Жан дуйномдогу унгуюк-тунгуюкту бироого айтып бугумду чыгарып албасам жарылып кетчудой абалда турам.
Озум Бишкекте жеке ишканалардын биринде жетекчинин орун басары болуп иштейм. Иш кунумдун кобу офисте, компьютердин мандайында отот. Маалымат алып туруу учун фейсбук ту колдоном, коп адамдар достук жибергенинен карабай эле кошуп кое берем. Ошондой кундордун биринде фейсбуктан бир бала жазып калды. "Сизди байкемин досторунун арасынан таап кошуп алдым эле, бир айдай болуп калды, жазганга даабай журдум" деп. Жездеси менен бир чет олкого барганда жумуштар аркылуу таанышкан экенбиз, бала дагы ошол олкодо жашайт экен. Анан мен да жооп жаздым, ошентип создор созго уланып отуруп, тынбай суйлошуп баштадык. Биринчи кундору ойноп эле суйлошуп койчумун, коп деле маани берген эмесмин,
бирок тынбай жаза берчу, анан ватсапка оттук, жазышуулар,
чалуулар, видеочалуулар.
.. Бир-эки жумадан кийин эле "мен сени суйуп калдым, мен менен келечекте бирге болууга макулсунбу,
бир максат коюп алып суйлошолу, жон эле убакыт кетире бербей" десе мен дагы кичине ойлонумуш болуп туруп макул дей салдым, себеби ал учурда мен дагы бираз жактырып баштаганмын.
Ото интелегенттуу,
ыймандуу, акылдуу... (менин козум менен караганда) Анан кантип жактырбай кое аласын. Ошентип биздин мамиле (мамиле дей турган болсок) ото тездик менен онуго баштады. Жакында ата -энеме айтам, женем менен тааныштырам (албетте баары интернет аркылуу), анан Кыргызстанга келем, тоюбуз тууралуу ошондо суйлошобуз деп, мен да ата-энеме айтууга соз бердим. Ошентип озумо озум сыйбаган, кыялдар дуйносундо бактылуу болгон, жада калса тамака да табитим жоголуп, жашоо учун энергияны ошол баладан алып калган сыяктуу кундор ото берди, айларга алмашты. (Тагыраагы уй айдай)
Бирок, кыялдын баары эле орундала бербейт окшобойбу. Таарынуулар,
тил табыша албастыктар башталды. Ошондой учурдарда мен "мага баланча кун убакыт керек, мага жазбай, чалбай тур" деп, анан убакыт буткондо кайрадан суйлошуп чечишип алчубуз. Бирок кайра жарашканыбызда бизден откон ынак адам жоктой, ар бир минута сайын кабар алышып, жашообузда эмне болуп жатса баарын айтышып, сыр чечишип, кечирим сурашып... айтор мелодрама сыяктуу. Анан, анан бир куну болбогон эле нерсенин айынан мага таарына кетти, болбогон эле нерсе го деп мен чыктым бул жактан, ошентип бираз пикир келишпестик болуп кетти, мен озу эле жазылат го деп ойлогом. Бирок ошол боюнча бир жумадай суйлошкон жокпуз. Бир жумадан кийин коптон кутуп жургон бир жумушка суйлошууго бармак (собеседование),
бир кун кала ийгилик каалайм сыяктуу жазуу жоноттум, жооп болгон жок, анан менде паника башталды, "ушинтип эле бутуп калабы", "ансыз кантип жашайм" деген ойлорго да жетелендим,
анан урушкан жазуу жоноттум, ага да жооп жок, анан кечирим сураган жазуу жоноттум кайра (ошол учурда акылым кайда болгонун эмдигиче тушуно элекмин), ал чалып бош эместигин, суйлошуу учун башка шаарга келгенин айтып тушундурду,
бирок кыска жана суз гана. Менин ошондогу абалымды соз менен тушундуро албайм го, жинди болгон адамдай же уйдо эч ким менен суйлошпой, же жумушта жарытылуу бир нерсе жасабай, жашабай эле жон гана басып жургон солокотко айлангандай болуп калдым.
Бир кундон кийин сынактан отпой калганын, маанайы жок экенин айтып, "жалгыз калгым келип турат, озум кабарлашам"
деп койду. Бирок бир эки кундон кийин кайра аз-аздан байланышка чыгып баштады, бирок менин жиним келип, мамилебизди бир жансыл кылгым келди. Чалып туруп "Суйлошушубуз керек, биз эмне эле болуп жатабыз, бир чечимге келели" десем, "сенин куноон жок, бирок мага бираз убакыт керек экендигин озун эле байкашын керек болчу" дейт, бирок суйлогонунон мурункудай мээрим, жакшы коруу, кызыгуу байкай алган жокмун.
Ошол акыркы суйлошконубуздон бери 5 кундой отту, жанынан коро элек болсом дагы ото байланып калыптырмын,
ал менен байланыштуу курган кыялдарым мени жанчып баратат. Кантип эле адам ушинтип эле бир заматта суйом деген кишисин суйбой калсын? Же болбосо "баары бутту" деп койсо мага оной болмок, бирок ал антпей да жатпайбы?!
! Жумушка келээрим менен колдорум озу эле фейсбукту ачып, анын баракчасына кирип кетет. Анан суротторун,
жазгандарын коруп алып кайра эле журок эзилмей, оюмду ээлетип салмай...
Достор, баардык билдируунуздо мен учун маанилуу, сырттан караган адамга даана корунот эмеспи, кээде. Эмне кылайын??!
Баракча 1 - 1
Интернеттеги сүйүүм кыйнап баратат
#2 18 Январь 2017 - 19:10
Бир аз сабырдуу болунуз, эгер конулу болбосо " баары бутту " деп эле айтмак. Мумкун жашоонун оор бир кундорун откоруп жаткандыр, адам кээде жалгыз жашап турууга мажбур болот. Озунуз деле айтып жатпайсызбы "мага убакыт бер суйлошпой туралы дечумун" деп, ал сизге антип айталбай жалгыз калуусу келип жаткандыр. Журок баарын сезет, журогунузду тыншаныз.
Жүрөгүмсүң
#3 19 Январь 2017 - 09:42
Сага суктанып кеттим эмнегедир)) ушул сезимдер да жакшы есть смысл жить дегендей..кээбир адамдар бар жылдыздарды суйуп алардын бир колун кармасам же жанынан бир корсом дегендер..сеники алдаганча жакшы болуп атпайбы кааласан чаласын кааласан жазасын..
Менин кенешим мынандай сага конул болуп ар дайым озу чалып озу жазчу да а сен ага только жооп жазып журсон керек.. эми сен да конул болуп кой жазып конулун которуп дегендей бирок скромныйраак болушун керек чалып алып эзилишип суйлошо берсен тажатасын ..чал маныздуу нерселерди сура аан созун бутуп баратканда макул дагы суйлошобуз озуну жакшы кара коп кабатыр болбо али жакшы кундор алдыда деп конулун которуп кой ошо..3-4 кун сен анын конулун алып кой анан такыр эле болбой былтыйып атса анда он нашел себе другую деп тушунсон да болот..пока ушинтип корчу аан жаза кетээрсин)
Менин кенешим мынандай сага конул болуп ар дайым озу чалып озу жазчу да а сен ага только жооп жазып журсон керек.. эми сен да конул болуп кой жазып конулун которуп дегендей бирок скромныйраак болушун керек чалып алып эзилишип суйлошо берсен тажатасын ..чал маныздуу нерселерди сура аан созун бутуп баратканда макул дагы суйлошобуз озуну жакшы кара коп кабатыр болбо али жакшы кундор алдыда деп конулун которуп кой ошо..3-4 кун сен анын конулун алып кой анан такыр эле болбой былтыйып атса анда он нашел себе другую деп тушунсон да болот..пока ушинтип корчу аан жаза кетээрсин)
#5 20 Январь 2017 - 11:44
Тундо уктап жатсам "Тагдырым ушундай экен, сынактан отпой калган кундон бери жашоомду кара туман каптаган сыяктуу, уй-буломду бакчу киши мен болсом, анан мынтип колумдан эч нерсе келбей отурганы жанымды кейитип жатат. Кайгынын курчоосундамын,
эмне кылам билбей турам. Бул абалдан кантип чыгам, качан чыгам, белгисиз. Ошондуктан,
мен сени кармабайм. Бактына тоскоол болгум келбейт. Мындай болушун эч убакта каалаган эмесмин, бирок тагдыр биз каалагандай боло бербейт тура. Кутом десен кут, кутпойм десен да тушунуу менен кабыл алам. Аллага аманат бол". деген билдируу келиптир. Жанагы китептерде айтылат го, оор жук басып калгандай болду деп, окуп алып ошол созду жон терим менен сездим, ыйлап, жумушка коздорум шишиген боюнча келдим. келип карасам фейсбуктан мени блокировка кылып коюптур.
"Кутом" дегим келип турат, бирок мумкун ал калп эле менден кутулуу учун жогорудагы создорду жазгандыр? Макул, мен сени кутпойм дечу болсом, кыйналыш учурда баш тарткан болуп каламбы?
"Кутом" дегим келип турат, бирок мумкун ал калп эле менден кутулуу учун жогорудагы создорду жазгандыр? Макул, мен сени кутпойм дечу болсом, кыйналыш учурда баш тарткан болуп каламбы?
#6 20 Январь 2017 - 11:49
#7 20 Январь 2017 - 14:35
#8 20 Январь 2017 - 14:41
Бул конуп калуу...Менимче ачык суйлошуп алыш керек!Бирок конуп калганда жолугушканды элестетип озунчо эле,жетинчи асманда учасындаа...
#9 21 Январь 2017 - 17:56
Вирт дуйно ушунчалык адамдарды байлайт экен. Корбосонда жактыруу болот экен. Учурда менин абалымда сиздикиндей.
.....
#10 21 Январь 2017 - 21:32
Билесизби, интернет-алысты жакындатат дешет, чындыгында алыстатат экен....
Баракча 1 - 1