Жаңы жыл кирип келери менен суперстанда чоң өзгөрүүлөр болуп башталды . Алсак жылдын суперлери аныкталып , анда Эканын калыс чечим чыгарбагандыгына күмөн саноолор болуп, бир топ нааразылыктар болуп пайда болду. Бирок нааразылыктарга карабастан шайлоону өткөрүп алган соң БШКнын мүдүрү Эка "өзүнөзү билип , өтүгүн төргө илип, анысы аз келгенсип турсийин башка кийип" нааразылыктарды көз жаздымда калтырты" -деп кабарлайт өз сөзүндө биздин журналист А койчуманова
Жакында эле борбор калаада бийликтин өкүлү, БШКнын мүдүрү Эка менен, атпай журтга аттын кашкасындай таанымал болгон оппозиционер Асан-Таканын ортосунда кайым айтышуу болуп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алды. Бул эки лөктүн урушу эмне менен аяктады ? Сизге кызыкпы? Анда экранга жакынраак отуруңуз.

УКМК кызматкерлери келип Эканы түбөлүк эркинен ажыратып, бүткүл наамдарынан , атүгүл БШКнын мүдүрлүгүнөн түшүрүп койду эле. Эка намысына чыдабай Атын эрнис деп өзгөртүп, бетине мурут жармаштырып , УКМК кызматкерлерине көрүнбөй качып жүрөт.
Ал эми ошол эле учурда оппозиционер Асан-Така УКМК кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизип коюшканда. Анын тарапташтары убактылуу кармоочу жайдан үч күндө бошотуп чыгышты. Асан-Такани бошотуу үчүн канча миң доллар пара алгандыгы бизге да белгисиз. Баса мында эң кызык УКМК кызматкерлери "лөк" деген сөздү түшүнбөй калгандыгы болду. Айтор биздин журналист, тактап айтканда мен Издеген мырза Эка менен Асан-Такани ""лөк" " дегеним үчүн УКМК кызматкерлери тарабынан катуу сөгүш алдым.
Аймактарда эмне кеп?
Ошто 5-январь күнү бийликке карата нааразылык акциясы өткөрүлөт деп пландалуүда . Бирок бийлик тарабынан кысым көрсөтүп жатышабы же башка себептер барбы ? Айтор, нааразылык акциясы 3-январьда боло турган болду.
Пикеттин уюштуруучусу коомдук активист Sagizgan пикеттин кайда болушун тактай албай башы айланууда. Өз сөзүндө сагызган " короче ордолуу Оштун так ортосундагы Сулайман тоого келе бергиле мен өзүм таап алам. " деп жатат. Биз пикеттин ызы-чуусуз тынч өтүшүн каалайбыз.
Сиздер менен дагы бир өзгөчө жаңылык менен бөлүшүп кетпесем болсос. Соңку учурларда , "Жемчужина дворца " сериалынын баш каарманы тангем кыргыз кызыбы-деген айың кептер коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Себеби Ментол аттуу форумчу кызыбыз , өзүнүн нукура жүзүн көрсөтүп, корей кыздарын таман алдында калтырды. Корей кызына ашык болуп жүргөн Кылкеч эрке балабыз Ментолду көрүп оюнан кайттыбы . Айтор кол жеткис южинди айтпай калыптыр. Сыягы Бир ирмем сериалындагы Эрлан ушу го деген ойда кетти . Эмесе Ментол менен Кылкеч эрке балага бакыт каалайбыз.
Аба ырайы суперстанда дээрлик жымжырттык өкүм сүрөт деп байкалууда. Аба ырайынын башкы демөөрчүсү бака жалбырак,. Бака жалбырак ашказан жарасын айыктырууда табигый каражат. Ушуну менен мен сиздер менен коштошмокчумун. Эмки көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар.