Күтүү...
#1761 29 Март 2018 - 14:11
#1763 07 Июнь 2018 - 04:02
#1764 08 Июнь 2018 - 23:30
Мен бугун кирип бир дем менен бир кулуп бир ыйлап окуп буттум.Кудай таалам аял болобу эркек болобу турмуштан оз оордун таппаса оор эле.Бактылуу бол мындан кийинки жолун ачык болсун
[/
Кундо кутом улап жазып калаар деп...
#1765 11 Июнь 2018 - 20:35
#1766 11 Июнь 2018 - 22:38
Ото ызааландым, ардандым. Баарынан да куйдургону жалгыздыгым болду. Элейип уч кабат уйдун бир бурчунда оксуп ыйлап канча кунду кечирдим. Кыздарга конуп калыптырмын. Ангырап уйдун боштугуна менин жан дуйном кошо бошоп бараткандай сезилди. Баарынан да ишенимин талкаланганы оор тура. Мындай абалыма чекемден сылап, дем-куч, кенеш берип, жолоп- таяп кое турган бироо жарым жоктугучу. Кээде эсимден тана кулап калып, денем муздап оодумда канча жатканымды билбей, ден дароо боло козумду ачкан убактар болду. Мээримге толгон журогум жанчылып, баарын жек коруп, Азизден оч алгым келе баштады. Колумдан келсе ал акмакты колу бутун байлап алып, каалаганымды кылгым келди. Чын эле мени жаш баланы алдагандай пайдаланып, анан оз жолуна тушуп кетти. Стресске малына калчылдап кала бердим. Азап эле экен жан дуйнондун жанчылганы. Озумо келе албай кыйналдым. Дуйно капкарангы корунуп, элдин баары мени карап шылдындап жаткандай же алдап кетчудой болуп баштады. Кыжырым кайнап, кабагым ачылбай, супер маркетке азык-тулук алганга гана чыгам, ошол жарым саттын ичинде эле созсуз бироого менен урушуп келем. Бир жолу жолдон отуп баратып Кайраттыкындай унаа кордум. Жон эле окшош экен. Аны тиктеп бир топко турдум. Ичиндеги айдоочу мени байкады окшойт. Ал да мени кечке карай "Не болду?" деди тан кала. "Ишин болбосун, сен мага татыксызсын, мен жинди ушул сени неге куттум экен?, чечкинсиз. Бирок куноо озумдо, жок, сени мага жолуктурган кунго наалат." Айдоочу мени кечке тиктеп турду да "Псих больницага барбасан болбойт, чон кыз ты больная" деп айдап кетип калды. Мен бул кишиге эмне деп салдым? Суйлогон создорумду билем, кудай сакта не галлюцинация болуп жатабы? Коркуп кеттим. Уйго чуркап жете, кузгудон озумду карадым. Чачым саксайган, жузум боп-боз. Коздорум аран жан кишиникиндей. Ыйлап алдым. Чын эле психологко барышым керек. Жакшы психолог караштырып алдын ала жазылуу керек экен. Жазылдым. Уч кундон кийин барам. Ага чейин жуунуп-тазаланып алып, медресеге жонодум. Ибадат келтирип, кудайга жалбарып, кечирим, жардам сурадым. Мындай болуу туура эмес. Бул жашоонун бир эле болугу.
Азиздин мага койгон пландары башынан эле ушундай окшобойбу, себеби ЗАГСга никебизди каттодон откоролу десем конулдонбой канча журчу. Мени менен бир тошокто жатып, озун оолак кармаганын эстедим. А мен анын конулун табуу учун кылган аракетимчи? Бир чети мага чала болот. Ага эмне жабыштым? Анын кыздарына неге азгырылдым? Апасычы? Эстегим да келбейт. Азиз аман болсок бул жазгандарымды кыздарын же апан балким озун окуп калат чыгаарсын. Сен мени алдап эле эмес, жашоого болгон умутумду, коз карашымды озгортуп, эн бир аяр сезимдеримдин быт-чытын чыгара талкалап кеттин. Сага оз жазанды кудай берээр.Кудайым бар.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 11 Июнь 2018 - 22:42
#1767 11 Июнь 2018 - 22:47
Ошо убакка чейин нерв ден соолук байкушту сакта.
Билдирүүнү түзөткөн: ludimira: 11 Июнь 2018 - 22:47
#1768 11 Июнь 2018 - 22:57
Олбогон жандын куну отот экен. Акырындап озумо келе баштадым. Ангыча апам келеээрин айтты. Суйунгонумду айтпагыла. Уйумду уч кун жыйнадым го чиркин. Эшиктин алдын жолго чейин шыпырдым. Жаны жашоо баштагым келди. Кызыгы айымдардын баары эле бирдей окшойбуз, белимден ылдый чачымды шарт эттире классикалык карэ кылып кырктырып да жетиштим. Гардеробумду алмаштырайын десем акчам жок.))) (Дукондорду байкем арендага берип салган, акчасын озунун эсебине которушат, мени иштесин дегендери го).
Келди апам. Мени коруп ыйлап, чочуп да кетти. Кабатырлана айланчыктаганычы? Аай, апакем ай мындан эки ай мурун корсонуз жарылып калмаксыз го деп коем ичимден. Атама куран окуттук. Тааныш билиштер келе башташты. Апама учурашып, атамды экерип дегендей. Айтмакчы эжем келди. Бар экен.))) Сокулуктан келмеги кыйын. 18 жашында турмушка чыгып озу менен озу болуп калган. Мен биринчи классымда чыгып кеткен. Апам урушту аны.))) Мага баш коз болуп койбойсунбу? деп. Эркемин чынында. Озумчо эжемди урушуп жатса кыпындап алганымчы.
Апам экоос кучакташып уктадык, кун бою суйлоштук, эркеледим, дукон кыдырдык, коноко бардык. Анан бир куну аяш атамдар атама куран окутуп келе жатканын айтты. Албетте Кайрат да келет. Аларды дайыма ташып журот унаасы менен. Дасторкон жайып кутуп отурдук.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 11 Июнь 2018 - 23:00
#1770 12 Июнь 2018 - 00:25
Апам бир заматта бактылуулукту кайтарып келди мага.
Бирок ойлондурганы жашым отуп бара жатат. Кыздардан кол жуугандан кийин балалуу болгум келип баштады. Кадимкидей 0энелик мээримим ойгонуп калганын карачы. Энсеп жаттым. Бир нерсе жетпегендей озумчо эле куса болуп баштадым. Кыздарды сагындым. Байкуштарым аларда эмне куноо? Алардын балалык журогун ооруткан куноо Азизде эмеспи. Балким кыздар менен кийинчерээк жолугуп турам. Алардын жаны апасы урушпай элеби? Раянанын мунозу катаал, капризная эле. Аяна ыйлаак. Кагып-силкип экоонун конулун оорутпаса, урбаса экен. Ойлонуп кеткенде кадимкидей ичиркене тушконум менен алардын чон апасы бар экенин эстеп озумду жубатып коем. Ооба, чон апасы алардын бактысына коп жашасын.
Эми турмуштан айтпаган сон максатсыз журуунун кереги барбы? Убакыт отуп баратат, токтобойт. Жаштык кез кайрылбайт эмеспи. Табигый жол менен балалуу боло албаганым копторду чочутат. А балким озум учун, озумо бакыт тартуулайт чыгаармын?
Жасалма бойго бутуруу тууралуу маалымат топтоп баштадым. Апам менен кенештим. Апам байкуш турмушка чыгуумду ойлонушумду айтты. Каяктагы апам менин трубаларымдын алынганын билбейт эмеспи. Ал эми эркек аттууну коройун деген козум жок.
Алматыга жонодум. Айтылган клиникага бардым. Бизге караганда казак туугандар онугуп калгандай. Дарыгерлер менин балалуу болууга мумкунчулугум 100% бар экенин убада кылышты. Донорду алар сунуштаган же озум тапсам болот экен. Албетте бул жооптуу кадам. Баламдын атасы ким болот деген орчундуу маселе пайда боллу. Антпесе ген деген нерсе ото олуттуу эмеспи.
Мусулман болгонума байланыштуу, исламдын мыйзамдарына баш ийем. Шариятта ЭКО жонундо маалымат алуу учун мечитке барганымда "Донордун жардамын колдонууга болбосун, нике кыйылгандан кийин гана уруктук алууга болоорун эскертти. Баланын атасын ким экени созссуз билууго милдеттуу экенибизди ж.б." жолдорун тушундуруп берди.
Шашылып, балалуу болом деген умутум токтоп калды. Жумушка чыгып кеттим.
А бирок бир иш бутсо, экинчиси башталат демекчи арадан бир ай отпой жумуштан кайтып келе жатсам бир топ жигиттер колумдан жетелей унаага салып, каршылык корсотконумо карабай айдап жоношту. Жапайычылык. Эми баары бутуп мени ала качып баратышабы? Кайсыл акылы кем ушундай жолго баратат экен))). Озумчо кулуп алдым. Баардыгын мыйзам турундо чечээримди эскертип, уйго жеткизип коюумду эскертсем болчудай эмес. Мен эмне ыйламак белем? Жиним келди.
Узак жолго чыктык. Боом капчыгайын аралап отуруп, Ысыкколго баш бактык. Демек Кайрат болушу мумкун. Бирок ал мындай жолго барбайт болчу. Билимдуу, акылдуу эле жигит го. Ким болсо да эми тушунуктуу.
Коргон козумо ишенбедим. Мен Кайраттын уйунун алдына келдим. Мындайды кутпогом. Бул эмне кылганы? Суйом десем баары бир каршылык корсотпойт деп ушундай жолго барат беле? Токтогулачы, менин идеалымдагы мырзанын кылганы ушул болсо. Тушум болуп калса экен. Не деген маскара? Кайрат ушунчалык пас беле?
Босогону аттап, Кайратты суйлошууго чакырдым.
#1772 12 Июнь 2018 - 03:21
Билдирүүнү түзөткөн: rahat7979: 12 Июнь 2018 - 03:24
#1775 12 Июнь 2018 - 11:36
#1776 13 Июнь 2018 - 20:18
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 13 Июнь 2018 - 20:20
#1778 13 Июнь 2018 - 20:39
#1779 13 Июнь 2018 - 20:47
-Кандай анан?-Жылмая учурашты.
-Жакшы Амир, бул жакта эмне болуп жатат?-Шашыла сурадым. Мени биринчи жолу коруп жаткандай башымдан ылдый тиктеп алып:
-Ото арыктап кетиптирсин э?
Бул эмне шылдындаганга келдиби?
-Амир, сенден сурап жатам? Эмне болуп жатат? Тушундурчу же мени кое бергиле.
-Тихо, тихо... элдер угат. Сначала успокойся. Сени уурдап келдик. Сюрприз кылалы дегенбиз Кайратка. Кайрат азыр командировкадан келе жатат. Бир сааттан отуп келип калат. Таак... -колундагы саатын карап, озунчо эсептеп койду.
-Амир, эмне сюрприз? Мен аяш апам менен суйлошойунчу. -Сыртка жулкундум. Алдымды тороп:
-Стоп, стоп... шашпа. Аяш апан озу шок болуп отурат.
-Кандайча, бир нерсе тушунсом олойун.
-Эля, мындай тынч отурсан, тушундуром.
Баары бир сыртка чыкканга кучум жетпесин билдим, нары жакта турган диванга отурдум. Мандайымда турган Амирди суроолу тигилдим:
-Кандайсын анан? Суу берейинби?
-Жок.-Кабагымды туйо бурк эттим.
- Эми мындай, Кайрат командировкага кеткен. Ал азыр уйдо жок. Сени ала качып келээрибизди эч ким билген эмес. Бул менин жеке чечимим болуп калды. Анткени мен... мен Кайраттын жанында кун сайын сени ойлоп, кантип жолугуунун айласын таппай жургонун коруп журдум. Билесин ал жети эмес жетимиш жолу ойлонуп чечим чыгарат. Ал жетимиш жети ойлонгуча сен апан менен кайра Америкага кайра кетип калчудай...
-Токточу, мага жооп берчи Амир.