Суперстан: Кудаамды суйуп калып... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кудаамды суйуп калып...

#1 Пользователь офлайн   Alibekova2   28 Февраль 2015 - 17:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Азыркы турмуш койгойубу же аруулук сезимби,айтор, мен туйшолгон суйуу тагдырын сиздер менен ой болушмокчумун. ..
– Менин атым Гүлкайыр. Бул жашоодо ар бир адамга тагдырдын бере турган шыбагасы кээде ар кандай болсо, кээде окшошуп кетет окшойт. Мен өзүмдүкүндөй тагдырды бир гезиттен окуган элем. Эми өзүм минтип ошол боорум ооруган кыздын ордунда болуп турам. «Оңго кетсең атың өлөт, солго кетсең өзүң өлөсүң» дегендей абалдамын. Кайран ата-энем мени ушундай кыз болсун деп түйшүк тартып чоңойткон эмес да. Муну ойлосом жүрөгүмдө тынчтык жок. Азыр өзүмдүн керт башымды ойлосом ата-энемдин намысы, ата-энемдин намысын ойлосом өзүмдүн тагдырым талкаланганы турат. Көрсө,сүйүү мага өтө эле эрте келиптир. Ошондо да өзүмдөй жаш, башы бош бирөөнү сүйсөм кана?! Мейли анысына да кайыл элем, же аным бейтааныш бирөө болсочу...

9-классты бүтүрүп окууга тапшырмак болуп үйдөгүлөрдүн кой дегенине карабай Бишкекке келгем. Бул жактан кесиптик лицейлердин бирине тапшырып окуп калдым. Аталаш байкемдин үйүндө жашачумун. Үйдө байкем, жеңем үчөөбүз турчубуз. Кийинчерээк жеңемдин байкеси аялы менен айылдан келишип, жакында Москвага кетерин айтып убактылуу эки-үч жума турушмак болушту. Шаардын жаңы конуштарынын бириндеги жупуну батирде элек. Ошентип бир бөлмөдө чай ичип да, уктап да, кийим которуп да бир аз жүдөй түштүк. Бирок күн өткөн сайын мага жеңемдин байкеси Асылбек ушунчалык келбеттүү, ары адамгерчиликтүү экени байкалып, жага баштады. Аны менен сүйлөшкөн абдан кызыктуу эле. Башынан өткөргөн окуяларын айтып берсе жомоктой туюлчу. Ал сүйлөгөндө кашынын серпилгени, акырын башын кашып алганы, каткыра күлгөнү баары-баары мага сымбаттуу көрүнчү. Барган сайын ага көнүп да бараткам. Окуудан келатып байке үйдө болду бекен деп ойлоно берем. Кечинде жатканда төрдө Асылбек байке, анан анын аялы, мен, жеңем, андан кийин эң четте өзүмдүн байкем болуп жатчубуз. Бир күнү Асылбек байкенин аялы ооруп атканын айтып, эрте эле төргө жатып уктап калды. Жатаарга келгенде аялын ойготуп тынчын албайын деп, Асылбек байке мен жакка жатып калды. Мени кичинекей дештиби, буга эч ким деле көңүл бурган жок. Бир топко уктай албай жаттым. Түн ортосунда тиги байкенин да ойгоо жатканын байкадым. Ичимди өрттөп жаткан сезимдериме каршы тура албай, ага ыктай түштүм. Бир аз таң калгандай болгону менен ал көп деле чоочуган жок. Экөөбүз тиктеше калып, мен анын колунан кармап көпкө жаттым да, жүрүңүз дегендей ишаарат кылып эшикке чыктым. Он-он беш мүнөткө жетпей ал да чыкты артымдан. Обочороок басып барып аны кучактап ыйлай бердим. Бир топко ушинтип турдук. Ага сезимдеримди, үй-бүлөлүү кишини минтип сүйүп калаарымды ойлобогонумду айтып бышактадым. Асылбек байке муну таза, балалык сезимдер деп мени сооротту, бирок биз бирге боло албайт экенибизди түшүндүрүүгө аракет кылды. Мен болсо ал жөнүндө уккум да келбей шолоктой бердим. Москвага кеткичекти анда-санда болсо да жолугушуп турууну сурандым. Кийин таптакыр унутуп, жашоосуна аралашпоого сөз бердим. Ошентип күндөр өтө берди. Эки күндүн биринде эле тамак ичип жаткан кезде эшикке чыгам да ага «маяк» берип коём. Көп күттүрбөй ал чыгат. Экөөбүз бир аз болсо да сүйлөшүп туруп, баары дасторкондон туруп кеткиче билгизбей келип калабыз.

Бир күнү аялы шаардын четинде жашаган эжесине учурашып келээрин айтты. Ал күн мен үчүн майрамдай эле. Асылбек байкени курбу кызымдын үйүнө жолугушууга чакырдым. Түн ортосуна чейин сүйлөшүп отуруп, анан курбу кызым уктоочу бөлмөсүнө кетти. Биз бир бөлмөдө калдык. Ошол түндө мен өзүмдү ага арнадым. Аныма өкүнгөн деле жокмун, тескерисинче аны менчигимдей сезип турдум. Бирок эртеси аны аялы менен чогуу көргөндө ичим туз куйгандай болуп күйүткө чыдай албай, байкемден суранып курбу кызымдыкына кетип калдым. Үч күндөн кийин келсем алар Москвага учуп кетишиптир. Эмне кыларымды билбей үч ай кыйналып жүрдүм. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, чүнчүй баштадым. Мунум үйдөгүлөргө да байкалды окшойт, эмне болуп жатканымды такып сурай башташты. Мен өзүмдү алаксытып, ушундай абалдан чыгууга аракет кылып көптөн бери мага үйлөнөйүн деп чуркап жүргөн жигитке макулдугумду берип, турмушка чыгып кеттим.
Жыл айланбай телефон номурумду кайдан алганын билбейм, Асылбек байке чалып калды. Ал-абалды сурашып гана тим болдук. Кийин анда-санда чалмай адатка айланды, мен да сүйлөшүп коём. Ошентип аны такыр унуталбай койдум. Жолдошум экөөбүз кийинки жылы кыздуу болдук. Бирок күйөөмө такыр көңүлүм жок. Асылбек байке чалгандан кийин эле үйдө себепсиз уруш-жаңжал чыгара берчү болдум. Акыры ажырашып тындык. Кийинчерээк башка жигит менен таанышып калдым. Анын көп жерлерин Асылбек байкеге окшоштуруп эле жактырып жүрөт окшойм. Азыр ал менен жарандык никеде жашыруун жашап жүргөм. Муну эч ким билбейт. Жакында жеңемдин байкеси чалып, аялы менен ажырашып кеткенин айтып, мага чогуу турмуш курууну сунуш кылып жатат. Ал менин байкемдин кайын агасы да, эмне кылаарымды билбейм. Муну ата-энем, туугандар, жеңемдин төркүнү угуп калса эмне болот деп сарсанаа болом. Азыркы бала менен эле жашай берейин десем, анын мага үйлөнчүдөй түрү жок. Ушинтип же окуумду бүтпөй, он тогуз жашымда андан жок же мындан жок чайналып ара жолдомун. (Авторго тиешеси жок)
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   eliza55555   28 Февраль 2015 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 08 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2015 18:17

айнанайын ай...бул не деген шумдук...кимге пайда кимге зыян....озунун бактына балта чаапсын да тооба
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Arlenchik   28 Февраль 2015 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 626
  • Катталган: 28 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 18:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ertenkisin oylobogon jenyl oyluu kyz ekenda, ozunun da kudasynyn da akyldaru kyska eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   beva63   28 Февраль 2015 - 19:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 30 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 05 Май 2015 01:31

Тооба кылдым башыбызга салбасын кудан мн жашай албашынды сезгенден кийин Эрин мн мнеге ажырашасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aikoo2014   28 Февраль 2015 - 22:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Уяты жок эле кыз экен-дегим келди. Жаш туруп бир уй булолуу кишиге озун арнаганы эмнеси, акылы жок акмак кыз экен! Мейли турмушка чыгыптыр озунун кетирген катасы учунда жашап кетпейби? Дагыле кайрадан куноого батып жашырынып жашап жургонучу, ой деги койчу уялбаган кыз экен. Тообо кылдым-дегенден башка арга жок.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   EdikoKG   28 Февраль 2015 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Айымдар илгери жигиттерге "суйом" деп айтуудан уялчу. Намыс деген бар эле. Азыркы учурда суйом деп айтмак тугул,тием дегендери бар. Беш кол тен эмес бирок. Караап олтуруп,тунулосун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jon_jurbos1   01 Март 2015 - 00:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 17 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 23:07
  • Жынысы:Эркек

Рас болуптур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sekelek96   01 Март 2015 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

АЛЛА,АЛЛА пенденди кечире кор! Мээнен кетипсин создун ачыгы!
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   lazygirl   01 Март 2015 - 14:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Бул чыгармабы автор? Кеңеш сурадыбы же үлгү болдубу?

Сөз жок. Крышасы жайындабы деги. Өзүнүн тагдырын талкалаганы аз келгенсип, бирөөнүн үй бүлөөсүн бузуп.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sheke-brat   01 Март 2015 - 14:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Ким болсоң да акылыңа береке! :95:
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   tagokg   01 Март 2015 - 15:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 12 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Сен 2024 13:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

баары ойдон чыгарылган чыгарма экен деп койдум, себеби коп жери реалдуулукка туура келбейт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   snegurochka11   01 Март 2015 - 15:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 03 Февраль 14
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан 11000км алыста

Мээси жок кыз го???Баарын коруп-билип туруп эле жасаган!Ага арнадым дейт да тообо!Кандай алды экен куйоон????! Билинбей тийип кеткенден кийин тынып калганга аракет кылбайбы конулум жок дебей! Жарандык нике деген соз болбош керек бизде- бул анык зынакорлук! !!!Соз жок короче!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   saltanat.   01 Март 2015 - 15:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Э оляяяя Сүрөт
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   madina.87   01 Март 2015 - 16:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Кандай эле экоо ээрчишип эшикке чыкса берки учоо билбей калды...Кыскасы Акмак кыз экенсин.сага кенештин кереги жок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   vankuver.   01 Март 2015 - 16:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Тооба, уй булолуу адамга озун арнаса.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   hurrem2222   01 Март 2015 - 18:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 04 Июл 2015 23:12

Ойлоп корсон балким ал уй булоо да сен учун бузулгандыр? Кандай куноо кылып жатасын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Nuranna_93_kg   01 Март 2015 - 19:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 752
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Фев 2016 01:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Багы жокко дагы жок болуп...Калп эле тагдырга шылтап коюп арабызда ушундай адамдар бар экени окунучтуу... Эсин барда этегини жап,али да болсо жаш экенсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   samina86   01 Март 2015 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Астахфируллох биз тогузда окуганда эркек эмес нанды нана деп журот элек ко ата энебизге эркелеп .
эрте эле жетилип калыптыр да озу баштап зордуктап койсо да бир жон . Эч ким билбейт деп койот АЛЛАХ билип коруп турат тез тобо кылбасан куйуп кетесин го эки дунуйо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   macho90   01 Март 2015 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 20 Январь 15
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 04:56

Al baikesinin kainagasyda jash kyzdy elestetip jurup aialy mn ajyrashkango menimche.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   bakyt_2015   01 Март 2015 - 20:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 22 Январь 15
  • Соңку аракети: 25 Сен 2015 04:16

Сени башынан суйуу откон гана адам тушунот.Омур бою суйбогон адам менен чайналганча, аз болсо да суйгонун менен бирге бол. Сени азыр туура эмес корчулор, кийин тушунуп мамиле кылышат.Болоору болгон турбайбы, оз бактын учун курош, эч убакта алсыздык кылба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: