Эсимде. Эн биринчи таанышканыбыз.
Ошондогу аруу таза сезимдер, шынгырап жер жарып агып чыккан булак сымал кулкулорубуз.
Ошол кунду, ошол коз ирмемди, ошондогу коз карашты дале сагынам. Ким билет мумкун тагдыр буйруса кайрадан жолугаарыбыз.
Бирок анда баардыгы кеч болот. Бир гана журогумдун тупкурундогу кыялым бойдон кала бересин. Себеби сен энесин а мен ата болдум окунучтуу бир гана нерсе тугойубуз башка.
Сенин айылга келгендигинди кулагым чалып калды. Журокто бир башкача сезимдер пайда болуп уйгу туйгу. Сени коргум келип журок энсеп турду. Калп эле сенин кочонон отумуш болдум. Сенин караанынды коро албадым. Кайра кайра эле откондон тажабадым. Уйундун алдында машина турат. Демек сенин жолдошун жакшы турган адам болсо керек. Мендей карапайым адам сени бактылуу кыла алат беле ким билсин. Сен чындап бактылуусунбу?
Сурагым келет. Билгим келет. Мени унуттун бекен? Же дагы деле туну менен ыйлап мени эстединби? Арадан 10жыл убакыт отсода жашоодо кандай озгоруулор болсода менин сага болгон суйуум очкон жок. Дагы деле умут менен сени кутуп журом. А сенчи? Ойлонуп турганымда дарбазадан узун бойлуу жигит кичинекей ширин кызды которуп, 4-5жашаар баланы колуна жетелеп бирде кызына жалына эркелетип баласын ойнотуп келе жатты. Жаныма жеткенинда байкабай калдым. Козумо жаш тегеренип негедир бул жигитиин бактысына ичим таарды.
-Ассалоом Алейкум
-Алейкум салам.
-Сизге эмне болду баары жакшыбы?
-Ии жакшы-ээ бербейм козумдон ыргыган жашымды аарчый колум сундум.
-Бул айылдан болосузбу?
-Ооба.Ушул айылдан.
-А мен куйоо баласы болом. Айзиректи таанысаныз керек.
-Ооба ооба.
-А сиз...-ангыча созду бөлө "Жоодар"
деп кыйкырган ун угулду. Жигит туруп кызын которо артка басты. Колунда кичинекей баланын жана чон курмо которуп келе жаткан келинди менин коздорум дароо тааныды. Ал эмес журогум булк этип алды. Чуроктой келин болуптур. Менин Айзирегим кичинекейим.
Эркем. Бирок мени байкабады. Ал кызын колуна алып кийинткен сон жолдошунда устуна кийгизип боорун топчулап кызынында Жоодардында бетинен алмак салмак ооп бурулуп басты. Мени чын эле байкабадыбы же байкамаксанга салып атайын ушуну кылдыбы? Мени унуттубу. Сени суйом деп жалынган эркем мени унуттубу? тунарып жашка толгон коздорум эч нерсени коро албай баратты. Артка шарт бурулуп, ыйлап асманга карап суйууго наалат айтып суйуумду башкадан кызганып бара жаттым. Бирок кайдан билейин дал ушул учурда менин периштемда мени дал ушундай мундуу жашка толгон коздор менен узатып кала бергенин. Жолдо ката ыйлай бердим. Ар дайым биз жашынып жолукчу алма бака барып ар бир откон бактылуу коз ирмемди элестеп ыйладым. Айзиректи кучагыма алып эркем периштем кичинекейим менин деп эркелеткенимди,
туболукко бир болобуз деп берген убадаларды эстедим. Кубалашып ойногон кундорду эстедим. Эн биринчи жолуккандагы анын албырган кызыл уялынкы жузун эстедим. Сагынганда чуркап келип кучактап калганын эстедим. Озумду соорото албай опко опкомо батпай ыйлай бердим.
Кун уясына батып калганда эсиме келгендей ордуман туруп уйго жонодум. Негедир ичимде эч нерсе калбагандай боштук. Ыйлай албайм куло албайм. Эмнени ойлонуп жатканымды деле билбейм. Уйго кирип барсам шишип кызарган коздорумду коргон апам чочуп кетти.
-Балам эмне болгон саган. Кеюетен кантет? Деги соосунбу? Ыйлагансынбы-
суроонун устуно суроо жадыртып кичине баласынча кийимди кууп ыйлап жатып уйпалай берген чачтарымды туздоп суйлоно берди. Ого бетер эрээркий туштумбу апамды кучактап ыйлап жибердим. Апамда мени кучактап башыман сылап тушунгондой:
-Болду балам болду эми. Откон нерсени кайтара албайсын. Билем неге капа болуп жургонунду алдыга карап жаша. Жубайын 2татынакай уулун бар унутпа-деди.
Бетимди жууп уйго кирсем чон атасы менен ойноп жаткан уулдарым чуркап келип мойнума асылды. Балдарымдын жытынан кокурокто боштук толгондой шуу шуу этип жыттап алдым. Креслого отурганымда атам мени карап бир нерсе сезгендей башын чайкар оор ушкурунуп оордунан турду. Дагы деле бутпос ой колуно чомулуп олтурганыма Айганыштын бетимен назик опкону чоочутту. Ал мени жайнаган коздору менен карап
-Тамак ичиниз-деп кайра аш уйго кирип кетти. Эки баламды которуп менда артынан бардым. Баары конулсуздой балдарыман башка адамдан ун чыкпай мени эле тиктешет. Ынгайсыздана туштум аягына чыкпай эле бата кылып оордумдан турдум. Эшике чыгып жылдыздарды коопко карап так ушундай жылдыздуу тундо артын карабай ыйлап бара жаткан Айзирегимди эстедим. Ыйлагым келди бирок журогум ыйлаганы менен козумдон тамчы жаш чыкпайт. Ушинтип тунжураган асманга карап турганымда назик колдор артымдан келип белимден кучактады. Дагы Айзиректи эстедим. Ыйлап жибердим. Бирок Айганыш аны сезген жок. Тек гана башын мага жолоп унчукпай тура берди. Айзирегимдинда дал ушинтип турганымда чуркап келип кучактап калганын эстедим.
-Сизге эмне болду?-ыйлап жатканыман мукактанып жооп бере албадым. Ушул тунду дал ошентип откордук, неге мынча суйуу кызык кишиге.
Тушко маал достор келип орто кочого барып келели деди. Айганышым эки бала менен кыйналгандыктан кичинекейин которуп чонун жетелеп кочого чыктым. Булдуруктап ар нерсени суйлоп беришип маанайымды тушургон жок.
-Ээ дос Айзирек келиптирго жолуктунбу-
мени сынагандай карды
-Жок, неге жолугат элем.
-Анын туура дос бир чириген байга тийген окшойтта. Бизди тенине алчу эмес эле-соз созго улагып бугунку темасы Айзирек болду. Башка темага отолу деп созду канча бурбайын аягы келип ошого такалып кайра эле башталат. Мен унчукпадым.
Айзирек жонундо бир соз айталбай ичимден куйуп жандым. Айткандарына ого бетер ичим куйуп куйоосунон кызгандым.
-Оо бали бали ким келатат-жакшы адам соз устундо чыгат дечу беле балдар чурулдап калганынан карасам жетелеше баскан Айзирек куйоосу менен балдарын жетелеп туз эле биз жака басышты.
-Ассалоом Алейкумдар-
Жениш ар бирибиз менен кол алышып учурашты
-Кандайсынар-
Айзирек акырын гана баарыбызга баш ийкеп койду. Куйоосунон тартындыбы ким билет.
-Жакшы Айзирек озун кандай-мен жер карап гана отурганым менен балдар улам мени карап мыскыл жылмайышканын байкадым. Аларда копко кетпей суйлошуп олтурушту. Атайын жасаштыбы кечинде баарыбыз тугойлорубуз менен олтурмай болдук. Арабызга Жениш менен Айзиректа кошулду.
-Койгула анда балдар мен барайын-ордуман туруп баары менен кол алышкан сон Айзиректи карап
-Корушкончо-
чурулдап ойноп жаткан кичине балдардын тобуна барсам кызуу ойноп жатышкан экен. Эки баламды жетелей баса бердим. Артыма караганымда Айзирек менден козун албай карап турган экен. Кун батып тыштын оокаттары менен алышып журсом телефонум чырылдады.Эрдан экен.
-Ээ дос келбейсинби меникиндебиз.
Аяшты ала кел
-Макул дос азыр-уйго чуркап кирсем Айганышым апам менен кызуу суйлошуп аткан экен.
-Айка кеттик, даярдан балдарды кийин. Эрдандыкына барабыз.
-Ой ботом тынччылыкпы туулган кун беле?
-Жок апа жон эле отурмакбыз
-Аа барсанар барып келгиле. Кирип барсак баары бизди кутуп отургандай ордунан туруп эле торго узатышты.
-Айка таанышып ал бул Айзирек биздин айылдын кызы. Бизден эки жаш кичуу бирок биздин эн жакын досубуз, карындашыбыз.
А бул Жениш жолдошу.
-Айзирек
-Айганыш-экоо кол алышып учурашты. Досторда мени карап жылмайып коюшту. танышуубуз уланып кызыктуу отурдук. Откон кеткенди эстеп окуучулук кездеги кызыктуу окуяларды айтып каткырып алдык.
-Жениш Айзирек жакшы кыз, капа кылба. Коп жигиттин журогуно чок салып бирок тенине албай сени тандаптыр. Ээ дос мени далыга чаап Нурсултан каткырып калды. Дароо Айганышты карасам бирде мени бирде айганышты карап капалуу олтурган экен. Айзиректа дал ушул учурда дароо Женишти карады Жениш мени карады. Бири бирибизге айтпаганыбыз менен арабызда муздактык пайда болду. Айганыш эшике чыгып кетти. Дароо артынан чуркап чыктым. Айзирек куноолудой жер карап гана отуруп калды.
-Жаным сага эмне болду, эмне чыктын
-Демек бая кундон бери эстеп кыйналып жургон адамын ушу экенда.
Өчпөс сүйүү
#15 04 Апрель 2017 - 09:45
#16 06 Апрель 2017 - 23:26
Жазгандан кийин улантпайсынбы же жазбай эле койбойсунбу автор кундо кирип карайм?!
#18 08 Апрель 2017 - 01:48
Бул да бир суйуу триологиясы окшойт. Бирок кунуно 3 жолудан жазганда да аниз бутуп коймок экенсин. Кызыгып окуп келатканда чункурга тушуп кетип, кийин эмне болоору ошол чункурдан чыгуунун айласы болуп калат экен. Же болбосо ойду бир жерге коюп жазсан болмок экен автор. Все таки жомок токуп жатпагандыр элен?