Кандай болсо да тетири кадам таштай албашымды билем. Ким жооп берет суйуп, суйгонуно жетпеген сон жараткан неге суйуу тартуулаган?
Жинди кишиче кайсалактап,
аны коргондо озумду жоготуп кое жаздайм. Ичим эзилип кыйналып буттум. Сага таандык эмес адамды суйуу кандай азап экенин коптор сезе бербейт.
Кеч кирди. Жылуу кийинип, Амирди номеримде кутуп отурдум. Менин суз тигилген жузумо конуп калса керек. Мындай учурда жылмайып кутулат. Сейилдеп журдук. Колду жээктей сырдашып келаттык. Жай соккон шамал толкундарды суруп келет. Жанымдагы Амирге тигилдим.
- Сен соз жок жакшы адамсын. Бирок мен сени бактылуу кыла аламбы?
-Сенин барын мен учун бакыт.
Аркамдан келип кучактап турду. Ансайын мунум ичиме батпай баягыыы коз жаш дагы келди. Унсуз ыйлап жаттым.
-Эли мен сени кутом. Канча болсо да кутом. Баары жакшы болот. Сен созсуз бактылуу болууга милдеттуусун.
Толкундун жай шыбыры менен кошо Амир суйлоп жатты.
Унчукпай тыншап турганым менен бул кайчылаш сезимдерди бир жансыл кылууну чечтим.
- Амир кандай тушундурушту билбей калдым. Буга чейин Кайратсыз жашагам бирок ал ар дайым оюмда болчу. Эми ал уй булолуу. Аны мурдагыдан да коп ойлойм. Сенин жанында озумдо алаксытып, Кайратты унутууга аракет кылып жургонумду билесин. Билсен сен да бактылуу болууга акылуусун. Кыскасы мага убакыт берчи. Мен кетейинчи, алыстарга кетип алаксыйын. Балким озгоруп келээрмин. Мен мындан ары чыдай албай баратам.
Унчуккан жок. Мени жай кучагынан бошотуп, адатынча асманды тиктеп турду.
Күтүү...
#482 29 January 2017 - 06:22
Эртеси Бишкеке жонодук. Кайраттын айылынан отуп бара жатып "Суранам,
Кайрат менин ичимдеги сезимдерди алып калчы" деп да жалбардым.
Уйго келдим. Бул жай мен учун ото зеригичтуу болду. Мурда мектепке барып иш менен алаксычу экенмин. Азыр жайкы эс алуунун бир айы эми аяктап келатат. Амир иш сапары менен башка шаарга кеткен. Дайыма иликтоо жургузуп, далил чогултуу менен алек. Байкем менен скайп аркылуу ьир топ суйлоштук. Ал Американын Филадельфия штатында. Атам аны тогузунчу классында эле ошол жакта окууга жиберген. Эми келтире албай, уйлонто албай убара. Ошол жакта иштеп, жадакалса атын да озгортуп алыптыр. Угушубузча Америкалык бир кыз менен жашап балалуу да болгон. Бирок атама айтпайт. Апам укса чалкасынан тушот. Башында бат баттан келип турчу. Кийинки жылдары анда санда чалат. Мунозу да такыр башкача. Амир Кечке маал чалды. ну мурункудай шандуу эмес.
-Салам.
- Салам кандайсын.
-Мен жакшы Эля.
-Жакшы болсон болду. Качан келесин?
-.....
-Не унчукпайсын Амир?
-.....
-Сенде баары жакшыбы?
-Баары жайында.

#483 29 January 2017 - 08:39
Кутуб атабыз,кутуп,
кызыгып окуп жаткан окурмандарга бироонун кийлигиши кызык эмес го...
Ар бир окуурман жазган адамдын жургунон жазган чыгармасын, жеткизе ушуно алсак.Ар бир адамдын ой жугуртусу,ар башка го.Кун кунун келгенде жанында жургон жан бирге апасы деле баласынын ой максатын ,жеткизе тушуно албайт го...
Эгер ичине салып сырын айтпаса...
Журоктон берилип бир кыздын тагдыры айтылып атат,биз да жургубуз менен тушунуп кабыл алалы...

#484 29 January 2017 - 10:27
мен башында ишенбей жаттым эле,азыр ишенип кутуп калдым.Кооптон жазып таштанчы)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#485 29 January 2017 - 23:37
Бойроктон шыйрак чыгарып эле турабыз да,аягына чейин чыдап тура тургулачы
#489 01 February 2017 - 03:47
Сонун жазылыптыр,
коптон бери таасирдуу чыгарма окуй элек элем. Аралашып жургондой болдум.
Адам болуп жаралдык адам бойдон дайым калалык
#490 01 February 2017 - 04:13
Байкеме мени чакыруусун отунсом конул бурбай койду. Балким оз алдынча жашоого конуп калса керек деген ойго чомулгонум менен бир чети мени чет жерде коп журбошум керек экенин айтып, андан коро турмушка чыгуумду отунду. Апам да коп айтат. Эжем дагы. А менин журогум Кайрат деп сыгылганын койбоду. Тажадым. Ишенесинерби?
Эч кандай майнап чыкпаган, маанисиз, жоопсуз, мени кыйнаган сезимден тажадым. Кээде сыйрыла турган же ажырай турган неме болсо жан дуйномдон болуп алып чыгып, тээ алыска ыргытып, комуп, устун чоооон таш менен бастырып, артымды карабай чуркап кетким келет.Бул сезим мени тируулой жеп бутмой болду.
#491 01 February 2017 - 04:23
Амир акыркы жолу чалган боюнча жоголду. Арадан бир жума отту. Кызыгы мен деле чалып койбоптурмун.
Кок бетмин. Чын эле озум каалаганымды,
оз билгенимди кылып конгом. Жок дегенде адамдык сапат менен Амирге чалууну чечтим. Бирок жон эле. Ага болгон менде эч кандай сезим жок. Кокурогумдо боштук. Конулумдо эч жылуулук жок. Байкаганыныздардай аны менен Кайратка жакындоонун амалын кылып суйлошуп жургонумду ойлогондо, озумду жер бетиндеги эн абийирсиз адамдай элестеттим.
Бул кылганым болбойт. Мен кетишим керек. Акылымды, эсимди тазалап, керексиз нерселерди очуром. "Кунду эстесен, анын нуру чагылат" демекчи, Амир келиптир. Адатынча жолугуушуга чакырды. Дегии бир жансыз солокоттой болуп, денемди суйроп жонодум. Бул жолу Амир менен келечеги белгисиз суйуу романымдын дарбазын жабууну чечип бараттым.
#492 01 February 2017 - 04:31
Жолуктук. Баягы ордубузда. Совет жана Ахунбаев кочолорунун кесилишинде кезикчубуз.
Алыстан мени коро кулумсуроп келе жаткан Амирди аяп турдум. Саламдашпай жатып колумдан жаш балача бакчаны аралай мени жетелеп жоноду. Бул кылышына тан калсам да, кайда бара жатканыбыз кызык болду. Коп узабай бакчанын ортосунда курчалаган,
тегерегин шам менен кооздолгон,
эки кишилик орундукка келип отурдук. Столдун устундо эки бокал жана таттуулар турду. Мынча романтикалуу.
.. Мындайды кинодон гана коргом. Озумчо апкаарып, толкунданып алдым.
#493 01 February 2017 - 04:39
Амир ото кооз суйлойт. Башында айткандай, ар бир созду кылдаттык менен таптап, копту коргон чон атадай. Жашоо, турмуш, келечек, турмуштук мыйзамдар туралуу ото уккулуктуу создор менен суйлоп жатты. Жомок уккан жаш балача анын айткандарын магдырап угуп отурдум. Укканды жакшы кором. Дагы канча отурат белем ким билет, кыскасы жаныма келип, чоголой колундагы кутуну ачып "Мага турмушка чыкчы, менин омурлук жарым болчу" деген создорду укканда гана бироо тобомдон ылдый муздак суу куйгандай чочуп кеттим. Алдымда тизе бугуп Амир турду.
#494 01 February 2017 - 04:44
Мен ото бактылуумунбу же тетиринчеби билбейм. Амирдин колунан шакекти алганым менен дароо " макул" дей албадым. Канчалык оозумду таптап, "болоору болду" деп Амирге "Ооба" деген жоопту айтып салууну камдансам да, артымдан кандайдыр бир куч "Жок, болбойт, ойлон" дегендей сезилип жатты. Балким бул баягы Кайратка болгон себепсиз умут чыгаар. Мен алсызмын. Амирди копко куттурбой "ойлонуп коройун" деген жооп узаттым.
#495 01 February 2017 - 04:50
Ал кандай абал болсо да, созсуз бир жолун таап чыгып кетет. Бул жолу да, мени чексиз суйоорун айтып, керек болсо омур бою куто алаарын айтып, ордунан турду. Баары жакшы Амирдин. Ото маданияттуу,
акылдуу, ожор, билимдуу, чечкиндуу, келбети келишкен, курч тиктеген коздору, жылмайганда ууртундагы эки уячасы, кыскасы келишкен мырза. Чечкинсиз, тартынчаак,
мокок Кайраттан чыныда жуз эсе артык. Бирок деги эле ичим жылып, суйбосом да, жон ганажакшы коро албай койдум.
#499 04 February 2017 - 05:11
Уйкусуз тандар... Ойлоно берип кызарган коздорум, ооруган башым. Амирге турмушка чыгуу тууралуу уч уктасам да тушумо кирбеген. Бирок аны менен кыз жигит катары неге суйлоштум? Мен аны менен бир боло албайм. Ал канчалык жакшы адам болсо да тээ козунун тупкурундо,
журогунун теренинде жылуулук жоктой сезилет. Мындай ойлорду ойлоп алып, кайра чочуп кетем. Балким анда адамдагы жылдыздуулук,
жылуулук эне мээримин корбогондуктон болсо керек. Чыныгы суйуу никеден кийин пайда болот дешет...
#500 04 February 2017 - 05:27
Башталган нерсенин созсуз аягы болот дешет. Амирге сунушунун жообун бергенге бардым. Адаттан тышкары шаардын четине сейилдеп журдук. Куугум кирип келе жатат. Тайсалдап онгулуктуу жооп бере албайм. Анын суроолу коздорун кароодон айбыгып, башымды жерге салам. Акыры чыйралып болгон демимди топтоп соз баштадым.
- Амир... сен менин жашоомдогу эн жакшы адамдардын бирисин. Мен сыйлаган инсандардын катарында сенин оордун чон. Ойлоп корсом, сен толук турдо бактылуу болууга милдеттусун. Сендей адамдар бар учун дуйно таза, жарык. Мен... мен... сага абдан ыраазымын.
Андан ары созумду кандай улаштыраарымды билбей бир топ убараландым. Унсуз тиктеген Амирди карай албай терс бурулдум.
- Тушун мени, суранам... кечир.
Артымды карабадым. Андан ары кадамымды улай кете бердим. Амир сен эле эмес, Ооо... жараткан мени кечире кор. Сезимдер менен ойногонум учун кечир.

Супер-Инфо
super.kg
видео