Экинчи тема Пакистанда 16 жашар кыздын эл козунчо зордукталышы.
..
Пакистан ислам олкосу, олконун расмий аталышы да "Пакистан Ислам Республикасы"
.
Эгер ойлонуп корсом Пакистан тууралуу окуган, уккан-коргон кабарлардын 9/10 жаман кабарлар экен, мечитте жардыруу болуп мынча адам олду, эл паланчаны ташбаранга алды, Пакистанда жылына мынча мин кыз-келиндин бетине кислота чачылат, талибандар паланча жерге кол салды ж.б.ж.б.... Бизде аялдар эркек диванда чалкалап жатканга болбойт, катынына жардам бериш керек деп тополон кылышат, ал эми Пакистанда болбогон бир шылтоо учун куйоосу аялынын бетине кислота чачып, козу корбой, ыраны суук, эч кимге керексиз болуп калган учурлар коп... Ал тургай суйушкон 2 жаш ата-энелери каршы чыкканына карабай качып кетишсе, ошол 2 жаштын агалары, аталары артынан кууп барып атып олтургон окуяларды угасын. Бугунку окуя да ошолордун катарында:
"Маалыматка ылайык, айылдык тартип кеңешине жергиликтүү тургун кайрылып, анын 12 жаштагы карындашы тууганы тарабынан зордукталганын айткан. Айылдын 20 кишиден турган кеңешинин өкүлдөрү өч алуу үчүн кайра шектүүнүн карындашын зордуктоого буйрук берген. Жыйынтыгында 12 жаштагы өспүрүмдү зордуктады деген адамдын 16 жаштагы карындашы ата-энесинин көзүнчө күч колдонуу менен зордукталган.
Мындан соң эки тараптын ата-энелери укук коргоо кызматына кайрылуу жасаган. Аталган факт боюнча медициналык экспертиза дайындалып,
өспүрүм кыздардын зордукталганы тастыкталган.
Жергиликтүүлөрдүн мындай кадамы өч алуу үчүн жасалган деп айтылат маалыматта.
Айылдагы тартип кеңеши жергиликтүү аксакалдардын курамы менен түзүлгөн. Алар кыштактагы талаштуу маселелерди карап, өз алдынча чечим чыгарышат."
https://www.super.
kg...ar/news/196583/
Диний фанатизм тамырын жайып келет! же диний радикализм олко учун кооптуубу?
#82 28 July 2017 - 02:15
Мына силерге жапайы ислам... Мына силерге аттуу баштуу мусулман аксакалдардын чечими... 12 жашар кызды зордуктап, кийин оз карындашы зордукталган зоокур 3-5 жылда балким бул окуяны унутуп коет чыгаар, ал эми анын куноосуз 16 жашар карындашы элдин, ата-энесинин козунчо зордукталганын бир омур унутпайт...
Шарият эмне дейт, бир нерсе жазсан эле сен диндин "д" тамгасын билбейсин, мына биз билебиз деп тош каккандар кайда?!! Биз шарият окуму менен жашашыбыз керек дегендер кайда?!! Мен жогорудагы окуя акмактык деп билдим. Ал чечимдин жанында биздин мыйзам адилет мыйзам экен, биздин мыйзамга ылайык ал зоокур абакта жазасын отоп чыкмак коптогон жылдар...
Мен жогорудагы теолог (дин таануучу) Кадыр Маликов мырзаны сыйлаймын. Ошол адам эн туура формулировка кылыптыр, билими, тушунугу тайкы адамдар динди туура тушунбой, диндеги ар кайсы агымдарга кирип кетет деп... Капа болушпасын го, форумда мен динди жакшы тушуномун деп динден насаат айткан копчулук билими, дуйно таанымы тар адамдар, алар динди толук тушунбой туруп, динди бурмалап тушунуп алып, бул жерде оюна келген кептерди айтып отурат. Мен ким, качан, эмне сандырак айтканын санабай эле коеюн...
Менин айткым келгени, динди туура тушунгуло да, анан башкаларга уйроткуло, болбосо динди чала тушунуп алып башкаларга бурмалап тушундургон чала молдо дин бузарлар акыретте динди бурмалап тушундургонуно да жооп беришет...
Мен муну менен радикалдашпай, динди тушунуп тушунбой эле акылдуу корунбой, динге жанылык киргизбей, динге амал кылып, намазыбызды окуп гана журо берели деп айткым келет, радикал исламчы эмес, катардагы момун мусулман бойдон калып.....

#83 28 July 2017 - 12:41
Революция сиздеги гумандуулук менен толериянттуулук кайда кеткен ..!
Клавишанын аркасында эле ""ким көрүптүр ""кылып том том кылып жаза бергениңиз эркектикке жатпас.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#84 09 August 2017 - 01:19
Ушул ойго толук кошулам.
.
Акбаров: Жараткан баарына тең мамиле кылат
.
Кыргызстанда интернеттеги коомдук тармактарда
өлкөдөгү дин ишеними эркиндиги жана улуттук
асыл-нарктар тууралуу кызуу жүрүп жаткан талкууга
акын Атантай Акбаров блогу аркылуу өз үнүн кошот.
.
Айтылуу куудул, актер Күмөндөр Абылов: “Кыргыз
мамлекетин, кыргыз улутун сактоо үчүн улуттук
белгилерибизди, салт-санаабызды, ар-намысыбызды
сактайлы. “Тушоо кесүү – бул ширк (күнөө) деп...
ашыкча эле диний фанат боло бербейли,” - дегендей
атуулдук ой айтып чыкты.
.
Өлкөдөгү айрым ашынган динчилер ага каршы жапырт
чабуул коюп, Карыбек Байбосунов агабыз сыяктуу
айрым атуулдар гана жөнбилги оюн айтып,
сабырдуулукка үндөдү.
.
Эми, жөнөкөйлөтүп айтканда, алма алма бойдон, өрүк
өрүк бойдон эле калышы керек. Анткени Алла Таалам
аларды ошондой жараткан. Анын сыңары, араб араб
бойдон, кыргыз кыргыз бойдон калышы керек.
Анткени, Кудай ошондой жараткан. Эмесе, эгер
кыргыздар араб болушу зарыл болсо, анда Жараткан-
Эгем пенделерди минтип тытыштырбай эле
кыргыздардын баарын араб кылып жаратып коймок.
Демек, Алланын амирин бузууга болбойт.
.
Кыргызды арабдын артынан ээрчитүү, анын кийимин,
салтын тутууга үндөө деген - бул өзү Аллага тикелей
каршы чыгуу, тагыраак айтканда, тозоку иш! Анын
үстүнө куру далбаса нерсе.
.
Маселен, совет маалында деле айрым кыргыздар
орус болуп кетели деп аракеттенип, бирок орус боло
алган жок. Анткени, андай өз улутун тангандар
орустарга кереги жок экен. Бүгүн кыргызды сатса,
эртең алар орусту да сатып кете берет дешкен. Ошон
үчүн алардын далайы оруска кабыл алынбай, “киргиз”
гана болуп калышты.
.
Азыр араб болуп кетели деп далбас ургандар деле
эртең араб боло алышпайт, арабдар аларды кабыл
алышпайт да, араб эмес - “арабөк” болуп калышат.
Чыныгы мусулман болуш үчүн өз улутун жерип,
талкалоонун эч зарылдыгы жок. Өз улутун танбай эле
мусулман болуп жүргөндөр көп.
Кыргызстан сууга бай. Адам денесинин да 80 пайызы
суудан турат. Эгер чөлдүктөрдүн Кыргызстанга Араб
халифатын куруу ниети болсо, демек, алар
Кыргызстанды диний фанаттар аркылуу талкалоону
көздөшөт. Бирок бул ой ишке ашпайт! Кыргыздар
унчукпай момун көрүнүп турганы менен эл-жерин
сактап калуу маселесине келгенде эч нерседен кайра
тартышпайт!
.
Анан да ашынган динчилер улам жаңыла бербеши
үчүн Алланын өзү тууралуу да айта кетели. Алла – бул
адам эмес, ал бүткүл он сегиз миң ааламды жана
адамзатты жараткан Улуу Жаратуучу!
Алла - бул Кудай! Ал - Теңир. Орус христиандар
айтмакчы - Бог! Пенделер аны өздөрүнө окшоштуруп
алышып (атүгүл араб кийимчен, муруту жок сакалчан
ж.б. элестетип), терең жаңылып жатышат. Негизи
Куранды баш кылып диний китептерди деле кайрадан
барактап көрсөңүздөр болот. “Алла – Улуу зат” деп
турат. Демек, ал пенде эмес. Анын улуту да, ата-энеси
да, үй-бүлөсү да жок. Эгер ал пенде болсо небак өлөт
эле. Ал - түбөлүктүү!
.
Чынында, жөнү жок жажалай берген дөдөйлөрдүн
зыяны исламга көбүрөөк тиет. Ары жагы
Караханийлер сулалесинен (династиясынан) бери
көптөгөн бабаларыбыз мусулман болгондуктан жана
исламдын жакшы жактарын эске алып, анан диний
ажырымдарды болтурбаш үчүн исламдын ханафий
агымына артыкчылык берүү зарыл.
Ал эми динге жамынып алып, кыргыздын каада-
салтын, дүйнө таанымын талкалап, же "Араб
халифатын курам!" деп согуш чыгаргысы келген
радикалдарды сөзсүз тизгиндөө керек!
Эгер биз бул ааламды бүтүндөй бир организм деп
элестетсек, анда Жараткан - ошол организмдин мээси.
Ооба, Ал - Жерди тынымсыз Күндү айлантып койгон,
планеталар менен галактикаларды өз огунда
айлантып турган, анын ичинде адамзат жашоосун да
алаканында калчаган улуу акыл эс, улуу күч.
.
Андыктан, дененин түлөп түшө турган бир
клеткасындай болгон пенделер өз ара бөлүнүп алып
сунни, шийи болуп ж.б. тытыша бербей, Жараткандын
(Алла-тааланын) алкышына арзыш үчүн ар дайым
жакшы ойлорду ойлойлу, жакшы сөздөрдү сүйлөйлү,
жакшы иштерди жасайлы. Бири-бирибизди басынтпай,
бөлбөй, кыянаттык кылбай, акылдуу жана эстүү адам
катары жардамдаш, ырыскылаш болуп, ынтымак-
ырашкерликте өмүр сүрөлү.
.
Атантай Акбаров,
акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын жана бир
нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты .

Супер-Инфо
super.kg
видео