Суперстан: Ыплас шайлоолор - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ыплас шайлоолор дегеле шайлоо элге керекпи же жокпу?

#21 Пользователь офлайн   realliver   11 Июль 2017 - 12:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (27 Июнь 2017 - 13:44) жазган:

Бугунку Онугуу партиясынын курултайында кайра эле Ташиев менен Келдибеков ээрчишип журот. Кечоо Ак-Шумкардын курултайында да катышып, Сариевге "сен жакшы, азаматсын" деп кайтышты эле, эми бугун Торобаевге "эл сени тандаса адашпайт" деп отурат. Эртен Мотув да талапкер болчу болсо, ага да ушул создорун айтабы?!!

Бул шайлоо алдындагы кызмат соодалашуусубу? !! Мен Ташиевдин ордунда болсом Садыр Жапаровдон кабар алмакмын ар талапкердин сый тамагын жеп, чайын ичип мактап журо бергиче. Жапаров да Ташиев сыяктуу Ата-Журт партиясынын тен торагасы, эски досу, чем туруксуз оома-токмо Келдибековго караганда туруктуу позициясы бар, убадага жана достукка бек жигит Садыр Жапаров.

Анан чет олкодогу Мелис Мырзакматовду таап, байланышып, Мадумаров менен торт лидер биригип, жеке эго, амбицияларды, таарынычтарды унутуп, кыргыз элимдин уламышындагы чалдын тентек ынтымаксыз 9 уулуна бир кун акыл кирип бириккендей булар да биригип, бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып, шайлоого бир талапкер коргозуп арабыздан, калганы ошону колдоп, шайлоого чогуу бармакпыз (эгер Ташиевдин ордунда болсом). Шайлоодо утсак кызмат талашып кырылышпай, бизнестин камын корбой эл учун ак кызмат кылып бермекпиз.

Байлык, мал-мулк тортоондо тен жетиштуу, бирок карапайым эл кыйналып, жаштар тентип журот. Элди ойлосо, эл учун кызмат кылууга даяр болсо аракетин кылышмак ошол эле Ташиев ж.б. ар кимди "сен жакшы" деп журо бергиче. Создорум сизге жетсе ойлонунуз Камчыке, бирок убакыт тар, сиздин коп кадамынызга ичим чыкпай келет, ошентсе да ак журоктугунуз кармаса эл учун омурунузду берууго даяр экениниди да билемин. Уят Камчыке, эл ортосу 50 жашка чыгып калдыныз, эми эл учун биригип, иштеп бергиле, ар акчалууну мактаганды коюп... Бугунку саясатчылар арасынан Мырзакматов- Мадумаров-С. Жапаров-Ташиев тортоону биригип шайлоого бир талапкер чыгарып, шайлоого чогуу аттанышын куткон бир эле мен эмес, элдин копчулугу кутуудо... Кыргызстанды бугунку саздан сууруп чыгат, мигранттарга камкордук болот деп кобу умут менен кутуудо. Терен ойлонуп корунуз бардык нерсени жыйыштырып, катардагы карапайым бир айылдашыныздын козу менен турмушка карап ойлонуп корунуз...

Жапаров Ташиевке чыныгы дос болсо темирден кошо секирмек, же жакалап жулкулдатса да токтотмок. Озунун артын ойлоп калып калбай
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   realliver   11 Июль 2017 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Аа негизи эле саясатта достук жок. Утурумдук эле пайда коруучулук. Любою любоюн сатып кетет. Ошол эле ээрчишип жургон Келдибеков да бир кездерде Ташиевден алыс журуп калган
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Patriot7   15 Сентябрь 2017 - 00:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Акыркы убакытта олконун ар жеринде студенттерге форма 2 толтуртулуп, паспорттору чогултулуп алынып, окуу жай жетекчилиги, деканат, кураторлору студенттерди Жээнбеков учун добуш бересинер деп угуттоп, башкасына добуш берсенер окуудан айдайбыз деп опузалап жатышканы бат баттан айтылып келет... Мына интернетке юристтерди тарбиялаган окуу жайдагы аудиотасма жарыя болуптур. Мындай корунуш Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда ж.б.аймактарда да кайталанып жатканы айтылып келет... А тугул мамлекеттик кызматкерлерге да кысым болуп жатканы да айтылууда! !! Атамбаевдин бийликти тынчтык жолу менен откоруп бергени, мураскер тандабаганы "корунуп" турат!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Oceana   15 Сентябрь 2017 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Таза шайлоону өзү жок. Баары ыплас!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Patriot7   23 Сентябрь 2017 - 01:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

Бул бийлик жакшылыкка алып барбайт... Учурда олкодо жуз мин чамалуу студент жана жуз минден ашуун бюджетниктер б.а.мамлекеттик кызматкерлер, мугалим, врач ж.б.бар...

Бийлик ошолордун баарына форма 2 толтуртуп атайын шайлоо участкаларына каттатууда. Себеби жогоруда жазылгандай бийлик шайлоочуларга басым жасап, мисалы бир университет студенттерин да, окутуучуларын да жашаган жеринен эмес, ошол университеттен добуш берууго мажбурлап жатат. Анан калса "сенин Жээнбековго добуш берип бербегенинди шайлоо бюлоетениндин номери аркылуу аныктап алабыз" деп коркутууда. Айыл аймактарында шайлоочулар азайып, ал эми айрым аймактарда шайлоочулар ото коп болуп кошумча шайлоо участкалары ачылып жатканы да ошондон....

Кыскасы Кыргызстандын ар бир шайлоосу ыпластык менен отуп келген, бирок бул шайлоодогу ыпластык баарынан ашып тушуудо......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   nur...nur.   23 Сентябрь 2017 - 03:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 07 Окт 2021 11:28

Бул шайлоо таза отпойт эч качан, Москвадагы спорт клубдардагы балдарды катап жатат экен паспорту менен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   -NURIK-   25 Сентябрь 2017 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Ушундай заманга келип калдык ак менен караны чындык менен калпты айырмалай албай калдык. Баары эле коррупционер баары эле жегич баары эле алдамчы саясат өзүнчө шоу бизнеске айланды да калды. Биздин саясий арена "чөөлөрдүн өрөөнүн" элестетет. Ким кыйшайса баса калмай же кымбат мүлк акча болсо менчиктештирмей. Карызыбыз болсо кекиртектен. Дубанага окшоп чет жерден карыз алмай анын ордуна чек арадан берип карызды кечтирип жиебермейлери да бар. Биз өзү кыргыздар макоо калк келет экенбиз. Айтканга көнбөгөн же башкага көнбөгөн. Орустар ошол үчүн канчалаган кыргыздарды кырып салса керек 19-20 кылымдарда.
Чет өлкөнүн техникасы башка планетага учуп жаткан заманда бизде бир да айыл чарба техникасы чыкпаптыр. Же бизде бир да акылдуурак адам жок беле. Жүрүшөт го академик доктор профессорлор же алардын элге пайдасы тийген табылга ачылыштары жок. Чет өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан эми гана таш доорунан коло дооруна өтүп жатакандай.
Бизде деле жылыш бар. Бирок Кыргызстанда өтө байлар менен өтө кедейлер көп. Бир ууч миллионер мультимиллионерлер баардык соода өнөр жай дегеле баардык акча түшчү жерлерди бөлүп алышкан. Калганын мамлекет тонойт. Университет, мектеп, бала бакча, оорукана, бажы баардыгы. Мамлекет бекер берген нерселерди (дары дармек , бюджекттик орундар ж.б) алыш үчүн жарым акчасын пара кылып беришиң керек.
Дегеле биз өнүкпөйт окшойбуз..

Билдирүүнү түзөткөн: -NURIK-: 25 Сентябрь 2017 - 22:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Salixa.   26 Сентябрь 2017 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

Просмотр сообщения -NURIK- (25 Сентябрь 2017 - 21:53) жазган:

Ушундай заманга келип калдык ак менен караны чындык менен калпты айырмалай албай калдык. Баары эле коррупционер баары эле жегич баары эле алдамчы саясат өзүнчө шоу бизнеске айланды да калды. Биздин саясий арена "чөөлөрдүн өрөөнүн" элестетет. Ким кыйшайса баса калмай же кымбат мүлк акча болсо менчиктештирмей. Карызыбыз болсо кекиртектен. Дубанага окшоп чет жерден карыз алмай анын ордуна чек арадан берип карызды кечтирип жиебермейлери да бар. Биз өзү кыргыздар макоо калк келет экенбиз. Айтканга көнбөгөн же башкага көнбөгөн. Орустар ошол үчүн канчалаган кыргыздарды кырып салса керек 19-20 кылымдарда.
Чет өлкөнүн техникасы башка планетага учуп жаткан заманда бизде бир да айыл чарба техникасы чыкпаптыр. Же бизде бир да акылдуурак адам жок беле. Жүрүшөт го академик доктор профессорлор же алардын элге пайдасы тийген табылга ачылыштары жок. Чет өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан эми гана таш доорунан коло дооруна өтүп жатакандай.
Бизде деле жылыш бар. Бирок Кыргызстанда өтө байлар менен өтө кедейлер көп. Бир ууч миллионер мультимиллионерлер баардык соода өнөр жай дегеле баардык акча түшчү жерлерди бөлүп алышкан. Калганын мамлекет тонойт. Университет, мектеп, бала бакча, оорукана, бажы баардыгы. Мамлекет бекер берген нерселерди (дары дармек , бюджекттик орундар ж.б) алыш үчүн жарым акчасын пара кылып беришиң керек.
Дегеле биз өнүкпөйт окшойбуз..

Мындайда .....
Азыр интернет деген күчтүү өнүккөн заманда, таппаганыңда билбегениңда калбайт экен.
Дүйнөнү болгону 4-5эле инсан башкарат имиш ....каалаганын каалагандай калчап. Ушуларды окуп ойлоп калдым, демек мусулман өлкөлөрүнүн ахбалы айтпаса да белгилүү экен да деп. (Ар ким өз очогуна күл таптат да, башкага күйүшмөк беле, өздөрү күйбөсө)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   revolyutsiya1   05 Октябрь 2017 - 13:08

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 29 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Июн 2019 15:23

"Кыргызстанда президенттик шайлоодо №2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны 314 миңден ашты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, мындай форма толтуруп, добуш берүү дарегин алмаштырган жарандардын басымдуу бөлүгү Ош менен Бишкек шаарларында турат.

Ал арада "Азаттыктын" колуна Ош шаарындагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилеринин №2 форма толтурган шайлоочулар боюнча Социал-демократтар партиясынын штабына берген отчету деген кагаз колуна тийди. Бирок штаб башчылары административдик ресурс боюнча айтылган сөздөрдү четке кагып жатат.

"Азаттыктын" колуна тийген кагазда 70тен ашык мамлекеттик мекеме-уюм жана андагы жетекчилердин, жооптуу кызматкерлердин аты-жөнү бар. Алардын фамилиясынын тушунда №2 форма толтурган адамдардын саны көрсөтүлгөн. Бул кагазга ылайык, мындай форманы жалпысынан 34 миңден ашуун адам толтурган. Маселен, Ош шаардык мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун атынын тушуна жалпысынан 3,5 миңден ашык студент жазылган.


"Азаттык" Исаковдун өзү менен байланышып, №2 форма боюнча комментарий алды. Ал окуу жай жетекчилиги студенттерди мындай форманы мажбурлап толтурткан деген сөздөрдү жалганга чыгарды жана отчет тууралуу кабары жок экенин айтты:

- Менин ал боюнча маалыматым жок. Өзүңөр билесиңер, бизде 30 миңден ашуун студент бар. Форма толтургандар көп же аз деген нерсе болбошу керек. Бизде Чаткал, Лейлек, Баткен өңдүү алыскы аймактардан келип окугандар бар. Ошолор шайлоого катыша албай калбайын деп толтурса керек. Ал студенттердин өзүнүн иш-аракети менен болгон. Силер айтып жаткан штабдагы отчет тууралуу мен биринчи жолу угуп жатам. Мен окуу процесси, окуу жараяны менен алекмин.

Бирок "Азаттыктын" Ошто жүргөн кабарчысы Санжар Эралиев бул тизмедеги айрым аткаминерлерге чалып, алгач өзүн штабдан деп тааныштырып №2 форма боюнча сураганда бардыгы тең тизмедеги санды тактаган жана кайсы бир талапкерге добуш беришет деп ынандырышкан.

Маселен, Ош шаардык Салык кызматынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Эрмекбай Чоюноваты-жөнүнүн тушунда 400дөн ашык адамдын саны көрсөтүлгөнүн бышыктады жана кесиптешимдин алардын баары бийликтин талапкерине добуш береби деген суроосуна "ооба" деп жооп берди. Бирок кабарчыбыз өзүн тааныштыргандан кийин ал баштапкы жоопторунан баш тартты жана шайлоодо уюштуруу гана иштерине жооптуу экенин айтып актанды:

- Мен ошол жерде жоопкерчиликти алганмын. Ошол жерде тизмени тактаганга, шайлоону уюштурганга жоопкермин. Уюштуруу иштерине Салык кызматы эмес, мен жооптуумун.

Салык кызматы өзүнүн Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчисинин шайлоону уюштуруу иштерине кандайча жооптуу болуп калганы боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек."

Маалымат булагы: башка сайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   revolyutsiya1   05 Октябрь 2017 - 13:33

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 29 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Июн 2019 15:23

Уландысы:

"Айтор №2 форма толтургандардын саны Кыргызстан боюнча 314 миңден ашты жана алардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Ош шаарында жашайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдобуш берүү дарегин алмаштыруубоюнча форма толтургандар үгүтчүлөрдүн айынан көбөйүп жатканын бышыктады:

- Булардын баарынын каттоосу айылда. Мисалы, Бишкекте жаңы конуштар бар. Бишкекте жашап иштеген, бирок каттоосу айылда мамлекеттик кызматкерлер деле көп. Ошон үчүн алар шайлоого катышышы үчүн айылдарга барыш керек же кошумча шайлоо участкаларына барып, №2 форманы толтуруп арыз жазышы керек. Мындай форма толтургандардын 80 пайызын үгүтчүлөр алып келген. Алар жаңы конуштарды кыдырып, биометрикадан өттүңбү, каттооң барбы, каякта деп тактап, өтпөсө колунан жетелеп алып, өзүнүн унаасына салып келип форма толтуртуп жатышты. Жүздөгөн үгүтчүлөр ушинтип иштешти. Эл өзү жазбайт, алар активдүү эмес. Аларды атайын үндөп, кызыктырып жаздырып жатышат. Ушунун натыйжасында ушундай чоң көрсөткүч болуп кетти.

Анткен менен №2 форма толтурууну административдик ресурстун бир түрү катары баалагандар бар. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдинбилидиришинче, бийлик өкүлдөрүнө добуш топтоо боюнча тымызын талап коюлду:

- Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары, башка кесиптештерим, өкмөт мүчөлөрү менен күн сайын сүйлөшкөн адам катары административдик ресурс мурда болуп көрбөгөндөй абалга жетти деп айта алам. Азыр ар бир министр кеминде бирден, ашыгы үчтөн-төрттөн шайлоо тилкесин мойнуна алган. Ошол жерден бийликтин талапкерине кеминде 70 пайыз добуш топтоп берем деп сөз берген. Эгер алар жетиштүү добуш топтой албаса, анда кызматтан кетесиң дегендей талаптар бар. Мен атын айтпай эле коеюн, бирок өзгөндүк бир министр Өзгөн шаары боюнча куратор экенин билем. Эгер сиз азыр өкмөткө барып текшере турган болсоңуз, өкмөттүн аппаратынын жарымы жок, президенттик аппараттын теңи жок. Эмгек өргүүсүн алып же иш сапар деп кетип калып, бийликтин талапкерине иштеп жүрүшөт.

Бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун штаб башчысы Фарид Ниязов "Азаттыктагы" маегинде административдик ресурс боюнча дооматтарды четке какты. Анын пикиринде, добуш сатып алуунун кесепети алда канча оор болот:

- Силер айтып жаткан кагаз, отчет - бул чагым. Мен штабдын жетекчисимин, мен андай бир дагы отчетту көргөнүм жок. Анан калса №2 форманы балким шайлоо тилкелери чогултуп жаткандыр, билбейм. Айтор андай бизде жок. Эгер кайсы бир аткаминер мүчүлүштүк кылып жатса, анда ал ишин билбегенинен кылып жаткандыр. Мисалы, ошол эле Бабановдун аткаминерлер арасында тарапкерлери аз дейсизби? Ал да бийликте болгон, фракция лидери, премьер-министр болгон. Аткаминерлер арасында анын тарапкерлери бар, алар анын пайдасына иштеши мүмкүн деген маалыматтар бизде деле бар. Эгер кайсы бир аткаминер ката кетирип жатса, ал ошол аткаминерлердин абийириндеги иш жана андан талапкерге эч кандай пайда деле жок.

Бишкекте буга чейин административдик ресурсту токтотуу боюнча акция өткөн. "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы дагы буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген."

Маалымат булагы: башка сайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   revolyutsiya1   05 Октябрь 2017 - 13:34

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 29 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Июн 2019 15:23

Мына силерге чындык!! ! Бийлик жуз миндей студентке, 200-300 миндей бюджетниктерге (мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, врачтар ж.б.) мажбурлоо, коркутуп-уркутуу менен форма 2 толтуртуп, керек болсо жаны шайлоо участкаларын ачышты. Эмне максатта?! ! Анткени палан салык кызматы болуму кызматкерлери баары форма 2 толтурушуп, шайлоо куну алыс же жакын жашаганына карабай, баары бир адамдай бир шайлоо участкасынан шайлоого катышат. Аларды оздорунун жетекчиси козомолго алып, шайлоого келбегендерге, кечиккендерге телефон чалып коркутуп-уркутуу болот. "Козунорду ачкыла, бир гана Жээнбековду шайлайсынар. Силерге берилген шайлоо бюллетенинин номери боюнча кимди шайлаганынарды текшеруу, билуу оной. Жээнбековдон башканы шайлагандар башка жумуш карай бергиле" деп опузалап отурат. Ал жетекчини андан чон жетекчилери опузалап отурат, "кол алдындагы 50 кызматкер, бири калбай шайлоого катышсын, бири калбай Жээнбековду шайласын. Эгер ошону эптей албасан, креслонон айрыласын" деп..... Айрым жетекчилер страховка учун тууган-уругуна да форма 2 толтуртуп, озу, кызматкерлери шайлоого кируучу шайлоо участкасынан алар да Жээнбековго добуш беришет. Эгер 50 кызматкеринин 2-3 Бабановдун акчасына азгырылса, тууган-уругунун "жардамы" менен жогору жакка "биз 100% Жээнбековду колдодук" деп отчет берет да, кийин Бабановко отуп кеткен 2-3 кызматкер менен озу "эсептешип" ала берет...

Студенттерде да ошол абал. Студенттерди кураторлору тескейт, кураторлорду деканаттын адамдары, аларды проректор же ректор тескейт... Кыскасы мындай ыплас шайлоо Кыргызстандын тарыхында эмес, дуйно тарыхында болгон эмес!!!

Анан баары бирдей жанын жеп, кабарыбыз жок дегенин кантесин?! ! Баарынан да, ушул идеянын автору, бул ыплас шайлоонун "атасы" , негизги куратору Фарид Ниязовдун "кабарым жок" дегеничи?! ! Бул адам Атамбаевден откон коркунучтуу, жийиркеничтуу адам. Кыргызстанга, КЫРГЫЗга жакшылык каалабаган адам... Атамбаевди ыплас шайлоо уюштуруп, бийликке алып келген, бугун Жээнбековду бийликке алып келип жаткан ушул адам... Бул адамдын жана мунун айланасындагы озуно окшогондордун айынан эртен Кыргызстан озу сатылып кетуу ыктымалы бар экенин унутпасак... Ушуга окшогондордун айынан олко карызга кекиртегине чейин батып, алтын-кумушубуз сатылып, ЭЛ болсо ТЕНТИП журот!!! ......

Качан ойгоносунар, Кыргыз элим?!!.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Patriot7   07 Октябрь 2017 - 12:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 14 Март 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 22:09

"Шайлоого чейин бир жума калды. "Бийлик таза эмес шайлоо өткөргөнү жатат" деген көп ушактар айтылып жатат. Шайлоону таза өткөрөм деп менин көп тарапташтарым жабыркашты, айрымдар каза болушту. Эгер мен Темир Курмангазиевтей көзүм өтүп кетпесе, мен Бакиевдин мезгилин кайтаргысы келгендердин ар бири менен эсептешем! " - деп кошумчалады Атамбаев."  
https://www.super. kg...ar/news/204651/ 


Атангору, Атамбаев дагы дооруп баштадыбы?! !
Шайлоону таза откоруу боюнча тапшырма берилген вице-премьер- министр Зилалиев мамлекеттик кызматкерлерди ачык эле Жээнбековду колдоого угуттоп, ал тургай "ичкен кудугуна тукурбогуло" деп опузалаганы коомчулукка жайылып кеткен сон шайлоону откоруу вазийпасы башка вице-премьер- министр Жумакадыровго жуктолгон... Зилалиевдин айтымына караганда мамлекеттик кызматкерлерге, бюджетниктерге берилген акча бийликтин чонтогунон чыгып жаткан имиш, казына Атамбаевдин менчиги имиш!!! Ошончо ызы-чуудан кийин да Зилалиевди кызмат ордунан бошотуп, кылмыш жообуна тартуунун ордуна эскертуу берип чектелишти. .. Ал эми учурда олкодо административдик ресурс болуп корбогондой колдонулуп жатканы баарына белгилуу. Бул боюнча ондоп-жуздоп факты менен далилденген кайрылуулар тушуп жатса да, БШК менен Баш прокуратура ар шылтоону айтып ал мыйзам бузуулар менен эсептешкиси келбей, кайра мыйзам бузгандарды актап жатат... Жумакадыров шайлоо откоруу боюнча куратор болгондо да Фарид Ниязов жетектеген СДПКнын ыплас шайлоо оюндары токтобой журуп жатты...

Эми Атамбаев "шайлоону таза өткөрөм деп менин көп тарапташтарым жабыркашты, айрымдар каза болушту" дейт... Жомок айтып доорубочу Атамбаев! !! Сенин тарапташтарын кайра шайлоону жеткен ыплас жол менен откорууго жандалбастап жатканын ЭЛ да билет, жогорудагы Кудай да билет... Ал эми Жумакадыров каза болсо буйрук экен, жол кырсыгынан каза болду. Аны президенттикке кайсы бир талапкер заказ берип олтурткон жок го?!! Алжыйт десе эле алжый бересинби?!!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 16:47

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

Шайлоо башталбай жатып ыпластыктар болуп корбогондой денгээлге жетти... Башкасын коюп угут иштерине дин кызматкерлеринин тартылышы, Атамбаев озу талапкер болгонсуп жер-жерлерди кыдырып ачык эле элди Жээнбековго угуттононун коро биле туруп, таза шайлоодон умут узуп кою керек....

Эми эртенки шайлоо процессинде кандай ыпластыктар орун алат, ошолорду санайлы...

1-болуп форма2 толтурган байкуш бюджетниктерди, студенттерди Жээнбековду шайлагыла деп мажбурлашат. .. Эртен ар бир группанын кураторлору студенттерин колунда тизме менен шайлоо участкасынын алдынан тосуп алат. Шайлоого кирип бара жаткан ар бир студентке шыбырайт "Жээнбековду гана шайла, аны шайлабагандар окуудан айдалат, айтканбыз. Кимге добуш бергенинди бюллетень номеринен текшерип билип алабыз деп.... Шайлоого келбеген студенттерге куратор телефон чалып баштайт саат 10-12 арасы, "Паланчаев келе жатасынбы?! Сенин проблеман менен ишим жок, эгер шайлоого келбесен ошондо башталат сенин чыныгы проблеман, тез келип кал!!! " деп... Кураторлорго буйрук тушкон, кол астындагы студенттерди 100% шайлоого катыштырып, 100% Жээнбековго добуш бердируу сенин милдетин... Аткара албасан сен бошсун, арызынды жазыпикеие бер" деп... Студенттерди кураторлору козомолдойт, кураторлорду ректорат козомолго алат. Ректорат болсо СДПКнын шаардык же облустук шайлоо кураторуна отчет берет... Мамлекеттен маяна алып иштеген мугалим, врач ж.б.да ушул эле койгой...

Ал эми бийликтин бул опузасы канчалык орундуу?!! Шайлоо комиссияларынын 99,99%ти бийликтин адамдары, шайдоодон 1-2 ай мурун эле бийликке "ак кызмат кылган" бийликтин "шестеркалары" , СДПКчы жергиликтуу жетекчи ж.б. кылдаттык менен шайлоо комиссиялары торага жана мучолору тандалып алынган. Эртен шайлоодо тизмеге жооптуу шайлоо комиссия мучосу студенттер бюллетень алып жатканда, анын тизмесинин тушуна карандаш менен шайлоо бюллетень номерин жазуу ыктымалы да бар... Бул ошол шайлоочуну б.а. сткюудентти коркутуу учун, шайлоо бюллетень номеринди билебиз деген ойду жеткириш учун. Шайлоо откон сон мыйзамга ылайык БШКга арыз тушуп, БШКнын уруксаты менен гана шайлоо бюллетендери кайра саналышы мумкун... Ошол себептуу бийликтин "бюллетень номеринди билемин" деген опузасы Ормон опуза!...

Билдирүүнү түзөткөн: ajdaaar: 14 Октябрь 2017 - 16:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 16:53

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

2 койгой жен ичинен ар бир добуш учун акча таратуу, машине, микроавтобустар менен элди шайлоо участкаларына ташуу... Акчаны кайсы бир талапкердин пайдасына иштеген ишенимдуу адамдар берет. Шайлоого чейин, кобунесе шайлоодон кийин. Бир уйдо, машинеде, ж.б.жерлерде. .. Аларды акча берип жаткан жеринен кармоо ото оор.... Андайлар журналисттерден алыс журот, журналисттер билген кундо да ошол талапкердин адамдары андайларды камерага тарттырбоонун чарасын корот... Кайсы бир талапкердин адамдары башка талапкерге сатылып кетип эле ошол добуш сатып алуу, акча таратуу процесстерин коргозбосо. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 17:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

3- койгой... Кайсы бир талапкердин пайдасына добуш таштоо... Мисалы коп участкаларда электррондук урналар бузулуп калат. Мына бугун кочмо электрондук укоктор бузулуп жатыптыр шайлоо башталбай жатып... Бул аппараттар атайын бузулат, программаланат деп ойлоого негиз бар... Аппарат бузулган 1-2 саат ичинде бийликтин тарапкерлерине массалык добуш таштоо болуп отот.. Электрондук аппарат буларды эептебей калат. Ошондуктан кеч добуш эсептоодо электрондук аппарат жана колго добуштарды эсептоодо коп айырма чыгып, бул бийликтин пайдасына иштейт. Баса, аппарат бузулган учурда илгерки "карусель" системасы иштейт деп айтылып журот. Анда таза шайлоонун жыты да калбайт....

Анан калса, электрондук аппараттарды айрым талапкерлердин добушун башка талапкер пайдасына "уурдоону" программаласа болот деп ойлом.... Эртен келе берсинчи, анан электрондук шайлоо укоктору бузулду дегенде эле иштин буткону ошол....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 17:05

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

4-су. Айрым участкаларда кечки саат 8де шайлоо участоктору жабылган сон, шайлоо комиссиясы жана байкорчулар бир чечимге келип, жарым саат ичинде артып калган шайлоо бюллетенлеринин бир болугун урнага таштап салышат... Ким бироо эмнеге электрондук укок 1200 бюллетенди коргозуп турат, силерде болсо 1600 бюллетень ташталды деп корсотулгон десе, электрондук урна бузулган кезде шайлоочулар таштаган бюллетендер деп калп айтып эбин таап кетишет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 17:22

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

5-си шайлоо участкаларындагы талапкерлердин ишенимдуу адамдары, байкоочулар. .. Озунор билесинер, Мадумаровдун акчасы жок. Ошондо олко боюнча эки минден ашуун шайлоо участкасы болсо, ошолордун баарына Мадумаров оз байкоочулары коюп, аларга маяна толоп берууго финансылык мумкунчулугу жетпеши мумкун. Чет жерде жургон Мадумаровдун тарапкерлери акча чогултууну демилгелеп акчалай жардам берууну эч ким колго алган жок... Мадумаров ошол шайлоо участкаларынын баарына бирден байкоочу койгон кундо да, ал байкоочу канчалык профессионалдуу иштеп берет озунчо маселе... Байкоочу деген аты эле болбосо шайлоо участогуна каалаган убактыда келип кетип атына эле байкоочу болгондор, Мадумаровдун байкоочусу боло туруп тымызын башка талапкердин пайдасына иштеген байкоочулар коп эле учурайт.... Эгер бир талапкер ар бир шайлоо участкасына 2-3тон адам коюп, алардын бири шайлоо участкасынын ичин, бири шайлоо журуп жаткан участоктун айланасындагы мыйзам бузуулар менен курошсо, фото-видео фиксация кылса, учунчусу ал экооно жардам берип турса, демек шаайлоодогу мыйзам бузуулардын санын азайтып, эч болбой бапа жатсашайлоодогу мыйзам бузуулар топтолгон ото коп далилдер чогулмак....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Topcubai   14 Октябрь 2017 - 17:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ажыдаар билип билбей урдура бербечи!2- пунктун кичине чындыкка жакыныраак, калганы жомок.Шайлоо комиссиясында иштесен корот элен.Дабдыраган ойлорунду сууга айт.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 17:34

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

6-добуштарды саноо... Илгери электрондук укок жок кезде айрым талапкерге ташталган шайлоо бюллетендери башка талапкердин пайдасына саналуучу. Бул жорук бугун да кайталанып отурат. Озунор билгендей 9-катардагы талапкер Жээнбеков, 10-катардагы талапкер Адахан Мадумаров...

Кечинде шайлоо участкалары жабылган сон кол менен добуштарды эсептоо журот. Добуштарды шайлоо комиссия торагасы жана мучолору санайт. Байкоочулар 5-10 метр аралыкта жайгаштырылат. Эми ошондо Мадумаровко ташталган 100 добуш Жээнбековдун пайдасына эсептелсе, ким билет?!! Шайлоо эрежелери бузулуп, "птичка" торт бурчтуктун сыртына коюлган жараксыз бюллетендер Жээнбековдун пайдасына саналса ким кормок... Белгилуу болгондой шайлоо комиссия торагалары да, мучолору да бийлик озу тандап койгон адамдар... Алар добуш санап жатканда 5-10 метр алыс аралыкта отурган байкоочулар учун шайлоочушар жазган "птичка" же "галочка" 9-катардагы талапкердин тушунда турабы же 10-чу талапкердин тушунда турабы, коруу мумкун эмес. Ал учун байкоочуларга дурбу бериш керек же ар бир бюллетенди прожектордун жардамы менен чонойтуп корсотуу керек. Тилекке каршы эртен булардын бири да болбойт. Ошондо добуш санап жаткан шайлоо комиссиясы мучосу, "жогорудан" алган буйрукка ылайык, Мадумаровго берилген добуштардын 50-100ун Жээнбековдун стопкасы "уурдап" кошуп койсо билинбей кала берет.

Эгер шайлоо процессинде электрондук укок биртке болсо да бузулуп калган болсо, ортодо эл жонокой урнага добуш таштаган болсо, демек дрбуштарды саноодо ал же бул талапкердин пайдасына "добуш уурдаса" орду билинбей калат.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ajdaaar   14 Октябрь 2017 - 17:37

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2017 15:18
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Topcubai (14 Октябрь 2017 - 17:25) жазган:

Ажыдаар билип билбей урдура бербечи!2- пунктун кичине чындыкка жакыныраак, калганы жомок.Шайлоо комиссиясында иштесен корот элен.Дабдыраган ойлорунду сууга айт.


Сен озун дабдырабай шайлоо комиссиясында иштесен же байкоочу болуп же бир талапкердин шайлоодогу ишенимдуу адамы болуп шайлоо процессиндеги махинацмяларды корсон оозун ачылат. Мен жазгандар болгону бир чекеси.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 07:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: