Суперстан: Бешбейне китеп жонундо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бешбейне китеп жонундо ой болушкулочу

#1 Пользователь офлайн   origami   17 Ноябрь 2013 - 00:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Мен эс тартып калган кезде,уйубуздо Бешбейне деген китеп болоор эле.Кечке барактаганды жакшы корчумун негедир.Кызык нерселер коп болчу.Чындаса коптогон чыгаан атуулдарыбыздын аттарын ошол китеп аркылуу тааныган болчум.ошол китепте Айтматовдун "Меняю на сахар..деген жазуу менен плащынын коюун чонтогунон Кыямат деген китеп башы чыгып турган сурот азырга чейин коз алдымда.Тилеке каршы ошол китеп жоголуп кеткенби уйдон таппай койдум.Балким ошол китеп сиздерде бардыр достор?Окугандар ,коргондор болсо ой болушкуло.Сүрөт
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мм...коп эле китеп окудум эле, бирок бул китептин аталышын биринчи угушум...(
Жергиликтуу библиотекага барып корунузчу, мумкун ошол жактан табаарсыз...
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   origami   17 Ноябрь 2013 - 00:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Китепканалардан издесем тапсам керек эле,тилеке каршы москвадамын. Аманчылык болсо Кыргызстанга барганда аркет кылам тапканга.Чындаса автору ким экенин да билбейи бирок ото кызык китеп эле.Сүрөт
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 01:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

:( авторун да билбесениз анда, табуу кыйын го...
Кыргызстанга барганда табасыз Ин ша Аллах!
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   muxammet   17 Ноябрь 2013 - 02:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 641
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 24 Мар 2014 18:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан!

Кичинекей кезимде мыкты тарых китептери уйдо боло турган, азыр алар жок. Кыргыздын мыкты жазуучулары азыркы кезде ыр жазып, акын болуп кеткенби дейм
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Aitunuk   17 Ноябрь 2013 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

origami (17 Ноябрь 2013 - 00:11) жазган:

Мен эс тартып калган кезде,уйубуздо Бешбейне деген китеп болоор эле.Кечке барактаганды жакшы корчумун негедир.Кызык нерселер коп болчу.Чындаса коптогон чыгаан атуулдарыбыздын аттарын ошол китеп аркылуу тааныган болчум.ошол китепте Айтматовдун "Меняю на сахар..деген жазуу менен плащынын коюун чонтогунон Кыямат деген китеп башы чыгып турган сурот азырга чейин коз алдымда.Тилеке каршы ошол китеп жоголуп кеткенби уйдон таппай койдум.Балким ошол китеп сиздерде бардыр достор?Окугандар ,коргондор болсо ой болушкуло.Сүрөт


"Бешбейне" деген китептин автору Абдырахманов деген сүрөтчү болгон, сүрөтүн (шарж) өзү тартып, пародиялуу ырларды ар кимдердин жазгандарынан алган, кээсин өзү жазган. Менин эсимде Камбаралы Бобуловго карата жазганы калыптыр:
"Лалаханым, Лалаханым,
Лалаханым деп жүрүп,
Аялымдын көп жедим алаканын."

К.Бобуловдун ырларын окусаңар көбүнчөсүн лирикалык каарман Лалаханга арналат.

Биз да китепти кимдир бирөөнө берсек керек, издеп таппай койдум.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 17 Ноябрь 2013 - 18:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Lumia-800   19 Ноябрь 2013 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

А Бешбейне деген соз эмнени тушундурот?
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aitunuk   20 Ноябрь 2013 - 09:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Lumia-800 (19 Ноябрь 2013 - 23:06) жазган:

А Бешбейне деген соз эмнени тушундурот?


Абдысалам Абдурахманов менен маек.
◄◄◄ ◄◄◄ № 20, 13-июнь, жума, 2003-жыл

l "БТ" мейманы
Эшекчен "сапсайган" сүрөтчү абдысалам келди
- Ассолом алейкум, - Абдысалам аке кирип келди.
- Ва алейкум ассолом, келиңиз Абдысалам аке! Көрүнбөйсүз да. Кайсы шамал айдады?
- Лейлекте жүрдүм, үйдөгү иштер менен. Керамика боюнча цех ачкан элем. Чоподон кесе, чыны, ваза жасачу. Бирок аны иштете албай койдум. Цехти эмес, элди иштете албай койдум. Баары жалкоо, иштебей эле акча ала берсек дейт.
Айылда жүрсөм Бишкектен балам телефон чалды. "Сизди Ак үйдөн издеп жатышат, "келсин" дешти" дейт. Жүрөгүм "шуу" дей түштү. Ак үйдөгүлөрдү карикатуралап жүрбөдүм беле. Кашайгырлар эми түбүмө жетишет экен да дедим. Анан ошентип Бишкекке келдим. Кечки саат сегизде келгем, саат 9дан өткөндө Аскар Какеев чалат. "Абдыке, кандай? Сага стипендия бергени жатабыз" дейт. Чочуп кеттим. "Кандайча? Мен татыктуу эмесмин да" дедим. "Сен келе берсең, эртең менен саат 10го кел" деди. Эртеси аябай кычырап алып бардым. Киши көп. Үч-төртөөнү тааныйм, калгандары бейтааныш. Осмонакун сүйлөдү, Аскар Акаев өзү сүйлөдү. Анан банкет беришти. Стол жайнайт. Таттуу-паттуудан акырын сумкага (ошол жерден беришти эле) толтура салып алдым. Ак үйдөн алдым деп мактанганга жакшы да, неберелерге бердим...
- Стипендияңыз канча экен?
- Ай сайын 500 сомдон жыл бою алат экем.
- Ошондон бери бул жактасызбы? А чыгармачылыгыңыз кантип атат? Токтоп калган жокпу?
- Чыгармачылык токтобойт. Кино тартып жүрдүм. "Менин жерим менин көзүм менен" деген видеофильм. Азыр каражат жоктугунан монтажы токтоп турат. Көп акча керек экен. Анан Кокон шаары тууралуу да тартсам деген ой бар. Бул биздин ордо болгон да.
Дагы бир цех ачкам. Кол өнөрчүлүк боюнча. Килем, кийиз, таар ж.б. жасап сатабыз. Бир-эки килемди Бишкекке алып келип 200-300 доллардан саткам. Досторум алган. Азыр мэрге кирип жатам. Бизге килем токуганга цех, салон жана отурганга офис бериңиз деп...
- Коконду айтып кеттиңиз, сиз Кокондо медреседе окугансыз да.
- Ооба, Кокондо 3 жыл окудум. Менин ата-бабаларым ордодо кызмат кылышкан, динчилер болгон. Атам мени да молдо болсун деген эле. Партия куугунтуктап, бизди окуткан мударистер Тажикстанга, биз Кыргызстанга качып келе бердик. Ошону менен токтоп калды.
- Анда азыр кудай менен кантип байланышып жатасыз?
- Түз байланышка чыгам, ортомчунун кереги жок.
- Абдысалам аке, бу сүрөтүңүздө каман болуп калгансыз го, - карандаш менен тартылган сүрөтүн көрсөттүм.
- Аа, муну Жамбул досум (Жумабаев) тарткан. Экөөбүз дайыма бири бирбизди тартабыз. Мени канчалык шылдыңдап тартса, мен ага ошончолук ыраазы болом. Такыр чычалабайм. Билесиңби, "Бешбейне" китебим чыккандан кийин көп адам "тепкиледи" . Мар, Салибай Шатманов, Жанузак Молдобаев мага таарынышты. Айрымдары көргөн жерден дале акшырая карашат.
- Абдысалам аке, эми таарынгандар болот да, ал эми ыраазы болгондор болдубу?
- Демократ Тургуналиев партократ Масалиевди "кет" деп ачкачылык жарыялаганын карикатуралап гезитке берген элем. Бирөөлөр коркутушту. Бирок Масалиев эмес. Кийин а киши мага колдоо көрсөттү, ошондо андан аябай уялдым. Анан Акаевди да көп тарткам. А киши да таарынган жок. Минтип стипендия берип отурат. Мында да бир катуу уялдым. "Бешбейне" чыккандан кийин академик Аскар Какеев (анда таанычу эмесмин) пикир жазып "Маданиятка" салып жиберген экен. Анысы бирөөнүн столунда эки жыл жатыптыр. Бир күнү келип бир нерсе карап жатып таап алдым. Ашыкеге (Жакыпбеков) берсем дароо чыгарды. А Какеев Жакыпбековго "чыгарбайт" деп таарынып жүрүптүр. Ошондон кийин Какеев менен тааныштым, азыр доспуз.
- Сиз көп нерселерди көрдүңүз. Аябай таң калычтуу окуялардан бир-экини айтып бербейсизби?
- Андай окуялар көп эле болду. Аябай таң калганым үчөө.
Бир жолу пивоканага кирсем Болот Бейшеналиев отуруптур. Көңүлсүз. Сүйлөшүп, пиво ичип отурдук. "Мобуну окучу" деп кагаздарды көрсөттү. Москвадан келген телеграмма экен. Бүткүл дүйнөлүк Азия жана Африка фестивалы болуп, Болот Бейшеналиевге сыйлык ыйгарыптыр. "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөндүн ролу үчүн. А биздин Москва "Биздин ишмерлер силердин акчаңарга муктаж эмес" деп сылык жооп берип, аткез кылышыптыр. Эми ушундай улуу инсанга драмтеатрдын ошо кездеги директору Алмаз Жапаров күнүгө сөгүш берчү экен. Акыры ошентип жүрүп Болот Бейшеналиев Киров айылындагы маданият үйүнө кетип калды. Мына ушуга таң калдым.
Экинчиси да кызыктуу окуя болду. Театрда анча-мынча шабашка кыла калчубуз.
Бир жолу Акен Конушбаев (эмгек сиңирген сүрөтчү) экөөбүздү Бакен эже үйүмдү сырдап, жасалгалап бергиле деп алып барды. Бүрүшкөн сүрөтчүлөр Бакен эжеден тартынып, сүрдөп ого бетер бүрүшүп калдык.
Түшкү тамакка Бакен эже лагман даярдаптыр. Тамактан бир-эки кашык ичип эле, уялып тойгон болуп отуруп калдык. Бакен эже "жегиле, алгыла" деп отурду. Аягында бизди карап, "Силер театрда иштейсиңер да, ээ? Анда маданияттуу турбайсыңарбы, маданияттуу киши тамакты түгөтө ичет. Түгөтө ичкиле" дейт. Өзү тамагын түгөтө ичип, кесесин колу менен тазалап койду. Биз да анан лагманды түгөтө ичтик. Ошондон кийин мен маданияттуу болуп, табакты аябай тазалап ичип калгам.
Ушу сыяктуу эле окуя, бирок тескерисинче болду. Бир жолу бир интеллигент досум (атын айтпай эле коеюн, театрда чоң режиссер), менен тамактанганга кирип калдык. Пельмен алып ичтик. Тиги интеллигент досум аягында кесесинде эки пельмен калтырып коюптур. Тазалап ичип көнгөн мен:
- Ай, тамакты эмне калтырып ичесиң, ушул экөө батпай калдыбы, жеп сал, - дедим.
- Интеллигентный адамдар деген тамакты бир аз калтырып коет, - дейт тиги интеллигент досум.
Ошондон бери тамакты же түгөтө ичип маданияттуу боло албай же анча-мынча калтырып коюп интеллигентный боло албай, башым маң. Жол эки айры болсо... ушул экен. Ушуларга таң калдым.
- Абдысалам аке, сиздерди вино жасачу дешет...
- Анда Горбачевдун заманы. Арак-вино жок. Табыш өтө кыйын. Жамбыл Жумабаев "вино жасап көрбөйлүбү" деп калды. Макул болдум. Салижандын (Ямгырчинов) алмасы төгүлүп жатканын көргөм. Андан алма алып келдик. Баарын рецепт боюнча жасадык. Алманын уругун алып салганбыз. Көрсө, албаш керек экен. Ошол ачытат турбайбы. 20 күн турду, ачып-кычып чыкты. 20 литр. Ичип көрөлү дейт Жамбыл. Макул ич дейм. Ичпейт, "сен ич, мен сенден 15 минуттан кийин ичейин" дейт. Ошентип коркуп турабыз, сен ич, сен ич болуп. Бир убакта Мурза аке келип калды. Бир аз ичип алган экен. Вино кайнатканыбызды айтсак, кубанып кетти, бейиши болгур. Куйбайсыңарбы дейт. Дароо стаканга толтура куйдук. Ичип алды. Күтүп турабыз. 15-20 минут өттү. Мурза аке (Гапаров) кызый түштү. Ачылып сүйлөп кирди. "Давай" деп биз да согуп кирдик. 20 литрди 2-3 күндө эле түгөтүп салдык.
- А ошондо Мурза аке ууланып калса эмне болот эле?
- Эми бир нерсе болсо "скорый" чакырта коет элек да. Дароо жетип келет эле да.
- Винону сынаш керегин айткан жоксуздарбы?
- Жок, ичелекте айтсак, ичпей коет да. Ичип бүткөндөн кийин айтсак, бизди өлтүрбөйбү.
- Бирок кийин айттыңыздарбы?
- Айттык. "Сизге эксперимент жасаганбыз" десек, "Бу силер, сарттар, мени өлтүрөйүн деген экенсиңер да" деп аябай эзилип күлдү. Жакшы киши эле, ыраматылык.
- Эми эмне кылайын деп жатасыз?
- Жакырчылыкты жойгонго аракет кылам. Цех ачылып калса, улуттук маданиятты көтөрөм.
(Уландысы бар)
Маектешкен
Базарбай Гапаров


Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 20 Ноябрь 2013 - 09:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aitunuk   20 Ноябрь 2013 - 09:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

◄◄◄ № 22 , жума, 27-июнь, 2003-ж.

l "БТ" мейманы
Эшекчен "сапсайган" сүрөтчү Абдысалам Лейлекке кетти...
(Башы өткөн сандарда)

- Абдысалам аке, кишилерди тоногон учурларыңыз көп болгон экен. А өзүңүз тонолуп көрдүңүз беле?
- Жок, мени эч ком тоногон жок. Өзүм ар кимди тоноп жүрсөм, мени ким тономок эле.
- А уурулук кылган учурларыңыз да болсо керек. Себеби сизден көп шумдуктуу нерсени күтсө болот да.
- Чынында эле аябай көп болду. Баары окуп жүргөнүмдө болгон. Анда эмне уурдайм? Албетте, тамак. Каракурсактын айынан да. Акчабыз жок. Балдар ашканага кирип, гарнир алабыз. Эң арзаны ошол. Гарнирди алып жатып эки жакты карап-карап, манты, самсалардан чөнтөккө сала коебуз. Чөнтөгүбүз эзилип, былчылдап калабы - аны менен ишибиз жок, эптеп уурдасак болду да.
Кийин "Соң-Көл" кафеси ачылды. Анда нан бекер болчу. Толтура кылып кесип коер эле. Тамак алганда кошо алчусуң. А биз, балдар, бир чемодан алып барабыз, эки жакты карап туруп, чемоданга нандан "шап-шап" сала коебуз. Аны алып келип, чайга кумшекерден чылап ичип-жеп алабыз. Ошентип курсагыбызды тойгузуп жүрдүк.
- А буюм же акча уурдадыңызбы?
- Жок. Тамак гана уурдачубуз. Мунубуз да окуп жүргөндө гана. Окууну бүткөндөн кийин колтуткактыгым калды. Башка нерсеге тийчү же башка жакка атайын уурулукка барчу эмеспиз.
- А уурдатып көрдүңүзбү?
- Уурдаткан жокмун. Аферисттерге алдаттым. Эмнени дебейсиңби? Китебимди. "Бешбейнени" . Ошто китеп сатып жүргөм. Төлөн деген бир шылуун "мен китебиңизди сатып берем, буудайга алмаштырып, акча кылып берем" деп жанды койбой жүрүп, 8000 китеп алып кетти. Өзү музейде иштечү. Ошо бойдон жок. Музейи да жабылып калыптыр...
- Баса, Абдысалам аке, ошо китебиңиздин чыгышы да өзүнчө чырлуу болгон экен...
- Сүрөттөрдү даярдап, "Кыргызстан" басмасына өзүмчө сунуш кылдым. Кабыл алышты. Ал кезде жеке адамдын сатиралык китебин чыгарчу эмес. Жамаатташып чыгарышчу. Басманын көркөм кеңеши карап, каршы чыгышыптыр. Биз да авторлош болобуз дешиптир. Ошентип басылганы жаткан китебим токтоп калды. 3-4 ай жатты полиграфкомбинатта. "Кыргызстанга" башкы сүрөтчү болуп жаш жигит келди. Ага айтсам, карап көрүп дароо уруксат берди.
Көрсө, басманын чоңдору менин китебимдеги "маданий дөө-шаалардын" ичине кирбей калышыптыр. Ошондуктан бут тосушкан окшойт. Аягында "бизди да кош" деп айтышты. Ошентип ал чоңдорду да тизмеге коштум. Ошондон кийин китебим чыкмай болду. Китепке ат издедик. Конкурс жарыялап жибердим. Көп сунуш түштү. Мелис Абакиров "Бешбейне" дегенди сунуш кылды. Алым Токтомушев "Куудул китеп" деди. Ушул экөө жеңип, китептин аты "Бешбейне. Куудул китеп" болуп калды.
- "Бешбейне" деген эмнени билдирет экен?
- Бешенеңе жазылганын көрөсүң дегени экен. Сүрөттөрү бүткөндөн кийин сөздөрдү жазыш керек. Дагы конкурс жарыяладым. "Арашан" эс алуу үйүндө жазмай болдук. Салижан Жигитовду, Саткын Сасыкбаевди, Ашым Жакыпбековду, Илгиз Гилязетдиновду алып бардым. Ошоерден бир кой сатып алып, байлаттырып койдум. Кечинде сое турган болдук. Алып барган тамак-аштарыбызды жеп, арактан ичип отуруп сөздөрүн жаза баштадык. Улам ичебиз. Ошентип отуруп кызып калыптырбыз. Бирөө бир нерсе айтса эле каткырып күлөбүз. Салижан аке ичпейт. Бизге жини келет, "эй акмак алкаштар, токтоткула, буларың пок сөз айтса күлүшөт экен, а мен жакшы сөз айтсам, эч ким күлбөйт, мени кошпой жатасыңар" деп тилдейт. Кызып калган немелер ичип, жазып отуруп, көпкө иштедик. Эртең менен турсак коюбуз тирүү бойдон байланып турат. Ошондо эсибизге келип, анан сойдук. Бирок арагыбыз жок калыптыр. Акча да жок. Эмне кылышты билбей турабыз. Баарыбыздын башыбыз ооруп жатат. Ашым аке "Орозбек Айтымбетовдун бир таанышы бар болуш керек эле" деди. Ошоерде иштеген ашпозчу дунган аял имиш. Орозбекке самогон таап берчү экен. Ашым аке ошого жиберди. Акча жоктугун айтсам, "бир койдун этин ким жейт, жарымын бер, самогон алып келип берсин" деди. Этти бышырып, жарымын бердик. Толтура самогон алып келиптир. Аябай эчип, шаарга эптеп келдик.
- Эми ошо абалда жазган тексттериңиздер жарадыбы?
- Бир канчасы жарады. Калганын кийин бул жактан жаздык. Анан китебим чыкты. Ошо жылы Лейпцигде китеп көргөзмөсү болмок эле. Менин китебимди ошоякка даярдашыптыр. Кагазы жылтырак, сырты алтындын буусу менен жазылган. Китеп Москвага жөнөгөндө ГКЧП чыгып калбайбы, ошо менен китебим Лейпцигге жетпей, кайра артка кайтып келди. Ошентип ГКЧП мага эки жолу зыян кылды.
- Китептериңизди өзүңүз саттыңызбы?
- Бир тобун өзүм саттым. Бирок пайдасы тийген жок. Айтпадымды аферисттер алдап кетти деп. Базаркоргондук дагы бирөөгө 300 китеп бергем. А да "оомийн" болду.
- Карыздарыңызды өндүрө алдыңызбы анан?
- Төлөн Акматалиевди айылына издеп бардым. Карган энеси бар экен. "Ал балам ошентип элди алдачу болуптур. Мени канча алдап кетти. Эмне кылсаң ошо кыл" дейт байкуш кемпир. Эмне кылмак элем? А Жалалабаттагы "досум" да башка жакка которулуп кетип, ал китептерим да ошо бойдон жоголду. Дагы бир аласам бар. Токтогул атындагы музейдин директору А. Чекиров Молдо Кылычтын сүрөтүн заказ берген. Сүрөттү Молдо Кылыч жөнүндөгү материалдар жана башка нерселер аркылуу тарттым. 2000 сомго макулдашканбыз. Кийин ал директор да башка ишке которулуп кетиптир. Ал акча да "оомийн" .
Султанга (Раев) бардым. Музейге жиберди. А музейдин азыркы директору "мен төлөй албайм" дейт. Ошентип ал акчам да өнгөн жок.
- А "Бешбейнеден" канча калем акы алдыңыз?
- 11 миңдин тегереги.
- Анча акчаны кантип короттуңуз?
- "Чү" дегенде эле карыздарыман кутулдум.
- Карыздарыңыз көп беле?
- Көп деле эмес болчу. Негизинен арак, пиво ичкенде карыз болчумун. Ошолордон кутулдум. Ашкана столу менен диван алдым, калганы майда-чүйдөгө кетти. Китепти басмаканадан алып, ар кимге автограф менен бере берген экем, кийин баарын менден кармап калды. Ошентип китептин акчасы мага көп деле жуккан жок. Болгону элге сиңип кеттим. Ушуга эле ыраазы болдум.
- Абдысалам аке, акчаңыз ичимдикке эле кетсе, ичкенди жакшы көргөн окшойсуз ээ?
- Жакшы көрөм. Нормальный адамдар аракты жакшы көрөт. Арак ичкен жакшы да.
- Эмнеси жакшы?
- Ичсең - ачыласың. Кыздар менен да жакшы, көңүлдүү отурасың. Коммунист болуп отура берсең, эч ким жактырбайт. Мени менен ичкендер азыр бүт белгилүү инсандар. Генийлер ичкендерден гана чыгат. Рамис акын өкмөт аракты тыйганда "арак эми токтолду - генийлери жок болду" деп айткан .
- Ким менен көп иччүсүз?
- Ар ким менен. Ашым аке менен дос элек. Иштеп жатып эле кабинетине кирем. "Абыке, эшикти илип койчу" дейт. Илип алып, ичебиз.
- Абдысалам аке, "мен көл жакта чоң молдо болгонго кудуретим жетет" дейсиз. Кудайга түз ишенесиз. Анан ичкилик ичесиз. Бири бирине туура келбей калат го...
- Молдолоруң өздөрү ичет. Формалдуу гана молдо болбосо, а жасаганы такыр башка. Бир досум бар. Намаз окуп, "туура жолдо" жүрөт. Мага "сен каапырсың, намаз окусаң боло" деп көп насыят айтат. Бир жолу намаз окуп калды. Бүткөндөн кийин сурадым "Намаз окуп жатып эмнени ойлодуң?" деп. "Мага эмес кудайга айт, эмнени ойлодуң?" деп такып сурасам, "эч кимге айтпа" деп, ойлогонун айтып берди. Ал мал келсе, сарайга киргизип, эшиктерин, дарбазаны бекем жабыш керектигин, уурулардан сак болууну ойлоп окуптур. "Сен мени "каапыр" дейсиң, а өзүң Кудайды алдап, каапырдан да жамансың" дедим. Унчуга алган жок. Эмне, кудай ушулардан алданып калат бекен? Молдолор артист да.
- Абдысалам аке, Рамисти көп сөз кыласыз. Ал кандай адам?
- Гений. Мен Рамис менен замандаш болгонума бактылуумун. Бир жолу кышында эртең менен аялдамада тургам. Колунда бүктөлүп мыжылган кагазы бар, карды байпакчан кечип шырылдата марш тээп Рамис келип калды. Учураштык. "Таң атканча ыр жаздым, - деп колундагы кагазын көрсөттү, - үч сомуң барбы?". Үч сом берип, эмне кылаарын сурадым. "Пивоканага барып, алкаштарга пиво алперип, ырымды окуп берем, антпесең, алар мени укпайт" деп марш тээп басып кетти. Артынан карап туруп, көзүмө жаш келип кетти. Тик карап турганымды сездиби, шарт бурулуп кайра келди да: "Эмне, үч сомуңа ыйлап жатасыңбы, ме!" десе болобу. "Жок, Рамис, мен сен менен замандаш болгонума бактылуумун, ошого ыйлап жатам" дедим. Мен ушуга бактылуумун.
- Абдысалам аке, өзбектер менен мамилеңиз кандай?
- Жакшы эле, өзбек досторум бар. Ошто токмок жегенден кийин аларды бир топ жаман көрүп калгам. Чегарада да анча-мынча чыр мамилелер болот. Бирок өзбек чегарачылары мени жакшы таанышат.
Мен өзбектин бакылдап-шакылдаганын анча жактыра бербейм. Бир жолу мындай окуя болгон. Коконго базарга барып, соода кылып, чайканага киргем. Чай-нан алып ичип отургам. Ары жактагы тапчанда 7-8 өзбек бакылдашып жатышкан. Үндөрү абдан бийик чыгып, талашып жатышат. "Бериңг, бериңг" деген эле үндөр угулат. Бир нерсени соодалашып жатышыптыр. Такыр тынчтык бербей коюшту. Чай иче албай, жиним келип, акырын басып бардым. "Эмне кылып жатасыңар?" десем, "Мунабу бөдөнөсүн 4 сомго бербей жатат, 5 сом деп болбойт" дейт жашы өтүп калган бир киши. Тигиниси "4 сомго болбойт" деп болбой жатат. Аябай жиним келип кетти. Кой же эчки болсо бир жөн, болгону бөдөнө, ушуга ушунча чырбы? Чөнтөгүмдөн акча алып чыктым, 10 сом экен. "Ме, бер мага бөдөнөңдү" дедим. Баарынын оозу ачылып калды. Тиги да уяты жок неме экен, 5 сом деп жаткан чымчыгын унчукпай 10 сомго берди. Бөдөнөнү колума алып терезеге бардым да, сыртка учуруп жибердим. Тигилер ого бетер айран-таң болушуп, жакын келишип эмнеге анткенимди сурашты. "Эй, кысталактар, чай ичирбей койдуңар, бу тынчырак отуруп чай иче алабызбы-жокпу? " дедим катуу. Унчукпай калышты. Бу кысталактарга кээде ушундай мамиле жасаш керек.
- Сизди дарбазасына толтура жазууларды жазып алчу дешет...
- Өткөндө айтпадымбы, бу кыргызың жалкоо экен деп. Цехти эмес, элди иштете албай койгом. Келип алышып кечке чейин бакылдап отура беришет. Кокус бирөө келип калса, кетпейт, бажылдап отурганы-отурган. Эми келген адамды "кет" дей албайсың. Анан дарбазага жазып койдум. "Малча качырбай, сурап кирүү деген болобу сенде?" "Оболу тыкылдат эшикти, ачса кир, ачпаса унчукпай кет ары", "Ишиң болбосо башты оорутуп, мишайт этпе", "Мас болуп келбе", "Идиш сурабагыла, берилбейт" , "Айтар сөзүңдүн ток этерин айт да, кайт" ж.б. ушундай инструктаж жазып койдум. Келип жүргөн жалкоолордун аягы бир аз тыйылды. Бирок бул да тосо албайт экен. Кыргызга айла жок тура.
- Дыйканчылыкка кандайсыз?
- Дыйканчылыкты жакшы билем.
- Анда эмне үчүн дарбыздарыңыз кеч бышат?
- Анда жакшы билчү эмесмин. Көрсө, дарбыздын жалбырагы күндүз соолуй түшөт экен. Соолгондо дароо сугара салчумун. А аны түндө сугарыш керек экен. Кийин баарын үйрөнүп алдым.
- Абдысалам эке, президенттик стипендияны да алып унчукпай кетип жатасыз. Жакшы барыңыз эми, таарынбай кетиңиз. Стипендияңызды жакшылык иштерге жумшаңыз. Кайра жолугушканга чейин сак-саламат болуңуз.

Узаткан Базарбай ГАПАРОВ

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Lumia-800   20 Ноябрь 2013 - 10:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Сүрөт Aitunuk.


Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   alykul   26 Декабрь 2016 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Бул китеп бизде деле бар болчу сырты жармы ак жарымы сыя өңдө эле.менин эсимде калганы ак кеме чыгармасындагы каармандар болгон .анда тиги ороскул аялын сабап атканы ушу автору аралашып атканы.анан да сүйлөгөндөрү кызык."э жетим художник мына сага(сөөмөй мн ортон манжасынан бармагын чыгарып)философия. десе аялы койчу ороскул буйруса балалуу болорбуз.деп ушундай кызык журнал болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 01:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: