бир кыз турат
- Ким бул?
- Бул мен Жамал эже! Жамал шашып кетип эле эшикти ачып жиберди. Караса устулору шомтуроп суу болуп Назик турат. Коздору кызарып ыйлап да алыптыр.
- Назик! Сен кайдан? деп эле Жамал аны колунан тартып уйго киргизди.
- Назик сага эмне болду? Чеч устулорунду суу болуп кетипсин го! Назик козунун жашын агыза устундогу женил курткасын чечти. Куртканы Жамал колуна алып жатып, аны ээгинен кармап озуно каратып
- Назик эмне ыйлап жатасын? Ким сени капа кылды деп чыдабай сурап жиберди. Назик суйлой албай бышыктап ыйлап баштады. Жамал аны кучактай чачтарынан сылап сооротуп кирди.
- Чшщ акырын, Назик Ыйлаба! Ыйлаба кызым! Кызым деген соз Жамалдын оозунан кандай чыкканын озу да билбей калды. Назик андан сайын ыйлаганын токтото албай, опко опкосуно батпай уну бирде чыкса бирде чыкпай жатып ыйлады.

Жамал Назиктин устундогу кийимдерин бут чечтирип, озунун таза кийимдеринен берди. Ал сууга тушуп чыккандан кийин Жамал ага ысык шорподон куюп берип экоо бир аз суйлошуп отурушту.
- Назик, сен эч нерсеге капа болбо! Баары жакшы болот. Сенин бул жакта экенинди эч ким билбей сени издеп журушкондур. Назик шорподон ууртап жатып козунун жашы агып кетти.
- Ыйлаба Назик, ич ичип ал. Жамгырда калыпсын. Ысык, ысык ууртап ич жакшы болот деди Жамал аны тиктей. Назик тамагын ичип буткондон кийин суйлой баштады.
- Жамал эже, биздикине чон энемдин келгенине коп болду. Алар атамды уйлон, эртен эле, эки кызын эрге тийип кетсе озун жалгыз соксоюп каласын деп коп урушат. Атам аларды укпайт, акыркы кундору кээде ичип алып да журот.
- Атам апам экоо ажырашкандан кийин, атам бир жаш аялга уйлонгон. Анда мен кичинекей элем, мектепке жаны эле барган болчумун. Ал аял мени бир куну чачыман тартып уруп жатканда атам иштен келип калды. Анан атам аны уйдон чыгарып салган. Ал экоо аз эле торт ай эле жашашты окшойт. Атам ошондон кийин эч кимге уйлонбой койду. Чон энем аны
- Оз энеси болгондо деле бул кызынды урмак, сен ушуларды деп журо бербей уйлонуп уулдуу болушун керек дейт. Анан бугун чон энем
- Саксандаган желмогуз кыз, сенин айынан атан уйлонбой журот деп мени урушту деп Назик кайрадан бышактап ыйлап кирди. Жамал аны бооруна кыса кучактап сооротуп жатты.
- Назик ыйлаба.. Ансыз да коп ыйлап койдун башын оорууп калат эми деди анын жашын аарчып жатып.
Назик чындап эле бир жагы коп ыйлаганга, бир жагы ысык уйго кирип тамак ичкенге чарчап уйкусу келе баштады. Жамал жай кылып аны жаткыраары менен ал уктап кетти. Аны уктатып коюп Жамал бир азга ойлонуп турду да телефонун алып Авазга чалды.
- Ало, Жам-ал?
- Аваз кандайсын?
- Жакшы.., жакшы эле
- Аваз, кызын Назик азыр меникинде деди Жамал жай гана
- Сеникинде?! ... Рах-мат сага Жамал , Мен аны издеп журдум эле....


Уландысы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Meerman   13 Ноябрь 2016 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

ЖАЛГЫЗ.
Сегизинчи болум.


- Суу берчи Жамал, аябай суусап чыктым деди Аваз эшиктин оозунда туруп. Аваздын корунушу аябай эле чарчанкы эле. Озу да бир аз арыктай тушуп, сакалдары да кырылбаптыр. Анын жудой тушконун коруп боору оорудубу, же тун жарымда кызын издеп кыйналганы учун аны аядыбы, айтор Жамал аны
- Аваз, бутунду чечип ашканага кир. Мумкун курсагын да ачтыр деди.
Аваз ушуну эле кутуп тургансып, унчукпай эле сырткы кийимдерин чечип Жамалды ээрчий ашканага кирди. Жамал ага суудан берип, тамагын ысытып анын алдына койду. Аваздын чындап эле курсагы аябай ач эле. Ал унчукпай отуруп алып тамагын ичип баштады. Жамал муздакычтан дагы бирдемелерди алып чыгып анын алдына коюп чайдан куюп берип ээгин таяна аны тиктеп отурду.
- Рахмат Жамал. Тамагын аябай даамдуу болуптур. Кызым менен болуп журуп тамакты да унуткан экенмин деди Аваз. Ал чайдан уурттай бир аз унчукпай отурган сон.
- Айылдан апам келген эле. Ал Назикти урушуп алып, эми азыр озу уйдо кыжаалат болуп отурат. Телефон чалып айтып койдум. Бирок, Назик уйго бармайынча жаны жай албайт ко деди Аваз.
- Назик да аябай чарчаптыр. Усту суу болуп ушуп да калган экен , тамакты ичип бутуп эле коздору уйку тартып баратканынан жаткырып койгом.
- Рахмат, сага Жамал. Балдар чонойгон сайын туйшугу да кобойот экен. Жакшы дагы тайэжем бар. Бирок балага созсуз энеси керек экен деди Аваз ушкуруно. Жамал чындап эле Авазды аяп кетти
- Алардын энеси азыр каякта? деди ал.
- Билбейм? Анын азыр башка балдары бар. Бирок мен кандай болгон кундо да кыздарымды ага бермек эмесмин. Мен аларды ушунчалык жакшы кором Жамал. Аларга кичинекейинде жомок айтып берип уктатчумун. Айрыкча Назик кызым мени менен чогуу жатып, толгон токой суроолорду бере берип жудотуп салчу. Аваз ушул жерге келгенде мандайы жайнап, жузундо кулку пайда болуп кыздарынын кичинекей мезгилин элестете аларды эскерип жатты.
- Назикти уч жашынан баштап озум чонойтум. Албетте тайэжемдин жардамы менен дечи. Анын чачтары тармал келип, капкара коздоруно узуун кирпиктери жарашып кукланын эле озу болчу. Кыздарыма колумдан келишинче мээримимди тогуп келдим. Ошондонбу билбейм,аларды созсуз журогумдон сезип турчумун. Аваз ушул жерге келгенде бир аз ойлонуп туруп калды да, кайра созун улады
- Мен экинчи жолу уйлондум Жамал. Мен анда, Айдайдан да жашына, билимдуусуно, ону тустуу, озунун келбетине аябай жакшы каранган, келишимдуу иш билги кызга уйлондум. Ал мени да жасанта кийинтип, колтуктап алып басканды жакшы корчу. Баскан жерлерибиз кафе ресторан, достор менен, иш билги адамдар менен жолугушуулар. Жакшы жерлерде эс алмай. Ошентип журуп мен барган сайын кыздарыма да жакшы конул боло албай калдым окшойт. Алган аялым тай эжеме башынан эле жакпады. Бир куну тайэжем айылга барып келейин деп бизден кетип калды. Ал келгенче деп, ал аялым жумушунан отпуск алып уйдо отурду. Кийинки кундору кыздарым мурдагыдай болбой, кабактары ачылбай мени менен коп суйлошпой да калышты. Билбейм мен жумуштан келгенде ал аялым мени кулуп жайнап эле жакшы тосуп алчу. Кыздарыма да жакшы мамиле кылып, менин козумчо эркелетип дегендей... Бирок кыздарым негедир ага коп имериле бербеди. Бир жолу жумуштан келсем Назик кабагы салынып, ыйлагысы келип калыптыр. Ал, менден мурда эле Назикти чачынан сылай
- Атан жумуштан чарчап келди деп аны муну айтып эркелетип оз болмосуно киргизип салды. Озу мага эркелей мойнума асылып
- Бугун ресторанга барып келели. Уйдо отуруп аябай зериктим. Кыздардын тамагын берип тойгозуп койгом деп калды. Экообуз кийинип алып уйдон чыгып кеттик. Тун жарымда уйго кайтып келсек, Назик залда столдун устуно башын коюп уктап калыптыр. Мен аны ордуна жаткырайын деп колума котордум. Ал аябай ыйлаптыр. Ал альбомдун барагына апасы Айдайдын суротун тартып жатып уктап калган экен. Ошондо менин кызыма аябай журогум ооруп кетти. Кызымды кучактап, чачтарынан сылап, бетинен ооп жыттап копко чейин аны тиктеп болмосундо отурдум. Барып чон кызымды да жамынчуусун ондоп, бетинен сылап ооп койдум. Чыгайын деп эшик тарапка карасам ал мени ооздо тиктеп карап турган экен. Экообуз ордубузга келип жаттык. Ал мага
- Атайын кыздарын учун отпуск алып уйдо отурам. Бугун сени менен бир эс алайын десем, сен мага конул болбойсун деп таарына баштады. Аны озумо тартып эркелетип конулун алып жатканым менен ичимден кыздарыма журогум ачышып, эзилип жаттым. Ошондон эки кундон кийин жумушта журуп, озумчо эле журогум кысылып уйго баргым келе берди. Журогум тынч эмес. Озумдон озум кыжаалат болуп чыктым. Акыры чыдабай машинага отуруп уйду карай сыздым. Жолго машинаны токтотуп, дарбазадан кирсем, ал бакырып окуруп кыздарымды урушуп, Назиктин чынырып ыйлап жаткан уну уйдун ичинен сыртка угулуп туруптур. Кандай жетип барганымды озум да билбейм. Эшикти шарт ачып эле уйго кирсем, ал Назикти чачтарынан жулкулдатып башына койгулап жатыптыр. Асел нарыда колундагы тряпка менен чандарды суртуп ыйлап жургон экен.. Мен аны ошол куну кетирдим. Биз болгону торт айга жакын гана жашадык. Ошондон бери Ата- энем мени, зар какшап ушул кунго чейин уйлондуро албай келишет. Менин эч кимге конулум жок. Билбейм Жамал. Башынан бир адашсан адашып журо берет окшойсун. Кээде туруп тагдарыма да таарынып нааразы болуп кетем. Бирок мен журогумдон омур бою эле бироону энсеп, издеп келдим. Ага созсуз бир кун болбосо, бир кун жолугам дечу элем. Бирок..?. деп Аваз Жамалга карады
Жамалдын Назикке боору ооруп козуно жаш тегерене тушкон экен. Ал колу менен козунун жашын басып, басып коюп аарчып отурган эле.
- Жамал, сага жолуккан кызды, экинчи сага да, озумо да жологус кылдым. Ал учун сенден кечирим сурайм. Ал болгону биз менен шериктеш чогуу иштеген компанияда иштеген кыздардан болчу. Ал жонундо сага соз кылуунун деле кереги жок. Бойдок болсон да жаман экен, корунгону корунгонду табыша берет экен. Анын устуно эркек адам болсом....Ал жагын озун туура тушуносун го деп ойлойм деп, Аваз унчукпай эле Жамалды тиктеген бойдон отуруп калды. Жамал бир аз ойлоно телефондон саатты карады да
- Тун бир убак болуп калыптыр. Аваз кызды эмне кыласын? Калтырасынбы же ойготоюнбу? деди.
--Ойгот алып кетейин. Чон энеси кутуп уктай албай жаткандыр деди Аваз. Жамал ордунан туруп баратып столдун устун жыйнай идишдерди ары коюп жоной бергенде Аваз ордунан тура калып Жамалды кармап калды
- Жамал,!
Ал унчукпай эле ордунда токтоп туруп калды.
-Жамал, Суранам сенден, мени туура тушун. Мен сени ойлой берип жудоп кеттим!
Жамал Аваздын кармап турган колдорун акырын озунон бошотуп
- Аваз апан силерди кутуп жатат. Мен Назикти ойготоюн деп ал ордунан жылып кетти. Аваз башка соз айтууга кудурети жетпей, ордунда унчукпай эле туруп калды.
Бир аздан сон Назик болмодон чыгып эле атасын коруп уйкулуу коздору менен атасын мойнунан кучактай копко турду. Аваз кызын эркелете
- Жур кызым кетели. Бизди уйдо кутуп жатышат деди.
Жамалдын бир жагы аларга журогу эзилип турса, бир жагы Аваздын кызын эркелете кучактап турганын коруп аларга суктана карап турду. Ал ичинен
-Баласы бар адам кандай гана бактылуу! деп алды.


Эртеси куну Жамал шашпай ордунан туруп женесинин уйуно барды. Женеси ыссык тамагын Жамалдын астына коюп экоо суйлошкончо чай ичип отурушту.
- Кыз жолго качан чыгасын? Кааласан эртеден кийин иним Ошко кеткени жатат. Ошолор менен эле кетип кал. Машинасы да жакшы машина деп калды.
- Билбейм жене азырынча аны ойлоно элекмин деди Жамал жай гана тамагын жеп жатып.
- Ал эмне дегенин кыз?, сени ал жакта кутуп жатышат. Женем менен да, эрте менен суйлошкон болчумун. Ал да сени, ошол инине кошуп салып жибер деп калган. Андан коро жакшылап алчуларынды алып даярдана бер кыз. Кааласан эртен экообуз чогуу базарга барып келели деп женеси суйлоп отурган. Анан эле Жамалдын конулу айланып ордунан тура калып, шашып чуркаган бойдон чыгып кетти. Женеси коздорун чон ачып эле аны тан кала артынан карап турду.
Бир кыйладан кийин Жамал келип тамак жегиси келбей бир чекеде эле отуруп калды. Ага женеси шекшине карап
- Кыз! Сага эмне болду?. Деги соо элесинби?
Женесинин онун коруп Жамал
- Тушунбодум жене? Ал эмне дегениниз? деди
- Кандай тушунбойсун? Эки кундон бери эле конулун айланат. Кусканын да башкача. Эч ким менен болгон эмес белен? Жамал женеси экоо коздорун чон ачышып эле бирин-бири тиктешип унсуз туруп калышты.
- Койчу жене! каяктагыны айтпачы деди Жамал, озуно озу ишене бербей.
- Чын айтам кыз? Мен байкаганымды айтып жатам сага!.
Жамал бир аз ойлонуп турду да унчукпай эле ордунан тура калып шашып жоноп калды.
- Кыз сен кайда? Сага эмне болду? деп женеси анын артынан жоноду.
- Анан келем жене! деп Жамал женесинин бетинен ооп коюп, уйунон шашкан бойдон чыгып кетти. Женеси ийинин куушурган бойдон, ага тан кала артынан карап кала берди.


Жамал таксиде жолдо келатып буткул жан дуйуносу бакытка болонуп, кубанычы койнуна батпай келатты. Ал женесинин уйунон чыгары менен эле ойлонбой туруп туура врач гинеколог синдисине барган. Алар синдиси экоо бир тууган боло болушат. Ал Жамалды узиге салдыртып коруп.
- Жамал эже -е, Азаматсыз! Кудай буйруса балалуу болосуз. Боюнузда бар экен деп биринчилерден болуп Жамалды куттуктады. Жамалдын эки айлык боюнда бар болуп чыкты. Болосу ага
- Жамал эже, сиз менин озумдун козомолумдо болосуз! Эч нерседен кам санабаныз. Кудай буйруса баары жакшы болот. Озум сизди тороттуром деп Жамалга жылуу жумшак создорун айтып аны узатып койду.
Жамал андан чыгып эле таксиге отуруп уйуно жоноду. Ал машинада отуруп озунчо кубана ичин колу менен акырын сылап алды да ичинен кубуронуп
- Эми менин озумдун балам болот деди.
Ал коз алдына Авазды элестете
- Рахмат сага Аваз, мени боюма бутургонун учун сага чоон рахмат деди озунчо жылмая.
Ал уйуно келип эшигин ачып жатканда телефонуна званок келип калды. Караса Аваздан экен. Жамал суйунуп кетип эле телефонун кулагына тосту.
- Ало-о!
- Жамал кандайсын?
- Жакшы Аваз. Озунор кандайсынар? Назик кандай? жакшы эле журобу? деп Жамал катар- катар сурооллорду берип салды.
- Рахмат Жамал! Баары жакшы. Назик да жакшы журот деп Аваз бир аз унчукпай турду да
- Жамал, эгер макул болсон, кечки тамакка сени ресторанга чакырсамбы дегем..?
- Жакшы Аваз. Анда кечинде ошол жактан жолугушабыз.
Жамалдын жообуна Аваздын ичи жылый тушту. Ал анын бугун маанайы которунку экенин унунон эле сезип турду.


Кечинде Жамал кийинип алып, эми эле уйдон чыгаарда женеси келип калды.
-А иий кыз! Бугун мынча сулуусун? Периштенин озусун го! Каякка жонодун? деп женеси аны оозу ачыла тиктеп турду.
- Жене шашылышмын. Такси кутуп турат. Анан келгенде суйлошобуз деди ага Жамал.
- Кыз тушунсом олойун. Сага деги эмне болуп жатат? Сен келгенче мен бышып олуп калам го! Алар экоо сыртка чыгып Жамал эшикти жаап жатканда
- Иий кокуй! коё тур кыз. Колумдагы тамакты атайын сага алып келип, кайра которуп кетип жатканым эмнеси? деп ал колундагысын Жамалга корсото шашып калды. Ага алар экоо бирдей кулуп калышты.


Кечкисин Аваз Жамал экоо шаардагы жакшы деген ресторандардын биринде тамактанып отурушту. Аваз бир кундун ичинде эле кыйла озуно келе тушуптур. Ал сакалын кырып, чачын кыскартып, жаны костюмун кийип аябай жасанып Жамалга кызыл розаларды которуп келген экен. Анын коздору жайнап Жамалга суктана тиктеп отурду.
- Жамал чынын айтсам бугун озгочо сулуусун! Жузундон да кандайдыр бир кубанычты байкап турам деди.
- Рахмат, Аваз. Бугун сенин да маанайын жакшы экенин коруп турам деди Жамал жылмая.
- Ооба Жамал. Эгер сен тушунгон болсон, мен канча жылдан бери издеп жургон адамымды эми таптым окшойт.
Аваз ушул жерден Жамалдын коздоруно бир орчундуу созду айта тургандай тигиле карап:
-Канча жылдан бери мен сени издеп жургом Жамал! Мен ойлойм аны сен озун да тушундун болуш керек деп? Сен экообуз бири бирибизди билбегенибиз менен, сен да бироону кутуп жургонунду журогумдон сезип жургом! Жамал,.... ансыз да биз экообуз кеч табыштык. Омур отуп баратат. Убакытты коп создуктурбайлы. Мага турмушка чык Жамал! Мен бугун сага, атайын сенин колунду сурап келдим деди Аваз, ага жалдырай тиктеп.
Жамал эч шашпады. Ал ойлонуп бир аз турган сон
- Рахмат сага Аваз деди аны кулмундой тиктеп. Анын кулгонун коруп Аваз суйунгонсуп кетти. Жамал жай гана созун улады.
- Аваз чынын айтсам мен бугун ото бактылуумун. Кудай буйруса мен жакында эне боломун деди коздорун жайната.
- Ооба Жамал созсуз, созсуз эне болосун! деди Аваз. Ал Жамалдын табышмактуу жузун коруп, бир аз тушунбогондой шашып кетти да
- А-а Кимге эне болосун? деп сурап жибергенин озу да билбей калды.
- Балама.
-Кайсы балана?
-Аваз менин эки айлык боюмда бар экен деди Жамал кубанып. Аваз дагы деле жакшы тушуно бербей
- Тушунбодум? деди.
Жамал ага кулуп эле кылыктана
- Сен тушуносунбу, жокпу мага баары бир Аваз. Негизгиси мен эми эне боломун! Ошондуктан мен сага рахматымды айтып жатамын деди кубанычтуу коздору менен аны тиктеп.
Аваз унчукпай эле бир нерсе эсине келгендей коздорун бир чоон ачып алды да, Жамалды копко кулуп тиктеп турду. Анан ал
- Жамал сен ал тун учун, мага таарынып журбодун беле деди ага тамашалай.
- Башта таарынсам, эми сага рахматымды айтам деди Жамал коздорун жайната кулуп. Аваз ордунан туруп келип Жамалды колунан тартып белинен кучактай жай бийге бийлеп кирди.
- Жамал, асылым менин. Бугун сени эмне мынчалык сулуу десем, корсо... деп ал Жамалдын козунон козун албай тиктеп турду.
Ал куну экоо копко чейин сырдашып, суйлошуп отурушту. Жамал бугун чындап эле сулуу да, бактылуу да эле. Анын жузундо кулку жайнап, Авазды ого бетер озуно тартып турду. Алар ресторандан чыгышканда тун бир убак болуп калыптыр. Аваз жанына Жамалды отургузуп алып машинасын айдап жоноду. Ал экоо жолдо жай гана суйлошуп баратышкан. Бир убакта Жамал тушунбогондой эки жагын каранып
- Аваз сен кайсы жолго салып алгансын, адашкан жоксунбу? деп сурады. Аваз камырабастан
- Жок Жамал адашпадым. Эми бул жагына кудай буйруса эч качан адашпаймын! деди. Жамал тушунбогондой ага карап
- Аваз эмне кылып жатасын? Сен менин оюма койбой эле...?!
Ал убакта алар Аваздын уйунун жанына келип калышкан болчу. Машинаны дарбазага жакын токтотуп коюп, Аваз Жамалды колунан бекем кармады
- Ооба Жамал, эми сен менин оюмдагы менен болосун! Эми мен сени эч жакка коё бербейм. Убакыт отуп баратат Жамал, Омур отуп баратат. Шашылалы. Биз эми экообуз дайыма бирге болобуз! деди.
Дарбаза ачылып машина ичкериге кирип токтоду. Аваз машинадан тушуп, аркы тарабына отту да эшикти ачып Жамалга колун сунуп
- Жур Жамал уйго, апамдын алдына кирели деди.


Арадан айлар отуп Жамал Авазга уул тороп берди. Аваз озу айтмакчы, чындап эле ал журогу энсеген адамды тапкан окшойт. Ал экоонун ортосундагы мамиле ото эле ыссык. Айрыкча Жамал бул жашоосунда Авазга аябай ыраазы эле. Себеби Аваз анын турмушун туп тамырынан бери озгортуп, Жамалды жалгыздыктан биро толо куткарып, эне бактысына балкытып отурбайбы!
Аваздын кыздарын, Жамал чын дилинен бооруна жакын тартып оз балдарындай кабыл алды.
Ошол куну, Аваз Жамалды ээрчитип уйуно кирип келген куну Назиктин суйунгонун айтпагыла. Ошол кундон бери Назиктин ою боюнча алардын уйуно бакыт кирип келгендей. Жамал Аваздын тайэжесине да жакты. Анын алар менен чогуу жашаганына Жамал озу да суйунуп калат. Тай эжеси Жамалга коп жактан жардам берип, коп непселерди уйротту.
- Сиз болбогондо эмне кылмак элем эже. Сиздин барынызга шугур. Кудай буйруса биздин торубуздо карып, ушул баламдын, кыздардын узурун чогуу королу деп Жамал анын да конулун алып турат.
Жамалдын баласы уч айлык болуп калган. Анын колдору баласына коп эп келбей башындагы жоолугу кыйшайып жудоп да кетет. Анын устуно баласы да аябай эле ыйлаак бала болду. Кээде ага кыздары Асел, Назик кошулуп учоолоп сооротушуп убара тартып калышат. Ошондой жудоп отурган кундордун биринде алардын уйуно эрте менен Жамалдын женеси кирип келди.
- Аиий кыз! Ушул сени кантип жатты экен деп, атайын коргону келдим эле деди ал тамашалай кулуп. Ал Жамалдын баласын колуно алып бетинен ооп
- Кудайга шугур кыз, ушундай кунду короор кунубуз да бар экен. Кудайым аял кишини ылыйым эле балдары менен алышып жудоп жургонго жеткирсин экен деп аны муну суйлоп отурду.
Жамал апасына былтыры жаны жылда барган бойдон бара элек болчу. Авазга турмушка чыгып балалуу болуп, алар бала бир аз торолсун деп кутуп журушту. Азыр эми февпаль айы да болуп калды. Чилдени чыгарып бираз суук кайтканда айылга барып келебиз деп Аваз Жамалды кондуруп жургон болчу. Анын устуно кышында суукта барып алып, аларды да жудоткулору келбеди. Бир жагы баланы да этиятташты окшойт. Жамалдын женеси да алардыкына эрте менен эле бекерден келген эмес болчу. Себеби анын апасы катуу ооруп калган эле. Апасын укканда Жамал ыйлактап бир орунда туралбай калды. Ага баары жардамдашып жолго камына башташты. Коп отпой Аваз келип алар аэропортко жоноп кетишти.


Жамалдар туз эле апасынын уйуно келишти. Машинадан тушоору менен эле Жамал эч нерсеге карабай туура апасына чуркап кирип барды. Ал кирип эле тошокто жаткан апасын кучактап, козунун жашын агыза анын беттеринен колдорунан кайра кайра опкулоп жатты. Жамалдын ыйлап жаткан жузун, апасы алсыз колдору менен аран эле сылап отту. Ал оозун аран эле кыбыратып
- Жа-мал кызым, ....деди суйунучтуу алсыз коздору менен аны тиктей.
- Апа! Жаным апа! Мен келдим, дагы суйлочу апа! Унундон сенин апа! Мени зарыктырбай суйлочу деди Жамал ыйлап жатып. Ал апасынан колдорун бетине суйкой кармап кайра-кайра жыттагылап ооп жатты. Ангыча анын артынан Жамалдын баласын которуп келген женеси
- Апа мына неберениз, кызыныздын уулу деп аны кемпирге карай жакындатты. Кемпир баланы кокурогуно жолой бетинен жыттады. Жамалдын жузунон жашы ылдый агып, аларды тиктеп турду да, ал да башын апасынын кокурогуно жолоп экоону бирдей кучактап турду.


Жамалдын апасы кызын эле кутуп турганбы, ал ошол эле туну тил ооздон калып тан суро элек коз жумду.


Арадан эки жыл убакыт отуп Жамал экинчи уулун тороду.


АЯГЫ.
Бишкек. 31-августь. 2016-жыл.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Meerman   13 Ноябрь 2016 - 16:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

Сүрөтjaktyby chygarma
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   bond0202   13 Ноябрь 2016 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

жаза гой эми калганын да,козумун ооруса да окуйун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bond0202   13 Ноябрь 2016 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

менин сурангыча бутуруп коюпсун рахмат!.жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Tansuluu09   13 Ноябрь 2016 - 17:55

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Июл 2025 13:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Жакшы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Jadyrashka   14 Ноябрь 2016 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Жашыл дарбазага аралашып кеткен чыгарма го.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Meerman   14 Ноябрь 2016 - 00:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

Просмотр сообщения Jadyrashka (14 Ноябрь 2016 - 00:09) жазган:

Жашыл дарбазага аралашып кеткен чыгарма го.


Сүрөтantip uialtpanyzchyСүрөт oa oshol
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Jadyrashka   14 Ноябрь 2016 - 01:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Meerman (14 Ноябрь 2016 - 00:19) жазган:

Сүрөтantip uialtpanyzchyСүрөт oa oshol

Жакшы чыгармалар үчүн чооң рахмат.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Supsuluu   14 Ноябрь 2016 - 09:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Просмотр сообщения Meerman (13 Ноябрь 2016 - 16:53) жазган:

Сүрөтjaktyby chygarma

Рахмат, сонун чыгарма экен! Дагы да кутуп калабыз мыкты чыгармаларды. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Supsuluu: 14 Ноябрь 2016 - 09:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 06:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: