Суперстан: Атамды эскерип... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атамды эскерип...

#1 Пользователь офлайн   morther   08 Май 2016 - 13:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Атамы эскерип...



5-май... Ушул кунду мурда майрам катары,атамын туулган куну катары күтсөк,8 жылдан бери аза күтүү куну болуп калды.Ушул туулган күнүндө ажал атамы арабыздан алып кетти.


Арадан 8 жыл өтсө да мен арабызда атамын жок экенине көнө албай келем.Өзум деле небере күтүп,чоң эне,тайэне болгонума карабастан атамын акыл насаатына дагы деле муктажмын.Жашоодо кыйналып-кысталган, бирөөнун акылына ,кеңешине муктаж болгон кезде атамын ырларын окуп аз да болсо каниет кылам.


Айылга барганда атамын “Атама “деген ырынын төмөнкү саптары эсиме келет:



Ар жылы барып айылга,

Аралап көңүл ачамын.

Толкундап кетем көргөндө

Жолдорун баскан атамын.



Кээде турмуштун оор сыноолоруна кабылганда атам дайыма дем берип:”Турмуштун бейиши да,кейиши да болот.Баарына сабырдуулук менен чыдаш керек.Адамдагы эң жакшы касиет сабырдуулук жана токтоолук”- дечү.

Чынында карап турсаң турмуш катаал,

Чыйырсыз,өңгүл- дөңгүл,жолу татаал.

Тоскоолду тоготпостон алга умтулуп,

Тайгылбай,кыя жолдон тактап басаар,

Багынып кырсыктарга тизе бүкпөй,

Баарына акыл керек көзүңду ачаар.

Атам тамырын,түбүн унутпаган атанын уулу,өз элинин патриот атуулу эле.Кыргыз элинин теңдешсиз касиеттерин кулагыбызга куюп турчу.Өз мекенин сүйүү,элине ак,астейдил эмгек өтөп,элдин жүгүн аркалай билүү ар адамдын ыйык парызы деп талыкпай кайталай берер эле.

Элине эстен кетпес кадырлуу бол,

Үзүрдү журтуң көрсүн, пайдалуу бол.

Ааламдын сырларын ач түмөндөгөн,

Адам деп жаралган сон акылы мол.

Пайдасыз туулуп жашоо кимге опо,

Андайдын болоору анык таалайсыз, кор.

Атам адамдык бийик кадырды,адамгерчиликти жогору баалаган адам эле.Ар нерсенин өзүнүн татыктуу баасы болот—дечү. Адамды баалай билүүдө,адамга баа берүүдө ыйманга байланыштуу абийир менен акыйкаттыктын, чындыктын ордун өзгөчө белгилөөчү.

Кулу бол,башынды ийип бир чындыкка

Туу кылып аймагынан алыс чыкпа.

Чыныгы акылмандын белгиси ошол,

Жалтанбай чын сөзүндө тургандыкта.

Бир чынды ашкерелеп чыгарууга,

Жуз калпты чалыш керек курмандыкка.

Ошондон болуу керек мен адамга акыйкат,туура баа берүүгө аракеттенип келем.

Дайыма көрө билип болбос жакты,

Ар иште адилеттүү болгон жакшы.



Сөз болсо тушуп турган талаштарга

Тартпастан жакыныңа ,калыс кара.

Кез-кезде ырларын окуп өзүмө дем куч алам.”атамы көргөн өлбөсүн”дейт го, атамы көргөн адамдар..санаалаштары, калемдештери. ..Баары көзгө сүйкүм,баары ыйык,баары кымбат.Ата конуш...Ал жердеги атам отургузган тал-теректер, алма-өрүктөр атам тирүү кездегидей мени кучак жайып тосуп чыккансыйт.

Айла канча,ушуларга каниет кылып жашоо улана берет тура..


Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   08 Май 2016 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Ээхх. .."ата" деген бир керемет Жан болсо керек…
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Май 2016 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Атанын жашоодогу орду табылгыс.Атамдан ажырагандан кийин билдим кадырын.Атамдан каза болушу мен учун жоодон элин коргогон баатырдан айрылгандай эле болду.Азыр деле атамдан айрылганыма ишене албай кетем.Жумушта журсом уйдо жургондой,уйго келсем сыртта жургондой эле сезиле берет.Атанарды сыйлагыла,урматтагыла, кучактап бетинен,колунан оопкуло,жузун эл алдында жер каратпагыла, катуу суйлоп конулун оорутпагыла, ооруса жанында жолок болгула,басса бутуна бут,колуна кол болгула.
Жаратканым жанаттан жай берсин сизге атакем.Сиз учун дайым Жаратканга жалбарып дуба кылам атакем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bagira77   08 Май 2016 - 20:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 01 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Авг 2021 23:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаратканым бейиштен орун берсин атанызга...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   09 Май 2016 - 02:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бейиш багын араласын ылайым!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Asema06   11 Май 2016 - 20:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Мен корком эн жакын адамдарымды жоготуп алыштан. Кундо бассам турсам алардын амандыгын тилейм.
Анан ушул теманы окуугандан кийин апамдарды эстеп кеттим. Аларда сизге окшоп сагынса керек. Сагынып кыйналса керек.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   morther   11 Май 2016 - 21:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Ата-знени карыганда жоготосуңбу ,жаш кезиңде жоготосуңбу, баары бир орду толгус жоготуу болот.Бала-чакасы чоңоюп өз алдынча болуп калган кезде ата-энесмнен айрылуу деле оор.Себеби ата-эне сенин таянычың,капа болгондо көңүлүңдү көтөрөт,кубанганда кубанычыңды тең бөлүшөт.Жакшылыгыңа да ,жамандыгыңа да ата-энен гана түтөт.Ошондуктан ата-энени тирүү кезинде колуңардан келишинче сыйлагыла.Атама тирүү кезинде сый көрсөтө албадым.Эми апама кудайдан өмүр тилеп,колуман келишинче сыйлооо аракет кылып келем,бирок көр тириликтин айынан ага да канааттандыраарлык көңүл бөлө албагандаймын. Апам балам деп дагы деле мени аяп турса,мен да балдарым деп өз балдарыма көбүүрөөк ыктап турам.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   beka1207   11 Май 2016 - 22:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Айтканынызда калет жок!
Бу кор тирилик деп журуп ата эне кадырына качан жетеер экенбиз а...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   sagyn91   12 Май 2016 - 00:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 041
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2016 01:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Ата-энебиздин козу барында кадырына жетеличи, сый урмат менен мамиле жасап, айткан создорун жерге калтырбай, кабак буркобой, каяша айтпай, Омурунун узак болуусун тилейличи. Баарыбыздын ата-энебиздин омурлору узак болсун ылайым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   askat.dilzat   12 Май 2016 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 113
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 15 Дек 2017 12:14

Бир жерден уккан элем Адам ата менен Обо эненин ата энеси болбогон балдары болгон ошон учун адамзаттын канына биринчи болуп балдарына кам коруп балдарын ойлоо синип калган экен(Мени талап ийбениздер укканымы эле жаздым)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   morther   12 Май 2016 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Туура эле айтылган сөз.Адам ата менен Обо эненин ата-энеси болбогондуктан адамзат ата-эне дебей балам деп калган деп,илгертен айтылып келет
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Shahrizaada   12 Май 2016 - 21:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2020 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шахризааданын жомогу

Атаң менен апаңа кимдир бирөө сөз тийгизсе силерде кандай реакция болот? Урушуп кетесиңерби, же кулак сыртынан кетиресиңерби? Мисалы мен канчалык сабырдуу болом десемда кеде чыдамым түгөнүп, катуу сүйлөп алмайым бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   owtu   12 Май 2016 - 22:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 430
  • Катталган: 23 Март 16
  • Соңку аракети: 09 Авг 2019 01:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ata dep aitkandy sagyndym... Byiyl tuptura 6 jyl bolot, dale bolso sizdin bul jawoodo jok ekeninizge iwene alvaim, sizdi sagyndym! Jatkan jeriniz jailuu bolsun
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   EdikoKG   12 Май 2016 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Ата менен эненин оорду чексиз го. Ата-энелерибиз бар болсун ылайым. Силерге сабыр жана сабыр.

Билдирүүнү түзөткөн: EdikoKG: 12 Май 2016 - 22:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   dinar-87   10 Ноябрь 2016 - 20:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 16 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 13:09

Мен да атамды сагындым .Ата деп бир жолу айтууга зармын .6жыл болуптур кандай гана азаптуу кундор отту.Эстегенде журогум согушу башкача бодуп жашоо кызыксыз болуп кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   HanTegin   10 Ноябрь 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   HanTegin   10 Ноябрь 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Калдайган карааны
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   HanTegin   10 Ноябрь 2016 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Калдайган караанындан кагылайын атакем. Караанынды бир корууго унунду бир угууга зармын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Jadyrashka   10 Ноябрь 2016 - 21:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Ата сөзү бакыт алып келбеген мендейлер да бар.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   birtanem   10 Ноябрь 2016 - 21:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 10 Июль 16
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 10:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Атаааууу деп мен да 4 баланын энеси болсомда эркелегим келет. Аябай сагындым...тушумо кирет кучактап ал да мени сагынганын айтат...тушумдо тоюп тоюп алам кучактап.Алланын буйругу экен...бейишин берсин ар бир пенденин куноолорун кечирсин..
Баары достору туугандары атамды эстешип ыйлашат...анткени ал боорукер болчу...эч кимдин конулун оорутпачууу. .баарын ыраазы кылат элет...жаназасына келген адамдар...баары ыйлаган..
Той бердик ал кундо да баары эстеп ыйлашып ...журокту эзишти...
Эхх атам атам
Алтындан шакек салчуу элен ата
Ай сайын кабар алчуу элен ата
Кумуштон шакек салчуу элен ата
Кун сайын кабар алчуу элен ата...
Рухуна Аль-Фатиха.. .
Сагындыыыммм сизди атауууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 01:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: