Суперстан: Унутулгус менин балалык сүйүүм! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Унутулгус менин балалык сүйүүм! Унутулгус менин балалык суйуум!!!

#1 Пользователь офлайн   milash_ka   24 Январь 2017 - 22:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Салам форумчулар! Мурда жон гана кирип "журок сырын" окуп койчум.Коопко ойлонуп мен дагы башымдан откон, азыр дагы ошол суйуум менен жашап жатканымды сиздер менен болушкум келди.

Мен анда 3-класс Аскар(аты озгортулду) 6-класс болсо керек лэ. Аскарды балалык сезимдерим менен жакшы коруп журдум. Жанымдан отуп кетсе толкунданып, ага корунгум келе берчу. Ошентип Аскар 1-смена, мен 2-сменада окуп калдык. Убакыт учкан куш сыяктуу биз дагы созулган кыз болуп чыга келдик. Балдардан кат алып. Негедир мага кат коп келчуу балдардан. Ошентип 8-класс дагы болдум. Биздин мектепте Волейбол оюнуна баары кызыкчуу. Сабак болуп жатса сабактан качып спорт залга барчык. Биздин зборныйда ойногон балдарды кообу жакшы корчу, алардын арасында мен дагы бармын. Азаматты топ ойногонун жактырдым. Ошол учурда агент жаныдан чыгып келе жаткан. Бир куну классташ кызым келди. Агентке почтаны Келдибек ачып берди. Мени озуно кошуп койуптур деп. Анан кундо келет Азамат менен суйлоштум агенттен деп. Мен ичимден кызганып мен деле агентке кирсем Азамат менен суйлошот турбайынбы деп ойлодум дагы агентке почта ачтырмак болуп Азаматка жонодум. классташ кызымды ээрчитип. Бирок мени Азаматка эмес 3-класста жакшы коргон Аскарга барды дагы
-Айсулууга почта ачып берип койосузбу? деп мени таштап кетип калды. Ал учурда Аскарга сезимдерим жок болуп кеткен лэ. Мен данныйларымды жазып берип кетип калдым. Эртеси Аскарга бардым логин, паролду алыш керек лэ. Анын устуно телге агент кочуруш керек болчу. Аны мен билвейм. Ошентип агент кочуруп, почтамды жазып берди. Мен суйунуп алгам оюмдун баары Азаматта. Бирок Аскар логинди туура эмес жазып койгон экен кайра бардым. Анан жаныбызга кыздар келип Аскар менен суйлошуп туруп калышты. Алар менен суйлошуп жатып негедир коздорун менден албайт. Уялып кеттимби билвейм ал жерден кеткиче шаштым. Агентке кирсем Аскар ....... Деп туруптур кыздар бул ким деп сурадым себеби Аскардын толук атын билчуу эмесмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ЛИМОН   25 Январь 2017 - 06:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

ооба балалыктагы суйуу башка. барак бетине тушуром десен озунчо романга айланаар. балалык суйуу тоок суйуу деп да коюшат. бирок омур бою унутулбай кокурокто сакталып кала турган жакшы элес кала турганы бышык.


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   milash_ka   25 Январь 2017 - 11:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Кечинде агентке кирсем Аскар жазды. Аны менен коопко чейин суйлошуп жатым. Бирок Азаматка дружба жонотподум ал жонотушун куттум. Убакыт ото берди. Мен Аскар менен кундо суйлошом. Агентте жок болуп калса кутом, качан кирет деп. Эн кызыгы мектептен анын караанын издемей адатка айлантып алдым.

Агентке жаны киргендик кылдымбы же тагдырдын тамашасыбы агентим бузулуп калып же бир нерсе болуп лэ Аскарга бара берчим. Бир жолу агентим иштебей калып Аскарга жонодум. Спорт залда топ ойноп жатыптыр, Чакырып айтсам мындай-мындай кыласын деп кетип калды. Же мен айткандарын тапсамчы.Мени карап жылмайып койот. эх ошондогу элеси азыркы кундогудой эсимде. Ал жылмайганда озунчо бир Ааламга кирип кеткендей болот лэм.Айткандарын таппай койдум. Аскардын убактысын алгым келбей кетип калдым.
Бир куну бир классташ кызым келди Айсулуу Аскарга барып почта ачтырып берчи мен айтсам билвейм деп койду, сенин созунду эки кылбайт го деп. Мен озумду укмуш сезип алып барып айтсам макул болду. Эртеси бардык логин паролду алалык деп. Паролун унутуп жатам деп мени карайт. Мени караса лэ эстеп кетчуудой. Мен уялып болбой калдым.

Башка балдар бардык кыздарга жаза берчуу. Бирок Аскар биздин класстагы кыздардан мага гана жазып, мени менен суйлошчу ушул нерсеси негедир мага умут бердиби билвейм.


Капкара кашы, бакырайган коздору, коздоруно корк кошуп турган узун узун кирпиктери, баарынан жыты бир укмуш болчу. Колидордо турса, тенис ойноп жатса, залда топ ойноп журсо да Аскардын жыты жытанып турар лэ. Телефонумду кармаса дагы Аскардын жыты калып калат. Анда жыты кетпесе экен деп аяп аяп жыттап алам. Мурда бир бала жагып калса кыздарга дароо лэ айтчуум жагып калды эмне кылам деп. Бирок бул жолу антип айта албадым. Кыздарга айтмак турсун ошол нерсени озумо айта албадым. Таакыр башкача сезимдер, тушункусуз уйгу туйгулар болуп жатты менде. Коздорум менен издеп, оюм бир жерде эмес. Мектептен корбой калсам коргонго ашыгам. Бир жолу алыстан корсом ошол мага жетиштуу болчу. Мен ал нерсени суйуу деп айткандан корктум.
Суйууп калыштын корктум. Бирок журогубуз, сезимдерибиз акылыбызга баш ийбейт туура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   milash_ka   25 Январь 2017 - 12:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Ошентип Нооруз майрамы жакындап калган. Ошол жылы Ноорузду биз тозмокбуз уйго эрте кеттим уйдогулорго жардам бермекке. Классташ кыздарым калып калышкан мектепте. Кечинде агентке кирдим адатымча. Аскар жазды
-Бугун эрте кетип калдынбы?
-Оа.
-Ошоо кыздарын журушту, сени арасынан таппай койдум. Деди мына сага журоктун дукулдогону ай ошондогу. Мен эле эмес сен дагы мени издейт белен?
Ошондо мама айттым Аскар ушинти деп. Ичимден кудундап алгам. Мам камырабай "сени жакшы коруп калса керек да" деп койду. Ал создордон кийин умут менен жашап калдым.Сезимдерин ал айтышын куттум.
Ошондо билсем кана ал суйуум жоопсуз калаарын, мынчалык умут кылбайт лэм го.
Коптон куткон Нооруз майрамы дагы келди. Кечке маал классташтар болуп кочо кыдырдык. Анда дагы жон журбой Аскардын караанын издедим. Бирок таба албадым. Уйго келип Аскарды издеп агентке кирдим. Аскар бар экен. Жаза баштады. Бирок смсге кеч жооп берип жатканынан. Уктап калыпмын. Эрте менен карасам Аскардан смс келиптир. Ачып окудум "Айсулуу мен азыр кочодо журдум лэ, уйго барганда суйлошолучу жакшылап. Уктабай тур ээ" деген жазууну окуп алып озумо жиним келди эмнеге уктап калдын. Эмнелерди суйлошмокбуз деп. Каникул аябай узактай сезилди ошондо. Качан сабак башталат деп сабакты кутуп калдым.
Себеби Аскарды коргум келди. Савак башталды бардым. Тыныгууда эшике чыгып алып коздорум кимдидир бироолорду издеп жатты. Коруп алып жаным жай алып классыма жонодум. Ошентип анын караанын коргонумо разы болуп журдум. Жаз айлары ошол учурда "жашоо суртумдор" болчу аны элдин баары корчу. Бирок мен кызыкпадым. Ошол кино болуп жатканда агентте болчум Аскар жазып калды
-кызыктырып жатабы?
-эмнее??
-кинону айтым. Деди кинону карасам баары эки экиден болуп, оздорунчо бактылуу экен
-ий эки экиден болуп алышыптыр го.
-Башкача сезимдерди жаратат экен.
-Сизде дагы башкача сезимдер болобу??
-Ооба. деп жооп берди. Ошол суйлошудон кийин ал кино мага жагып калды. Кийинки беруулорун калтырбай коруп калдым. Азыр дагы ошол кинону коруп же угуп калсам журоогум бир туйлап алат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Alone.girl94   25 Январь 2017 - 18:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 22 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 07:44

[quote name='milash_ka' date='25 Январь 2017 - 09:16' timestamp='1485324977' post='3277160' ]
Ошентип Нооруз майрамы жакындап калган. Ошол жылы Ноорузду биз тозмокбуз уйго эрте кеттим уйдогулорго жардам бермекке. Классташ кыздарым калып калышкан мектепте. Кечинде агентке кирдим адатымча. Аскар жазды
-Бугун эрте кетип калдынбы?
-Оа.
-Ошоо кыздарын журушту, сени арасынан таппай койдум. Деди мына сага журоктун дукулдогону ай ошондогу. Мен эле эмес сен дагы мени издейт белен?
Ошондо мама айттым Аскар ушинти деп. Ичимден кудундап алгам. Мам камырабай "сени жакшы коруп калса керек да" деп койду. Ал создордон кийин умут менен жашап калдым.Сезимдерин ал айтышын куттум.
Ошондо билсем кана ал суйуум жоопсуз калаарын, мынчалык умут кылбайт лэм го.
Коптон куткон Нооруз майрамы дагы келди. Кечке маал классташтар болуп кочо кыдырдык. Анда дагы жон журбой Аскардын караанын издедим. Бирок таба албадым. Уйго келип Аскарды издеп агентке кирдим. Аскар бар экен. Жаза баштады. Бирок смсге кеч жооп берип жатканынан. Уктап калыпмын. Эрте менен карасам Аскардан смс келиптир. Ачып окудум "Айсулуу мен азыр кочодо журдум лэ, уйго барганда суйлошолучу жакшылап. Уктабай тур ээ" деген жазууну окуп алып озумо жиним келди эмнеге уктап калдын. Эмнелерди суйлошмокбуз деп. Каникул аябай узактай сезилди ошондо. Качан сабак башталат деп сабакты кутуп калдым.
Себеби Аскарды коргум келди. Савак башталды бардым. Тыныгууда эшике чыгып алып коздорум кимдидир бироолорду издеп жатты. Коруп алып жаным жай алып классыма жонодум. Ошентип анын караанын коргонумо разы болуп журдум. Жаз айлары ошол учурда "жашоо суртумдор" болчу аны элдин баары корчу. Бирок мен кызыкпадым. Ошол кино болуп жатканда агентте болчум Аскар жазып калды
-кызыктырып жатабы?
-эмнее??
-кинону айтым. Деди кинону карасам баары эки экиден болуп, оздорунчо бактылуу экен
-ий эки экиден болуп алышыптыр го.
-Башкача сезимдерди жаратат экен.
-Сизде дагы башкача сезимдер болобу??
-Ооба. деп жооп берди. Ошол суйлошудон кийин ал кино мага жагып калды. Кийинки беруулорун калтырбай коруп калдым. Азыр дагы ошол кинону коруп же угуп калсам журоогум бир туйлап алат.


ии анан эмне болду???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   milash_ka   25 Январь 2017 - 22:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Ошентип май айы болуп Аскарлардын бутушуно аз убакыт калды. Алар классы мн эшикте буттуру кечесине даярданып жатышкан. Кыздар болуп аларды кызыгуу менен карап турдук. Ошондо Аскар экообуздунткоздорубуз чагылыша кетип жатты. Аскарды кетиргим келбейт а мен 9бутуш учун дагы 1бир жыл окушум керек лэ мектепте. Ошентип 25-май да келип калды шулдап лэ. Аскарлардын буттуру кечеси, акыркы конгуроосу болуп жатты. Мен мектепке баргым келбей жатты. Бирок Аскарды коруш учун барышым керек болчу. Бардым алыстан Аскарды тойо тойо карап алдым да. Уйго жоноп кете бердим. Канчалык жанына барып куттукташым керек экенин билсем дагы бара албадым. Кийин экзамендерге барып бирок издеген адамымды таба албадым. -эмнеге келген жоксун биз бутуп жатканда??
-бардыыым
- корбодум гоо. Сени кутком деди.

9-класс бир жылга чонойдук. Сабагыбыз дагы башталды. Бирок мен учун мектеп кызыксыздай сезилди. Эшике чыгасын коргун келген адамды таппайсын. Оюмдун баары Аскарда болуп калды. Бир жыл окуусам Аскардын жанына барам деп озумду алаксытып жаттым. Ошол учурда агент аркылуу суйлошуп жаттык. Ал убактарда канча бала соз айтты, мен бирисине дагы конул болбодум. Ошол убакта лэ журоогумдун тупкурунон оруп алып койсо керек. 9-бутуп окууга тапшырмак болдум уйдогулор каршы болгонуна карабай. шаарга барып окуусам лэ Аскарды корчудой болуп туруп алдым. Аскардан кенеш сурадым кайсы окууга тапшырсам болот деп. Мен дагы Аскар кенеш берген окууга барып тапшырып окуп калдым. Бирок Аскарды корбодум. Кээде лэ суйлошуп калабыз. Суйлошкон куну жузумдон жылмаю кетпей калат лэ.
Жаны жылды айылдан ата энемдин жанынан тозмок болуп бардым. Бир дос балам корнавал болот экен келчи дегенинен бардым. Подружкамды эрчитип алып, Ал жакта Аскар дагы бар экен. Мен аны, ал мени карай берип тажап дагы кеттик окшойт. Подружкам айтып калды Аскар сени аябай карады го деп. Дос балама жолугуп эшикке чыгып кетип жатсак алдымдан чыгып
-Айсулуу келбейм деп жатпадын беле ?
-Окуум бутуп келе бердим. деп кетип калдык. Уйдогулор 1саатка гана жибергендиктен уйго эрте лэ кетип кадым. Агенттен Аскар - сени таппай калдым го? Номун дагы очук экен чалсам.
- издединиз беле?
- оаа
- неге??
- озуно керек адамды издейт экенсин да. Номун берчи? Баягы лэ очпогон умут менен номум бердим. Чалды бир аз суйлоштук. Кайра чалбады. Ошондо болду унутам дедим. Дос балам соз айтырып жаткан болчу. Мен макул болуп суйлошуп калдык. Башкалар байкеси билип калып суйлошпой калышкан деп ойлоп калышты. Чынында байкем катуу кармачу. А мен Аскарды эч унута албай койдум. Ошентип мен 1-курсту бутойун деп калдым. 1-майдан 5-майга чейин каникуль боло турган болуп калды. Аскар айылга чогуу кетели деп калды. Мен макул болдум. Бирок мен Аскардан 1кун мурда кетип калдым айылга. Айылга келип калганда чалып калды, эртен кеттик деп. Мен бугун баса бергем десем капа болду. Кетип жатканда чогуу кетели десем макул болду. Ошентип кетчуу дагы убакыт келип калды. Уйдогулор башка бироого суйлошуп коюшкан экен. Мен Аскар менен кетем деп туруп алдым. Анан Аскар досунун машинасы менен келип мени алып кетти. Мени салып алып коп жерлерге барышты. Ошондо Аскар экообуз бири бирибизди урданып карап коюбуз. Мен айнекти карап туруп калсам мени карайт. Мен Аскарды карасам ал жерди карайт. Тилекке каршы Аскар биз менен кетпей калды. Иштери чыгып. Мени досуна салып жиберди. Мени карап "шаарга барганда жолугабыз э?!" деп узатып кала берди. Аскардын классташ кызы
-аяшка болот окшойсун э??
- жоок ой.
-анда жакында болсун! Ичимден кана ушундай болсо деп тилек кылып кала бердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mister.ailasyz   28 Январь 2017 - 12:16

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2024 00:22
  • Жынысы:Эркек

Озу кыздар кызыктай адам болосунар, жактырасынар анан ага атайлап терс мамиле жасайсынар, конулу башкага кетип калса жигитти куноолоп каласынар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Shirinim345   28 Январь 2017 - 16:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 864
  • Катталган: 30 Март 16
  • Соңку аракети: 26 Авг 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Билбейсин баары бир..

Уланта беринииз)) :гезит:
Всё временно..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Asalim-99   28 Январь 2017 - 19:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 480
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 17:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Просмотр сообщения mister.ailasyz (28 Январь 2017 - 12:16) жазган:

Озу кыздар кызыктай адам болосунар, жактырасынар анан ага атайлап терс мамиле жасайсынар, конулу башкага кетип калса жигитти куноолоп каласынар.

Кыздарда гордость барда
BROKEN ANGEL
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mister.ailasyz   29 Январь 2017 - 20:35

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2024 00:22
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Asalim-99 (28 Январь 2017 - 19:16) жазган:

Кыздарда гордость барда

Жигиттерди тупике тыгасынарда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   milash_ka   03 Февраль 2017 - 17:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Жарым жолго жеткенде досуна чалып
-жакшы лэ кетип жатасынарбы? Айсулуу кыйналган жокбу? Тамак алып бердинби? деп сурады. Анда классташ кызы
-ой ойлонбо Айсулуу соон лэ кетип жатат.
- жашынакай кылып жеткирип койгула!! деди. Анда досу
-Аскар экоон чын лэ суйлошосунорбу? деп тан калып сурады. Шаарга келгенден кийин куттум бирок жолугалы дебеди. Ошондо болду унутам, жаны жашоо баштайм деп бироого жолуугуга чыктым. Жолуугушудан келе жатсам кайдан жайдан лэ чалып калды. Баягы лэ умут мн жашап калдым. Унутам болду деп жатканда лэ чалып кайра лэ умут берип койчу.
Ошентип 1-курсту бутуп, каникулда ата энемдин жанына бардым. Каникул убагында Аскар менен эч суйлошподум. Аскар менден канча алыстаган сайын мен аны ошончолук сагынып жаттым. Аскарды деп канчалаган уйкусуздук тундорду откордум. Убакыт оз мыйзамын бербей отуп жатты. 2-курсмун кыш айлары. Сайтта отурсам Аскар жазып калды.
- каяктасын?
- уйдо.
- бош болсон жолукпайлыбы?
- кеч болуп кетти го?!
- кеч эмес, жарым саата барып калам! деп. Келип калды. Толкунданып чыктым жолугушуга. Бул биздин биринчи жолку жолугушубуз лэ кечинде. Экообуз гана. Мен жана Аскар.Жолукканда бетимден назик гана суйуп койду. Бул нерсени кутпогондуктон башым тегеренип кетти. Машинасына салып алып кайдадыр айдап жоноду.
-Кайда барабыз?
- Дос балам уйлонуп жаткан. Ошол жакка барабыз деп койду. Бир убакта
-Айсулуу сени дос балам жактырып калыптыр. Сени алакачып кетип жатам.
- Бул эмне тамашанызбы? ?
- жоок чын эле. Менин аяшым болуп каласын деп колумду бекем кармап койду. Ишене албай кетип жаттым. Бир жерге келгенде машинасынан тушуп тел менен суйлошуп калды. Ишенип- ишенбей жаттым. Келип
-азыр балдар келишет, телинди берчи деп калды бербей койдум. 10-15минут тамаша девегенде ыйлап жибермекмин. Ошентип уйго келдим. Уйго келип алып суйунорумду билвей же ыйлаарымды билвей отуруп калдым. Ошентип эки кундо бир суйлошуп турдук. Эртен уйун жакка барам деген боюнча жок болуп кетти. Чалбайт же сайттарга кирбейт. Эмне болгонун тушуно албай лэ калып калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   milash_ka   03 Февраль 2017 - 17:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Бир куну мам чалып
-Аскардын атасы отуп кетти. Экоондун мамиленер жакшы го? чалып же смс жазып конул айтып кой! деп калды. Коопко ойлондум ооруп турган журогун конул айтам деп кайра оорутуп албаймбы деп. Акыры жазмак болдум."атанызды жакында лэ уктум. Арты кайрылуу болсун" деп гана смс жаза алдым а журоогумдо канчалаган создор айтылбай калып кетти. Ошол окуядан кийин Аскар озгорду. А мен кундон кунго чунчуп, озумо озум батпай бараттым. Аскар деп Аскардан умутумду узбой жургонумо 4- жыл болуп кетиптир.
Бир куну смс жазууну туура кордум. Сезимдеримди айткым келди. Себеби ал сезимдерди жашырып, ал сезимдер менен жашай албай калдым. Баарын айтсам женилдеп калам го деп ойлодум. Сезимдеримди жаздым. Акылым андай кылба десе журогум мени ушул азаптан куткарчы! ! Кыйналып кеттим, умут менен жашап, умут менен куто берип деп кыйкырып жатты ызалуу. Жоноттум смсти. Бирок..бирок жооп келбеди.. Ушунча дагы таш боор болобу адам затты. Же тагдырбы????? ?!!!!! Сагынып, умут кылып, качандыр суйуусун айтат деп журуп ал создорду укпасан, озун сезимдеринди айтып бирок ал сезимдерине жооп ала албасан...... Мурдагыдан дагы эки эсе кыйналат экенсин. Тундору уктай албайсын, кундузу ойлордон айрыла албайсын. Ушинтип сезимдерим жоопсуз максатсыз кала берди.
1-Март жаздын биринчи куну дагы кирип келди куттурбой. Эрте менен турсам Аскарымдан смс келиптир. Ачып окуй албай жаап койдум. Терезеге келип, терезени чон ачып терен, терен дем алып эмне смс келсе дагы ошого даярдап жаттым озумду. Смсин окуугандан корктум.
"Жаздын биринчи минуталары, биринчи куну менен!!! Ар бир кунун жакшы отсун!" деген смс экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   sabira.199890   03 Февраль 2017 - 17:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 495
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 12:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ээээх деп, мен дагы бироону суйгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   asko55   03 Февраль 2017 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 442
  • Катталган: 26 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ушуну айтса болот таза сүйүү деп. Өбүштүк, сүйүштүк жаттык дебей....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   milash_ka   03 Февраль 2017 - 19:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Аскарга эч тушуно албай жаттым. Мамилеси, создору, коздору мага умут берип турчу. Кандайдыр бир жулуулукту байкачуум мага болгон. Же мен сезимдериме мас болуп журуп, озумду озум ишендирип алдым бекен. Бирок мына унутам жаны жашоо баштайм деп максат коюп баштаганда лэ жашоомдо пайда боло калат. Баарын билип, угуп, коруп тургандай лэ.
Сезимдерим жоопсуз, максатсыз калып кеткенине ардандымбы же оч алгым келдиби билбейм. Бирок мен озгордум. Башка Айсулуу болуп озгордум. Мурда эч бир баланы жашоомо аралаштырбасам наборот жашоомдо балдар кобойо баштады. Жолугушуларга дагы бара баштадым. 3-курсумда тааный алгыс озгордум. Балдардын сезимдери менен ойногон мага дагы жагып жатты. Группалаш кыздарым тан калып жаттышты. Аябай озгордун балдарды мынча ойнотпосон дешип. Алар Аскар жонундо биличшуу эмес. Аскарга болгон суйуумду, ага болгон сезимдеримди болом гана билчуу. Кайгымды дагы, кубанычымды дагы боломо гана айта алчуум. Боломдон башкасы мени тушуно албай жатышты. Канчалаган балдарды тизип туруп кайсынысын тандайсын десе ойлонбой туруп Аскарды тандамакмын, эгер мен жаныдан жаралсам дагы Аскарды тандамакмын. Ушинтип журуп лэ унутам деп чечим чыгарыш оор болду. Бироону суйууп бирок Башкалар менен суйлошуп кетиш эн кыйын экен.
Убакыт шуру тизгендей отуп жатты. Озумду, журогумду алдадым. Оа алдадым ал адамды унуттум, эми ал учун жашоомдо, журогумдо орун жок деп жаттым озумо. Убакыт ото берди. студентик доорду суруп журо бердим. Кыш айлары болчу. Сайтта журсом жазып калды. Баягы Аскар мээримдуу.
" Балким сизге болгон сезимдерим балалык сезимдир. Сизди ушунча жыл жакшы коргонумо эч окунбойм. Бирок мени суйгон адам менен бактылуу болом. " деп смс жаздым. Бирок билвейм эмнеге, эмне севептен жаздым. Азыр дагы тушуно албайм. Балким унуттум деп озумду ишендирип алганымабы эч нерсе болбогондой айткым келдиби билвейм.
-Айсулуу кечинде уйуно коноко барам. Деп жазып жибериптир. Келди торт, сок которуп алып. Уйдо болом экообуз болгондуктан уйдо отурдук суйлошуп. Ошондо билдим унутпаганымды озумду алдап жургонумду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Ramina-malina   04 Февраль 2017 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 09 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 20:27

Eski sezimderdi eske saldy go...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   milash_ka   04 Февраль 2017 - 20:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Аскарды узатып чыктым. Уйго кирейин десем машинада бир аз суйлошуп отурушумду суранды. Экообуз тен созду эмнеден баштаарыбызды билвей отурдук копко чейин..... Ал кундорду эстеш мен учун оор, эстегим келбейт. Эстесем журогум канап- канап кетет. "Айсулуу менин дагы сага деген сезимдерим бар.Сен менен бир болсом деп ойлойт элем. Сени ушунчаалык кучагыма бекем кучактаап, чачтарындан жыттагым келет. Бирок мени туура тушунчу сени кыйнагым келбейт. Мен уйдун улуусумун Ини- карындаштарымды бутуна тургузушум керек. Ата ордуна Ата болушум керек. Ал эми сени кыйнагым келбейт. сен бактылуу болушка татыктуусун! " деп айтып жатты. Бирин эстесем бирин эстей албайм.
Терезени карап отура бердим коздорумдон жаштарым озунон озу куюлуп жатты. Суйгонумо эч качан окунбогонумду, дагы да окунбосумду айтып да ыйлап жаттым. Канчалык озумду кармайын десем дагы болбоду. Козумдон жашым коюла берди. Аскар чыдай албады же боору оорудубу билвейм бекеем кучактап алды. Азыр дагы ошол кучагын сагынам. Эгер азыр кучагына бекеем кучактаса коё бермек эмесмин. А мен башымды жолоп алып ыйлай берим. Келечегимди, экообуздун балдарыбызды, эрте менен жумушка узаттып кечинеде жумуштан келишин чыдамсыздык менен куткондорумдун баары жон гана кыял бойдон калып кеткенине ичим орт болуп куйуп жатты. Аппакай кардай таза, тунук, кайталангыз сезимдерим жоопсуз, максатсыз калып кеткенине асман дагы капалуудай аппак кар севелеп баштады. Аскар машинасын айдап жоноду. Уламдан улум кар кучоп жаап баштады. Чоон чоон кар жаап, жолдор корунбой жатты. Жаай музыка терезеден муздак шамал эстен кеткиз, кайталангыз минуталар лэ.
Ыйлап бугумду чыгарып алгандай болдум. Аскарга карап
-сулуу болуп калдымбы??
- коздорун куйуп калды. Сенин коздорун сулуу. Деп жатты.
- ыйлап бугумду чыгарып алдым мен эми жакшымын. Кадимкидей женилдеп калдым. Деп жылмайып койдум. Мени жибергиси келбей жатып кетирди. Чынында мен дагы кетким келбеди жанынан. Бирок кетишим керек болчу. Жашоомдон, журоогумдон алып таштап кетишим керек болчу. Бирок уйго киргенден кийин дагы ыйладым. Эмнеге? Эмне учун?
Мага айткан создорун эстеп ыйлай бердим. "Сени бекееем кысып кучагыма, чачтарындан жыттагым келет" анда эмнеге кучагына кыса кучактабай эмнеге? эмне учун??????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   milash_ka   04 Февраль 2017 - 20:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 23 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2017 11:58

Болом "Айсулуу болду ыйлабачыыы! Сени кулуп келет экен десе. Эмне болду озу?!" деп ал айланчыктайт. Муздак душка тушуп озумо келдим. Ошол окуядан кийин башка дуйного тушуп калгандай болдум. Маршуртта кетип жатып козумдон жаш куюлуп кеткенин байкабай калам. "Жоготкум келбейт сени журогумдон, эч кумон кылба жаным суйорумдон" деген ырды кочодо журсом да. Савакта отурсам да. Уктасам дагы ушул ырды угуп калдым.
Уйдогулор мага посылка салалы деп остановкага чыкса Аскар бар экен. "Айсулууга салат белениз? келиниз мен лэ алып барып берип койом уйуно" деп колунан алып алыптыр. Кечинде уйго алып келип берди. "Сен дагы студент. Бир куну Айсулуу тамак жасап сени чакырып коют деди го?!" деп калды "макул анда бир куну чакырам" деп кала бердим.

Эх суйуунун кучу камыр жайып корбогон жаным манты жасап чакырдым. "Мен тамашалап лэ койгоом убара болбой лэ койсон болмок " дейт.

Акыркы жолу жолугушуда "мен сизди менин жашоомдо эч болбогонунуздай унутам корос го. Мен жаны жашоо баштайм. Сизди унутам" деп ый аралаш айттым.
Канчаалык унутканга аракет кылдым бирок унута албадым. Аскар деген ысым журоогумдо очпос тамга менен жазылып калгандай. Аскарды саат сайын, минута сайын, секун сайын, керек болсо дем алган сайын эстейм. Аскар деген атты келме катары Аскар деп кайталайм. Бул жашоодо адам баласына таза, тунук суйуу бир гана жолу келет экен. Ал адамды жон гана бул жашоодо бар болгону учун суйот экенсин. Андан кийинки сезимдер сени суйгону учун суйот экенсин, сулуу болгону учун, камкор болгону учун эмне учун ал адам менен бир болгонундун севебин айта аласын. Ал эми чыныгы суйуунун тушундурмосу жок болот экен. Мурда унуттуга аракет кылсам азыр ал адамды журогумдон жоготкум келбейт. Журогумдон Аскар деген атты жоготуп алыштан корком. Ага болгон сезимдерим мени менен туболукко жашамакчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: