Суперстан: Кырсыктан жабыр тарткандарга форумчулардан жардам - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • > Кайрымдуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кырсыктан жабыр тарткандарга форумчулардан жардам Бишкектеги форумчулар чогулуп...

#81 Пользователь офлайн   happy02   05 Февраль 2017 - 20:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Gupa (05 Февраль 2017 - 20:07) жазган:

Кандайчикилер? Биз Румайка экөөбүз барып келдик. Чогулган акчаны үй-бүлөсүнөн ажыраган эки 7 жаштагы балага бөлүп бердик. Ким кошконун, канча кошконун эртең жазам, буюрса.

Кудай ыраазы болсун сиздерден..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   -NURIK-   05 Февраль 2017 - 21:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Жакшы иш кылыпсыздар.

Бирок жалпы эл чогулткан акчаны өкмөт жеп коебу деп турам. (30 милиион беле унутуп калдым).Себеби баардык чыгымды түрктөр көтөрүп жатса башка дагы кандай чыгаша болушу мүмкүн майда чүйдө нерселерди эске албаганда.
Биздин чоңдор өлгөнү калды өзү Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына марафон өткөрүп түшкөн акчаны жеп коюптур. Ж.Шералиевге да марафон кылып андан жеп. Түндүк түштүк жолун салып анын 3/2син жеп коюшту. Ысык Көл жактагы жолду салып аны жеп. Эшек сатып жеп. Кыскасы ач иттикин сук ит жалайт дегендей.
Көрөсүңөр ошол акчаны да жеп тынышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Tagdyrov   06 Февраль 2017 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 761
  • Катталган: 26 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 06 Фев 2018 12:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Gupa (05 Февраль 2017 - 20:07) жазган:

Кандайчикилер? Биз Румайка экөөбүз барып келдик. Чогулган акчаны үй-бүлөсүнөн ажыраган эки 7 жаштагы балага бөлүп бердик. Ким кошконун, канча кошконун эртең жазам, буюрса.

Аллах ыраазы болсун!
Акылы көптөр-идеяларды, акылы ортолор- окуяларды, акылы аздар- адамдарды сөз кылышат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   argen.kg4   06 Февраль 2017 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 981
  • Катталган: 15 Январь 15
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 07:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ал жерден корунбойт

Просмотр сообщения -NURIK- (05 Февраль 2017 - 18:36) жазган:

Жакшы иш кылыпсыздар.

Бирок жалпы эл чогулткан акчаны өкмөт жеп коебу деп турам. (30 милиион беле унутуп калдым).Себеби баардык чыгымды түрктөр көтөрүп жатса башка дагы кандай чыгаша болушу мүмкүн майда чүйдө нерселерди эске албаганда.
Биздин чоңдор өлгөнү калды өзү Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына марафон өткөрүп түшкөн акчаны жеп коюптур. Ж.Шералиевге да марафон кылып андан жеп. Түндүк түштүк жолун салып анын 3/2син жеп коюшту. Ысык Көл жактагы жолду салып аны жеп. Эшек сатып жеп. Кыскасы ач иттикин сук ит жалайт дегендей.
Көрөсүңөр ошол акчаны да жеп тынышат.

Атайын эсепке эле 60миллиондой тушту.Башка чогулган акчалар да бар.Калган азык тулук,строй материал ,кийим кече,жууркан ж.б эсеби жок.
Ушул олгон,жабыр тарткан адамдардын акысын коркпой жешсе тешип эле чыксын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Gupa   07 Февраль 2017 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Просмотр сообщения Gupa (05 Февраль 2017 - 20:07) жазган:

Кандайчикилер? Биз Румайка экөөбүз барып келдик. Чогулган акчаны үй-бүлөсүнөн ажыраган эки 7 жаштагы балага бөлүп бердик. Ким кошконун, канча кошконун эртең жазам, буюрса.

Убакыт табылбай жатты. Барарын барып алып, өзүбүз жаман болдук, кирип эле чыккалы шашып жаттык, жаштык кылат окшойбуз, же сөзгө мококпузбу, ооздон кеп кетип калат экен. Чыгып алып таксист аганы кошо кир дебеппиз деп коёбуз. Мотурайган эки баланы көргөндө жан коёрго жер таппай калдым. Биринчи Жакшылыктын үйүнө бардык, андан чыгып машинеде бир сыйра ыйламыш этип алып Султандыкына жөнөдүк. Тим эле жакшынакай балдар, эхх, али эч нерсени түшүнө элек жатып жетим кылган тагдырга нааразымын. Экөөнүн тең чоң эне-чоң аталары бар экен, Кудайга шүгүр. Жогоруда бирөөнүн чогулган акчалардан күмөн санаган билдирүүсү бар эле, ошого кичине баяндап койдум. Сүрөт-мүрөт тартпадык, бул туура эмес болуп калмак.
Бул темадан окуп, кайдигер карабаган боорукерлердин атын атап койбосом болбос.

Shaa-82 500

Asel-91 500

atai9292 1000

Sagyn.91 579 (500 рубль)

rumaika5544 1000

mega777 1120 (1000 рубль)

Aisuluu160790 500

sydykov.y 500

Marjan92 1000
Мен 1000.

Баарыңыздарга рахмат, эми теманы жаап сала берсек болчудай.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 07 Февраль 2017 - 17:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Sagyn.91   07 Февраль 2017 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Балдардын келечеги кен, омурлору узун болсун. Ата-энелерине Аллаhым бейишинен насип эткен болсун.
Сиздерге да чоон рахмат Гупа, Румайка)) Уй булонор мн тынч болунуздар. .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   rumaika5544   07 Февраль 2017 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Gupa (07 Февраль 2017 - 17:11) жазган:

Убакыт табылбай жатты. Барарын барып алып, өзүбүз жаман болдук, кирип эле чыккалы шашып жаттык, жаштык кылат окшойбуз, же сөзгө мококпузбу, ооздон кеп кетип калат экен. Чыгып алып таксист аганы кошо кир дебеппиз деп коёбуз. Мотурайган эки баланы көргөндө жан коёрго жер таппай калдым. Биринчи Жакшылыктын үйүнө бардык, андан чыгып машинеде бир сыйра ыйламыш этип алып Султандыкына жөнөдүк. Тим эле жакшынакай балдар, эхх, али эч нерсени түшүнө элек жатып жетим кылган тагдырга нааразымын. Экөөнүн тең чоң эне-чоң аталары бар экен, Кудайга шүгүр. Жогоруда бирөөнүн чогулган акчалардан күмөн санаган билдирүүсү бар эле, ошого кичине баяндап койдум. Сүрөт-мүрөт тартпадык, бул туура эмес болуп калмак.


Баарыңыздарга рахмат, эми теманы жаап сала берсек болчудай.




Ошо сөзгө чоркок болуп калдыкпы билбедим.

Жардам бергендерге, Аллах ыраазы болсун!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Gupa   09 Февраль 2017 - 11:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош


Боинг кырсыгы: Учак кулаганда короо-жайы талкаланган эне жардамга муктаж (фото)
Мария Атабаева авиакырсык орун алган Дачи СУ айылында 4 небересин жалгыз багып жашап келет. Учак кырсыгында алардын короо-сарайы талкаланып, турак үйүнүн чатыры жараксыз абалга келген. Мал сарайындагы жалгыз ую, торпогу менен өлгөн. 64 жаштагы чоң эне SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Учак кулап кырсык болгондо катуу коркуп калдык. Ансыз да кыйын турмушта жашап жатканда балдарыма сүтүн саап берип жаткан уюм өлдү. Өлсө мал өлсүн деп шүгүр кылып жашап жатам. Балам Орусиядан азырынча акча сала элек. Майып баламды дарылатып, операция жасатса басып кетсе керек деп үмүт кылам. Неберемди жонума көтөрүп, эртең менен 30 чакырым жол жүрүп барып, түшкө чейин кезек күтүп дарыгерге кирсем 5 мүнөттөй гана кабыл алып, көңүл кош карап "жакшы болуп кетет, бара бериңиз" деп койгон" .

"Келиним менен балам буга чейин жакшы жашап келишти. Экөөнүн ортосунда азыр 3 кыз, 1 уулу бар. Чырактай 4 баласын таштап, келиним 2016-жылдын май айында кетип калды. Ушул күнгө чейин балдарым деп бир кайрылган жок. Авиакырсык болгондо да неберелеримдин апасы балдарынан кабар алган эмес. Таптакыр сурап койгон жок", - дейт Атабаева.

"Балам Москвага иштегени кеткен. 13 жаштагы неберем буту баспай калган. Анын жанында бир адам сөзсүз болушу керек. Учурда эч жактан кирешебиз жок. Алган пенсиям керектөөлөрүмө жетпейт. Өзгөн райондук социалдык коргоо бөлүмү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балама 2017-жылдын январь айынан бери чегерилген 3 миң сомду келиниңдин паспортунун жарактуу мөөнөтү бүтүп калыптыр деп бербей жатат. Эки небереме күн сайын жол киресине 40 сом берем. Кээде ал акча да жок болуп калат", - деп кошумчалады Атабаева.

http://www.super.kg/ ...ar/news/175823/ Сүрөттөрүн ушул жактан көрсөңөр болот. 0771775187 Мария эненин телефону.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   admin_superstan   06 Март 2017 - 13:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Тема жабык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кайрымдуулук
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: