Байкесинин Суматиге үйлөнгөнү эч жакпай кетти да.
Кызык, алар аябай сасык болушат го...
Күтүү...
#583 18 Февраль 2017 - 22:11
#584 18 Февраль 2017 - 22:52
Ооба, мен Индияда болбосом да индустарды коруп эле журом. Бирок адамдар ар кандай экен. Албетте индия кинолорундагыдай суп сулуу женеге туш келген жокмун. Кичине кезимде индия кинолорун коруп, ото таасирлене алардын жашоосун жомоктогудай элестеткем.
Алардын кино жаатында чеберчилигин ушундан билсе болот. Баары болбосо да инди элин корбогондор созсуз Индия десе коз алдына Шахрук, Айшвария же Приянка тартылат. Бизде деле камера алдына бир убакта Таатыбубу апабыздан башканы тарткысы келбей калган режиссер аталарыбыз.
Сулуулук менен кошо адамга озуно ишеним ала журушот. Кудай бизге козду берген сон кантип сулуулукка суктанбай кое аласын? Мырзалар эмес кээде мен да суктанам. Менин женем чынында коз талдырган сулуу деле эмес. Бирок адамды озуно тартып турган жылуулукту табууга болот. Байкем экоонун чогуу жашаганына торт жылдан ашып калыптыр. Кызыгы экоонун баласын жанынан корбодум. Кайда? деп сураганымда,
"тайэнеси менен тайатасыныкына бир жумага кетиргенбиз,
сагынычын таркатып келгени" деген жоопту укканда чыдап тура албадым. Ичип жаткан тамагым кекиртегимден ары отпой калды. Балким туура эмес кылып жаткандырмын,
канчалык тушунууго аракет кылганым менен
- Демек тайэнеси, тайатасы сагыныптыр да небересин! Аларга небере керек, небереси аларды тааныйт. Ал билет болду бекен, тээ Кыргызстанда анын чон атасы, чон энеси, бир боорлору бар экенин? Байке биздин ата энебиз эмнеден жазды эле?
- Демек тайэнеси, тайатасы сагыныптыр да небересин! Аларга небере керек, небереси аларды тааныйт. Ал билет болду бекен, тээ Кыргызстанда анын чон атасы, чон энеси, бир боорлору бар экенин? Байке биздин ата энебиз эмнеден жазды эле?
#586 19 Февраль 2017 - 02:11
Тууру кылыпсыз балким 1% болсода ойлоноор ата энесин кылган ишин
#588 20 Февраль 2017 - 17:00
Кыскасы байкеме "Атам менен апам сизди кутуп жатат, апам кудайдын куттуу куну сиздин келишинизди тилеп, келинин колунан ысык чай ичип, небересин эркелетууну тилеп келет. Алар сизди илгери умут менен окутуп, тарбиялап, ушул даражага жеткирди. Биздин келечегибиз учун атам канчалаган кыйынчылыктарды багынтып, апам уйкусуз тандарды аттырган. Ооба, ата эненин мээнетин, мээримин соз менен жеткируу мумкун эмес. Биз ата энебизден алчубузду алдык, бирок ошол нерсени кайрып берууго милдеттуубуз.
Мен бул жаатта улуту башка кызга уйлонгонунуз кайгырткан жок, кудайым бактынызды кимге, кандай адамга буюрса да, эн башкысы озунузго жакса болгону. Айтайын дегеним баланыз учко чыккычакты эч кимге айтпаганыныз , жашырганыныз,
анысы аз келгенсип, беш жылдан бери бирда жолу бизге келген жоксуз. Тушунгонго аракет кылганым менен кээ бир нерселердин оорду алмашып калгандай."
#589 20 Февраль 2017 - 17:06
Мандайында кабагымды туйо, оз тилибизде быдырап суйлоп жаткан мени женем тиктеп турду. Ал менин коз карашымдан эле тушунгон ондуу. Байкем унчукпай угуп турду да,
- Эля, баарын тушундуруп берем. Бул жонундо менин да ойлонгонго акылым жетет. Бугун шашпай тамактанып, эс алып жат. Маанайынды бузба, анын устуно женендин экинчи ирээт боюнда бар. Анын кабатыр болушун каалабайм.
- Эля, баарын тушундуруп берем. Бул жонундо менин да ойлонгонго акылым жетет. Бугун шашпай тамактанып, эс алып жат. Маанайынды бузба, анын устуно женендин экинчи ирээт боюнда бар. Анын кабатыр болушун каалабайм.
#590 20 Февраль 2017 - 17:11
Жаткан жокмун, жон гана кете бердим. Анын устуно эртен жумуш. Не кылсам? Атама айтса албайм. Апама дагы. Озу айтпаса мен анын жеке жашоосун талкууга алып кийлигише албайм. Байкемди келет, баарын тушундуруп берет, анан ачыкка чыгарабыз деп ойлогом. Бирок ал келбеди. Мени да сурап койгон жок. Мен да барбадым. Ал келбеди. А кундор болсо отуп жатты.
#591 20 Февраль 2017 - 18:24
Балким туура эмес кылып алгандырмын.
Чын эле байкемдин да озуно тиешелуу себептери бар чыгаар... Жон гана женем менен таанышып, калганын башка куну деле талкууласак болмок. Булда менин сабырсыздыгым.
Ото шашып кеткен окшойм. Болоору болгон сон, анчалык катуу айткан менен артка жол жок экени айдан ачык. Болгону тушунуп, байкеме жардам берип, тескеринче ал тарапта болуп маселени чогуу чечсек болмок. Менден ушундай мамилени коруп, женемдин козунчо атамдан катуу кеп, сын уккусу келбей жургондур. Байкашымча байкем Суматини абданжакшы корот экен. Сабырдуу болуш керек экенин билем, бирок ошол нерсени ишке ашырууда унутуп калам.
Билдирүүнү түзөткөн: aikera1992: 20 Февраль 2017 - 18:26
#592 20 Февраль 2017 - 19:08
Сонун,рахмат болушконун учун Элдана.Негизи айтат го суйуу бул - суйууно жетпей калсан ошол суйуу деп ,себеби суйууно жетсен ал асмандагы айды алгандай баардык нерсе доступна болуп калса керек.Мен да суйгонмун бирок ал суйуум жоопсуз калган , азыр Уй булолумун 2 уулум бар бирок жолдошуму жанымдан артык кором
#593 20 Февраль 2017 - 19:36
Мен сенин ордунда болсом Амирге турмушка чыкмак эмесмин,бир омур Амирдин алдында Кайраты эстегенинди жашырып жашаш бул психбольга алып барат.Таптакыр башка адамга турмушка чыгып мурунку суйууну ичинен эстеп жылмайып жургон жакшы.
#596 23 Февраль 2017 - 00:58
Арзыбаган адам учун озунузду аябай кыйнапсызго.
Бир аз сабыр кп Кайратты унутуп анын эстебечудой адам мн турмуш курбаптырсыз.
#598 23 Февраль 2017 - 14:13
ар бир учурду майдалап соз менен жеткиргеничи улант автор биз дагы деле кутуудобуз
#599 24 Февраль 2017 - 16:57
Тажадым жалгыздыктан тажадым. Мени эч нерсе кубантып, эч нерсе тан калтырбайт.
Байкеме барсам уйундо дагы жок. Баягы кара тору кошунасы аларды чет олкого эс алганы кеткенин айтты. кайра уйго келдим. Эки кун катары менен эс алам. Уйкуга чомулдум. Тушумдо ыраматылык чон апам, чон атам кирип, Бишкектеги уйубуздун чатырын сыйрып, "алмаштырабыз"
деп жатышыптыр.
Мен "Кереги жок, чатыр жакшынакай эле..." деп аларды айланчыктап журом. Бирок чон атам ай буйга келбей тутун чыкчы морду жулуп алды. Ангыча атам келип, бир нерселерди суйлошуп, экоону унаасына салды да бир жака айдап жоноду. Чон энем адатынча жылмайып, мага " баары жакшы болот" дегендей унаанын терезесинен узата карап кетип баратты. Аларды копко тиктеген боюнча, негедир кетишин каалабай жаттым. Артынан чуркап, кыйкырып, "Мен да барам!"
деп эч жетпей ээн талаада калдым. Унум бутуп, алым кеткен. Эч ким жок жымжырт талаада жайнаган сары гулдор, кайда барышымды билбей турганда.... чочуп ойгонуп кеттим.
#600 24 Февраль 2017 - 17:04
Жаман туш корсом, кечке чейин жаман абалда болом. Ордумдан туруп, бир чыны сууга тушумду айтып, таза жерге тогуп, жети токоч жазап, жыт чыгарып, Куран окудум. "Ооо... жараткан, ата энем, бир туугандарым,
Кыргызстаным,
чет жерде кор тирлик учун иштеп жургон кыргыздарды боодо кырсыктан сактай кор".
Атама менен байланыштым. Баары жайында экен. Скайп деген кандай сонун нерсе. Сагыныч кадимкидей таркап калат. Атакем эн жакшы адам.
Андан сон нетбукту тиктеп ойлуу отурдум. Оюмдун баары балээ баскан жанагы туш.
Атама менен байланыштым. Баары жайында экен. Скайп деген кандай сонун нерсе. Сагыныч кадимкидей таркап калат. Атакем эн жакшы адам.
Андан сон нетбукту тиктеп ойлуу отурдум. Оюмдун баары балээ баскан жанагы туш.