Сыноодон өткөн жубайым
#1 28 Декабрь 2016 - 19:02
СЫНООДОН ӨТКӨН ЖУБАЙЫМ..
Аялым экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Ортодогу мамилебиз сууп,ага болгон сезимим өчө баштады. Көчөдөгү таптатынакай кыздарга көзүм түшүп, кызыга баштадым..
Кыялымдагы сулууну табыш мага онойго турду,себеби, базарда иштейм. Кардарлардын арасынан ушундай бирөөнү таптым.
Супсулуу,назик ушундай сонун жан эле..
Аялым менин ала жипти аттап жүргөнүмдү сезсе керек..унчукпай, ойлонуп,мен уктап калганда ыйлап алчу..бирок балдарыбызды атасыз калтыргысы келбедиби,же мени сүйчүбү,айтоор ажырашам деп бир да жолу айткан жок.
Күндөр өтүп,тиги кызга аябай байланып калдым,аялымды көрөйүн деген көзүм жок. Эптеп эле кечинде келип уктап,кайра эртен менен үйдөн чыга качам..
Досторум,эй эсине кел,тиги кызын сени менен акчан үчүн жүрөт,акчан болбосо бир тыйынчалык керегин жок болосун ага- деп калышты..
Ойлонуп отуруп ал кызды сынайын деп чечтим.
Өзүнчө план да түзүп алдым.
Досум ал кызга чалып:
-Саламатсызбы, мен Эрнистин досу болом..Эрнис банкрот болуп калып,уксус ичип алды,азыр реанимацияда, тезинен келе калсаныз -деп айтты.
Кыз:
-Кайсы Эрнис?!..мен андайды тааныбайм,экинчи мага чалбаныз деп трубканы коюп салды...
Ичим өрттөнүп,анын: "Сизди сүйөм"-деген сөзүнүн жалган экенин түшүндүм..ушунчалык ачуум келди..досторумдун көзүнчө да сынып калдым..
"Ушул эле сөздү аялыма айттырсам кантээр экен?.." деген ой келди.
Досум аялыма чалса,аялым сөзүнүн акырына чыгарбастан:
-Ал тирүүбү?..Кайсыл больницада? !..Тезинен дарегин бере салынызчы мен бара калайын-деп ыйлап жиберди..
Мына сага! Ит эле болдум..1 жылдан бери аны көргүм келбей,карабай, көнүлүн оорутуп жүрсөм,ал болсо ушундай мени сүйөт тура.. эми мени кечиреби??
20 мүнөттөн кийин аялым досум айткан дарекке жетип келди..
Ушунча жылдан бери байкабай көзүм көр экен го,,аялым ушунчалык сулуу экен..жоолугу да өзүнө жарашкан..коркконунан өнү кубарып калган..мени көрүп,нес болуп эч нерсени түшүнбөй карап туруп калды..көздөрүнөн мөлтүрөп жаштар агып жатты..
-Жаным, мени кечирип кой,эми экөөбүз бактылуу болобуз,мен да эми сени менен чогу намаз окуйм..сени намазга ойготом..-деп аны кучактап алып шыбырай бердим..көздөрүмдөн сызылып жаштар акканын да сезбептирмин. .
Ошентип,жашообуз жаныланды,күнүгө аны сүйөм деп айта берем..жума күндөрүмдүн бири да аялыма белек бермейинче өткөн жок..
Көрсө,аял затына дайым көнүл бөлүп,сүйүүндү билгизип турган сайын ал жашара берет экен..
Аялым да өзүнө келип,гүлдөп калды..жаркылдап күлүп жумушка узатып,кайра жаркылдап тосуп алат..
Бирөөнүн сулуу аялына(кызына, карындашына) көз арткыча,өзүбүздүн аялыбызды жакшы карап гүлдөтүп алган туура болот экен деген чечимге келдим.
Аял затын барктап,сыйлап өтөлү,алар биз үчүн күчүн аябай кызмат кылып өмүр кечирет тура...

#2 28 Декабрь 2016 - 19:03
Азыр админ келип урушат сени) мине буяка ачывалдын чыгарманы эссенин десе манка чык эшке деп)
#3 28 Декабрь 2016 - 19:27
#7 28 Декабрь 2016 - 20:16
Одноклассниктен окудум эле... Аял заты бардык нерсеге чыдайт тура.
#8 28 Декабрь 2016 - 20:43
Бактылуу колунуз!
Не кыл дейсин турмуш азыр бут жагынан бузулган!
#12 29 Декабрь 2016 - 01:28
Ооба оз омурлук жубайын чын журоктон куйот, Ошонун баркына жете билуу керек. Бирок адам заты жамандыкты кормойунчо жакшылыктын кадырын билбейбизда.
#14 29 Декабрь 2016 - 13:53
#15 29 Декабрь 2016 - 16:15
#17 29 Декабрь 2016 - 17:55
#18 30 Декабрь 2016 - 00:05
Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, ар нерсенин кадыр баркын билип жакшы туура жүрөлү туугандар.
Агайындын кадырын жалаалуу болсоң билерсиң, Ата – эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң.
Адамга - ишарат, айбанга келтек.
Адамга чычалак жарашпайт, Атка жаталак жарашпайт.
Адамдын көркү адилеттүүлүктө, жигиттин көркү - адептүүлүктө.
Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшойт.
Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
Жакшы болом десең жакыныңа жан тартпа, Бактылуу болом десең башкаларга көз артпа.
Жакшы болсо аялың - келип турат жакының, Жаман болсо аялың - качып турат жакының.
Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
Малың барда баары дос, малың жокто кана дос?

Мекеним Кыргызстан
#20 30 Декабрь 2016 - 04:35