Канат Исаев бийликти басып алуу аракети үчүн камакка алынды.
2017-жылдын 30-сентябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаты жана башка адамдарга карата массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы Прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында депутат Исаев Канатбек Кедейканович,
ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык К. Исаев КР президентигине талапкерлер Ө. Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар КР Президентин шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.
Кылмыш ишиндеги чогулган материалдарга ылайык К. Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергендиги аныкталды. Муну менен катар бийликти курал колдонуу менен басып алуу жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештируу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Канат Исаев камалды. ...
#2 03 October 2017 - 22:46
Акча берген видеосу иннернетке тарап кетиптирго.
Бабановду да шайлоодон четтетип коёт окшойт.
#3 03 October 2017 - 23:11
Бийликтегилер эптеп койду бул жагын
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#5 04 October 2017 - 13:39
Ии анан, Эми эмне болот?
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#6 05 October 2017 - 22:33
Исаев жасаган бир ишин көрбөпмүн. Кылмыш кылса камалсын кылбаса бошотулсун!

Супер-Инфо
super.kg
видео















