Суперстан: Сойку кызды сүйүп жүрдүм. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сойку кызды сүйүп жүрдүм. Тагдырдын тамашасы

#1 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 13:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Жаш элем, мектепти бүтүп, шаарга чоң окуу жайына тапшырганы келдим. Өзүм элдер менен бат эле тил табышып
кетем. Майда-чүйдө акча жасаганга да шыгым
бар. Анда эмне, көбүп турган убагым, “кой,
ай” деген киши да жок, бираз иштей калып
тапкан акчамдын бардыгын ойноп-күлгөнгө
кооротуп, шаардын болгон жакшылыгын
көрүп, жыргап эле жүрдүм.
Кичинемден кара жумушта өсүп, кара күч бар,
өзүм да спортко кызыгып, күрөш, футбол деп
жүрүп дене боюм зынкыйган жигит болдум,
кыздарды тандап, ай сайын ар башка кыз
менен жүрдүм. Эмнегедир бирөөнү да жакын
көрүп, сүйүп калган жокмун. Үйлөнүш керек
деген ой дагы болгон жок. Ошентип жыргал
жашоо өтө берди.
Бир күнү тааныш бала “сендей дене бойлуу,
спортсмен балдар керек болуп жатат, бир
жакшы иш бар”, – деп калды. Жакшылап
сураштырсам ал иш – сойкуларды эскорт
кылуу экен. Мындайча айтканда элитный
сойкулрды клиенттерге алып барып, кайра
аман-эсен “ордуна” алып келүү экен. Айлыгы
жакшы, анын үстүнө бул иш мага жөн эле
кызык болду, макул болуп, иштеп калдым.
Ошентип элитный сойкулардын жан сакчысы
да, айдоочусу да, арман угучусу да болуп
иштеп жүрдүм. Тагдыр деген бир балээ, түркүн
кызды талкалаптыр. Тим эле чүрөктөй, башы-
көзү, колу-буту аман, периштедей кыздар
иштешет. Жакындан билбегендер бул
кыздарды өтө начар ойлошот, бирок бир
тобунун жан дүйнөсү кооз, алар деле жакшы
жашоону тилегендер. “Буйруса дагы бираз
акча иштеп чогултсам, кетем”, – деген менен
бул шордулар жакында кайра кадимки
жашоого келчүдөй эмес. Башында “бул ишти
токтоткула, оңолгула” демиш болгонум менен,
бара-бара көнүп калдым, ашыкча сөз айтып,
аларга “жашоо үйрөтпөйм”. Тагдырдын
жазганы экен да…
Он беш жаштагы көпкөн балдардан баштап,
алтымышка чыккан чалдарга чейин
эркектерди “тейлешет”. Ичип алгандары
“кыздарымды” уруп-чабып жибергендери
менен далай мушташтым. Кээ бир кыздар
менен бир туугандай болуп калгам да. Бирөөнү
катуу сабап жиберип, он беш күн абакка да
отуруп чыктым, бул иштин “крышасы” бекем
экен, бат эле чыгарып алышты.
Эч качан сойку кызды сүйүп калам деп
ойлогон эмесмин, бирок сүйүп калдым… Он
сегизге жаңы толгон кыз, эмне болуп бул жака
келип калганын билбейм, тагдырды сөгүп,
анда-санда жер чабып калып жаттым. Ал
кызды алып качкым келди, а бирок мүмкүн
эмес, бул жактагылар кыздарын оңой менен
кое бербейт. Анын үстүнө ал кыз эң татына,
фигурасы тим эле журналдагы
кыздардыкындаай мыкты. Кээде эптеп сөз
баштап, сүйлөшүп, сырдашып калганда ал
кыздын ички дүйнөсүн ого бетер сүйүп
баштадым.
Клиент аны тандап, алып калганда кызганып
отуруп араң күтчүмүн. Сыртымда темирдей
көрүнгөнүм менен, ичимде назик сезимдериме
бурганактаган шамаал, жамгыр, чагылган
уруп, цунами, тайфуну кошо жүрүп кетчү.
Алып качкым келчү…
Күндөрдүн биринде мен ал кызга сүйүүмдү
билдирип, сөз айттым. Мээме бычак сайгандай
боло түштү. “Макул” деп мени менен “бир
болом” дегендин ордуна, төшөк кумарына
батып, жатып калдык. Кантсе да эркекмин да.
Күнүгө жолугабыз, күнүгө төшөктө, а бирок
кыз-жигит эмес, жөн эле дос катары…
Арадан убакыт өтүп, ал жумуштан кеттим. Кээде ал
кыз менен телефон чалышып, сүйлөшүп
калчубуз, бир айга жетпей номерин да
өзгөртүп, жок болду. Сураштырып,
байланышайын десем, бардыгы эле
билбейбизге салышты. Анда-санда түшүмдө
көрүп, жүрө бердим…
Күндөрдүн биринде жомоктогудай эле окуя
болду. Бир досум аял алып, тойго
барсам, көшөгөнүн артында баягы сойку
отурат… Мына сага, ошол жерден мен
жарылып кете жаздадым. Мен деле ушинтип
ала качып келип, аял кылып алсам болмок да,
а бирок отуруп калат деп ойлогон эмесмин. Ал
мени көрдү, көзүн ала качып, бирок кайра бир
жылмайды. Мүмкүн сойкулукту таштап, жаңы
жашоо куруп кеткенге мүмкүнчүлүк болгонуна
сүйүнүп отурса керек, а мен жаман оюмда
“мени көрүп, сүйүнүп кетти го” – деп койдум.
Бир чети ыза болуп, бир чети көрүшкөнүмө
сүйүнүп жатканымды билбейм, ичимдеги
сезимдер бир шумдук болуп эле жатып калды.
Ал сойку экенин ким билет, ким билбейт, мен
унчуккан жокмун. Менин аялым болбосо дагы,
башка менен бактылуу болсун деп, жакшы
тилектерди айтып, тойдун шаңын бузбай, сыр
билгизбей кете бердим.
Күндөр өттү, айлар өттү, экөө жашап келе
жатышат. Ортодо балалуу болушту, кийин кыз
төрөдү. Досумдун аялы сойку, кээде үйүнө
барып турам, бирок “аяш атооооу”, – деген
экөөнүн балакайынын жытын жыттап,
аяшымдын ысык чайын ичиш үчүн эле.
Жаман ой жок, сойкулук жөнүндө теманы
досум ал кызды ала качып келген күндөн
баштап бир да жолу көтөргөн жокмун.
Тарыхтын ал баракчасын чийип салып, мен да өз жолумда жүрөм. Туура кыламынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ACAH-AKA.   23 Декабрь 2016 - 13:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 826
  • Катталган: 26 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 17:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖЕРДЕ........

Негизи негизи мындай адамча туура ой менен карап корсон Сойку деле адам да неге суйгону болбосун болот!
Анан копчулуктун коз караш ою менен карасан сойку аттууну суймок турсун учурашыш озу жийиркеничтуу да туурабы
Сойку дегенин
каары
жаш
котур
спид
алкаш кысскасы макоо пестер канчалаган адамдар менен жатпады дейсин аныкына кирген эмени улаштырсан кытайга жетет да одним словам.Короче автор туура кылыпсып бир жакшынакай кыздар турганда сойкуга бок барбы .
Айттымго форумда кыз деген ошончо бироо жарымына эле чакычтай жабыш
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР











МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения ACAH-AKA. (23 Декабрь 2016 - 13:15) жазган:

Айттымго форумда кыз деген ошончо бироо жарымына эле чакычтай жабыш

Анткениңиз туура деңизчи. Жакшы кыздар жаман көп экен. Бирок мен пока кыз издебей эле. Жон гана тема ачкым келди. :достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aseras   23 Декабрь 2016 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 02 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 19:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт аралынан

Автор канча журогунуз бар айланайын))то актриса то сойку деп).Туура кыласыз,жашап келип атышабы значит бактылуу.Бул сырды горунузго чейин алып кетин досунузга айтпай.Досунузга айтсаз уй булоо бузулат,шайтан суйунот.Кыяматта кездешкенде билинет баары деп ойлойм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения aseras (23 Декабрь 2016 - 13:41) жазган:

Автор канча журогунуз бар айланайын))то актриса то сойку деп).Туура кыласыз,жашап келип атышабы значит бактылуу.Бул сырды горунузго чейин алып кетин досунузга айтпай.Досунузга айтсаз уй булоо бузулат,шайтан суйунот.Кыяматта кездешкенде билинет баары деп ойлойм

Мен жакшы көргөндөрүмдү да сүйдүм деп эсептейм. Южинчелик суйбойм бирок башкаларын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   happy02   23 Декабрь 2016 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жазуучу болсоңуз жарашчудай экен сизге..
Фантазияңызга баракелде.. :applause:

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Romantik.   23 Декабрь 2016 - 14:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 742
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 23 Июл 2025 18:04
  • Жынысы:Эркек

Ишенбейм бул просто жомок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Maero   23 Декабрь 2016 - 14:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 208
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 08 Июл 2025 02:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Мындай ыпластыкты бул жерге жазууну мен туура корбодум. Создун кыскасы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Жолоочу_Kosmopolitka_* 23 Декабрь 2016 - 15:01

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения kyialkech2016 (23 Декабрь 2016 - 13:55) жазган:

Мен жакшы көргөндөрүмдү да сүйдүм деп эсептейм. Южинчелик суйбойм бирок башкаларын.

Калп эле элди ойнотуп журуу сага жагат окшойт. :) сени оорулуу десем, беш бетер "касал" окшойсун. Тообо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   casperr   23 Декабрь 2016 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 182
  • Катталган: 01 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кыялкеч өзүң жазганыңа анча ишене албадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 15:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения Kosmopolitka (23 Декабрь 2016 - 15:01) жазган:

Калп эле элди ойнотуп журуу сага жагат окшойт. :) сени оорулуу десем, беш бетер "касал" окшойсун. Тообо!

Жок жакбайт, мен чыгарма жазып жатам башка сайттан кочуруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Nurmatova.   23 Декабрь 2016 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Мен теманын атын окуп эле жооп жазып койгом.
Эми окудум...Жакшы окуя экен. Бардыгы бактылуу болгонго укуктуу' Бактылуу болсун'

Билдирүүнү түзөткөн: Nurmatova.: 23 Декабрь 2016 - 15:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Жолоочу_Kosmopolitka_* 23 Декабрь 2016 - 15:17

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения kyialkech2016 (23 Декабрь 2016 - 15:09) жазган:

Жок жакбайт, мен чыгарма жазып жатам башка сайттан кочуруп.

Ыы. Эми тушунуктуу. Мейли ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   alibekova94   23 Декабрь 2016 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Просмотр сообщения happy02 (23 Декабрь 2016 - 14:00) жазган:

Жазуучу болсоңуз жарашчудай экен сизге..
Фантазияңызга баракелде.. :applause:



Башкалар ары калып экооз слишком шок болтат окшойбуз. :D

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 15:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения Nurmatova. (23 Декабрь 2016 - 15:15) жазган:

Сиз суйбогон кыз калдыбы?!
Итти да,битти да суйуп чыгыпсыз го.

Кочурулгон бул жактан
http://aibat.kg/archives/ 15447
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   mikoo   23 Декабрь 2016 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Янв 2021 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Октябрьский

Одноклассниктен окудум эле былтыры.
..... . .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Deniza88   23 Декабрь 2016 - 15:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Жесть :батан:
Мына ушундай кыздар бактылуу болуп кетишет экен
Мына жашоонун калыссыздыгы ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   kyialkech2016   23 Декабрь 2016 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Просмотр сообщения Deniza88 (23 Декабрь 2016 - 15:45) жазган:

Жесть :батан:
Мына ушундай кыздар бактылуу болуп кетишет экен
Мына жашоонун калыссыздыгы ...

Төрөлгөндө сойку болуп төрөлбөйт да мажбур сойку болгон балким. Ар бир эле кыздын бактылуу болууга акысы бар да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   happy02   23 Декабрь 2016 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Nurmatova. (23 Декабрь 2016 - 15:15) жазган:

Мен теманын атын окуп эле жооп жазып койгом.
Эми окудум...Жакшы окуя экен. Бардыгы бактылуу болгонго укуктуу' Бактылуу болсун'

+++
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   happy02   23 Декабрь 2016 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения alibekova94 (23 Декабрь 2016 - 15:20) жазган:

Башкалар ары калып экооз слишком шок болтат окшойбуз. :D

Сен кандай окудуң билбейм..)))
Мен Ванкувер байкени элестетип окудум.. :гезит:
Кантип элеее деп..

Арстан байке таарынбаңыз ээ.. :pardone:

Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 23 Декабрь 2016 - 16:24

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: